Научная статья на тему 'КЫТАЙ ТИЛИНДЕГИ ЖАПАЙЫ КАНАТТУУЛАРГА БАЙЛАНЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЯЛЫК БИРДИКТЕРДИ КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КОТОРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ'

КЫТАЙ ТИЛИНДЕГИ ЖАПАЙЫ КАНАТТУУЛАРГА БАЙЛАНЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЯЛЫК БИРДИКТЕРДИ КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КОТОРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ Текст научной статьи по специальности «Языкознание и литературоведение»

CC BY
13
6
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
фразеологиялык бирдик / кыргыз тили / кытай тили / орнитонимдер / макал-лакаптар / phraseological units / ornithonims / translation / Kyrgyz language / Chinese / proverbs

Аннотация научной статьи по языкознанию и литературоведению, автор научной работы — Аманбек Кызы Нурпейил, Бекмурзаева Асел, Эмильбекова Эльдана

Макалада фразеологизмдерди кытай тилинен кыргыз тилине которуудагы метафораларды жана фразеологиялык бирдиктерди берүү ыкмалары талданат. Тактап айтканда кытай тилинде кездешкен жапайы канаттууларга байланыштуу фразеологизмдердин кыргыз тилине которулушу жана кыргыз тилиндеги эквивалентин аныктоо маселеси каралат. Андан сырткары кытай жана кыргыз элдеринин тил казынасындагы жапайы канаттууларга байланышкан фразеологиялык бирдиктердин окшоштугу жана алардын улуттук өзгөчөлүктөрү каралды.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

KYRGYZ AND CHINESE PHRASEOLOGICAL UNITS ABOUT WILD BIRDS

Translating phraseological expressions related to wild birds from Chinese to Kyrgyz poses various difficulties. One of the primary challenges lies in identifying suitable equivalents for Chinese phraseological units in the Kyrgyz language. This unresolved issue necessitates a comprehensive examination of the linguistic and cultural features of both languages. Another obstacle pertains to the metaphorical and figurative elements within phraseological expressions associated with birds in Kyrgyz and Chinese. These elements often incorporate metaphors and other rhetorical devices that may lack direct counterparts in the target language. Hence, translators must possess a deep understanding of the cultural and linguistic contexts of both languages to accurately convey the intended meaning of these expressions. Additionally, it is crucial to consider the similarities and differences in phraseological units related to wild birds in the linguistic repertoire of the Chinese and Kyrgyz peoples. Despite potential linguistic resemblances, national characteristics should be taken into consideration. Translators must be cognizant of these distinctions to ensure that the translated content is culturally sensitive and precise. In conclusion, translating phraseological expressions concerning wild birds from Chinese to Kyrgyz demands a profound comprehension of the linguistic and cultural traits of both languages. Addressing the challenges posed by figurative elements and national characteristics is essential for delivering an accurate and culturally appropriate translation. Further research is imperative to devise effective strategies for translating phraseological units between these two languages.

Текст научной работы на тему «КЫТАЙ ТИЛИНДЕГИ ЖАПАЙЫ КАНАТТУУЛАРГА БАЙЛАНЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЯЛЫК БИРДИКТЕРДИ КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КОТОРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОЛОГИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOLOGY

e-ISSN: 1694-8874

№2(2)/2023, 1-10

УДК: 811.581.11

DOI: 10.52754/16948874 2023 2(2) 1

КЫТАЙ ТИЛИНДЕГИ ЖАПАЙЫ КАНАТТУУЛАРГА БАЙЛАНЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЯЛЫК БИРДИКТЕРДИ КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КОТОРУУ

МАСЕЛЕЛЕРИ

ПРОБЛЕМЫ ПЕРЕВОДА КИТАЙСКИХ ФРАЗЕОЛОГИЗМОВ, СВЯЗАННЫХ С ДИКИМИ

ПТИЦАМИ, НА КЫРГЫЗСКИЙ ЯЗЫК

KYRGYZ AND CHINESE PHRASEOLOGICAL UNITS ABOUT WILD BIRDS

Аманбек кызы Нурпейил

Аманбек кызы Нурпейил Amanbek kyzy Nurpeyil

окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель, Ошский государственныйуниверситет Lecturer, Osh State University _nura7865696@,gmail.com_

Бекмурзаева Асел

Бекмурзаева Асел Bekmurzaeva Asel

окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель, Ошский государственныйуниверситет Lecturer, Osh State University _asbekmurzaeva@oshsu.kg_

Эмильбекова Эльдана

Эмилъбекова Эльдана Emilbekova Eldana

студент, Ош мамлекеттик университети

студент, Ошский государственныйуниверситет Student, Osh State University e.emilbekova@gmail.com

КЫТАИ ТИЛИНДЕГИ ЖАПАИЫ КАНАТТУУЛАРГА БАИЛАНЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЯЛЫК БИРДИКТЕРДИ КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ КОТОРУУ

