ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА BULLETIN OF OSH STATE UNIVERSITY
e-ISSN: 1694-8610
№2/2023, 167-173
УДК: 82.191
DOI: https://doi.org/10.52754/16948610 2023 2 20
ТАМСИЛ ЖАНРЫНЫН КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНДА БЕРИЛИШИ
ОТРАЖЕНИЕ БАСНЕВОГО ЖАНРА В КЫРГЫЗСКОЙ ЛИТЕРАТУРЕ TRANSMISSION OF THE FABLE GENRE IN KYRGYZ LITERATURE
Акишова Гулзина Толоновна
Акишова Гулзина Толоновна Akishova Gulzina Tolonovna
Улук окутуучу, Ош мамлекеттик университети
Ст.преподователь, Ошский государственный университет Senior Lecturer, Osh State University [email protected] https://orcid.org/0009-0000-3690-49Q7
ТАМСИЛ ЖАНРЫНЫН КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНДА БЕРИЛИШИ
Аннотация
Бул макалада кыргыз адабиятындагы тамсил жанрынын пайда болушу, eнYГYШY жeнYндeгY проблемалары талкууга алынды. Тамсил жанры, андагы чыгармалардын мазмуну, тамсилдин жаралышы, тамсилчилердин берейин деген ою, диалогду каймана мааниде, кейипкерлер аркылуу берилYYCY баяндалат. "Тамсил" деген терминдин тYШYндYрмeсY берилип, анын тYЗYЛYш формасы талданды. Макаланын негизги мазмуну кыргыз адабиятындагы тамсил жанрынын башталышы орус жана дYЙнeлYк адабияттан котормо аркылуу башат алып, ошондой эле элдик оозеки чыгармачылыктагы макал-лакаптардын, жee жомоктордун мотивдерин пайдаланып, кецейтип тамсилдик децгээлге жеткирилгендиги тууралуу маалыматтар каралды. Жыйынтыгында кeптeгeн адабият изилдeeчYлeрдYн пикирлеринин негизинде тамсилдик жанрдын белгилери бeлYп кeрсeтYЛДY. Тамсилдин мазмунуна, пайда болуусуна тYрткY болгон себептерге талдоо жYргYЗYЛYп, элдик оозеки жана профессионал кыргыз адабиятындагы тамсилчилер боюнча маалымат берилди.
Ачкыч свздвр: кыргыз адабияты, тамсил жанры, тамсилчилер, сатира, элдик оозеки чыгармачылык, каймана маани.
Отражение басневого жанра в кыргызской литературе
Аннотация
В данной статье рассматриваются проблемы возникновения и развития жанра басни в кыргызской литературе. Описаны жанр басни, содержание произведений в ней, создание басни, идея баснописцев, символическая передача диалога через персонажей. Дается объяснение термина «Басня», анализируется его структурная форма. Основное содержание статьи заключается в том, что истоки жанра басни в кыргызской литературе были взяты из русской и мировой литературы путем перевода, а также использования мотивов пословиц и сказок и расширения их до уровня басен. В результате на основе мнений многих литературоведов были выявлены особенности жанра сказки. Дан анализ содержания басни, причины ее появления, сведения о баснях в народной и профессиональной кыргызской литературе.
Transmission of the Fable Genre in Kyrgyz Literature
Abstract
This article discusses the problems of the emergence and development of the fable genre in Kyrgyz literature. The genre of the fable, the content of the works in it, the creation of the fable, the idea of the fabulists, the symbolic transmission of the dialogue through the characters are described. An explanation of the term "Fable" is given, its structural form is analyzed. The main content of the article is that the origin of the fable genre in Kyrgyz literature was taken from Russian and world literature by translating, as well as using the motives of proverbs and fairy tales and expanding them to the level of fables. As a result, based on the opinions of many literary critics, the features of the fairy tale genre were identified. An analysis of the content of the fable, the reasons for its appearance, information about fables in folk and professional Kyrgyz literature is given.
