Научная статья на тему 'ЖОЛБОЛДУ АЛИБАЕВ – НУКУРА ЭЛДИК МАДАНИЯТТЫН УЛАНТУУЧУСУ'

ЖОЛБОЛДУ АЛИБАЕВ – НУКУРА ЭЛДИК МАДАНИЯТТЫН УЛАНТУУЧУСУ Текст научной статьи по специальности «Искусствоведение»

CC BY
32
5
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
салттуу музыка / лирика / элдик маданияттын улантуучусу / көп кырдуу талант / обончу-аткаруучу / дастан / traditional music / successor of folk culture / versatile talent / composer-performer / lyric poetry

Аннотация научной статьи по искусствоведению, автор научной работы — Иметов Букарбай, Дамилова Нурийла Ашырбаевна, Ормонова Гүлгака

Макалада кыргыз улуттук маданиятынын, анын ичинде кыргыз салттуу музыкасынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон таланттуу искусство адамдарынын бири, чыгармаларды жаратууда өздүгү бар кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлү Жолболду Алибаевдин чыгармачылыгы талдоого алынат. Анын билим берүүдөгү орду, чыгармачылыгынын калыптануу этаптары, өзгөчөлүгү жөнүндө сөз болот. Ал кыргыз маданиятынын көрүнүктүү өкүлү гана эмес, кылымдардан бери келе жаткан нукура элдик маданияттын улантуучусу экендиги туурасында иликтөөлөрдүн негизинде тыянактар айтылат. Ал обончу, элдик стилдеги музыканы, дастандарды жаратуучу жана аларды элдик аспаптын коштоосунда аткарып келе жаткан өнөр адамы катары кыргыз элинин маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүүгө зор салым кошуп келгендиги белгиленет. Ошондой эле көп кырдуу таланттуу маданият тармагынын өкүлү жана жаш муунга билим, тарбия берүүдөгү педагогдук ишмердиги, аткаруучулук жөндөмү, чыгармачылыгы жөнүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү учур талабы экендиги белгиленет.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

ZHOLBOLDU ALIBAEV – CONTINUER OF FOLK CULTURE

This article analyzes the work of Z.Alibaev one of the talented artists who made a great contribution to the development of Kyrgyz traditional music, and a prominent representative of Kyrgyz culture, who has his own style in creating works. The article also states that he made a great contribution to the preservation and development of the cultural heritage of the Kyrgyz people as a composer, creator of folk music and dastans, performing them accompanied by folk instruments. It is noted that he is a representative of a multifaceted talented cultural field and a continuer of authentic folk culture, formed over the centuries. In addition, the article notes that scientific research into the pedagogical and performing skills of Z.Alibayev is a requirement of modern art history it is of great importance in the education and upbringing of the younger generation.

Текст научной работы на тему «ЖОЛБОЛДУ АЛИБАЕВ – НУКУРА ЭЛДИК МАДАНИЯТТЫН УЛАНТУУЧУСУ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА BULLETIN OF OSH STATE UNIVERSITY

ISSN: 1694-7452 e-ISSN: 1694-8610

№1/2024, 173-184

ИСКУССТВО

УДК: 781.7

DOI: 10.52754/16948610 2024 1 16

ЖОЛБОЛДУ АЛИБАЕВ - НУКУРА ЭЛДИК МАДАНИЯТТЫН УЛАНТУУЧУСУ ЖОЛБОЛДУ АЛИБАЕВ - ПРОДОЛЖАТЕЛЬ НАРОДНОЙ КУЛЬТУРЫ ZHOLBOLDU ALIBAEV - CONTINUER OF FOLK CULTURE

Иметов Букарбай

Иметов Букарбай Imetov Bukarbay

профессор, Ош мамлекеттик университети

профессор, Ошский государственный университет Professor, Osh State University

Дамилова Нурийла Ашырбаевна

Дамилова Нурийла Ашырбаевна Damilova Nuriyla Ashirbaevna окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University [email protected] _ORCID: 0000-0001-6017-860X_

Ормонова ^лгака

Ормонова Гу.лгака Ormonova Gulgaka

магистр, Ош мамлекеттик университети

магистр, Ошский государственный университет Master, Osh State University [email protected]

ЖОЛБОЛДУ АЛИБАЕВ - НУКУРА ЭЛДИК МАДАНИЯТТЫН УЛАНТУУЧУСУ Аннотация

Макалада кыргыз улуттук маданиятынын, анын ичинде кыргыз салттуу музыкасынын eнYГYYCYнe чоц салым кошкон таланттуу искусство адамдарынын бири, чыгармаларды жаратууда eздYГY бар кыргыз маданиятынын кeрYHYктYY eкYЛY Жолболду Алибаевдин чыгармачылыгы талдоого алынат. Анын билим берYYДeгY орду, чыгармачылыгынын калыптануу этаптары, eзгeчeлYГY жeнYндe сeз болот. Ал кыргыз маданиятынын кeрYHYктYY eкYЛY гана эмес, кылымдардан бери келе жаткан нукура элдик маданияттын улантуучусу экендиги туурасында иликтeeлeрдYн негизинде тыянактар айтылат. Ал обончу, элдик стилдеги музыканы, дастандарды жаратуучу жана аларды элдик аспаптын коштоосунда аткарып келе жаткан eнeр адамы катары кыргыз элинин маданий мурасын сактоо жана eнYктYPYYгe зор салым кошуп келгендиги белгиленет. Ошондой эле ^п кырдуу таланттуу маданият тармагынын eкYЛY жана жаш муунга билим, тарбия берYYДeгY педагогдук ишмердиги, аткаруучулук жeндeмY, чыгармачылыгы жeнYндe илимий изилдeeлeрдY жYргYЗYY учур талабы экендиги белгиленет.

Ачкыч свздвр: салттуу музыка, лирика, элдик маданияттын улантуучусу, ^п кырдуу талант, обончу-аткаруучу, дастан.

