Научная статья на тему 'КЫТАЙ ТИЛИНДЕГИ ҮЙ КАНАТТУУЛАРЫНА БАЙЛАНЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРДИН КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ЭКВИВАЛЕНТТЕРИ'

КЫТАЙ ТИЛИНДЕГИ ҮЙ КАНАТТУУЛАРЫНА БАЙЛАНЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРДИН КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ЭКВИВАЛЕНТТЕРИ Текст научной статьи по специальности «Языкознание и литературоведение»

CC BY
11
3
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
фразеологиялык бирдик / кыргыз тили / кытай тили / котормо таануу / макал-лакаптар. / phraseological units / Kyrgyz language / Chinese language / translation / proverbs.

Аннотация научной статьи по языкознанию и литературоведению, автор научной работы — Аманбек Кызы Нурпейил, Бекмурзаева Асель

Бул макалада фразеологизмдерди кытай тилинен кыргыз тилине которуудагы метафораларды жана фразеологиялык бирдиктерди берүү ыкмалары талданат. Андан сырткары үй жаныбарларына тиешелүү кыргыз жана кытай тилдериндеги фразеологиялык бирдиктердин образдуу ички формалары каралат. Айрыкча кытай жана кыргыз элдеринин тил казынасындагы үй канаттууларына байланышкан фразеологиялык бирдиктердин окшоштугу жана алардын улуттук өзгөчөлүктөрү каралды. Фразеологиялык мисалдардын негизинде кыргыз жана кытай тилдеринин фразеологиялык бирдиктеринин жалпы белгилерин жана айырмачылыктарын аныктоо маселелерине басым жасалып, кытай тилиндеги фразеологизмдеринин кыргыз тилиндеги эквиваленттерин табуу жана аларды кыргыз тилине которуу маселелерине көңүл бурулду. Кытай фразеологизмдерин кыргыз тилине которуу көйгөйү али так чечиле элек.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

KYRGYZ AND CHINESE PHRASEOLOGICAL UNITS ABOUT POULTRY

The translation of phraseological phrases related to poultries from Chinese into Kyrgyz presents several challenges. One of the main difficulties is finding equivalents of Chinese phraseological units in the Kyrgyz language. This problem has not yet been fully resolved, and it requires a thorough analysis of the linguistic and cultural characteristics of both languages. Another challenge is related to the figurative-internal forms of phraseological units associated with pets in the Kyrgyz and Chinese languages. These forms often involve metaphors and other figures of speech that may not have direct equivalents in the target language. Therefore, translators need to be familiar with the cultural and linguistic contexts of both languages to accurately convey the intended meaning of these phrases. Moreover, the similarity of phraseological units associated with domestic animals in the linguistic treasury of the Chinese and Kyrgyz peoples should also be considered. While there may be similarities between the two languages, there are also national characteristics that need to be taken into account. Translators must be aware of these differences to ensure that the translated text is culturally appropriate and accurate. In conclusion, translating phraseological phrases related to pets from Chinese into Kyrgyz requires a deep understanding of both languages' linguistic and cultural characteristics. The challenges presented by figurative-internal forms and national characteristics must be addressed to provide an accurate and culturally appropriate translation. Further research is needed to develop effective strategies for translating phraseological units between these two languages.

Текст научной работы на тему «КЫТАЙ ТИЛИНДЕГИ ҮЙ КАНАТТУУЛАРЫНА БАЙЛАНЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРДИН КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ЭКВИВАЛЕНТТЕРИ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОЛОГИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOLOGY

e-ISSN: 1694-8874

№1(1)/2023, 12-21

УДК: 811.581.11

DOI: 10.52754/16948874 2023 1(1) 2

КЫТАЙ ТИЛИНДЕГИ УЙ КАНАТТУУЛАРЫНА БАЙЛАНЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРДИН КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ЭКВИВАЛЕНТТЕРИ

КЫРГЫЗСКИЕ ЯЗЫКОВЫЕ ЭКВИВАЛЕНТЫ КИТАЙСКИХ ФРАЗЕОЛОГИЗМОВ, СВЯЗАННЫХ С ДОМАШНИМИ ПТИЦАМИ

KYRGYZ AND CHINESE PHRASEOLOGICAL UNITS ABOUT POULTRY

Аманбек кызы Нурпейил

Аманбек кызы Нурпейил Amanbek kyzy Nurpeiil

окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель, Ошский государственныйуниверситет Lecturer, Osh State University _nura7865696@,gmail.com_