МАСЕЛЕЛЕРИ

Аннотация

Макалада фразеологизмдерди кытай тилинен кыргыз тилине которуудагы метафораларды жана фразеологиялык бирдиктерди беруу ыкмалары талданат. Тактап айтканда кытай тилинде кездешкен жапайы канаттууларга байланыштуу фразеологизмдердин кыргыз тилине которулушу жана кыргыз тилиндеги эквивалентин аныктоо маселеси каралат. Андан сырткары кытай жана кыргыз элдеринин тил казынасындагы жапайы канаттууларга байланышкан фразеологиялык бирдиктердин окшоштугу жана алардын улуттук езгечелуктеру каралды.

Ачкыч свздвр: фразеологиялык бирдик, кыргыз тили, кытай тили, орнитонимдер, макал-лакаитар.

ПРОБЛЕМЫ ПЕРЕВОДА КИТАИСКИХ ФРАЗЕОЛОГИЗМОВ, СВЯЗАННЫХ С ДИКИМИ ПТИЦАМИ, НА КЫРГЫЗСКИЙЯЗЫК

Аннотация

В данной статье исследуются способы передачи метафор и фразеологизмов при переводе фразеологизмов с китайского на кыргызский язык. Также рассматриваются образно-внутренние формы фразеологизмов, связанных с дикими птицами, в кыргызском и китайском языках. Особое внимание уделяется сходству и различиям фразеологизмов, связанных с дикими птицами, в языках китайского и кыргызского народов, а также поиску эквивалентов китайских фразеологизмов на кыргызском языке и их переводу. Переводческая проблема, связанная с этим, до сих пор остается нерешенной.

Ключевые слова: фразеологические единицы, кыргызский язык, китайский язык, орнитонимы, пословицы и поговорки.

KYRGYZ AND CHINESE PHRASEOLOGICAL UNITS ABOUT WILD BIRDS

Abstract

Translating phraseological expressions related to wild birds from Chinese to Kyrgyz poses various difficulties. One of the primary challenges lies in identifying suitable equivalents for Chinese phraseological units in the Kyrgyz language. This unresolved issue necessitates a comprehensive examination of the linguistic and cultural features of both languages. Another obstacle pertains to the metaphorical and figurative elements within phraseological expressions associated with birds in Kyrgyz and Chinese. These elements often incorporate metaphors and other rhetorical devices that may lack direct counterparts in the target language. Hence, translators must possess a deep understanding of the cultural and linguistic contexts of both languages to accurately convey the intended meaning of these expressions. Additionally, it is crucial to consider the similarities and differences in phraseological units related to wild birds in the linguistic repertoire of the Chinese and Kyrgyz peoples. Despite potential linguistic resemblances, national characteristics should be taken into consideration. Translators must be cognizant of these distinctions to ensure that the translated content is culturally sensitive and precise. In conclusion, translating phraseological expressions concerning wild birds from Chinese to Kyrgyz demands a profound comprehension of the linguistic and cultural traits of both languages. Addressing the challenges posed by figurative elements and national characteristics is essential for delivering an accurate and culturally appropriate translation. Further research is imperative to devise effective strategies for translating phraseological units between these two languages.

Keywords: phraseological units, ornithonims, translation, Kyrgyz language, Chinese, proverbs.

Киришуу

Дуйне елкелерунун ортосундагы тыгыз ез ара аракеттенуунун заманбап шарттарында маданияттар аралык баарлашуунун, маданияттар диалогунун ролу есуп, элдердин улуттук-маданий езгечелуктерун изилдее, чет тилин гана суйлебестен, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо маселеси кетерулууде. Ошону менен эле бирге уйренуп жаткан тилдин елкенун маданий жактан аныкталган езгечелуктерун билуу актуалдуу болууда. Уйренуп жаткан тилдин езгечелуктерун таанууда жардамчы курал болуп фразеологизмдерди айтууга болот. Фразеологизмдер ар бир улуттук коомчулуктун тарыхы, каада-салты, маданияты жана жашоосу женунде тилдик жана аймактык байлыктардын баа жеткис булагы болуп саналат. Бул бирдиктер кепке езгече эмоционалдуулукту, экспрессивдуулукту сунгандыктан, оозеки кепте гана эмес, керкем адабият тилинде, массалык маалымат каражаттарында да кецири колдонулушу бекеринен эмес. Фразеологизмдердин негизги езгечелугу болуп айтылуучу ойду угуучуга (окурманга) элестуу, так жана таамай, керкем кылып жеткирууде тилдик керкем каражат катары кызмат аткарып, суйлее речине ар турдуу туе беруучу боёк катары колдонуу болуп саналат. Фразеологизмдерде басымдуу болуп элдин кунумдук жашоосунда кенумуш болгон керунуштер, дуйне таанымы жана бир элдин дуйнеге болгон мамилеси айкын чагылдырылат.

