Научная статья на тему 'ОМОНИМДЕРДИН ЖАЛПЫ ТҮРКОЛОГИЯДА ИЗИЛДЕНИШИ'

ОМОНИМДЕРДИН ЖАЛПЫ ТҮРКОЛОГИЯДА ИЗИЛДЕНИШИ Текст научной статьи по специальности «Языкознание и литературоведение»

CC BY
470
82
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
ТүРК ТИЛДЕРИ / ОМОНИМ / ТүРКОЛОГИЯ / ОРУС ТИЛИ

Аннотация научной статьи по языкознанию и литературоведению, автор научной работы — Керим Тузжу

Бир катар түрк тилдеринде омонимдер орус тилинде калыптанган усулдар боюнча изилденген. Түрк тилинде болсо көбүнчө Эвропалык ыкмалар негизинде карашкан. Натыйжада, омонимдердин этимологиясы, лексика-семантикалык бөтөнчөлүктөрү сыяктуу маселелерде орус тили менен түрк тилдеринин ортосунда жалпылыктардын арбын экендиги далилденген.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Текст научной работы на тему «ОМОНИМДЕРДИН ЖАЛПЫ ТҮРКОЛОГИЯДА ИЗИЛДЕНИШИ»

Филологические науки

УДК 494.3

ОМОНИМДЕРДИН ЖАЛПЫ ТYРКОЛОГИЯДА ИЗИЛДЕНИШИ

Тузжу Керим1

Аннотация

Бир катар TYрк тилдеринде омонимдер орус тилинде калыптанган усулдар боюнча изилденген. Турк тилинде болсо кебунче Эвропалык ыкмалар негизинде карашкан. Натыйжада, омонимдердин этимологиясы, лексика-семантикалык бетенчелуктеру сыяктуу маселелерде орус тили менен TYрк тилдеринин ортосунда жалпылыктардын арбын экендиги далилденген.

Негизги свздвр: Турк тилдери,омоним, TYркология, орус тили.

КиришYY

Омонимдерди тилдин енYГYYCYHYH алгачкы доорлорунан баштап колдонула баштаган тилдик кубулуш катары кароого болот. Буга биринчи себеп, бизди курчап турган чейредегY кубулуштардын, окуялардын ез ара окшоштуктары бар экендигинде.Адамзаттынац-сезиминдеги салыштыруунун натыйжасында сез маанилери кецейип, омонимдер пайда боло баштаган.

ТYркологияда омонимдердин изилденишине квз караш

Байыркы жазма TYрк эстеликтеринде омонимдердин арбын кезигYYCY бул ойдун ачык далили. Н.Усеев 2011-жылы жарыкка чыккан эмгегинде (Енисей жазма эстеликтери) жазма эстеликтерде 12 омонимдик катышта колдонулган 27 омоним сез кездешээрин айтат. Мында омонимдер негизинен бир муундан жана эки же андан ашык TYгейден турган сездер. Мисалы, ал (сын атооч: кызыл), ал (этиш: колуна курал алуу), бар (сын атооч: бай, бардар), бар (зат атооч: жок эмес, бар), бар (этиш: сабакка бар).

XI кылымга таандык Кашкарлы Махмуттун айтылуу "Дивану лугат-ит-тюрк" сездYГY омонимдердин байыркы доорлордо эле тилде колдонулгандыгын керсетет. Профессор З.М. Мусабаева "Омонимы в "Дивану лугат-ит-тюрк - Махмуда Кашкарского (XI в.)" аттуу кандидаттык диссертациясында аталган сездYKтен 375 омонимдик сез камтылгандыгын (алардын 104Y алгачкы омоним, 59у лексика-морфологиялык, 86сы кеп маанилуртук, 126сы фонетикалык омонимдер экендигин), жана бул керсет^ч сездYKте камтылган сездердYH 5% тузеерYH белгилейт. Омонимдердин пайда болуу жолодору катары теменкY булактарын керсетет: 1) бир уцгудан жаралган омонимдер; 2) алгачкы омонимдер; 3) кеп маанилYYЛYKтен пайда болгон омонимдер; 4) TYрдYY уцгулардын окшошуп калуусунан пайда болгон омонимдер; 5) фонетикалык езгерYYHYH натыйжасында жаралган омонимдер; 6) сездердYH структураларынын капысынан окшошуп калуусунан пайда болгон омонимдер; 7) морфологиялык жол менен уюшулган омонимдер; 8) тел сездер менен башка тилдерден кабыл алынган сездердYH окшошуп калуусунан пайда болгон омонимдер. Демек, омонимдер тилдин жаралуусу менен кошо жаралып, аны менен кошо езгерYП, енYГYП келген тилдик кубулуш. Ал эми омонимдерди изилдееге алуу аракеттери XX кылымдын алгачкы чейрегинен баштап иликтенYYде.

