Научная статья на тему 'ANIMALISTIC PHRASELOGY EXPRESSING POSITIVE QUALITIES IN KURGYZ AND TURKISH'

ANIMALISTIC PHRASELOGY EXPRESSING POSITIVE QUALITIES IN KURGYZ AND TURKISH Текст научной статьи по специальности «Языкознание и литературоведение»

CC BY
40
56
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
ФРАЗЕОЛОГИЗМ / СЕМАНТИЧЕСКАЯ ГРУППА / СТИЛИСТИЧЕСКАЯ ОСОБЕННОСТЬ

Аннотация научной статьи по языкознанию и литературоведению, автор научной работы — Эстебесова П.С.

В данной статье рассматриваются лексико-семантические особенности анималистических фразеологизмов, выражающих положительное качество человека кыргызского и турецкого языков, их семантические группы, эмоционально-экспрессивные различия, стилистические особенности.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

АНИМАЛИСТИЧЕСКИЕ ФРАЗЕОЛОГИЗМЫ, ВЫРАЖАЮЩИЕ ПОЛОЖИТЕЛЬНОЕ КАЧЕСТВО ЧЕЛОВЕКА КЫРГЫЗСКОГО И ТУРЕЦКОГО ЯЗЫКОВ

In this article phraseology expressing positive qualities in the Kyrgyz and Turkish languages is divided into semantic groups and lexical-semantic nature, emotional expressive colors and stylistic peculiarities of each group are studied.

Текст научной работы на тему «ANIMALISTIC PHRASELOGY EXPRESSING POSITIVE QUALITIES IN KURGYZ AND TURKISH»

Ученый XXI века • 2016 • № 3-1 (16)

Филологические науки

УДК 811.512.1 (575.2) (043.3)

КЫРГЫЗ ЖАНА ТYРК ТИЛИНДЕГИ АДАМДЫН ОЦ САПАТЫН ТУЮНТКАН АНИМАЛИСТТИК ФРАЗЕОЛОГИЗМДЕР

П.С. Эстебесова1

Аннотация

Бул макалада кыргыз, TYрк тилиндеги адамдын он сапатын туюнткан анималисттик фразеологизмдер семантикалык топторго белунуп, ар биринин лексика-семантикалык табияты, эмоционалдык экспрессивдик нюанстары, стилистикалык езгечелугу иликтееге алынат.

Негизги свздвр: фразеологизм, анималисттик фразеологизм, семантикалык топ, стилистикалык табият.

Кыргыз жана турк тилиндеги адамдын он сапатын туюнткан анималисттик фразеологизмдердин семантикалык табияты, керкем чыгармаларда колдонуу езгечелугу, стилдик боекчолору ж.б.у.с. маселелер, салыштырма планда да, ез алдынча да ар тараптуу изилдее иштерине муктаж. Арийне адамдын он сапатын туюнткан анималисттик фразеологизмдердин салыштырма негизде тектеш тилдерде, т.а., кыргыз, турк тилдеринде иликтениши, тектеш тилдердин енугуу закон ченемдуулугу, улуттук менталитеттин тилде чагылдырылышы ендуу олуттуу теориялык маселелерди терендетип иликтееге чон ебелге тузет. Демек, иликтеебуздун актуалдуулугу жогорудагыдай маселелер менен айкындалса, илимий макалабыздын максаты теменкудей маселелер менен шартталат: кыргыз, турк тилдеги адамдын он сапатын туюнткан анималисттик фразеологизмдерди ез ара салыштыра иликтеп, семантикалык топторго белуштуруу, кепте туюндурган маанисине, аткарган функциясына карата семантика-стилистикалык талдоолорду жургузуу. Бул максатты ийгиликтуу аркалоо учун анималисттик фразеологизмдердин ички биримдигин, маани-мазмунун анализдеп, теменкудей семантикалык топторго белуп кароону ылайык керебуз:

- Акылдуулук, керегечтук, кесемдукту туюнткан фразеологиялык каражаттар;

- 9те бышык, тын, чыйрактыкка байланыштуу фразеологиялык турмектер;

- Кайраттуулукту, баатырдыкты, эр журектуулукту туюндурган фразеологизмдер;

- Сергектик, зиректик, сактыкты чагылдырган фразеологиялык тизмектер;

- Жоош, момундукка байланыштуу фразеологиялык бирдиктер.

