ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОЛОГИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOLOGY
e-ISSN: 1694-8874
№2(2)/2023, 69-80
УДК:
DOI: 10.52754/16948874 2023 2(2) 8
TYPK ОНОМАСТИКАСЫНДА ИТ КУЛЬТУ1 КУЛЬТ СОБАКИ В ТЮРКСКОЙ ОНОМАСТИКЕ THE CULT OF THE DOG IN TURKIC ONOMASTICS
Ахмет Жафероглу
Ахмет Жафероглу Ahmed Zhaferoglu
1 Макаланын туп нускасы: Ahmet Caferoglu. "Türk Onomastiginde "Köpek" Kültü". TürkDiliAra^tirmalari Yilligi -Belleten 1961, Том, 9, 66. 1-11. Которгон: Абдимиталип уулу Нурсултан, PhD, окутуучу, ОшМУ.
ТУРК ОНОМАСТИКАСЫНДА ИТ КУЛЬТУ
Аннотация
Белгилуу туркиялык турколог Ахмет Жафеорглунун "Турк ономастикасында ит культу" аттуу макала 1961-жылы жарык керген. Бирок кыргыз илиминдеги ит культу тууралуу этнографиялык, фольклордук, культурологиялык жана тил багытындагы изилдеелерде аталган макала изилдеечулердун кез жаздымында калып келет. Бул кемтикти толуктоо учуй жана жалпы эле окурмандардын назарына Ахмет Жафероглунун макаласын кыргыз тилине которулуп жатат. Котормодо автордун кетирген айрым кемчиликтери (Мисалы, автор ДА. Расовскийдин 1931-жылкы 8еттапит КоМакоу1апит жыйнагына чыккан макаласына шилтеме берген. Арийне, Жафероглу шилтеме бергиси келген Д.А. Расовскийдин макаласы аталган эле жыйнакта 1933-жылы жарык керген) ондолуп, изилдеечулерге ьщгайлуу болуусу учун макаланын аягында пайдаланылган адабияттардын тизмеси берилди (макаланын туп нускасында жок). Бул котормо макала кыргыз окурмандарына кызыктуу болот деген умуттебуз. Ахмет Жафероглунун илимий жашоосу эми кыргыз тилинде да узарат.
Ачкыч свздвр: жалпы турк тарыхы, ит культу, кыпчактар, барак, кумайык.
КУЛЬТ СОБАКИ В ТЮРКСКОЙ ОНОМАСТИКЕ Аннотация
В 1961 году была опубликована статья известного турецкого тюрколога Ахмета Джафеорглу "Культ собаки в тюркской ономастике". Однако в этнографических, фольклорных, культурологических и лингвистических исследованиях культа собаки в кыргызской науке указанная статья осталась без внимания исследователей. Чтобы восполнить этот недостаток и привлечь внимание широкого читателя, статья Ахмета Джафероглу переводится на кыргызский язык. Некоторые ошибки, допущенные автором при переводе (например, автор ссылался на статью Д.А.Расовского, опубликованную в сборнике 8еттапит Копёакоу1апит 1931 года. Однако, статья Д.А. Расовского, на которую хотел сослаться Джафероглу, была опубликована в том же сборнике в 1933 г.) исправлено, что удобно для исследователей. В конце статьи приведен список использованной литературы (нет в оригинальном варианте статьи). Мы надеемся, что эта переведенная статья будет интересна кыргызским читателям. Научная жизнь Ахмета Джафероглу будет продолжена и на кыргызском языке.
Ключевые слова: тюркская история, культ собаки, кипчаки, Барак, Кумайык.
THE CULT OF THE DOG IN TURKIC ONOMASTICS Abstract
In 1961, an article by the famous Turkish Turkologist Ahmet Jafeorglu "The Cult of the Dog in Turkic Onomastics" was published. However, in ethnographic, folklore, cultural and linguistic studies of the cult of the dog in Kyrgyz science, this article remained without the attention of researchers. To fill this gap and attract the attention of a wide readership, Ahmet Caferoglu's article is being translated into Kyrgyz. Some errors made by the author during translation (for example, the author referred to an article by D.A. Rasovsky, published in the collection Seminarium Kondakovianum in 1931. However, the article by D.A. Rasovsky, which Jaferoglu wanted to refer to, was published in the same collection in 1933) has been corrected, which is convenient for researchers. At the end of the article there is a list of references used (not in the original version of the article). We hope that this translated article will be of interest to Kyrgyz readers. The scientific life of Ahmet Jaferoglu will continue in the Kyrgyz language.
Keywords: Turkic history, the cult of the dog, Kipchaks, Barak, Kumayik.