Бекмурзаева Асель

Бекмурзаееа Асель Bekmurzaeva Asel

окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель, Ошский государственныйуниверситет Lecturer, Osh State University asbekmurzaeva@oshsu.kg

КЫТАЙ ТИЛИНДЕГИ УЙ КАНАТТУУЛАРЫНА БАЙЛАНЫШКАН ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕРДИН КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ЭКВИВАЛЕНТТЕРИ

Аннотация

Бул макалада фразеологизмдерди кытай тилинен кыргыз тилине которуудагы метафораларды жана фразеологиялык бирдиктерди 6epyY ыкмалары талданат. Андан сырткары уй жаныбарларына тиешелуу кыргыз жана кытай тилдериндеги фразеологиялык бирдиктердин образдуу ички формалары каралат. Айрыкча кытай жана кыргыз элдеринин тил казынасындагы уй канаттууларына байланышкан фразеологиялык бирдиктердин окшоштугу жана алардын улуттук езгочелуктеру каралды. Фразеологиялык мисалдардын негизинде кыргыз жана кытай тилдеринин фразеологиялык бирдиктеринин жалпы белгилерин жана айырмачылыктарын аныктоо маселелерине басым жасалып, кытай тилиндеги фразеологизмдеринин кыргыз тилиндеги эквиваленттерин табуу жана аларды кыргыз тилине которуу маселелерине кецул бурулду. Кытай фразеологизмдерин кыргыз тилине которуу кейгейу али так чечиле элек.

Ачкыч свздвр: фразеологиялык бирдик, кыргыз тили, кытай тили, котормо таануу, макал-лакаптар.

КЫРГЫЗСКИЕ ЯЗЫКОВЫЕ ЭКВИВАЛЕНТЫ КИТАЙСКИХ ФРАЗЕОЛОГИЗМОВ, СВЯЗАННЫХ С ДОМАШНИМИ ПТИЦАМИ

KYRGYZAND CHINESE PHRASEOLOGICAL UNITS ABOUT POULTRY

Аннотация

В данной статье анализируются методы предоставления метафор и фразеологизмов при переводе фразеологизмов с китайского на кыргызский язык. Кроме того, рассмотрены образно-внутренние формы фразеологизмов, связанных с домашними животными, в кыргызском и китайском языках. В частности, рассматривались сходство фразеологизмов, связанных с домашними птицами, в языковой сокровищнице китайского и кыргызского народов и их национальные особенности. На основе фразеологических примеров акцент был сделан на выявлении общих черт и различий фразеологизмов кыргызского и китайского языков, а также на вопросах поиска эквивалентов китайских фразеологизмов на кыргызском языке и перевода их на кыргызский язык. Эта переводческая проблема до сих пор не получила однозначного решения.

Ключевые слова: фразеологизмы, кыргызский язык, китайский язык, перевод, пословицы.

Abstract

The translation of phraseological phrases related to poultries from Chinese into Kyrgyz presents several challenges. One of the main difficulties is finding equivalents of Chinese phraseological units in the Kyrgyz language. This problem has not yet been fully resolved, and it requires a thorough analysis of the linguistic and cultural characteristics of both languages. Another challenge is related to the figurative-internal forms of phraseological units associated with pets in the Kyrgyz and Chinese languages. These forms often involve metaphors and other figures of speech that may not have direct equivalents in the target language. Therefore, translators need to be familiar with the cultural and linguistic contexts of both languages to accurately convey the intended meaning of these phrases. Moreover, the similarity of phraseological units associated with domestic animals in the linguistic treasury of the Chinese and Kyrgyz peoples should also be considered. While there may be similarities between the two languages, there are also national characteristics that need to be taken into account. Translators must be aware of these differences to ensure that the translated text is culturally appropriate and accurate. In conclusion, translating phraseological phrases related to pets from Chinese into Kyrgyz requires a deep understanding of both languages' linguistic and cultural characteristics. The challenges presented by figurative-internal forms and national characteristics must be addressed to provide an accurate and culturally appropriate translation. Further research is needed to develop effective strategies for translating phraseological units between these two languages.

Keywords: phraseological units, Kyrgyz language, Chinese language, translation, proverbs.

