Научная статья на тему 'АНТОНИМЫ В ПРОИЗВЕДЕНИЯХ БАРПЫ АКЫНА'

АНТОНИМЫ В ПРОИЗВЕДЕНИЯХ БАРПЫ АКЫНА Текст научной статьи по специальности «Языкознание и литературоведение»

CC BY
73
4
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
АНТОНИМ / ПРОТИВОПОЛОЖНЫЕ ПО ЗНАЧЕНИЮ СЛОВА / ОБЩЕЕ ЯЗЫКОЗНАНИЕ / ТУРЕЦКИЙ ЯЗЫК / КЫРГЫЗСКИЙ ЯЗЫК / ЗНАЧЕНИЕ / ЛЕКСИЧЕСКАЯ ЕДИНИЦА

Аннотация научной статьи по языкознанию и литературоведению, автор научной работы — Сыдыкова Т.К.

В статье проведен обзор проблемы антонимов в общем языкознании, тюркологии, в том числе кыргызском языкознании, на основании научно-теоретических заключений осуществлены попытки определения места и роли антонима в произведениях Барпы акына.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

ANTONYMS IN WORKS BARPY AKIN

In this article the review of antonym problem in general linguistics, Turkology, including the Kyrgyz linguistics, on the basis of the scientific-theoretical conclusions the definition of place and role of antonym are defined in works of poet Barpy.

Текст научной работы на тему «АНТОНИМЫ В ПРОИЗВЕДЕНИЯХ БАРПЫ АКЫНА»

Филологические науки

УДК 82

АНТОНИМЫ В ПРОИЗВЕДЕНИЯХ БАРПЫ АКЫНА

Т.К. Сыдыкова1

Аннотация

В статье проведен обзор проблемы антонимов в общем языкознании, тюркологии, в том числе кыргызском языкознании, на основании научно-теоретических заключений осуществлены попытки определения места и роли антонима в произведениях Барпы акына.

Ключевые слова

Антоним, противоположные по значению слова, общее языкознание, турецкий язык, кыргызский язык, значение, лексическая единица.

Филологияда жалпы жана жеке деген TYШYHYK бар. Жалпы нерсени изилдее менен биз жеке нерсени аныктай алабыз. Ал эми жеке нерсени изилдее менен жалпы нерсени аныктоого болот. Ушул кез караш менен бул макалабызда биз жалпы эле тил илиминде бири-бирине карама-каршы сездердYH изилденишине назар таштап, анын акындын ыр саптарындагы тилдик керкем каражат катары кызматына анализ жасайбыз.

Тилдик татаал кубулуштардын бири - антонимдер. Деги эле тил илиминде антонимдер, алардын тилдик табияты, колдонулуш MYнезY, TYЗYЛYШY, TYрлерY, лексика-семантикалык, морфологиялык жаралышы, стилистикалык езгечелYKтерY, алардын тилдик башка кубулуштар менен карым-катышы бир топ илимпоздордун кецYЛYH езYне буруп келген. Мына ушунун натыйжасында, XX кылымдардын 50-жылдарынан баштап жалпы тил илиминде карама-каршы сездерге атайын кенYЛ бурулуп, лингвистикалык багыттагы изилдеелер ЖYргYЗYле башталган. Алсак, А.Н. Кононов, Н.В. Комиссаров, А.А. Киреев, Л.А. Булаховский, Л.Ю. Максимов, Г.Н. Лукина, Н.М. Шанский, Л.А. Новиков, И.Б. Голуб, В.М. Морозова, С.И. Никонова, В.А. Иванов, М.К. Давыдов, М.Р. Львов жана А.Н. Тихонов ецДYY окумуштуулар. Булардын арасынан алгачкылардан болуп Л.Ю. Максимов 1958-жылы изилдее ишин ЖYргYЗген. Ошондон баштап орус тил илиминде антонимдер, алардын табияты, TYрлерY, семантикасы, стилистикасы ар тараптан изилдееге алынып, жыйынтыгында бир топ кандидаттар, докторлор пайда болгон, т.а., 1970-жылы Л.А. Вараксин, 1973-жылы Л.А. Новиков, 1974-жылы В.М. Морозова, 1978-жылы Л.А. Матиевская, 1980-жылы Т.С. Морозова, 1987-жылы М.Л. Кусова жана Л.В. Балаконская, 1990-жылы Е.А. Бурская, 1991-жылы А.С. Пардаев, 1992-жылы В.Ю. Козлова, 2001-жылы О.Н. Лыткина, 2011-жылы В.А. Сазанова сыяктуу илимпоздор кандидаттык, докторлук иштерин коргошуп, илимдин кандидаты, илимдин докторлору болушкан.

