Научная статья на тему 'КЫРГЫЗ ЖАНА АЛТАЙ ЭПОСТОРУНДАГЫ БААТЫРДЫН ТӨРӨЛҮШҮНӨ БАЙЛАНЫШТУУ МОТИВДЕРДИН САЛТТУУ БЕРИЛИШИ'

КЫРГЫЗ ЖАНА АЛТАЙ ЭПОСТОРУНДАГЫ БААТЫРДЫН ТӨРӨЛҮШҮНӨ БАЙЛАНЫШТУУ МОТИВДЕРДИН САЛТТУУ БЕРИЛИШИ Текст научной статьи по специальности «Языкознание и литературоведение»

CC BY
5
2
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
кыргыз жана алтай фольклору / орток сюжет / архаикалык мотив / баатырдын образы / эпос / кыргызский и алтайский фольклор / общий сюжет / архаический мотив / образ героя / эпос

Аннотация научной статьи по языкознанию и литературоведению, автор научной работы — Жолдошова Кимсан Жумабаевна

Макалада кыргыз жана алтай эпосторундагы баатырдын төрөлүшүнө байланыштуу мотивдердин салттуу берилиши тууралуу кеп кылдык. Аталган элдердин эпосторунда башкы баатырдын укмуштуу болуп төрөлүү мотиви борбордук ролду ойнойт. Мунун өзү элди эркиндикке чыгаруучу баатырдын идеалдуу образынын алгачкы элесин камсыз кылып, анын андан аркы эпикалык, баатырдык тагдырынан үмүттөндүрөт. Изилдөөдө эки элдин эпосторундагы баатырдын төрөлүшүнө байланыштуу болгон көөнө сюжеттик элементтердин эпикалык мотив катары берилиши бир топ мисалдар, мифологиялык башаттар, элдик салт-санаалар жана символдор эске алынып, аларга болгон айрым көз караштар салыштырылып каралды. Макалада кыргыз жана алтай эпосторунун сюжеттик тутумундагы баласыздык, ата-энесинин түшүнө аян берүү менен болочоктогу баатырдын укмуштуу төрөлүшү мотиви иликтөөгө алынды.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

ТРАДИЦИОННОЕ ПРЕДСТАВЛЕНИЕ МОТИВОВ, СВЯЗАННЫХ С РОЖДЕНИЕМ БОГАТЫРЯ В КЫРГЫЗСКИХ И АЛТАЙСКИХ ЭПОСАХ

В статье мы рассказали о традиционном представлении мотивов, связанных с рождением богатыря, в кыргызских и алтайских эпосах. В эпосах этих народов, мотив необычайного рождения главного героя играет главную и центральную роль. Это дает первое впечатление об идеальном образе героя, освободившего народ, и дает надежду на его дальнейшую эпическую, героическую судьбу. В исследовании сопоставляются некоторые взгляды, выраженные в эпосах двух народов, с учетом ряда примеров, мифологических источников, фольклорных традиций и символов, как эпических мотивов, свзанных с рождением героя. В статье рассматриваются мотивы бездетности в сюжетной системе кыргызских и алтайских эпосов, авантюрного рождения будущего героя через прозрение мечтам его родителей.

Текст научной работы на тему «КЫРГЫЗ ЖАНА АЛТАЙ ЭПОСТОРУНДАГЫ БААТЫРДЫН ТӨРӨЛҮШҮНӨ БАЙЛАНЫШТУУ МОТИВДЕРДИН САЛТТУУ БЕРИЛИШИ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОЛОГИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOLOGY

e-ISSN: 1694-8874

№1(1)/2023, 38-45

УДК: 398.22

DOI: 10.52754/16948874 2023 1(1) 5

КЫРГЫЗ ЖАНА АЛТАЙ ЭПОСТОРУНДАГЫ БААТЫРДЫН Т0Р0ЛУШУНе БАЙЛАНЫШТУУ МОТИВДЕРДИН САЛТТУУ БЕРИЛИШИ

ТРАДИЦИОННОЕ ПРЕДСТАВЛЕНИЕ МОТИВОВ, СВЯЗАННЫХ С РОЖДЕНИЕМ БОГАТЫРЯ В КЫРГЫЗСКИХ И АЛТАЙСКИХ ЭПОС АХ

TRADITIONAL REPRESENTATION OF MOTIVES ASSOCIATED WITH THE HERO IN THE

KYRGYZ AND ALTAI EPICS

Жолдошова Кимсан Жумабаевна

Жолдошоеа Кимсан Жумабаевна Joldoshova Kimsan Zhumabaevna

окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель, Ошский государственныйуниверситет Lecturer, Osh State University joldosheva.kimsan83a@gmail.com