Киришуу

Жаныбарлар дайыма адамга жакын болуп, анын жашоосунда маанилуу орунду ээлеген. Адамдар алардын журум-турумун байкап, андагы терс жана оц жактарын аныктап, ездеру менен салыштырып, мунун баары ар турдуу тилдердин лексикалык фондунда чагылдырган. Натыйжада жаныбарлардын, канаттуулардын, курт-кумурскалардын ж.б. байланыштуу терминдер адамзат тилдеринде пайда болгон. Ушундай терминдердин бири "орнитоним" деп аталат. Орнитоним - грек тилинен ornis же ornitos - "куш", onima - "ысымы", наамы" бир сез же сездердун айкалышы аркылуу берилген номинативдик бирдик, ал аталган кушту башка канаттуулардын арасынан белуп керсетуу, жекелештируу жана идентификациялоо учун кызмат кылат (Симакова, 2003, 11). Адам баласы жапайы канаттууларды колго уйретуусу эц байыркы доорлорду кучагына алат. Жапайы канаттуулар болжол менен б.э.ч. 6000 жыл мурун колго уйретуле баштаган. Окумуштууларды пикири боюнча эц биринчи колго уйретулген канаттуу болуп took эсептелет. Ал эми ордек Байыркы Кытайда б.э.ч. 4 миц жыл мурун колго уйретулгендугу даректуу тарыхый маалыматтарда катталган. Ал эми каз б.э.ч. 3 миц жыл мурун Байыркы Египетте багыла баштаган. Тоокторду жер жузундегу эц эле кецири таралган уй кушу десек жацылышпайбыз. Азыркы кезде алардын саны, айрым эсептеелер боюнча, 13 миллиарддан ашуун. Тооктун этине сурам коп болгондуктан, алардан жылына 33 миллиард килограммдан коп эт алынат. Андан тышкары, жыл сайын алар 600 миллиардга жакын жумуртка берет.1

Метод

"Орнитонимдер" лексика-семантикалык тобу ырааттуу турде, мезгилдин отушу менен онуккен. Сездердун бул тобу бардык тилдерде берилип, кунумдук жашоодо активдуу колдонулган лексикага кирет. Бул керунушту канаттуулардын адам дуйнесундегу маанилуу ролу менен тушундурууге болот. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдер боюнча изилдеелер аз болсо да жасалган. Алсак, кыргызча фразеологизмдер 1940-50-жылдары кыргыз тилинин сездуктерун тузууде практикалык гана максатта пайдаланылган (КРС, 1985). Ал эми фразеологизмдерди илимий-теориялык багытта 60-70 жж. гана изилдене баштаган (Осмонова, 1970). Андан соц 1980-жж. фразеологизмдердин айрым маселелерине арналган изилдеелер солгундап, анча мынча гана изилдее иштери жургузулунген (Эгембердиев, 1980). Эгемендуулуктен кийин кыргыз тилиндеги фразеологизмдерге арналган изилдееге арналган иштер да жакшы колго алына баштады (Бакирова, 2012; Эгембердиев, 2012).

Кытай тилиндеги фразеологизмдерди изилдее жана аларды системага салуу XX кылымдын башында кытай тилинин сездугун тузгенден кийин башталып, бул багытка болгон кызыгуу кучеген. Ал эми кытай фразеологизмдерин олуттуу изилдее 1950-жж. тартып башталган. Кытай тилиндеги фразеологизмдерди изилдегендерден Яо Пэнцы (ШШШ), Чжан Чжигун Ма Гофань (4ЯЛ), Вэнь Дуань Чжэн (М^Ш^) сыяктуу тилчилерди айтууга

болот. Биз ез макалабызда кытай жана кыргызтилдеринде кездешкен канаттууларга байланышкан фразеологизмдердеги жалпылыктарды жана айырмачылыктарды салыштырып кароого аракеттендик. Андан сырткары кытай тилиндеги канаттуулар дуйнесуне байланыштуу фразеологизмдердин кыргыз тилине которуу кейгейлеруне басым жасадык.

1 https://www.chickenfans.com/poultry-industry-statistics/

Кыргыз тилиндеги фразеологизмдери менен кытай тилиндеги фразеологизмдердин жалпылыктарын табууда макал-лакаитардын мисалынан да кецири иайдаландык. Себеби макал-лакаитын жалпы улуттук езгечелуктерге ээ болушу, укумдан-тукумга ооздон-оозго етушу жана кеп кылымдар бою жашашы алардын морфологиялык тузулушунун туруктуу мунезге ээ болушуна алып келген. Ошондуктан адабиятчылар гана эмес, тилчи окумуштуулар да макал-лакаитарга кецул буруп, алардын тилдеги ордун белгилееге, тилдик табиятын аныктоодо пайдаланышат.