Киришуу
Исламда, айрыкча анын шафий агымындагылар итти таза эмес жандык катары эсептегенине карабастан (Schacht, 1950, б. 216) турктер мусулманчылыкты кабыл алгандан кийин деле ездерунун исламга чейинки диний ишенимдеринен баш тартпай, уламыш жана ономастикалык тушунуктерунде бул жандыкка болгон сый мамилесин уланта беришкен. Анын айныгыс далили катары XI кылымда охриддик христиан архиепископу Феофилакт Болгардын прото-болгарлардын бир белугу итти ыйык кудай катары кабыл алып, ara арнап курмандык чалышары тууралуу жазган маалыматын айтууга болот. Прото-болгарлар тууралуу жазылган бул учкай маалымат бир Караганда апыртмадай сезилгени менен аны толуктай алчу башка тарыхый булактар кездешет. Мисалы теофаниянын угуучуларынын бири, болгар ханы Омуртагдын доорунда Византия менен болгарлардын ортосунда отуз жылдык тынчтык келишимди тузуу учурунда аткарылган ант ичуу салтанатын суреттеп жатып, прото-болгарлардын салты боюнча итти союшкандыгын белгилейт (Be§evliyev, 1945, бб. 236-237). Жогорудагы маалыматтар ынанымсыздай сезилгени менен В. Копперс жана П. Вильгельм Шмидт сыяктуу маданият изилдеечулердун бул багытта жасаган изилдеелеру байыркы доорлордо ит культунун ордужогору болгон деген ойго туртет (Koppers, 1930; Schmidt, 1949).2 Арийне байыркы турк тектуу болгарларда итке арнап курмандык чалуу сыяктуу салттар турктердун каада-салттарында, фольклорунда кездешпейт. Этникалык теги белгисиз кээ бир элдерде, алардын бири прото-болгар урууларында, атайын бир мезгилде иттерге арнап курмандык чалуу салты болгон.
Иттин турктердун маданиятында сыйлуу орун алышынын далили турктер колдонгон 12 айбанат цикли календарында ит жылынын болуусу (Chavannes, 1906, бб. 51-122). Бул календарь азыркы турк элдеринин кепчулугунде колдонулат. Ушундан улам ит турктерде таза жандык катары саналган деп ойлогонго негиз бар. Байыркы турктерде итке байланышкан кептеген уламыштардын болушу да бекеринен эмес.
Байыркы турк уламыштары жана дастандарында ит ыт=ит жана барак, кээде эки аталыш чогуу ит-барак деп кездешет. Барак сезу уламыштарда "иттин" бир туру катары берилет. Бул сез тарыхтын кеене доорлоруна барып такалгандыктан байыркы турк уруулардын ономастикасында кецири таралган. Барак эц алгач Огуз ханга душман элдин аталышы катары эскерилет (Березин, 1858, б. 84). Ошол эле маалда аталган сез легендарлуу падышанын ысымы да болгон. Хорезмде жургузулген археологиялык изилдеелердун жыйынтыгында табылган б.з. III-IV кк. таандык Барак-Там аттуу чептин урандысы байыркы доордо жашаган Барак аттуу падышага таандык деген божомолдо бар (Толстов, 1948, б. 21; ínan, 1949, б. 45-46). Турк тили боюнча жазылган орто кылымдагы алгачкы сездукте барак сезу "узун жундуу итти" билдирет (DLT, 1939, б. 377; Pelliot, 1950, б. 547). Чынында эле турк элдери барак тууралуу уламыштарга бай. Мисалы, тундук жана чыгыш турк элдеринин фольклорунда "ит баштуу, бука буттуу" уруу тууралуу маалыматтар 1245-жылы папа
2 Туркмендерде да ит = кепек сезу антропоним катары эч кандай жаман маанини билдирген эмес. Ал тургай ит туркмен тотемдеринин арасынан орун алган (Толстов, 1935); бул маселе боюнча П. Вильгельм Шмидтин да абдан кызыктуу кез карашы бар (карацыз: Gabain, 1956, 1067-1064). Иран шахтарынын тыйындарында сый-урмат маанисинде иттин аталышы колдонулган. Алсак, 1105/1135 = 1694/1722-жж. бийлик жургузген сефевид шахы
Хусейн бастырган тыйындарда мындай саптар кездешет: ^ ^ о1^- "Чыгыш
елкелерунун (эки чыгыш) кожоюнунун ырайымы менен, Дуйнеде тыйындардын кожоюну, момундардын ити (б.а. коргоочу) султан Хусейн болду" (Добрынин, 1953, бб. 70-71).
Иннокентий VI. монголдорго элчиликке женеткен Плано Карпининин эмгегинде эскерилген. Карпини, монгол аскерлеринин тундукке жасаган жортуулдарында самоеддер менен "ит баштуу, бука буттуу" бир урууну кезиктиргенин белгилеген (ínan, 1949, б. 149-150; Карпини, 1911,6. 25).3 Бул шумдуктуу елке тууралуу маалыматтар алтай уламыштарында да сез болот. Фольклор изилдеечу Н.Я. Никифиров чогулткан алтай жомокторунда "эркектери ит баштуу, аялдары сулуу" елкеге болгон саякат тууралуу айтылат. Алтай жомогундагы ит баштуу адамдардын (нохой-эртын) душманы - Кыргыс аттуу жалгыз кездуу, киши жегич (Абрамзон, 1947, б. 151). Дал ушул эле сюжет кыргыз эпосторунда кездешкен ит = итаалы аттуу елке тууралуу мотивдер менен ундешуп кетет. Айрыкча бул елкеде адамдарды жеген, монголчо ит маанисин билдирген нохой < алт. нохой-эртим аттуу эл тууралуу да баяндалат. Ал эми А. Диваев казактардан жазып алган уламышта ит-ала-каз аттуу куштун жумурткасынан "кумай" деп аталган кучук туулат (Диваев, 1908, б. 149). Дал ушундай уламыш, б.а. кумай аттуу куштун жумурткасынан туулган кучук тууралуу уламыш кыргыздарда да кездешет. Кыргыздардын ишеними боюнча Кумайык иттен эч бир ац качыи кутула албайт. Ошондуктан кыргыздар Кумайыкты бардык жаныбарлардын тересу деп эсептешет (Абрамзон, 1947, б. 151).
