Научная статья на тему 'УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШ МЕЗГИЛИНДЕГИ АКЫН-ЖАЗУУЧУЛАРДЫН ТАГДЫРЫНАН'

УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШ МЕЗГИЛИНДЕГИ АКЫН-ЖАЗУУЧУЛАРДЫН ТАГДЫРЫНАН Текст научной статьи по специальности «Искусствоведение»

CC BY
0
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Журнал
Вестник науки
Область наук
Ключевые слова
согуш / майдан / жоокер / Панфиловчулар / фронт / офицер / акын / поэзия / оорук / баатыр

Аннотация научной статьи по искусствоведению, автор научной работы — Имомидин Кызы Сыргайым, Айтбай Кызы Гүлжаннат

Бул макалада согуш учурундагы акын-жазуучуларыбыздын тагдыры, ошол учурду бизге өз көзү менен көрүп, аны чыгармаларында андан ары да көркөмдөп, таасирдүү баяндап жеткирип бере алды.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Текст научной работы на тему «УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШ МЕЗГИЛИНДЕГИ АКЫН-ЖАЗУУЧУЛАРДЫН ТАГДЫРЫНАН»

УДК 82

Имомидин кызы Сыргайым

Фо(кя)1-21- тайпасы Тарых филология факултети Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Эзбек Эл аралык университети

(Ош, Кыргызстан)

Илимий жетекчиси: Айтбай кызы Гулжаннат

Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Эзбек Эл аралык университети

(Ош, Кыргызстан)

УЛУУ АТА МЕКЕНДИК СОГУШ МЕЗГИЛИНДЕГИ АКЫН-ЖАЗУУЧУЛАРДЫН ТАГДЫРЫНАН

Аннотация: Бул макалада согуш учурундагы акын-жазуучуларыбыздын тагдыры, ошол учурду бизге вз №3y менен труп, аны чыгармаларында андан ары да кврквмдвп, таасирдYY баяндап жеткирип бере алды.

Ачкыч свздвр: согуш, майдан, жоокер, Панфиловчулар, фронт, офицер, акын, поэзия, оорук, баатыр.

1941-жылдын 22-июнь кYн eлкeбYЗДYн деги эле буткул дуйне элинин тарыхына чукул бурулуш жасап, езгертуу киргизди. Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы кыргыз эли учун гана эмес буткул Совет эли учун чон сыноо болду. Эркектердин эмгекке жарамдуу белугунун бардыгы согушка кетип, тылда аялдар, кары-картан, жаш балдар калган. Бирок алар да жен эле олтуруп калбай колунан келишинче согуш майданында журген аскерлерибиз учун иштеп жатышты. Согуш канчалаган адамдарды алып тынды, майданга кетип кайтпай калган куйеесун куткен аялдар, бир тууган агасын, инисин, суйген адамын куткен жандар, емурлук шеригинин окко учканын уккандагы

кYЙYттeр... Ооба, биз булардын бардыгын ез кезубуз менен керген жокпуз, бирок ошол учурду кeрYп, ез чыгармаларынан бизге жеткирген таланттуу акын-жазуучуларыбыздын эмгектери бизди ошол учурга алып барып келет эмеспи. Ар бир элдин тарыхы, адабияты болгондой эле согуш мезгилине чейин кыргыз адабияты дагы бир нукта eнYГYп келе жаткан эле. Ал эми согуш жылдары — кыргыз адабиятынын толкуну оргуштап, жацы дем менен алдыга чыккан мезгили. Улутчул Герман eлкeсYHYн огуна каршы мекенчил ыр-саптары менен жацы жаш акындар, биримдикке жана элди, жерди коргоого CYрeгeн чыгармалары менен жазуучулар чыга келишти. Ал жылдары кыргыздын мыкты адабий чыгармалары, ыр-жыйнактары жазылып, кийинчерээк алар «Кыргыз кереметин» жаратуучулар тарабынан тасмага TYШYPYЛДY.

БелгилYY болгондой Совет бийлиги кeпчYЛYк акын-жазуучуларды согушка женетпей тылда алып калган. Алардын арасында Чыцгыз Айтматов, Алыкул Осмонов, ТYгeлбeй Сыдыкбеков, Аалы Токомбаев болгон. Аларга элди YГYттee милдети жYктeлгeн.

Согуш мезгилинде адабиятыбызда К. Жантешевдин «Курманбек», К. Маликов менен А. Куттубаевдин «Жацыл», Т. Сыдыкбеков менен К. Рахматуллиндин «Манас менен Алмамбет» драмалары, А. Токомбаев менен К. Маликовдун «Сейтек» либреттолору сыяктуу чыгармалар жаралды. Бул чыгармалар согуш мезгилинде элдин патриоттук ой-сезимин ойготууда маанилYY роль ойногон.