КЫРГЫЗ ЖАНА АЛТАЙ ЭПОСТОРУНДАГЫ БААТЫРДЫН ТвРвЛУШУНе БАЙЛАНЫШТУУ МОТИВДЕРДИН САЛТТУУ БЕРИЛИШИ

Аннотация

Макалада кыргыз жана алтай эпосторундагы баатырдын терелушуне байланыштуу мотивдердин салттуу берилиши тууралуу кеп кылдык. Аталган элдердин эпосторунда башкы баатырдын укмуштуу болуп терелуу мотиви борбордук ролду ойнойт. Мунун езу элди эркиндикке чыгаруучу баатырдын идеалдуу образынын алгачкы элеснн камсыз кылып, анын андан аркы эпикалык, баатырдык тагдырынан умуттендурет. Изилдееде эки элдин эпосторундагы баатырдын терелушуне байланыштуу болгон кеене сюжеттнк элементтерднн эпикалык мотив катары берилиши бир топ мисалдар, мифологиялык башаттар, элдик салт-санаалар жана символдор эске алынып, аларга болгон айрым кез караштар салыштырылып каралды. Макалада кыргыз жана алтай эпосторунун сюжеттик тутумундагы баласыздык, ата-энесинин тушуне аян беруу менен болочоктогу баатырдын укмуштуу терелушу мотиви иликтееге алынды.

Ачкыч свздвр: кыргыз жана алтай фольклору, орток сюжет, архаикалык мотив, баатырдын образы,

ТРАДИЦИОННОЕ ПРЕДСТАВЛЕНИЕ МОТИВОВ, СВЯЗАННЫХ С РОЖДЕНИЕМ БОГАТЫРЯ В КЫРГЫЗСКИХ ИАЛТАЙСКИХ ЭИОСАХ

TRADITIONAL REPRESENTA TION OF MOTIVES ASSOCIATED WITH THE HERO IN THE KYRGYZ AND ALTAI EPICS

Аннотация

В статье мы рассказали о традиционном представлении мотивов, связанных с рождением богатыря, в кыргызских и алтайских эпосах. В эпосах этих народов, мотив необычайного рождения главного героя играет главную и центральную роль. Это дает первое впечатление об идеальном образе героя, освободившего народ, и дает надежду на его дальнейшую эпическую, героическую судьбу. В исследовании сопоставляются некоторые взгляды, выраженные в эпосах двух народов, с учетом ряда примеров, мифологических источников,

фольклорных традиций и символов, как эпических мотивов, свзанных с рождением героя. В статье рассматриваются мотивы бездетности в сюжетной системе кыргызских и алтайских эпосов, авантюрного рождения будущего героя через прозрение мечтам его родителей.

Abstract

In the article we talked about the traditional representation of motifs associated with the birth of the hero, in the Kyrgyz and Altai epics. In the epics of these peoples, the motive of the unusual birth of the main hero plays a central role. It gives the first impression of the ideal image of the hero who liberated the people, and gives hope for his further epic, heroic destiny. In the study, there are some views expressed in the epics of two peoples, with a number of examples, mythological sources, folk traditions and symbols, as well as epic motifs, related. The article discusses the motives of innocence in the plot system of Kyrgyz and Altai epics, the adventurous birth of the future hero through the vision of the vision o the dreams of his parents.

Ключевые слова: кыргызский и алтайский фольклор, общий сюжет, архаический мотив, образ героя, эпос.

Keywords: Kyrgyz and Altai folklore, overall plot, archaic motif, image of the hero, epic.