Жогорудагы аттары аталган окумуштуулардын ичинен В.Н. Комиссаров тил илиминде логикалык жана тилдик кубулуштардын ез ара карым-катышын атайынизилдееге алып, андан антонимдерди ез алдынча тилдик кубулуш экенин жана алардын семантикалык езгечелYKтерYH ачып берYYге аракеттер жасаган, т.а., илимпоз езYHYH илимий изилдеесYHде сездYH лексикалык маанисине MYнездYY белгилерди ачып, андан антоним сездердYH лексикалык маанисин логикалык категориялар аркылуу чечмелеп берген, ошондой эле теменкYДей семантикалык Yч бетенчелYKTY:

гСыдыкова Толгонай Кочконбаевна - кандидат филологических наук, доцент, Кыргызский государственный университет имени Ишеналы Арабаева, Кыргызстан.

1. Карама-каршылык сез маанисинин элементине айланат да, кандайдыр бир конкреттуу контекстке эч бир кез каранды болбой калат, т.а., антонимдер кептик эмес, тилдик кубулушка жатат.

2. Антоним сездер кепте такай, регулярдуу карама-каршы мааниде колдонулушу зарыл, бул антонимдердин бирден бир, милдеттуу TYPдегY шарты болуп саналат, мунсуз сездер антоним боло алышпайт жана антоним болуп сакталып калбайт.

3. Башка сездер менен айкашуу MYMKYHЧYЛYГYHYH бирдейлиги, т.а., антонимдер белгилYY бир топтогу сездер менен гана айкашат да, бирдей лексикалык чейреге ээ болушат (Комиссаров, 1957, 49-58) деп, белYП керсетет.

Жалпы тил илиминде окумуштуу Л.А. Новиков да антонимдерди изилдееге алган. Анын «Антонимия в русском языке» деген аталыштагы монографиясы 1973-жылы жарык керген. Мында автор антонимдерге ар тараптуу, комплекстYY иликтее ЖYргYЗYY керектигин баса белгилеген.

Антонимдер бонча изилдее ишин ЖYргYЗген окумуштуу Н. Голуб. Ал антонимдер туюндурган TYPДYY белгилерди турмуштагы чындыктын карама-каршы керYHYШY (кYH - TYн), карама-каршы коюлушу (бай - кедей), сапаттык MYнезделYШY (жакшы - жаман), мейкиндик жана мезгилдик туюндурулушу (алыс жакын, кечинде - эртен менен), сандык берилиши (кеп - аз) деп далилдеп берген. "Антонимдердин тилде жашашы объективдYY чындыкты кабыл алуу, чагылдыруу MYнезY менен шартталган, каршы кептин же антонимдердин татаалдыгы - карама-каршылыктын KYрешY менен биримдигинде" [Голуб, 1976, 34].

Жыйынтыктап айтканда, бул эмгектерде карама-каршы коюу TYШYHYГYH кароо менен, аны синтагматикалык жана парадигматикалык аспектилерде талдоого алат жана антонимдердин стуруктуралык-семантикалык негизги типтерин аныктап, антонимдерди иликтеенYH багыттарын керсетYП, антонимия теориясын байытууга чон салым кошкон.

Ал эми TYркологияда антонимдерди иликтее иши еткен кылымдын 50-жылдардын аягында, 60-жылдардын башында колго алына баштаган. Бул мезгилдерде антонимдердин лексикалык кубулушу, алардын грамматикалык, логика-грамматикалык, семантика-стилистикалык аспектилери кенири планда атайын илимий изилдеенYH объектиси катары изилдееге алынган. Алсак, Ж. Мусин, Б.О. Исабеков, Р. ШYKYров, Б. Байжанов,А. Нуритдинов, Л.Г. Хабибов, Р.М. Закирова, Л.Б. Молонова, Г.Р. Муташова, З. Хасбулатова, А. Маметов ж.б., б.а., казак окумуштуусу Ж. Мусиндин 1970-жылы "Антонимы в казахском языке"; Р. Шукуровдун 1973-жылы "Лексико-семантическая природа антонимов узбекского языка"; Б.О. Исабековдун 1973-жылы "Лексическая антонимия в современном узбекском языке"; Б. Байжановдун 1985-жылы "Антонимы в туркменском языке"; З. Хасбулатованын 2010-жылы "Антонимы в кумыкском языке" деген эмгектер жана да А. Маметовдун 1979-жылы «Антонимы в крымско-татарском языке» [Советская тюркология, № 1,62-68] аттуу жарык керген макаласын кошууга болот.