Согуш жылдарында СССРдин маданият ишмерлери майдан менен бирге ооруктагы окуяларды, кYHYмдYк жашоолорду Yзбeй жазып, адабият менен маданият тармагында чыгармалар жарыяланып турган. Ошол эле учурда, Мекенинде калган маданият ишмерлери да жоокерлерге дем-кYч берYY максатында кан кYЙгeн майдандын eзYндe оюн-зоок тартуулап, жергиликтYлeрдYн жардамын жеткирип турууга кызмат етешкен.

Улуу Ата Мекендик согушка барган акын-жазуучуларыбыздын жана фронтко барып, маданий программаларды уюштурган мекендештерибиздин тизмесин сунуштайбыз:

(Эскертуу: Тизме толук эмес)

1. Абдукаимов Узакбай

2.Бектенов Зияш

3.Бекенбаев Жоомарт

4. Жусуев Сооронбай

5. Каимов Касым

6. Мавлянов Жунай

7. Маликов Кубанычбек

Б.Эмурканова Мыскал

9. Турусбеков Жусуп

10. Yметалиев Темиркул

11. ШYKYрбеков Райкан

12. Элебаев Мукай

13. Эралиев СYЙYнбай

14. Эсенкожоев Кусейин

Узакбай Абдукаимовдун тагдыры

Узакбай Абдукаимов кыргыз элинин белгилYY жазуучусу, котормочу, прозаик, акын жана драматург Узакбай Абдукаимов 1909-жылы азыркы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Багыш айылында туулган.

Согушка офицер катары катышкан. Фронттогу жолун 1942-жылдан баштады. Псков облусунун Беларусияга жакын Великие Лука деген шаарына коюлган чабуулдардын биринде жаракат алган. Анан аны окууга жиберишти. 1943-жылы Кызыл туулуу Киров атындагы 1-Ленинград жее аскерлердин училищесине кабыл алынат да, ал жерде бир жыл окуйт. Мицдеген кыргыз жигиттери катардагы жоокер болуп согушка аттанып жатса, ал алаамат урушка офицер катары кирди. Ар TYPДYY улуттагы аскерлерди башкаруу YЧYн согуш енерYн гана эмес, орус тилин мыкты билYY керек. Узакбай Абдукаимовдо ошондой сапаттар бар эле. 1945-жылы согуш аяктап калганда Кенигсбергдин алдында жарадар болуп, Улуу Жецишти Германияда тоскон. Анан аларды 39-армиянын курамында Маньчжурияга япон согушуна жиберет. Бул жерде ал

Советтик Армиянын катарында ошол жылдын декабрь айында чейин болуп, анан демобилизацияланган. Согуштагы эрдиктери YЧYн «Кызыл Жылдыз» ордени жана Yч медаль менен сыйланган.Согушта жазган «КYндeлYктeрY». Ал асмандан самолёттордун, жерден замбиректердин YHY угулуп турган кезде окоптордо жатып кYндeлYк жазып жYргeн. Жазгандары жен эле бир окуялардын тизмеги эмес. «КYндeлYктeр» тууралуу Осмонакун Ибраимов мындай дейт: «Биринчиден, орусча жазылыптыр. Болгондо да так жана таамай орустун мыкты тилинде. Экинчиден, согуш жeнYндe, анын чыныгы анатомиясы, жексур жYЗY, антигумандык табияты тууралуу ошол кездеги эц мыкты деген ойчулдардын жана гуманисттердин, тагыраак айтсак, Эрнест Хемингуэйдин, Эрик Мария Ремарктын же Василий Гроссмандын децгээлинде ой жYГYрткeнYЧY... Советтик Армия Кенигсбергге жетип Чыгыш Европаны эми аралаганда Узакбай Абдукаимов биздин аскерлердин жергиликтYY элге жырткычча мамиле кылганына кейип, мындай дейт: «Мы своим поведением, отношением иной раз не можем показать образец высокой культуры тем, кто на нас смотрит с явным любопытством. Майор, капитан, младший лейтенант рассказывают, что не только изнасиловали девушку, но застрелили мать, отца, сына. Их приговорили к расстрелу. Другой просто обокрал доверчивую хозяйку. Русский офицер должен серьезным образом думать о своем воспитании. Он должен блистать во всем. Ведь Европа не должна разочароваться нами. В нас должны видеть не только людей с хорошей думой, но и высокого сознания, культуры и умения». Айрыкча, кыргыз жазуучусунун согуш жана тынчтык тууралуу жазган философиялык реминисценциялары eзYHYн терецдиги жана чыныгы гуманизми менен тац калтырат». Бул сeздeрдY кыргыздын бир жигити Европанын чок ортосунда туруп жазып жатат. Согуштан алган таасиринен « Майдан « романы жаралган . Анын « Майдан « романы экинчи дYЙнeлYк согуш учурундагы кыргыз жоокерлеринин жана тылдагы оорукчулардын ал-абалын чагылдырган роман. Ал 1963-жылы Фрунзе шаарында курман болгон.

