Научная статья на тему 'ИСПОЛЬЗОВАНИЕ МНОГОЗНАЧНЫХ СЛОВ, СЛОВ И СЛОВОСОЧЕТАНИЙ С ПЕРЕХОДНЫМ ЗНАЧЕНИЕМ В ЭПОСЕ "ЖООДАРБЕШИМ"'

ИСПОЛЬЗОВАНИЕ МНОГОЗНАЧНЫХ СЛОВ, СЛОВ И СЛОВОСОЧЕТАНИЙ С ПЕРЕХОДНЫМ ЗНАЧЕНИЕМ В ЭПОСЕ "ЖООДАРБЕШИМ" Текст научной статьи по специальности «Языкознание и литературоведение»

CC BY
23
8
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
ПОЛИСЕМИЯ / НОМИНАТИВНОЕ ЗНАЧЕНИЕ / НОМИНАТИВДИК МААНИ / КОННАТАТИВДИК МААНИ / КОННАТАТИВНОЕ ЗНАЧЕНИЕ

Аннотация научной статьи по языкознанию и литературоведению, автор научной работы — Исакова Т.Ж., Элчиев Ж.

Данная статья посвящается лингвистическому анализу функции в образном выражении мысли и создании рифмы встречающимися в эпосе “Жоодарбешим” многозначными словами, словами и словосочетаниями с переходным значением.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

MULTIPLE-VALUED WORDS, WORDS AND WORD-COMBINATIONS WITH TRANSITIONAL VALUE IN KYRGYZ EPOS "JOODARBESHIM"

This article is dedicated to the linguistic analysis of function in vivid expression of idea and creation of rhyme meeting in the kyrgyz epos "Joodarbeshim" the multiple-valued words, words and word-combinations with a transitional value.

Текст научной работы на тему «ИСПОЛЬЗОВАНИЕ МНОГОЗНАЧНЫХ СЛОВ, СЛОВ И СЛОВОСОЧЕТАНИЙ С ПЕРЕХОДНЫМ ЗНАЧЕНИЕМ В ЭПОСЕ "ЖООДАРБЕШИМ"»

УДК 82

кеп, етме маанил YY сез жана сез айкаштарынын

«ЖООДАРБЕШИМ» ЭПОСУНДА КОЛДОНУЛУШУ

Т.Ж. Исакова1, Ж. Элчиев2

Аннотация

Макалада аталган эпосто кезиккен кеп маанилуу сездер менен сез айкаштарынын ойду образдуу берYY, уйкаштыкты жаратуу максатын ишке ашыруудагы кызматына тилдик анализ ЖYргYЗYлет.

ТYйYндYY сездер: полисемия, сез, сез айкашы, номинативдик маани, коннатативдик маани, контекст, парадигма ж.б.

Сез кептик жагдайга, ойду туюнтуу максатына ылайык экинчи бир сез, же сез айкашы менен парадигима-синтагматикалык катышта келуу аркылуу езYHYH баштапкы лексикалык маанисине катышы бар бир нечеленген башка TYШYHYKтердY туюнтуп да колдонулат. Бул боюнча белгилYY лексиколог М.И.Фомина: «По своей лингвистической природе слово - сложная, многомерная, разноплановая единица языка»,- деген пикирин билдирет [6]. Ошондой эле сездер кеп жана етме маанилердин келип чыгышында синтагматикалык ка-тыштын, контексттин ролу негизги орунда турарын белгилейт. Сезге MYнездYY болгон мындай бетенчелYKтер башка бардык тилдердей эле кыргыз тилине да тиешелYY, а TYГYЛ кепчYЛYK тилдерге салыштырмалуу керкем кебибизде, езгече элдик эпостордун тилинде ете арбын, ар тараптуу енYKкен деп айтууга болот. Буга далил катары эпостордон тартып, текме акындардын, профессионал акын, жазуучулардын чыгармаларынын тилдик бетенчелYKтерYH керсетYY MYMKYH. Алардын негизги езгечелYKтерY - кеп жана етме маанилYY сездердYH, сез айкаштарынын ете кецири елчемде, образдуулукту, каймана туюндурууну, уйкаштыкты уюштуруучу тилдик бирдик катары кызмат аткарышы.