Анализ

^ (jí) тоокко байланышкан фразеологизмдер

Кытайда короз тацдын символу болуи саналат жана кун же кун кудайы менен байланышкан. Короздун тац атпай кыйкырганы жалпыга маалым.

1. X^^^ÍT (jifei dan da). Бул фразеологизмди кыргыз тилине оодарсак "Took учуп кетти, жумурткалар жерге тушуй жарылды" деи которулуи,2 ara кыргыз тилиндеги "таш жалак, кур жалак калуу дегенди" деген фразеологизм дал келет (Осмонова, 2001, 435-6.). Кыргыз тилиндеги "таш жалак калуу, кур жалак калуудан" сыяктуу фразеологизмдерден сырткары "Эки тоонун чебун эцсеген кийин ачкадан елет" деген макал да кытай фразеологизмине маанилик жактан ундешуп кетет (Давлетбекова, 1997, 173-6.).

2. ЙХ^^Й (wénji qiwü). Фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "короз кыйкыраары менен кылыч шилтее" деи которулуи, "тац эртелеп иштеи баштоо", "ишке эртелеп киришуу" деген маанилерди билдирет.3 Бул фразеологизмге кыргыз тилиндеги "карга бок чокуй электе туруу" деген фразеологизм жакындашып кетет (Осмонова, 2001, 255-6.). Аталган фразеологизмдин ушул эле маанидеги "Короз кыйкыраары менен ушу менен машыга баштоо" ЙХ^^Й (wénji qiwü) деген туру да кездешет.

3. Х^^^^ (jfquan sheng tian). Бул фразеологизм кыргыз тилине "Адам даого жеткенде, анын короздору жана иттери кошо асманга кетерулет" деп которулат жана "жогору бийликке жеткен адамдын жакындары да котерулет" деген мааниде иайдаланылат. Фразеологизмдин келии чыгышына Хань династиясы доорунда (б.з.ч. 206 - б.з. 220) ханзада Лю Ань тууралуу уламыштар себеп болгон. Уламыш боюнча ханзада Лю Ань муректун суусун издеи, дуйне кезип кетет. Элбестуктун сырын табуу учун емурун дао окуусуна арнаган жана адам Акыйкат Даого (чыныгы Жол) жеткенде гана тубелук жашай алат деп эсептеген. Натыйжада кекте жашаган сегиз кудай ara муректун суусун беришет. Ханзада суудан бир аз ичер замат асманга кетерулуп, учуп кетет. Жерге тегулген суунун саркындыларын короодогу тооктор менен иттер ичип, алар да ханзаданын артынан кекке кетерулушет (Корнилов, 2010, 88-6.). Натыйжада аталган фразеологизм пайда болгон.

Бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги параллели катары "Куручтун арты менен курмек суу ичет" деген макалды айтууга болот (КРС, 1985а, 470-6.).

2 https://dabkrs.com/slovo.php?ch=%E9%B8%A1%E9%A3%9E%E8%9B%8B%E6%89%93

3 https://dabkrs.com/slovo.php?ch=%E9%97%BB%E9%B8%A1%E8%B5%B7%E8%88%9E

4. (jftöng yäjiäng). Бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "ордек took менен суйлешкендей" деп которулуп, "бири-бирин тушунбее, эки башка тилде суйлее" деген маанилерди билдирет.4 Бул фразологизм дуйне элдеринин тилдик корунда кецири кездешет. Алсак, англистерде " To mix apples and oranges" (кырг. алма менен апелъсинди аралаштырып жиберуу), ал эми орустарда "Тебе про Фому, а ты про Ерему" деп кездешет (Рыбникова, 1961, 128-6.). Ал эми кыргыз тилиндеги "Бээ десе тее дейт" деген фразеологизм да жогоруда аталган фразеологизмдердегидей эле мааниге ээ (Осмонова, 2001, 126-6.).

5. Щ^Ш (jimäoxin). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине созме-сез "тооктун бир тал жунуне жазылган кат" деп которулуп, "ыкчам кабар, тез женетулген кабар" деген маанини билдирет.5 Бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквиваленти катары "Куш кабар" же "куш тилиндей кабар" деген турлерун айтууга болот (Осмонова, 2001, 334-6.).