Методология

Аталган маселе боюнча кыргыз тил илиминде тилчилер ез изилдеелерунде карашкан (Урпоева, 2018, б. 115-117; Аманбек кызы жана Бекмурзаева, 2023, б. 12-21).

Биз да макалабызда кытай тилиндеги жапайы канаттуулар катышкан фразеологизмдердеги жана кыргыз тилине которуу маселелерине токтолдук. Макаланы жазууда кытай тилиндеги фразеологизмдерди кыргыз тилине которуудагы жалпылыктар жана айырмачылыктарды керсеткенге да аракеттендик. Фразеологизмдерди которууда алгач кытай тилининен кыргыз тилине сезме-сез которулушу, андан соц кыргыз тилиндеги эквивалентин керсеткенге аракеттендик. Жалпы эле салыштырма ыкмасы пайдаланылды.

Материалдар

1. (niáo jin gong cáng). Фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "Куштар

кырылгандан кийин жаавды саадакка сал" деп которулуп, "еткен ишке екунбе", "ез убактысында иш жасоо" деген маанини билдирет. "Кытай тарыхынын атасы" Сыма Цяндын "Шицзи" эмгегинде бул фразеологизмдин келип чыгышы тууралуу маалымат берилген. "Шицзиде" Кытайдагы "Жаз жана Куз" доорунун аягында Юэ жана Ву деген эки падышалыктын согушу тууралуу айтылат. Акыры б.э.ч. 472-жылы Юэ мамлекетинин падышасы Гоу Цзянь согуштан кецешчилеринин жардамы менен Ву падышалыгын талкалайт. Гоу Цзяндын эки даанышман кецешчиси Фань Ли жана Вэнь Чжун деген ынак достор болгон. Жециштин урматына уюштурулган салтанатта Фань Ли катышпайт. Бир убакыттан кийин анын кийими Тайху келунун жээгинен Фань Линии кийимдерин табышат. Кийим менен кошо кецешчи кат жазып калтырат. Катта согушта жецип чыкканга, Ву мамлекетин багындырганга жардам бергенин, эми анын жумушу буткенун жазат. Фань Ли падыша Гоу Цзяндын

сарайында таасирдуу адам болгонун жана бир куну падышанын каарына каларын сезет. Ошондуктан ал ез кызматын таштап кетип калган. Ken етпей Вэнь Чжун да дарексиз бир кат алат. Катта мындай деп жазылат: "Куштар кырылгандан кийин жаацды саадакка салуу керек; коёндорго ацчылыктан кийин тайгандарды союп, этин бышырып жеп салышат; душман талкалангандан кийин кецешчилерди елтурет. Гоу Цзянь менен кара кунде чогуу болуу керек, бирок ал жецишти белушкусу келбейт. Азыр андан качыи кетпесец балээге кабыласыц". Вэнь Чжун катты досу Фань Ли женеткенун тушунет. Бирок досунун кецешине кулак салбайт. Чындаи эле кои отпей Вэнь Чжун Гоу Цзяндын каарына калып, езуне-езу кылыч сайып елет. Ал эми Фань Ли аты Тао Чжугунь деп езгертуп, соодагер болуп карыганда коз жумат (Корнилов, 2010, б. 130). Жогорудагы мисалдан керунуп тургандай кытай фразеологизми кыргыз тилине сезме-сез "Куштар кырылгандан кийин жаацды саадакка сал" деп которулуп, "ар ишти ез убактысында иш жасоо", "ийгиликке жеткен адам ara жардам бергендерди унутуп (елтуруп) коет" деген маанилерди билдирет. Бул фразеологизге кыргыз тилиндеги "Жоо кеткен соц кылычыцды бокко чап" деген макал жакындап кетет деп ойлойбуз (КРС, 1985, б. 488).

2. ШЖШ (yyian shuängdiäo). Бул кытай тилиндеги фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "Бир ок менен эки буркутту атуу" деп которулат. Бул фразеологизм алгач ирет тарыхый булактарда Тундук жана Туштук династиялар доорундагы окуяларды (б.э. 420-589 жж.) эскерген "Бэй-ши" эмгегинде кездешет. "Бэйшидеги" маалыматтарга ишенсек Тундук Чжоу мамлекетинде Чжансунь Шэн аттуу аскер башчы жашаган имиш. Бул киши тажрыйбалуу аскер башчы эле эмес, кезге атар мерген да болгон имиш. Кундердун бир кунунде мамлекеттин Сюань-ван аттуу падышасы ara Кытайдын тундук аймактарында жашаган турктерге ханбийкени коштоп баруусун буюрат. Кытай ханбийкеси Шету каганга аялдыкка ( MÜß М® - Ашина Шэту, турк. Ышбара каган) берилген эле. Чжансунь Шэндин атак-дацкын уккан Шэту каган аны текшеруу учун ацчылыкка алып чыгат. Ацчылыкта каган асманда жем талашкан эки буркутту керуп, Чжансунь Шэнге жаанын эки жебесин сунат. Чжансунь Шэн бир ок менен эле эки буркутту атып тушуруп, экинчи жебени кайра каганга сунат. Ушул окуядан кийин кытай тилинде "бир кыймыл-аракет менен бир нече жыйынтыкка жетууну билдирген "Бир ок менен эки буркуттуу атуу" деп которулган фразеологизми пайда болот (Корнилов, 2010, б. 198).