СездегY кеп жана етме маанилYYЛYKTYH келип чыгышы боюнча Э. Абдул-даев темен^дей пикир айтат: « СездYH алгачкы маанисинин ошол аталган нерсеге же кубулушка TYЗден-TYЗ тиешеси болот, аны менен тикеден- тике бай-ланышат. Мындай маанилер сездYH атоо (номинативдик) мааниси деп да, тике мааниси деп да, айтор, TYPДYYче аталып ЖYрет. Калган маанилер оошмо маани (переносное значение) деп аталат. Анткени алар ошол алгачкы маани аркылуу туюнтулган нерсенин, кубулуштун наамы кийинкилерге да оошуп ътYШY аркылуу жаралган туунду маанилерге жатат. Демек, TYПKY маанинин негизинде кий-инки (туунду) маанилер пайда болот. [1.]. Ошентип, сездер кеп жана етме ма-анилер-бир эле сездYH экинчи катардагы, коннотациялык MYнездегY туунду, башка сез менен болгон катышына, контекстке ылайык келип чыккан «жацы» маанилери. Кеп маанилYYЛYK (полисемия) - бир сездYH лексика- семантикалык жактан (контекстке ылайык) ез ар катыштагы эки, же андан кеп аталыштарды, же белгилик, же чен елчемдYK, же кыймыл-аракеттик, же мезгилдик TYШYHYKтердY туюнтуп колдонулушу. Ал эми етме маани - бир эле сездYH CYЙлемдYK, же тексттик жалпы мааниге ылайык келип чыккан, салыштыруу, тенештирYY TYШYHYKтерYH, боектуулукту камтыган кыйыр мааниси. Сездер мындай маанилик езгечелYKтер ар кайсыл тилде TYPДYYче семантикалык-грамматикалык курулушта берилип, ете ар тараптуу коннотациялык-стилистикалык кызмат аткарышат. Биз бул макалабызда О. Урманбетовдун ай-туусундагы «Жоодарбешим» эпосунун тилдик бетенчелYKтерYH анализдееге аракеттенебиз.

1Исакова Таалайкан - преподаватель, кафедра государственного языка медицинского колледжа, Ошский государственный университет, Кыргызская Республика.

2Элчиев Жаанбай - доктор филологических наук, доцент, зав.кафедрой кыргызского языкознания, Ошский государственный университет, Кыргызская Республика.

Элдик эпостун тили eзYHчe бир стилдик нукта калыптанган. Ал поэтика-лык стилдин да, оозеки CYЙлeшYY стилинин да белгилерин ез ичине камтуу ме-нен, ыргактуулукту да, образдуулукту да, боектуулукту да eзYнe сицирген. Бул абал сeздeрдYH eтe кeп кырдуу eзгeчeлYKтe колдонулуу MYMKYHЧYЛYГYH кeрсeтYП, кыргыз тилинин ойду TYPДYYчe ыкмада бере алуу ийкемдYYЛYГYH ай-гинелейт.