ЖОЛБОЛДУАЛИБАЕВ - ПРОДОЛЖАТЕЛЬ НАРОДНОЙ КУЛЬ ТУРЫ

Аннотация

В данной статье анализируется творчество Ж.Алибаева - одного из талантливых деятелей искусства, внёсших большой вклад в развитие кыргызской традиционной музыки, и видного представителя кыргызской культуры, имеющего свой стиль в создании произведений. Кроме того, в статье говорится о роли, которую он сыграл в развитии системы образования, а также об этапах его творчества. Отмечается, что он является представителем и продолжателем аутентичной народной культуры, складывавшейся на протяжении веков. В статье подчёркивается вклад, который он внёс в сохранение и развитие культурного наследия кыргызского народа как мелодист, создатель народной музыки и дастанов, исполняя их в сопровождении народных инструментов. Ко всему прочему, в статье отмечается, что проведение научных исследований педагогической деятельности и многогранного творческого мастерства Ж.Алибаева является задачей современного искусствоведения - это имеет большое значение в обучении и воспитании подрастающего поколения.

ZHOLBOLDUALIBAEV- CONTINUER OF FOLK CULTURE

Abstract

This article analyzes the work of Z.Alibaev - one of the talented artists who made a great contribution to the development of Kyrgyz traditional music, and a prominent representative of Kyrgyz culture, who has his own style in creating works. The article also states that he made a great contribution to the preservation and development of the cultural heritage of the Kyrgyz people as a composer, creator of folk music and dastans, performing them accompanied by folk instruments. It is noted that he is a representative of a multifaceted talented cultural field and a continuer of authentic folk culture, formed over the centuries. In addition, the article notes that scientific research into the pedagogical and performing skills of Z.Alibayev is a requirement of modern art history - it is of great importance in the education and upbringing of the younger generation.

Ключевые слова: традиционная музыка, лирика, продолжатель народной культуры, многогранный талант, композитор-исполнитель, лирическая поэзия.

Keywords: traditional music, successor of folk culture, versatile talent, composer-performer, lyric poetry.

Киришуу

Ар бир доордо коомдогу ар тараптуу тармактардын eнYГYYCYнe салым кошуп, кийинки муунга YлгY болорлук эмгек жасаган уникалдуу инсандар болот. Кыргыз искусствосунда, анын ичинде кыргыздын салттуу музыкасын улантуучу, аны андан ары eнYктYPYYЧY катары ез доорунун маданиятынын eнYГYYCYнe зор салым кошкон, бул тармакта шакирттерди тарбиялап, eзYHYн жараткан чыгармалары, жасаган эмгеги менен бир топ таланттуу eнeр адамдары маданият тарыхында из калтырган. Ошондой таланттуу искусство адамдарынын бири, чыгармачылыкта eздYГY бар кыргыз маданиятынын кeрYHYктYY eкYЛY - Жолболду Алибаев. Анын чыгармаларын анализдеп, улуттук салттуу музыканын eнYГYYCYнe жана андан ары улануусуна кошкон салымын жана анын талантын жогору баалаган окумуштуу Б.Иметов айткандай, Ж.Алибаев "кыргыз маданиятынын кeрYHYктYY eкYЛY гана эмес, кылымдардан бери келе жаткан нукура элдик маданияттын улантуучусу" экендигин билебиз (Алибаев, 2007, 310-б).

Нукура элдик маданиятты улантуучу - бул термин адатта eз элинин салтын, Yрп-адатын, тилин, музыкасын жана маданий мурасынын башка аспектилерин, анын элементтерин активдYY сактаган, eткeрYп берYYЧY жана eнYктYPYYЧY адамга, адамдардын тобуна, же жамаатка карата колдонулат. Элдик маданияттын улантуучулары ар кандай топтор жана адамдар болушу мYмкYн. Элибиздин каада-салтын, YPп-адатын, искусствосун, маданиятын активдYY сактап, eнYктYPYп, кийинки муундарга eткeрYп берип келе жаткан ар кандай адамдар жана уюмдар кыргыздын элдик маданиятынын улантуучулары боло алат. Бул eцYттeн караганда, обончулар жана элдик музыканы аткаруучулар, кыргыздын элдик усталары жана кол eнeрчYлeрY, фольклорчулар жана этнографтар, салттуу маданиятты жайылтуучу маданий борборлор, иш-чараларды, лекцияларды жана кeргeзмeлeрдY уюштурган топтор кыргыздын элдик маданиятын коомчулукка жайылтууга жардам берет жана сактоого кeмeктeшeт (Алишерова, 2021; Джумабаев ж-а Баякова, 2023; Асанова ж-а Ырысова, 2020; Дастанбек кызы ж-а Мурзакметов, 2023).

Мисалы, обончулар жана элдик музыканы, дастандарды аткаруучулар, кыргыздын салттуу аспаптарында чыгармаларды аткарып, элдик чыгармалар стилинде обондорду жаратып, аткарып келе жаткан eнeр адамдары маданий мурастарды сактоодо чоц роль ойношот.Алар кыргыз элинин маданий мурасын сактоо жана eнYктYPYY YЧYн биргелешип, анын eнYГYШYнe жана коомдо жашоосун улантуусуна кeмeктeшeт. Элдик музыка стилинде ыр жазган обончуларды салттуу маданияттын улантуучулары катары кароого болот. Алар адатта элдик обондордун, ыргактардын жана тексттердин таасиринде салттуу маданияттын нукуралыгын жана духун чагылдырган музыкалык чыгармаларды жаратат. Андай eнeр адамдары элдик музыкалык салттарды сактап гана тим болбостон, аларды заманбап музыкалык формаларга, угуучулардын табитине ылайыкташтыруу менен андан ары eнYктYрeт. Алар фольклордук музыканын элементтерин заманбап жанрлар менен айкалыштыра алат, жацы нерсени жаратат, ошол эле учурда салттуу eзeк менен байланышты сактап кала алат. Мындай обончулар жана алардын чыгармачылыгы элдик маданиятты сактоодо жана жайылтууда, аны муундан-муунга eткeрYп берYYДe жана кецири маданий контекстте жайылтууда чоц роль ойнойт. Ошондой маданият eкYЛдeрYHYн катарына биз чыгармачылыгын иликтeeнY максат кылган элдик музыканы, элдик дастандарды аткаруучу жана жаратуучу, обончу, комузчу, ^п кырдуу талант жана YЙрeтYYЧY-педагог Ж.Алибаевди

кошобуз. Ал ез 6mypyh кыргыздын элдик маданиятын eHYKTYPYYre арнап, элдин рухий байлыгын калыптандырууда эбегейсиз эмгектерди жасады.

