Научная статья на тему 'SEMANTIC MATCHING ENGLISH AND KYRGYZ LANGUAGES THE EXAMPLE OF FUNDS LYRICAL POEM S.ERALIEVA "AK MѲѲR" IN ENGLISH'

SEMANTIC MATCHING ENGLISH AND KYRGYZ LANGUAGES THE EXAMPLE OF FUNDS LYRICAL POEM S.ERALIEVA "AK MѲѲR" IN ENGLISH Текст научной статьи по специальности «Языкознание и литературоведение»

CC BY
57
13
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
ПОЛНОЕ СООТВЕТСТВИЕ / ЧАСТИЧНОЕ СООТВЕТСТВИЕ / ОТСУТСТВИЕ СООТВЕТСТВИЯ / ЛЕКСИЧЕСКАЯ ПРАГМАТИЧЕСКАЯ АДАПТАЦИЯ / FULL EQUIVALENT / PARTIAL EQUIVALENT / ZERO TRANSLATION / LEXICAL PRAGMATIC ADAPTATION

Аннотация научной статьи по языкознанию и литературоведению, автор научной работы — Токтоматова А.С.

В этой статье рассматриваются семантические соответствия английского и кыргызского языков и способы лексической прагматической адаптации на примере перевода лирической поэмы С.Эралиева «Ак Мѳѳр» на английский язык.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

СЕМАНТИЧЕСКИЕ СООТВЕТСТВИЯ АНГЛИЙСКОГО И КЫРГЫЗСКОГО ЯЗЫКОВ НА ПРИМЕРЕ ПЕРЕВОДА ЛИРИЧЕСКОЙ ПОЭМЫ С. ЭРАЛИЕВА "АК МѲѲР" НА АНГЛИЙСКИЙ ЯЗЫК

This article studies semantic equivalence of English and Kyrgyz languages and lexical pragmatic adaptation issues on the basis of the lyrical poem by S.Eraliev into English.

Текст научной работы на тему «SEMANTIC MATCHING ENGLISH AND KYRGYZ LANGUAGES THE EXAMPLE OF FUNDS LYRICAL POEM S.ERALIEVA "AK MѲѲR" IN ENGLISH»

УДК 81.25

КОТОРМОДОГУ ПРАГМАТИКАЛЫК АДЕКВАТТУУЛУК (С.ЭРАЛИЕВДИН «АК М00Р» ЛИРИКАЛЫК ПОЭМАСЫНЫН АНГЛИС

ТИЛИНДЕГИ КОТОРМОСУНУН НЕГИЗИНДЕ)

А.С. Токтоматова1

Аннотация

Бул макалада С.Эралиевдин «Ак Меер» лирикалык поэмасынын англис тилиндеги аспиранттын котормосунун негизинде англис жана кыргыз тилде-риндеги семантикалык дал келYYЧYЛYKтер жана прагматикалык адаптация ЖYргYЗYY маселелери каралат.

Ачкыч свздвр: толук дал келYYчYЛYK, толук эмес дал келYYчYЛYK, дал келYYЧYЛYKTYH жоктугу, лексикалык прагматикалык адаптация

Адабий котормо езгече ааламдашуу доорунда маанилYY рол ойнойт анткени ДYЙненYH терт бурчундагы тили жана дили белек элдер ал котормолор аркылуу бири-бирин таанып билYYге MYMKYHЧYЛYK алышат. Керкем чыгарманы, айрыкча поэзияны которууда TYПнускадагы чыгарманын болгон мурас-деелетYH башка тилдин каражаттары аркылуу анын езгечелYГY, мазмундук бирдиги, идеясынын TYПKYЛYГY сакталып, ошол эле учурда экстралингвистикалык факторлор эске алынып кабыл алуучу окурмандарга ылайыкталып которулса ар башка маданияттардын пикир алышып таанышуусуна зор ебелге TYзет.