Ключевые слова: кыргызская литература, басенный жанр, баснописцы, сатира, народное творчество, образное значение.
Keywords: Kyrgyz literature, fable genre, fabulists, satire, folk art, figurative meaning.
Введение
Адамзаттын жашоосунда тамсил жанры Эзоптун чыгармачылыгы аркылуу чагылдырып, ошонун таасиринде жамы адабият жаатында тамсил жанрынын пайда болуусу, eсYШY болгондугун кептеген изилдeeчYлeр белгилеп жYрeт. Ал эми кыргыз адабиятында тамсил жанрынын башталышы элдик оозеки чыгармачылык менен айкалышта каралып келет. Ар бир элдин адабиятындагы тамсил жанры ошол элдин улуттук eзгeчeлYГYн чагылдыргандай эле, кыргыз адабиятында да тамсил жанрынын eнYГYШYHYн eзYнчe тематикалык багыттары, eзYнe таандык каймана образдары бар.
Алгач "тамсил" деген терминдин маанисине токтоло кетсек. "Тамсил" деген терминдин чечмеленишинде айрым окумуштуулар орус тилиндеги "басня" деген терминдин чечмеленишин булак катары алышкан. Ал эми биз кыргыз тилиндеги сeздYктeрдeн тeмeндeгYдeй маалыматтар менен бердик:
Тамсил - айбандарга же жаратылыштагы башка нерселерге берилген аллегориялык образдар аркылуу турмуштагы окуяларды, адамдарды каймана мааниде CYрeттeгeн, кeбYнчe ыр тYPYндe жазылган акыл-насаат маанисиндеги чыгарма (Кыргыз тилинин сeздYГY. 2010, б. 1140).
Тамсил - адамдардын кулк-мYнeзYн, кылык-жоругун каймана тYPдe сатиралык жалпылоо аркылуу кeрсeтчY адабияттык кыскача жанр. Тамсил кeбYнчe ыр формасында болот да, притча менен апологго жакын келет. Тамсилге каарман катары айбанаттар, eсYмдYктeр, буюмдар алынат. Тамсилдин башында же аягында нравалык маанидеги афоризм (учкул сeз) болот. Тамсил адабияттын байыркы жанрларынан. Байыркы Грецияда - Эзоп (б.з.ч.), Римде Федр (б.з.ч.) сыяктуу тамсилчилер болгон. Ж.Лафонтен -жаны замандын белгилYY тамсилчиси (17к.). Россияда тамсил жанрын А.П.Сумароков, И.И.Хемницер, А.Е.Измайловдор eнYктYргeн. И.А.Крыловдун юморго сугарылган реалисттик тамсилден бул жанрды жогору бийиктикке кeтeргeн. Совет адабиятында тамсилдердин мыкты YлГYлeрYн Д.Бедный, С.Михалков, Ф.Кривин eнДYY жазуучулар жараткан. Кыргыз адабиятында Т.Молдо, М.Борбугулов, М.Турсуналиевдердин тамсилдери белгилYY (Кыргыз Совет Энциклопедиясы.1980, б.531).
Изилдее ыкмалары. Макалада тамсил жанрынын адабияттагы алган ордун, окурмандарды, окуучуларды тарбиялоодогу максатын аныктоого астейдил токтолобуз. Мында айрым окумуштуулардын изилдeeлeрYнe таянып, иликтeeгe алабыз. Окумуштуу К.Исаков тамсил тууралуу кeптeгeн пикирлерди жалпылап, тамсилдик жанрдын белгилери катары тeмeндeгYдeй сыпаттарды бeлYп кeрсeтeт:
• Тамсил - ыр тYPYндe да, прозалык тYPдe да болот, бирок кeбYнчe эркин ыр формасында жазылып жYрeт;
• Тамсил - баяндоо стилинде жазылган эпикалык тектеги чыгарма;
• Тамсил - сатиралык адабиятка кирет;
• Тамсил - сонунда адептYYЛYккe чакырган моралы айкын кeрYнгeн адабияттын жанры;
• Тамсил - турмушту, адамдарды каймана формада чагылдырат;
• Тамсилдин каармандары - жаныбарлар, eсYмдYктeр, ар кандай буюмдар болуп, алар адамча ой жYГYртeт, CYЙлeйт жана башка аркеттерди жасайт ж.б. адамдык сапаттарга ээ болот;
• Тамсилдерде адамдардын жеке сапаттары жана коомдогу тескери кeрYHYштeр шылдьщга алынып, ал нерселерге сын билдирилет;
• Тамсил кыска болот (Исаков К. 2009, б.12).
