Научная статья на тему 'THE VALUE OF GENRE SPECIFIC FEATURES OF AUTOGRAPHIC WORKS IN THE STUDY OF LITERATURE'

THE VALUE OF GENRE SPECIFIC FEATURES OF AUTOGRAPHIC WORKS IN THE STUDY OF LITERATURE Текст научной статьи по специальности «Языкознание и литературоведение»

CC BY
24
6
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
АВТОБИОГРАФИЧЕСКАЯ ПОВЕСТЬ / АВТОБИОГРАФИЧЕСКИЙ РОМАН / ИСТОРИЧЕСКИЕ СОБЫТИЯ / ПРОТОТИП / ПЕЙЗАЖ / ХУДОЖЕСТВЕННАЯ ЛИТЕРАТУРА / СТИЛИСТИЧЕСКИЙ ПРИЕМ

Аннотация научной статьи по языкознанию и литературоведению, автор научной работы — Акматов К.К.

В статье рассмотрены жанрово-видовые особенности автобиографических произведений с точки зрения ряда авторов на определение автобиографического жанра, раскрывается различие таких жанров, как исповедь, мемуары, автобиографическая повесть с опорой на литературоведческие исследования в русской литературе, послужившей основой для зарождения автобиографического жанра в кыргызской профессиональной литературе. Знание жанрово-видовых особенностейавтобиографических произведений сегодня имеет огромное значение в изучении литературы.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

ЗНАЧЕНИЕ ЖАНРОВО-ВИДОВЫХ ОСОБЕННОСТЕЙ АВТОБИОГРАФИЧЕСКИХ ПРОИЗВЕДЕНИЙ В ИЗУЧЕНИИ ЛИТЕРАТУРЫ

The article considers genre specific features of autobiographical works from the points of view of some authors on determination of autobiographical genre. Revelaed the difference of such kind of genres as confession, memoirs, autobiographical story relying on literary research in Russian literature, serves as a basis for creation of autobiographical genre in Kyrgyz professional literature. Today the knowledge of genre specific features of autobiographical works has an enormous value in the study of literature.

Текст научной работы на тему «THE VALUE OF GENRE SPECIFIC FEATURES OF AUTOGRAPHIC WORKS IN THE STUDY OF LITERATURE»

УДК 82. 282. (373.52.) (575.2)

ЗНАЧЕНИЕ ЖАНРОВО-ВИДОВЫХ ОСОБЕННОСТЕЙ АВТОБИОГРАФИЧЕСКИХ ПРОИЗВЕДЕНИЙ В ИЗУЧЕНИИ ЛИТЕРАТУРЫ

К.К. Акматов1

Аннотация

В статье рассмотрены жанрово-видовые особенности автобиографических произведений с точки зрения ряда авторов на определение автобиографического жанра, раскрывается различие таких жанров, как исповедь, мемуары, автобиографическая повесть с опорой на литературоведческие исследования в русской литературе, послужившей основой для зарождения автобиографического жанра в кыргызской профессиональной литературе. Знание жанрово-видовых

особенностейавтобиографических произведений сегодня имеет огромное значение в изучении литературы.

Ключевые слова: автобиографическое произведение, автобиографическая повесть, автобиографический роман, мемуар, исторические события, прототип, пейзаж, художественная литература, стилистический прием.

«Керкем-документалдык жанрлар» термини eзY филологдор YЧYH эц бир актуалдуу маселелердин бирин кeрсeтYП турат: терминологиялык туруксуздук, синонимдеш ар TYPДYY TYШYHYKтeрдY - запискалар, мемуарлар, автобиографиялык повесть, мемуардык-биографиялык роман, эскерYYлeр, балалык жeнYHдe баяндоо ж.б. - тецдеш катары пайдалануу. Бул болсо ушул чыгармалардагы текстти уюштуруунун ички тиби менен эмес, YCтeмдYK кылуучу CYрeттee предмети менен байланышкан.

