ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОЛОГИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOLOGY
e-ISSN: 1694-8874
№2(2)/2023, 49-56
УДК: 398.22
DOI: 10.52754/16948874 2023 2(2) 6
КЫРГЫЗ ЖАНА АЛТАЙ ЭПОСТОРУНДАГЫ БААТЫРГА AT КОЮУГА БАЙЛАНЫШТУУ МОТИВДЕРДИН САЛТТУУ БЕРИЛИШИ
ТРАДИЦИОННОЕ ИЗЛОЖЕНИЕ МОТИВОВ, СВЯЗАННЫХ С НАРЕЧЕНИЕМ ИМЕНИ ГЕРОЯ В КЫРГЫЗСКИХ И АЛТАЙСКИХ ЭПОСАХ
TRADITIONAL PRESENTATION OF MOTIVES ASSOCIATED WITH THE NAMING OF THE HERO IN THE KYRGYZ AND ALTAI EPICS
Жолдошова Кимсан Жумабаевна
Жолдошоеа Кимсан Жумабаевна Joldoshova Kimsan Zhumabaevna
окутуучу, Ош мамлекеттик университети
преподаватель, Ошский государственныйуниверситет Lecturer, Osh State University joldosheva.kimsan83a@gmail.com
КЫРГЫЗ ЖАНА АЛТАЙ ЭПОСТОРУНДАГЫ БААТЫРГА АТ КОЮУГА БАЙЛАНЫШТУУ МОТИВДЕРДИН САЛТТУУ БЕРИЛИШИ
Аннотация
Макалада кыргыз жана алтай эпосторундагы баатырга ат коюуга байланыштуу мотивдердин салттуу берилиши иликтееге алынды. Кыргыз жана алтай элдери тубу тектеш элдер болуу менен бирге маданий жана адабнй жалпылыктарга да ээ. Бул айрыкча экн элднн эпосторунан ачык керунет. Кыргыз жана алтай эпосторунун тутумундагы баласыздык, ата-эненнн тушуне аян беруу менен баатырдын укмуштуу болуп терелушу, ат коюу, ете тез есуп, кучтуу болуп эрезеге жетншн, укмуштуу эрднктердн керсетушу сыяктуу мотнвдер аталган эки элднн эпосторундагы салттуу керунуштерден болуп саналат. Изилдееде кыргыз жана алтай элдернннн элдик оозеки чыгармачылыгындагы орток эпнкалык чыгармаларына басым жасалып каралып, алардын эпосторундагы баатырга ат коюуга байланыштуу орток жана архаикалык мотивдерге азыркы коз караштан туруп мунездеме бернлнп, айрым коз караштар, пнкнрлер салыштырылып талдоо жургузулду. Эки элднн эпосторунун арасындагы байланыш, типтуу белги-касиеттер, окшоштуктар жана айырмачылыктар аныкталып каралды.
Ачкыч свздвр: Кыргыз жана алтай фольклору, тектештик, жанрлар, орток сюжет, архаикалык мотнвдер, салттуулук, образ, сюжет.
ТРАДИЦИОННОЕ ИЗЛОЖЕНИЕ МОТИВОВ, СВЯЗАННЫХ С НАРЕЧЕНИЕМ ИМЕНИ ГЕРОЯ В КЫРГЫЗСКИХ ИАЛТАЙСКИХ ЭИОСАХ
Аннотация
В статье исследуется традиционное изложение мотивов, связанных с имя наречением богатырей вкыргызских и алтайских эпосах. Кыргызские и алтайские народы являются родственными народами, но также имеют культурные и литературные общие черты. Особенно это проявляется в эпосах двух народов. Такие мотивы, как бездетность в системе кыргызских и алтайских эпосов, чудесное рождение героя откровением в снах родителей, именование, очень быстрое взросление, взросление сильным, проявление необыкновенных подвигов, являются традиционными явлениями в эпосах этих двух народов. В исследовании рассматриваются общие эпические произведения кыргызского и алтайского фольклора, охарактеризованы общие и архаические мотивы, связанные с именованием героев в их эпосах с современной точки зрения, сопоставлены и проанализированы некоторые взгляды и мнения. Выявлены связи, типичные черты, сходства и различия между эпосами двух народов.