Жумурткаларынан кучук туулган Керкес аттуу куш тууралуу Махмуд Кашгари да жазат. Ал берген маалымат боюнча керкес кушу эки жумуртка тууп, анын биринен узун жундуу барак ит туулат имиш (DLT, 1939, б. 315). Сойот-урянхайларда улар кушу (Megaloperdix altaica) емурунде уч нерсени тууйт имиш. Алардын бири барак, экинчисиурган (аркан), учунчусу балта экен. Башкырлардын барын, катай жана салжувут аттуу урууларынын ишеними боюнча кузгун карыганда эки жумуртка тууп, анын биринен "жундуу ит" делген Туйгун, экинчисинен алгыр куш - Шумкар туулат (ínan, 1949, б. 151).4
Абулгази Бахадур хан жортуулга аттанган езбек урууларынан сез кылып жатып, "ит баштуу, бука буттуу" урууну да эскерет. Турк тарыхчысынын берген маалыматы Плано Карпини жазган маалымат менен дал келет. Арийне, Абулгази башка эмгегинде Ит-Баракты элдин аталышы эмес, екумдардын ысымы деп жазат (Кононов, 1958, б. 86, комм. 44). Байыркы грек мифтеринде ит баштуу елке кездешсе, ушундай эле элдин Кытайда жашаары Хамзанаме, Батталгази сыяктуу турк уламыштарында сез болот. Уламыштардан ит элинин падышалары жана ara баш ийген уруулар болгондугу керунет. Хамзанамеде ит элинде Кыл-Бурак, сексар жана ит ж.б.у.с. уруулар болгондугу айтылат.
Итке байланышкан аталыштар уламыштарда эле эскерилбестен, турк элдеринин коомдук жашоосунда маанилуу орун ээлеген. Аайрыкча барак, борак (Смирнов, 1887, бб. 174178), бурак (Бартольд, 1918,6. 75) сыяктуу аталыштары турк элдеринде маанилуу аталыштарга етуп, езгечелуктерге ээ боло баштаган. Алсак, турк элдеринин культтук тушунуктеру боюнча маанилуу тарыхый булак болгон Деде Коркут дастанында баш каармандын кабар ташыган, жол керсеткен досу Барак аттуу ит болгон (Dede Korkut, 1938, б. 17 жана б. 42). Деде Коркут дастанында итке болгон сый мамиленин болушу бул жандыктын турк коомунда жогору
3 Ушул эле маалыматка окшош ит-бечене аттуу уруу тууралуу Абулгази Бахадур хандын эмгегинен да кезиктирууге болот (Кононов, 1958, б. 56). Аль-Димашки белгилеген суук мамлекетте, Волга суусунун боюнда жашаган Килабиййа аттуу уруу ит-барак уруусу экендиги шексиз (Validi Togan, 1939, б. 306).
4 Якуттарда Барак деген ыйык жер аталышы болгон. Якуттардын ишеними боюнча бул жер аял жана эркек шамандарынын рухтары пайда болот (Pekarski lugati, I, б. 66). П.В. Шмидт ит культун жалпы адамзатына таандык деп эсептейт (Schmidt, 1949, бб. 119-124). Шумкар турктордун ишениминде, байыркы огуз уруусунун тотеми жана баатырдын жанын взундв жашаткан куш катары кабыл алынган (Caferoglu, 1958, б. 5).
мааниге ээ экендигинин дагы бир далили. Айрыкча куман, б.а. кыпчактарда ит жаныбар уламыштарда эле эмес, чыныгы жашоодо да ыйык деп саналган.
Исламга чейин турк элдеринде ыйык жандык катары да, уламыштардагы эл аталышы катары да кездешкен um сезу байыркы турк тилинин булактарында алгачкы формасы ыт турунде болгон. Итти ыйык туткан элдердин ономастикасында итке байланышкан аталыштардын кецири таралышы шексиз. Итти кастарлаган байыркы кыпчактардын (куман=половец) ономастикасында um сезуне байланышкан кеп антропонимдер жана топонимдер катталган. Булардын арасынан орус жылнаамаларындагы Итларев жана Итларевич сыяктуу антропонимдер турк тилиндеги Итуулу экендиги кумен жаратпайт (Zajaczkowski, 1949, б. 41). Аталган антропоним орус топонимастикасында славян тилинин езгочелугуне жараша Итларевич деп аталыштын ордуна, 1193-жылкы документте Итоглу шекилинде да катталган (Zajaczkowski, 1949, б. 41, комм. 35). Муну менен бирге орус антропонимдеринде Итлар деген формада да кездешет (Расовский, 1933, б. 61). Кыпчактар менен тыгыз саясий мамиле тузген орус мамлекетинин тарыхчылары кыпчактардын хандары жана бектери тууралуу жазганда алардын чыныгы аттарын да белгилей отушкен. Орус жылнаамаларында кыпчактар жашаган Итапа аттуу жер аты да кездешет (Marquart, 1914, б. 157). Бул сез оба~апа~опа~епа мучелеру жалгашкан топонимдер тобуна кирип, азыркы кунде кездешкен Токсапа, Кулаба, Кутлуаба сыяктуу жер аталыштарына окшоп кетет. 1095-жылы орус-половец согуштарын чагылдырган жылнаамаларда Ытлар аттуу адам ысымы катталган (Zajaczkowski, 1949, б. 37; Расовский, 1933, б. 61). Жогорудагы адам ысымындагы ыт сезу кыпчак диалектисинде иттин аталышы экендигин мажар туркологу Рашони жазып, бул антропоним Ытлар < Итлер дегендин бир туру деп белгилеген (Rasony, 1935, б. 237).
