Научная статья на тему 'ЖООКЕР, ЖЕҢИШКЕР, БААТЫР АКЫН СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ СОГУШ ТАЛААСЫНДА'

ЖООКЕР, ЖЕҢИШКЕР, БААТЫР АКЫН СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ СОГУШ ТАЛААСЫНДА Текст научной статьи по специальности «Ветеринарные науки»

CC BY
0
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Журнал
Вестник науки
Область наук
Ключевые слова
согуш / майдан / жоокер / офицер / акын / поэзия / баатыр / станция / Панфилов

Аннотация научной статьи по ветеринарным наукам, автор научной работы — Имомидин Кызы Сыргайым, Айтбай Кызы Гүлжаннат

Макалада Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин партиоттук ырлары жана согуш талаасындагы күндөрү.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Текст научной работы на тему «ЖООКЕР, ЖЕҢИШКЕР, БААТЫР АКЫН СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ СОГУШ ТАЛААСЫНДА»

УДК 82

Имомидин кызы Сыргайым

Фо(кя)1-21- тайпасы Кыргыз филология кафедрасы Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Эзбек Эл аралык университети

(Ош, Кыргызстан)

Илимий жетекчиси: Айтбай кызы Гулжаннат

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Эзбек Эл аралык университети

(Ош, Кыргызстан)

ЖООКЕР, ЖЕЦИШКЕР, БААТЫР АКЫН СООРОНБАЙ ЖУСУЕВ СОГУШ ТАЛААСЫНДА

Аннотация: Макалада Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевдин партиоттук ырлары жана согуш талаасындагы ^HdepY-

Ачкыч свздвр: согуш, майдан, жоокер, офицер, акын, поэзия, баатыр, станция, Панфилов.

О, анда мындан башка элем,

Он сегиз гана жашта элем,

Кан кYЙгeн жерде жYргeнмYн

Касканы кийип башка мен,-

деп жазат айтылуу акыныбыз Сооронбай Жусуев eзYHYн жоокердик кYндeрY жeнYндeгY ырларынын биринде. Чынында эле ал он сегиз жаш курагында республикабыздын эн алыскы, тоолуу Алайкуу деген жерден жee басып Кара-Суу темир жол станциясына жетип, кызыл эшелонго тYШYп Алматы шаарына жетип, андан кан майданга атактуу Панфилов атындагы гвардиялык

дивизиянын катарында байланышчы болуп согушка катышканда, акын дагы бир ырында жазгандай:

«Эрбейип эми чыккан мурутума

Тие элек кези болчу устаранын» - дейт да, анан: «ЭмYрдe кыз кучактай элегимде,

кучактап журдум автоматты» - деп жазган. Мунун бардыгы чындык

болчу.

Тоодогу айылда ескен жигиттин башына оор сыноо тушет. КYн-тYHY YЗYлгeн телефон зымдарын улап, батарея менен байкоо пунктунун ортосундагы байланышты камсыз кылып, жаш жоокер ез милдетин так аткарып жYргeндe эки жолу жоо огунан жарадар болуп, госпиталдарда дарыланып, кайра ез бeлYГYнe келип кызматын улантып, согуштун аяктагнын ез кeзY менен керет. Акын ез eмYPYндe эн бактылуу кYн деп 1945-жылдын 9-майын эсептейт. Бул жeнYндeгY анын ырлары «Согуш жана жениш», «АлатТабкоо барда мен бармын», «Поэзия-тагдырым», «Мин кайрык» аталышындагы китептеринин эн кeрYHYктYY жерине жарыяланган.

Акын айыл мектебинде окуп жYргeндe эле мектептин дубал гезитине ырлар жаза коюп жYргeн эле. Ал эми майданда кээде тынчтык боло калган учурларда чентек дептерине ыр саптарын жазып, алгачкы ырын буткенде ал кезде кенири таанымал патриот акын Жоомарт Бекенбаев редакторлук кылган «Советтик Кыргызстан» журналына жиберет. Жаш жоокер, жаш акындын алгачкы ырын Жоомарт Бекенбаев жактырып, авторго кат жазып, ырын журналга жарыялайт. Акындын чыгармачылык eмYр баяны ошол «Алдыга жYргYн, кыргыздар!» деген ырдан башталат. Айбаттуу, канкор душманды Алдыда турган тYнeрYп Бактысын кыркып кууратып, Батышка карай CYрeлYк. Элерман душман eрeпкYп ЭмYPY eчсYн тYбeлYк.