Бул макалада СYЙYнбай Эралиевдин "Ак Меер" лирикалык поэмасынын аспирант тарабынан которулган котормосуна прагматикалык адекваттуулуктун кээ бир маселелерине токтолууну туура таптык. Прагматика илиминин енYГYШYне чет елкелYK окумуштуулар Ч.Моррис (1998), Ч.Пирс (2000), СССР доорунан Немец.Т.Г. (1993) ал эми кыргыз окумуштууларынан С.Ж. Мусаевдин (2000) салымын баса белгилешибиз зарыл. Тилдик белгилердин ез ара мамилеси жана анын кабылдоочулар тарабынан кандайча кабылданарын башкача айтканда белги жана аны колдонуучулардын ортосундагы катышты изилдеечY илим прагматика котормодо езгече мааниге ээ. Котормонун прагматикасы жаатында Бархударов.Л.С (1978), Комиссаров.В.Н (1978), Швейцер А.Д.(1973) жана А.Нойберттин (1978) эмгектери бир топ мааниге ээ.

Чыгармаларды которуу процессинде генетикалык жактан ар башка типтеги тилдердеги морфемалар, сездер, туруктуу сез айкаштар маанилери жагынан толугу менен дал келиши MYMKYH эмес. Ошондуктан TYПнуска тексттеги маанилерге дал келе турган котормо тилдеги бирдиктердин маанилери менен берYY котормочунун ишин оорлотот. бзгече поэзияда сездер катмарланып кеп маанилYYЛYKке етYП поэтикалык мааниге ээ болот. Анткени ар бир тилдик белги референт билгизген туюндуруучу, белгини колдонгон адамдар жана ошол тилдик системага кирген башка белгилер менен белгилYY бир децгээлде катышта болот. Белгинин семантикалык мазмуну референциал-дык, прагматикалык жана ички лингвистикалык маанилик катмарлардан турат. Бул Yч маани семиотиканын негизги белYKтерY болгон семантика, прагматика жана синтактикага дал келет. Алибетте бул Yч маанини бири биринен белYП ажыратып кароого болбойт, анткени Yч маани тен бир тилдик белгиге таандык. Ар бир белгинин семантикалык структурасы Yч маанилик катмарды камтыйбы деген суроо туулушу MYMKYH. Ар бир белги ички лингвистикалык мааниге ээ болушу mymkyh, бирок бардыгынын референциалдык жана прагматикалык мааниси жок болушу ыктымал, анткени тилдеги кызматчы сездер жана фор-малдык грамматикалык элементтер эч кандай нерсени, кубулушту же бир кыр-даалды туюнтпайт, жыйынтыгында алардын референциалдык маанилери жок.

1Токтоматова Алтынай Сопубековна - аспирант-соискатель, преподаватель

английского языка, Кыргызско-Турецкий университет «Манас», Кыргызстан.

Ал эми тилде бардык эле белги стилистикалык жана эмоционалдык боекчолор-го ээ болбогондуктан ал белги прагматикалык мааниге ээ болушу KYTYлбeйт. Прагматикалык маани термини азыркы тил илиминде ар башкача TYШYHДYPYлeт. Мисалы Бархударов прагматикалык мааниге анын стилистикалык жана экспрессивдик (регистр) eзгeчeлYГYH жана эмоционалдык боекчоло-рун башкача айтканда сeздYH кошумча маанилери болгон - коннотацияны бел-гилейт. Кыргыз жана англис тилдеринин ортосундагы котормодогу семантикалык дал келYYCYH башкача айтканда белгинин референциалдык маа-нисин Л.С.Бархударовдун [1975,44-б.] теориясынын негизинде каралып, кыргыз тилинен англис тилине которууда свздврдYH лексикалык маанилеринин дал келYYлeрY ар кандай TYPДв болоору далилденди.

1. Толук дал келуу: Биринчиден, кыргыз тилиндеги кээ бир свздвр англис тилине которууда толугу менен дал келет, мында кандай гана контекст болбосун мындай свздвр бир гана эквивалент менен берилет: Мисалы:

Мввр - чолпон ортосунда кашкайып,

Жалгыз вЗY жалжылдашын квз кврвр. 25

Everyone's eyes fell upon Moor,

Amongst the other women, she shone like Venus 137

Поэтикалык тилдин eзгeчeлYГY - поэзияда колдонулган свздвр котормодо денотативдик мааниси менен берилсе да жалпы контекстте образдуулукту TYЗYY максатында алардын квп маанилYYЛYKкe вTYП кетишинде. Мисалы; чолпон - Venus: kyh системасында KYHдeн кийинки жерге жакын планетасы катары да чындык, кeрYHYKTYY адам катары да мааниге ээ болуп, бул ырда коннотациялык мааниге ээ. Кыргыз тилиндеги метафора англис тилине салыштыруу аркылуу которулган.