Акылдуулук, керегечтук, кесемдукту туюнткан фразеологиялык

каражаттар

Адамдын акыл-эстуулугу, алдын-ала сезип-туйган керегечтугу, кыраакылык менен кепту билген кесемдугу анын суйлеген сезунен, жасаган иш-аракетинен, журум-турумунан, адамдар менен болгон ез ара мамилесинен, дуйнеге болгон кез карашынан билинет. Маселен, балыкка тил, двцгвчкв жан киргизYY, бвдвнвдвн куйрук чыгаруу, tekeden sut ркагтак (с.с., текеден сут чыгаруу), sinekten уад ркагтак (с.с., чымындан май чыгаруу) турмектеру, «ете эпчилдигин, кыраакылыгын кергезуу, ар кандай айла амалдар менен аракеттенуу» маанисин туюнтуп, жасаган иш-аракети аркылуу акыл-эстуу

1Эстебесова Перизат Садырбековна - аспирант, Бишкекский гуманитарный университет им. К. Карасаева, Кыргызстан.

адамдын образын чагылдырууда чоц роль ойнойт. Ал тим эле балыкка тил, двцгвчкв жан киргизип жиберчYдвй болгон бир шуулдак вцдвнвт; Ал ошондой бвдвнвдвн куйрук чыгарат (оозеки кептен); -Опи tammyor тшип, о зтвкЬвп уад дкагап ¡таи ( - Аны тааныбайсыцбы, ал чымындан да май чыгарган адам); О дегре^еп йе ЫесепкИ Ыг росик tekeden Ы1е sut д1капуог (Чындыгында ал абдан эпчил, текеден да CYт чыгарган бала) (П.Э.). Бул фразеологиялык TYрмeктeрдe «эпчилдик, кыраакылык» менен бирге «амалкeйлYK», «митайымдык» сыяктуу маанилер да кошо камтылганы CYЙлeмдeрдeн айкын кeрYHYП турат. Ал эми билбегени бит («билбегени жок, бардыгын билет, кeп нерселерге TYШYнeт») тизмеги, тек гана даанышмандыктын, билимдYYЛYKTYH негизинде акылман, кeрeгeч адамдын образын CYрeттeeдe колдонулат: Кичинекей болуп кврYнгвHY менен анын билбегени бит (П.Э.). Мында eтe эпчилдиги, кыраакылыгы же амалкeйлYГY аркылуу кeкYрeгYH чаап, эл кeзYнe кeрYHгeн акылмандык, кeсeмдYK эмес, жeнeкeй гана адамга таандык акыл-эстYYЛYK сапатты туюндурду. Ошондой эле, бул семантикалык топтогу фразеологиялык бирдиктердин ичинен, эмоционалдык-экспрессивдYYЛYK касиети, семантика-стилистикалык табияты жагынан башка TYрмeктeргe салыштырмалуу артыкчылык кылган, «акылмандык, кeрeгeчтYK, кeсeмдYKTY» eтe таамай чагылдырган жыландын тилин билYY, жвргвMYштYH жвтвлгвHYH билYY, кумурсканын улутунганын билYY, Ьвг Ши dШиi ЬИтвк (с.с., ар бир иттин тилин билYY) тизмектери бар. Бул тизмектердин маани-мацызын, стилистикалык боектуулугун тeмeнкY CYЙлeмдeр тастыктайт: Сен чындап келсе жыландын да тилин билесиц го, бир CYйлвШYп кврсвц; Ал керек болсо, жвргвMYштYH жвтвлгвщн айттырбай билет; Анын сыры баарыбызга маалым, ал кумурсканын улутунганын да билет эмеспи; - ^evik, ЫесепкИ, Ивг Шп йШт ЬИвп Ыг hizmetрi апуоНаг (-Тыц, эпчил ар бир иттин тилин билген кызматчы издеп жатышат) (П.Э.). Мында «абдан кыйын, колунан бары келген, eтe чебер, eтe кыраакы, амалкeй» маанисин туюнтуп, адамдын акылмандыгын, кeрeгeчтYГYH жогорку децгээлде, eтe таамай CYрeттeй алгандыгына KYбe болобуз.