6. (jifei göutiäo). Бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "Тооктор учуп, иттер секиргендей" деп которулат. Бул фразеологизмдин мааниси "будуцчац, чакчелекей тушуу" деген маанини билдирет.6 Мындай маанидеги учкул сездер кыргыз тилинде да кездешет. Кыргыз тилиндеги "Ат дарбыса, эшек кошо дарбыйт" же "Эл дарбыса эшек кошо дарбыйт" деген макал кытай тилиндеги фразеологизмдегидей маанигни билдирет (Давлетбекова, 1997, 26-6.).

7. ШШЩ (ludtängji). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "шорподогу тооктой" деп которулат. Бул фразеологизм "былчылдап суу болуу", "кел-шал суу болуу" деген маанилерди билдирет.7 Кыргыз тилиндеги "кенекте-" жана "алка-шалка тушуу" аттуу фразеологизмдер кытай тилиндеги фразеологизмдин маанисине дал келет (Осмонова, 2001, 43-6.).

8. (gongjizäi qifendui shäng chengxiöng). Аталган фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "короз ез короосунда баатыр" деп которулат.8 Бул макалга кыргыз тилиндеги "Айыл итинин куйругу чагарак" деген макал дал келет (Давлетбекова, 1997, 16-6.).

9. Ш^ШШШ^ (xiäng gongji ban häo döu). Кытай тилиндеги бул фразеологизм "короздой урушчаак" деп которулуп, журген жери чыр-чатак, чыр, мушташа берген урушчаак кишилерге карата колдонулат.9 Кыргыз тилинин макал-лакаптар боюнча китептерде, фразеологизмдер сездугунде да кытай тилинин фразеологизмине окшош сез катталган эмес. Бирок эл оозунда урушчаак жаш балдарды жвжв короз деп коёру белгилуу.

10. Кытай тилиндеги макал "короз учун буудайдын даны алмаздан баалуу" деп которулат. Кытай макалана кыргыздын "Тооктун тушуне таруу кирет" деген макалы маанилик жактан толугу менен дал келет деп ойлойбуз (Давлетбекова, 1997, 150-6.).

4 https://dabkrs.com/slovo.php?ch=%E9%9B%9E%E5%90%8C%E9%B4%A8%E8%AC%9B

5 https://dabkrs.com/slovo.php?ch=%E9%B8%A1%E6%AF%9B%E4%BF%A1

6 https://dabkrs.com/slovo.php?ch=%E9%B8%A1%E9%A3%9E%E7%8B%97%E8%B7%B3

7https://dabkrs.com/slovo.php?ch=%D0%BC%D0%BE%D0%BA%D 1%80%D0%B0%D 1 %8F+%D0%BA%D 1%83% D1 %80%D0%B8%D 1 %86%D0%B0

8https://dabkrs.com/slovo.php?ch=%E5%85%AC%E9%B8%A1%E5%9C%A8%E5%85%B6%E7%B2%AA%E5%A0 %86%E4%B8%8A%E7%A7%B0%E9%9B%84

9 https://laoshi.io/characters/en/%E5%A5%BD%E6%96%97/

11. (shaji qu luan). Кытай макалы кыргыз тилине сезме-сез "Жумуртка алуу учун тоокту союу" деп которулат.10 Макалдын убактылуу пайда учун келечектуу нерсени садага чабуу деген мааниси бар. Кыргыз тилинде бул макалга жакын "Жаман уй жайытын жарым кунде тугетет" же "Жаман койчу жайытын бир кунде тугетет" деген макалдарды белгилееге болот (КРС, 1985а, 217-6.).

Кытай тилинде тооктун образы нейтралдуу катары кабыл алынган фразеологиялык бирдиктер бар. Маселен, took езгочелугу жок, козге коп урунбаган канаттуу. Ошондуктан кытай маданиятында тооктун образы да карапайым адам менен байланыштуу болуп кетет. Алсак, кытай тилинде теменкудей фразеологизм колдонулат:

12. fl^X^^ (helijiqun). Аталган фразеологизм "Тооктордун арасында турган турнадай" деп которулуп, айлана-чейредегулерден айырмаланып калуу, айырмаланып турган учурда пайдаланылат.11 Кыргыз тилиндеги эквиваленти катары "тоелук ейде" деген фразеологизмди айтууга болот (КРС, 19856, 89-6.). Андан сырткары кыргыз тилинде башкалардан езгечеленуп турган, таанымал, дацктуу кишилерге карата "аттын кашкасындай" деген фразеологизм да колдонулат (Осмонова, 2001, 57-6.).

13. ^ЩШШ (shaji jinghou). Кытай тилиндеги макал кыргыз тилине "Маймылды коркутуу учун тоокту союп салуу" деп которулат.12 Бул макалга кыргыздын "Керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам, уулум сен ук" деген макал маанилик жактан дал келет (Давлетбекова, 1997, 97-6.).