Бул фразологизм дуйне элдеринин тилдик корунда кецири кездешет. Анын ичинде кыргыз элинин макал-лакаптарында да кездешет. Бул фразеологизм "бир учурда эки маанилуу ишти аткаруу, бир учурда эки натыйжага жетишуу" дегенди билдирет. Фразеологизмдин кыргыз тилинде "Бир ок менен эки коенду атуу, эки коёнду бир чаап алуу" деген турлеру кездешет. Жогоруда эскерилген эки элдин фразеологизми мааниси жагынан толугу менен туура келет. Ал эми формалык жагында азыраак айырма бар.

3. MÄM (ßng shengféng). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "Феникстен1 феникс туулат" деп которулат жана "апасы жакшынын кызы жакшы" же "бала атасын тартып калат" деген маанилерди билдируу учун колдонулат.2 Кыргыз тилинде

1 Кытай мифологиясындагы ыйык куш. Дуйне элдеринин кепчулугунде кездешет. Кыргыздарда зымырык куш, орустарда жар птица деген ат менен белгилуу.

2 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E5%87%A4%E7%94%9F%E5%87%A4

эц кецири тараган эквиваленти катары "Аккан арыктан суу агат" деген макал кытай фразеологизмине мааниси жагынан эц жакын деп ойлойбуз (КРС, 1985, б. 73).

4. (Reling). Бул фразеологизм "турнанын жашы" деп которулуп, "кеп жашоо, узун емур" деген маанини билдирет. Кытай маданиятында турна асмандын, кудайлардын кабарчысы деген тушунук бар. Турна жакшылыктын, бакыттын, ишенимдуулуктун жана эркиндикке умтулуунун символу болуп эсептелет. Ошону менен бирге турна коп жашоонун, олбестуктун, сактыктын жана коомдогу жогорку даражаны ээлеенун символу болуп саналат (Мифы народов мира, 1992, б. 503). Кытайларда турнага болгон урмат-сыйдын жогору болушун кунг-фу жоокердик согуш онерундегу негизги 5 жаныбарлар стилинин бири турна стили деп аталгандыгынан байкоого болот. Турна стили менен кошо кытай мушташ онерунде турна мектептери да кездешкен. Бул мектептин езгочелугу шакирттерине кара куч менен эмес жецилдик, ыргактуулук, ийилчээктикти машыктырууга басым жасашкан.

Ал эми кыргыздарда кытай тилиндеги f^^ (heling) фразеологизминин эквиваленти катары "кузгундун жашы" деген фразеологизмди айтууга болот (КРС, 1985, б. 427). Бул фразеологизмдин колдонулушун Телеген Касымбековдун "Келкел" аттуу тарыхый романынан коре алабыз. Романда: "Карасакал да аягын кере шилтей албады, кар аралаш тон кыртышты кырт эттирбей бужурей басып, езу мац болгондой элтейип, миц кубулган оюна: иЫя, чын эле бул кемпирге да ажал келгенби?..» деген келди. "Бу жез кемпирдин жаны кол башиндай темир сандыкта, а темир сандык квк ирим колдун тубунв катылган, влбвс жаралган бу!» деп, ич куидулуктвн ар жерде айтып, таратып, вз оюнан чыкканга: «Чын эле ошондой го, болбосо кузгундун жашын жашап, деги бир эцкейейин деген туру жок ко?!" деп, взу да ишенип, ындыны вчв тушчу эмес беле. Квцулунун терецинен кубануу, табалоо аралашып, ушул азыр: "Ыя, бул кемпирдин козу втсв жалгыз мунун балдарынын эмес, бут баргы уругунун куту учпаибы, туусу жыгылбайбы, тецине тец боло албаи салпайып сандан чыкпайбы?..." деген кудук санаа да башына тегеренип жатты. Тышында жакын тууган катары кайгырган кебете кийип, шелбурептурду" (Касымбеков, 1990, б. 152).