Автобиография - сeздYH кец маанисинде алганда, негизги мазмунун автордун инсанынын руханий-адептик вHYгYY процессин CYрвттввCYH TYЗгeн чыгарма, ал eтмYШTY тажрыйбалуу, жетик, акыл токтоткон адам тарабынан ацдоого негизделген. Жазуучунун турмушу протосюжет болот да, анын инсаны (ички ДYЙнeсY, ЖYPYM-турум eзгeчeлYKтeрY) башкы каармандын прототиби болуп калат. Автобиография YЧYH биографиялык мезгилдин eзгeчe тиби жана "eз eмYP жолун eтeп жаткан адамдын спецификалуу TYЗYЛгeн образы" MYнeздYY [1, 281]. Автобиографиялык чыгармалардын eзгeчe татыктуу жактарынын бири - eз мезгилинин тарыхый белгилерин чагылдыргандыгында (пейзаж, жашаган бeлмeнYH CYрeттeлYШY, интерьер, буюмдар, портреттер, каада-салттар, кеп eзгeчeлYKтeрYHYH, манерлардын берилиши ж.б.).

Автобиографиянын мазмуну ацгеме менен аякташы деле MYMKYH, мисалы, В.Белов "Менин eмYPYM. Автобиография", роман болушу да MYMKYH (В.Набоков "Башка жээктер" ("Другие берега") 1954), же болбосо трилогияга eсYП жетиши MYMKYH (М.Горький "Бала чак" ("Детство") 1913-1914, "Эл арасында" (В людях") 1916, "Менин университеттерим" ("Мои университеты") 1923). Ал эми кыргыз прозасында М.Элебаевдин "Узак жолу", К.Акиевдин "Баскан жолу", Ч.Айтматовдун "Балалыгым" чыгармалары мисал боло алат.

9з ой-толгоолоруна жана кылык-жоруктарына байкоо салып, талдоо адабий жана маданий турмуштун маанилYY бeлYГYH TYзeт. Автобиографиялардын айырмалуу сапаттарынын бири болуп алардын аныктыгы менен ачыктыгы, eзYH-eзY рефлексиялоосу эсептелет.

9з чыгармаларында eзY жeнYHдe чегине жеткире чындык менен айтып берYYHY кeздeгeн авторлор автобиографияларды eз чыгармачылыгын белгилYY бир eлчeмдe диний ритуалга жакындаштырып, акыйкаттар (исповеди) деп аташат. Ачыктыктын, чынчылдыктын жана окурманга болгон ишенимдин

Ыкматов Кыялбек Камутович - кандидат педагогических наук, доцент, Ошский государственный университет, Кыргызстан.

жогорку даражада экендиги акыйкатты автобиографиядан айырмалап турат. Акыйкаттын автору ез кылык-жоруктары, чыныгы ой-толгоолору кандай болбосун, алардын чыныгы мотивдери менен себептерин ацдоого умтулат. Акыйкат ез мацызы боюнча диалогдуу: автор окурмандын TYШYнерYне эсепке алып, аны да ачыктык менен жооп берYYге чакырат. Мунун айкын мисалы катары орус адабиятындагы Л.Н.Толстойдун "Акыйкатын" окугандан кийин И.С.Тургеневдин жазган белгилуу катын келтирсек болот: "...ез кезегинде мен YЧYH кымбат адамдын алдында мен да акыйкатымды айтуу YЧYH мунун автору менен керYШKYM келет" (1882-ж., 15-дек.).

Акыйкаттын езгечелYKтерY керкем адабиятта композициялык, баяндоочу, стилистикалык ыкма катары пайдаланылат (мисалы, А.Мюссенин "Кылымдын уулунун акыйкаты", 1836; С.Есениндин "Хулигандын акыйкаты", 1921 ж.б.).

Автобиография менен акыйкаттан турдуу тектеги мемуарларды (фр. шешокеБ - эскеруулер) айырмалап карашат. Бул жанрдагы чыгармаларда биринчи планга, негизинен, автор, ошондой эле ал туш болгон коомдук, саясий, маданий турмуштун ишмерлеринин баштан кечирген тарыхый окуяларын CYрвттвв чыгарылат.