14. Х^Д^^ (jikouniuhou). Кытай тилиндеги макал "Уйдун жамбашына Караганда короздун тумшугу жакшы" деп которулат.13 Аталган макалды кытайлар чакан болсо да дайым биринчи болуу зарылдыгын баса белгилеш учун колдонушат. Бул макалдын кыргыз тилинде бир нече вариациялары кездешет. Алсак, кыргыз тилинде "Биреенун элинде султан болгончо ез элицде ултан бол", "Эртецки куйруктан бугунку епке артык", "Элгон жолборстон тируу чычкан артык" сыяктуу макал-лакаптарды айтсак болот (Давлетбекова, 1997; КРС, 1985а; КРС, 19856; Осмонова, 2001).

Короз уруштуруу - бул кумар оюндарынын бир туру. Бул оюн керуучулердун буйурун кызытып, оюндун кумарына берилгендер ортого чоц байге коюп жиберген учурлар кездешет. Жыйынтыгында кебунче катышуучуларга бактысыздык жана жакырчылык алып келгендиктен кытай маданиятында оюнга болгон мамиле терс болуп саналат. Кытай тилинде кытайлардын короз уруштурган оюнга болгон терс мамилесин билдирген фразеологиялык бирдиктер кездешет. Мисалы:

15. "-^Х^ЙЙ (dou ji zou gou). Аталган фразеологизм "короз урушка, ит жарыштарга катышуу" деп которулат. Бул фразеологиялык бирдик маанисиз иштерге белчесинен батып, убакытты текке кетирип, бош откерген адамдарды ашкерелееде колдонулат.14 Кыргыз тилинде кытай фразеологизмине маанилик жактан "эшек такалоо", "текей теруу" (текей оттоо) деген фразеологизмдер жакындашып кетет (Осмонова, 2001, 516-6.; 438-6.). Кыргыз

10 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E6%9D%80%E9%B8%A1%E5%8F%96%E5%8D%B5

11 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%B9%A4%E7%AB%8B%E9%B8%A1%E7%BE%A4

12 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E6%9D%80%E9%B8%A1%E5%84%86%E7%8C%B4

13 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%B8%A1%E5%8F%A3%E7%89%9B%E5%90%8E

14 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E6%96%97%E9%B8%A1%E8%B5%B0%E7%8B%97

маданиятында эшек жаныбар кеп кецири жайылбагандыктан ara така тагуу адамга ылайыксыз, ara убакыт коротуп кереги жок деп эсептелген. Ал эми текей есумдук болуп, аны кебунче кой кайтарып журген балдар тергендиктен бул ишти да жашы улуу адам аткарганга ылайыксыз деп эсептешкен. Ал эми кыргыз тилиндеги "Ашык ойногон азат, кой кайтарган тозот" деген макалда да элибиздин жумуш кылбай, оюн ойногон балдарга карата терс пикирин чагылдырып тургансыйт.

Кытайларда байыркы мезгилде аял бийликте болуп, мамлекетти башкарса, балээ, кырсык болот деген ишеним жашаган. Бул аллегориялык турде макал-лакаптарда чагылдырылат:

16. ФЬХ^^М (pinjTsfchén). Кытай макалы кыргыз тилине сезме-сез "короздун ордуна took кыйкырып тац аттырат" деп которулат.15 Кыргыз тилинде да буга байланыштуу макал-лакаптар кездешет. Мисалы, "Байтал чуркап байге албайт" деген макалда кыргыз коомундагы патриархалдык абал таасын чагылдырылган (Давлетбекова, 1997, 37-6.).

Щ (уа) ердекке байланышкан фразеологизмдер

1. ЩЩШ^ (duánhéxufú). Бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "Турнанын бутун кесип, ердекке кийгизуу" деп которулат жана "туура келбее, табигый эмес, жасалмалуулук" деген маанилерди билдирет. Мындай маанидеги учкул сездер кыргыз тилинде да кездешет. Бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквивалента катары "Казга тецелип карганын буту сыныптыр" деген макал мааниси жагынан жакыныраак келет деп ойлойбуз (КРС, 1985а, 316-б.).