СeздeрдYH эки тилде тец денотативдик маанилеринин дал келиши втв аз кездешет. Мисалы: арстан - lion кыргыз тилинде да англис тилинде да KYЧTYY чоц жаныбар жана кврквм чыгармаларда белгилYY, баатыр, жоокер сыяктуу коннотациялык маанилерге ээ. Тилекке каршы бул семантикалык дал келYYЧYЛYK lion сeзYHYH кeптYK TYPYHДeгY жергиликтYY сонун жерлер деген мааниси кыргыз тилинде жок. Толук дал келYYЧYЛYKTYH контексттен ^з каранды эместиги жана котормочуга анча деле кыйынчылык жаратпастыгы, тиешелYY эквивалентти берYY зарылдыгы менен шартталат. Мисалы:

Анан дагы, Алдындагы чон дайра, Айбат берип, арстанга окшоп KYPYлдвйт. Moreover, The river below Is as formidable as a seething, roaring lion... 212

Поэмадагы салыштыруу салыштыруу менен берилген. Кыргыз тилиндеги туруктуу свз айкаштарынын толук дал келген учурлары да кездешет, мисалы: - Ишенбесениз бул бир ЖYргeн келесоо, ДeeрYП жатат... Кайнатпа адам канын квп! - 102 Don't believe a word this crazy man is saying! His nonsense makes my blood boil! 202

Кыргыз тилиндеги туруктуу свз айкашы канын кайнатуу (ачуусун келтирYY) - англис тилиндеги "make one's blood boil" деген туруктуу свз айкашына толук дал келет, котормодо свз айкашынын эквивлентин табуу менен берилген.

2. Толук эмес дал келуу: Эки тилдин лексикалык бирдиктерин которууда толук эмес дал келYYЧYЛYK ^п кездешет, анткени TYПнускадагы бир сeзгe котормо тилде бир нече семантикалык эквивалент дал келет. Бир тилдеги ^п маанилYY сeздeрдYH маанилик системасы экинчи бир тилдеги сeздYH маанилик системасына толугу менен дал келбеши толук ыктымал. Кыргыз тилиндеги бир маанилYY свзгв англис тилиндеги квп маанилYY свздвр туура келет, б.а. кыргыз тилиндеги зат атооч куз англис тилинде эки свз менен айтылат: autumn, fall.

Жыл суз тартып, KY3 ортолоп барганда, ТYШYM камы бирдей келет бар жанга. 19 As the days of autumn wear on,

Everyone is busy bringing in the harvest. 127 Кеткен CYЙYY - кеч куз менен тец экен, Коосу ацгырап, какшып калган сайлары... 108 Love without hope Is like a late Fall,

When the valley is barren and the watercourse has dried up. 222 Толук эмес дал келYYЧYЛYKкe бир тилдеги кеп маанилYY сeздeрдY - поли-семияны да мисал катары алсак болот. Бир тилдеги бир сез менен берилген ар башка маанилерин экинчи бир тилде ошол маанилерди туюнткан ар башка сездер менен которууга туура келет. Мисалы: Коргошундай кeлкYП жаткан жарашык -Квк толкундуу кел кыласы эмеспи 31 Deep among the mountains like lead-With flickering waves is a beauty, Жылдыз батат, кекке катып айды ыраак, ТYHгe из чалып тан артынан кайрылат, 24 The stars are out and the moon sets in, The day dawns bright and sunny,

Поэмадан алынган мисалдардан белгилYY болгондой квк сeзY ену - TYCтeн тышкары да асман деген мааниси дал келет, бирок, жашыл чвп, малдын чылгый терисинен тилинип, нерсени квктвв, бекитуу учун колдонулуучу ичке тасма де-ген маанилери англис тилинде жок болгондуктан бул маанилерди туюнткан башка сездер менен берилет.