Темиркул Yметалиев

Темиркул Yметалиев 1908-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган . 03YHYH зиректиги менен байлардын балдары окуп жYрген учурда YЙренген жана анын чоц энеси да кат сабатын жоюуга себепчи болгон. Анын чыгармачылыгынын башталышына Ж.Бекенбаев себепчи болуп: « Сенин ыр жазууга шыгыц бар, сен ыр жаз « деп , анын жазган ырларын кагаз бетине чыгарып турчу.

Ал да ез каалоосу менен согушка барчу жоокерлердин катарына жазылган. Ал « Эч качан согуш кайталанбасын» деген. Анын бул сездерYнен кийин согушту кергендердYн кез алдына адамдардын жан берип жатканы элестелсе, ал эми барбаган адамдарга жакындарынын жылуу жY3Y элестелет эмеспи. Улуу Ата Мекендик согуш башталгандан аяктаганга чейин акын калемин таштаган жок. Аягы бутпеген «Баатыр» поэмасын алаамат кYндерY бYTYп басмага тапшырган. Согуштагы кыргыз жоокерлеринин эрдиктерин дацазалаган <^ч баатыр женYнде ыр», «Болотбек», «Акыркы ок» деген сыяктуу ырларды жана фронттук турмушту ачык чагылдырган лирикаларды жазган. Согуштун катаал кYндерY акындын чыгармачылыгына ечпес изин калтырган.

1968-жылы «Кыргыз Эл акыны» деген наам алган.Кавказды коргогону YЧYH», «Будапештти алганы YЧYH», «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жецгендиги YЧYH» медалдарынын ээси. Акын 1991-жылдын 11-июнунда бул ДYЙне менен кош айтышкан.

Согуш мезгилинде К.Акиев, А.Yсенбаев, О.Белебалаев, Б.Алыкулов ецдYY элдик текме акындардын енерY да бетенче KYЧ менен керYндY. Алардын эл алдында ырдаган ырлары, Yндее , чакырыктары, айткан нускалары калктын жоокер уулдарынын патриоттук демин кетерYYде баа жеткис роль ойноду. Булар менен биргеликте эле акындар да ез ырларын жазып, Yндеп жатты. Алардын катарында С.Эралиев, С.Жусуев ж.б.у.с. акындарды алууга болот.

Кыргыз эл акыны - Сооронбай Жусуевдин керген кYндерYнен

Согуш алдындагы боз улан курагым, согушка кантип аттанганым, Алайкуудан ары чыкпаган менин эл-жер кыдырганым, согуш учуру, согуштан