ТYрк тилдеринде кезиккен бир кыйла омонимдер В.В.Радловдун "Опыт словаря тюркских наречий" (1888-1911) деген сездYГYHде орун алган.

Акдемик Б.М. Юнусалиев кыргыз жана башка тектеш тилдерде омонимдердин Yч турY кездешээрин белгилейт: 1) фонетикалык омонимдер; 2) лексикалык же кеп маанилYYЛYKтен жаралган омонимдер; 3) шартуу TYрде алгачкы же болбосо лексико-грамматикалык омонимдер [Юнусалиев, 1959: 63].

1Тузжу Керим - кандидат филологических наук, Кыргызско-Турецкий университет «Манас», Кыргызистан.

Диахрондук жаатта алганда, фонетикалык омонимдер тигил же бул сeздYH фонетикалык структурасынын eзгeрYШYнeн улам пайда болгон. Мисалы, бар (бир тарапка баруу), бар же баар (бир нерсенин бар болушу); ат (жылкы), ат же аад (адам аты, ысым). Омонимдердин биринчи эки тиби YЧYHЧYДeн олуттуу айырмаланат. Анткени алгачкы экeeндe бирдей фонетикалык KYYHYH негизинен ар кандай семантикалык маанилерди туябыз, а YЧYHЧYCYHдe тыбыштык биригYYHYH натыйжасында дайыма эки сeз семантикалык мааниси боюнча да, этимологиялык жактан да айырмаланбайт.

Окумуштуу аталган эмгегинде бир катар мисалдарды келтирYY менен омонимдердин табятын терец ачууда салыштырма-тарыхый анализ ЖYргYЗYY максатка ылайык экендигин белгилейт. Биз колубуздагы иштин кийинки бeлYMдeрYHдe аталган эмгеке дагы токтолмокчубуз.

Окумуштуу Мусабаева З.М. тарабынан изилденген "Омонимы в Дивану-лугат-ит тюрк Махмуда Кашгарского (XI в.)" ТYркология илиминде омонимдерге байланыштуу баалуу эмгектердин бири. Аталган эмгекте тилчи омонимдер тигил же бул тилдин канчалык децгээлде бай же тескерисинче кедей экендигин кeрсeтYYЧY тилдик каражат экендигин белгилейт. Омонимдердин пайда болуу жолдору катары тeмeнкY булактар кeрсeтYлeт: а) алгачкы омонимдер, б) ^п маанилYYЛYKтeн жаралган омонимдер, в) фонгетикалык eзгeрYYлeрдeн улам пайда болгон омонимдер, г) сeздeрдYH структураларынын капысынан окшошуп калуусунан улам омонимдик катышта келген сeздeр, д) морфологиялык жол аркылуу уюшулган омонимдер, ж) башка тилдерден кабыл алынган сeздeр менен тeл сeздeрдYH окшош болуп калуусу менен пайда болгон омонимдер.

ТYрк тилдеринде омонимдерди изилдeeдe, алардын табиятын ачууда Кашгарлы Махмуддун Диванынын мааниси зор. взбек окумуштуусу Э.А. Умаров азыркы eзбек тилиндеги омонимдердин табиятын анализдee максатында Махмут Кашгарлынын "СeздYГYнe" кайрылып 1072-жылы "О двух омонимов в "Диване Махмуда Кашгари" аттуу макаласын жарыялаган.