Дегеле акыл-эстYYЛYK сапат, толук кандуу адамга таандык эц негизги касиет-сапаттардын бири, ал адамдын жашоо-турмушу, коомдогу ээлеген орду YЧYH зор мааниге ээ.

бте бышык, тыц, чыйрактыкка байланыштуу фразеологизмдер

Адамдагы тыц, бышык, чыйрактык сапаттар жоокерчилик жана кeчмeндYY турмушту башынан eткeрYП, ар кандай кыйынчылык турмушка бышкан кыргыз элинин улуттук колоритине, менталитетине таандык негизги касиет-сапаттардын бири. Буга байланыштуу алдына ат салдырбаган, аттын кулагы менен тец ойноо, ат ойнотуу, биттин ичегисине кан куйган, а1 оуиатак (с.с., ат ойнотуу) ж.б.у.с. фразеологиялык бирдиктерди кездештиребиз. Аттын кулагы менен тец ойноо, ат ойнотуу TYрмeктeрY «ат YCTYHдe абдан шамдагай, эркин ЖYPYY, атка мыкты ЖYPYY» маанисинде, нукура кыргыз эр-жигиттерине таандык шамдагайлык, шайдооттук, чыйрактык, эркин жигиттик MYнeздY таамай чагылдырып, кeбYHчe жаш жигиттерге карата колдонулгандыгын мисалдардын негизинде байкасак болот: Мен сендей курагымда аттын кулагы менен ойноор элем, сен болсо атка оцдуу мине албайсыц; Айылдын балдары аттын кулагы менен тец ойноп чыйрак; Алар убагында аттын кулагы менен тец ойноп, эл-жер YЧYH кызмат кылышкан (оозеки кептен); Жогорудагы CYЙлeмдeрдeн «шамдагайлык, шайдооттук, чыйрактык, жигиттик ^ч-кубат» менен бирге эле «мыкты, тыц, чыгаандык, иштермандык» сыяктуу стилдик боекторду да баамдай алабыз. Ал эми «эц мыкты, абдан тыц, чыгаан башкаларга салыштырмалуу бышык» маанисинде колдонулган алдына ат салдырбаган, биттин ичегисине кан куйган тизмектери, eзгeчe стилистикалык боектуулукка ээ: 1. Ал ток пейил, токтоо MYHвз, дили калыс, а бирок тыцсынганга итиркейи келме, айтышса алдырардан эмес, алдына ат салдырардан эмес, а «жамы журт YЧYH» десе тура чуркап, атка мине чаап, вз башына кандай MYШKYЛ келээрин, влврYHунутуп калат [3, 251]; Бардык нерсени втвЛYHв чыгара билген, биттин ичегисине кан куйган неме экен (оозеки кептен); 2. Анын билгизбей биттин ичегисине кан куюп ЖYргвHYH эми байкадым (оозеки кептен); 3. Ал

y4eBbrn XXI вeка • 2016 • № 3-1 (16)