Бул фразеологизмди жазуучу Толеген Касымбеков активдуу колдонот. Аны жазуучунун "Сынган кылыч" аттуу тарыхый романынан байкоого болот. Романда: "Алмамбет башын взунчв ийкеп, бирдемени ойлогонсуп, эки ийнинен ашып оркоюп турган тизесине колун коюп, ургулвп отургансып квзун сузуп, бир убакта: — Бм... Менин атым Алмамбет... Кузгундун жашын жашадым...—деди энтиге. — Бекназар, кулак салчы бери... Бекназар ун берди: — Кулагым сизде, кутманым..." (Сынган кылыч, 1998, б. 417).

Кыргыз элинде кузгун кеп жашайт деген ишенимин болгон. Кыргыздар дуйнеде узун жашаган кузгун, анын себеби кузгун учкуч канаттуу эмеспи, талбай учат жана муректун суусун кайдан чыгарын билет экен. Ошондон ичет экен да мицге чыгат экен деген ишеним бар. Эл оозунда Чомотой дейген саятчы кузгунду муректун суусун ханга алып берип, ал ичкенден коркуп, баш тартканда муректун суусун арчанын тубуне куюп койгон экен. Ошондуктан арча жайы-кышы жапжашыл бойдон турат экен деген уламыш кездешет.

5. ^^^^ (ben niäo xiänfei). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-

сез "чабал чымчык эрте учат" деп которулуп жана "билбеген нерсени тажрыйбалуу болгондон кийин гана аткаруу зарылдыгын" же "бир ишти мыкты ездештурбей туруп жасоо туура эмес"

деген маанилерди билдируу Y4YH колдонулат.3 Кыргыз тилинде бул фразеологизм езгеруусуз колдонулат. Мисалы, кыргыз тилинде жогорудагы кытай фразеологизминин маанисин толук камтыган, ал эми формасы аз гана озгорулген "Чабал ордок эрте учат" деген турдо колдонулат.

6. (jíng gong zhi niüo). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине

созмо-соз "жаадан (жебеден) корккон чымчык бадалдын бутагынан да коркот" деп которулат. Бул фразеологизм кандайдыр бир окуядан кийин жалкып калган кишилерди суроттоеде же кандайдыр бир нерседен коркуи калган адамдарды суроттоеде колдонулат.

Бул фразеологизмдин келип чыгышы "Согушкан иадышачылыктардын тактикасы" (Чжанго цэ) деп аталган эмгекте катталган. Уламыштар боюнча Вэй падышачылыгында жааны мсыкты аткан Гэн Лей деген кезге атаар мерген жашаптыр. Бир жолу Гэн Лей жана Вэй мамлекетинин падышасы жаратылыш койнуна эс алганы чыгышыптыр. Асманда учуп журген кушту керуп Гэн Лей падышага: "Мага ацчылыкта олжолуу болуу жебенин кереги жок. Жаанын жибин керсем эле куш езу аягыбызга кулап тушет", - дейт. Тац калган падыша ишенип ишенбей: "Чындап эле ошенте аласыцбы?", - деп сурайт. Ошол маалда асманда жапайы каз учуп бараткан болот. Гэн Лей асманды карап, жаанын жибин керип чоюп коет. Чындап эле жапайы каз алар турган жерге "топ" этип кулап тушет. "Сен кезге атаар мерген экенсиц!", - дейт тац калган падыша. Ошондо Гэн Лей мындай дейт: "Бул каз бир кезде жарадар болгон. Каздын оор учушунан жана аянычтуу каркылдаганынан анын жарааты айыга электигин байкадым. Жаанын жибинен чыкка добушту уккан каз дагы жарадар болдум деп ойлоп, журегу жарылып кетти. Ошондуктан алдыбызга кулап тушту", - дейт. Ошондон улам

кытай тилинде. 0^п8 g^ng zhi niao) "жаадан (жебеден) корккон чымчык бадалдын

бутагынан да коркот" деген сез калыптыр (Корнилов, 2010, б. 100).

Бул фразологизм дуйне элдеринин тилдик корунда кецири кездешкен учкул сез болуп эсептелет. Анын ичинде кыргыз тилинде бул фразеологизмдин "Коркконго кош керунет", "Чегирткеден корккон эгин экпейт" жана "Сутке оозу куйген айранды уйлеп ичет" деген эквиваленттери кездешет (Давлетбакова, 1997, б. 103; КРС, 1985, б. 355).