Ар-намыстуу кыргыздар, Алдыга жYргYн кYYлeнYп.

Акындын чыгармачылыгындагы негизги темалардын бири согуш жана тынчтык болуп келгени белгилYY. Колуна курал алып, кандуу согушка катышып, анын азыр тозокторун керген акын бул маанилYY темада ийгиликтYY иштеп, узак жылдардын арасында кептеген чыгармаларды жаратты. Согуш темасында ете активдYY иштеген акыныбыздын чыгармачылыгын окуу, YЙрeнYY айрыкча кийинки муундарга абдан зарыл.

СYИYнбай Эралиев жециштин 70 жылдыгына карата Сооронбай Жусуевге ыр арнап, ошону менен катар эле, "Солдат жана жер шары" аттуу согуш жылдарындагы ырлар жыйнагын жарыкка чыгарды. Алардын арасында кечээ жакында жазылган "Жециш" аттуу ыры бар. Жециш

Терт жылы Yйдeн-жайдан безип жYPYп. Ажалдын не бир тYPYн кезиктирип, КYHY-TYH жанталашып атып жYPYп, "Алсац ал ез жанымды, Ата журтту "Бербейм!" -деп, жерди тешке басып жYPYп, Жуурулган кан, тер жана кез жашына Апкелген жециш мына, жетимиш жашта!"

Сооронбай Жусуев менен согуш жана eмYP тууралуу маектешYYДe: Сооронбай Жусуев: «Ушундай тагдыр берген кудайга миц мертебе ыраазымын»

- Согуш башталганда 16 жашта элем. Согуш алдындагы боз улан курагым, согушка кантип аттанганым, Алайкуудан ары чыкпаган менин эл-жер кыдырганым, согуш учуру, согуштан кайтып келгеним—айтор eткeндYн баары оюма чубап келе берет. Ал убакта патриоттук сезим кYчтYY экен, 16 жашыбызда эле «майданга барчубуз» деп дегдеп аттык. Акыры 18 жашка толуп, 1942-жылы согушка чакырылдым. Кара-Суудагы темир жолду биринчи жолу кeрYШYм эле. Кызыл эшелонго салып Жалал-Абадга, андан Тажикстан, Эзбекстан аркылуу

Казакстанга алып келишти. Ошентип алгач керген шаарым Алматы болуп калды. "Максим" деп аталган пулеметту чогулттуруп, кайра салдырып, окоп, траншея каздырып, согушка даярдап жатышты. Ал жерден Министрлер Кецешинин терагасы Ундасынов сез CYЙлeп, бизди оркестр менен согушка узатышты. Поезд менен журYп олтуруп, Москваны вагондон гана кeрYп, Вологое деген жерде согушка кирдик.

Согушта eлYмсYЗ саат болбой, кызыл кыргын, душмандар менен уруш жYPYп жатты. Орустардын YЙлeрYHYн кирпичтен жасалган морлору гана калып, кыштак кырылып, талкаланганын кeзYбYЗ менен кeрдYк. Жеткирип келген офицерлер кайра кетип, бизди 8-гвардиялык дивизияга eткeрYп беришти. Княжий клин кыштагына келгенде мылтык, автомат, миномет, замбиректердин YHY угулат. Бизди полкторго беле башташты. Мени менен фронтко бир барган Буккулуев Орзу экeeбYЗ тен 27-артиллерия полкуна бeлYндYк. Фронтко жакын жерде, токойдун арасында аскерлер eздeрY жасап койгон мончосу бар экен. Ошондо мончону биринчи жолу кeрYШYм эле, Алайкуудан чылапчынга эле киринип алчубуз.

Согуш талаасы. Кийимчен эле уктайбыз. ТYнкYCYн снаряддар жарылганда, салюттай болуп, асман кооз боло тYшeт. Бир ирет ошондой кооздукту карап турсам, Ковальчук аттуу аскердик байланышуу сырларына YЙрeтYп жYргeн киши, мени мойнуман тартып, алдына алып жатып, снаряддын огунан сактап калган. Болбосо ошо жерден коштошуп кете бермек экенмин. Кийин эки ирет жарадар болдум. Госпиталга жатып, кайра катарга кошулуп калам. Биз байланышчы болгондуктан, YЗYлгeн байланыш зымдарын калыбына келтирип, KYH-TYHY байланышты YЗГYлтYксYЗ камсыз кылып турдук. Сыртыман сопсоо кeрYHYп турганымдан, мени жазуучу журту да «Сен согушка чын эле бардын беле?» деп тамашалап калышчу. Анткени Жунай Мавлянов буту жок келди, ТYмeнбай Байзаков да бутунан жараат алган, Олжобай Орозбаев да ошондой. Анда мен: «Мен немистерден этият аткыла деп суранганмын» деп ыр менен жооп берип калчумун.