TRADITIONAL PRESENTA TION OF MOTIVES ASSOCIATED WITH THE NAMING OF THE HERO IN THE KYRGYZ AND AL TAI EPICS
Abstract
The article examines the traditional exposition of motifs associated with the names of heroes in the Kyrgyz and Altai epics. Kyrgyz and Altai peoples are related peoples, but also have cultural and literary commonalities. This is especially evident in the epics two peoples. Such motives, as statelessness in the system of Kyrgyz and Altai epics, the miraculous birth of a hero, the revelation in the dreams of parents, naming, very fast adulthood, the growth of strong, the manifestation of unusual epics, the appearance of extraordinary tales. The study focuses on common epic works of Kyrgyz and Altai folklore, characterizes common and archaic motifs associated with the naming of heroes in their epics from a modern point of view, and compares and analyzes some views and opinions. The connections, typical features, similarities and differences between the epics of the peoples were identified.
Ключевые слова: кыргызский и алтайский фольклор, сходство, жанры, общий сюжет, архаические мотивы, традиция, образ, сюжет.
Keywords: Kyrgyz and Altai folklore, similarity, genre, general plot, archaic motifs, tradition, image, plot.
Киришуу
Жашоодо адам баласы ез емурунун канча экенин билбеген сыяктуу эле, ал жарык дуйнеге келгенден кийин езуне кандай ысым алууну да езу чечпейт. Ошондуктан кепчулук элдерде, анын ичинде кыргыз элинде да биздин ата-бабаларыбызда да бул социалдык акт болуп саналат. Ал нерсе сездун кереметтуу кучуне ишенууге негизделген. Окумуштуулардын пикири боюнча, бул алгачкы коомдун адамдарынын сездун, тыбыштардын топтому эмес материалдык нерсе катары кабылдагандыгы менен тушундурулет. Ал эми архаикалык салтта болсо адам баласына коюла турган ысым жогорку кучтерге тиешеси бар бирее тарабынан берилгендиги менен белгилуу болот. Байыркы турктерде бала терелгенде ara ат коёордон мурун анын жынысын тергеп аташкан. Турктерде бала терелгенде анын жынысын айпай, уул терелсе - беру, кыз терелсе - тулку деп аташса, ушул эле салт кыргыздарда да кездешет (Абдимиталип уулу, 2022, б. 131; Мурзакметов, 2005, б. 22).
Негизинен балага ат коюу - бала терелгенден кийинки аткарыла турган жооптуу иш -чаралардын бири болуп эсептелинет. Адатта балага ысымды аксакал киши же ез атасы коюп келген. XX кылымдын башында балага ат коюуга байланыштуу мындай тарыхый бир маалымат жазылып калган. Алгач балага ат коюнун алдынан союш союлуп, ал уйге коноктор чакырылат. Келген коноктор тамак жеп буткенден кийин, атайын калтырылган жото жиликти жана баланы терде отурган аксакалга алып келишет. Андан соц аксакал жиликтин этин туурап, отургандардын баарына ооз тийгизет жана балага ат коёт. Кыргыздар балдардын атын жакшы тилек менен байланыштырууга аракет кылып келишкен. Алар балага коюлган ат анын келечектеги жашоо,турмуш, тагдырына таасир берерине ишенишкен.
Изилдеенун материалдары жана методдору
Макаланын объектиси катары кыргыз жана алтай эпосторундагы баатырга ат коюуга байланыштуу мотивдердин салттуу берилишине байланышкан айрым бир актуалдуу маселелер, кез караштар, изилдеелер тандалып алынды. В. М. Жирмунский, Р. 3. Кыдырбаева, М. Мамыров, А. К. Мурзакметов сыяктуу окумуштуулардын эмгектерине таянуу менен иликтее алый барылды. Изилдее анализ, салыштыруу, тиитештируу, сыиаттоо жана тектештируу методдоруна негизделет.
Элдик ишенимдерде белгилуу болгондой эле байыркы доорлордо балага ат коюуда ал терелген мезгилдеги болуп жаткан кандайдыр бир окуялар, жыл мезгили, жаратылыштагы аба ырайы да эске алынгандыгы байкалат. Маселен, "Курманбек" эпосундагы башкы каарман болгон баатыр Курманбектин тагдыры езунун атына окшош болуп, ал емурун, жанын эли, жери учун курман кылган баатыр болсо, "Манас" эпосундагы Кекетей хан уулуна Бокмурун деген атты балага жаман ат койсо атты уккан адам ирээнжип, кез тийбейт, назар тушпейт, аман журет деген элдик ырым-жырымга байланыштуу койгон. Ал эми кыргыз жана алтай элдеринин эпосторунда балага ат коюу боюнча мындай маалыматтар, кез караштар арбын кездешет.
