Научная статья на тему 'СРАВНЕНИЯ В ПРОИЗВЕДЕНИЯХ БАРПЫ АЛЫКУЛОВА'

СРАВНЕНИЯ В ПРОИЗВЕДЕНИЯХ БАРПЫ АЛЫКУЛОВА Текст научной статьи по специальности «Языкознание и литературоведение»

CC BY
33
11
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
СРАВНЕНИЕ / ПОЭТИКА / ЛИНГВИСТИКА / ЯЗЫКОВОЕ СРЕДСТВО / ХУДОЖЕСТВЕННОЕ СРЕДСТВО

Аннотация научной статьи по языкознанию и литературоведению, автор научной работы — Сыдыкова Т.К.

В данной статье анализируются сравнительные языковые инструменты, а также рассматривается их соотношение к категории лингвистики и поэттики, из них в произведениях Барпы акына.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Текст научной работы на тему «СРАВНЕНИЯ В ПРОИЗВЕДЕНИЯХ БАРПЫ АЛЫКУЛОВА»

УДК 82

СРАВНЕНИЯ В ПРОИЗВЕДЕНИЯХ БАРПЫ АЛЫКУЛОВА

Т.К. Сыдыкова1

Аннотация

В данной статье анализируются сравнительные языковые инструменты, а также рассматривается их соотношение к категории лингвистики и поэттики, из них в произведениях Барпы акына.

Ключевые слова: сравнение, поэтика, лингвистика, языковое средство, художественное средство.

Кыргыз тил илиминде салыштырууларга Ж. Жантешева ("Салыштыруу -К.Жантешевдин чыгармачылыгындагы CYреттеечY керкем ыкма", 1981), А.Оморов ("Жолон Мамытовдун ырларынын поэтикасынын айрым маселелери", 2002), А.Э. Абдыкеримова ("Керкем сездYH поэтикасы", 2003), А.Акынбекова ("Молдо Нияздын чыгармаларындагы тилдик езгечелYKтер" 2011) ж.б. кайрылышкан.

Салыштыруу - кептин стилдеринин табиятына ылайыкталып, TYPДYY структурада колдонулган троптун TYPY (Оморов: 2002, 43-б.). Ооба, троптун бир TYPY, ошону менен катар эле образдуу керкем CYреттеенYH эн негизги каражаттарынын бири да болуп эсептелинет. Ошондой эле керкем чыгармада керкем образдарды, жеке адамга тиешелYY езгечелYKтердY так, ачык, даана чагылдырууга, тузууге жана тексттеги окуяны да жеткиликтуу CYреттееде да, сез маанисин кенири TYШYHYYге да MYMKYHЧYЛYK TYзет (Селиванов: 1977, 10-б.). Жогорудагы пикирлерди эске алуу менен жана да акындын ыр саптарында колдонулган салыштыруулар акындын езгечелYГYH, анын турмушка болгон ой ЖYГYртYYCYH, кез карашын чагылдырып берет, андан текменун чеберчилигин, езгечелYГYH баалоого да кемек керсетет десек жанылышпайбыз.

- Деги эле салыштыруунун максаты эмне?

- Бул ыкманын негизги максаты деп, биринчиден, суреттелуп жаткан буюмду, нерсени, керунушту, тушунукту, окуяны, адамдын ички сезимин даана чагылдырып беруу жана ошол эле мезгилде буга болгон окурмандын сезимин козгоо деп ойлойбуз.

Бул жерде биз ез сезубузду бул алты сап ырды менен, андагы:

"Суйлеш учун тил керек,

Ырдаш учун ун керек.

Сезду сезге кынай бил,

Маш зергердей чегелеп.

Ырчы болсон - текме бол,

Ак жаандай себелеп" - деген эки салыштыруудан баштоону эп кердук. Маш зергердей чегелеп - мында салыштыруунун езегун зергер - сезу ээлеп, аны маш (же машыккан эллипсиске учураган экспрессема) коштоп, генитивдик кон-струкцияны (курамды) тузду да, ойдун экспрессивдуу табиятын жаратып, аны окурманга уккулуктуу болуп, женил жетишине шарт жаратты. Бул салыштыруунун образдуулук талабына шайкештелген керунушу. Ушундай эле абалда ак жаандай себелеп деген курамды да алсак болот, семантика-стилистикалык енуттен алганда (чечмелегенде) - узакка созуп жана мазмундуу, угумдуу кылып даана ырдоо дегендикти туюнтат да, метафора-салыштыруу турунде болду жана жандандыруунун улушу кошо байкалып, экспрессема поэтикалык материал-дын алкагында жайгашты, орун алды.