«Автобиографиялык проза» жана «мемуардык проза» деген негизги TYШYHYKтердY чаташтыруу проблемасы бара-бара чечилет. Эгерде 1960-ж. С.Машинский, ез эмгектеринде 1930-ж.ж. изилдеечYлердY ээрчип, етмYШTY кайра жаратууга MYMKYHДYK берYYЧY жанр тууралуу, мемуарлар менен автобиографиялык прозанын, KYHделYKтердYH жана автопортреттин биримдиги тууралуу айткан болсо [2, 6-22], бир топ убакыттан кийин, Л.Гаранин, Г.Гюбиева, Г.Елизаветина, Д.Жуков, Е.Журбина, В.Кожинов, В.Мильчина, А.Наркевич, С.Неклюдов, Н.Николина, Г.Орлова, Н.Старосельская, Т.Фролова, И.Шайтанов ж.б. окумуштуулар мемуарлар менен автобиографияны И.Шайтановдун канаттуу сезY менен айтканда, "кандай болгон эле жана кандайча эскерилди" дегенге ылайык типологиялык жактан айырмалашкан» [3, 15-32].

Бара-бара адабиятта «кыялдануу - чындык» деген туруктуу карама-каршы коюу пайда болуп, ал керкем-документалдуу жанрларды, бYTYHдей мемуардык адабиятты айырмалоого жана "жекече жанрды" (А.Латынина) эки TYPY менен керсетууге MYMKYHДYK берет, алардын бири - керкем прозанын канондору боюнча жаралган керкем автобиография, экинчиси - фактографияга, хронологиялык ырааттуулукка, документалдуулукка ыктаган мемуарлар, етмYШTY эскерYYлер. Ушуга байланыштуу жанрдык формалардын бир топ так аныктамасын издее проблемасы келип чыгат. Ошентип, авторлору етмYШTY, адам менен мезгилдин катышын ийне-жибине чейин андаган, етмYШTY эскерYYДе пайда болгон сезимдерди туюндурган автобиографияларды "биографиянын биографиясы" (Д.Жуков) "керкем автобиография" (З.Османова) деп атоону, ал эми мемуарларды бетенче авторлоштурулган мезгил летописи -«доор документи» (А.Галич), «чындыкты чагылдыруучу» (В.Оскоцкий) деп атоону сунушташкан.

Тилекке каршы, ушул кезге чейин керкем-документалдуу жанрларды изилдее жаатында адабият таануучулардын пикирлери ар TYPДYY: Батыш Евпропа менен АКШнын адабият таануучулары жанрга негиз салуучу катары автобиографиянын француз теориясын (автору Ф.Лежен) негиздешет. Ф.Лежендин «Франциядагы автобиография», «Автобиографиялык факт», жана башка окумуштуулардын эмгектери (Ж.Старобински «Автобиографиянын стили», Т.Кули «Жашоонун жаралышы. Америкадагы азыркы автобиографиянын ГYЛдешY») фундаменталдуу, автобиографиялык прозанын табиятын TYШYHДYPYYЧY эмгектер болуп саналат. Бирок, булардын бардыгы эле орус же кыргыз тилине которулган эмес, ошондуктан автобиография теориясынын андан ары калыптануу процессин татаалдантат.

Мезгилдин, автобиографиялык "мендин" манызынын, керкемдYK менен документалдуулуктун катышынын, материалдуу иргеп алуу критерийлеринин, типтештирYY жолдорунун эн маанилYY маселелерин чечYY менен, изилдеечYлер автобиографиялык жанрдын аныктамасынын жаны варианттарын беришет:

>«бул башкы каарман тарабынан жазылган биография» (Д.Старобински); >«жазуучунун eз eмYP жолуна болгон ^з карашы» (Дж.Олни); >«чыныгы жазуу, инсандын eзY тарабынан жазылып, бир бYTYH катары топтоштурулган тарыхы» (У.Шумейкер);

>«тарыхтын бир TYPY, белгилYY бир мезгил ичинде болуп eткeн окуялар жeнYHдe баяндоо» (Д.Моррис).