7. (tángláng büchán huángque zaihou). Бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "жаа4 чегирткени кармаса, аркасынан таранчы учуп келет" деп которулат жана анын эки мааниси бар. Биринчи мааниси жаратылышта ар бир жандыкка андан да кучтуусу жолугат деген тушунукту билдирсе, экинчи мааниси тез пайда керуу учун анын артындагы жаман нерселерди байкабаган адамга карата колдонулат. Фразеологизмдин келип чыгышы "Шо юэнь" (Баяндар багы) аттуу чыгармада берилет. Чыгармада Ву мамлекетинин падышасы элди чогултуп, Чу мамлекетине кол салууну кездерун жар салып, ara каршы чыккандарды жазаларын айтат. Падышанын желдети екумдардын жарлыгына каршы сез айткысы келип, бирок батына албайт. Желдет уч кун бою тацга маал падышанын багында чозмосу менен чымчыктарды аткылай баштайт. Анын кылыгын уккан падыша аны чакырып, анын кылыгынын себебин сурайт. Желдет падышага мынтип жооп берет: "Падышам, тацга маал бакта чырылдаган чегирткени кердум. Ал жалбырактардагы шуудурумду ичип жатыптыр. Чегиртке аркасындагы жааны байкаган жок. Жаа чегирткени кармап, аны жегиси

3 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E7%AC%A8%E9%B8%9F%E5%85%88%E9%A3%9E

4 Кыргыз тилинде келин жугун же бешик термел деген турлеру да бар. Курт-кумурскалар туркумуне кирген жаныбар.

келет. Бирок езу да аны жегиси келген таранчыны байкабайт. Ал эми таранчы жааны жейм деп алаксып жатып, чозмочон мени байкаган жок. Бул макулуктун баары коз алдындагы олжону гана керуп, аркасындагы коркунучту байкашкан жок". Падыша желдеттин сезун угуп жацылыштык кетиргенин тушунуп, Чу мамлекетине кол салбай калган экен (Корнилов, 2010, б. 176). Кытай фразеологизминин кыргыз тилиндеги биринчи маанидеги эквиваленти катары "езувду эр ойлосоц, езгену шер ойло" деген макалды айтууга болот. Керунуп тургандай фразеологизмдердин маанилери толугу менен дал келет. Андан сыркары кыргыз тилинде ушул эле мааниде колдонулган "Иттин кожоюну болсо, берунун кудайы бар" деген макалды айтууга болот (КРС, 1985, б. 420).

8. Ж^Ш^ (shuijinéfei). Аталган фразеологизм кыргыз тилине "суу (кол) кургады -

каздар учуп кетишти" деп которулат. Бул фразеологизм "таш жалак болуу, куржалак калуу, тугенуу" сыяктуу учурларды билдируу учун колдонулат.5 Кытай фразеологизми кыргыз тилинде "жылан сыйпагандай" деген формада кездешет (Осмонова ж.б., 2001, б. 196). Кытай жана кыргыз тилдериндеги жогорку фразеологизмдер мааниси жагынан бири-бирине толугу менен туура келет (Аманбек кызы жана Бекмурзаева, 2023, б. 19).

9. (yaquewúsheng). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-

сез "карганын, таранчынын сайраганы угулбайт" деп которулуп жана "жымжырттык" же "айлана тыптынч" деген маанилерди билдируу учун колдонулат.6 Себеби карга менен таранчы ун кубулжутуп сайрай алышпайт. Кыргыз тилинде аталган фразеологизм езгеруусуз колдонулат. Мисалы, кыргыз тилинде жогорудагы кытай фразеологизминин маанисин толук камтыган, ал эми формасы аз гана езгерулген "Как" эткен карга, "кук" эткен кузгун жок" деген туру кездешет (Осмонова ж.б., 2001, б. 236).

10. Ш Ш Ш. Ш (yingshi lánggü). Аталган фразеологизм кыргыз тилине "карышкырды

керген буркуттей жулунуу" деп которулат. Бул фразеологизм "ач коз", "тойбос", "сук" жана "жулунган" деген маанилерди билдирууде колдонулат.7 Бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквиваленти табуу абдан кызык. Себеби, кыргыз тилинде да "ач коз, жулунган" деген маанини билдирген лакапта буркут кездешет. Кытай фразеологизмине ото жакын маанидеги параллель катары кыргыздын "Шодокондун буркутундей жулунган" деген лакапты айтууга болот (Осмонова ж.б., 2001, б. 494). Кытай жана кыргыз тилдериндеги жогорку фразеологизмдер мааниси жагынан бири-бирине толугу менен туура келет. Ал эми формалык жагында азыраак айырма бар.

11. Ш^ШШ (xiányúngühe). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-

сез "жапайы булуттар жана жалгыз турна" деп которулат.8 Аталган фразеологизм "эркиндик" же "эч кимге коз каранды болбоо" деген маанилерди билдируу учун колдонулат. Кыргыз тилинде аталган фразеологизм езгеруусуз колдонулат. Мисалы, кыргыз тилинде жогорудагы кытай фразеологизминин маанисин толук камтыган, ал эми формасы аз гана езгерулген "Учкан куштай эркин" деген туру колдонулат.