Ж.Алибаевдин элдик ырчылардын чыгармаларына обон жаратып, аткарып чыгуусу, элдик дастандарга кайрылуусу, бир топ дастандарды жаратуусу, аны комузда аткаруусу, салттуу музыка стилиндеги эч кимге окшобогон элдик маданияттын нукуралыгын жана духун чагылдырган обондорду жаратуусу, аны элге жайылтуусу, eнYктYPYYCY залкардын кылымдардан келе жаткан нукура кыргыз элдик маданиятынын eкYЛY гана эмес, анын улантуучусу, муундарга eткeрYп берYYЧYCY экендигин айгинелеп турат.

Жолболду Алибаевдин eмYP жолу, чыгармачылыгы, анын калыптануу, eнYГYY этаптары, eзгeчeлYГY, чыгармачылык индивидуалдуулугу туурасында К. Абдышевдин "Кылым инсандары", Б. Алагушовдун "Кыргыз музыкасы. Энциклопедия" эмгектериндеги учкай маалыматтарды, Ж.Алибаевдин "Дастан" жыйнагынын баш сeзYндe жазылган Б. Иметовдун жана А.Урбаевдин баяндамаларын эске албаганда, башка илимий иликтeeлeр жYргYЗYлe элек.

Макаланын актуалдуулугу кыргыз искусствосунун чоц бутагы болгон акындык, ырчылык eнeргe, кыргыз салттуу музыкасына, кыргыз адабиятына, билим берYYCYнe чоц салым кошкон инсан, ОшМУнун чыгармачыл-агартуучусу Ж.Алибаевдин eмYP жолу, чыгармачылыгы, анын калыптануусу, eзгeчeлYГY жeнYндeгY илимий изилдeeлeрдY ЖYPГYЗYYHYH учурдагы музыка адистерин даярдоодо зарылдыгы менен тYШYндYPYлeт.

Изилдеенун ыкмалары, каражаттары жана материалдары. Макалабызда эмпирикалык (интервью алуу, анкета алуу, байкоо жYргYЗYY, катышып байкоо жYPГYЗYY)изилдee ыкмаларын колдонуу менен, архивден (мамлекеттик, регионалдык, кол жазмалар фонду) маалыматтарды топтоо аркылуу изилдeeлeрYбYЗДY жYргYЗДYк.

60-70-жылдары Рыспай Абдыкадыров, Калыйбек Тагаев, Yсeн Сыдыков, Аксуубай Атабаев, Мукан Рыскулбеков сыяктуу обончулардын бир тобу белгилYY болсо, андан кийинки Токон Эшпаев, ТYгeлбай Казаков, Асанкалый Керимбаев сыяктуу обончулардын тобунун ^ч башын бир нече чыгармалардын автору обончу, аткаруучу, дастанчы, акын, ырчы Жолболду Алибаев баштаган.

Ж.Алибаев тексттерине шай келип, угумдуулугу, музыкалык ыргактарынын тактыгы менен eзгeчeлeнYп турган "Караматкан", "Дилбарай", "Тоолук кыз", "Тууган жерге", "Энеме" сыяктуу обондуу ырларын жаратты. Анын кыргыз радиосунун алтын фондусунда жазылган кырк сааттан ашуун убакытты камтыган ырлары менен обондору, 200дeн ашуун обондору чыгармачыл чeйрeдe жогору бааланган, келечеги кенен чыгармалардан экендигин белгилейбиз."Чолпонум" дастанын комуздун коштоосунда аткарып чыгып, обончулардын арасында eзгeчe бурулуш жасады. Жецижоктун "Балам жок" деген ырын eзYHYн обону менен ырдаганда, элдик аткаруучулук eнeрдYн кYЙeрмандары Жолболдунун аткаруучулук жeндeмYн, талантын eзгeчe баалаган, ошондон тааныла баштаган. Барпы, Калыгул, Арстанбек, Молдо Нияз, Нурмолдо, Жецижоктун ырларына обон жаратып, "экинчи eмYр" берди, eзгeчe YHY менен угуучулардын аудиториясына ээ болду. "Чолпонум"(1997), "Балдар ырлары"(2018), "Дастан"(2007) аттуу обондуу ыр, дастандар жана "^лазык" аттуу поэзиялык жыйнактарын жарык кeрдY(Алагушов, 2007, 164-б.).

Жолболду Алибаевдин чыгармачылыгынын калыптануу, eнYГYY eзгeчeлYктeрYн окуп YЙрeнYYДe окумуштуу К.Исаков белгилегендей, Yч этапка бeлYп кароо максатка ылайыктуу

болот. Биринчи мезгил, алгачкы ырларын жазып, ал ырлар мезгилдYY басма сездерге жарыяланып, аккардеонду YЙренYп, акын жана обончу болууну каалап, Жолон Мамытовдун, Мамат Оморовдун, Рыспай Абдыкадыровдун ошол кездеги ^4tyy толкунуна катуу таасирленип, поэзияга, музыкага, обонго болгон кYчтYY кызыгуусунун жаралган мезгили. Ошол инсандар менен тYЗден-тYЗ жеке жолугушуулары, алардын кеп-кецештери, багыттары, кYнделYк турмуштагы адамдык байланыштары, мамилелери анын адабият, искусствого терец кызыгуусуна алып келген. Рыспайдын ырларын дал езYндей чебер аткаруусу, эл арасында "экинчи Рыспай" деген наамга ээ болуусу жацы бийиктиктерге чыгуусуна себеп болгон. Бул женYнде обончу езY да "экеенYн тембри да, YHY да окшош" экендиги женYнде, "чыгармачылыкта жетишпей калган нерсени Рыспайдын ырларын кайра-кайра ырдоодон эргYY жаралары" туурасында эскерет, Рыспай Абдыкадыров анын обон жаратуудагы устаты болгондугун белгилейт. Кийинчерээк ез тагдырындагы татаал окуялар жаш таланттын езYHYн обондорун жаратуусуна жол ачкан. Жашоого болгон кез карашы, чыгармачылык даремети анын эч кимге окшобогон чыгармаларын жаратуусуна негиз болгон.