Киришуу

Кыргыз жана алтай элдеринин элдик оозеки чыгармачылыгынын ири жанры болгон эпостордо, анын ичинен кыргыз жана алтай эпосторунда бирдей кездешкен архаикалык мотивдер сакталып калган. Алар сюжет курууда, образдарды тузууде кызмат етеп, чыгарманын идеялык жугун кетерууде кемек болуп, чыгармалардын композициялык тузулушунде мааниге ээ. Ошондой эле элдик кеене ишенимдерге негизделген архаикалык мотивдердин эпостордо эпикалык салттуу мотив катары да ез орду бар. Алар башка кеене сюжеттик мотивдердин катарында эпостун туптелушунен бери карай жашаи келет жана алардын негизги езегун, сеегун тузет.

Турк тилдуу элдерде баланын терелушуне байланыштуу мотивдер фольклористтер, ономаст, этнографтар тарабынан бир кыйла децгээлде изилденген. Алардын катарында С. Е. Мелетинский, Р. 3. Кыдырбаева, И. Б. Молдобаев, А. К. Мурзакметов, Г. Т. Жамгырчиева жана башка окумуштууларды атоого болот. Бул окумуштуулардын теманы изилдеедегу тажырыйбасы макалада айрым пайдаланылды. Ошентии, кыргыз жана алтай эпосторунун сюжеттик тутумунда алар калыптана баштагандан бери жашаи келе жаткан, элдин байыркы дуйне таанымын керкем чагылдырган кеене мотивдер чыгарманын езегун сактоочу элементтерден болуп саналат. Алардын катарында архаикалык мотивдер эпостордун идеялык - композициялык курулушунда езунче жук кетеруп, анын кеене белгилерин ачыктап турат. Дегинкиси, дуйнелук фольклордо архаикалык мотивдердин бирдей кездешуусу, алардын ареалынын кевдиги бул мотивдердин жалпы адамзаттык маанисин ачыктайт. Биздин бул макалабыз кыргыз жана алтай элдеринин элдик оозеки чыгармачылыгында эки элдин орток эпикалык чыгармаларына басым жасалып, кыргыз жана алтай элдеринин эпосторундагы баатырдын терелушуне байланыштуу мотивдерге азыркы кез караштан туруп мунездеме берилип, алардын арасындагы байланыш, типтуу белги - касиеттер, окшоштуктар жана айырмачылыктарды аныктап, талдап иликтееге арналат.

Изилдеенун материалдары жана методдору

Макаланын объектиси кыргыз жана алтай эпосторундагы баатырдын терелушуне байланыштуу мотивдердин салттуу берилишине байланышкан айрым актуалдуу маселелер болуп саналат. Предмета катары кыргыз жана алтай элдик оозеки чыгармачылыгындагы эпостордун баатырдын терелушуне байланыштуу мотивдердин салттуу берилиши маселеси боюнча айрым кез караштар, алардын тектештиги тандалып алынды. Биздин изилдеебуздун негизги материалын тузген кыргыз жана алтай эпосторундагы баатырдын терелушуне же жаратылышына (аскадан жаралып чыгуу ж.б.) байланыштуу кеене мотивдерге кайрылсак, бул кеене ишенимдин адамдын ар дайым табият менен бирге ымалада, шайкештикте жашоого умтулган кеене ац - сезимдик тушунугун байкоого болот. Ал эми кыргыз эпосторунда бул мотив реалдашып трансформацияга учураган жана "аскадай" деген чакан салыштурууга еткендугун байкоого болот. Изилдее салыштыруу, типологиялык анализ, сыпаттоо жана тектештируу методдоруна негизделет.

Натыйжалар жана талкуулар

Кыргыз жана алтай эпосторундагы баатырдын укмуштуу терелушу мотивин бир топ чакан мотивдик элементтерге ажыратып кароого болот. Алсак, баатыр болуучу баланын жарык дуйнеге келишин ата - энесинин зарыгып кутуусу, аларга бала тууралуу алдын ала туш аркылуу аян берилиши, оор терет, кыйынчылык менен баланын терелушу, андагы укмуштуу белгилер ж.б. Жалпы турк тилдуу элдердеги баланын терелушуне байланышкан ишенидер XI кылымдагы аалым Махмуд Кашгаринин "Диван Лугат ат-Турк" эмгегиндеги этнографиялык маалыматтардан кере алабыз (Абдимиталип уулу, 2022).