Ал эми маш зергердей чегелеп - дегенди семантика-стилистикалык ас-пектиден назар салсак, алтынды - алтындай кылып ажарланта кылган устадай аракеттенуу керек деген ой берилди да, салыштыруу эпитет турунде текстке айкаштырылды. Демек, жогорудагы эки салыштыруу конкретуу жагдай менен

1Сыдыкова Толгонай Кочконбаевна - кандидат филологических наук, доцент, Кыргызский государственный университет имени Ишеналы Арабаева, Кыргызстан.

бааланат деп айтабыз да, жалпы эле салыштыруулар элдик TYШYHYKкe негизде-лип, образдуулуктун алкагынан орун аларын белгилейбиз. Айтылган бул пи-кирлерибизди ырастай турган дагы мисал:

"КYH нурундай касиет

Издеген менен табылбайт» (Барпы, 1995, 23-б.).Мындагы салыштыруу демейдеги эле салттуу кыргыз поэзиясындагы кeрYHYШтeрдeй сезилет, чечме-леп айтканда, тeмeндeгYДeй талаптарга жооп берет:

1) номинативдуу, мааниси TYШYHYKTYY;

2) азыркы поэзияда (шартка жараша универсалдуу MYнeздe) жыш колдо-нулат. Лексика-стилистикалык турпаты: Кун нурундай болгон касиетти издегениц менен таппайсыц - болуп берилет.

Салыштыруу - стилистиканын, поэтиканын жана лингвистиканын кате-гориясы. Анын максаты ойду айкын кeрсeтYY, таамай CYрeттee менен байла-нышкан. КeркeмдYYЛYKTY андап билдирYYДe анын ролу чоц, ошол себептен ал оозеки да, жазма адабиятта да арбын колдонулуп, чыгармага эмоция тартуулап, кeркeмдYK TYC берет. Бул тууралуу профессор Б.В. Томашевский 1959-жылы жарык ^рган "Стилистика и стихосложнение" деген эмгегинде: "Салыштырууну туура TYЗYШ YЧYH тeмeндeгYДeй элементтер керек: биринчиден, эмне салыштырылат, экинчиден, эмне менен, YЧYHЧYДeн, кандай белгилер менен салыштырылат" (Томашевский: 1959, 208-209-б.) деп негизги YЧ элементи - нерсе, образ, белгини кeрсeткeн. Ал эми А.Т. Рубайло "Художественные средства языка" (1961) деген эмгегинде: "Ошол салыштырылып жаткан нерсенин башка нерсе менен байланыштуулугу же ички ойдун окшоштугун TYЗYYгe тийиш" дейт. Ошондон улам салыштырууда сeзсYЗ TYPДe предметтYYЛYK менен бирге анын eзYHYH ички окшоштугу да эске алынууга тийиш.

Барпы Алыкуловдун чыгармаларындагы салыштыруулар жогоруда кeрсeтYЛгeндeй жалпы салттуу кeрYHYШтeрдeн турат жана автордук eздYK-eзYMчeлYKкe MYнeздYY болгондору да жолугат. Муну тeмeндeгY мисалдардан байкайбыз:

"Ай чырайлуу Ноодайым,

КYH чырайлуу Ноодайым" (инв. 188/399, 103-б.) деген ыр саптарындагы "ай чырайлуу, ^н чырайлуу" деген салыштыруулар эллипс (кыскартылган) конструкция аркылуу ишке ашты жана мындай кeрYHYШ байыркы жана элдин элегинен eтYП, туруктуу турпатка айланган синтаксистик YЛГYлeрдYH жашап жатышынан кабар берет. Туруктуу элдик салыштыруулардын топтомун TYзeт. Мындай кыскарган же морфологиялык эллипс антропонимдерден, т.а., Айсулуу ^ ай+дай+сулуу, КYHсулуу ^ KYH+дeй+сулуу деген энчилYY аттардан да учурайт. Демек, акын байыркыны жана сейрек учураган лингвистикалык каражаттарды да з ыр саптарында чыгармачылык менен жараткан, жарашыктуу, уккулуктуу абаз тартуулаган, сeздYK фонограмма катары, устаттыкта колдонгон.