чындыгындa эле биттин ичегисине кан куйган, шyyлдaгaн неме ^nTe^. Мындагы 1-CYЙлeм топтомyндагы фразeологизмдeр eTe элe тыддыкты, бышыктыкты, бары жоктун, баарын билген даанышмандыкты, чыйрактыкты eTe эмоционалдуу, экcпрeccивдYY чагылдырcа, 2-CYЙлeмдe биmmин ичеги^не тн куюу TYрмeгY, эки ЖYЗДYY, бузуку адамдын чeбeр, чыйрактыгынын нeгизиндe ыплаc иштeрди жаcоого багыт алгандыгын билдирип, тeрc бааны, маанини туюнтат. Ал эми 3-CYЙлeмдe eTe тыд, бышык, чыйрактыкты туюндуруу мeнeн биргe амалкeйлYK да кыйытылып жаткандыгы ачык кeрYHYП турат.

Жогорудагы тыд, чыйрак, бышыктыктыкты туюндуруучу фразeологизмдeр, CYЙлeм ичиндe контeкcттин табиятына ылайык од, тeрc маани, боeкчого ээ болуп калышы ыктымал. Бирок кeбYHчe адамдагы эд ^гизги каcиeт-cапатты туюндуруп, од баага, маани^ ээ.

Кайраттуулукту, баатырдыкты, эр журвктуулукту туюндурган фразеологизмдер

Тайманбаc баатырдык, кeк жалдык, эр ЖYрeктYYЛYKTY eTe элecтYY, образдуу туюнткан жoлбopc ЖYpвк, жoлбopc мaцдaй, aslan yürekli (c.c., арcтан ЖYрeк) ж.б. фразeологиялык туюнтмалары бар. Мындай TYрмeктeрдeгY элecтYYЛYK, образдуулук каcиeт ЖYрeктeбY жe жолборc, арcтандабы дeгeн cyроо туулбай койбойт? Чындыгында жoлбopc ЖYpвк, apcmaн ЖYpвк тизмeктeриндeги «жолборо>, «арстан», «ЖYрeк» ceздeрY eз алдынча турганда да eзгeчe маанигe ээ: 1. ЖYрeк (адамдыкыбы жe айбандыкы) ^гизги борбор болуп, бYTKYЛ бир от^^маны башкарып, бардык нeрceни кыймыл-аракeткe ^лтирип турган эд нeгизги кыймылдаткыч куч; 2. Ал эми «жолборc», «арстан» эд KYЧTYY, коркууну, кайра тартууну билбeгeн жалтанбаc, тайманбаc жырткыч жаныбар. Мында ЖYрeк да, жолборc да маанилYY экeндиги бeлгилYY, бирок элecтYYЛYK каcиeт жолборc, арcтанга таандык э^ндиги кeрYHYП турат. Сeбeби «жолборc» дeгeндe элe коркунучтуу, KYЧTYY жаныбардын образы ^з алдыбызга тартылат, ал эми «ЖYрeк» ceзY eз алдынча турганда кайраттуулукту, тайманбаcтыкты дайыма элe билдирe албайт. Муну, cyy ЖYpвк, коен ЖYpвк, ЖYpвгY жок TYрмeктeрY да далилдeйт. Дeмeк, «ЖYрeк», «жолборc», «арстан» ceздeрYнeн TYЗYЛгeн фразeологиялык TYрмeктeр «эч нeрceдeн коркпогон, тайманбаc баатыр, эр ЖYрeк» мааниcин туюнтуп, кeбYHчe элдик оозeки чыгармаларда, оозeки CYЙлee cтилиндe кeдири колдонулат: Илгepmeн эле жолборс журвк бaлбaндapыбыз Ama-мекен, эл-жер YЧYH жaнын ooзyнa muшmeп, тшык тны кaлгaнчa KYpвШYп келишкен; Темирдей жолборс мацдай aзaмam менен эpeгишYY, чыныгы жoлбopc менен кapмaшкaнгa бapaбap... (оозeки кeптeн); Onu tavçan yürekli bir korkak sanma, aslan yüreklidir o dediginiyapar (Аны коен ЖYpвк коркок деп ойлобо, aл aйmкaнынaн кaйmпaгaн арстан журвк) (П.Э.). Бул мигалдарда, жoлбopc ЖYpвк, apcmaн ЖYpвк TYрмeктeрY TeK гана карандай кучту «эч нeрceдeн коркпогон, тайманбаc баатырдыкты, эр ЖYрeктYYЛYKTY» туюнтпастан, eз элин, жeрин CYЙгeн чыгаан мeкeнчил эр-жигитгердин образын да таамай чагылдырат. Бул топтогу TYрмeктeрдYH ceмантикаcында, кeбYHчe карандай кучтун ээcи, коркпоcтyк, тайманбаcтык, бeттeгeнинeн кайтпаcтык маанилeри YCтeмдYK кылгандай туюлганы мeнeн, бул туюнтмалар (жолборc ЖYрeк, арcтан ЖYрeк) од маанигe, баага татыктуу.

