Научная статья на тему 'Ч.АЙТМАТОВДУН «БЕТМЕ-БЕТ» ПОВЕСТИНДЕГИ ТАМАК-АШ АТТАРЫНЫН ЛЕКСИКА-СЕМАНТИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ'

Ч.АЙТМАТОВДУН «БЕТМЕ-БЕТ» ПОВЕСТИНДЕГИ ТАМАК-АШ АТТАРЫНЫН ЛЕКСИКА-СЕМАНТИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ Текст научной статьи по специальности «Языкознание и литературоведение»

CC BY
256
17
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
лексикалык өзгөчөлүктөрү / Ч.Айтматов / тамак-аш / бозо / сѳз / тилдер. / lexical features / Ch. Aitmatov / food / bozo / words / languages.

Аннотация научной статьи по языкознанию и литературоведению, автор научной работы — Усмонова Одина Сиддиковна

Макалада Ч.Айтматовдун «Бетме-бет» повестинде колдонулган тамак-аш аттары жана алардын лексикалык өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз кылынган.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

LEXICO-SEMANTIC FEATURES OF THE NAMES OF DISHES IN CH. AITMATOV'S STORY "FACE TO FACE"

This article discusses about the names of foods used in the story «Fase to fase» by Chingiz Aytmatov and their lexical features.

Текст научной работы на тему «Ч.АЙТМАТОВДУН «БЕТМЕ-БЕТ» ПОВЕСТИНДЕГИ ТАМАК-АШ АТТАРЫНЫН ЛЕКСИКА-СЕМАНТИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ»

INTERNATIONAL SCIENTIFIC JOURNAL

Ч.АЙТМАТОВДУН «БЕТМЕ-БЕТ» ПОВЕСТИНДЕГИ ТАМАК-АШ АТТАРЫНЫН

лексика-семантикалык eзгeчeлYКтeРY

Усмонова Одина Сиддиковна

Андижон давлат университети катта укитувчиси https://doi.org/10.5281/zenodo. 6751970

Аннотация. Макалада Ч.Айтматовдун «Бетме-бет» повестинде колдонулган тамак-аш аттары жана алардын лексикалык взгвчвлYктврY тууралуу свз кылынган.

Ачкыч свздвр: лексикалык взгвчвлYктврY, Ч.Айтматов, тамак-аш, бозо, свз, тилдер.

ЛЕКСИКО-СЕМАНТИЧЕСКИЕ ОСОБЕННОСТИ НАЗВАНИЙ БЛЮД В РАССКАЗЕ Ч.АЙТМАТОВА «ЛИЦОМ К ЛИЦУ»

Аннотация. В статье рассматриваются названиях продуктов использованных в повести Ч.Айтматова "Лицом к лицу " и их лексических особенностях.

Ключевые слова: лексические особенности, Ч. Айтматов, еда, бозо, слова, языки. LEXICO-SEMANTIC FEATURES OF THE NAMES OF DISHES IN CH. AITMATOV'S

STORY "FACE TO FACE"

Abstract. This article discusses about the names of foods used in the story «Fase to fase» by Chingiz Aytmatov and their lexical features.

Keywords: lexical features, Ch. Aitmatov, food, bozo, words, languages.

КИРИШYY

Ч.Айтматов - керкем ойлоо ац сезими езгече ep4YreH, сезмер кыргыздардын ыр жандуу чeйрeсYндe eсYп, анын таасиринде таалим-тарбия алган жазуучу. Атактуу жазуучубуздун дYЙнe тац калтырган чыгармаларында кыргыздардын турмушу, жашоо тиричилиги жана улуттук мYнeзY менен психологиясы, каада-салты, Yрп-адаты алардын ез алдынча eзгeчeлYГY чебер CYрeттeлгeн. Ошондой эле, жазуучунун чыгармаларынан лексикалык каражаттардын бири болгон тамак-аш аттарын да кезиктирYYгe болот.

изилдее материалдары жана методологиясы

Жазуучунун «Бетме-бет» повестинен темен^ тамак-аш аттары орун алган: бозо, талкан, сары май, буламык, нан, кеже, аш, ууз. Бирок, чыгармада келтирилген тамак-аш аттарынын баары эле ез маанисинде колдонулган эмес, кээ бирлери етме мааниде да колдонулган. Бул макалада повесттеги тамак-аш аттарынын лексика-семантикалык езгечелYктерY тууралуу сез кылынат.