Жер тоборсуп, квк кылтыйып kyh чубак,

Алдан тайып, жашка айланып боз бубак, 91

It dries up out, green grass appears on earth,

White frost melts and turns into drops of water,

КYYHY тьщшап кыр башында кынылдап,

Койчу олтурат квгун тартып чарыктын. 119

The shepherd is sitting on the hill, fixing his rawhide boots.

He hums along, as he listens to the melody.

Чарык сeзY да бычак, кайчы курчутуучу кайрак таштан тышкары да бодо малдын чылгый терисинен, кeбYHчe баш терисинен жасалган бут кийимди бил-гизет, котормодо бут кийимин оцдоо деп жалпылыштырылып берилген.

Кээ бир кеп маанилYY сeздeрдYH маанисин туура TYШYHYП чечмелее YЧYH кенири контекст жардамга келет. Мисалы: Жай аяктап, тегиз бышып TYЗдe эгин, Кызгылт сары шайы eндeнтYП TYCпeлYH Жаны чапкан чеп жыттары буруксуп, Аптап каарып, алалантып куз кeгYH, 91 "Summer is over; the crops are ready to be harvested And the mown grass is fragrant. The land is covered with a mosaic of autumnal colours Like a beautifully patterned silk cloth.

Бул жерде акын тарабынан полисемиянын жогорку чеберчиликте берил-гендиги котормочуну TYЙшeлтпeй койбойт; KYЗYHдeгY алаланган булуттуу ас-манбы же TYPДYY TYCкe боелгон чеп тууралуу сез болуп жатабы деген ой туул-бай койбойт. Алибетте контекстте белгилYY болгондой, аптап каарыганда, кызгылт сары шайы оронгон чеп жeнYHдe сез ЖYPYП жаткандыктан квк сeзY - кон-креттештирилип лексикалык кошуу менен берилген. Кыргыздардын кечмен маданиятынан кабар берип турган жайлоо, жайыт, вруш, тер сыяктуу сездер англис тилиндеги pasture деген бир гана сез менен summer, virgin сыяктуу сeздeрдY кошуу менен которууга туура келет.

3. Дал келуучулуктун жоктугу:Эки тилдин лексикасынын ортосундагы YЧYHЧY керYHYШ - бир тилдин лексикалык бирдигине экинчи тилдин сездYK составынын толук дал келбеесY, б.а. лексикалык эквиваленттYYЛYKTYH жоктугу. Лексикалык эквиваленттYYЛYKTYH жоктугу бир тилдеги лексикалык бирдиктердин (сездердYH, сез айкаштарынын) экинчи тилдин лексикалык бирдиктерине таптакыр дал келбеесYH TYШYHДYрет. Бул топко темендегY

сeздeрдYH группасы кирет: ЭнчилYY аттар, жер-суунун аттары, реалийлер, жана башка улуттук взгвчвЛYKTY билдирген, башка тилдин сeздYK составында кездешпеген свздвр кирет. ЭквиваленттYYЛYKTYH жоктугу экстралингвистикалык факторлорду камтыган маданий-тарыхый жана социалдык абал менен TYШYHДYPYлeт. Анткени элдин маданияты, алардын басып втквн жолу, квз караштары да айырмаланып, ар TYPДYY болгондуктан поэтикалык которууда мындай учурга взгвчв квщл бурулат. Мисалы: «А тиги ким?, «ким» - дейт, - киндик эненчи!» Билет, билет...эчен жылдар ал бойдок. She recognized an old woman

It's the midwife who has lived alone for a long time. 128

Кыргыздардын кeчYП конгон жашоосунда аялдардын тeрeтY ойдо - TYЗдe болуп келген, баланын киндигин кескен аял киндик эне деп аталат. Англис тилдYY окурмандарга TYШYHYKTYY болсун YЧYH деп аялдарды тeрeткeн акушер-канын же медайымдын аткарган жумушу дал келген YЧYH жакындаштырылып берилди.