Чет eлкeлYK, анын ичинде россиялык окумуштуулардын позицияларын автобиографиялык чыгарманы реалдуу адамдын турмушун жашоонун жекече белгилери, айрыкча, инсандын калыптануу тарыхы баса белгиленген ретроспективдYY баяндоо катары карагандыгы жакындаштырат.

Автобиографиялык чыгармалардын конкреттYY элементтерин ачып берYYДe изилдeeчYлeрдYH ички жанрдык типология маселесин кароодогу субъ-ективизмин белгилебей коюуга болбойт.

Маселен, У.Шумейкер «субъективдYY» жана «объективдYY» автобиографияны бeлYП карайт; Г.Каузер болсо, У.Ховарт сыяктуу эле жанрды YЧ TYргe: «автобиография риторика катары», «автобиография драма катары» жана «автобиография поэзия катары» бeлYП кароо менен, «пайгамбарлык автобиография» TYШYHYГYH алып чыгат.

Автобиография теориясынын ички жанрдык типологиясы менен катар актуалдуу маселеси болуп анын ар TYPДYY беллетристикалык эмес TYрлeрY -инсан жeнYHдe баяндоолор (акыйкат, KYHдeлYK, биография, мемуарлар, каттар) менен болгон катышы эсептелет. Бул маселе боюнча Д.Гарраби, К.Страут, Л.Эдел сыяктуу чет eлкeлYK жана Л.Я.Гинзбург, Г.Г.Елизаветина, Г.П.Макогоненко ж.б. [4] сыяктуу россиялык окумуштуулардын, жазуучулардын эмгектеринде кызыктуу байкоолор бар.

БYГYHKY KYHдe кeркeм-документалдуу жанрларга теориялык-адабий жана философиялык жактан немец рецептивдYY эстетикасынын eкYЛдeрY (Г. Гримм, В. Изер, Р.Ингарден, Х.Р.Яусс ж.б.), нарратологиянын теоретиктери (К.Бремон, Ж.Женетт ж.б.), структурализмдин жана постструктурализмдин теоретиктери (Р.Барт, А.-Ж.Греймас, Ж.Деррид, Ж.Женетт, Ю.Кристева, Ю.Лотман, Б.Успенский, М.Фуко), мифологиялык сындын eкYЛдeрY (Р.Кук, Л.Фидлер, Н.Фрай, Р.Чейз ж.б.), феноменология жаатындагы изилдeeчYлeр (Э.Гуссерль, Р.Ингарден, М.Хайдеггер) [5] ЖYргYЗYП жатышкан (же мурда ЖYргYЗYШкeн) изилдeeлeр маанилYY деп аталууда.

Автобиографиялык жанрдын CYрeттee предметин, автор менен каармандын позицияларын аныктоого, чыгармалардагы кыял менен фактыны белгилeeгe, ошондой эле бул жанрга MYнeздYY болгон баяндоо формаларын талдоого байланышкан маселелер да бардык окумуштууларды кызыктырып eзYнe тартууда.

Адабият таанууда автобиография деп, автор eз турмушун CYрeттeeсYH, же бул турмуштун негизги окуяларын "кeлeмY боюнча эскерYYлeргe караганда кыскараак жана инсандын тарыхындагы бир топ маанилYY жана бурулуш учурларды камтыган" кeркeм CYрeттeeсYH аташат, ал эми мемуарлар - жазып жаткан адам KYбe болгон eтмYШтeгY окуялар, адамдар жeнYHдeгY «авторлордун эскерYYлeрYH тастыктаган жазма чыгарма».

Бул жанрлар тектеш, бири-бирине терец кирип кетет, себеби eтмYШ жeнYHдeгY ацгемени болжойт, бирок алардын ортосундагы кылдай айырма тeмeнкYДe турат: эгерде биография (акыйкат, биографиялык эскерYYлeр) ошол чыгарма адабий портрети болуп эсептелеген автордун инсанына жана ички ДYЙнeсYнe дит коюуну эске алса, мемуарлар автордун eзYHYH турмушун CYрeттeeнY жана документалдуу MYнeздeмeсYH, демек, чындыктын объективдYY баасын камтыйт. Бул эки жанрдын айырмасын андагы тексттик (кeркeм) жана турмуштук (кeркeмдeeдeн сырткары) реалдуулуктун, кыял менен фактынын болушу (же жоктугу) менен белгилeeгe болот, булар, маанилYY ^р^м образдуу каражат болуу менен, кeркeм-автобиографиялык прозада синтезделе алат, ал эми мемуардык-автобиографиялык прозада бирден бир башталыш, башкы негиз болуп кeркeмдeeдeн сырткаркы реалдуулук, чындык, факт, жазуучунун автобиографиясы эсептелет [6].

