Научная статья на тему 'OLYMPIAD AND COMPETITIVE COMPOSITIONS'

OLYMPIAD AND COMPETITIVE COMPOSITIONS Текст научной статьи по специальности «Науки об образовании»

CC BY
20
3
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Журнал
Ученый XXI века
Область наук
Ключевые слова
ОЛИМПИАДА / КОНКУРС / ТЕКСТ / УЧИТЕЛЬ / ЗНАНИЯ

Аннотация научной статьи по наукам об образовании, автор научной работы — Мурзаев Н.Т.

В данной статье речь идёт об особенностях конкурсных, олимпиадных сочинений учащихся средней школы и их полезных сторонах с точки зрения методики формирования умений и навыков учащихся по письму.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

ОЛИМПИАДНЫЕ И КОНКУРСНЫЕ СОЧИНЕНИЯ

In this article the question is about features competitive, olympiad compositions of students high school and their useful parties from the point of view of methodology of forming of abilities and skills students on a letter.

Текст научной работы на тему «OLYMPIAD AND COMPETITIVE COMPOSITIONS»

УДК 37:371.38:8 (С) К

ОЛИМПИАДАЛЫК ЖАНА КОНКУРСТТУК ДИЛБАЯНДАР

Н.Т. Мурзаев1

Аннотация

Бул макалада конкурстарга жана олимпиадаларга карата окуучуларга берилYYЧY дилбаяндардын взгвчвЛYKтврY жана жазуу кеп ишмердYYЛYГY боюнча окуучулардын билгичтиктери менен квHYMдврYH калыптандыруу методикасы внYTYHвн карагандагы пайдалуу жактары тууралуу свз болот.

ТYйYндYY свздвр: дилбаян, окуучу, мугалим, олимпиада, конкурс, билим, текст.

Дилбаян окуучунун билим децгээлин текшерYYHYH эн ишенимдYY жана натыйжалуу жолу болгондуктан, кийинки мезгилдерде вTYП жаткан ар кандай мелдештерде да дилбаян жаздыруу салтка айланып калды. Окуучулар арасында мектептер аралык мелдештер райондук, областтык, республикалык денгээлде вткврYЛYYДв. Алардын арасында жвнвквй конкурстардан тартып, олимпиадалык мелдештер да бар.

Мектеп ичинде женген дилбаяндын автору райондук мелдешке жолдомо алат, райондон женген областка, андан женгени республикалык олимпиадага катышат. Акыркы женYYЧY республикалык олимпиадада аныкталат. Артыкчылыгы: окуучу ЖОЖго сынаксыз втвт, женYYЧY аталат, баалуу сыйлыктар менен сыйланат, окуткан мугалими да грамотага, дем берYYЧY акчалай сыйлыкка ээ болот. Бул мугалим YЧYH керектYY нерсе эмеспи.

Конкурстук,олимпиадалык дилбаяндар жок жерден алынган жок. Алар тиби, TYPY, жанры, стили боюнча да кадимки дилбаяндардан айырмаланбайт. Алар конкурстардын, олимпиадалардын программасына киргизилгендиктен ушундай аталат. Демек, бул дилбаяндын взгвчв TYPY эмес. Конкурстарга, олимпиадага кирип калгандыгынын негизги себептери:

- окуучунун билимин текшерYYHYH эн натыйжалуу, оной жолу;

- жазуу TYPYHДвГY материал ишеничтYY, сактоого ынгайлуу;

- калыстарга да, окуучуга да, KYЙврманга да кврсвтквнгв женил, ынгайлуу, ишеничтYY.

Ошентип, татыктуу,чыныгы билимдYY, сабаттуу, таланттууу женYYЧYHY тандоого дилбаян гана жардам берет. Ошол жазган дилбаяны аркылуу гана окуучу жогорку турларга катышууга укук алат.

Олимпиадалык дилбаяндар спортчулардай эле катуу даярдыкты талап кылат. Дилбаяндардын конкурстарга, окуучулардын олимпиадасына коюлушун билимдин, акылдын, таланттулардын таймашы десек болот. Дилбаяндын олимпиадалык денгээлге жетишин колдошубуз керек, бул дилбаяндын сабаттуулукка, билимге умтулуубуздагы баскан жолу, жетишкендиги! Ал чыгармачылыкты, эмгекчилдикти, изденYYYHY ойготот, вHYKTYрвт, калыптандырат. Спорт дене KYЧYH чьщаса, дилбаян акыл, талант, билим KYЧYH чынайт. Дилбаянды жаздыруунун мааниси мына ушунда.