5 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E6%B0%B4%E5%B0%BD%E9%B9%85%E9%A3%9E

6 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%B8%A6%E9%9B%80%E6%97%A0%E5%A3%B0

7 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%B9%B0+%E8%A7%86+%E7%8B%BC+%E9%A1%BE

8 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%97%B2%E4%BA%91%E5%AD%A4%E9%B9%A4

12. (guihe). Бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "турна жана таш бака" деп

которулуп, узак жашоону билдирет. Бул фразеологизмдин^^(8бп§Ьё) деген варианты да

кездешип, "карагай жана турна" деп которулат жана отмо мааниде узак жашоону тушундурот.9 Кытай фразеологизмин кыргыз тилине которууда тилибиздеги кузгундун жашы деген фразеологизм толук маанисин ачып бере алат деп ойлойбуз (КРС, 1985, б. 427).

13. (duanhexufu). Бул фразеологизм кыргыз тилине созмо-соз "Турнанын бутун кесип, ердекке кийгизуу" деп которулат жана "туура келбоо, табигый эмес, жасалмалуулук" деген маанилерди билдирет. Аталган фразеологизм алгач ирет дао философиясынын таалимдеринин жыйнагы болгон "Чжуан-цзы" атту китепте кездешет. Китепте мындай делет: илгери бир киши буту узун турна менен буту кыска ордокту карап отуруп башына бир ой кылт эте тушот. Бул киши турнанын бутун кесип, ердекке кийгизет. Бирок турна да, ердек да баса албай, ал тургай уча да албай калышат. Чжуан-цзы мындай дейт: "Эгер турнанын буту узун болсо - демек ушундай болушу зарыл. Эгер ердектун буту кыска болсо анын кемчилиги эмес. Демек ушундай болушу керек болгон. Эрдектун бутун узартып же турнанын бутун кыскартса аларга эч кандай пайда алып келбейт" (Корнилов, 2010, б. 58). Мындай маанидеги учкул сездер кыргыз тилинде да кездешет. Бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквиваленти катары "Казга тецелип карганын буту сыныптыр" деген макал мааниси жагынан жакыныраак келет деп ойлойбуз.

14. У^^ЩЩ(shut guoуа bei). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "ердекке суу жукпайт" деп которулуп, "бардык кырдаалдан кутулуп чыгып кетуу", "кыйынчылыкты жецил эле жецуу" деген маанилерди билдирет.10 Бул фразеологизмдин эквиваленти кыргыз тилинде да кездешет. Бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквиваленти катары "суудан кургак чыгуу" жана "суу жукпас" деген турлерун айтууга болот (Осмонова ж.б, 2001, б. 422). Кытай жана кыргыз тилдериндеги жогорку фразеологизмдер мааниси жагынан бири-бирине толугу менен дал келет.

15. ШЪ'ЩФ (exingyabu). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез

"каз-ердектей басуу" деп которулат. Бул фразеологизм "басышы оор болуу", "кыйналып басуу" деген маанилерди билдирет.11 Кытайлардагы фразеологизмдин эквиваленти кыргыз элинин фразеологизмдеринде да кездешет. Фразеологизмдин кыргыз тилинде жаш бала жацыдан басып баштаганда аны "каз-каз басуу" деп атаган туру кездешет. Андан сырткары кыргыздар жаш бала жацыдан басып баштаган учурду "каз туруу" же "каз-каз туруу" деп атап коюшкан (Осмонова ж.б, 2001, б. 234). Жогоруда эскерилген эки элдин фразеологизми мааниси жагынан толугу менен туура келет. Ал эми формалык жагында азыраак айырма бар.

16. (jftdngyajiang). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "ердек took менен суйлешкендей" деп которулат. Бул фразеологизм "бири-бирин тушунбее, эки башка тилде суйлее" деген маанини билдирет.12 Бул фразологизм дуйне

9 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E6%9D%BE%E9%B9%A4

10 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E6%B0%B4%E8%BF%87%E9%B8%AD%E8%83%8C

11 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%B9%85%E8%A1%8C%E9%B8%AD%E6%AD%A5

12 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%9B%9E%E5%90%8C%E9%B4%A8%E8%AC%9B

элдеринин тилдик корунда кецири кездешет. Ал эми кыргыз тилинде "Бээ десе тее дейт" деген туру кездешет (Осмонова, 2001, б. 126).

17. (heli jfqun). Бул кытай фразеологизми кыргыз тилине "Тооктордун арасында турган турнадай" деп которулуп, айлана-чейредегулерден ото эле айырмаланып турган учурда пайдаланылат.13 Аталган фразеологизмдин кыргыз тилинде "теелук ейде" деген эквивалентин айтууга болот (КРС, 1985, б. 89). Андан сырткары кыргыз тилинде башкалардан езгечеленуп турган, таанымал, дацктуу кишилерге карата "аттын кашкасындай" деген фразеологизм да колдонулат(Осмонова ж.б., 2001, б. 57).

