Научная статья на тему 'КЫРГЫЗДАРДЫН САЛТТУУ КИЛЕМ ТОКУУ ӨНӨРҮНҮН ТАРЫХЫНАН'

КЫРГЫЗДАРДЫН САЛТТУУ КИЛЕМ ТОКУУ ӨНӨРҮНҮН ТАРЫХЫНАН Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
19
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
маданият / килем / салт / килем токуу өнөрү / колдонмо искусство / кол өнөрчүлүк / ичкилик уруулары / тарыхый булак / culture / carpet / tradition / carpet weaving / applied arts / handicrafts / ichkilik tribes / historical sources

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — Чыныхан Сатыбалдиева

Бул макалада түктүү токулган килем материалдык маданияттын тенденцияларын үйрөнүү үчүн мыкты булак катары каралат. Килем жасоонун технологиялык аспектилери жана декоративдик комплекстерин семиотикалык мааниси изилдөө үчүн артыкчылыктуу маселелердин бири. Салттуу материалдык жана руханий маданияттын ажырагыс бөлүгү болуп объективдүү дүйнөнүн прикладдык жана ошол эле учурда эстетикалык өнүгүүсү менен байланышкан элдик-декоративдик прикладдык искусство алдынкы орунду ээлеп турат. Килем токуу өнөрү колдонмо искусстводо этностук топтордун көркөм экспрессиясынын бир түрү катары белгиленет. Ар бир жеке маданий компонентте болуп жаткан процесстерди жана кубулуштарды талдоо бүтүндөй коомдун маданиятынын өнүгүү тенденциясы жана абалы жөнүндө бирдиктүү сүрөттү калыбына келтирүү үчүн зарыл шарт болуп саналат.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

FROM THE HISTORY OF TRADITIONAL KYRGYZ CARPET WEAVING

This article examines the woven carpet as an excellent resource for studying trends in material culture. Technological aspects of carpet making and the semiotic significance of decorative complexes are among the priority issues for research. As an inseparable part of traditional material and spiritual culture, folk-decorative applied art, which is connected with the applied and at the same time aesthetic development of the objective world, occupies a leading place. Carpet weaving is noted as a form of artistic expression of ethnic groups in applied arts. Analysis of the processes and phenomena occurring in each individual cultural component is a necessary condition for restoring a unified picture of the development trend and state of the culture of the society as a whole.

Текст научной работы на тему «КЫРГЫЗДАРДЫН САЛТТУУ КИЛЕМ ТОКУУ ӨНӨРҮНҮН ТАРЫХЫНАН»

ИСТОРИЯ

УДК 392.390

Б01: 10.52754/16947452_2022_4_118

КЫРГЫЗДАРДЫН САЛТТУУ КИЛЕМ ТОКУУ ЭНЭРУНУН

ТАРЫХЫНАН

Сатыбалдиева Чыныхан Топчубаевна, к.и.н., доцент

chynyhan@bk.ru Ош мамлекеттик университети, Ош, Кыргызстан

Аннотация. Бул макалада тYктYY токулган килем материалдык маданияттын тенденцияларын YйрвнYY YЧYн мыкты булак катары каралат. Килем жасоонун технологиялык аспектилери жана декоративдик комплекстерин семиотикалык мааниси изилдвв YЧYн артыкчылыктуу маселелердин бири. Салттуу материалдык жана руханий маданияттын ажырагыс бвлYгY болуп объективдYY дYйнвнYн прикладдык жана ошол эле учурда эстетикалык внYгYYCY менен байланышкан элдик-декоративдик прикладдык искусство алдынкы орунду ээлеп турат. Килем токуу внврY колдонмо искусстводо этностук топтордун кврквм экспрессиясынын бир тYPY катары белгиленет. Ар бир жеке маданий компонентте болуп жаткан процесстерди жана кубулуштарды талдоо бYтYндвй коомдун маданиятынын внYгYY тенденциясы жана абалы жвнYндв бирдиктYY CYрвттY калыбына келтирYY YЧYн зарыл шарт болуп саналат.

Ачкыч свздвр: маданият, килем, салт, килем токуу внврY, колдонмо искусство, кол внврчYЛYк, ичкилик уруулары, тарыхый булак.

ИЗ ИСТОРИИ ТРАДИЦИОННОГО КОВРОТКАЧЕСТВА КЫРГЫЗОВ

Сатыбалдиева Чыныхан Топчубаевна, к.и.н., доцент

chynyhan@bk.ru Ошский государственный университет

Ош, Кыргызстан

Аннотация. В данной статье рассматривается тканый ковер как отличный ресурс для изучения тенденций материальной культуры. Технологические аспекты ковроделия и семиотическое значение декоративных комплексов являются одними из приоритетных вопросов для исследования. Как неотъемлемая часть традиционной материальной и духовной культуры народно-декоративно-прикладное искусство, связанное с прикладным и одновременно эстетическим освоением предметного мира, занимает ведущее место. Отмечается ковроткачество как форма художественного самовыражения этносов в прикладном искусстве. Анализ процессов и явлений, происходящих в каждом отдельном компоненте культуры, является необходимым условием восстановления единой картины тенденции развития и состояния культуры общества в целом.