кайтып келгеним—айтор eткeндYн баары оюма чубап келе берет. Ал убакта патриоттук сезим кYчтYY экен, 16 жашыбызда эле "майданга барчубуз" деп дегдеп аттык. Акыры 18 жашка толуп, 1942-жылы согушка чакырылдым. Кара-Суудагы темир жолду биринчи жолу кeрYШYм эле. Кызыл эшелонго салып Жалал-Абадга, андан Тажикстан, Эзбекстан аркылуу Казакстанга алып келишти.Ошентип алгач керген шаарым Алматы болуп калды. "Максим" деп аталган пулеметту чогулттуруп, кайра салдырып, окоп, траншея каздырып, согушка даярдап жатышты. Ал жерден Министрлер Кецешинин терагасы Ундасынов сез CYЙлeп, бизди оркестр менен согушка узатышты. Поезд менен жYPYп олтуруп, Москваны вагондон гана кeрYп, Вологое деген жерде согушка кирдик.Согушта eлYмсYЗ саат болбой, кызыл кыргын, душмандар менен уруш жYPYп жатты. Орустардын YЙлeрYHYн кирпичтен жасалган морлору гана калып, кыштак кырылып, талкаланганын кeзYбYЗ менен кeрдYк. Жеткирип келген офицерлер кайра кетип, бизди 8-гвардиялык дивизияга eткeрYп беришти. Княжий клин кыштагына келгенде мылтык, автомат, миномет, замбиректердин YHY угулат. Бизди полкторго беле башташты. Мени менен фронтко бир барган Буккулуев Орзу экeeбYЗ тец 27-артиллерия полкуна бeлYндYк. Фронтко жакын жерде, токойдун арасында аскерлер eздeрY жасап койгон мончосу бар экен. Ошондо мончону биринчи жолу кeрYШYм эле, Алайкуудан чылапчынга эле киринип алчубуз. Согуш талаасы. Кийимчен эле уктайбыз. ТYнкYCYн снаряддар жарылганда, салюттай болуп, асман кооз боло тYшeт. Бир ирет ошондой кооздукту карап турсам, Ковальчук аттуу аскердик байланышуу сырларына YЙрeтYп жYргeн киши, мени мойнуман тартып, алдына алып жатып, снаряддын огунан сактап калган. Болбосо ошо жерден коштошуп кете бермек экенмин. Кийин эки ирет жарадар болдум. Госпиталга жатып, кайра катарга кошулуп калам. Биз байланышчы болгондуктан, YЗYЛгeн байланыш зымдарын калыбына келтирип, KYH-TYHY байланышты YЗГYЛTYKCYЗ камсыз кылып турдук. Сыртыман сопсоо кeрYHYп турганымдан, мени жазуучу журту да "Сен согушка чын эле бардыц беле?" деп тамашалап калышчу. Анткени Жунай Мавлянов буту жок келди, ТYмeнбай Байзаков да бутунан жараат алган, Олжобай Орозбаев да

ошондой. Анда мен: "Мен немистерден этият аткыла деп суранганмын" деп ыр менен жооп берип калчумун.Биздин атактуу 8-дивизия Берлинге барбай калды, согушту Латвиядан бутYрдYк. Акыркы жолу 8-майда согушуп, бир далай жигиттер каза болуп калды. Курляндия деген аралдан немистердин кептеген аскери калып, кебY колго тYШYп, бир даары токойго качып, Берлин алынды деп чакчелекей тYШYп калышты. Кармалган немистердин биринин жакшы етYГYн тартып алып, езYмдYн эски батинкемди ага берип койдум. Жоокерлер жецишке ээ болгонубузга CYЙYHYп, экинчи жагынан кечээ эле каза болгон жоокерлерге кYЙYHYп, айтор, кызыктай абалда болуп жаттык. "Фриц, как дела, война капут" деп жетине албай жYрдYк. Немистер жецилсе да, тыкан калк, жецилип калганын билишип, ак жака, YTYктелген формаларын кийип, чубап етYп жатышты. Мен 1945-жылдын 29-декабрында демобилизация болдум. Латвиядан Кыргызстанга келгиче 15 ^н етYптYр.Панфилов районунан чыккан ЧYЙЛYK жоокер менен бирге элиме кайтып келаттым. Элдин баары жецишти майрамдап, жоокерлер ичип, ырдап-бийлеп келатышты. Жацы жылды Ленинграддан тостук. Андан Москвага келсек, Кыргызстанга поездге билет жок, Yч KYH дегенде аран тиги жоокер билет таап келди. Ал Панфилов районуна, мен Кара-Суу станциясына жеттик. Советте Кимия эжем бар эле, YЙY кайсы деп сурагыча эле, тYндесY мени керген кишилер CYЙYнчYлеп, аман-эсен, алты саным эсен-соо келгениме кубанып жатышты. Алайкууга кабар жетип, агам ат минип келиптир, ошол атка учкашып, элиме, жериме келдим. Баштыгымда жарым кило сухарь менен консерва бар эле, менин белегим ошо болду.2016-жылы 4-февралда Бишкекте каза болгон.

С. Эралиев жана согуш

С.Эралиев езYHYн бала чагы тууралуу мындай деп эскерет:

«1921-жылы 15-октябрда Тегерек деп аталган бийик чокулуу ереенде жарыкка келипмин, анда боз YЙде олтурчу экенбиз. Айылдын аты - Yч-Эмчек, Кыргыз ССРи, Талас району.

Айылдын ^н батыш жагында анын керкYне керк кошуп, кадимки кур курчагансып, кийин мен ырларымда ырдаган езYнче бир кооз Кур-Таш бексе

тоосу турат.Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында 1942-1944-жж. Согушка катышып, оор жарадар болгон.