Жогоруда топономастикалык маалыматтардан ит культу кеене субстрат болуу менен бирге байыркы кыпчактарда кецири тараган ишеним болгондугу айдан ачык керунуп турат. Ал эми уйгур мамлекетинин башкаруу системасында ацчылык салтанаты б.а. ацчылык менен байланышкан Ыт-Тархан жана Ыт-Саман сыяктуу титулдарды керебуз (Müller, 1915, б. 11).5 Кийинчерээк ацчылыктын чарбалык жана кецул ачуучулук формадан мамлекеттик кызмат туруне етушу менен сарайдагы иттер дагы туруне жана аткарган кызматына жараша колдонула баштаган. Мисалы, монгол империясы мезгилинде кечмен принциптерине таянган Чыцгыз хандын Ясасында кездешкен "Ацчылык укугу" белумунен тышкары, 1640-жылы стептеги кечмендерге арналган атайын мыйзам чыккан. Бул мыйзамда жалпысынан ацчылык кылган кечмендерге "кызыл ердек (турпан), таранчы жана ит" сыяктуу жаныбарларга атууга тыюу салган. Мыйзамды бузгандар ат жана эки жыланды айып катары телегенге милдетуу болушкан (Гурлянд, 1904, б. 116). Бул жаныбарларды елтурууге тыюу салынгандын себеби бир эле ацчылык культу эмес, ошол эле маалда шаманизм дининин ишенимдерине да барып такалат деп айтса болот. Мындагы елум тушунугу ритуалдык елум катары кабыл алынып, монгол мыйзамдарында езгече орун алышынын себеби ушунда. Себеби турк, монгол жана жалпы эле шаманизм дининдеги элдерде адам руху менен айбан руху дайыма тыгыз байланышта деген ишеним болгон. Ал тургай туш жорууда да жаныбарларды тушунде керуп, анан жорушкан (Анисимов, 1952, б. 203). Денесинин жарымы адамдыкындай, жарымы айбандыкындай тотемдерге сый-урмат керсетуп, ыйык саноо диний ишенимдерде кецири
5 Бул титулдардын аталышы жана айтылышы так белгилуу болбогонуна карабастан алардын нтке байланыштуу экендиги шексиз.
тараган. Шамандар итке болгон урматын керсетуу учун кайыш курга иттин элеси тушурулген темир буюмду кийиминин этегинин оц жагына илип коюшкан. Иттин рухун душманына тукуруп, ara оору женетуу учун сырткы кийимдерине бекем чынжырды символдоштурган темирди илип алышкан (Pekarskiy, 1945, б. 423). Турк элдеринде иттин орду жогору болгондугун Сибирь элдери (Radloff, 1883, б. 315)6 жана казактарда балага ат коюуда ит же ara байланышкан сездерду пайдалангандыгынан керунет (Rasony, 1953, б. 328).7 Ит сезунен коюлган ысымдардан Сибирь элдеринде Ит-аяк менен туркмендердун теке уруусундагы Италмаз ысымдары кецул бурууга арзыйт (Radloff, 1883; Васильев, 1954, б. 191-192). Кыргыздарда "желкеси ак жундуу итти" билдирген Мойнок ысымы да балдарга коюлган (Абрамзон, 1949, б. 107). Анатолиянын айылдарында жаш балдарды энук (кучук) деп эркелетуу иттин турктерде мааниси жогору болгондугунан кабар берет (Caferoglu, 1948, б. 612).
Жалпы турк элдеринин ономастикасында "ит" сезу катышкан кептеген аталыштар кездешерин жогорудагы мисалдардан кердук. Ошондуктан алардын баарына токтолбой, бирок бир нече мисалдарды берууну туура кердук. Мисалы, казактар Ала-Келду ит-ичпес деп аташса, Чымкентте Ит-Арка аттуу жер аты, кыргыздарда итемген уругу, Астрахан облусунда Иткожа аттуу жер, ал эми Анатолияда шейх Эдебалынын теккеси (дервиш жашаган мазар) жайгашкан Эскишехирдеги Итбурну деген жай кездешерин айтууга болот (Тынышпаев, 1927, б. 64; Шмидт, 1927, б. 308; Сыдыков, 1927, б. 306; Материалы по истории Казахской ССР, 1940, б. 285; Uzun9ar§ili, 1947, б. 26; Cihan nüma, I, б. 75).
Илханиддердин сарайында атактуу дербиштин ысымы Барак болушу ит культунун турк элдеринин уламыштарында эле эмес, кунумдук турмушта да терец тамырлаганынын белгиси. Барак-баба исламга шаманизмдин таасирлери кецири жайылган мезгилде ушундай лакапты алган (Köprülüzade, 1929, бб. 14-15).8 Турк-ислам тарыхый булактарында сопу Сары Салтук езунун муриддерине барагым деп кайрылгандыгы маалым (Köprülüzade, 1929, б. 14, комм. 26). Мынтип кайрылуу бир гана сопу агымында эле эмес, жалпы турк ономатикасында кецири кездешет. Марко Полонун эмгегинде дал ушундай ысымдуу монгол ханзадасынын аты эскерилсе, 1269-1270-жж. Туркменстандын туштук аймактарына жортуулга чыккан чагатай башчыларынын биринин ысымы да Барак болгон (Карлы, 1956, б. 137). Дал ушундай эле антропоним, б.а. Барак-хан шекилинде 1550-жылдарда Ташкент шаарынын екумдарларынан болгон Науруз Ахмед хандын ысымы болсо, кожолор династиясынын лакабы да болгон (Вяткин, 1927, б. 7-9). Казак султандарынын биринин аты - Барак болгон (Тынышпаев, 1927, б. 65). Туркмендердун ушак уруусунда барак деген урук кездешет (Иомудский, 1927, б. 323). Бул этноним Анатолиядагы йеруктердегу барак уругу менен толугу менен дал келет. Натыйжада барак аталышы турк элдеринде антропоним да, топоним да жана этноним катары да кецири тараган деп жыйынтык чыгарууга болот (Pelliot, 1950, б. 57-58; Tarim, 1940, б. 2324; Atalay, 1339, б. 37; История Узбекской ССР I, 1955; Материалы по истории Казахской ССР, 1940; Türkiye'demeskun yerlerkilavuzu, 1946, б. 1279).