Ал ырларды аткарып, кыргыз маданият чейресYнде таанылып, угармандарын тапкан мезгилин чыгармачылыгынын экинчи этабынын башталышы катары караса болот. 03YHYH стилин калыптандырып, жацы кайрыктарды таап, совет бийлиги мезгилинде нечендеген обондорду жаратып, кыргыздын музыкалык енерYн байыткан, езYHYн кYЙермандарын жана угармандарын тапкан. Жолболду Алибаев обончу, чебер аткаруучу катары обон CYЙYYЧYлердYн кызыгуусун арттырган. Бул мезгилдерди камтыган алгачкы элYYДен ашык обондуу ырлары жана "Чолпонум" чыгармасы ноталары менен 1997-жылы жарык керген "Чолпонум" жыйнагында орун алды.

Ал эми чыгармачылыгынын YЧYнчY этабы чыгармачылыгы калыптанып, енYГYYHYн жогорку децгээлине жеткен мезгили. Бул учурга елкенYн кез карандысыздыкка ээ болгон жылдарында жаралган чыгармаларын киргизсек болот. Деги эле эгемендYYЛYктYн алгачкы жылдары кыргыздын бир дагы акыны же жазуучусу окурманды тац калтырган, чыгарма жаратпаганын, искусство андан бетер бечел абалда болуп, советтик доордогудай киночулар, CYретчYлер, композитор-обончулар жаны бийиктикке кетерYле албай, мурдагы жетишкен ийгиликтеринин туткунунда калышканын, жетимиш жыл саясаттын таасиринде унутулуп бараткан улуттук руханий мурастарыбызды кайрадан элибизге кайтарып берYYДе Жолболду Алибаевдин эмгеги жогору экендигин маданият таануучулар белгилеп келишет. Залкар ырчылар Женижок, Арстанбек, Калыгул, Барпы, Ниязалы, Молдо Кылыч, Молдо Нияз сыяктуу ырчылык енердYн ээлеринин чыгармаларына экинчи емYP берип, эл арасына жайылтууда Жолболду Алибаевдин эмгеги жогору болду. Алардын ырларынын тексттерин таап, ар бирине ылайык обондорду жаратып, комуздун коштоосунда аткарып, чыгармаларга, жацы мазмун бергендигин, чыгармачылыгы жацы ецутке бурулгандыгын белгилеп ^tyy керек. Ал аккордеондо обондорун жаратып, таланттуу обончу катары калыптангандан кийин, комуз чертип, дастанчы, акындык енерлерге ыктап, обон жарата баштаган. Ал буга чейинки кыргыздын акындык, ырчылык. маданиятына салым кошкон таланттуу акындар менен дастанчылардын чыгармаларын иликтеп чыгып, аны YЙренYп, TYPY, стили, багыты боюнча аларга жакын болгон езYHYн чыгармаларын жаратууга жетишкен (Абдышев, 2003, 170-б.)

Анын обончу-аткаруучу катары калыптануусунда тYштYк кыргыздарынын элдик музыкасы, анын ичинде Женижок, Барпы, Нурмолдо. Молдо Нияз Арстанбектердин философиялык ырлары негиз болгондугун айтпай кетууге болбойт. Акындын кол жазмаларын

карап олтуруп, жогорудагы акындардын бизге жеткен ырларынын ар бир сeзYн, кайрыктарын(обондорун) ар бир нотасын иликтеп улам кайталап, талыкпастан эмгек жумшагандыгын байкоо кыйынчылык жаратпайт. Албетте, "Чолпонум" дастанына, "Кeксулуу", "Балам жок" сыяктуу Женижоктун сeзYнe жазылган, Барпынын "Эзгeчeм", "Болсочу", "Карай кeз", "Буракжан", "Ноодайым", "Турбайбы", "Кош алма" ж.б. аттуу ырларына интонациялык жактан айырмаланган, лирикага ширелишкен ошол замандын духундагы обонду жаратуу YЧYн eзгeчe талант, эмгек керек. Жогорудагы акындардын чыгармаларын жана элдик салттуу музыканы eздeштYPYп, чыгармачылыгына негиз кылып, талыкпай эмгектенYYHYн натыйжасында Жолболду Алибаев eзгeчe чыгармаларды жаратуу менен эрте эле eзYHYн чыгармачылыктагы eздYГYн тапты. Ал - eзYHYн чыгармачылык стилине ээ болгон талант, ошондой эле ал салттуу музыкага, акындар чыгармачылыгына жуурулушкан чыгармаларды жаратуу менен, чыныгы нукура кыргыз маданиятынын улантуучусу, eнYктYPYYЧYCY катары eзYн кeрсeтe алды Мунун баарын Ж.Алибаевдин чыгармачылык eзгeчeлYГY катары белгилесек болот.

Ырчылардын ырларынын текстине жацы обон, жаны добуш, жацы кайрыктарды жаратты, комузга салды. Угармандар жацы чыгармаларды кYTYп жатты. Автор ар TYPДYY тематикадагы: CYЙYY, арман, акыл- насаат, насыят, диний, ыйман, адеп-ахлак, ата журт темасындагы ырларды жаратты. Жолболду Алибаевдин чыгармачылыгында Барпы, Жецижоктун чыгармаларынын таасири жогору болду. Калыгул, Арстанбектердин ырларына жацыча eцYт берди. Алардын чыгармаларын чеберчилик менен аткарып, элге жеткирди. Акындардын чыгармачыл мектебине аралашуусу, ырчы катары калыптануусунда мааниси чоц болду. Натыйжада, кыргыз CYЙYY ырларынын шедеврине айланган "Чолпонум" жаралды. Бул кыргыздын CYЙYY ырларын синтездеген кайталангыс дастан болуп калды. "Чолпонумду" жаратууда Барпынын "МeлмeлYм" ырынын таасири чоц болгон. Муну автор eзY мындай комментарийлейт: "Чолпонумду" бир жыл жазгам. Негизи ал ырды "МeлмeлYмдYн" таасиринде жараткам" URL: https://www.super.kg/article/show/59667(Дата обращения: 24.01.24).