Алтай эпосторун изилдеечу С. С. Суразаков баатырдын терелушуне байланыштуу салттуу мотивдин табияты алтай эл - жеринин табиятына ундеш келип эпосто жаркын маанайда берилери, жакшылыктын кабарчысы катары келерин белгилеп кеткен (Суразаков, 1985, б. 14). Биз да бул пипирге кошулуу менен каралып жаткан мотивдин эпостордун сюжетин куруудагы езектук ролун белгилеп кетмекчибиз.

Буга мисал катары алсак, кыргыз эпосторунун эц кеенесу катары эсептелген "Эр Тештуктун" киришуу белумундегу каармандын укмуштуу терелушу эпостогу салттуу сюжеттик мотивдердин эц негизгилеринен болуп саналат. Элеман бай тогуз уулу жоголгон соц жубайы экее кайгырып, бала тилеп:

"Чама чарчап ал кетип,

Бир баланын айынан

Тамандан кара кан кетти", - деп мазар желерди кыдырып, сыйынып кудайдан перзент сурайт (Эр Тештук, 1996, б. 31). Алар ыйык дарак Чуктерекке жетип, кезу илинип уктап кетишет. Элемандын тушуне Кызыр кирип, ara он алма берип, тогузу тогуз уулуц, ал эми чоц алма кенже уулуц Тештук, ченемсиз баатыр болот деп аян берет. Чындыгында эле Кызырдын айтканы келип, кемпир - чал уулдуу болуп, Тештук эбегейсиз кучке ээ бала болот. Бул сымал дуйнелук эпостордогу сюжеттерден даана байкалгандай башкы каармандын колдоочу пирлердин желемесу менен терелуу мотиви кыргыз эпосторунда дагы орун алган, баатырлар дуйнеге зарыктырып куттуруп келуу менен эл керегине жарап, тилегин ишке ашырат.

Эпостордогу эпикалык баатырдын укмуштуу болуп терелуусунен кийинки дагы бир езгечелугу - анын адаттагыдан тышкары тез есуусу, ылдам эрезеге жетуусу. Тез есуу мотиви да алтай жана кыргыз эпосторунда ушундай эле салттуулукта кездешип, анын жоого минчу тулпары да тездеп жетилгени сюжетте кош жарыш берилет. Тештук баатыр кыргыз элиндеги салт боюнча бир мучел болуп он эки жашка чыкканда эле эр мунезу керунет:

"Он экиге келгенде

Канчаларды камады,

Катылышкан адамды

Элемандын Тештугу

Карсылдатып сабады"... (Эр Тештук, 1996, б. 33).

Жогоруда айтылгандай, баатырлар тез есуп, ете кучтуу болуп эрезеге жетет. Эр жигит катары баланы он эки жаштан эсепке кошуу кыргыз элинде салттык жерелге болуп саналат. Баатырлардын алгачкы эрдиктерди жасоосу ушул курактан башталат, бул "Эр Тештук" эпосунда мындайча баяндалат:

Элемандын Тештугу,

Эрен чыкты, эр чыкты,

Доошунан жан чыкты!

Он экиге келгенде

Канчаларды камады,

Катылышкан адамды

Элеманддын Тештугу

Карсылдатып сабады...

"Эр Тештук тентек экен" деп

Калайыкка жайылды" (Эр Тештук, 1996, б. 38).

Жылкынын алдын тосушту билбей анын артынан ээрчип журуп жоголуп кеткен эси кем тогуз агасын издеп женеесун Тештуктун алгачкы эрдиги катары кароого мумкун. Бул эпизод баатырдын эр жеткендигин далилдеечу окуя катары сюжеттен орун алган. Саякбай Каралаевдин вариантында агаларын издеп кеткен Тештук Чуктеректин тубунде ara ашык болуп журген пери кызы Айсалкынга учурайт (Эр Тештук, 1996, б. 83).