6 Айрыкча Ахмет Темирдин туркче котормосун карацыз.
7 Кара кыргыздар итти ыйык жандык деп эсептешип, ездерун иттен тараган деп ишенишет (Czaplicka 1918, б. 39).
8 Ушуга окшоп кеткен Койун-деде, короз-баба сыяктуу лакап аттар Стамбул фольклорунда кездешет (Bayri, 1947, бб. 136-137).
9 Аталган эмгекте 15ке жакын Баракка байланышкан жер-суу аттары катталган.
Барак сезу азыркы турк тилдеринде баштапкы маанисин сактап калган. Мисалы, осмондордо жана кыргыздарда "узун, тармал жундуу ит", турктердун Кайсери диалектисинде "оозу-жузу кылдуу, жундуу ит", Денизлиде "орто бойлуу, жундуу ит" дегенди билдирет (Радлов, IV, б. 1477; Hüsnü, 1934, б. 10; Ko§ay-Orhan, 1952, б. 13). Анатолиянын башка говорлорунда "жузумдун сабагына жармашуучу сары курт; чечек жарасынын орду, аралаш" деген маанилерде колдонулган барак сезу, ар кандай шарттардан улам мааниси кецейген шекилдуу (Türkiyede halk agzindan söz derleme dergisi, 1939, 6. 164). Бирок байыркы культтук мааниси унутулбай сакталып, бир тараитан азыркы кезде анатолиялык йеруктердегу барак уругу, бир тараитан байыркы уруу символу же тотеми болгон жундуу итти билдирет.
Кыпчактарды жакындан таанып, алар тууралуу эц кецири маалымат берген орус жылнаамачылары алардагы Ит, Барак антропонимдеринен сырткары ушул эле маанини билдирген Кобяк жана Кончак сездерун жазышат. Ал тургай белгилуу орус дастаны "Игордун кошууну тууралуу сезде" кобяк жана кончак сездеру барак сезунун ордуна колдонулган деген кез караштар бар (Zajaczkowski, 1949, б. 42). "Ит" маанисин билдирген кобяк сезу Селжуктар мамлекети доорунда каардуу вазир катары таанылган Садеттин Копектин ысымында кездешсе, кыпчак ханзадаларынын биринин ысымы да Кобяк болгон (Гордлевский, 1941, бб. 55-56).10 Кончак сезу канчык сезунун кыпчак диалектисиндеги айтылышы деп ойлойм. Эки сез тец кыпчактарда кецири кездешкен ит культунун издери экендиги кумен жаратпайт.
Турк ономастикасындагы ит культунун белгиси катары ит маанисин билдирген квпек сезу. Бул сез турк тилине киринди сез болуп, тамыры индо-европа тилдерине барып такалат. Квпек - ит, барак сездеру сыяктуу кеене эмес, XII-XIII кк. гана туштук аймактарда жашаган турк элдеринин тилинде колдонула баштаган. Аталган кылымдардан мурунку тарыхый булактарда кездешпейт. Кобяк шекилиндеги сез тарыхый булактарда кыпчактардын гана ономастикасында кездешет. Ал эми башка турк тилдеринде квпек деп эле берилет. Квпек сезу антропоним катары тарыхый булактарда эскерилген селжук эмирлеринин бири Садеддиндин (Садеддин Квпек) лакап атына айлангандан кийин турк ономастикасында кецири кездеше баштаган (Atsiz, 1940, б. 29; Houtsma, 1902, б. 212). Ушул эле доорлордо Мавераннахрда бийлик жургузген екумдардын ысымы Квпек болгон (Spuler, 1957, б. 128).11 Осмон императору I. Мехмед Челебинин доорунда (1413-1421) Артык аймагынын деребейлеринин12 биринин ысымы Квпекоглу Хусейин беи (Ne§ri, 1949, I, б. 401) деген инсандын ысымы эскерилет.13 Бул инсан жергиликтуу династиянын екулу болгон (Uzun9ar§ili, 1947, б. 182).14 Жогору мансаптуу, кадыр-барктуу эле адамдын квпек деген атты же лакапты езуне ыйгарышы кокустук эмес деп ойлойбуз. Исламдын таасирине карабастан турк культтарынын элдик ишенимдерде кецири кездешиши албетте табигый нерсе. Мындай культтук ишенимдер тууралуу баа жеткис маалыматтарды камтыган "Деде Коркут китеби" эмгегин айтса болот. Осмон султаны I. Сулайман Дацазалуунун мезгилинде императорлуктун бир аймагы болгон
10 Бул жердеги Кобяре сезу биздин квпек сезунун башка бнр айтылышы экендиги шексиз. Тилекке каршы биздин сездуктерге бул сез кирбей калган.
11 Изилдеечу екумдардын ысымын кепек шекилинде окуса болоорун да белгилеген.
12 Борбордук бийликке шарттуу турде гана баш ийген жергиликтуу бийлик екумдары.