Ключевые слова: культура, ковер, традиция, ковроткачество, прикладное искусство, ремесла, племена ичкилик, исторические источники.

FROM THE HISTORY OF TRADITIONAL KYRGYZ CARPET

WEAVING

Satybaldieva Chynykhan Topchubaevna, candidate of historical siences,

associate professor

chynyhan@bk.

Osh State University, Osh, Kyrgyzstan

Abstract. This article examines the woven carpet as an excellent resource for studying trends in material culture. Technological aspects of carpet making and the semiotic significance of decorative complexes are among the priority issues for research. As an inseparable part of traditional material and spiritual culture, folk-decorative applied art, which is connected with the applied and at the same time aesthetic development of the objective world, occupies a leading place. Carpet weaving is noted as a form of artistic expression of ethnic groups in applied arts. Analysis of the processes and phenomena occurring in each individual cultural component is a necessary condition for restoring a unified picture of the development trend and state of the culture of the society as a whole.

Keywords: culture, carpet, tradition, carpet weaving, applied arts, handicrafts, ichkilik tribes, historical sources.

Киришуу- Кыргызстандагы салттуу килем жана килем жасалгаларын изилдее жана аларды заманбап искусствого киргизуу аймактын элдеринин заманбап маданиятын енуктурурте ебелге болот.

Кыргыз элинин маданияты менен тыгыз байланышта болгон килем токуу енеру кептеген муундардын талыкпас эмгегинин эбегейсиз тажрыйбасын камтыйт, ошондуктан бYГYнкY кYнге чейин элдердин каада-салттарынын казынасы болуп ез маанисин жоготпой келет, заманбап искусство ушул жерден чыгып, кыргыздардын прикладдык чыгармачылыгын керкем чагылдыруунун мыкты каражаты катары каралып ез актуалдуулугун арттырып келет. Бул байланыш салттуу керкем искусствонун бардык тYрлерYнде, атап айтканда килемдерде да ез керYHYШYн табат. Макаланы изилдеенYн негизги максаты кыргыз элинин салтуу килем токуу тенденцияларын, килем буюмдарын токуу ыкмаларын, жасалгалоо жана алардын семантикасына этнографиялык анализ берYY .

Изилдее каражаттары жана ыкмалары. Салттуу килем токуу маданиятынын жана каада-салтынын езгечелYктерYн аныктоо YЧYн, ошондой эле кыргыздардын башка элдер менен этногенетикалык жана этномаданий мамилесин изилдее негизги максаты болуп, этномаданиятты изилдее YЧYH баалуу булак катары каралат. Эгер килем токуу салтынын башатына кайрыла турган болсок, анда 1949-жылы Улаган бексе тоосундагы Пазырык

бейитинен дээрлик бYTYн токулган килем табылган. Ал эми азыркы Монголиянын аймагында дагы бир токулган килем, тагыраак айтканда, токулган тYктYY килемдин калдыктары табылды. Бул укмуштуудай табылгалар 1-миц жылдыктын ортосунда адамдын кол эмгегинен жаралгандыгы илимий дуйнеде сенсация жаратты деп айта алабыз. Бул теманы окуп YЙренYY мезглинде негизги теориялык жана эмпирикалык изилдее методдорун колдонулуп тарыхый-салыштырмалуулук принциптери сакталды.

Негизги белук. Дээрлик Борбордук Азиядагы токулган килем женYнде белгилYY эмгектер бар. Алар аркылуу XIX кылымдын аягы - ХХ башында кыргыз килемдери женYнде да маалыматтар белгилYY боло баштаган. Алардын бири А.А.Боголюбовдун тYЗген альбому болуп саналат.

Автор езYHYн бул эмгегинде токулган килемдердин кенири коллекциясына токтолгон жана илимий эмгегинин 2-таблицасында 4 чакты килемдин CYретYн чагылдырган. Айрыкча Боголюбов Фергана ереенYндегY Андижандагы кыргыздардын анын ичинен ичкилик урууларынын (кыпчак жана кыдырша) килем токуучулук енерY менен алектенгенин баса белгилеген. Демек кыргыз элинин килем токуу енерY эзелтеден калыптанган байыркы кол енерчYЛYк экендигин маалымдаган [1].