Россиянын адабият жeнYHдeгY илиминде автобиографиялык чыгармаларды иликтееде С.С.Аверинцев, А.Борщаговский, Г.Винокур, Л.Гаранин, Л.Гинзбург, Е.Добин, Л.Иезуитова, Т.Колядич, Ю.Конина, В.Кошелев, Т.Николина, Г.Орлова, В.Оскоцкийу, З.Османовай, Н.Павлова, П.Палиевский, Р.Петропавловский, В.Пискунов, В.Полтавчук, И.Пруссакова, Ю.Тынянов, С.Филюшкинай, И.Шайтанов, Я.Явчуновский ж.б. окумуштуулардын олуттуу тажрыйбасы бар.

Автобиографиялык жана мемуардык прозаны изилдееде^ орус адабият таануучуларынын тажрыйбасы макала же монография гана эмес, диссертациялык изилдеелерде да кецири чагылдырылган: В.Барахов («Адабий портрет мемуардык-биографиялык прозанын жанры катары» 1980), Е.Болдырева («XX кылымдын биринчи 30 жылдыгындагы орус адабиятындагы автобиографиялык роман» 1999), Г.Гюбиева («XVIII к. орус мемуардык-автобиографиялык адабиятынын eнYГYY этаптары» 1968), Г.Орлова («Автобиографиялык проза эки доордун чегинде (каармандын эволюциясы маселесине карата») [7].

ИзилдeeчYлeрдYH бирдиктYY пикирине ылайык керкем-документалдуу жанрлар теориясы толугу менен иштелип чыга элек. Автобиографиялар, акыйкаттар, KYHдeлYKтeр, мемуарлар, каттар инсандын ички ДYЙнeсYнe жана анын сырткы ез ара байланыштарына жараша татаалдашат.

Пайдаланылган адабияттар:

1. Бахтин М. М. Формы времени и хронотопа в романе // Бахтин М. М. Вопросы литературы и эстетики. ML, 1975.

2. Машинский С.О. О мемуарно-автобиографическом жанре // Вопросы литературы. - 1960. - № 6.

3. Шайтанов И.О. Как было и как вспомнилось (Современная автобиографическая мемуарная проза). - М.: Знание,1981.

4. Проблемы жанра в истории русской и зарубежной литературы / отв. ред. Н.Д. Тамар-ченко. - Кемерово, 1976.

5. Хализев В. Н. Основы теории литературы. - М.: Академия, 2004.

6. Поспелов Г.Н. Проблемы исторического развития литературы. - М.: Просвещение, 1972.

7. Николина Н.А. Поэтика русской автобиографической прозы: Учебное пособие / Н.А. Николина. - М.: Флинта: Наука, 2002.

© К.К. Акматов, 2016

UDC 82. 282. (373.52.) (575.2)

THE VALUE OF GENRE SPECIFIC FEATURES OF AUTOGRAPHIC WORKS IN THE STUDY OF LITERATURE

K.K. Akmatov

Abstract. The article considers genre specific features of autobiographical works from the points of view of some authors on determination of autobiographical genre. Revelaed the difference of such kind of genres as confession, memoirs, autobiographical story relying on literary research in Russian literature, serves as a basis for creation of autobiographical genre in Kyrgyz professional literature. Today the knowledge of genre specific features of autobiographical works has an enormous value in the study of literature.

Keywords: autobiographic works, autobiographic story, autobiographic novel, memoirs, historical events, prototype, landscape, fiction, stylistic device.

© K.K. Akmatov, 2016

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.