Омонимдердин TYрк тилдеринде изилденишинде казак тил илими бир кыйла жемиштYY болуп жаткандыгы байкалат. Буга омоним маселесине арналган бир катар илимий эмгектер далил. Алсак, казак тилчиси К. Аханов академик С.К. Кенесбаевдин жетекчилиги алдында жактаган "Омонимы в казахском языке" (1956) деген темадагы кандидаттык диссертациясында омонимдердин ^п маанилYY сeздeрдeн болгон айырмачылыгына жана казак тилиндеги омонимдердин пайда болуу жолдоруна токтолот. Омонимдердин казак тилиндеги пайда болуу жолдорун тeмeнкYДeй карайт:

1) Сeз маанилеринин eнYГYШY, б.а. кeп маанилYYЛYK жолу.

2) Фонетикалык eзгeрYYHYH негизинде омонимдердин пайда болушу. (г, г тыбыштарынын YHДYYлeрДYH ортосуна келгенде TYШYП калышы, сeз аягында бул тыбыштардын eзгeрYШY же TYШYП калышы; башка TYрк тилдеринен айырмаланып казак тилинде ш тыбышынын ордуна с тыбышынын колдонулушу; б YHCYЗYHYH ордуна мурунчул м YHCYЗYHYH колдонулушу)

3)Омонимдик аффикстердин жалганышынан омонимдердин пайда болушу;

4) Башка тилдерден кабыл алынган сeздeрдYH негизинде омонимдердин уюшулушу [Аханов, 1965: 168].

К.Аханов казак тилиндеги омонимдердин табиятын ачууда TYрк тилдеринин (тYркмeн, eзбек, кыргыз, азербайжан, уйгур, ойрот) материалдарына да кайрылган [Аханов, 1956:168]. Ал дагы бир эмгегинде айрым белгилери боюнча омонимдерге окшоп кеткен кубулуштар - омофон жана омографтардан омонимдердин болгон айырмачылыгы тууралуу тeмeнкYДeй пикирин айтат: "Омофондор да, омографтар да таза омонимдер эмес, анткени алардын бири (омофондор) айтылышында бири-биринен ажыратылып чектелсе, экинчиси (омографтар) жазылышы боюнча айырмаланат. Таза омонимдердин катарына айтылышы боюнча да, жазылышы боюнча да бирдей болуп, мааниси жагынан айырмаланган сeздeр" (Аханов, 1965:168) кирерин белгилейт. Омонимдерди Yч топторго бeлYШTYPYП классификациялоону сунуштайт:

1) Лексикалык омонимдер бардык формаларында бирдей болуп, бир сез туркумуне кирген сездер: вкпе - зат атооч, орган аты (епке); вкпе - таарынуу, кенYЛ Y калуу;

2) Лексика-грамматикалык омонимдер ар башка сез TYркYMYнен болуп, бардык формаларында эмес, бир гана формасында омонимдик катышта келген сездер: уста - зат атооч (уста); уста - этиш (карма);

3) Аралаш омонимдер лексикалык омонимдердин да, ошондой эле лексика - грамматикалык омонимдердин да катарына кирбейт. Мындай омонимдер жогорудагы омонимдерди бирдей камтыган кеп TYгейлYY омонимдер: 'жылкы' маанисиндеги ат сезY 'ысым' маанисиндеги ат менен бардык формаларында лексикалык омоним боло алат. Ал эми этиштик маанидеги ат сезY менен лексика-грамматикалык омонимдердин тобун TYЗYП калат [Аханов, 1965: 47].

Дагы бир казак окумуштуусу Эмеди Усенов ез эмгектеринде омонимдерге бир канча ирет кайрылып, омонимдердин пайда болуу жолдоруна жана омонимдерди классификациялоого аракет жасайт. Курамына карай омонимдерди тубаса жана туунду деп экиге белYШTYрет. Мындай белYШTYPYY кыргыз тилинде да салтка айлангандыгын белгилееге болот. Ал эми омонимдердин пайда болушун лексика-семантикалык, фонетикалык, морфологиялык жана кабыл алынган свздвр деп тертке белYП керсетет. КерYHYП тургандай, бул TYрк жана кыргыз тилдери менен жалпылыкка ээ. Ошондой эле омоним менен кеп маанилYYЛYKTYH ез ара айырмачылыктарын тактайт: "Омонимдердин ар бир TYгеЙYHYH маанилери ар башка, алардын бири-бири менен байланышы жок. Ал эми кеп маанилYYЛYKте формалык же функциялык окшоштуктарына карай маанилеринде жалпылык сезилип турат". Мисалы: омоним: Атты алып келдицби? Атыц ким? Мылтыкты ким атты? кеп маанилYYЛYк: ЖYрек: 1. ке^ректщ сол тарабында жайгаскан негизги орган, ЖYрегY айныды; 2. адамдьщ жан ДYнiесi, руханий сез1м1, ЖYрeгi элжиреди, ЖYрегi жылыды [Усенов, 1996:158-159].