Тамсил жанры, андагы чыгармалардын мазмуну, деги эле тамсилдин жаралышына эмне себеп? Эмне YЧYн тамсилчилер берейин деген оюн, диалогду каймана мааниде, кейипкерлер аркылуу берет? Доордун кайсы мезгили болбосун адам баласы, бирдей, тендикте жашоо кечирбейт. Табиятынан ак-кара, чон-кичине, алдуу-алсыз сыпаттар, жакшы-жаман кeрYHYштeр адамзаттын жашоо образынан орун алып келет. Тендик болбогон жерде сeзсYЗ бири-бирине болгон YCтeмдYк орун алып, келишпeeчYЛYк пайда болот. Адамдар нааразычылыгын билдирYYHYн ар тYPДYY жагдайларын табышат. Ошол сынарындай, адабиятта да тамсил жанры адамдын берейин деген оюн, нааразычылыгын каймана мааниде CYрeттee аркылуу жеткирет. Маселен, сатирада терс кeрYHYштeрдY, жаман сапаттарды, бийлик адамдарынын жаман кыял-жоруктарын ачык айтып чыкса, тамсилде каймана мааниде айтылат. Бирок ачык айтып сындаганга караганда тамсил ыкмасында мыскылдоо, шылдындоо тике айтылбай, кыйыр берилиши бир топ таасирдYY болот. "Тамсил жанрынын алгачкы жаралыш табиятында коомдук тYЗYЛYш менен жеке адамдын турмуш-тиричилигиндеги сeзсYЗ учураган кемчилдиктердин, жаман кeрYHYштeрдYн, терс сапаттардын залалын гаргам сeздYн кYЧY менен тYЗ айтпастан, аларды флора (eсYмдYктeр дYЙнeсY), фауна (айбанаттар) дYЙнeсYндe салыштырып, eтмe, каймана мааниде аллегориялаштыруудан eсYп чыккан. Тамсилдин мындайча шартына караганда айбанаттар жeнYндeгY жee жомоктор менен айкалышып, ошолордон азыктанып, улам мезгил eткeн сайын кeркeмдYк сапаты eнYГYп, коомдук eсYYHYн кийинки этабында сатиралык, мыскылдоочулук, шакабалык, сындоочулук, бетке айтуучулук, кемчилдик максаттарга басым жасалып, нукура тамсилдик жанр ажыралып чыккан" (Танаев Т. 1999, б. 61-62).
Жыйынтыктар жана талкуулоолор. Ал эми адамзаттын адабиятында тамсилдин башталышын Эзопко (6-кылымда) тиешелYY карасак, кыргыз адабиятынын тарыхында тамсил жанрынын башталышы окумуштуу Т.Танаев белгилегендей, тамсилдик идеяны алып жYргeн чыгармалар элдик оозеки сeз eнeрYндe арбын жолугат. Мында тамсилдер eзYнчe толук иштелген жанр катары кенири eнYГYY жолун таба албаса да, башка жанрлардын шарапатына таасирленип, макал-лакаптарга, табышмактарга, жee жомокторго, эпосторго, жанылмачтарга, лирикалык ырларга аралашып, кeркeм касиетин байыткан (Танаев Т. 1999, б. 60).