Котормонун теория жана практикасында TYПнуска текстте берилген бар-дык маанилердин TYрлeрY котормо текстте сакталабы же болбосо котормочуга YЧ маанилик структуранын бардыгын которуу милдети ЖYKтeлeбY деген суроо туулбай койбойт. Бул суроого бир беткей жооп алууга MYMKYH эмес, бирок ко-тормочу MYMKYH болушунча тилдик манилердин бардык TYрлeрYH которууга милдетYY, ошол эле учурда эске алуучу нерсе - TYПнуска тексттеги берилген маанилер котормо тилде кандайдыр бир жоготууларга учурашы же болбосо толугу менен берилбей калышы турулуу иш. Которуу процессинде тилдик бел-гилердин маанилеринин котормодо сакталышы - маанилердин TYPYнeн кeз каранды. Мисалы бизди курчап турган ДYЙнeнY билдирген сeздeр ар башка тилде ар башка туюндурулганы менен кeбYрeк дал келгендиктен, референци-алдык маани максималдык денгээлде котормодо сакталат. ТYПнуска тилди кол-донуучу коллективдин тажрыйбасындагы нерсе, кырдаалдардын котормо тил-ди колдонуучу коллективдин тажрыйбасында жок болгон учурлар да кездешет. Мисалы:

Таза жууп ак кийинтип байына, Ызат кылып жадыраса дайыма, Окшочу экен майдын жумшак TYHYHДв Квлгв TYШкeн KeKTYH кирсиз айына, She dressed her husband neatly, and in her Smile, showed him deep respect. Her face was like the moon, when Reflected in the lake on a clear May night. 122

Мында eзYHчe кажы-кужу энелер:

«Силер быйыл салык тарткан белецер?

«Тери тапсам YйдвгYMв тон тигем,

О кудагый, анда айттырбай келегвр...»

The women continue to talk amongst themselves:

"Have you paid your taxes this year?"

"Oh, my son-in-law's mother, help me

Sew a fur coat for my husband, please."

Мисалдардагы байына жана YйдвгYMв сeздeрY KYЙee деген маанини билдирет. Бул сeздeрдYH прагматикалык маанисин салыштырып кeрeлY: а) стилистикалык MYнeзY боюнча биринчиси - поэтикалык, экинчиси - кептик -CYЙлee б) регистри боюнча биринчиси - KePKeM-адабий, экинчиси - нейтралдуу, в) экee тен он эмоционалдык боекчого ээ. СeздYKтe бай сeзYHYH KYЙee, эр деген маанилери кeрсeтYЛгeн, бирок бул сeз KYHYMДYK кепте кeп колдонула бербейт, кeбYHчe элдик оозеки чыгармачылыкта жана поэзияда колдонулат, котормодо нейтралдаштырылып берилген. Кыргыздардын маданиятында аялы KYЙeeсYH атынан айтпастан, eзгeчe сый-урмат кeрсeтYП балдардын атасы, YйдвгY деп тергеп келген. Англис тилдYY коллективдин тажрыйбасында мындай тергeeлeрдYH жоктугуна байланыштуу, англис тилдYY окурмандарга

TYШYHYKTYY болсун YЧYH котормодо бул тергee нейтралдуу берилген. Кыргыздардын маданиятында ага-тууганга болгон eзгeчe мамилелерден улам аларды атоо батыш маданиятынан бир топ айырмаланып турат, мисалы кыргыз тилиндеги тайэжеге деле женеге деле англис тилиндеги aunt ceзY дал келет. Берилген мисалдагы кудагыйга мааниси дал келген сeз жок болгондуктан, англис тилине KYйвв баламдын энеси болуп перефразаланды.

^PKeM чыгармаларды которууда прагматикалык мааниге eзгeчe кeнYЛ бурулушу зарыл. Тилдик белгилердин семантикалык структурасы камтыган YЧ негизги маанилердин кайсынысына кeз жуумп, кайсынысына басым жасап которуу жоопкерчилиги котормочуга ЖYKтeлeт, ал эми котормочу контекстке жараша маанинин typyh, которулуп жаткан тексттин жанрын эске алуу менен котормо тилдин коллективине ылайыкташтырып прагматикалык адаптация ЖYргYзe алат.