Кыргыз тарыхында канча залкар талант ырга салган акылгeй кыздардын ар биринин кайталангыс портретин тартып, алардын ар бириндеги eзгeчeлYктY бириктирип келип "Чолпонумга" айлантты. Кыргыз залкарларынын ашыктык ырларындагы, дастандарындагы ырдалып бYтпeс CYЙYY идеясын бардыгын кошуп, бир "Чолпонумга" батыра алды. Башкача айтканда, "Чолпонум" - махабат символу. Азыр Жолболду Алибаевдин "Чолпонум" чыгармасынын угарманы кeп экенинен чыгарманы жогору баалаганын байкоого болот. Мындай шедеврди жаратууга ар бир чыгармачыл адамдын кYЧY жете бербейт. Обон жаратуу чеберчилигинин чыныгы дарамети байкалат.

Жолболду Алибаев тээ совет бийлигинин жылдары эле обончу-аткаруучу катары калыц элге таанылып, аты мыктылардын катарында айтылып жYргeн. Бирок, анда ал жалпылап айтканда, мицдин бири болчу. Ага чыныгы атак-дацк Кыргызстандын эгемендYYЛYГYHYн жылдарында, жогоруда белгиленгендей, комузга eзгeчe басым жасап, элдик-фольклордук жанрда эмгектене баштагандан кийин келди. Алгачкы чоц ийгилик ага сeзYн да eзY жазып, тац каларлык мукамдуу обон чыгарган «Чолпонум» аттуу лирикалык дастанын ырдап чыккандан кийин келгенин белгиледик. Бул ыр эл арасына тез тарап, чыныгыатактуулукту алып келди.. 90-жылдардын баш жагында кыргыздын музыкалык искусствосундагы эц чон ачылышын жасады. Совет бийлигинин жылдары эле китептери чыгып классик болуп калган Барпынын,

бир китеби жаныдан жарык керYп, бирок элге кенири тарай элек Жецижоктун, айтылуу текме Корголдун, буга чейин эч ким билбеген Нурмолдонун казалдарын изилдеп, аларга обон жарата баштады. Мына ушул Yч классиктин ырларына тYштYк кыргыздарга гана мYнездYY болгон мотивдерде обон чыгарып, езY комуз менен аткарып чыкканда бYткYЛ маданий коомчулук жогору баалады. Ошол жылдары Женижоктун «Балам жок», «Кексулуу», «Балалык», «Кырк парыз», Нурмолдонун «0лYм тууралуу ыр», «КYЙген ыр», Барпынын «Эзгечем», «Болсочу», «Мырзайым», «Карай кез», «Жалгыз кызым Умсунум», «Жар жыгылса суу бегейт», «Кош алма», «Пайгамбарлар жана саабалар», «Кулмурза менен Аксаткын» жана башка казалдары сахналардан, телевидение жана радиодон жацырып, маданият изилдеечYлерY ал чыгармаларды кыргыздын музыкалык искусствосундагы жацылык деп аташты. Барпынын 30дай ырына, Жецижоктун 10дон ашык, Молдо Нияз, Нурмолдонун ырларына обон жаратып, Тоголок Молдонун "YрпYкан" дастанын ырдап чыккан. Жолболду Алибаевдин мындай эмгектери Маданият министрлиги жана Экмет тарабынан татыктуу бааланып, ага 1993-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек синирген артисти наамы берилген.

Жолболду Алибаевдин чыгармачылыгынын езе^н тYЗген, аны нукура кыргыз маданиятынын улантуучусу катары айгинелеп турган дагы бир езгечелYк - элдик дастандарга кайрылуусу жана ез дастандарын жаратып, ырга салып, чебер аткаруу жендемYHYн жогорулугу. 2007-жылы «Дастан" аттуу чыгармалар жыйнагы басылып чыкты. Анда 10 дон ашуун дастандары, термелер, казалдар, санаттар, улуттун улуу адамдарына арноо ырлары, обондуу ырлары нотасы менен басылып чыкты. "Дастан" жыйнагы Ж.Алибаевдин "даректYY" чыгармачылык емYP жолун ырга салган акындын езYHYн ыр саптары менен башталат:

ДаректYY жашап мен чыктым,

Дабандуу жаштын белине.

Дастанга жеткен ырларым,

Дайындуу болсун элиме. (Алибаев, 2007, 310-б).

«Дастан» китеби «Дастандар, санаттар, термелер», «Арноо ырлары», «Казалдар», «Обондуу ырлар» аттуу белYмдерден турат. Биринчи белYмде эгемендYYЛYк жылдары жазылган чыгармалары орун алды. Жыйнакка келемдYY дастандары, арноо ырлары, санаттары, казалдары, обондуу ырлары ноталары менен кошо - жалпы 150ге жакын чыгармалары киргизилген.