Тилдик каражаттар ^р^м чыгармада, анын ичинде поэзияда эстетика-этикалык кызматы менен кошо эмоционалдуулук-стилдик боёктордун алкагында универсалдуу, ийкемдYY абалда болот. Мындай тилдик ^р^м кызматтардын тобуна поэтикалык синонимдик салыштырууну алабыз. Бул контекстке, подтекстке жараша бeтeнчe поэзияда, анын ичинде Барпы Алыкуловдун чыгармаларында жогорку чыцалуудагы кeркeмдYK жаратуучу кызмат eтeп, образды (каармандын турпатын эселентип) берYYДe, жеке адамга, ошондой эле конкрепуу абалга карата да окуяны жеткиликтYY CYрeттeeдe, сeздY кецири мааниде ийкемдете жаратууда, колдонууда пайдаланылат. Алар Барпы Алыкуловдун чыгармаларынын кыртышында, конкреттик алкагында TYркYH поэтикалык абалда кулпунма кызмат кылат. Мисалы:

Кундуздай:

"Кундуздай болгон кара чач"

(инв. 188/399, 221-б.).

"Кундуздай болуп кулпурган"

(инв.424\213, 1-б.).

Жамгырдай:

"Жамгырдай болгон жашицдин Тизилгенин кeрбeдYм"

(инв. 190/401, д.3, 283-б.).

Каргадай:

Канаты сынган каргадай

(инв. 190/401, д.3, 272-б.).

Койдой - ете кеп:

"Кийиги койдой жайилса" [жайылса-Т.С.]

(инв. 424\213, 4-б.).

Суксурдай:

"Суксурдай чачын сыланып

(инв. 190/401, д.3, 273-б.).

Суксурдай чачын чубалып, Арпадай енун кубарды"

(инв. 190/401, д.3, 280-б.).

Гевердей/габардай:

"Гевердей кeзYH жайнады"

(инв. 198, д.1, 22-б., 105-б.).

"Габардай болгон тиштерин"

(инв. 190/401, д.3, 281-б.).

"Габардай болгон кeзYHДYн"

(инв. 190/401, д.3, 283-б.). Автордун чыгармасында колдонулган ар бир салыштыруу элдеги салттуу кeрYHYШ катары да, автордук индивидуалдуулук колдонмо катары да, кээде алардын жуурулушма-бирикмеси, синтези катары караганда eзYHчe нюанстар назарга кабылат. Мисалы, жогорудагы салыштырууларды алсак, кундуздай -кара, капкара; жамгырдай - кеп, толтура, мол; канаты сынган каргадай - алсыз, байкуш, жардам берери жок; кийиги койдой жайылса - ете кеп; суксурдай -сулуу, кооз, кезге кeрYMДYY; гевердей/габардай - мында биринчи, YЧYHЧY салыштырууда капкара, сулуу, татына маанисинде; экинчи салыштырууда кыналышып керк берген деген мааниде пайдаланылган жана алар морфологиялык жол менен, б.а., - дай MYчeсYHYH жардамы менен уюшулду. Ал эми:

Чайдай - чайыттай:

"КeнYЛДY чайдай ачылткан"

(инв. 188/399, 171-б.).

ГYЛYHдeй:

«Мандалактын ГYЛYHдeй, Кызгалдактын ГYЛYHДeй»

(инв. 188/399, 215-б.).

Чыныдай:

1. Татынакай, жылдызы жанган жаркырап;

2. Кичинекей, жаш: «Кызамыктан алдырдым, Чыныдай жалгыз баламды»

(инв. 190/401, д.3, 281-б.).

Кыргыйдай:

«Кыргыйдай чуктаган»

(инв. 188/399, 215-б.).

Жамбыдай:

«Жамбыдай болгон ЖYЗYHДYH»

(инв. 190/401, д.3, 282-б.).

Парпректей:

«Парпректей айланган»

(инв. 188/399, 216-б.).

Чынчалактай:

«Чынчалактай кашьщдын, Чийилгенин кeрбeдYM»

(инв. 190/401, д.3, 282-б.).

Чыбыктай:

«Чыбыктай болгон боюндун Ийилгенин кeрбeдYM»

(инв. 190/401, д.3, 282-б.).