Сергектик, зиректик, сактыкты чагылдырган фразеологизмдер

Бул фразeо-ceмантикалык топко, бвpYHYH квЗYH жеген, куш уйку, чычкaнгa кебек aлдыpбaгaн, ku§ uçurmamak (c. c., куш учурбоо), tavçan uykusu (c.c., ^eH yйкycy) ж.б. фразeологиялык турмeктeрYH киргизeбиз. Мындагы бвpYHYH квЗYH жеген, чычкaнгa кебек aлдыpбaгaн, ku§ uçurmamak (c. c., куш учурбоо) тизмeктeри, бул топтогу башка (куш уйку, tavçan uykusu (c.c., raeH yйкycy) фразологизмдeргe галыштырмалуу eTe эмоционалдyy-экcпрeccивдYY кeлип «cактыкты, ceргeктикти» таамай чагылдырат: Бул бaлa чырм эmип уйку квргвн жок, бврунун квзун жеген бейм (оозeки кeптeн); Чырым эmип уйку aлбaй, чычканга кебек алдырбай yч кун, уч mYH кaйmapды (жомок); - Bakarim bagina kartal gibi. Evvel Allah ku$ uçurtmam (Жyзyмзapгa бypкymmвй эле кapaйм. Кyдaйдын кyдypemи менен куш учуртбайм) (П.Э.). СYЙлeмдeрдe ^рунуп тургандай, бул тизмeктeрдe «абдан ceргeктик, eTe элe cактык» мааниcинин тупкYPYHдe зирeктик, бышыктык, чыйрактык, кыраакылык TYШYHYKтeрY да

орун алган. Арийне, бул он баага, боекчого ээ болуп, кeбYHчe мекен чегиндеги эр-азаматтарыбызга таандык негизги касиеттей туюлат. Белгилей кетYYЧY жагдай, бул семантикалык топтогу чычканга кебек алдырбаган фразеологизми, дайыма эле он мааниге ээ боло бербейт. Маселен: «Чычканга кебек алдырбаган немелер экен» CYЙлeмYH алсак, мында чычканга кебек алдырбаган туюнтмасы «колунан эч нерсе чыкпаган, ете саран, зыкым» адамдын образын чагылдырып, кеп маанилYY фразеологизм экендиги айкын. Ал эми куш уйку, tavpan uykusu (с.с., коен уйкусу) TYрмeктeрY «бир аз тук этип ала коймо, кыска, сергек уйку» маанисин берип, элестYYЛYГY, образдуулугу, стилистикалык боектуулугу жагынан бврYHYH квЗYH жеген, чычканга кебек алдырбаган, ku§ uçurmamak тизмектеринен алда канча алсыз экендиги чечмелeeсYЗ эле белгилYY: Тврвгвндвн бери Сейденин уйкусу куштун уйкусундай сергек [1, 108]; Daha ilk tikirtida ku$ uykusundan uyanmip, pencereye kopup: - Hôôôôut ...Kim var orada? Diye bagirmipti (Биринчи эле тыкылдаганда куш уйкусунан ойгонуп, терезеге чуркап барып: «Эээй... ким бар бул жакта?» деп кыйкырды) [6, 493]; Bu arada gôzlerimden biri Haci Bey'dedir. O, yari kapali gôzleriyle bir tavçan uykusu içindedir (Бул арада бир кв3ym Хажы мырзада. Анын жарымы жабык, жарымы ачык квздврY куш уйкуда) [6, 637]. Бул мисалдарда «сергек, кыска уйку» мааниси гана эмес, кайсы бир денгээлде саксынуу, этияттык, кыраакылык, сезгичтик, сергектик сыяктуу стилистикалык боектор да камтылган. Сергектик, зиректик, сактыкка байланыштуу анималисттик фразеологизмдер контексттин табиятына жараша ар кандай стилистикалык боекторго ээ болуп, адамдын бирде он, бирде терс сапатын туюндуруп, ошого жараша образ TYЗYY MYMKYHЧYЛYKтeрYнe ээ боло алышат.