2. gud ya bei). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "ердекке суу жукпайт" деп которулуп, "бардык кырдаалдан кутулуп чыгып кетуу", "кыйынчылыкты жецил эле жецуу" деген маанилерди билдирет. Бул фразеологизмдин эквивалента кыргыз тилинде да кездешет. Бул фразеологизмдин кыргыз тилинде "суудан кургак чыгуу" жана "тегирменге кирип эки кап ун кетеруп чыгат" деген жалпылыктары кездешерин айтууга болот (Осмонова, 2001, 334-6.). Кытай жана кыргыз тилдериндеги жогорку фразеологизмдер мааниси жагынан бири-бирине кандайдыр бир децгээлде туура келет.

3. éxíngyabu). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "каз-ердектей басуу" деп которулат. Бул фразеологизм "басышы оор болуу", "кыйналып басуу" деген маанилерди билдирет. Кытайлардагы фразеологизмдин эквивалента кыргыз элинин фразеологизмдеринде да кездешет. Фразеологизмдин кыргыз тилинде жаш бала жацыдан басып баштаганда аны "каз-каз басуу" деп атаган туру кездешет. Андан сырткары кыргыздар жаш бала жацыдан басып баштаган учурду "каз туруу" же "каз-каз туруу" деп атап коюшкан (Осмонова, 2001, 234-6.). Жогоруда эскерилген эки элдин фразеологизми мааниси жагынан толугу менен туура келет. Ал эми формалык жагында азыраак айырма бар.

4. ÍT?^'^^^ (daya jingyuanyang). Кытай тилиндеги аталган макал "мандариндерди (ердектун бир туру) коркутуу учун ердекту уруу" деп которулуп, биреену коркутуу учун экинчисин жазаландырган учурда пайдаланылат.16 Бул макалга кыргыз тилиндеги "Керегем

15 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E7%89%9D%E9%B8%A1%E5%8F%B8%E6%99%A8

16 https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E6%89%93%E9%B8%AD%E6%83%8A%E9%B8%B3%E9%B8%AF

сага айтам, келиним сен ук" деген макал маанилик жактан жакындашып кетет деген пикирдебиз (Давлетбекова, 1997, 97-6.).

Ш (е) казга байланышкан фразеологизмдер

1. (shuifinefei). Аталган фразеологизм кыргыз тилине "суу кургагандан кийин каздар учуп кетишти" деп которулат. Бул фразеологизм "куру жалак калуу, тугенуу, банкрот болуу" сыяктуу учурларда колдонулат. Бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквиваленти катары "жылан сыйпагандай" деген фразеологизмди айтууга болот. Кытай жана кыргыз тилдериндеги жогорку фразеологизмдер мааниси жагынан бири-бирине толугу менен туура келет. Ал эми формалык жагында бир кыйла айырма бар (Осмонова, 2001, 196-6.).

2. (shuifing е fei). Кытай тилиндеги бул фразеологизм кыргыз тилине сезме-сез "каздар учуп кетип, суу жымжырт" деп которулуп, "айланада жымжырттык абал", "эч ким жок тыптынч маал" деген маанилерди билдирет. Бул фразеологизмдин эквиваленти кыргыз тилинде да кездешет. Бул фразеологизмдин кыргыз тилиндеги эквиваленти катары "кулак-мурун кескендей" жана "как" эткен карга, "кук" эткен кузгун жок" деген турлерун айтууга болот (Осмонова, 2001, 236-6.). Кытай жана кыргыз тилдериндеги жогорку фразеологизмдер мааниси жагынан бири-бирине жакын келип, бирдей мааниге ээ.

Жыйынтыктоо

Жогоруда берилген фразеологизмдер, макал-лакаптар кытай тилинен алынган кептеген мисалдардын дециздеги тамчысы гана болуп саналат. Белгилуу болгондой фразеологизм бир элдин басып откен тарыхын, маданиятын, менталитетин, тилдик, этнографиялык езгочелугун ичине камтыйт. Жогоруда биз белгилеп керсеткен мисалдар аркылуу кытай элинин улуттук езгочелуктерун, чарбасынын езгочелуктерун байкоого болот. Кытай тилиндеги мисалдарды кыргыз тили, кыргыз элинин маданияты менен салыштырып, андагы жалпылыктарды жана айырмачылыктарды керсетуу тил илиминдеги маанилуу маселелердин бири экендиги шексиз. Бул багыт ез изилдеечулерун кутууде.

Пайдаланылган адабияттар

Бакирова, Г.К. (2012). Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин семантикафункционалдык жана структуралык взгвчвлуктвру: фил. ил. канд. окумуштуулук даражасын алуу учун жазылган диссертациянын авторефераты. Бишкек.