18. ЯМ (chunjü). Бул кытай фразеологизм "беденедей жашоо" деп которулуп, туруктуу

уйу болбогон, жашаган жери жок адамга карата пайдаланылат.14 Кытай фразеологизми кыргыз тилинде эч езгербеген формада кездешет. Алсак, кыргыз тилинде "Бедененун уйу жок, кайда барса "бытпылдык" деген макал кездешип, уйу жок, барар жери жок, бейгам журген адамга карата колдонулат (Давлетбакова, 1997, б. 51). Андан сырткары "кулу додо болбогон" деген фразеологизм да кытай тилиндегидей эле маанини билдирет (Осмонова ж.б., 2001, б. 337).

19. ^A^^ (hu ru yäqun). Бул фразеологизм "каргага тийген (кол салган) шумкардай"

деп которулуп, бир ишти оцой эле аткаруу, душманды талкалоо деген маанилери кездешет.15 Аталган фразеологизмдин кыргыз тилинде бир аз башкача формасы кездешет. Тилибизде "ителги тийген таандай" же "койго тийген берудей" деген фразеологизмдер кытай тилиндегидей эле мааниге ээ (КРС, 1985, б. 233).

Жыйынтыктоо

Жогоруда берилген кытай тилиндеги жапайы канаттууларга байланыштуу фразеологизмдер, макал-лакаптар кептеген мисалдардын аз гана белугу болуп саналат. Жогоруда мисалдар мындан ары да терецдетилип изилдениши керек. Жыйынтыктап айтканда жапайы канаттууларга тиешелуу фразеологизмдерди кытай тилинен кыргыз тилине которуу эки тилдин тилдик жана маданий езгечелуктерун терец тушунууну талап кылат. Каймана элементтерден жана улуттук езгечелуктерден келип чыккан суроолорго жооп берууде так жана маданиятка ылайыктуу которуу тил илим учун маанилуу. Жалпылап алган эки тилдин ортосундагы фразеологиялык бирдиктерди которуунун эффективдуу стратегияларын иштеп чыгуу учун мындан аркы изилдеелер зарыл.

Пайдаланылган адабияттар

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

Аманбек кызы, Н., & Бекмурзаева, А. (2023). "Кытай тилиндеги уй канаттууларына байланышкан фразеологизмдердин кыргыз тилиндеги эквиваленттери". Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология, 1(1), 12-21. DOI:

https://doi.org/10.52754/16948874 2023 1(1) 2.

Корнилов, O.A. (2010). Жемчужины китайской фразеологии. Москва: КДУ.

13 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%B8%A1%E7%BE%A4%E4%B8%80%E9%B9%A4

14 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%B9%91 %E5%B 1 %85

15 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%B9%98%E5%85%A5%E9%B8%A6%E7%BE%A4

Пословицы и поговорки кыргызского народа. (1997). Из собрании акад. К.К. Юдахина. Сост. Д. Давлетбакова. Бишкек: Илим.

Осмонова, Ж.., Конкобаев, К., Жапаров, Ш. (2001). Кыргыз тилинин фразеологиялык свздугу- Бишкек: КТМУ.

Уриоева, A.A. (2018). "Фразеологизмы, связанные с названиями животных в кыргызском и китайском языках". Вестник Бишкекского гуманитарногоуниверситета. №4(46), 115-117.

Юдахин, К.К.(1985). Киргизско-русский словарь. В двух книгах. Около 40000 слов. Кн.1. А-К. Фрунзе: Главная редакция Киргизской Советской Энциклопедии.

Юдахин, К.К. (1985). Киргизско-русский словарь. В двух книгах. Около 40000 слов. Кн.2. Л-Я. Фрунзе: Главная редакция Киргизской Советской Энциклопедии.

Интернеттен алынган маалыматтар

https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E5%87%A4%E7%94%9F%E5%87%A4

https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E7%AC%A8%E9%B8%9F%E5%85%88%E9%A3%9E

https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E6%B0%B4%E5%B0%BD%E9%B9%85%E9%A3%9E

https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%B8%A6%E9%9B%80%E6%97%A0%E5%A3%B0

https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%B9%B0+%E8%A7%86+%E7%8B%BC+%E9%A1%BE

https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%97%B2%E4%BA%91%E5%AD%A4%E9%B9%A4

https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E6%9D%BE%E9%B9%A4

https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E6%B0%B4%E8%BF%87%E9%B8%AD%E8%83%8C

https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%B9%85%E8%A1%8C%E9%B8%AD%E6%AD%A5

https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%9B%9E%E5%90%8C%E9%B4%A8%E8%AC%9B

https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%B8%A1%E7%BE%A4%E4%B8%80%E9%B9%A4

https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%B9%91%E5%B1%85

https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%B9%98%E5%85%A5%E9%B8%A6%E7%BE%A4 (интернеттен алынган маалыматтардын пайдалануу куну: 15.06.2023).

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.