Натыйжалар жана талкуулар
Эпостордогу баатыр болуучу балага ат коюу - эпостогу салттуу сюжеттик формулалардын езунче бир туру болуп эсептелинет. "Наречение имени играет весьма существенную роль в эпической биографии героя богатырской сказки как магическое благословление предсказание его будущего героического пути" (Жирмунский, 1974, б. 229), -
деп В. М. Жирмунский керсеткендей, эпостогу баатырдын аты да затына шай келуусу менен анын образын толуктап турары анык. Ошентип эпикалык каармандын ата -энесинин жана элдин тилегин кексеп, зарлаган максатын ишке ашыруучу баатыр бала болуп терелушу, ara ат коюу, эр жетуусу адаттан тыш укмуштуу мотивдер менен коштолуусу эпикалык планда табигый иерее. Бул женунде Р. Сарыибеков: "Элдин тушунугунде улуу миссия учун атайы терелген адам катардагы эле бирее эмес, кандайдыр адаттагыдан тышкары болууга тийиш. Мындай адаттан тышкаркы укмуштуулук, езгечелук алдын ала сезилии турууга тийиш. Ошондуктан анын бойго бутуу, терелуу, эр жетуу процессине кецири кецул белунет", - деп жазат(Сарыпбеков, 1987, б. 39).
Ал эми окумуштуу А. К. Мурзакметов балага ат коюу тууралуу элдик ишенимдерге байланыштырып: "Балага молдону же айылдагы аксакалдардын бирин чакыртып келип, кулагына азан айттырышкан. Андан кийин бебекке ат коюлган. Баланын жарык дуйнеге келгенден кийинки алгачкы алган белеги - анын ысымы. Бул биринчи энчиде (атта) ата -эненин чексиз умумту, баладан куткен келечек максаты жатат. Адамдын турмушунда анын ысымы зор мааниге ээ. Жасалган бардык жакшы же жаман иштерде адамдын аты аталат. ошондуктан кыргыздар "Жаманатты (жаман аттуу) болгондон кудай сактасын" деп тилешет. Балдарга тарбия берууде да "биздин атыбызга наалат келтирбе, жаманатты кылба" деп эскертишсе, баласыздар болсо "атым ечуп калат" деп тынчсызданышкан. Атка езгече маани беруу тилибиздеги "Атьщ чыкпаса, жер ертте" деген макалдан таасын байкалат. Кыргыздардын ат коюуга ото жоопкерчиликтуу карашкандыгын "Манастагы" мисалдар да толук далилдей алат. Бай Жакып элууден откенде уулдуу болуп, той берип, чогулган элден баласына ат коюп берууну отунгенде, аксакалдар узакка чейин ылайыктуу ысым таба албай кыйналып туруп калышат. Бул кырдаал эпосто:
Ат коюцар деп айтып, Аксакал Жакып кеп айтып, Кептун келди кашына, Ат асмандан дечу эле, Жакшы ат коёр бекен деп, Козун салып бай Жакып
Аяк менен башына, - деп берилет. Мындагы "Ат асмандан дечу эле" деген саптан кыргыздардын адамдын ысымын Тецирдин ыйык белеги катары кабылдашканын керебуз. Бабаларыбыз адам терелгенде асманда анын жылдызы кошо терелет деп ишенишкен. Эпосто чогулган элге ак кулелу дубана жардамга келип, ал балага Манас деп ат коёт. Байыркы турк урууларында балага атты айыл же уруу аксакалдары коюшкан. Кийин араб маданияты тараганда бул ишти дербиш, календер, дубана, молдолор колго алган. Жогорудагы факт да муну тастыктап турат", - деген пикирин билдирген (Мурзакметов, 2005, б. 24-25). Жогорудагы пикирлердин бардыгы балага ат коюу анын кийинки тагдырына байланыштуу болуп, кайсы бир децгээлде анын емурун мунездеечу, прогноздоочу мааниге ээ экендигин керсетуп турат жана фольклордук чыгармачылыкта ез изин калтырган десек болот.