Мындан тышкары Есет Болгонбай уулу казак тилиндеги омонимдердин уюшулушунун жогоруда белгиленген терт жолун атоо менен катар, мындай пикирин кошумчалайт: "Казак тилинде башка тилдерден кабыл алынган сездер негизинен араб-фарс жана орус тилдерине MYнездYY. Ошол себептен кабыл алынган сездердYH негизинде TYЗYЛген омонимдик TYгейлердY экиге белYYге болот: 1. фарс жана казак сездерYнен жасалган омонимдер: саз - музыкалык аспап (фарс сезY); саз - баткак, ылай маанисинде (казак сезY); 2. орус жана казак сездерYнен жасалган омонимдер: квшiр - ат айдоочу (орус тилинен кучер); квшiр - бир жерден экинчи жерге орун которуу, этиш (казак сезY)" Бирок башка тилдерден кабыл алынган сездердY мындайча классификациялоо максатка ылайык келбейт деген ойдобуз. Себеби илим менен техниканын, экономика менен саясаттын тынымсыз енYГYП-езгерYП турушу - тилдердин ортосундагы карым-катышка да YЗГYЛTYKCYЗ таасирин тийгизип турат. Экинчиден, кабыл алынган сез бир тилден экинчи тилге TYЗден-TYЗ эмес, YЧYHЧY бир тил аркылуу да кириши практикада арбын учурайт. Андыктан сездер кандай тарыхый кырдаалдарда кабыл алынган, ошол мезгилде тилдерди алып ЖYPYYЧY элдердин ортосунда кандай маданий, саясий жана экономикалык байланыштар болгон деген суроолорго жооп издее менен, сездердYH кабыл алынышынын себебин ачып керсетYY максатка ылайыктуу деп ойлойбуз.

Ал эми окумуштуу К.М. Гасанов азербайжан тилинде диалектинин омонимдерди уюштуруудагы ролуна токтолгон.Омонимдердин пайда болушунун бир себеби "бизди курчап турган TYШYHYKтердYH саны чексиз, ал эми аларды тилде чагылдыруучу тыбыштардын саны алда канча чектелYY" [Гасанов, 1966:112] деген оюн айтат. Сез жасоочу каражаттардын негизинде TYЗYЛген омонимдерди экиге белYП карайт. Биринчисинде, бир эле уцгуга эки башка сез жасоочу MYчелердYH жалганышы менен мааниси боюнча ар бири ез алдынча сез катары кабыл алынган омонимдик TYгейлер болсо, экинчисинде, эки башка уцгуга MYчелердYH жалганышында уцгунун фонетикалык структурасы езгерYП, натыйжада алар омоним болуп калышат. Мындай жол аркылуу пайда болгон омонимдерди биз "морфологиялык жол менен пайда

болгон омонимдер" деп кароону туура Kepe6Y3. Себеби эки учурда тен негизги ролду морфологиялык каражаттар ойноп жатат.

Башкыр тилиндеги лексика-грамматикалык омонимдер маселесине тилчи М.Х. Ахтямов кайрылып, омонимдердин пайда болуу жолдоруна кенири токтолот [Ахтямов,1966:15]. Окумуштуу омоформаларды лексика-грамматикалык омонимдер деп атоо менен, алардын тeмeнкYДeй жолдор аркылуу пайда болгондугун белгилейт:

а) метафоралык жол: алмаш "обменяться" - алмаш "сменный";

б) жeндeмe формаларынын лексикализацияланышы: ал "перед" - алга "вперед" (-га барыш жeндeмeсYHYH MYчeсY);

в) сын атоочтордун затташуусу: квк "eн,TYс" - квк "асман";

г) кыймыл атоочтордун сын атоочторго айлануусу: тароо "чач тароо" -тароо "чачырап тарап кетYY";

д) этиштердин атоочтук формаларынын затташуусу: жазуучу "пишущий" - жазуучу "писатель";

е) лексика-грамматикалык омонимдердин басымдуу бeлYГY омонимдик афикстердин жалганышы аркылуу уюшулган [Ахтямов, 1996:17-21].