Жоош, момундукту билдирген фразеологиялык бирдиктер

Эч кимге зыян кылбаган, бирeeгe катуу CYЙлeбeгeн, куулук-шумдугу жок, токтоо адамдарга таандык жооштук, момундук сапаттарды чагылдырган койдон жоош, кой оозунан чвп албаган, mrincayi bile incitmemek (с.с., кумурскага да зыяны жок), кimsenin tavuguna kip dememek (с.с., тоокко да зыяны жок) rnpege hopt, kediye pis dememek (с.с., итке кет, мышыкка пыш дебee) фразеологиялык тизмектерин кездештиребиз. Бул туюнтмалардын семантикалык табияты, стилдик eзгeчeлYKтeрY мисалдардын негизинде, CYЙлeм ичинде, контекстте гана аныкталат: Кой оозунан чвп албаган момун баласыц [1, 23]; Onu herkes sever. Çûnkû kimsenin tavuguna ki$ demez (Аны баары жакшы кврвт. Анткени ал бирввщн тоогуна да куш деп квргвн жан эмес) (П.Э.). Мисалдардан айкын болгондой, «эч кимге зыяны жок, эч кимге жамандык каалабаган, момундук» менен бирге «элпектик, сылыктык, ак ^щл, адилеттYYЛYK» ж.б.у.с. стилистикалык боектуулук да кошо камтылып, он баага, мааниге ээ экендиги белгилYY. Бирок айрым учурда «жооштук, момундуктан» жапа чегип, кыйналган учурлар да аз эмес, муну тeмeнкY CYЙлeмдeр тастыктай алат: -Бий, - деп акырын баштады, - бу менин кой оозунан чвп албаган тууганым эшигицизге керилип калыптыр, KYHввCY болсо KYHввCYH мойнума алып, KYHввCYЗ болсо, момунду мынча кордук кылгандардын аты ким экенин аныктап кетейин деп келдим... [3, 352]; Kopege hoçt, kediye pis demezsen, sana zarar veren insanlardan kurtulamazsin (Итке кет, мышыкка пыш дебесец, сага зыян келтирген адамдардан кутула албайсыц); Bu kuru iftira... o adam karincayi bile incitmiyor (Бул жалган жалаа... ал адамдын кумурскага да зыяны жок). (П.Э.). Бул CYЙлeмдeрдe, кой оозуна чвп албаган, mrincayi bile incitmemek, rnpege hopt, kediye pis dememek тизмектери «eзYHYH жашоосуна eзY ээ боло албаган, чечкинсиз, коркок, жер карама» сыяктуу семантика-стилистикалык оттенокторго ээ болуп, байкуш, бир бечара, аргасыз адамга таандык касиет-сапатты туюнтат. Арийне бул терс сапат экендиги белгилYY. Демек, бардык нерсенин жакшы-жаман, он терс жагы болгон сынары, адамдагы жооштук, момундук сапаттардын кайсы бир денгээлде он жана терс жактары бар, ал чeйрeгe, кырдаалга жараша аныкталары мыйзам ченемдYY кeрYHYШ.