Кыргыз эпосторундагыдай эле каарманга ат коюуга байланышкан эпикалык мотив казак фольклорундагы "Козуйке менен Баян" эпосунда да кездешет, бешик тойдо уулга эл арасынан чыккан жуз жаштагы Ак - Сагал, кызга кемпир ат коёт. Бул баатырдык - архаикалык чыгармалар болуп эсептелген алтай, шор эпосторундагы ("Алтын - Тойчи", "Алтын - Бизе",
"Алтын - Сом") бала чоцойгондон кийин колуна айран алып, талаага чыгып, езуне ат коюп беруучу адам издегенге окшош, адатта карыя адам келип, баатырга ат коюп, айранын ичет, же болбосо баатыр менен анын минуучу аты экое бири - бирине ат коюшкан мотивдерге салыштырганда бир кыйла кийин пайда болгон десек жацылышпайбыз.
Ал эми кыргыз эпостору "Эр Тештук", "Жоодарбешимде" да балага ат коюуда капысынан пайда болгон аксакалдын ысым бериши орун алган (Эр Тештук, 1996; Жоодарбешим, 1997). Бул мотивдин турк - монгол элдеринин эпикалык чыгармаларында орток экендигин боюнча Р. 3. Кыдырбаеванын теменкуче пикирине кошулуу менен тастыктоого болот: "Бул жагдайда дубананын образынын ачык трансформациясы байкалат. Кыргыз эпосторундагы турмуш тажырыйбасы менен акылмандыкка жеткен карыянын образы экинчи планга сурулген. Эпос учун жацы болгон мусулмандашкан мотивдер келип чыккан. Мында дубананын образы баатырдын жердеги жашоосун аныктоо учун жогортон женетулген ыйык карыянын образы катары кабылданат. Мисалдан исламга чейинки байыркы езек мотив кийинки тарыхый этаптарда башка идеялык мотивдердин нугунда кайрадан ойлонулуп иштелип чыккандыгын бекем ынаным менен байкоого болот" (Кыдырбаева, 1996, б. 190). Мында окумуштуу алгач аксакал катары берилген образ кийинки мезгилдерде эл турмушуна келип кирген ислам дининин таасири менен дубананын образына айлангандыгын белгилейт.
Элдик эпостордо балага ат коюу туруктуу сюжеттик белук катары калыптанган. Кайсы гана эпосту албайлы ата - эненин, эл - журттун тилеги менен дуйнеге келген башкы каарманга ат коюуга езгече кецул белунгенун байкоого болот. Анткени ат, ысым адамдын тагдырын аныктоочу мааниге ээ деп билишкен. "Эр Тештуктегу" Тештук деген ысым тешу туктуу, баатыр дегенден келип чыккан деген тушунук да бар.
Кыргыз жана алтай эпосторундагы болочоктогу баатыр балага ат коюу езунче бетенчелуктерге ээ. Алсак, кеп убакытка чейин баланын ысымсыз болуп журушу, качан гана ал тестиер болгондо капыстан пайда болгон аксакал тарабынан ат коюлушу "Эр Тештук" эпосунун В.В. Радлов жазып алган нускасы менен алтай эпосторунда бирдейликте келет.
Баатыр болуучу балага ат коюу мотивине манасчы Жусуп Мамайдын вариантынан мисал келтирсек, Тештукту энеси эки жыл боюнда кетерет, терей албай кыйналып жургенде элине кецеш салган Элеманга ак чач аял жолугуп, кардын жарып албасац балац мерт табат дейт. Анын айтканын аткармакчы болгондо бала курсактан суйлеп, элге кудайы беруусун айтат. Бала чоц терелуп, оозантканда алты карын майды бир жеп оозанат, жети кунде басып, атасы менен эл аралайт. Анын атын койгондо тешу туктуу терелгендугу эске алынып Тештук коюлат. Изилдеечу М. Мамыровдун пикири боюнча Тештук деген ысым жердин кучтуу тецири, жер ээси деген кеене ишенимди туюндурган мааниден келип чыккан. Окумуштуунун ою боюнча: "Тешу туктуу жер урсун" деген айтым кыргыз эпосунда белгисиз кездерде Тештук урсун дегенди билдирген (Мамыров, 1986, б. 59-62). Кандай болгондо да бул гипотеза эпикалык каарман Тештуктун архаикалуу башатын керсетуп турганы ачык. Баланын туктуу болуп терелушу "Огуз - намедеги" башкы баатырдын туктуу терелуусуне окшош, мында эпостордогу каармандардын тотемдик генеологиясы, башкача айтканда адам езун жан -жаныбарлардан белуп карай электеги кеене тушунугунун чагылуусу экендиги байкалат.