Камчыдай:

«Камчыдай болуп буралган

(инв. 188/399, 84-б.).

Камчыдай болуп бYKтeлYП, Капа болуп кайгырат»

(инв. 190/401, д.3, 249-б.).

8рдeктeй:

«Колдо ойногон eрдeктeй

(инв. 188/399, 100-б.).

8пкeдeй бетиц кубарды,

8рдeктeй болгон, Умсунум» (инв. 190/401, д.3, 280-б) деген ыр саптарындагы салыштырууну уюштуруучу сeздYH уцгусу зат атоочтордон туруп, ага сын атооч жасоочу -дай куранды MYчeсY жалганып жасалып олтурат. Алсак, чай + дай = чайдай - таза, жыпар жыттуу; ГYЛ + YH + дeй - гулундвй - кооз, ^зге жагымдуу; чыны + дай = чыныдай - кичинекей, жаш, мeлтYЛдeгeн; кыргый + дай = кыргыйдай - атырылган, жулунган, чыйрак; жамбы + дай = жамбыдай -жамбыдай, алтындай, таза; парпирек + тей = парпректей - ыкчам, шамдагай; чыбык + тай = чыбыктай - ийкемдуу, ийилчээк; камчы + дай = камчыдай -биринчиден, ийкемдYYЛYк; экинчиден, жумшактык жeнYHдe; eрдeк + тeй = врдвктвй - кооз, CYЙKYMДYYЛYK деген маанилерде колдонулду.

Салыштыруулардын булагы катары кeркeм чыгармаларда айбанаттар, канаттуулар жана eсYMДYKтeр ДYЙнeсYнe ^п кайрылышат, аларды табият кубулушунан издеп табат. Мындай ар TYPДYY салыштыруулар ^р^м чыгарманын жалпы стилдик TYЗYЛYШYнe, каармандардын CYЙлee кебине сeзсYЗ жакшы таасир тийгизет (Жантeшева: 1981, 35-б.). Мындагы айтылган пикирди эске алуу менен поэзияда да, анын ичинде Барпы акындын ырларында салыштыруулардын булагы катары айбанаттар, канаттуулар жана eсYMДYKтeр ДYЙнeсYнe (кулундай, бYркYTтeй, ГYЛYHдeй, KYPYЧтeй) кeп кайрылган жана мындагы салыштыруулар ырдын жалпы стилдик TYЗYЛYШYнe, автордун чыгармачылык бейнесине сeзсYЗ жакшы таасир тийгизген деген ойду айта алабыз. Мисалы: Жолборстой/ак жолборстой:

«Тоо кeчкeндeй жоголду, Ак жолборстой савлатиц

Куштай/тоту куштай:

«Тоту куштай YЙYMдe, Кутум элец, Умсунум»

Булбулдай:

«Булбулдай тилин кессек, деп, ТYП-TYбYнe жетсек деп»

Каргадай:

«Канаты сынган каргадай, Аксап калдым, Умсунум»

4emw:

«Ырацымдан адашып, Чeптeй болдум, Умсунум»

(инв. 190/401, д.3, 226-б.).

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

(инв. 190/401, д.3, 276-б.).

(инв. 190/401, д.3, 251-б.).

(инв. 190/401, д.3, 272-б.).

(инв. 190/401, д.3, 286-б.).

Арпадай:

«Арпадай eHYH кубарды»

(инв. 190/401, д.3, 280-б.).

Торопойдой:

«Торопойдой душманды, Тозутуп кууган Манас кан»

(инв. 424\213, 10-б.).

БeрYДeй. ач бeрYДeй:

«Ач бeрYДeй карадын, досум»

(инв. 198, д.1, 8-б., 39-куплет).