Комуз, кыл кыяк музыкасындагы эц байыркы жанрлардын бири - дастандар. Дастандар - тарыхта болуп еткен окуялардын оозеки, же жазуу тYPYндегY баяны. Алар негизинен жеке кишинин эмес, жалпы улуттун орток ац-сезиминен жаралган чыгармалар. Дастандар калктын акыл жана билим менен башкарыла элек, жазуусу жок алгачкы учурларда адамдардын кыйын турмушун, CYЙYHYЧYH, улуу кечтердY, урунттуу окуяларды, же болбосо елYм менен емYPДYн ортосунда калган кыйчалыш учурлар женYндегY баяндардын обонго салынышы деп мYнездееге болот. Ал эми ошол дастандарды аткарган кишини кыргыздар дастанчы деп коюшкан. КебYнче дастандар комуздун коштоосунда ыр менен жорго сездY аралаштырып же жалац эле ыр тYPYнде айтылган. Айрымдар ездерY чыгарып, тегYп айтса, кебY жаттап алып аткарып берген. Дастанчылар эл арасында чоц сыйга ээ болгон. Булардын чыгармачылыгы азыр да енYГYYДе. (Илим жана маданият кепYрелерY. ТYрк тектYY калктардын орток дастандары URL: https://www.trt.net.tr/kyrgyz/makala-zhana-sieriep-saluular/2014/11/16/ilim-zhana-madaniiat-kopuroloru-38-192019 (Дата обращения: 10.01.24)

Дал ошол кыргыз музыкасындагы салтты улай, Ж.Алибаев бул жанрга кайрылып, элдик дастандарды мыкты аткарып, жана бир топ мыкты дастандарды жаратып, аткарып, жогорку баага татыганын белгилей кетYY керек. Жолболду Алибаев, элдик дастандарды чебер аткаруу менен eзY да ондогон дастандарды жазды. Эзгeчe кыргыздын eraeH тарыхындагы жана жаны тарыхындагы чыгаан, мекенчил инсандардын eрнeктYY eмYP жолун ырга салды, дастандарды жаратты. Кыргыз залкарларынын чыгармаларын аткарып, дацазалап, алардын философиялык ой-жYГYртYYCYн анализдеп, алардын чыгармачыл мектебинен eтYп, такшалып, тажрыйбасын арттырып, eзY да элдин "залкар" деген баасына татыктуу болуп чыга келди. Алардын ичинен «Кайран эл" дастаны eзYHYн тематикасы, масштабдуулугу жана кeркeмдYк каражаттары, музыкалуу кайрыктары менен eзгeчeлeнYп турат. Анда автор кыргыз элинин Манас доорунан азыркы ^нге чейинки тарыхына кайрылып, обонго салат. Дастанчы улуттун TYПKYЛYKTYYЛYГYH, эркиндикти жана биримдикти баарынан бийик коёрун, элден чыккан акылман аталар жана энелер жан дYЙнeнYн тазалыгын, адептYYЛYктY, чынчылдыкты, адилеттYYЛYктY туу тутуп, элди ошол асыл нарктарга Yндeп, жаштарды ошол сапаттар менен тарбиялап келгендиги, азыркы замандаштарыбыздын жашоо философиясы, кулк-мYнeзY, кызыкчылыктары, адептик нормалары жeнYндe баяндайт. Мындай идеяга дастандын уккулуктуу музыкалык кайрыктары да шайкеш келип, обончу-аткаруучунун элдик-фольклордук, классикалык стилдин негизинде калыптанган обон жаратуудагы eздYк eзгeчeлYГYн ачыктап турат.

Европа мамлекеттерине мYнeздYY болгон рынок экономикасына Кыргызстандын eтYШY, европалык цивилизацияга баш-оту менен кирип кеткен шаардыктар, интеллигенттер жана жаштарыбыз жeнYндe, элге акыл-эс YЙрeтe турган аксакалдар асыл нарктардан ажырап бараткандыгы жeнYндe эле эмес, эц аянычтуусу, трагедиялуусу элдин кулк-мYнeзY туп-тамырынан бери eзгeрYп, адамгерчилик, мейман-достук, колкабыштык сыяктуу асыл сапаттардан айрылып, улутубузга мYнeздYY болбогон жYЗY каралыкка берилип кеткен улутташтарыбыз, алардын пейилдеринин, нарк-насилдин бузулушу жeнYндe ырдайт. Бул дастанды салттуу элдик фольклордук мотивде жаралган жагымдуу обон коштойт, тeмeндeгY чакырык менен аяктайт:

Бабац Манас экенин,

Билип жYргYH кыргызым.

Ар-намысты туу тутуп,

Аскар зоодой занкайып,

Бийик жYргYH кыргызым.

«Кайран эл» дастаны эл турмушун ар тараптан камтыйт. Андан кийинки «Карыларга», «Жаштарга», «Чондорго», «ЭмYP дастаны» ошонун уландысы сыяктанат, бирок, ар бир тема кецейтилип, философиялык терец ойлор айтылып, обонго салынып, коомдун койгeЙY, жашоонун ар TYPДYY маселелери чагылдырылат.

Бул дастандары eткeндYн атактуу казалчылары Кет Бука, Арстанбек, Калыгулдардын чыгармалары менен YндeшYп турат. Жолболду Алибаев - акындык менен обончулукту бирдей алып жYргeн eHeP адамы, элдик маданиятта eткeн менен кийинки муунду байланыштыруучу кызмат аткаргандыгын белгилей кетYY керек. 0ткeндeн, акындар, ырчылар чыгармачылыгынан, элдик музыкадан, элдик дастандардан алган таасиринен эч кимге окшобогон чыгармаларды жаратып, чыгармачылыкта eз стилин тапкан уникалдуу талантка ээ

болгон. Анын чыгармачылыктагы негизги езгечелYГY - аларга чыныгы таасирленип, бирок кайра ез жолун таап, андан суурулуп чыгып кеткендиги, ошондой эле анын дагы бир касиети - чыгармачылыктагы чындыгы. ТYгелбай Казаков айткандай, "махабатты ырдаса, сезим-дарегин жашырбай, жылацачтап ырдаганы" URL: https://www.super.kg/article/show/59667(Дата обращения: 24.01.24). Анын чыгармачылыгындагы фольклордук салттык музыканын, элдик ырчылыктын таасиринен жаралган мындай жеке езгечелYктер - анын езYне гана тиешелYY болгон уникалдуу табылга.