Ал эми "Эр Тештуктун" казак жана татар версияларында Тештуктун (Теспк, Тушлук) энесинин кош бойлуу кезинде тештун этине талгак болуусу бар, ошондуктан балага Тештук деп ат коюлат. "Эр Тештук" эпосундагы баатыр болуучу баланын укмуштуу терелуусу
Саякбай Каралаевде: "Кара башыл кек койдон самсаалай тартып ирик тууду, Эр Тештукту энеси таманы менен тик тууду", - деп берилет. Эпостун акырында Тештук эл - жерине кайтып келгенде жети жылы боюндагы баланы кетеруп, баатырдын жолун карай журген кереметтуу Кенжеке эркек бала терейт, атын Жолоочу коёт, аны менен бир мезгилде эле терт тулук малдын куту болгон чаар инген ботолоп, кара бээ кулундайт (Эр Тештук, 1996, б. 72 ).
Биз иликтееге алган эпостордо элдик оозеки чыгармачылыктын элдик ырлар, кошоктор, макал - лакаптар сыяктуу бир нече жанрлары бири - бирине аралашып, айкалышып учурайт. Маселен кошоктордон, керээз, арман ырларынан тартып санат - насыяттарга, макал -лакаптарга, жее жомоктордун турлерунен тартып уламыш, мифтерге чейин эпостон табууга болот. Бирок, эпосторубуз ар туркун жанрдагы чыгармалардын жыйнагы, кептеген маалыматтардын женекей топтолушу эмес. Бардык окуяларды бириктирип, байланыштырып турган башкы нерсе - баатырдын емур жолу жана баатырдык иштери. Анда элибиздин жашоо - турмушун, урп - адатын чагылдырган окуялар арбын кездешет.
Тештук баатырдын терелушунен мурун перзент тилеген Элеман менен байбичеси жерлерге сыйынып, курмандык чалат. Бул эпостун дээрлик бардык варианттарында эскертилип айтылат. Перзентке зар болуп, кепке бала кербеген жубайлардын баатыр болуучу перзенттуу болушу жана ara арнап той бериши эпостордогу туруктуу кездешкен окуялардан болуп саналат. Бул окуяга байланыштуу жацы терелген балага ат коюу, ara арнап той беруу салты кенен суреттелген.
Эпостогу кеене ишенимдер анын сюжеттик компоненттеринен болуп, чакан сюжеттик мотивдерден турат. Алсак, каарманга ат коюу мотиви бир нече белуктерге ажырайт. Мисалы, бул алтай эпосторунда:
1. башкы каарман баланын эсине киргенче ысымсыз журушу;
2. баланын энесине кайрылып, анын кецеши менен колуна айран куйган идишти алып талаага чыгып ara ат коюп беруучу кишини издеши;
3. баланын ачуу кыйкырыгынан соц кайыбынан пайда болгон аксакалдын ara ат коюп бериши, колундагы айрандан даам татышы ж.б. (Кыдырбаева, 1996, б. 5).
Ал эми алтай элинин "Алып - Манаш" эпосунда баатырдын терелушу, эрезеге жетиши кыска берилет:
1уртка артар уул буткени Кызарып агар каны]ок, Кыйылып елер тыны]ок, Коо кырлац тумчукту, Кош аркадый кабакту, JapbiH бойдо]апшары]ок, Омырткада уйези j ок, Эки j аак кан - кызыл, Эки кези от - ]албыштый, Ак - боро атка минген
Алып - Манаш баатыр болды (Алтай кай черчектер, 1985, б. 8).