Кыргыз адабиятында тамсил жанры Тоголок Молдонун чыгармалары, же болбосо орус адабиятынан которулган тамсилдерден башталгандыгын белгилешет. Тамсилдин каармандары жаныбарлар, eсYмдYктeр, ар кандай буюмдар адамча CYЙлeп, адамча иш-аракеттерди жасайт деген пикирге таянып, кыргыз фольклорунда тамсил жанры берилген деп айтууга негиз болот. Мисалга алсак, тYPДYY жаныбарлардын, тоо-таштардын, бак-дарактардын CYЙлeшY, жомоктор, тYPДYY уламыштар ("^^к менен Зейнеп", "Эмнеге жарганат тYндeсY учуп калды"ж.б.), айрым эпостордогу адамча тил бYткeн каармандар.
"Кожожаш" эпосундагы жаныбарлардын CYЙлeшY да тамсилге мисал боло алат. Окумуштуу К.Исаков белгилегендей, жазуучу Ч.Айтматов баяндаган кеп, притча, eз ичинде Сурэчкинин образы жана аягындагы берген тарбиялык мааниси тамсилдик белгилерди камтып турат. Мында тамсилдик каарман Сурэчки кыргыз элинде, элдик
оозеки чыгармачылыкта тамсилчилик байыртадан эле жашап келгендигин аныктайт. Окумуштуу бул пикирди негиздеп, тeмeнкYдeй оюн билдирет: "Кыргыз этногенезисинде табият менен адам жуурулушкан бир бYTYндYк, адам эмне, жаныбар эмне - баары келип, жаратылыштын жандуу макулуктары экендиги кeрсeтYлeт. Кыргыз тамсилдеринин генезиси ушунда жатат. Тамсил жанры орус, казак адабияты аркылуу келген, аны эн алгач Тоголок Молдо баштаган деген кeз караш биздин оюбузча туура эмес" (Исаков К. 2009, б.14). Демек, кыргыз адабиятында тамсил, тамсилчилик элдик оозеки чыгармачылыктын башатында эле пайда болуп, жаш муундарды тарбиялоого орчундуу таасирин берип келет деп айтууга болот.
Кыргыз адабиятында тамсил жанры ыр тYPYндe да, кара сeз тYPYндe жашап келет. Элдик тамсилдерди жаратып, кайра иштеп, элге жеткирYYдe ырчылардын, чечендердин, куудулдардын, жомокчулардын, айтуучулардын, комуз-кыякчылардын жана жалпы эле эл арасындагы алдынкы сeзгe чебер адамдардын ролу жогору турарын окумуштуу Т.Танаев белгилейт (Эпикалык жанрлар. 1999, б. 60).
Чындыгында кыргыз адабиятынын башатында турган легендарлык ырчылар -Асан Кайгы, Кетбука, Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Жээренче чечен, Акыл Карачач, Насридин Кожо, Апендилер тамсилдик элементтерди негиздесе, бизге келип жеткен нускоочу-тeкмe акындар - Женижок, Токтогул, Тоголок Молдо, Барпы, Эшмамбет, Калык, Коргоол, Осмонкул, Алымкул, Боогачы, Ысмайылдар андай идеяларды eнYкTYPYшкeн. Булардын ичинен жазгыч акын Тоголок Молдо элдик тамсилдерди кайра иштеп, алардагы чыныгы тамсилдик жанрдын композициялык TYЗYЛYШYнe кадимки профессионалдык кeркeм форма кийгизген. Тоголок Молдо коомдун TYPДYY багыттагы мазмунун чагылдырган кeптeгeн маселелерге кайрылган. Элдин купулуна толгон кошок, арман мотивиндеги чыгармаларды жараткан. Акын эл арасында жашаган тамсилдик, аныздык, жомоктук мазмунда ырга айландырып, анын тарбиялык, социалдык манызын арттырган. Тоголок Молдо эл оозеки адабиятындагы "Каркыра менен TYЛKY", "БeрY менен TYЛKY", "Кыргый менен YKY", "БeдeнeнYн TYЛKYHY алдаганы" сыяктуу эл оозеки адабиятындагы кыска кара сeз тYPYндeгY ангмелерге жана "Иттин доолдай тиктирем" деген eнДYY ылакаптарга таянуу менен аларды ырга айландырып, жанрдык, мазмундук, формалык жагынан кадимки профессионалдык тамсилдик денгээлге кeтeрeт (Акматалиев ж.б., 2015.).