"Эр Тештукте" Элеманды балацды мага бересиц деп кыйнаган желмогуз кемпир катышса, алтай эпосу "Ак - Тайчыда" анын оц маанидеги эквиваленти катары Ак - Берунун образы бар. Сюжетке кайрылсак, Ак - Бото баатырдын улам терелген балдарын жер тубунун каардуу ханы Эрлик бий алып кетип калат, акыркы уулу терелгенде, кубанган добушу Эрликке угулат. Ак - Бото баласына жумшак ороочу кылдырам деп ац уулап кайтканда алтымыш кулач куйруктуу Ак - Беру чыгып аны аттан ацтарып, кекурегунен басып жаныцды калтырарга эмне бересиц дейт. Ак - Бото да Элеман бай сыяктуу малын, кемпирин берем десе кенбейт. Качан гана уулумду берем дегенде макул болот. Ак - Бото баласын канчалык сактаганына болбой Ак - Беру аны алып кетип, Кара токойдогу ергеесунде эки маралды эмиздирип багат. Бул жерде "Семетей" эпосундагы маралдын баатырды бебек кезинде эмизгени менен дал келууну керууге болот. Андан соц "Ак - Тайчы" эпосунда "Эр Тештук" эпосундагыдай жана "Манас" эпосунун туштук варианттарындагыдай баатырдын тез жетилуу мотиви башталат. Бул алтай жана кыргыз эпосторунда бипбирдей: "Эки конуп "энем" деп, алты конуп "атам" деп", - деген саптар менен берилип, каарман тез эле бешиктен тушуп басат, ara улам ескен сайын Беру - Ата эки тулку, эки беру, эки аюу менен ойнотуп алардын кыймылдарын, илгирлигин уйретууну кездейт. Аларды баатыр бала тынбаган кыймылы менен бат эле чарчатып коёт. Ак - Беру керсе баланын колдоочусу экен, ал Ак - Ботонун акыркы баласын Эрлик бий дагы алып кетпесин деп сакташ учун жолуккан экен. Ал жоо келбесин деп тецири тубуне кулак салып бебекту кайтарып журет (Алтай кай черчектер, 1985, б. 298; Байжигитов, 1985, б. 144). Баатыр балага колдоочусу Ак-Беру мингич ат, жоо кийимин алып келип берип, атыц Ак-Тайчы, тулпарыц Ак-боро дейт, ата - энесин, туулган жерин айтып берет. Мындай бири - бирине ундешкен салттуу архаикалык сюжеттик мотивдер боордош элдер болуп эсептелген алтай -кыргыз калктарында тыгыз кездешери келтирилген мисалдардан ачык байкалып турат.

"Эр Тештук" эпосунун каралып жаткан маселеге байланыштуу архаикалык мотивдерин кароо бир топ кызык материалдарды берет. Эпостун кыргыз элинде жее жомоктук бир нече варианттары жана эпостук кенен варианттары бар, тактап айтканда, ыр турундегу эпостук варианты XIX кылымда академик В. В. Радлов белгисиз жомокчудан жазып алган вариант, Саякбай Каралаевдин жана кытайлык эпос айтуучу Жусуп Мамайдын варианты, ал эми кара сез турундегу варианттары Жума Жамгырчы уулу, Ыйманбек Шамен уулу, Калча Суранчиев,

Жанжигит Казакбаевдерден жазылып алынган варианттар болуп саналат. Ошондой эле тектеш казактарда жее жомоктук кара сез турундегу версиялары жазылып алынгандыгы, тобол татарларынан жазылган кара сез турундегу варианты бар экендиги белгилуу. Эпостун турк элдерине, тактап айтканда, кыргыз, казак жана тумендук татарларда орток, же фольклористтердин оошуу мектебинин екулдеру атагандай "кечме" сюжетке ээ болушу аны салыштыруу методу менен изилдееге кецири жол ачат. Ар бир версияда ез алдынча улам бир архаикалык - мифологиялык мотив жуз берип калат (Жамгырчиева, 2015). Кыргыз эпосу Саякбай Каралаевдин айтуусунда жазылып алынып, идеялык - керкемдук бийик децгээли менен айырмаланат. Эпостогу башкы каарман Эр Тештук "Манас" эпосунда да катышып, баатырдын он эки ханынын бири болгондугун, "Манастагы" жана "Эр Тештуктегу" окуялардын эпикалык табигый шайкештигин байкоого болот. "Манас" эпосунда катышкан кейипкерлер дал ошондой портреттик мунездемелер менен "Эр Тештуктегу" Тештуктун Кекетей хандын ашында балбан курешке чыкпай койгон эпизодунда суреттелет.