Кыргыз элине тааныдык болгон килемдери женYнде А. Фелькерзам ез эмгегинде жазып калтырган. Автордун баамында килем токуу енерY негизинен ичкилик урууларына гана таандыктай айтылат. Андан тышкары А. Фелькерзам килем менен алектенген Орто Азия элдеринин тарыхы жана жайгашуусу, килемдердин тYрлерY жана материалдары жана жасоо техникасына кенири токтолуп кеткени менен езгечеленген.

Килемдерди классификациялап жатып, окумуштуу Фергана челкемYндегY Андижан жана Ош уезддеринин уруулары килем токуунун чеберлери экенин тастыктап кетет. А. Фелькерзам Чыгыш Туркестандагы кашгар килем ошол жерде жашаган жергиликтYY кыргыздар токуган деп тыянакка келген. Кыргыз килем буюмдарын чыгарууга арналган кийинки изилдее - барон А. Фелькерзамдын эмгеги. Ал кыргыз килемдерин тYЗден-тYЗ изилдеечY жана ичкилик урууларынын, Анжиян жана Фергана аймактарынын килем токуусун кылдат изилдеген [2].

Ал эми орус окумуштуусу В.К. Розвадовский атайын кустардык

ендYPYш менен кол енерчYЛYктYн жана искусствонун айрымачылыгын

териштирип кеткен. Кустарь (буюмду жасаган уста) буюмду жасап жатканда

кардардан кез каранды болгон эмес, анын жасаган эмгегинде керкем

инстинкт негизги ролду ойногон. Кустарь - бул езYHYн жасаган буюмунунун

120

кардары белгисиз болгон, ал атайын стандартка ылайык товар жасаган эмес, анын жасаган буюму ой -чабытынан маанайынан жараша иштелип чыккан.

Ал эми кол eнeрчYЛYк менен алектенген адам атайын кардарлар YЧYн иштешет. Алар кардардын суроо-талабына жана табитине жараша буюмдарды жасашат. Ошондуктан, бул жерде атайын чыгармачылыкка жол тосулуп, кардардын табити менен чектелYY байкалат. Килем токуучулук eнeрYндe да кээ бир кустарлык элементтер сакталып калган жана бул килем токуу eнeрY ушул кYнгe чейин eзYHYн актуалдуулугун сактап келе жатат.

В.К. Розвадовский азыркы Эзбекистандагы Андижан областындагы Айым кыштагындагы кыргыздардын килем токуу салтын изилдeeгe алган. Ал жердеги кыргыз аялдарынын килем токуу процессине активдYY катышкан деп белгилеп кеткен. Бул айылдын айланасындагы Чангы-таш, Ак-мечит, Дардак, Лук-Казаткусу келсе деген аймактарда аялдар килем eндYPYY чарбасы менен алектенишкен. Бул жердин эли килем токуткусу келсе чебер аялдарды жалдап токутушкан. Розвадовскийдин ою боюнча килем токуучулук eнeрYн аркалагандар бул жерде негизинен кыргыз аялдары болушкан [3].

Жыйынтыктар жана талкуулар. Кыргыздар беш тYPДYY малды асырап багышкан: кой, эчки, ийри мYЙYЗДYY мал, жылкы жана тee. Айрыкча майда жандыктарды кeп кармашкан. Кой жаныбарынын бир эле тYPYн аздектеп багышкан, ал кыргыз кою деп аталган. Бул койдун eзгeчeлYГY куйруктуу болгон, эттYY жана куйруктуу келип кыргызга белгилYY болгон орус жана калмак койлорунан алда канча кeлeмдYY болушкан, бирок, жYHY анча майын болбогонуна карабай кыргыз аялдары жYн сырьесунан ар кандай тиричиликке жарамдуу болгон кийиз, eрмeк, килемдерди жасашкан. В.В. Радловдун айтышы боюнча жYндeн ийрилген жиптерди тYштYк кыргыздары жана Ташкент кыргыздары гана жасашкан [4].

Килем токууда эчкинин жYHYн да кецири колдонулганы тууралуу илимий басылмаларда айтылып келет. Кыргыздар кыргыз эчкиси деп аталган эчкинин да бир эле тYPYн асырашкан. Ошол мезгилде кыргыздарга маалым болгон орус эчкисине караганда кeлeмY боюнча кичинерээк болгон. Ал эми жYHY орточо узундукта болуп, сапсагай жана катуу келген. Аны килемдерге иштетишкен. Айрыкча килем буюмдардын чачысына жана таар килемдерине да жумшашкан.

КYЗДYн жылуу кYндeрYндe койлорду суудан айдап eтYшкeн, мунун

натыйжасында койлордун жYндeрY кыйла тазарган, андан кийин алардын

жYHYн кыркууга киришишкен. ЖYHДY кыркуу баарыны эле колунан келе

берген эмес. Атайын жYн кыркууга аламдарды башкача айтканда

121

кыркмачтарды жардамга чакырышкан. Аларга атайын кыркуу акысын телеп беришкен. Кээ бир кыркмачтар абдан тажрыйбалуу болгондуктан, койдун куйругунан баштап буттарынан, мойнуна чейин кайчыны чыгарбай кыркып бYтет. Ал эми кыркылган жYн болсо койдун терисиндей эле абалда болот. Туура кыркылган жYндYн ийрилген жиптердин сапаты кез каранды болгон.