«Жоодарбешим» эпосунун тилинде да кeп жана eтмe маанилерде колдо-нулган сeздeр менен сeз айкаштары арбын кезигет. Негизги сeз TYркYMдeрYнeн сырткары сырдык, тууранды жана кeмeкчY сeздeрдYH, фразеологизмдердин баштапкы маанилеринен алыстап, же контексттик башка маанилерде колдо-нулган учурлары кeп учурайт. Маселен; Ал ацгыча болгон жок,Чоцдугун айтпа, болжол жок.Сол кол жагы кара коо, БвгYп жаткан турбайбы. Болжолуна жет-син деп,ЧвгYп жаткан турбайбы деген саптардагы сeз жана сeз айкаштарынын, дээрлик, бардыгы коннотативдик негизде, каймана eтмe маанилерде колдонул-ган. Эпостордо кецири пайдаланылган «дароо», «ошол замат» деген мезгилдик TYШYHYKTY билдирген «ал ацгыча» тактоочу 2-сап менен болгон уйкаштыкты уюштуруу максатында «болгон жок» этиши менен айкашып берилсе, 2-саптагы «айтпа» этиши «айта кeрбe» формасынан eзгeртYЛYП, «болжол» сeзY «жок» сeзY менен айкашып, KYчeтYY маанисин туюнтуу YЧYH берилген. Ошондой эле алын-ган мисалда эки жолу колдонулган "болжол" абстрактуу зат атоочу ар башка сeздeр менен синтагматикалык катышта келYY аркылуу алгач (2-сапта) обьек-тилик маанисинде, 5-сапта «мерчемине», «кутулуп кете албай турган аралыкка» деген мааниде колдонулган. 3-сап атама CYЙлeмдYK курулушта уйкаштыкты камсыздоо максатында берилгени менен, контексттик, логикалык eзгeчeлYKтeргe ылайык «сол тарабындагы кара коодо» деген TYШYHYKтe кабылданат. Бул саптагы "кол" сeзY бир караганда, орунсуз колдонулгандай кeрYHсe да, мындай берилиш eзYHчe бир стилдик кызматты аткарып турат. Ал эми « бeгYП», «чeгYП» деген чакчыл этиштер да автордун (айтуучунун) ал терс каарманга (жалгыз кeздYY дeeгe) болгон мамилесине ылайык eзYHчe кeркeмдYYЛYKтe, боектуулукта берилген. Мындагы « бeгYП калды», «бeгYП жат-ты» этиши кeбYHчe жанын сактоо YЧYH далдоо жерге жашырынып калган бeдeнe, кекилик, коен eцдYY жаныбарларга карата айтылса, «чeк», «чeгYП жат-ты» этиши тee, пил сыяктуу чоц кeлeмдeгY айбандарга айтылат. Бул eцдY сeздeрдYH мындай негизде пайдаланылышы айтуучунун эркине, чеберчили-гине, кеп багытталган жакка карата болгон мамилесине (позициясына) жараша болот. Маселен, бул этиштер Жолой, Чоюнкулак алптарга карата колдонулушу MYMKYH, бирок Жоодарбешимдин eзYнe, же Манас, Кошой eцдYY оц каармандар-га карата колдонулбайт. Алынган тексттик бeлYKтeгY «турбайбы» кeмeкчY этиши да уйкаштыкты жаратуудан тышкары таануу маанисин, KYTYYCYЗДYKTY туюндурган семантикалык бeтeнчeлYKтeрдe пайдаланылган.

Эпостун тилинде KYчeтYY маанисин берYYHYH сейрек учуроочу ыкмалары кезигет. Маселен; жогоруда алынган мисалдар KYчeтYY «чоцдугун айтпа, болжол жок» деп берилсе,Чоцдугу тоонун тециндей, Жоодар эмес башканы. Бир айкырса жегидей деген мисалда «теци» (жарымы) деген бeлYKTY билдирYYЧY сeз «тоо» сeзY менен катышта берилип, KYчeтYЛгeн TYШYHYKTY туюнтууга жетишилген. Ошондой эле бул мисалдагы «башканы» деген сeз «ким болсо да», «Жоодардан да KYЧTYY жанды да» деген мааниде, «бир айкырса» деген айкалыш «каарданса», «^ч колдонсо» деген мааниде, «жегидей» деген сeз TYЗ маанисинде эмес, «eлтYргYДeй», «тындым кылгыдай» деген маанилерде колдонулду.

Чыгармада каармандын тибине ылайыкталып колдонулган боектуу сeздeрдYH ичинен элес тууранды сeздeрдeн жасалган туунду этиштер арбын учурайт. Мындай сeздeр да TYPДYYчe варианттарында орду менен пайдаланылган. Маселен; Жалгыз квздYYжелмогуз,Оцурацдап оцшоцдоп.