Каздай:

«Кек - сайга TYШYП кенештик, досум, Каздай бир бойду тенештик, досум»

(инв. 198, д.1, 9-б., 43-куплет). Акындын ырларындагы салыштырууларды мисалга келтирип жатып, А.И. Ефимовдун: "Салыштыруу деп биз, албетте CYрeттeлYП жаткан адамдын, MYнeздeрдYH, окуялардын, кeрYHYШтeрдYH кeпчYЛYK учурда окурманга эн тааныш болгон образдарын TYШYнeбYЗ. Мына ушунун жардамы менен CYрeттeлYП жаткан салыштыруу конкреттештирилип, талашсыз жана таасирдYY болуп чыга келет" (Ефимов: 1961, стр. 491) деп айтканы эске TYшeт. Себеби, жогорудагы ар бир салыштыруудан мына ушундай ыкмаларды кeрYYгe болот жана да мындагы салыштыруулар турмуштун ар кыл жактарынан, элдик эле сездерден алып, кайра аны элдин eзYнe тартуулоодо, ошондуктан анын салыштыруулары таасирдYY да, ишенимдYY болуп турат. Бул жерде колдонулган лексика ошол мезгилге, жерге байланыштуу жана чындык менен ширешилген кубулуштардын, кeрYHYШтeрдYH, TYШYHYKтeрдYH чегинен чыгып кетпейт, ал элдик тилдин уюткусунан жаралган керкем сез каражаттары.

Ал эми акындын CYЙYY ырларынын бири болгон, элдин ЖYрeгYHYH теренинен орун алган "МeлмeлYм" деген ырында да мындай ыкма кеп колдонулган. Мисал келтирсек (инв. 424/213, 194-195-б.): «Кулпурушун кундуздун, Баласындай, МeлмeлYM. Кара eрYKTYH ичинде, Данасындай, МeлмeлYM. Сенселишин козунун, Барасиндай, МeлмeлYM. Терме eрYKTYH ичинде, Данасиндай, МeлмeлYM. Майиндигин, Маргалан, Шайисиндай, МeлмeлYM. Шириндигин Коженттин, Майизиндай, МeлмeлYM. Арстанбаптын жериндей. Абатымсын. МeлмeлYM, Оозго салса эриген, Наватымсын. МeлмeлYM»

(инв. 424\213,194-б.). Бул жерде МeлмeлYMгe карата бир нече салыштыруу пайдаланылган. Алар: баласындай. данасындай. барасиндай. данасиндай. шайисиндай, майизиндай. абатымсын. наватымсын. жериндей.

Акындын бул ыр саптарындагы салыштыруулар негизинен морфологиялык жол менен уюшулган жана -дай MYчeсY фонетиканын мыйзамченемдYYЛYГYнe баш ийип жана анда сапаттык белгинин кандайдыр башка затка окшоштук касиетин билдирип, кeркeмдYK, образдуулук YЧYH элдик салттык салыштырууларды - сулуулук каражаттарды, боёктуулугу бар элемен-ттерди колдонгондугун кeрeбYЗ, демек, чыгарманы элге жеткиликтYY кылыш YЧYH элдин eзYHдeгY системалуу TYPДYY булактарды чыгармачылыкта пайда-лангандыгын байкайбыз жана ал элдик оозеки чыгармалардын таасири астында ишке ашкан.

Жогорудагы кeлтирилгeн мисалдарга таянсак жe - дай MYчeсYHYH колдонулушу боюнча алсак, Барпы Алыкулов колдонгон салыштырууларга назар таштасак алар ар TYPДYY, бирок биз аларды тeматикалык жактан тeмeндeгYДeй топторго ажыратабыз:

1.Жан-жаныбарларга байланыштуу салыштыруулар (кундуздай, каргадай, койдой, жолборстой, куштай, тоту куштай, жыландай ок жыландай, булбулдай, торопойдой, бeрYДeй, ач бeрYДeй, каздай, куландай, кунандай, бYркYTтeй);

2.Yй буюмдарына байланыштуу салыштыруулар (чыныдай, камчыдай, оймоктой, YЗYKтeй, TYркYKтeй, чырактай);

3.Кымбат баалуу асыл заттарга байланыштуу салыштыруулар (гeвeрдeй/гавардай, жамбыдай, KYMYШтeй, алтындай, сымаптай);

4.Кишинин MYчeсYнe, дeнe TYЗYЛYШYнe байланыштуу (билeктeй // жeн билeктeй, чынчалактай, eпкeдeй);

5.Планeталардын аттарына байланыштуу (ай чырайлуу // айдай, KYH чырайлуу // ^HAe^);

6.Жаратылыштын кубулуштары мeнeн кeрYHYШтeрYнe байланыштуу (жамгырдай, eрттeй, суудай, тумандай);

7.Ар кандай топтогу салыштыруулар (чайдай, парпрeктeй, чыбыктай, кeчкeндeй//тоо кeчкeндeй, жeр жарылып кeчкeндeй, жeтимдeй, чeптeй, олоцдой, арпадай, самандай, баласындай, данасындай, барасындай, жeриндeй, eткeндeй,курактай);

8.Кооз, таза заттарга байланыштуу салыштыруулар (гYЛYHдeй, айнeктeй, шайисиндeй, майизиндeй);

9.Ономастикалык салыштыруулар (кыргыздай, Таластай, Манастай).