Лексикалык прагматикалык адаптациянын TepT typyh: 1) кошумча маалымат берYY, 2) деталдарды TYШYPYY, 3) TYШYHYKCYЗ элементтерди TYШYHYKTYY элементтер менен алмаштыруу, 4) конкреттештирYY

Лексикалык денгээлдеги прагматикалык адаптациянын биринчи typy котормо тилдин окурмандарына маалыматты адекваттуу TYШYHДYPYY максатын кeздeйт. ТYПнуска тилдин окурмандарына толук TYШYHYKTYY маалымат котормо тилдин окурмандарына TYШYHYKCYЗ болушу ыктымал. Аларда керектYY фон маалыматтардан кабары жок болгондуктан котормочу ошол фон маалыматты камсыз кылуу YЧYH котормочу котормо текстке кошумча маалыматты киргизип коет. Англис тилдYY окурмандарга белгисиз болгон жер-суунун аттары же маданий реалияларды которууда мындай ачыктамалардын берилиши маанилYY. Мисалы кыргыз тилиндеги Соц-КeлдY бары эле билишет, бирок англис тилдYY кабыл алуучуларга TYШYHYKTYY болсун деп орус тилиндеги транскрипциясы Son Kul аркылуу lake ceзY кошумчаланып берилди. Бул саптарда берилген керээз сeзY да прагматикалык мааниге ээ, референциалдык маанисине карай англис тилиндеги last will жана testament сeздeрYнe жакыныраак. Бирок testament - батыш маданиятында адамдар rapYY кезинде материалдык байлыктардын мураскерлерин жазып калтыруучу официалдуу документ, ал эми кыргыз маданиятында керээз - eлYM алдындагы адамдын артында калган ага-тууган, жакындарына айтылуучу акыл-насаат жана башка акыркы сeзY катары белгилYY. Англис тилине перефраза жолу менен dying wish болуп берилген.

Ак Мввр кыздын KYHДвй жарык элесин, Билем сен да унуталбай келесиц. Укканыц да, балким, бардыр эсицде, Сон-КвлдвгY анын сонку керээзин? I know that you will not forget That striking girl named Ak Moor. You might have heard of, or Recall, her dying wish by Song-Kul Lake.

Лексикалык денгээлдеги прагматикалык адаптациянын экинчи typy -деталдарды TYШYPYY менен прагматикалык адекваттуулукка жетишYY. Котормодо эл башкаруучунун даражасын кeрсeткeн манап сeзY TYШYП калган. Кандайдыр бир денгээлде маалымат жоготууга дуушар болсо да англис тилиндеги текстте TYШYHYKCYЗ элементтер болбошу YЧYH котормодогу кабыл алуучуга ылайыктап TYШYП калган сeздY жалпылоочу the top rulers сeз айкашы менен алмаштырылды.

Беш kyh вTYП алар кызын «тий» дээрин, Акыры анан.. жазаттырып YЙлврYH Алдыцкы ашка кецеш берип жаткандай, Жыйнап алды элде манап, бийлерин. It took five days to finish decorating the yurts, But they were now ready to serve their purpose. The top rulers and beys were gathered as if He was preparing a funeral feast and sought advice.

Лексикалык денгээлдеги прагматикалык адаптациянын YЧYHЧY TYPY -TYШYHYKCYЗ элементтерди TYШYHYKTYY элементтер менен алмаштыруу. «Канча жылы камын ойлоп бир баштын, Жылкы артында жылганы ердеп, кырды аштым. Муздак терге ШYYДYPYMYH TYнеткен, Ичирткенткич шамал менен ырдаштым. Тацды тосуп, кечти бирге узатып, Алтын казык, Жети Аркарга сырдаштым. Убак таап колун кенен кыспадым, Тээ алыста жол караган курдаштын». "I have fended for myself all my life:

Taking care of horses in the valleys and the mountain ridges

And bracing windy weather when everyone else was curled up inside.

When the rime frost lurks in the Alps, I was there.

Every day, I watched the sun rise and then set.

I shared my feelings with the stars,

But I didn't make time to be next to her:

That girl who's waiting for me, far away."