Баатыр Жоодар артынан, Жвнвп калды соксоцдоп деген саптардагы «онурацдап», «оцшоцдоп», «соксоцдоп» сeздeрY каармандын сырткы кeрYHYШYH, учурдагы абалын образдуу CYрeттeeгe кызмат кылып, мында бир кeзY сокур, же жалгыз кeздYYлeрдYH кeрYHYШ элесин CYрeттeeдe кeбYHчe колдонулган «окшоцдоп» сeзYHYH пассивдYY «оцшоцдоп», варианты пайдаланылган. Мындай учурлардан айтуучунун жалпылыктан четтeeгe аракеттенгендигин, eз

алдынчалыкка далалаттангандыгын андоого болот жана бул максаттын ишке ашкандыгы теменкYДей негиздеги мисалдардан да даана керYнет. Маселен; Алтын жаак сыр жебе, Чоюла тYШYп чап этип. Ак чел менен карага, Жабыша тYштY шап этип. Олурайып чечекей, Агып тYштY балп этип деген CYЙлемдердегY "чап", "шап", "балп" деген тууранды сездерден жасалган этиштердин, "олурайып" деген элестYY этиштин орду менен колдонулушу айтуучунун чеберчилигин айгинелейт. Булардан тышкары алынган мисалдагы "жаак" зат атоочу менен "кара" сын атоочу, "жабыша TYШTY", этиши баштапкы маанилеринде эмес, кеп жана етме маанилеринде колдонулган. Мындагы "жаак" сезY адамдар менен айбанаттардын дене MYчелерYHYH тамактанууга, чайноого ьщгайлашкан белYГYH эмес, жебенин учуна орнотулган ет^р темирди билдирсе, "кара" сын атоочу заттанып, ен -TYCTY эмес, кездYH ортонку белYГYH (кара чечекейин) туюнтуп колдонулду. Ошондой эле "жабыша TYШTY" этиши "чапташып, биригип калды" деген алгачкы маанисинде эмес "сайылды", "кирип кетти" деген мааниде айтылды. Ал эми Ачуулуу YHY чыкканда, Эки тоо бети жабышып. Кала берди желмогуз, Жаны менен алышып деген мисалда ушул эле "жабышып" чакчыл этиши баштапкы жана TYЗ маанисинде колдонулуп, бирок езY катышта болгон сездYH лексикалык маанисине ылайык апыртуучулук, KYчетYYЧYЛYK кызматтарды аткарды. А буга уйкаш курулушта берилген "алышып" чакчыл этиши TYЗ маанисинде эмес, синтагмалык катышта келген "жаны" деген сездYH таасиринде "езY менен езY болуп", "жан аргасын таппай кыйналып" деген етме маанини билдирди.

Жогоруда керсетYЛген сез TYркYMдерYнен тышкары эпосто сан атоочтор да кенейилген семалык алкакта колдонулган. Маселен; Найза сунган немелер, Адамдан башка эр кердY, Ачып кезYH бир кердY, Ажыдаардай CYP кердY■ Эки жагын караса, Кезге бир жан илинбейт. Кара жаак жебе тартканга, Тогузунда машыккан деген мисалдарда катышкан сан атоочтор чен елчемдYK TYШYHYKTY билдирген негизги маанилеринде келген жок. Алгачкы мисалдагы "бир" сан атоочту "ошол замат" деген тактоочтук мааниде келип, "Ажыдаардай CYP кердY" деген кийинки сап менен логикалык катышта болуп турса, ушул эле сан атооч экинчи мисалда етме мааниде келген "жан" сезY менен катышта болуп, бул жерде "эч" тангыч белYKчесYHYH кызматында колдонулган. Ал эми бул мисалдагы "эки" сан атоочу "жак" абстрактуу зат атоочу менен айкашып, "туш тарабын", "алды-артын" деген орундук маанидеги татаал сездYH жасалышын шарттады. Акыркы саптагы "тогуз" сан атоочу езYнен кийин келчY "жаш" деген сездYH TYШYPYЛгендYГYHYH натыйжасында заттанып, ага сез езгертYYЧY MYчелер жалгануу аркылуу тактоочтук функцияда колдонулган. Ошондой эле алынган мисалдардагы "сунган", "немелер", "башка", "кара жаак", "тартканга" деген сездер да TYПKY маанилеринде колдонулган эмес. "Сунган"- "кезеген", "немелер"-"ездерYH баатыр санаган каракчылар", "башка"-"жанда жок", "кара жаак"- "сырдалбаган", "женекей", "жупуну", "тартканга"-"атканга"деген маанилерде берилген.