ИЗИЛдее натыйжалары

Тигине, бозого кызара тамылжып, дале бала эле бойдон, эпсиз калдацдаган Жумабай кесени колго алып ейде турду.

Бозо - Евразияда кецири таралган байыркы алкоголдук ичимдик. Бул сез турк элдеринен тарагандыгы белгилYY.

Бозо - таруудан ачытылган кыргыздын байыркы суусундугу. Эзелтеден келе жаткан нарктуу жана барктуу тамак. Бозо ачытууда абалы жыгач челек (арча челек) керек. YiYr - бозону кYЧYнe чыгаруучу ачыткысы, ал буудайдан болот. YгYттY eндYPYYДe буудай жылуу сууга чыланып жылуу жайга коюлат. Ал кургатылат да, жаргылчакка тартылат. Таруудан шак тартылат. Шак - таруунун майдаланган TYPY. Аны майдалабай да кептурсе болот. Ал аз ачыткысы аркылуу челекке чыланат. Кымыздын ачыткысын «керецге» дейт.

INTERNATIONAL SCIENTIFIC JOURNAL

Бозодо, максымда «ачыткы» деп аталат. Бозонун YCTYнe бозону жацыртып куюп туруу зарыл. Кичине CYЗYп алып кайнатылган шакты YCTYнe куюп ачытуу «кордо», демек, кордолгон бозо - бир нече ^нде ачыган бозо. Бозо арпадан да, жYгeрYдeн да, буудайдан да салынат. Сулудан ачытылганы «экчеме» (экчеп CYЗYY) деп аталат. Бозонун талаптагыдай чыгышы, албетте, угутуна байланыштуу болот. Бозону кыргыздар энесай доорунан эле жасап, ичимдик тамагы катары пайдаланышкан.

Бул сез байыркы тYрк сeздeрYндe кездешпейт. Бирок «Кодекс Куманикус» эстелигинде «буза» «хмельной напиток» маанисинде колдонулгандыгы жeнYндe маалымат бар (Курышжанов, 1970, 101). В.Радловдун материалдарында бул создун бозо «напиток из заквашенного проса», «напиток из кислого молока», «закишная пшеничная каша» деген маанилери берилген (Радлов, 4, 1884).

Азыркы тYрк тилдеринде да кецири таралган: шор позо «брага для перегонки водки», татар пуза «брага», карачай-балкар боза «буза» (Отаров, 1987, 60). Монгол-бурят «бозо», ойрот монгол «боз» - «барда, гуща оставшаяся после перегонки молочной водки» (Суюнчев, 1972, 34).

Бул сeз тектеш эмес тилдерде ушул эле маанилерде колдонулат: эвенк «бозо» (ССТМЯ, 1975, I, 89), иран «боза» (Будаев, 1973, 302). Орус тилиндеги «буза» «напиток из гречихи и овсяной муки, вид полупива, браги» маанисиндеги сeз тYрк тилдеринен eздeштYPYлгeнY ачык белгиленет (Фасмер, I, 232).

Ысмайылга талкан тартып, жеткириш керек экени ойго кылт этти.

Кечинде Сейде талкан тартып жатканда, YЙгe Асантай от алганы кире калды.

Повестте берилген бул эки CYЙлeмдeрдe тец талкан сeзY колдонулган. Талкан -улуттук кургак оокаттардын негизгилеринин болуп, кыргыздардын байыркы тамактарынан эсептелинет. ЖYгeрYHY, арпаны жана буудайды кууруп, сокуга талкалап, жаргылчакка же тегирменге тартып алса талкан болот. Урунган аштыкка карап «арпа талкан», «буудай талкан», «таруу талкан» же «жYгeрY талкан» деп атап коёт. Тартылышынан улам «соку талкан», «жаргылчак талкан» деп да айтат. Куурулушуна карап «бышык талкан» десе, адаттагыдай куурулганын «талкан» дейт. Таруу талканды кeбYнчe сокуга акталган соц жаргылчакка тартып алат. Талкандан ар кыл аш, жарма жасалат. Айран, кымызга чалып ичет. СYткe, каймака же майга кeeлeп жейт. Талканда ар бир аштыкка мYнeздYY пайдалуу заттар толук сакталат. Ошон YЧYн ал жагымдуу, аш болумдуу келет.