"Из истории изучения омонимов в узбекском литературном языке" [Москва, 1977] деген эмгекте изилдeeчYлeр У.Т. Турсунов жана Н.Р. Раджаповдор eзбек тилиндеги омонимдер тууралуу тeмeнкYДeй пикирлерин билдиришкен.

Азербайжан тилчилеринин жогорку окуу жайларынын филология бeлYMдeрY YЧYH даярдашкан окуу куралдарында омонимдердин пайда болушу теренирээк изилденгендиги байкалат. Мында омонимдердин пайда болуу булактары, негизинен, Yчкe бeлYHYП, ар бир бeлYM eз ичинен дагы майда бeлYMдeргe бeлYHгeн. Негизги YЧ бeлYM тeмeнкYлeр:

1. Морфологиялык жол менен пайда болгон омонимдер;

2. Грамматикалык жол менен пайда болгон омонимдер;

3. Синтаксистик (биригуу) жол менен пайда болгон омонимдер;

Грамматикалык жол менен пайда болгон омонимдер байыркылардан

болуп саналат. Булар тилибизде даяр материал катары жашайт жана колдонулат. Этимологиялык жактан мындай сeздeрдYH кандайча eзгeрYП бирдей формага ээ болуп калганын TYШYHYY абдан татаал. Себеби омонимдик TYгeйлeрдYH ар биринин пайда болушунун eзYнe гана MYнeздYY болгон eзгeчeлYKтeрY бар жана алардын ар бирин eз-eзYHчe иликтeeгe туура келет.

А.Меметовдун "Об омонимии в крымско-татарском языке" [Советская Тюркология, 1977] деген аталыштагы макаласында омонимдерге тийиштYY маселелер TYPДYY тилдердин мисалында изилденген. ТYркологдордун Ф.Камал, К.Аханов, С.Усманов ж.б. эмгегин эске алган. Омоним менен ^п маанилYYЛYK крым-татар тилдеринде "ер" сeзYHYH негизги тeрт семантикалык маанисин белгилейт. а) ер - жер, б) ер-жер, топурак, в) ер-жер, орун, г) ер - жер, KYHdY курчап турган планета. Булардын бири-бири менен семантикалык байланышынын негизги вариантын аныктоо кыйынчылык деле туудурбайт. Ошол эле учурда буларды салыштырууда омонимдик сeз экeeнYH ортосундагы маанилик байланышы белгилYY болот. Мисалы, dag-тоо, dag -токой, аят-жашоо, аят-бвлмв. Мында бири-бирине маанилик байланыш бар. Аларды омонимдер деп караган. Ошондой эле омоним менен синонимди салыштырууда крым-татар тилинде "бет" сeзY адамдын ЖYЗY, "бет" - барактын бети, "бет"-тарап, "бет"-ЖYЗ ce3Y юз, чере, бенъиз сeзYнeн келип чыккан. Ал эми "бет"-тарап бул тараф сeзYнeн алынса, кагаздын бети "сайфа" сeзYнeн алынган. Буларды салыштырууда бири-биринен таптакыр башка маанини берет да, "бет" жана "жY3" сeздeрYHYH ар бири омонимдик катарды TYзeрYH кeрYYгe болот. Ошондой эле омонимдерде ар TYPДYY антонимдерди да ^рууге болоорун белгилейт. Мисалы, sag^^YY, sag-оц (тарап) ТирYY антоними вЛYY, ал эми он антоними сол болот да бул экeeнYH ортосунда эч кандай жалпылык жок болгондуктан sag сeзY антоним болуп калат. Толук омонимдер, толук эмес омонимдер, омофон, омограф, омоформага кайрылып алардын eзгeчeлYKтeрYH аныктоого аракет кылган.