Жума Жамгырчиев белгисиз айтуучудан жазып алган жана Калча Суранчиевден жазылып алынган кара сездук варианттарда да Эр Тештук менен Манас баатырлардын бир доордо жашагандыгы эскертилет. Бул эки эпостун жаралуу доорунун бир мезгилдерге туура келеринен кабар берет. XIX кылымда окумуштуу В.В. Радлов Ысык - Кел жергесинен жазып кеткен "Эр Тештуктун" вариантында мындай ачык байланыштыруу жок, ал эми "Манас" эпосунун 1941 - жылы К. Мифтаков жазып алган туштук варианттарында Манас баатыр Тештук менен таймашып, анын аткан жаасынын огунан мерт табат, башкача айтканда, эки баатырдын жоолашканы эскертилет. Мындай айрым башаламандыктар оозеки формада, кецири аймактарда узак убакыттар жашап келген элдик чыгармачылыкта кездешип калуучу керунуштерден экендиги дайын. Изилдееде биз негизинен В.В. Радлов жазып алган жана С. Каралаев айткан эпостук варианттарга басым жасадык (Кайыпов, 1984, б. 7; Сарыпбеков, 1987). В. В. Радлов жазып алган варианттын жалпы келему С. Каралаев айткан варианттан дээрлик сегиз эсе чакан, кыска. Бирок биз иликтееге алган мифологиялык - архаикалык мотивдер кыйла ачык сакталгандыгы, айтуучунун жекече иштеп чыгуусуна кеп дуушарланбагандыгы, ал эми С. Каралаев керкем сездун ири чебери катары салттуулуктун чегинде керкем баяндоонун айрым ыкмаларын да колдонгондугу байкалат.

Чыгарманын казак элиндеги версиясына токтолсок, анын 1916-жылы Г.Н. Потанин жазып алган жее жомоктук эки версиясында тец окшош мотивдер орун алган жана кээ бир айырмачылыктар да бар. Биринчи жазылып алынган вариантта баатырдын атасынын ысымы Булатбай делет, архаикалык жандыктардан алтымыш кулач айгыр, кырк кулач ала бээ бар, алардын кулунун Тештук кармап минип алып уйурдун баарын ээрчип басууга мажбурлап, атасынын качкан малын кайтарып алып келет. Ошол эле окумуштуу жазып алган экинчи версияда баатырдын атасынын ысымы Токпай деп берилет, ал эми казакча 1948 - жылы И. Ахметов жазып алган дагы бир вариантта Тештуктун атасынын ысымы Эрназар делинет. Мында да баласыз адамды кемсинтип ызалоо бар. Бул кемсинтуунун туз маанисинде эмес, ошол адам арданып Тецирден бала тилеп зарласын дагы туяктуу болуп калсын деген элдик жерелгеге байланыштуу деген ойдобуз. Ошону менен бирге эле кыргыздарда теребеген аялга карата да колдонулган ардантуу маселеси илгертен эле колдонулуп келгендиги жалпыга маалым. Жаш балага жентек бергенде, ara теребеген аял барып калса, башка аялдар аны менен учурашпаган, сез менен чычалатышкан, ардантышкан. Арданууудан аял терейт деп ишенишкен. Бул ишенимдин байыртан жашап келгендигин "Манастагы":

Бир карыя акыры Жакып байга кеп айтты: "Бул ырымды мурдатан, Кылып келген деп айтты: "Жырык уйга жук артып, Жыртык кара уй артып, Таштап койгун токойго, Катыньщды ардантып. Сандалып журсун ал жерде, Санаага батып саргайып. Арданса аял терейт деп,

Журуучу эле эл айтып", - деген мисал керсетуп турат.