Эпосто, езгече, этиш сездер ете кеп кырдуу маанилик бетенчелYKтерде арбын колдонулуп, жогоруда учкай сез болгон чакчыл этиштерден тышкары "кел", "чал","сал"тибиндеги буйрук этиштердин да ар кыл маанилик езгечелYKтерде, кээде бир эле TYPYHYH омонимдик денгээлге чейин езгерYП колдонулгандыгын керYYге болот. Мисалы; Каак этипучкан карга жок, Какшып жаткан чел келет. Балам, Жоодар, башыца, Ар бир тYркYH иш келет. Каргашалуу жан чыкса, Бир башыца куч келет. Бири оттосо, мици

жуушап, Чалып коюп чебYнен.....Бексе жолун чалабыз, Ара-Кел жолун табабыз.

Бир кездерде Чоюн алп, Жердин ЖYЗYH чалыптыр. Жебенин огу тийгенде, Айкырып унун салды эле. Не кызыктар болот деп, Туш тушка кезун салды эле. Арстан Жоодар ошондо, Айкырыкты салды эле.

Бул мисалдардын 1-тобунда колдонулган "кел" этиши "чел" конкрепуу зат атоочу менен катышта туруп, "басып етесYн", " туш болосун" деген маанилерди туюнтса, "иш", "^ч" деген абстрактуу зат атоочтор менен катышта болгондо, TYПKY маанисине жакындоо менен "кезигесин", "кыйналасын" деген етме маанилерди билдирди. Экинчи топтогу мисалдарда пайдаланылган "чал" этиши алгачкысында "оттоп коюп", "YЗYП жеп коюп" деген, экинчисинде

"издейбиз", "байкаштырабыз" деген, YЧYHЧYCYHДe "кыдырыптыр", "багындырыптыр" деген негиздеги маанилерде колдонулду. Ал эми YЧYHYЧY топтогу саптарда кезиккен "сал" этиши нагыз этиш эмес, кeмeкчY этиштик кызматта келип, "YH сал"-"YHдe", "сYЙлe", "кeз сал"-"тикте", "кeцYЛ бeл", "айкырык сал"-"кыйкыр", "бакыр" деген татаал этиштик маанилерин сактап колдонулган менен, алардын 1-компоненттери (унун, кeзYH, айкырыкты) табыш жeндeмeсYHдe, же eзгeчe структурада берилген. Мындай негизде, же тыбыштык курулушу "бузулуп" колдонулган учурлар ат атоочтордон да учурайт. Маселен; Ар айбанат мекенден, Бул жердей кайдан жер болгон деген мисалдагы "ар ким", "ар кандай", "ар бир" деген негиздеги ат атоочторду, "ар дайым", "ар убак", "ар качан" деген eцдYY тактоочторду жасоочу "ар" кeмeкчY сeзY eз алдынча келип ат атоочтук мааниде берилсе, БYт кыргызды чакырып, Тоюна токсон союптур. Бул дYйнвдв болгонду, Бала баатыр бут кврдY деген саптарда "буткул" аныктама ат атоочу "бут" формасында берилип 1-сапта зат атооч менен айкашып "буткул", "бардык", "атпай" деген маанисинде, акыркы сапта этиш менен айкаша келип, "баарын", "тYгeл" деген мааниде берилди.