Андан тышкары П.Толстойдун изилдеелерYне таянсак, Орто Азиядагы элдердин ичинен сарттар менен тажиктер килем токуучулук менен алектенишкен эмес. Негизинен кыргыздар жана езбек, тYркмен элдери гана килемди токуу енерY менен алектегендигин баса белгилейт. Мында колунда бар киши созсYЗ YЙYнде килем токуткан. Килем токуу процесси татаал болгондуктан, кеп каражатты жана кыймыл аракет жетишээрлик болуу керек, андан тышкары атайын килем учун темир кайчылар жана тыт жыгачынан жасалган токмоктор чоц ролду ойногон [5].

Орус элинин дагы бир окмуштуусу М. Достоевский да Орто Азиянын килемдерин классификациялап, категорияларга белYп кеткен. Айрыкча мусулмандардын токуучулук енерYне кецYЛ бурган [6].

Улуу окумуштуу Д.Н. Логофет да Орто Азиядагы килем чарбасына токтолуп кеткен. Айрыкча тYркмендердYн жашоосу жана этникалык тарыхы жана алардын чарбасы, кол енерчYЛYГYн изилдеген [7].

Коло жана алгачкы темир мезгилдеринде токуучулук енерY енYГYп ал кездеги эстеликтерде керамикалык ийрYYчY децгелектер жана керамикалык токуу деп аталган YЛгYлер кеп кездешкен. Кыргызстанда коло дооруна таандык археологиялык жайлар женекей станоктордун бар экендигинин ишенимдYY далилдерин тапты. Ошол эле учурда, жергиликтYY токуучулар кездемелерди боёну ездештYPYшкен, ал эми бул керYHYш антикалык мезгилде бойоонун жогорку децгээли женYнде кабарлайт [8].

Кыргыздар баланы эрезеге жеткирип, YЙлеп-жайлап анан езYHYHY тиричилигин улантып кетишине атасы милдеттYY тYPде кемектешкен. Бул максатта ата баласына YЙ салып, малдын уй, кой, жылкысынан энчилеп берген. Н.И. Городековдун бул боюнча : "На отца лежит забота о снабжении каждого сына калымом и наделом энчи"-деп жазган [9]. Ошол эле учурда уул баланын энеси да "атаганым бар эле" деп ез колу менен токуган килемин салт катары ар бир баласына энчилеп тартуу кылган.

Корутунду. Макаланын жыйынтыгында килем токуу енерY кыргыздардын эн эле байыркы кол енерчYЛYГYHYн бир тYPY катары каралат. Анткени бир нече илимий эмгектерде кыргыздардын килем токуу енерY женYнде теориялык маалыматтар камтылган. Салттуу килем токуу енерY

кыргыздардын материалдык жана руханий маданиятын чагылдырган уникалдуу колдономо искусствонун бир typy катары каралат.

Адабияттар

1.Боголюбов А.А. Ковровые изделия Средней Азии из собрания, составленного А.А.Боголюбовым, вып. 1-1. СПб, 1908-1909.

2. Фелькерзам А. Старинные ковры Средней Азии, "Старые годы" 1914, октябрь-декабрь, 1915, июнь

3. Розвадовский В.К. Опыт исследования гончарного и некоторых кустарных промыслов в Туркестанском крае. Ташкент.: 1916 г.- 51с.

4. Достоевский М. Старина и Быт Средней Азии. Культурная сокровище России. Издание. Т-ва. "Образование". Москва. 1917.С. -62

5. Радлов В.В. Из Сибири: Страницы дневника (пер. с нем.). - М.: Наука, 1989. - 749 с.

6.Логофет Д.Н. На границах Средней Азии. Книга 2. Русско-Афганская граница Москва."Книга по требованию" Изд. В. Березовский. С.Петербург. Колокольная улица.14. 1909 г. С-245 ] 147.-149 стр.Материальная культура народов Средней Азии и Казакстана. Институт этнографии имени Н.Н. Миклухо-Маклая. Наука, 1966. С-170

7.Пилий Толстой. Жизнь и Быт Средней Азии. 1915-г.

8. Латышев В. Известия древних писателей в Скифии и Кавказе. Т. 1. СПб, 1890. С. 7.)

9. Н.И.Городеков. Киргизы и каракиргизы Сырдарьинской области. Том 1. Юридический быт. -Ташкент. Типо-литография С.И. Лахтина, Романовская улица.1889 год. -С. -43:45)

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.