Бул сeз Махмуд Кашгаринин сeздYГYндe да учурап, бYГYнкY маанисинде колдонулат. БYГYнкY кYндe бул аталыш eзбек, казак тилинде да сакталып калган (Икрамова, 1983, 128).

Талкан жалпы эле кавказ элдеринде, анын ичинде карачай-балкарларда да кецири колдонулуп, аны узак жолго чыкканда, талаачылык жумуштарында жYргeндe алып жYPYШYп, сууга же майлуу сорпого аралаштырып ичишип, же болбосо колго умачтап жешкендиги жeнYндe белгиленген (Гаджиева, 1976, 277.) Талкан кавказ, тYрк тилдеринде къууут деп аталып, анын этимологиясын карачай тилчиси М.А.Хабичев тeмeндeгYдeй чечмелеген: къууут<къагуур<къууур «жарить» + жалпылама кeптYк мYчe -ут уланышы менен жасалган (Хабичев, 1980, 54). Демек, кыргызча «куурма» деген сeз менен маанилеш. Бул сeз анын данынын куурулуп жасалышынан алынгандыгын байкоого болот.

INTERNATIONAL SCIENTIFIC JOURNAL

Талкан деген сeздYн чыгышы жeнYндe С.Сыдыковдун оюн белгилеп кетсек болот. Талкан орусча «толокно» деп которулат. Бул сeздYн уцгусу талкала - «толочь». Монгол тилинде бул сeз талхан - «хлеб» жана «порошок» маанисинде колдонулат. Демек, талкала этишине монгол тилиндеги сeз жасоочу -ан мYчeсY уланып жасалган. Кыргыз-монгол тилдик параллелинде бул мYчe аркылуу толкун деген сeз да жасалат (толку -«волноваться» толку+ан=толкун «волна») (Сыдыков, 1984, 145)

Майдасын элеп, бир гана кочуштайын баласынын буламыгына алып коюп, калган ундун баарынан Ысмайылга нан бышыра, ирисин болсо кeжe кылып, кемпир экee ичет.

Бул CYЙлeмдe болсо буламык, нан жана кeжe сeздeрY пайдаланылган.

Буламык «болтушка». Бул тамак ачарчылык жана TYШYM болбой калган жылдары бардык жаштагы адамдар YЧYн пайдаланылса, бYГYнкY кYндe жаш балдар YЧYн пайдаланылган тамак катары белгилYY. Бул сeз бардык тYрк тилдеринде таралган. Карачай-балкар булямукъ, eзбек буламик, кумук буламук, ногой буламык, казак, каракалпак, татар быламык, Махмуд Кашгариде бул сeз булгамач тYPYндe колдонулган (МК, I, 22). Дегеле тYрк тилдеринин айрым диалектилеринде жана адабий тилдерде тeмeнкYдeй фонетикалык варианттарын кeрYYгe болот: буламак // быламак // биламак // буламык // буламик // буламук // боламык // буламач // булмач // булмеч // буламаш // булама // булгамык // булгамик // булгамач (Севортян, 1978, 258).

А.Севортяндын белгилегенине караганда уцгудагы ачык YнДYYлeр катышкан варианттар кийинки мезгилдерге тиешелYY. Ал эми буламбач формасындагы мYчeдeгY жумшак YHДYY -б сeз башындагы -б тыбышынын таасиринен кошулган. Бул сeздeр тYрк тилдеринде тeмeнкY маанилерде колдонулат: а) мучная похлебка, б) болтушка, в) мучная каша, г) кисель, сок, д) кушанье из мяса, муки и воды, ж) галушки, и) помои, к) муть, ил, л) сладкое блюдо, приготовленное из муки и сахара, м) жидкая грязь (Севортян, 1978, 259).

Г.Дерфер буламык сeзYHYн келип чыгышын була «течь» этишине ылайык чечмелеген. Ал эми М.Рясенен, К.Брокельман, Г.Рамстед сыяктуу окумуштуулар бул сeздYн келип чыгышын була «мешать, перемешать» этишине такашат. Була этиши TYШTYK тYрк тилдеринде ушул мааниде колдонулат. Ушуга байланыштуу А.Севортян буламык сeзY боюнча экинчи пикирдеги окумуштуулардын кeз караштарын колдойт (Севортян, 1978, 259).

Бул тYрк сeзY серб (буламач, булумаш), болгар (булумач), осетин (буламук) тилдерине да «болтушка» маанисинде eздeштYPYлгeн. Бул тYрк тилчиси Г.Бангуоглу бул сeздY (буламач) булама+аш тYPYндe чечмелегендигин кeрeбYЗ (Севортян, 1978, 260).