Азыркы мезгилге чейин жолуга калган касиеттуу жерлерге, мазарларга барып сыйынуу, анын жанында тунеп калуу ырымынын жогоруда керсетулген салт менен байланышта болуусу да мумкун (Мурзакметов, 2005, б. 36).

Уруучулук, жоокердпк заманда, кечмен турмушта уул баланын орду бетенче болуп, кеп балалуу адам урмат - сыйга ээ болгондугу, анын мал чарбачылыгын кутуудегу кереги ете зарыл экендпгп айтпаса да белгплуу. Баласыздык мотпвп "Эр Тештуктун" кыргыз, казак, татарларда айтылуучу бардык верспяларында кездешет жана эпостун жаралышынан бери карай келе жаткан туптуу, анын сюжеттик езегун тузуучу архаикалык мотивдерден болуп саналат. Кыргыз элинин элдик эпосторундагы архаикалык издер тарыхый эмгектерде да кездешет. Алсак, Махмуд Кашгаринин эмгегинде кумайык, кайыптан буткен ат тууралуу кыйыр маалыматтар кездешет (Абдимиталип уулу, 2023).

Корутунду

Жыйынтыктап айтканда, кыргыз жана алтай эпосторундагы баатырдын терелушу мотиви эпостордогу салттуу кездешуучу туруктуу сюжеттик мотивдерден болуп саналат. Анын сюжет енуктуруучу ролу эпостордун мазмундук тузумунде баштапкы таяныч пункт, чекит катары келуусунен керунет. Бул мотивдерден енугуу алуу менен элдик чыгармалардагы сюжет улам татаалдашып, тармактанып журуп олтурат. Баатырдын ата - энесинин жаш курагы етуп калганына карабастан перзенттуу боло албай, балага зар болушу, тецирден бала тилеесу, акыры баатырдык белгилери менен баланын терелуусу анын келечегинен кепту умуттендурет. Ошондой эле эки элдин эпосторундагы баланын терелушунен мурун ата -энесинин кепке балалуу болбой журушу, кереметтуу туш керуу, жырткыч жаныбардын журегуне же башка нерсеге талгак болуу, баатырдын кун сайын эмес, саат сайын чоцоюшу сыяктуу эпизоддорун салыштырып изилдее жакшы натыйжаларды берет деп эсептейбиз.

Пайдаланылган адабияттар

Абдимиталип уулу, Н. (2022). "Обычаи, связанные с рождением ребенка у средневековых караханидов и современных кыргызов". Вестник Ошского государственного университета, (3), 126-132. https://doi.org/10.52754/16947452 2022 3 126. ББК:

Бимоту.

Абдимиталип уулу, Н. (2023). "О некоторых фольклорных элементах в словаре Махмуда Кашгари "Диван Лугат ат-Турк". Вестник Ошского государственного университета, (2), 101-106. https://doi.org/10.52754/16948610 2023 2 12. ББК: ЬКРОУБ.

Алтай кай чврчвктвр. Т.1. (1985). Туулуу-Алтай.

Байжигитов, К. (1985). Кыргызмифтери,уламыштары жаналегендалары. Фрунзе: Илим.

Жамгырчиева, Г. Т. (2015). Кыргыз эпосторундагы архаикалык мотивдер ("Манас", "Эр Тештук", "Кожожаш" эпостору боюнча). Ош: Кагаз ресурстары.

Мурзакметов, А. К. (2005). Кыргыз ырым - жырымдары. Ош.

Кайыпов, С.Т. (1984). Поэтикаэпоса "Эр Тёштюк", ч.1. Бишкек: Илим.

Сарыибеков, Р. (1987). "Манас" эпосундагы баатырдык мотивдердин эволюциясы. Фрунзе: Илим.

Суразаков, С.С. (1985). Алтайский героический эпос. Москва: Наука. Эр Тештук. (1996). "Эл адабияты сериясы". II т. Бишкек: "Шам".

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.