В.Д. Аракиндин "Об омонимах в турецком языке" [Советская Тюркология,1978] деген макаласында кайсы гана тил болбосун омонимдердин лексиканын системасында eзYHYH орду бар деп белгилейт. ИзилдeeчY гомогендик жана гетерогендик омонимдерди изилдееге алган окумуштуулардын пикирин салыштырып, омонимдик TYгeйдY экиге бeлYП караган. 1. Толук эмес лексикалык омонимдер. Омонимдик TYгeйдYH MYчeсY e3 ара жумшак тыбыш менен айтылат. Мисалы; atim -менин атым (жылкыга карата) atim-менин атым (ысымым) attan-аттан (атка мин); attan -атынан (кимдир 6upeeHYH атынан); Буга тeмeндeгYДeй омонимдерди киргизген. at (ат) - at (ысым) ad adet (адат)-adet (сан) aded harp (арфа)-harp (согуш) harb

sag (чач)^ад (темир тактай) sac ж.б. Бул топко emir-буйрук жана emir-башкаруучу. Биринчиси экинчисинен айтылышында тон (yн) менен айырмаланат да, жак жана жeндeмe боюнча айырмаланбайт. Мисалы, emri-табыш жeндeмe биринчи жак буйрук беруу, emiri -табыш жeндeмe биринчи жак башкаруучу.

Экинчи топко омонимдик TYгeй толук эмес парадигматикалык катарга башкача айтканда, омонимдердин бир MYчeсY жекелик же кeптYK TYргe кирбейт. Мисалы; atlas-атлас (геогр)-atlas, атлас (материал) beg-темир, beg-пахта, bor-жер, bor-бор (химиялык элемент): gay-взвн, gay-чай, gigek-

чечек (чечек оорусу) ушул сыяктуу омонимдердин грамматикалык жактан иликтeeгe алган.

ТYрк эли коцшулаш жана экономикалык, соода, маданий карым-катнашта болгон eлкeлeр менен тилдик алакада байланышкандыктан, ал тилден кирген айрым сeздeр менен тилдеги мурдатан бери колдонулуп келе жаткан тeл сeздeрдYH ортосунда омонимдик катарлар келип чыккан. Аларды бир канча классификацияга бeлYП караган. Мисалы, араб, перс, француз, грек, итальян, япон, армян, татар тилдеринен кирген омонимдерди салыштырган.

Ж.М. Гузеевдин "Карачай-балкар тилдериндеги ^п маанилYYЛYK жана омонимдердин проблемасы" (Гузеев, 2007) аттуу эмгегинде омоним жана ^п маанилYYЛYK маселесине чек коюуда, эн биринчи мына буларды белгилee керек деп эсептейт: а) сeздYH туунду мааниси кандай болот; б) алгачкы маани менен кийинки маанидеги сeздYH eзгeрYШYнe эмне таасир берет; в) сeздY эркин колдонуу деген эмне; г) сeздYH туунду жана туунду эмес маанисинин кандай байланышы бар; Ошондой эле омоним жана ^п маанилYYЛYKTYH критерийдик чектери боюнча бир канча лексикологдордун ^з карашын (семантикалык, синонимдик, антонимдик, этимологиялык ж.б) эске алуу менен жеке eзYHYH пикирин белгилейт. Негизги бeлYMдe да омонимдердин генетикалык TYЗYЛYШYH туунду жана туунду эмес деп экиге бeлYП, туунду маани кечирээк eнYгeeрYH белгилейт. Генетикалык жактан окшош омонимдердин катары конверсия менен eHY^e ал 3-5 сeздeн турат, ал эми ^п маанилYYЛYKTYH базасында eнYKсe 2-3 сeздeн турат. Иликтeeгe алынган материалда конверсия жабык система менен пайда болбойт, ал бир нече ирет eз ара лексико-семантикалык метод менен аракеттенип, натыйжада омонимдердин ар кандай TYрлeрY келип чыгат. Омонимдерди конверсия жолу аркылуу келип чыккан омонимдер жана ^п маанилYYЛYKTYH натыйжасында келип чыккан омонимдер деп экиге бeлYП караган. Омонимдик сeздYH генетикалык маанисинин пайда болушу анын ырааттуулугу баштапкы сeздYH семантикалык eнYГYYCYнe байланыштуу. Бул YЧYH семантикалык жана логикалык критерийге кeнYЛ буруу керектигин баса белгилейт. Натыйжа

ИзилдeeлeрдYH натыйжасында ТYркологияда омонимдердин изилденишинде эн негизги ыкманын Орус тил илимиминде колго алынган усул ыкма болгону кeрYHYП турат.ТYрк тилинден башка баардык ТYрк тилдеринде бул маселенин терен TYPдe изилдегени дагы анык.