Антонимдер боюнча кийинки мезгилдеги иликтеелердYH бири TYркмен окумуштуусу Б. Байжановго таандык. Ал антонимдер боюнча илимий изилдеесYHде: "1) антонимдердин семантикалык негизин бири-бирин шарттоочу, талап кылуучу жана бири-бирин тануучу, жокко чыгаруучу кыйышпас карама-каршылыктар TYзет; 2) антонимдик карым-катышта кеп маанилYY сездер эмес, алардын объективдYY чындыктын бирдей тегине таандык болгон конкреттYY маанилери болушат; 3) сын-сыпатты туюндурган сездер гана эмес, карама-каршы сан-елчемдY, мейкиндик менен убакытты, багытты, кыймыл-аракетти билдирген сездер да ез ара антоним боло алышат" [Байжанов:1985] деген тыянактуу пикирин чыгарган.

Кыргыз тил илиминдеги тарыхый маалыматтарга караганда антонимдер маселесине арналган илимий изилдеелер еткен кылымдын 60-70-жылдарынан башталган. Кыргыз тилиндеги антонимдер маселесин биринчи кетерYП, ага алгачкы чыйыр салган окумуштуу С. Давлетов. Анын 1960-жылы «Антонимдер женYHде» деген чакан макаласы жарык керген. Ал макаласында автор антонимдерди маани жактан карама-каршы сездер катары карайт жана

антонимдер туюндурган нерселердин ортосунда жалпылык бардыгын, дал ушул жалпылык аларды карама-каршы коюуга ебелге TYзeрYH айтат жана дагы бир белгилери катары алардын бирдей сез TYркYMYнe тиешелYY болушун, башка сездер менен айкалышы жагынан бирдей жeндeмдYYЛYKкe ээ экендигин далилдеп, антонимдерди контекстке карата карым-катышына карай нагыз антонимдер жана контексттеги антонимдер деп экиге белет жана антонимдер айтылуучу ойду KYчeтYY, аныктоо максатында керкем адабияттарда кецири колдонуларын айтат [Давлетов: 1960].

Кыргыз тил илиминде антонимдерге байланыштуу илимий изилдее окумуштуу Б. Усубалиевге таандык. Ал 1982-жылы «Антонимы в киргизском языке» деген темадагы кандидаттык диссертациясын коргогон. Ал эми 1987-жылы «Антонимдер жана аларды окутуу» деген монографиясы чыккан.

Профессор Б.Усубалиев ез монографиясында «антоним» термини тар жана кец маанилерде колдонулуп ЖYргeндYГYH, карама-каршы маанидеги сездер деген ете кецири TYШYHYK экендигин, ал нагыз антонимдерди да, контексттик антонимдерди да ез кучагына аларын белгилеп келип, eзYHYH антонимдерди типтерге жиктeeсYH тeмeнкYДeй схема TYPYHдe берген:

Ошондой эле бул эмгегинде автор «карама-каршы мааниде колдонулган» деген аныктама шарттуу турде гана алынгандыгын, ал нагыз антонимдердин eзгeчeлYГYH толук камтый албастыгын жана антонимге аныктама берYYдe нагыз антонимдерге таянуу керектигин айтат [Усубалиев: 1983, 11].

Окумуштуу Б. Усубалиев бул изилдeeсYHдe жалпы эле турк тилдеринде бир уцгулуу антонимдер бар экендигин ынанымдуу далилдеп берген жана кыргыз тилинде мындай антонимдер -сыз, -ыл MYчeлeрY, на-, бей-, контр-коюлмалары аркылуу жасаларын, булар уланган сeздeрдYH кайсыларын нагыз антонимдер катары кароо керектигин, кайсылары контексттик антонимдер катары караларын атайы бeлYП кeрсeтуп, анын себептерин ачып берген.

Ал эми антонимдерди стилистика-поэтикалык ещтте изилдее маселеси илимпоздор Л.А. Матиевскаянын жана В.Ю. Козлованын илимий изилдeeлeрYнe таандык, т.а., Л.А. Матиевскаянын 1978-жылы «Стилистические использования антонимов (на материале произведений М.Ю. Лермонтова)» деген эмгеги, В.Ю. Козлованын 1992-жылы «Антонимия в поэзии И.А. Бунина» деген илимий изилдeeлeрY бар жана булар бул багыттагы илимий изилдеелеге ебелге болуп берет.