Ал эми кыргыз профессионалдык жазма адабиятындагы тамсил жанрынын eнYГYШYнe алгач орус адабиятынын таасири болгон. ДYЙнeлYк адабияттан орус адабияты аркылуу таасир алынып, кыргыз тамсилчилерине практикалык жактан чон жардам болгондугун тамсил изилдeeчYлeр белгилеп келишкен. Алар тeмeндeгYлeр:
1) Орус-тузем менен окуган С.Громеницкийдин "Книга для чтение" деген китебине кирген И.А.Крыловдун тамсилдерин окуу аркылуу;
2) Октябрь революциясына чейин Абай Кунанбаев которгон он тамсил анын китептерине кирген, ошол казакча китептерден кыргызча китептерге eткeн.
3) Абай Кунанбаевден башка да казак тилинде 1909-1913-жылдарда И.А.Крыловдун тамсилдеринин котормолору тeрт китеп болуп казактарга тараган ( а ал кезде ТYндYк жактагы кыргыздардын билим алгысы келгендери, алгачкы интеллигенция казак жеринде окуп, иштеп, казакча жаза да алышат), ошол аркылуу кыргыздарга оошкон.
4) ТeцкeрYшкe чейин татар тилинде И.А.Крыловдун алты китеби чыккан, кыргыздын бир катар жаштары Казань, Уфа шаарларында окуп, ошолор аркылуу тараган болушу мYмкYн.
5) И.А.Крыловдун "Эшек менен Булбулун" Тоголок Молдонун вариантында берилишин М.Рудов котормо катары санабай, оригиналдан такыр алыстап кеткендигин белгилейт. Биринчи котормо "Ийнелик жана Кумурска" болуп, ал 1923-жылы чыккан биринчи кыргыз тилиндеги хрестоматияга киргендигин белгилейт. Биринчи китеп катары А.Осмонов которгон "Тамсилдер" (1937) деген китепти айтат (Исаков К. 2009, б.43-44). Жогорудагы окумуштуу К.Исаковдун цифралар менен бeлYштYPYYCYндeгY берилген маалыматтар кыргыз адабиятындагы тамсилчилердин тамсил жаратуусуна чон; eбeлгe болгон.
Ал эми кыргыз адабиятынын ар тYPДYY этаптарында тамсил жанрында иштеген бир канча акын-жазуучуларды атоого болот. Алар:
• Жоомарт Бeкeнбаев ("Торгой менен Жагалмай", "Жылан менен Бака", "Мышык менен май", "Булбул менен ГYл", "Сагызган сактыгынан eлбeй, суктугунан eлeт");
• Мидин Алыбаев ("Бардыгын билYYЧY короз", "Сот болгон Коен", "ТYлкY менен Кашкулак", "Мас болгон коен", "Кызматынан тYшкeн короз" ж.б.);
• Райкан ШYKYрбеков ("Сагызган менен ТYлкY", "Тул^ менен Теке", "Ат менен эшек", "Секретарь Мышык" ж.б.);
• Муктар Борбугулов ("Ташкене", "Чычкандын тою", "Тee менен Эчки");
• Мукамбеткалый Турсуналиев ("9гYЗ спортсмен", "Жалбырак", "Кекилик", "Чанач", "Камгак", "Арабанын монологу");
• Жапаркул Алыбаев ("Тамсилчилерге тамсил", "ГYл жана тикенек", "Меймандос Арстан", "Арстан eзYнe орун басар тандаганда");
• Эсенгул Ибраев ("Кошоматчы Эчки", "Мактанчаак Букачар", "Упуп башкарма", "Демилгечи ТYЛKY" ж.б.).