Список литературы:

1. Aksan D. Anlam Bilimi ve Türk Anlam Bilimi. - Ankara, 1971. - 195 б.

2.Aydin M. Dil Bilim El Kitabi - Temel Kavram ve Konular. - Bi§kek: Avrasya Yaymlari,2004. - 171 б.

3. Güncel Türk^e Sözlük,Ankara:Türk Dil Kurumu Yayinlan,11.Baski, 2011. - 2800 б.

4. Karaagaf G. Dil, Tarih ve Insan. - Ankara: Akfag Yayinlari, 2005.-192 б.

5. Аракин В.Д. Об омонимах в турецком языке,Сов. тюркология. - 1978. - № 2. - С. 4861.

6. Аханов К. Тш бшмше кiрiспе. -Алматы: Мектеп, 1965. - 599 б.

7.Ахтямов М.Х. Проблемы омоними в современном башкирском литературном языке.-М.-1966

8. Бекджанова Р. Кыргыз тилиндеги омонимдер. - Фрунзе, 1967. - 314 б.

9. Гасанов К.М. Омонимы в диалектах азербайджанского языка, Вопр. диалектологии тюркских языков. - Баку, 1966. - Т.4. - С.80-83.

10. Гузеев Ж.М. Проблемы полисемии и омонимии в карачаево - балкарском языке. -Нальчик: Кабардино-Балкар. ун-т, 2007. - 91 с.

11. Кыргыз тилинин сeздYГY. - Бишкек: AVRASYA PRESS, 2010. - 1460 б.

12. Кыргыз тилинин TYШYHДYрмe сeздYГY, Э.Абдулдаев. - Фрунзе: Мектеп, 1969. - 775 б.

13. Меметов А. Об омонимии в крымско-татарском языке,Сов. тюркология. - Баку,

1977. - № 4. - С. 88-95.

14. Мусабаева З.М. Омонимы в Дивану-лугат-ит тюрк Махмуда Кашгарского. - Фрунзе,

1978. - 188 с.

15. Радлов В.В. Опыт словаря тюркских наречий.-Санкпетерсбургь,1888-1911. T.4.967+970+1051+1054+1259+1263 c.

16. Турсунов И.Т. Из истории омонимов в узбекском языке,Тюрская лексикология и лексикография. - М., 1971. - С.31-41.

17. Усеев Н. Енисей жазма эстеликтери I (лексикасы жана тексттер).-Бишкек.:2011.-722 б.

18. Юнусалиев Б.М. Киргизская лексикология: развитие корневых слов.-Фрунзе: Кирг. гос. уч. пед. изд-во, 1959.-368 с.

© Тузжу Керим, 2016

УДК 494.3

ИССЛЕДОВАНИЕ ОМОНИМОВ В ТЮРКОЛОГИИ

Тузжу Керим

Аннотация. Во многих языках тюркского происхождения омонимы были изучены посредством методов, примененных в русском языке. А в турецком языке они были изучены посредством европейской методологии. В результате, было доказано, что в этимологии омонимов между туркскими и русским языками в вопросе лексико-семантических различий существует сходство.

Ключевые слова: тюркские языки, омоним, тюркология, русский язык.

© Тузжу Керим, 2016

UDC 494.3

RESEARCH OF HOMONYMS OF TURKIC LANGUAGES

Tuzcu Kerim

Abstract. Homonyms of Turkic languages were investigated by methods of Russian. Homonyms of Turkish language were explored by European methodology. In consequence of investigation it was found there was similarity in etymology of homonyms between Russian and Turkic in difference of lexical semantic sphere.

Keywords: Turkic languages, homonyms, Russian. Turcology.

© Tuzcu Kerim, 2016

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.