Ал эми кыргыз элинин текме акыны Барпы Алыкуловдун ырларындагы антонимдер - биринчиден, тилдик керкем каражат; экинчиден, стилдик жактан аткарган кызматы чоц; YЧYHЧYдeн, кецири колдонулат. Ошондон улам, антонимдер ыр саптарында ыргакты жаратуу менен езгече стилдик ыкмада уюшулат жана мындан ыр саптарында антонимдер eздeрYнe тийешелYY болгон семантика-стилистикалык eзгeчeлYKтeргe ээ боло алышат деп айтсак жацылышпайбыз. Мисалы:

"Жандуу менен жансызга, Алдуу менен алсызга, Ысык менен ызгаарга, Ыраактагы муздарга; Айбан менен адамга, Ар пуркалуу (тYрдYY) заманга; 8лYM менен eмургe, Чындык менен те^нге: Кумдар менен сууларга, Купуя менен чууларга:

Жакшы менен жаманга,

Адал менен арамга:

Карангы менен жарыкка,

Карыбаган тарыхка -

Эне болот улуу жер!

Эне болот сулуу жер!" [Барпы: 1995, I т., "Жер", 29-б.];

"Бирде эмес, жузду айт,

Берекелуу кузду айт" [Барпы: 1995, I т., "Айт, айт десе", 21-б.].

Акындын бул ыр саптары жалан антонимдерден куралган. Мында бири-бири менен ундештукте уюшулган тыбыштык окшоштуктар бар, алар негизинен ундуу, унсуз тыбыштардагы ички кубулуштар аркылуу карама-каршы сездердун ортосунда уюшулду жана андан ыр саптарында уйкаштыкты, ырга тиешелуу ыргакты жаратты. Бул ез учурунда бетенче стилдик ыкмада уюшулуп, дабыш кооздугун, уккулуктуулугун жаратуу менен бирге антонимдердин ыр саптарындагы семантика-стилистикасын керсетуп турат.

Жыйынтыктап айтканда, текме акындын ыр саптарында антонимдердин тилдик каражат катары (бардык турлеру: нагыз, бир унгулуу, контексттик) фонетика-стилистикалык жактан аткарган кызматы чон, кенири, б.а., ойду эмоционалдуу, образдуу, уккулуктуу, керкемдуу кылып берууде кызматы жеткиликтуу денгээлде.

Адабияттар:

1. Барпы: (Чыгармалар: биринчи том) / Б.Апилов - тузген, К.Даутов - жооптуу редактору жана баш сезун жазган. -Б.: Кыргыз Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1995.-29-б.

2. Давлетов С. Антонимдер женунде // Мугалимдер газ. - 1960. - 23-февраль.

3. Исабеков Б.О. Лексическая антонимия в современном узбекском языке: автореф. дис. ... канд. филол. наук. - Ташкент, 1973.- 18-б.

4. Комиссаров В. Н. Проблема определения антонима: О соотнесении логического и языкового в семасиологии // Вопр. языкознания. - 1957.- № 2.- С. 49-58.

5. Кыргыз тилинин антонимдер сездугу / жоопту ред. Б. Усубалиев.- Фрунзе: Илим, 1988.- 236 б.

6. Мусин Ж. Антонимы в казахском языке: автореф. дис.... канд. филол. наук. - Алма-Ата, 1970. - 31 с.

7. Новиков Л. А. Антонимия в русском языке. - М.: Изд-во МГУ, 1973.- 290 с.

8. Усубалиев Б.Ш. Антонимы в киргизском языке: автореф. дис.... канд. филол. наук.- Фрунзе, 1982.- 23 с.

9. Усубалиев, Б. Антонимдер жана аларды окутуу.- Фунзе: Мектеп, 1987.- 144 б.

10. Хасбулатова З.А. Антонимы в кумыкском языке (лексико-грамматический и стилистический аспекты): дис.... канд. филол. наук. - Махачкала, 2010.- 162 с.

© Т.К. Сыдыкова, 2016

UDC 82

ANTONYMS IN WORKS BARPY AKIN

T.K. Sydykova

Abstract. In this article the review of antonym problem in general linguistics, Turkology, including the Kyrgyz linguistics, on the basis of the scientific-theoretical conclusions the definition of place and role of antonym are defined in works of poet Barpy.

Keywords: antonym, opposite word meaning, general linguistics, Turkish language, Kyrgyz language, meaning, lexical unit.

© T.K. Sydykova, 2016

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.