Панфилов районунан чыккан чYЙлYк жоокер менен бирге элиме кайтып келаттым. Элдин баары жецишти майрамдап, жоокерлер ичип, ырдап-бийлеп келатышты. Жацы жылды Ленинграддан тостук. Андан Москвага келсек, Кыргызстанга поездге билет жок, Yч кYн дегенде арац тиги жоокер билет таап келди. Ал Панфилов районуна, мен Кара-Суу станциясына жеттик. Советте Кимия эжем бар эле, YЙY кайсы деп сурагыча эле, тYндeсY мени керген кишилер CYЙYнчYлeп, аман-эсен, алты саным эсен-соо келгениме кубанып жатышты. Алайкууга кабар жетип, агам ат минип келиптир, ошол атка учкашып, элиме, жериме келдим. Баштыгымда жарым кило сухарь менен консерва бар эле, менин белегим ошо болду.

Атам казы болгон, айылга мечит салып, анын тегерегине терек тиккен. Апам мени ошол терек арасынан тереп, киндигимди агамдын ойноп жYргeн жети жашар кызы Чоюнга кестириптир. Ошол терек арасына, эски тактайга "1946-жылдын 13-январында согуштан келдим" деп жазып коюптурмун. Кеп жылдан кийин ошол жазууну кердум. Ата-энемдин тун уулу чарчап калып, мени ырымдап чоцойтушуптур. Абдан этияттап багып, кары кишиге багууга беришиптир. Бир жума аялы Бурул эмчегин эмизип, бир жумадан кийин бир кап тезекке ата-энем мени "сатып алышыптыр». Бала кезде куш тырмактарын тагып, кулагыма сейке салып, Yч эжем кайтарып чоцойтуптур. Ошол бала мына азыр Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз эл акыны болгон. ДYЙнeнYн жYЗYн ерт чалып Кара жалын каптады. Ушундай апаат кYндeрдe Уяттан уят эмеспи Уулуцдун YЙдe жатканы,-

деп кан майданда жоокердик милдетти так аткарган, ал эми согуштан кийинки кеп жылдардын ичинде кыргыз адабиятында жоокердик мYнeз менен талыкпай жана жемиштYY эмгектенип, кеп мыкты чыгармаларды, анын ичинде согуш темасында ар кыл маанилYY ырларды, ири полотнодогу поэмаларды жараткан чебер акыныбыз элибизге кецири таанылып, окурмандарыбыздын

урмат-сыйына татыктуу болду. Анын адабияттагы бардык эмгеги адилет, калыс бааланып, мекенибиздин эн жогорку сыйлыгы болгон республикабыздын Баатыры деген наам берилип, тeшYнe «Ак шумкар» аттуу езгече белги тагылды.

Сооронбай Жусуев «Согуш» деген ырында согушту жек кeрYY менен бекеринен минтип жазган эмес:

Тапса сени соолтучу арганы, Адамзаттын калбас эле арманы. Кербесе дейм анда жексур eнYHДY Балдарымдын балдарынын барлдары!

Согушту ез кeзY менен кeрYп, анын азабын тарткан акын гана минтип айтканга акылуу!

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР:

1. «Согуш жана жениш» Сооронбай Жусуев 2010;

2. «Таберик» Сооронбай Жусуев 2010;

3. «Поэзия - тагдырым» Сооронбай Жусуев 2008;

4. «Мин кайрык» Сооронбай Жусуев 2000;

5. Алатоо барда мен бармын 2005;

6. https://pk.kg/news/inner/796/;

7. https://ru.rn. wikipedia. о^иоИ/%В0%96%В 1 %83 %01 %81 %В 1 %83%В0%Б 5%В0%Б2,%В0%Л1%В0%БЕ%В0%БЕ%В1%80%В0%БЕ%В0%БВ%В0%Б1 %В0%Б0%В0%Б9%В0%96%В1 %83%Б 1 %81 %В 1 %83%В0%Б5%В0%Б2%Б0 %Б8%Б1%87

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.