Ж.Алибаевдин чыгармачылык жолунда элдик фольклордогу салтты улай обондуу арноо ырларынын да арбын жараткандыгын белгилей кетYY максатка ылайыктуу. Мамлекетибиз эгемендYYЛYкке ээ болгондон бери эл башына тYшкен оор ^ндер, жетекчиликтин кетирген кемчиликтери, чыгармачыл чейренYн екYЛY катары анын тынчын кетирип, ушундай ецYттегY чыгармалардын жаралышын шарттаган. "Кайран эл", "Бекмамат" дастаны, "Рыспайга кат", "Апсамат" дастаны, "Улуу инсан"(И.Раззаковго арналат) ж.б. кептеген дастандары, ырлары жаралган. Мамлекет эгемендYYЛYк алгандан бери коомдогу оош-кыйыш окуяларды, адамдардын ички дYЙнесYндегY езгерYYлерге маани берип, аларды сындап, кемчилигин ашкерелеп ырдаган.

Талант канчалык кайталангыс болсо, анын мYнезY, пейли да башкаларга окшобойт, кайталангыс болот...Эгер алар да биздей ойлонуп, биздей жашаса, стандартка тYШYп калса, анда талант болуудан калат (Абдыкаарова, 2017, 7-б).

Жогоруда окумуштуу К. Исаков белгилегендей, Ж.Алибаев кайталангыс, езгече ой жYГYртYYге, езгече ДYЙне таанымга, езгече чыгармачыл ездYкке ээ болгон, чыгармачыл инсандардын талантынын дареметин баалоодо айтылып жYрген элдик "залкар" баасына татыктуу болгон, кыргыз элдик маданиятынын енYГYYCYнде езгече орду бар жаркын инсан десек болот.

БелгилYY акындардын кепчYЛYГY езYHYн туулуп ескен жери, айылы женYнде ырдашып, обон жаратышканы салттуу керYHYш. Жолболду Алибаев да бул темага кайрылып, "Туулган жерге", "Тууган жер, тууган элиме", "Туулган жерди сагынуу", "Ала-Тоо - алтын мекеним" жана башка мекен темасындагы обондуу ырларды жаратты. Анын бул темадагы чыгармалары башкаларга окшобогон езгечелYк менен жаралганын изилдеечY оцой эле байкайт. Эз айылын, анын жаратылышын, адамдарын, алардын кулк-мYнездерYн Жолболдудай эч ким ырдаган эмес. Чыныгы реалдуулуктун картинасын CYреттейт. Албетте, музыкалык чыгарманын элге жеткиликтYY болушунда ошол аткаруучунун музыкалык керкем туюмунун децгээли, аткаруучулук чеберчилиги, сезгичтиги, интеллектинин кенендиги, YHДYH жагымдуулугу, бийиктиги, тембринин угумдуулугу негизги орунду ээлейт. Ж.Алибаев табигый езгече уккулуктуу YHre ээ. Анын кубаттуу, жагымдуу YHYнде кандайдыр анча-мынча адам байкабаган ете уккулуктуу тембр бар. Анын элдик баа жеткис байлыктары, салттуу музыканы енYктYPYYге кошкон зор эмгектери бизге, бизден кийинки келечек муундарына мурас катары белек. Ж.Алибаев кепчYЛYк маданият иликтеечYлердYн пикири боюнча эгемендYYЛYк мезгилиндеги кыргыз салттуу музыкасынын енYГYYCYне кеп кырдуу таланттуу инсан катары, тактап айтканда, акындык, ырчылык, обончулук, обончу-аткаруучулук енерY менен чоц салым кошкон маданият екYЛY катары тааныла алды.

Салттуу музыка - белгилуу бир улуттук маданиятка же аймакка таандык болгон элдик музыка. Ал, адатта, бир муундан экинчи муунга оозеки тYPде етYп, белгилYY бир жамааттын

тарыхын, YPп-адатын жана баалуулуктарын чагылдырат. Салттуу музыка ар TYPДYY маданияттарда жана eлкeлeрдe ар TYPДYY болуп, кeбYнчe, уникалдуу аспаптарды, обондорду, ритмдерди жана баяндоо ыкмаларын камтыйт. Салттуу музыка маданий мурастарды сактоодо маанилYY ролду ойнойт. Анын аныктыгы жана жергиликтYY коомчулук менен байланышы, улуттун басып eткeн жолу, тарыхы менен ажырагыс байланышта болгондугу YЧYн жогорку баага татыктуу.

Кыргызстандагы кeрYHYктYY искусство адистеринин пикири боюнча Жолболду Алибаев элдик кайрык менен жуурулушкан нечендеген кайталангыс чыгармаларды жараткан кыргыз салттуу музыкасынын улантуучусу катары бааланат. Анын бул табылгасы элдик фольклордук чыгармаларды изилдеп, аларды кайрадан иштеп чыгып, бир тобуна eзY обон чыгарып, комуздун коштоосунда элге жагымдуу yhy менен аткарышынан улам жаралды. Жолболду Алибаев мукам yhy, eзYнe гана тиешелYY eзгeчeлYк менен кайталангыс кайрыктарды жараткан обончулугу, аткаруучулук бийик чеберчилиги менен чыныгы элдик артистке айланды. Угуучулары, кYЙeрмандары кeбeйдY. Музыка таануучулар мындай популярдуулукка ХХ кылымдагы кыргыз искусство eкYЛдeрYнeн Атай Огонбаев, Муса Баетов, Мыскал ЭмYрканова, Шахра Талипова, Саламат Садыкова сыяктуу саналуу гана таланттардын арасында Ж.Алибаев да ээ боло алганын белгилешет. Ушул eцYттeн алып караганда, Жолболду Алибаевдин чыгармачылыгы улуу eнeрпоздордун кeркeм дeeлeт чeйрeсYндe eзYнчe бeлYHYп турган уникалдуу кeрYHYш болду.

Ж.Алибаевдин кайсы гана чыгармасын укпасын, угуучу анын берейин деген ою eTe тыкан, ашыкча керексиз кайрыктардан, жадатма кайталанмалардан алыс экендигин байкайт. Обончу, аткаруучу, акын, дастанчы Жолболду Алибаевдин бYTYндeй чыгармасы элдин руханий маданиятына ширелишкен, улуттун бYTYндeй турпатына, ой дYЙнeсYнe жуурулушкан. Чыгармаларынын баалуулугу элдин нукура ыр маданиятын eнYктYPYп, жацы бир тепкичке кeтeргeндYГYндe. Анын чыгармаларын ар тараптуу изилдee, YЙрeнYY иштери али алдыда. Биздин бул макалабыз Жолболду Алибаевдин эмгек жолу, чыгармачылыгы туурасындагы алгачкы илимий иликтeeлeрдeн болду.