Лексикалык денгээлдеги прагматикалык адаптациянын тeртYHЧY TYPY -конкреттештирYY. Кызыл токчулук, ^з, TYШYM менен ассоциативдик байланышы болгондуктан кыргыз тилиндеги кызыл -бастырылып, бвлунуп алынган эгин, таза дан дегенди TYШYHДYрет. Бирок англис тилинде кызыл менен байланышкан коннотациялар башка маанини берет. Англис тилиндеги окурмандарга жеткиликтYY болуш YЧYH кызыл сезY конкреттештирилип, буудай сeзY менен алмаштырылды. Котормодо кээде деталдар гана эмес, саптардын TYШYП калышы да кездешет. Комбайн, молотилка сыяктуу техника чыга электе эгин бастырып дан алуу YЧYH катар чиркештире тизилген жана кырмандын ортосундагы мамыга байланган eгYЗдeрдYH же жылкынын тобун оп майда деп аташкан.

Кыйры чексиз дан децизин тебелей, Калкылдашып комбайндар кемедей. Кызыл тарткан машиналар шарактап, Боз чац арткан жол ейдущн кенебей, Молотилка саман бYркYП буркулдап, Боо чак келбей, YCTY-YCTYне «кенелей», Азыркыдай эгин басуу анда жок, вткен KYHдер «оп майдасын» жемелей. The combine harvesters are like ships, Which sail across open seas of grain. Lorries carrying the grain, rattle with ease Along the rough, steep roads. Threshing machines separate the straw, Heaping it high in stacks and piles,

Котормонун прагматикалык аспектиси биз талдоого алган маселелер менен гана чектелбейт, макалада адекваттуулукка жетишYY YЧYH котормочу тара-бынан белгилYY бир eзгeртYYлeрдY тагыраак айтканда лескикалык денгээлде прагматикалык адаптация ЖYргYзe ала тургандыгы маалым болду. Жыйынтык-тап айтсак, поэтикалык чыгармада берилген образдарды котормодо TYП нуска-дагыдай денгээлде жеткирYY далалаты менен чыгарманын жалпы идеялык мазмунуна залал келтирип албоону эске алышыбыз зарыл. Керкем сез кара-жаттарынын жардамы менен негизги идеяны берYY менен бирге аларды кото-рулуп жаткан тилдин eзгeчeлYГYнe, ал тилдеги окурмандарга ылайыктап кай-радан жаратуу маселеси негизги орунда турат.

Адабияттар:

1. Бархударов, Л.С. Язык и перевод. - М: Международные отношения, 1975 - 240 с

2. Моррис Ч. Основания теория знаков. Семиотика 1998

3. Мусаев С.Ж. Текст:Прагматика.Структура Бишкек 2000

4. Немец Г.П. Прагматика метаязыка Киев 1993

5. НойбертД Прагматические аспекты перевода... Вопросы теории перевода в зарубежной лингвистике М: Международные отношения, 1978. - С 185-201

6. Пирс Ч. Начала прагматизма СПб., 2000

7. Швейцер А.Д. Перевод и лингвистика. - М., 1973.

8. Эралиев С. Ак Меер А.С.Токтоматованын котормосунда 2014

© А.С. Токтоматова, 2016

УДК 81.25

СЕМАНТИЧЕСКИЕ СООТВЕТСТВИЯ АНГЛИЙСКОГО И КЫРГЫЗСКОГО ЯЗЫКОВ

НА ПРИМЕРЕ ПЕРЕВОДА ЛИРИЧЕСКОЙ ПОЭМЫ С.ЭРАЛИЕВА «АК М00Р» НА АНГЛИЙСКИЙ ЯЗЫК

А.С. Токтоматова

Аннотация. В этой статье рассматриваются семантические соответствия английского и кыргызского языков и способы лексической прагматической адаптации на примере перевода лирической поэмы С.Эралиева «Ак Меер» на английский язык.

Ключевые слова: полное соответствие, частичное соответствие, отсутствие соответствия, лексическая прагматическая адаптация

© А.С. Токтоматова, 2016

UDC 81.25

SEMANTIC MATCHING ENGLISH AND KYRGYZ LANGUAGES THE EXAMPLE OF FUNDS LYRICAL POEM S.ERALIEVA "AK M00R" IN ENGLISH

A.S. Toktomatova

Abstract. This article studies semantic equivalence of English and Kyrgyz languages and lexical pragmatic adaptation issues on the basis of the lyrical poem by S.Eraliev into English.

Keywords: full equivalent, partial equivalent, zero translation, lexical pragmatic adaptation.

© A.S. Toktomatova, 2016

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.