Нан жeнYндe TYШYHYK байыркы тYрк жазма эстеликтеринде отмак (МК, I, 127; ДТС, 1969, 393) тYPYндe жолугуп, бул ягма, тухси, огуз, кыпчак тилдеринде отмак (ДЛТ, I, 126;) тYPYндe да айтылары белгиленген. 0з эмгегинде Махмуд Кашгари нандын тeмeнкY тYрлeрYн кeрсeтeт: какурган (ДЛТ, I, 473), дандырда бышырылган нан, бускач (ДЛТ, I, 422) жука жабылган нан, лепешка. XII-XIV кылымдарда нан маанисин утмак // отмак (Боровков, 1963, 251) сeзY берген. Радловдун материалдарында отмак сeзY аркылуу туюндурулгандыгы кeрсeтYлгeн (Радлов, 1888, 847). Жогорудагы сeздeрдYн назыз тYрк сeздeрY экендигин жана алар X-XV кылымдарга чейин активдYY колдонулуп келгендиги тууралуу белгиленет (Икрамова, 1983, 48). XIX кылымдын аягынан баштап карачай жана балкарлар да етмек деп аталган буудай нанын колдоно баштагандыгы жeнYндe да

INTERNATIONAL SCIENTIFIC JOURNAL

маалымат жолуктурабыз (Отаров, 1987, 42). Балкарларда етмек, акь етмек, кьара етмек сыяктуу нандын тYрлeрYHYн аты сакталып, бYГYнкY ^нде да колдонулат.

Бул сез бYГYнкY кYндe башкыр, татар тилдеринде итмек, тYрк тилинде екмек, хакас тилинде ипек, ногой тилинде оьтпек, алтай тилинде етпек тYPYндe колдонулуп, нан, белке маанилерин билдирет. Ал эми бул сeздYн монгол тилдеринде таралышы, анын тYрк тилдеринин таасиринен болсо керек, мисалы, калмакча ёдмг «хлеб» (Отаров, 1987, 42).

Ал эми Орто Азия тYрк тилдеринде азыркы учурда бул сез толугу менен «нан» деген термин аркылуу берилет. Нан деген сез иран тилинен eздeштYPYлгeн (Юдахин, 1965, 552). 0збек тилинде ал сез «нон» формасында колдонулат. Нан ундан жуурулуп, ачыган жана ачыбаган камырдан жасалат да, кемеч казанга, казанга жана дандырга жабылат.

Кеже - тYктeлгeн арпа же буудайдан жан акталган таруудан кайнатып жасалган тамак. Талас говорунда андан тышкары кесмеден жасалган ушундай тамакты да кеже же кейе деп коёт. Бул кеже, кейе сeздeрY кече сeзYнeн келип чыккан. Кече сeзY азыр унутулуп, историзмге айланып барат. КeчeнY «тYктeлгeн арпа, буудай» маансинде мындан 30-40 жыл мурда кыргызча Жацы жылды - Нооруз майрамын еткеген кезде элибиз колдонуп келген. Ал кезде кече тYктeп жатабыз деген сез айтылчу. Кече тYктee «арпа, буудайдын кабыгын кетирYY» дегенди билдирет, ал эми кeчeнYн eзY ошол «тYктeлгeн арпа же буудай» жана «ал кошулуп жасалган суюк тамак» дегенди туюнтат.

Ошол кече сeзYHYн ч тыбышы ж тыбышына eзгeрYYДeн кеже сeзY пайда болгон. Анын й тыбышына eзгeрYШYнeн Талас говорундагы кейе сeзY жаралып, ал жалац гана кечеден жасалган тамак эмес, кесме кошулганын да билдире турган болуп, мааниси кецип кеткен.

Мештин артындагы таар каптагы жYгeрY ар бир нукум сайын азайган аялуу сары майдай болуп, ^нден-^нге кемип бара жаткандыктан, аны Yнeмдeйм деп, Сейде кYЗдeн бери эле тегирменге барууну койгон. (22-бет).

Бул CYЙлeмдe берилген сары май сeзY чыгармада чыныгы тамак-аш маанисинде эмес, метафоралык мааниде колдонулган.