Жогорудагы аты аталаган акын-жазуучулардын чыгармачылыгында тамсилдерди чагылдыруу eзгeчeлYKтeрY тYPДYYчe берилген. Алгач 20-кылымдын 30-жылдарындагы орус жана чет элдик адабияттарын кыргыз тилине которууга eзгeчe маани берилген учурда тамсил да четте калган эмес. И.А.Крыловдун, И.С.Тургеневдин, А.С.Пушкиндин, М.Ю.Лермонтовдун, Сергей Михалковдун тамсилдеринен которулган. Мезгилинде акын-жазуучулар бул котормолордун которулушуна чыгармачылык менен мамиле кылса, айрымдары оригиналдан алыстап, натыйжада туурап жазган таасир калтырышкан. Котормолор жеткиликтYY децгээлде которулбаса дагы, тамсилчилер чыгармаларды улуу классиктердин тамсилдерин которуу, тууроо, ошол стилде жазуу аркылуу бул жанрдын кыргыз адабиятында eнYГYШYнe салым кошушту.
Тамсил жанрына толук жетпей ыр тибинде жазылып, бирок тамсилдин элементтери бар чыгармалар да кездешет. Ошондой эле, элдик оозеки чыгармачылыктан башат алып, макал-лакаптардагы, жомоктордогу мотивдерден eзeк алып, заманга ылайык интерпретациялап тамсилдик жанрга алып келишкен.
Совет мезгилиндеги идеологияга ылайык коомдо терс сапаттар болбойт деген тYШYHYк адабияттагы сатира жаатын eнYктYрбeй келген. Ал эми адабияттагы сатиранын eнYГYШY "Чалкан" журналы менен да байланыштырылат. 1955-жылы июль айынан республикалык саясий-сатиралык "Чалкан" журналынын чыгышы, башка
басылмаларга, анын ичинде партиялык газеталарга да сатира бурчунун уюштурулушу бир топ жазуучулардын сатира жаза башташына тYрткY болгон. Бул жагдай тамсил жанрынын eнYГYШYнe тYЗдeн-тYЗ eбeлгe болгон.
Корутунду
Кыргыз адабиятындагы тамсил жанрынын пайда болушу, eнYГYШYнe карата илимий изилдeeбYЗДY жыйынтыктап жана корутундулап негизинен тeмeнкYдeй натыйжаларды белгилейбиз:
1. Тамсил жазуу менен тамсилчилер жашоонун бардык мезгилинде болуп келген тенсиздикке, кошоматчыларга, жатып ичерлерге, мактанчаактарга каршы ойлорун, пикирлерин таамай, курч шакаба менен же^^у^те мYмкYнчYЛYк алышкандыгын кeрeбYЗ.
2. Кыргыз адабиятындагы тамсил жанрынын eнYГYШYнe алгач орус адабияты, орус адабияты аркылуу дYЙнeлYк адабияттан таасири алынып, кыргыз тамсилчилерине практикалык жактан чон жардам болгондугун белгилейбиз.
3. Кыргыз адабиятында тамсил, тамсилчиликтин башаты элдик оозеки чыгармачылыктын башталарын, макал-лакаптардын мазмунунан eзeк алып жаралгандыгын айтууга болот. Ал эми кыргыз тамсилинин тарыхында анын eнYГYY жолун изилдee, тамсил аркылуу окутуу, алардын адам ан-сезимине, тарбиясына тийгизген таасирин изилдee актуалдуу темалардан болот деп ойлойбуз.
Адабияттар
1. Акматалиев А., Мукасов М., Шейшеканова А. (2015). Тоголок Молдо, Алдаш Молдо. Бишкек.
2. Исаков К. (2009). Тамсил кудурети. Бишкек.
3. Исаков К. (2008). Кыргыз тамсилчилери: адабий портреттер. Бишкек.
4. Кыргыз Совет Энциклопедиясы (1980). Фрунзе.
5. Кыргыз тилинин сeздYГY (2010). Бишкек.
6. Танаев Т. (1999). Эпикалык жанрлар. Ош..