13 Тарыхый булактагы текст: Inaloglu ve Kôpekoglu ki sultan ile ugraçmiçdi, cumlesi gelup sultan elin ôpduler. Котормо: Иналоглу менен Кепекоглу султан менен жолугуп, екум боюнча султандын колун ебушту (Neçri, 1949, II, б. 480).
14 КвпекоглуХусейин бей тууралуу деталдуу маалыматтарды карацыз: (Sumer, 1953, 456, комм. 5). Башка осмончо тарыхый булактарда да Кепекоглу Хусейин тууралуу кецири маалыматтар бар.
Туркман-ы Халеп (Алеппо туркмендеру) тууралуу жазылган дептерлерде туркмен башчыларынын аты-жену менен кошо алар таандык болгон уруунун аты, б.а. квпек этноними кошо айтылса, булар жашаган аймактардын бири Квпекли Авшар деп да аталган (Sümer, 1953, бб. 454-455). Бул дептерлердеги маалыматтарды тимуриддер доорунун тарыхчысы Шараф ад-Дин Йаздинин берген маалыматы толуктайт. Йазди, Тимурдун 1401 -жылы Сирияга жасаган жортуулу тууралуу сез кылып жатып, Ефрат дарыясынын боюнда квпек туркмендеру жашарын белгилейт (Sümer, 1953, б. 454, комм. 2). Дал ушундай эле этноним башкырларда да кездешет.
Монголдордо да ит сезу антропоним катары кездешип, итти билдирген нокай сезу адам аты катары катталган (Ligeti, 1955, б. 319). Бул маалыматка таянып ит культу монголдордо да болгон деп жыйынтык чыгарса болот.
Жогоруда берилген маалыматтарга карабастан азыркы кунде иттин касиетине болгон ишеним бакшылык, сыйкыр енерунде гана сакталып калган (Bayri, 1947, б. 14). Тилекке каршы итке сыйынган жашыруун сектанын ишенимдери боюнча чакан изилдеелер да жургузулген эмес. Тек гана XVII к. турк саякатчысы Эвлия Челебинин бул маселе боюнча бир Караганда апыртма сыяктуу керунгенсунген маалыматтары кецул бурууга арзыйт. Челеби, Азербайжандын Ширван шаарын аралап еткен Ахсу дарыясынын боюндагы Махмудабад аймагы тууралуу сез кылып, бул аймакта жашаган армян, гекдолак, туркмен, монгол, кумук сыяктуу элдер менен кошо "ит тилдуу" бир уруудан да сез кылат (Evliya Qelebi, 1314, б. 290). Челеби бул эл (хав-хав) деп уруп, ибадат кылышарын белгилейт. Ал тургай
мындай уруу Туркиянын Мардин аймагына жакын жерде да жашайт деп жазат.15
Эвлия Челеби берген маалыматтар апыртмадай керунгену менен анын жазганында чындыктын улушу бардай. Б.а. Иранга жакын аймактарда мазарларына иттин башын асып койгон "хавхаввиййе" аттуу уруу тууралуу кеп бар. Алардын ибадат эрежелери дал Челеби суреттегендей. Тилекке каршы "итке окшош" бул эл тууралуу маалыматты башка эч жерде кездештире албадым. Маалымат кездештируу да мумкун эместей. Бирок келечекте турк элдеринин диний ишенимдерин изилдеген изилдеечулер бул байыркы культ тууралуу толук изилдеелерду жасашат деп ынанам.
Турк элдеринде байыркы кеене ишенимдерге таянган бул культ Алтай челкемунун маданият тарыхчыларынын айтымында "ат культу" алгач турктерде пайда болсо, "ацчылык культу" жана "ит культу" сыяктуу ишенимдер башка элдер менен аралашуудан келип чыккан. Бирок мындай ишенимдердин чыныгы ээлери турктер болгон. Ушундан улам турктерду маданият тарыхынын методдору менен изилдееде бул элдин тээ байыркы кечменчулук доорлордо эле алгачкы дуйнелук маданиятка кошкон салымын баса белгилей кетуу керек. Муну жалпы адамзаттык маданияттагы диний мотивдерден оцой эле таап керсетууге болот.
15 Аталган урууну аёосуз суреттеген Челеби аларды Иранда "шам ечургучтер" деп аташарын да кез жаздымда калтырган эмес.
Адабияттар
Абрамзон, С.М. (1947). "Этнографические сюжеты в киргизском эпосе "Манас". Советскаяэтнография, Вып. 2, 134-155. Москва: Издательство АН СССР.
Абрамзон, С.М. (1949). "Рождение и детство киргизского ребёнка (Из обычаев и обрядов тяньшаньских киргизов)". Сборник Музея антропологии и этнографии. Вып. XII, с. 277-332. Москва, Ленинград: Издательство АН СССР.
ад-Дин, Рашид. (1858). Сборник летописей. История монголов. Сочинение Рашид-Эддина. Ч. I: Введение: о турецких и монгольских племенах. (Пер.: с перс., введ. и примеч. И.Н. Березина). Санкт-Петербург: Труды Восточного отдела Императорского Русского Археологического общества.
ад-Дин, Рашид. (1861). Сборник летописей. История монголов. Сочинение Рашид-Эддина. Ч. II: Введение: о турецких и монгольских племенах. (Пер.: с перс., введ. и примеч. И.Н. Березина). Санкт-Петербург: Труды Восточного отдела Императорского Русского Археологического общества.
Анисимов А.Ф. (1952). "Шаманский чум у эвенков и проблема происхождения шаманского обряда". Сибирский этнографический сборник. I: ТИЭ. Новая серия. Москва, Ленинград: Издательство АН СССР.