Вэнь Дуаньчжэн. (2004). Кытай макал-лакаптарынын толук жыйнагы. Шанхай: Шанхай сездугу басмаканасы.

Корнилов, O.A. (2010). Жемчужины китайской фразеологии. Москва.: КДУ.

Ма Гофань. (1959). Идиомалардын кыскача теориясы. Ляонин: Элдик басмакана. (^ШД ^

ШШ.- at: ЛйЖШ±).

Осмонова, Ж. (1970). Идиомы в киргизскомязыке: дис. ... канд. филол. наук. Фрунзе: КГУ.

Осмонова, Ж., Конкобаев, К., Жапаров, Ш. (2001). Кыргыз тилинин фразеологиялык сездугу. Бишкек.: КТМУ.

Пословицы и поговорки кыргызского народа: из собрании акад. К.К. Юдахина. / Сост. Д. Давлетбакова. (1997). Бишкек: Илим.

Рыбникова, М.А. (1961). Русские пословицы и поговорки. Москва.: Издательство Академии Наук СССР.

Симакова, О. Б. (2003). Лексико-семантическая группа "Орнитонимы" (На материале русскогоифранцузскогоязыков): дис. ... канд. филол. наук : 10.02.01, 10.02.19. Пенза.

Эгембердиев, Р. (1979). Фразеологизмы вэпосе «Манас»: дис. ... канд. филол. наук. Фрунзе.

Эгембердиев, Р. (2012). Кыргыз тилиндеги фразеологизмдердин семантикасы жана лексикографияланышы'. фил. и. док. окумуштуулук даражасын алуу учун жазылган диссертациянын авторефераты. Бишкек: БМУ.

Юдахин, К.К. (1985). Киргизско-русский словарь. В двух книгах. Около 40000 слов. Кн. 1. А-К. Фрунзе: Главная редакция Киргизской Советской Энциклопедии.

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

Юдахин, К.К. (1985). Киргизско-русский словарь. В двух книгах. Около 40000 слов. Кн. 2. Л-Я. Фрунзе: Главная редакция Киргизской Советской Энциклопедии.

Интернеттен алынган маалыматтар

Poultry Industry Statistics (2022): Meat & Egg Production: https://www.chickenfans.com/poultry-industry-statistics/ (интернеттен алынган маалыматтардын пайдалануу куну: 24.02.2023).

Кытай тилиндеги фразеологизмдер "Большой китайско-русский словарь" аттуу сездуктен алынды:

https://dabkrs.com/slovo.php?ch=%E9%B8%A1%E9%A3%9E%E8%9B%8B%E6%89%93

https://dabkrs.com/slovo.php?ch=%E9%97%BB%E9%B8%A1%E8%B5%B7%E8%88%9E

https://dabkrs.com/slovo.php?ch=%E9%9B%9E%E5%90%8C%E9%B4%A8%E8%AC%9B

https://dabkrs.com/slovo.php?ch=%E9%B8%A1 %E6%AF%9B%E4%BF%A1

https://dabkrs.com/slovo.php?ch=%E9%B8%A1%E9%A3%9E%E7%8B%97%E8%B7%B3

https://dabkrs.com/slovo.php?ch=%D0%BC%D0%BE%D0%BA%D1%80%D0%B0%D1%8F+% D0%BA%D1%83%D1%80%D0%B8%D1%86%D0%B0

https://dabkrs.com/slovo.php?ch=%E5%85%AC%E9%B8%A1%E5%9C%A8%E5%85%B6%E7% B2%AA%E5%A0%86%E4%B8%8A%E7%A7%B0%E9%9B%84

https://laoshi.io/characters/en/%E5%A5%BD%E6%96%97/

https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E6%9D%80%E9%B8%A1%E5%8F%96%E5%8D%B5

https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%B9%A4%E7%AB%8B%E9%B8%A1%E7%BE%A4

https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E6%9D%80%E9%B8%A1%E5%84%86%E7%8C%B4

https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E9%B8%A1%E5%8F%A3%E7%89%9B%E5%90%8E

https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E6%96%97%E9%B8%A1%E8%B5%B0%E7%8B%97

https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E7%89%9D%E9%B8%A1%E5%8F%B8%E6%99%A8

https://bkrs.info/slovo.php?ch=%E6%89%93%E9%B8%AD%E6%83%8A%E9%B8%B3%E9%B8 %AF

(интернеттен алынган маалыматтардын пайдалануу куну: 24.02.2023).

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.