Ошентсе да Ысмайылды кергенде ичкени аш болбой, Сейде кан жутат. (23-бет). Бул CYЙлeмдe берилген аш сeзY да eзYHYн тике тамак-аш маанисинде эмес, етме мааниде колдонулган. Ичкени аш болбоо фразеологизми бир нерсеге катуу санааркап тынчы кетуу, санаасы тынбай кыйнала берYY маанилерин туюндурат. Профессор А.А.Жапанов тамак-ашка байланышкан сездерде катышкан фразеологизмдерди ажыратып чечмелеген. Келтирилген фразеологизмдин маанисин окумуштуу тамак ичкенинин артыгы чыгуу деп берген.

- Уй тууганда, апам ууз бышырып берет. Ууз жейбиз. (35-бет)

Бул CYЙлeмдe ууз сeзY келтирилген. Мал туугандан кийинки алгачкы CYTY ууз деп аталат. Кыргыздарда уузду бышырып, аны кесип жейт. Бул тамак дээрлик бардык тYрк-монгол ареалына тарап, аны билдирген сез да бул тилдерде параллель колдонулат.

ТАЛКУУ

Байыркы тYрк тилдеринде бул сез агуз//огуз (ДТС, 1969, 39, 365) тYPYндe кездешип, «первое молоко, моловизо» деген маанини берген. БYГYнкY ^нде тYрк тилдеринин ичинен созулма YндYYлeр колдонулбаган жана сейрек колдонулган тилдерде

SCIENCE AND INNOVATION

INTERNATIONAL SCIENTIFIC JOURNAL

ушул калыбында сакталган, азербайжан агыз, казак уыз, кумык увуз, татар угоз, //уыз, eзбек огиз сут, уйгур огуз//угуз, тYркмeн овуз.

Ал эми созулма YндYYлeр фонема катары келген тYрк тилдеринде «эки YHДYYHYH ортосундагы терец тYпчYл «г» TYШYП, созулма YндYYгe eткeн» фактылар eтe кeп: байыркы тYрк огул//уул, бугдай//буудай, агы//уу, согук//суук, богун//муун (Кыргыз адабий тилинин грамматикасы, 1980, 28-29).

Жогорудагы процесстин негизинде байыркы тYрк тилиндеги агуз//огуз//ууз тYPYнe eткeндYГY ачык байкалат. Мындай фактылар созулмалардын пайда болушунун кийинки тYPYнe кирип, кeпчYЛYк кабыл алган сeздeрдY айтууда жана жазууда созулмага eткeрYп жиберYYЧY шартты тYЗгeн.

Ууз созулма YнДYYлeр колдонулган тYрк тилдеринде ушул маанини билдирYY менен тeмeнкY фонетикалык варианттарда колдонулат: карачай-балкар уууз «первое молоко после отела» (Отаров, 1983, 55), хакас оос, алтай уурак, ^т), тува аа (диал. урак) (Сыдыков, 1959, 61)

Монгол тилинде да урак//угурак, бурят уураг, калмак уург сeздeрY «моловизо» маанисинде кездешет (Суюнчев, 1977, 35). 0збек тилинде койдун CYTYHYH уузу «каганок» деп аталат (Икрамова, 1983, 96).

Башкалар менен ишиц эмне экен, сен ачтан eлYп бара жатсац да, бирee келип казаныца аш салып бербейт... (41-бет)

Бул CYЙлeмдe берилген аш сeзY да eзYHYн тике маанисинде эмес, eтмe мааниде колдонулган. Кыргыз тилинде казанына аш салып берYY фразеологизми жардамдашуу, кeмeк кeрсeтYY, кeз салуу маанилерин туюндурат. КОРУТУНДУ

Ошентип, тамак-аш аттарын туюнткан лексикалык бирдиктер да кeркeм чыгармаларда колдонуулуучу негизги каражаттардан болуп саналат экен.

Адабияттар

1. А.Жапанов. Кыргыз тилиндеги тамак-ашка байланышкан сeздeр. Б., 2012.

2. О.К.Каратаев., С.Н.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сeздYк., Б., 2005. 72-бет.

3. К.Сейдакматов. Кыргыз тилинин кыскача этимологиялык сeздYГY. Фрунзе: Илим, 1988, 153-бет.

4. Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, К.Жашвшев ж.б. Повесттер жана ацгемелер. Ф., «Мектеп», 1985.

5. Ж.Осмонова, К.Конкобаев, Ш.Жапаров. Кыргыз тилинин фразеологиялык сeздYГY. Бишкек, 2015.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.