Байбичеси Альбина эже агайдын апааттуу кYндeрYн эстеп олтурду: -Агайыцардан ашык согуштун азап-тозогун тарткан адам аздыр. Азыр да колунда осколкасы бар, майдалары чачырап кирип калган. 21 жашында экинчи топтогу майып болуп келген.

Ал убакта мектепке кечирээк барышып, 9-10- класс окугандар деле жашы туура келип, согушка чакырылып кетип жатышты. Патриоттук сезим ал учурда кYчтYY болуп, жашы жете элек боз уландар да согушка барууга суранып турушкан. Согушка биз бара электе бу^п калбасын деп да кабатыр болушкан. СYЙYнбай агацарды да акыры 18 жашка толгондо аскерге чакырышкан. Таластын Yч-Эмчек айылынан Кара-Балта шаарына алып келишип, аскерге даярдай башташкан. Ал жерге барганда палаткадан курулган шаарчага жоокерлерге бирден ат багууга беришкен. Атасы KYЛYK аттарды таптап, чоц мелдештерге байгеден чыгарып, ошол челкемде бир топ кадыр-барктуу киши болуптур. СYкeм ат жалында чоцойгондуктан, аттарды Yч ай бою берилип баккан экен. Мында Темиркул Yмeталиев саясий жетекчи болуптур. Мурда ал кишини тааныбаса да, акын ага деп сыртынан сыйлап, жакшы тааныш болуп кетишиптирБирок ал жерге калтырбай, СYЙYнбай агаларды согуш талаасына алып кеткен. Панфилов дивизиясынын 316-аткычтар полкуна, Княжий клин деген жерге алып барышкан. 1942-1944-жылдары согушка катышып, оор жарадар болуп, Мекенине кайтып келген. Акын 16-июлда 2016-жылы бул дYЙнeдeн еткен .

Фронтовик акындын тeмeндeгY ырларын чогуу окуп кeрeлY:

Мына, дагы Тогузунчу Май келди,

Жаркын жаздын коштоосунда акырын.

Ал жылдарда бут баспады кай жерди,

Баарын кошсо, болмок канча чакырым?

Жециш KYHYH кYTYп алган кез жакшы!

Согуш гана эске тYшeт кайра да.

Ошондогу аккан канды, кез жашты

Бирге кошсо, жетмек канча дайрага?! деп керген кYндeрYн кагаз бетине тYШYргeн. Бул ырынан акындын эсине эмнелер тYШYп жатканын билYYгe болот.

Акын Ж.Бекенбаев «Москва—крепость» аттуу ырында Москва—совет эли YЧYH жецилбес, майтарылбас сыймыктуу чеп—«крепость» экендигин баса белгилеп, элдин жециш YMYTYH бекемдееге аракет кылса, эл акыны А.Токомбаев ошол эле кYндeрдe «Кектейбиз!», «Москва жeнYндe ой» сыяктуу саясы лирикаларын элге тартуу кылды.

Т. Yмeталиев « Унутпайт « аттуу лирикасында элдин панфиловчуларга болгон CYЙмeнчYЛYГYн билдирип, эл атынан мындай алкыш айтат:

Кыйындыкты бир керген,

Эл эми сени унутпайт.

Жециштен кийин гул енген,

Жер эми сени унутпайт.

Арман жок баатыр генерал

Асылды CYЙгeн эл аман!

Кыргыз поэзиясынын согуш мезгилиндеги eзгeчeлYктeрYHYн бири— анда реалисттик багыттын ^ч ала башташы болгон.

Жогорудагы акын - жазуучуларыбыздын тагдырынан биз согуш мезгилиндеги учурду ез кeзYбYЗ менен кере албасак да бизге келип жеткен чыгармалардан, калтырылган маалыматтардан ошол учурду ез кeзYбYЗ менен кергендей децгээлге жетебиз. Ата-бабаларыбыздын биз YЧYн теккен канын, согуш талаасында кечирген кYндeрYн биз унутпай, бизден кийинки муундарга да сактап, eткeрYп берYY биздин милдетибиз!

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР:

1. Кыргыз Совет адабиятынын тарыхы // Фрунзе, 1987;

2. Кыргыз Совет адабиятынын тарыхы 1-том, 1-белYм;

3. Кыргыз Совет адабиятынын тарыхы 1-том, 2-белYм;

4. Б.Алымов Кыргыз Совет адабияты;

5. https://pk.kg/news/inner/796/;

6. https: //24. kg/kyrgyzcha/11713 9_sogush_talaasyinda_kalemin_kurchutkan_aky in-jazuuchular_/;

7. https://kmborboru. su/2010/03/18/zhusuev-sooronbaj/

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.