Жыйынтыктап айтканда, кыргыз, TYрк тилиндеги адамдын он сапатын туюнткан анималисттик фразеологизмдердин лексика-семантикалык табиятын, стилистикалык eзгeчeлYГYH иликтeeгe алган сон тeмeнкYДeй тыянакка келебиз:

Ученый XXI века • 2016 • № 3-1 (16)

1) Адамдын он сапатын билдирген анималисттик фразеологизмдердин негизги маани-манызы, семантика-стилистикалык табияты керкем тексттин тулкусунда, контекст ичинде гана айкындалып, бирде он, бирде терс бааны, маанини туюнтат;

2) Он сапатты туюнткан фразеологизмдер - адамдын сыртынан сезип-туя албаган, кере албаган, анын жеке ички ДYЙнесYне гана таандык - акылдуулук, калыстык, баатырдык, токтоолук, сергектик, боорукерлик ж.б. сапаттарды чагылдырып, ушул сапаттарга эгедер адамдын езYне жана езгелерге да жагымдуулукту, жакшы маанайды гана тартуулайт;

3) Керкем текстте колдонулган фразеологизмдердин стилдик езгечелYГY, контексттик табияты, эмоционалдуу-экспрессивдик нюанстары автордун же жазуучунун жеке чыгармачылык стили менен тикеден тике байланыштуу.

Адабияттардын тизмеси:

1.Айтматов Ч. Чыгармалар жыйнагы. - Бишкек, 2009, 1-8-том.

2.Жумакунова Г. ТYркче-кыргызча сездYK. - Бишкек, 2005. - 1002 б.

3.Касымбеков Т. Сынган кылыч. - Фрунзе: «Мектеп», 1990; - 736 б.

4.Кыргыз тилинин фразеологиялык сездYГY [Текст] / TYЗ. Ж.Осмонова. -Бишкек:

КТМУ, 2001. - 519 б.

5.Эгембердиев Р. Кыргыз тилиндеги фразеологизмдер (Табияты жана

семантикасы) [Текст] / Р.Эгембердиев. -Бишкек, 2007. - 171 б.

6.SARA£BA§I Ertugrul, MlNNETOGLU Ibrahim. TOrkfe deyimler sozlOgO. - Istanbul, 2002.

-752 s.

© П.С. Эстебесова, 2016

UDC 811.512.1 (575.2) (043.3)

ANIMALISTIC PHRASELOGY EXPRESSING POSITIVE QUALITIES IN KURGYZ AND TURKISH

P.S. Estebesova

Abstract. In this article phraseology expressing positive qualities in the Kyrgyz and Turkish languages is divided into semantic groups and lexical-semantic nature, emotional expressive colors and stylistic peculiarities of each group are studied.

Keywords: phraseology, animalistic phraseology, semantic group, stylistic nature.

© P.S. Estebesova, 2016

UDC 811.512.1 (575.2) (043.3)

АНИМАЛИСТИЧЕСКИЕ ФРАЗЕОЛОГИЗМЫ, ВЫРАЖАЮЩИЕ ПОЛОЖИТЕЛЬНОЕ КАЧЕСТВО ЧЕЛОВЕКА КЫРГЫЗСКОГО И ТУРЕЦКОГО ЯЗЫКОВ

П.С. Эстебесова

Аннотация. В данной статье рассматриваются лексико-семантические особенности анималистических фразеологизмов, выражающих положительное качество человека кыргызского и турецкого языков, их семантические группы, эмоционально-экспрессивные различия, стилистические особенности.

Ключевые слова: фразеологизм, анималистический фразеологизм, семантическая группа, стилистическая особенность.

© П.С. Эстебесова, 2016

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.