Ошондой эле тактоочтор да сейрек берилчу формаларында арбын колдонулуп, образдуулукту, уйкаштыкты уюштуруучу каражат катары кызмат eтeгeн. Кыргыз тилинде "жана" сeзY омонимдик катыштагы тактоочтук, бeлYKчeлYK, байламталык кызматтарда колдонулат. Аталган эпосто бул сeз тактоочтук жана бeлYKчeлYK кызматта арбын учурайт. Мисалы; Жана бердим eзYцe, Кол башындай ак баштык. Жанагыдан укмуштуу, Жана кызык ац кeрдY. ж.б.

Мындагы биринчи "жана" (жанараакта, бая) - мезгил тактооч, мезгил бышыктоочтук кызматты аткарат. "Жанагыдан"-ушул эле тактоочтон-гы MYчeсY аркылуу жасалган туунду сын атооч. Ал эми акыркы сапта келгени -"дагы", "жана да" деген маанидеги бeлYKчe. Мындан тышкары,Токтой туруп быйылча, Келеркиде бар, балам деген саптардагы тактоочтор да сейрек колдонулчу, eзгeчe ыкта уюшулган тактоочтор. Алар эпосто eз ордулары менен пайдаланылган. Сейрегирээк болсо да, айрым бeлYKчeлeрдYH маани берген сeздYK (тактоочтук) кызматта келгендиги кeрYнeт. Маселен, Аябай кетип баратат, Адыр-адыр бел менен деген айтымдагы KYчeтмe бeлYKчe, "аябай тез", "eтe ылдам" деген eктeм кырдаалда келген сын -сыпат тактоочтун маанисин берет.

Ошентип "Жоодарбешим" эпосунун тили башка бардык кенже эпостордой эле TYPДYYчe маанилик бeтeнчeлYKтeрдe колдонулган ^п жана eтмe маанилуу сeздeр менен сeз айкаштарына eтe бай. Мындай тилдик бирдиктерди eз децгээлинде TYШYнe билуу кeпчYЛYK окурмандарга оорчулукту жараткандыктан, эпостордун тилине лингвистикалык анализ жургузуу зарыл маселелерден деп эсептейбиз.

Пайдаланылган адабияттар:

1. Абдулдаев Э. Азыркы кыргыз тили.-Бишкек,1998.

2. Жоодарбешим. "Эл адабияты" сериясы. - Бишкек, "Шам", 1997

3. Кыргыз тилинин сeздYГY. - Бишкек, "AVRASYAPRESS", 2001.

4. Мамытов Ж. ^ртом чыгарманын тили. - Фрунзе, "Мектеп", 1990.

5. Никитин М.В.Основы лингвистической теории значения. -М, "Высшая школа", 1988.

6. Фомина М.И. Современный русский язык. Лексикология. М, "Высшая школа", 1990

© Т.Ж. Исакова, Ж. Элчиев, 2016

УДК 82

ИСПОЛЬЗОВАНИЕ МНОГОЗНАЧНЫХ СЛОВ, СЛОВ И СЛОВОСОЧЕТАНИЙ С ПЕРЕХОДНЫМ ЗНАЧЕНИЕМ В ЭПОСЕ "ЖООДАРБЕШИМ"

Т.Ж. Исакова, Ж. Элчиев

Аннотация: Данная статья посвящается лингвистическому анализу функции в образном выражении мысли и создании рифмы встречающимися в эпосе "Жоодарбешим" многозначными словами, словами и словосочетаниями с переходным значением.

Ключевые слова: полисемия, слово, словосочетание, номинативное значение, коннатативное значение, контекст, парадигма.

© Т.Ж. Исакова, Ж. Элчиев, 2016

UDC 82

MULTIPLE-VALUED WORDS, WORDS AND WORD-COMBINATIONS WITH TRANSITIONAL VALUE IN KYRGYZ EPOS "JOODARBESHIM"

T.J. Isakova, J. Elchiev

Abstract. This article is dedicated to the linguistic analysis of function in vivid expression of idea and creation of rhyme meeting in the kyrgyz epos "Joodarbeshim" the multiple-valued words, words and word-combinations with a transitional value.

Keywords: polysemy, words, expressions, nominative, meaning, connotative meaning.

© T.J. Isakova, J. Elchiev, 2016

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.