Жолболду Алибаевдин чыгармачылыгында жашоонун бYтпeс темасына айланган сулуулук, жаштык, аялзат, ашыктык, достук, эне, балдар темаларына арналган обондуу ырлары да eзгeчe мааниге ээ. Аларга сынчынын кeзY менен карап, музыка изилдeeчY катары баа берYY - келечектин иши. Аларды жаратуудагы Ж.Алибаевдин чыгармачыл даремети, eзгeчeлYГY, чеберчилиги жeнYндe eзYнчe иликтeeлeрYбYЗдe шз кылмакчыбыз.

Корутунду. Жыйынтыктап айтканда. Ж. Алибаев коомдун, адамзат жашоосунун TYPДYY багытына арналган ар кандай идея-тематикага бай чыгармаларын жана аларга обондорду, дастандарды жаратуу, аны комузда аткаруу жана болочок муундарга YЙрeтYY менен кыргыз маданиятына зор салым кошту. Ал фольклордук музыканын, ырчылык eнeрдYн элементтерин заманбап жанрлар менен айкалыштырып, жацы нерсени жарата алгандыгы, ошол эле учурда салттуу eзeк менен байланышты сактап кайталангыс чыгармаларды жараткандыгы ага нукура элдик маданияттын улантуучусу катары баа берYYгe негиз болот. Анын элдик музыкалык стилдеги обондорду, дастандарды жаратып, элдик аспапта аткаруусу, муундарга YЙрeтYYCY, элге жайылтуусу талантынын уникалдуулугу катары бааланып, элдик маданиятты сактоодо жана жайылтууда, аны муундан-муунга eткeрYп берYYДe жана кецири маданий контекстте жайылтууда чоц роль ойногондугун белгилeeгe арзыйт.

Жолболду Алибаев - сейрек жаралуучу кеп кырдуу, ар тараптуу таланттуу инсандардын бири. Ал обон жаратуучу, улуттук салттуу музыканы улантуучу, дастанчы, ырчы, обончу-аткаруучу катары кыргыз маданиятына, керкем чыгармаларды жаратуучу катары кыргыз адабиятынын поэзия жанрына салым кошту, жаштарга билим, тарбия берYYЧY педагог катары кыргыз билим берYYCYне чоц эмгек жасады. Ж.Алибаевдин чыгармачылыгын, акындык чеберчилигин, анын чыгармачылыгынын кайталангыс езгечелYГYн, маданият, адабиятка кошкон салымын, салттуу музыканы улантуучу катары чеберчилик езгечелYГYн, педагогдук чеберчилигин ар тараптуу илимий багытта изилдее - учур талабы. Аларга сынчынын кезY менен карап, музыка изилдеечY катары баа берYY, поэзиясынын керкемдYк, идеялык-тематикалык езгечелYГYн иликтее, тагыраак айтканда, чыгармачылыгын ар тараптуу изилдее келечектин иши экендигин дагы бир жолу белгилемекчибиз. Анын чыгармачылыгы женYндегY илимий изилдеелердY ЖYPГYЗYYHYH кийинки муун YЧYн тарбиялык, билим берYYЧYЛYк мааниси жогору болот деген корутундуларыбызды билдиребиз.

Колдонулган адабияттар

1. Абдулхамидова Б. Ажыматова З. Акматалиев А.(Ред)(2004). Кыргыз адабияты энциклопедиялык окуу куралы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.

2. Абдышев К.(2003). Кылым инсандары. Бишкек.

3. Алагушов Б.(2007). Кыргыз музыкасы. Энциклопедия.Бишкек:Бийиктик.

4. Алибаев Ж.(2007). Дастан. Ырлар жана обондор. Ош: ДекАРТ.

5. Алибаев Ж.(2018). Балдар ырлары. Бишкек: Улуу тоолор.

6. Алибаев Ж.(1997). Чолпонум. Обондуу ырлар. Бишкек: Кант.

7. Абдыкаарова Б.(2017).Ашык кылган адам женYнде баян. Эскерме-баян. Ош.

8. Алишерова Э.Э. (2021). Кыргыз фольклорундагы эмгек ырларын элдик педагогикалык негизде окутуу // Вестник Ошского государственного университета, Vol. 2, No. 4, сс. 688-693. DOI: 10.52754/16947452_2021_2_4_688. EDN: BQMBFS.

9. Асанова Н.А. Мыкты жетекчи жана кылымдын ечпес жылдызы - Айт^л Кайымова / Н.А. Асанова, Н.А. Ырысова // Alatoo Academic Studies. - Бишкек, 2020. - №1. - С. 122128.

10. Дастанбек кызы К., & Мурзакметов А. (2023). Кыргыз макал-лакаптарында педагогикалык ойлордун берилиши. Вестник Ошского государственного университета. Филология, 1(1), 30-37. DOI: https://doi.org/10.52754/16948874 2023 1(1) 4

11. Джумабаев Б., & Баякова А. (2023). Рождение кыргызского музыкального фольклора. Вестник Ошского государственного университета. Философия. Социология. Политология, 2(2), 62-68. DOI: https://doi.org/10.52754/16948823 2023 2(2) 10

12. Жолболду Алибаев, https://ky.wikipedia.org/wiki/Жолболду_Алибаев (Дата обращения: 09.01.24).

13. Илим жана маданият кепYрелерY - ТYрк тектYY калктардын орток дастандары URL:https://www.trt.net.tr/kyrgyz/makala-zhana-sieriep-saluular/2014/11/16/ilim-zhana-madaniiat-kopuroloru-38-192019 (Дата обращения: 10.01.24).

14. Жолболду Алибаев. URL: https://www.super.kg/article/show/59667(Дата обращения: 24.01.24).

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.