Бартольд, В.В. (1918). Улугбек и его время. Петроград: Типография Российской Академии наук.
Васильева, Г.П. "Туркмены-нохурли". Среднеазиатский этнографический сборник. Вып. I. Москва: Издательство АН СССР.
Вяткин, В.Л. (1927). "Шейхи Джубайри. I. Ходжа Ислам". А.Э. Шмидт и Е.К. Бетгер (Ред.), В. В. Бартолъду туркестанские друзья, ученики и почитатели (сс. 3-20). Ташкент.
Гордлевский, В.А. (1941). Государство СелъджукидовМалойАзии. Москва; Ленинград: Издательство Академии наук СССР, (Труды Института востоковедения Академии наук СССР. XXXIX).
Гурлянд, И.Я. (1904). Степное законодательство с древнъйшихъ временъ по 17-ое столттге. Казань: Тип. Имп. Казан, ун-та.
Диваев, A.A. (1908). "Ит-ала-каз". Этнографическое обозрение. № 1-2, с. 149—150.
Добрынин, М.А. (1953). "Стихотворные легенды на монетах Сефевидов". Эпиграфика Востока. Вып. VIII. с. 63-76.
Иомудский, H.H. Караш-хан оглы. (1927). "Из народного предания туркмен. О родословной туркмен-иомудов". А.Э. Шмидт и Е.К. Бетгер (Ред.), В. В. Бартолъду туркестанские друзья, ученики и почитатели (сс. 313-328). Ташкент.
История Узбекской ССР. Том 1. Книга первая. Ташкент: Издательство Академии наук Узбекской ССР.
Карлы, Д.И. (1956). "Сборник летописей" Рашид ад-Дина о Южном Туркменистане. Том III (XIII-XIV вв.)". Ученые записки Туркм. Ун-та. Вып. 3, сс. 133-142.
Карпини, 1оанн, де Плано. (1911). История монголов. Вильгельм де Рубрук. Путешествие в восточные страны. (Введение, перевод и примечания А. И. Малеина. Съ приложешемъ 8 рисунковъ, карты и указанш). СПБ: Издаше А. С. Суворина.
Кононов, А.Н. (1958). Родословная туркмен. Сочинение Абу-л-Гази, хана хивинского. Москва, Ленинград: Издательство Академии наук СССР.
Материалы по истории Казахской ССР: 1785-1828 гг. (1940). Москва, Ленинград: Изд-во Акад. наук СССР, Т.4.
Радлов, В.В. (1911). Опыт словаря тюркских наречий. T. IV. С-Петербург: Типографш Императорской Академш Наук.
PaeoBCKiñ, Д.А. (1933). "Печенеги, торки и берендеи на Руси и въ Угрш". Seminarium Kondakovianum, VI, с. ^7. Praha: Kondakov Institute.
Смирнов, В.Д. (1887). Крымское ханство под верховенством Отоманской Порты до началаХУШвека. С-Петербург: УниверситетскаятипографияКазани.
Сыдыков, A.A. (1927). "Родовое деление киргиз". А.Э. Шмидт и Е.К. Бетгер (Ред.), В. В. Бартолъду туркестанские друзъя,ученики и почитатели (сс. 273-30i). Ташкент.
Толстов, С.П. (1935). "Пережитки тотемизма и дуальной организации у туркмен". Проблемы истории докапиталистических обществ, № 9—10.
Толстов, С.П. (1948). По следам древнехорезмийской цивилизации. Москва, Ленинград: Изд-во АН СССР.
Тынышпаев, М.Т. (1927). "Ак-табан-шубрынды. (Великие бедствия и великие победы казаков)". А.Э. Шмидт и Е.К. Бетгер (Ред.), В. В. Бартолъду туркестанские друзъя,ученики и почитатели (сс. 57-69). Ташкент.
Шмидт, Э.А. (1927). "Материалы по родовому составу казакского населения юго-западной части Чимкентского уезда". А.Э. Шмидт и Е.К. Бетгер (Ред.), В. В. Бартолъду туркестанские друзья, ученики и почитатели (сс. 57-69). Ташкент.
Atalay, Besim. (i339). TürkBüyükleri veya Türk adlari. Ankara: Matbaa-i Amire.
Atsiz, Hihal. (1940).Müneccimba§i §eyh AhmedDede Efendi: Hayati ve Eserleri. Karahanlilar fasikülü. ístanbul: Türkiye Yayinevi.
Aydin, Ko§ay-Orhan H. (i952). Anadilden Derlemeler II. Ankara: Türk Dil Kurumu Yayinlari.
Bayri, MehmetHalit. (1947). îstanbulFolkloru. Istanbul: TürkYayinlari.
Beçevliyev, V. (1945). "Proto-BulgarlarinDini". TTKBELLETEN, c. 9, sayi. 34, ss. 213-262.
Caferoglu, Ahmet. (i947). "K^ük, Çocuk, Enik Kelimelerinin Morfolojik ve Semantik DegiçmelerineDair". Türk DiliAraçtirmalari Yilligi - Belleten. Seri III, No. i0-ii, ss. 6-i2.
Caferoglu, Ahmet. (1958). "Le Culte de la Chasse dans l'onomastique Turque". Actes et Mèmoires du Cinquième Congrès International de Sciences Onomastiques, Volume II, 3-б. Salamanca.
Chavannes, Edouard. (i906). Le cycle turc des douze animaux. T'oung Pao se'rie 2, Volume VIII. Leiden: E.J. Brill.