Келтирилген мисалдагы "кызарып агар каны жок, кыйылып елер тыны жок" деген айтым баатырдын елбестугунен кабар берип, женекей пенделерден анын артыкчылыгын керсетуп турат жана алтай, кыргыз эпосторунда туруктуу кездешуучу портреттик мунездемелердегу баатырды сыпаттоо ыкмасы болуп саналат. Ал эми баатыр менен бир катарда ар дайым минген атынын айтылышы кечмен цивилизацияда жашаган элдердеги салттуу керунуш. Баатырды минген буудан атсыз элестетууге мумкун эмес. "Маадай - Кара" эпосунда башкы каарман Кара - Кула атты мингенде езун ишенимдуу сезип максатын жузеге ашырууга багыт алат.
"Маадай - Кара" эпосу алтай эпосторунун ичинен келему боюнча эц улкену болуп 7738 ыр саптарынан турат. Эпостун сюжеттик мотивдери башка алтай эпосторунда учурайт. Алсак, кары ата - энеден баатыр баланын туулушу ("Ак - Тайчи", "Сай - Солоц"); каармандын жаш бала кезинде тыштан жоо келип кол салышы ("Кан - Пудей"); каарманга аксакал, карыянын же байбиченин ат коюшу ("Ай - Каан" ж.б.); баатырдын алыскы жолго чыгуусу жана тоскоолдуктарды жецип эрдиктерди керсетушу, уйуне тастаракай кейпинде келип колуктусун сыноосу ("Темир - Санаа", "Токтобай - Мерген") ж.б. "Маадай - Каранын" экинчи белугунде Кегудей - Мерген тууралуу баяндалып, андагы баатырдын кандын кызына куйее болууга аракеттенип жаткан жигиттер менен турдуу мелдештерде жарышканы учурайт. Маселен, "Когутэйде", "Малчы - Мергенде" да болочок кайнатанын татаал тапшырмаларын аткаруу мотиви кездешет. Булардын баары "Маадай -Каранын" эпикалык чыгарма катары салттуу сюжетке ээ экендигин керсетуп турат.
Корутунду
Жыйынтыктап айтканда, тектеш элдердин эпикалык чыгармаларында, анын арасында биз изилдее объектиси катары алган кыргыз жана алтай элдеринин эпосторунда каарманга ат коюу сюжеттик мотиви да типологиялык окшоштукта берилет. Мында башкы каарман алгач тестиер болгуча ысымсыз журет ("Эр Тештуктун" В. В. Радлов жазып алган вариантында, алтай эпосторунда) кийин энесинин эскертуусу менен атасы эл чакырып той берип баласына ат коюп берууну элден етунет. Каралып жаткан эпостордо аксакалдын балага ат коюусу туруктуу сакталган мотив болуп саналат. Колдоочулук кызматты аткарган аксакал, кийинчерээк трансформацияга учурап дербиш жана башка образда келген кеене кейипкер карыянын катышуусу бул мотивдердеги салттуу, туруктуу керунуш экендиги анык. Жогоруда аталган мотивдер келтирилген мисалдардан даана керунуп тургандай эпостордун алгачкы жаралышынан тартып эле жашап келе жаткан, узак убакыттардын сыноосунан етуп, туруктуу, салттуу сюжеттик формулага айланган керунуш болуп саналат.
Адабияттар:
Абдимиталип уулу Н. (2022). Обычаи, связанные с рождением ребенка у средневековых караханидов и современных кыргызов. Вестник Ошского государственного университета, (3), 126-132. Б01: https://doi.org/10.52754/16947452 2022 3 126. ББК: БЦМОТУ.
Алтай кай чврчвктвр. (1985). т. 1. Сост. Н.У.Улагашев. Туулуу-Алтай.
Акмолдоева, Ш.Б. (2003). Манас ааламы. Бишкек: Илим.
Жирмунский, В. М. (1974). Тюркский героический эпос. Ленинград: Наука.
Жоодарбешим. (1997). Эпос. "Эл адабияты" сериясы, т. 3. Бишкек: Шам.
Кыдырбаева, Р.З. (1996). Эпос "Манас". Генезис. Поэтика. Сказителъство. Бишкек:
Шам.
Мамыров, М. (1986). Адабият бататы. Фрунзе: Илим. Мурзакметов, А.К. (2005). Кыргыз ырым-жырымдары. Ош.
Сарыпбеков, Р. (1987). "Манас" эпосундагы баатырдык мотивдердин эволюциясы. Фрунзе: Илим.
Эр Твштук. (1996). "Эл адабияты сериясы". II т. - Бишкек: Шам.