Барпы Алыкуловдун TYPДYY элдик жана автордук салыштырууларды пайдаланышы, колдонушу анын лeксикалык байлыкка система катары кара-гандыгы, номинативдик жана амллятивдик лeксикалык бирдиктeрди айка-лыштыра бeтeнчe билгичтиктe пайдалангандыгы, анын ^р^м тeкстти TYЗYYДeгY чeбeрчилигинeн кабар бeрип турат. Лeксика-сeмантикалык тарыхый сeздeрдY да eз орду мeнeн колдонгондугун, TeKCTTOH кыртышына сицирe алгандыгын кeрсeтeт.

Акындын ырларынан кeлтирилип жаткан саптарынан -дан MYчeсY мeнeн салыштыруу жасалганын да байкоого болот:

"Жамбыдан тунук YЗYЦДY [жYЗYЦДY - Т.С.],

Кeрeр элeм, Умсунум"

(инв. 190/401, д.3, 218-б.).

Акын eз ырларында элдик сeздeрдY арбын колдонгон жана аны чыгармачылык мeнeн ишкe ашырган. Ошол YЧYH анын ырларынын тили элдик шзге жакындыгы, ар TYPДYYЛYГY жана байлыгы мeнeн KYЧTYY. Стилинин eзгeчeлYГY да ушундан кeрYнeт жана анын салыштырууларынан тeмeндeгYДeй eзгeчeлYKтeрдY да кeрYYгe болот:

"Жарыктыгыц элeктр

Чырагыцдай, eзгeчeм.

Сымбатыц сeнин Москва,

Дарагындай, eзгeчeм" (Барпы: 2008, 51-б.), дeп мурунку айга, KYHre окшоштурган эски эпитeттeрдeн качып, жацы эпитeттeр колдонулуп, CYЙгeн жарды элeктрдин чырагына, Москванын дарагына салыштырат жана да акындын чыгармаларында зат атооч сeздYH eзY жe эч кандай MYчeсY жок элe салыштырууну уюштургандыгын учуратабыз. М.:

Бириц - чынар, бириц - бак,

Бириц - булбул, бириц - шак (Барпы: 2-том, 2008, 47-б.).

Бул да болсо акындын чыгармачылыгындагы eзгeчeлYK жe акын eзY гана колдонгон автордук гана салыштыруу дeп айтсак болот. Ушунун eзY автордун тилдик байлыгынын мол экeндигинeн, чыгармачылык дарамeтинин KYЧTYYЛYГYнeн кабар бeрeт.

Колдонулган адабияттар:

1. Абдыкеримова А. Керкем сездун поэтикасы, 2003.

2. Акынбекова А. Молдо Нияздын чыгармаларындагы тилдик езгечелуктер, 2011.

3. Барпы: колжазмалор фондусу / инв. 424\213, 194-б.

4. Барпы: чыгармалар жыйнагы, 2-том, 2008, 47-б.

5. Жантешева Ж. Салыштыруу - К.Жантешевдин чыгармачылыгындагы суреттеечу керкем ыкма, 1981, 35-б.

6. Рубайло А.Т. Художественные средства языка", 1961.

7. Томашевский Б.В. Стилистика и стихосложнение, 1959, 208-209-б.

8. Оморов А. Жолон Мамытовдун ырларынын поэтикасынын айрым маселелери, 2002.

9. Ефимов А.И. Стилистика художественной речи. - М., 1961, 491-б.

10.Селиванов Ф.М. Поэтика былин. I белум. -М., 1977.-10-б.

© Т.К. Сыдыкова, 2016

UDC 82

COMPARISONS IN THE WORKS BARPY ALYKULOV

T.K. Sydykova

Abstract. This article analyzes the comparative linguistic tools, and examines their relationship to the style category, poetics and linguistics, are in the works Barpy akyn. Keywords: comparison, poetics, linguistics, language tool, artistic means.

© T.K. Sydykova, 2016

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.