Czaplicka, M.A. (i9i8). The Turks of Central Asia in History and the Present Day. Oxford: Clarendon Press.
Çelebi, Evliya. (i3i4). Seyahatname II. Dersaâdet [ístanbul]: Îkdâm Matbaasi.
Dede Korkut. (1938). (Orhan §aik Gökyay yayimi). Istanbul: Arkadaç Basimevi.
Gabain, Annemarie von. (i956). "Religiöse Vorstellungen altaischer Völker nach P. Wilhelm Schmidt". Anthropos. Volume 5i, pp. i067-i074.
Hüsnü, H. (i934). Kayseri sözlügü. Kayseri: Yenimatbaa.
Houtsma, M. Th. (1902). "Histoire des Seljoucides d'Asie Mineur d'après l'abrégé du Seldjouknameh d'Ibn-Bibi". Recueil de textes relatifs à l'histoire des Seldjoucides, IV. Leiden: E.J. Brill.
Înan, A. (1949). "Barak Efsanesi". BELLETEN, 13(49), 151-151.
Kaçgarli Mahmut. (1939). Divanü Lugat-it-Türk Tercümesi. (Çeviren: Besim Atalay). Ankara: Türk Dil Kurumu Yayinlari.
Köprülüzade, Mehmed Fuad. (1929). Influence du Chamanisme Turco-Mongol sur les Ordres Mystiques Musulmans. Îstanbul: ist. Darülfünunu TürkiyatEns.
Koppers, Wilhelm. (1930). "Der Hund in der Mythologie der zirkumpazifi sehen Völker". Wiener Beilrdge zzer Kulturgesehichte und Linguistik I. Wien: Universitäts-Institut für Völkerkunde.
Ligeti, Lajos. (1955). "Rev. on Louis Hambis "Le chapire CVIII du Yuan che". Acta Orientalia. Academiae Scientiarum Hungaricae. Tomus V, Fasciculu 3, pp. 315-323.
Marquart, Joseph. (1914). "Ober das Volkstum der Komanen". Abhandlungen der Königlichen Gesellschaft der Wissenschaften zu Göttingen. Philos.-hist. Klasse. Neue Folge, XIII, № 1. Berlin: Weidmann.
Müller, Friedrich, W.K. (1915). Zwei Pfahlinschriften aus den Turfanfunden: Die uigurische Inschrift auf dem Pfahle IB 4672. Berlin : Verl. d. Königlichen Akad. d. Wiss.
Neçrî, Mehmed. (1949). Kitâb-i Cihan-Nümä: Ne§rî Tarihi: I. Cilt. Ankara: Türk Tarih Kurumu Basimevi.
Pekarskiy, E.K. YakutDili Sözlügü. T.l. Türk Dil Kurumu yayinlari (Cilt 4). Îstanbul: Ebüzziya Matbaasi.
Pelliot, Paul. (1950). Notes sur l'histoire de la Horde d'Or (Oeuvres posthumes de P. Pelliot, II.) 292 pp. Paris: Librairie d'amérique et d'orient.
Radloff, Wilhelm.(1893). Aus Sibirien. Band I. Leipzig: T.O. Weigel Nachfolger (Chr Herm. Tauchnicht).
Rasony, Lazslo. (1935). "Contributions à l'histoire des premières cristallisations d'état des Roumains. L'origine des Basarabas". Archivum Europae Centro Orientalis. Vol. I, 221-253. Budapest: Osmitteleuropäische Bibliothek III).
Rasony, Lazslo. (1958). "Sur quelques catégories de noms personnes en turc". Acta Linguistica Hungarica. III, fas. 3-4, 323-352. Budapest: Akadèmiai Kiado.
Schacht, Joseph. (1950). The origins of Muhammadan Jurisprudence. Oxford: Clarendon Press.
Schmidt, Wilhelm. (1949). Der Ursprung der Gottesidee, IX. Die asiatischen Hirtenvölker. Die primären Hirtenvölker der Alt-Türken, der Altai-und der Abakan-Tataren. XXXI + 899 8°. Freiburg, Schweiz 1949. Paulusverlag. - Münster. i. Wien: Verlag Aschendorff.
Spuler, Bertold. (1957). IranMogollari. Siyaset, îdare ve Kültür, îlhanlilar Devri (1220-1350). (Çev. Cemal Köprülü). Ankara: Türk Tarih Kurumu.
Sümer, Faruk. (1953). "Avçarlara dair". Osman Turan (Haz.). 60. Dogum Yili Münasebetiyle Fuad Köprülü Armagani. Ankara: Türk Tarih Kurumu.
Tarim, Cevat Hakki. (1940). Kirçehir Tarih ve Cografya Lûgati. Kirçehir: Kirçehir Vilayet Matbaasi.
Türkiye'de HalkAgzindan SözDerleme Dergisi. Cilt 1. (1939). Îstanbul: Cumhuriyet Matbaasi. Türkiye'deMeskün YerlerKilavuzu. Cilt 1. (1946). Ankara: îçiçleri Bakanligi.
Uzun9ar§ili, ismail Hakki. (1947). Osmanli Tarihi, 1. C: Kurulu§tan Istanbul'un Fethine Kadar. Ankara: Türk Tarih Kurumu Basimevi.
Validi, Togan, A.Z. (1939). Ibn Fadlan's Reisebericht. Leipzig: Abhandlungen für die Kunde des Morgenlandes. Bd. 24(3).
Zaj^czkowski, Ananiasz (1949). Zwiqzki jgzykowe potowiecko-stowiahskie. Wroclaw: nakladem Wroclawskiego Towarzystwa Naukowego.