Спортто машыктырууучу менен машыгуучунун ортосунда кандай мамиле, биргелешкен даярдануу болсо, мында да мугалим менен окуучунун ортосунда даярдануу учурунда бири-бирин TYШYHYY, ынтымактык, чогуу иштвв болот. Бирок, бир гана баса белгилввЧY терс жагдай - окуучунун жеке чыгармасы эмес, коллективдYY чыгарма болуп калган учуру да квп кездешет.

БакытгYЛ Аман кызы диссертациялык эмгегинде олимпиадалык дилбаяндардын твмвн^двй взгвчвЛYKTврYH белгилеп кврсвтвт:

1Мурзаев Низамидин Токтобекович - учитель кыргызского языка и литературы СШ им.Ленина Чон-Алайского района, соискатель кафедры методики преподавания кыргызского языка и литературы, Ошский государственный университет, Кыргызская Республика.

- мектептеги гана эмес, жалпы аймактагы эц мыкты окуучулар тарабынан жазылгандыгы;

- мугалим менен окуучунун чыгармачылык бирдиктYY аракетинен келип чыккан жумуш экендиги;

- дилбаян окуучулар тарабынан жолдоштук рецензиядан жана автордун eзYHYH рецензиясынан втквндYГY;

- грамматикалык жана стилдик каталары оцдолуп, бышырылгандыгы;

- республикалык билим жарышында ушундай тема келип калса, негизинен дал ушул ойлор жазыла тургандыгы ж.б.

Демек, олимпиадалык дилбаяндар кандайдыр бир даражада башка мектептерге, башка окуучуларга YЛГY кылып таратууга, дилбаяндар жыйнактарына киргизYYгe жарай турган окуучу менен анын мугалим устатынын ишинин жыйынтыгы" [2].

Олимпиадалык дилбаяндар мектептердеги дилбаяндардын сапаттык жагынан eсYШYнe таасирин тийгизип жатат. Бирок, ал канча жолу иштелбесин, мугалим менен, башка окуучулар менен талкууланбасын, мектепте жазган тема райондо, областтык же республикалык олимпиадаларда келсе да, анын мазмуну окуучунун дээринде болушу керек. Ал жерде окуучуга шпаргалка колдонууга тыюу салынат, кошумча адабияттар, тексттер, конспектилерди колдонууга болбойт. Окуучу баары бир башындагысын, дилиндегисин гана жазат, демек, башка вариант чыгат. Ал эми мурдагы жазгандары машыгуу болуп кала берет.

Методист-окумуштуу,педагогика илимдеринин доктору, профессор А.Муратов конкурстук, олимпиадалык дилбаяндар жeнYHдe: "Олимпиадалык дилбаяндар бир топ жолу жазылган болушу MYMKYH, андан соц, мугалим же башка окуучулар тарабынан окулган, редакцияланган, демек ийленип бышырылган",- деп жазат [5, 28].

Ушундай улам-улам машыгуудан окуучу кээ бир текстти жаттап алган учуру болорун практикада жолуктурдук. Райондук олимпиадада бир дилбаянды калыстар абдан жактырып макташты. Ошол автор окуучуну областка жиберилсин деп сунуш кылышты. Мен да окудум: "Текст баа жеткис, бирок ага баа берчY болсоцор жазуучу Сулайман Рысбаев агайыцарга бергиле, а бул дилбаян ал агайдын китебинен кeчYPYЛгeн, бул дилбаян эмес",- дедим. Андагы текст С.Рысбаевдин "Сeз жeнYHдe дастан" деген китебинин [7] "Сeз - ыйык, сeз -керемет" деген этюдунан толук кeчYPYЛYПTYр.Талаш KYчeп, мен китепти YЙдон алдырмак болдум. Далил ошол китеп менен гана болмок. Yй болсо 45 км алыста. Бирок, чындык YЧYH алдырууга туура келди. Китеп келгенче автор-окуучуну сурап кeрeлY дешкенин, сурасак, баягы дилбаянда жазылган текстти YTYP чекитине чейин жат айтып салды, шумдугуц TYш!.. Китеп келгенден кийин салыштырсак, дилбаян менен китептеги текст опокшош, бир YTYP же чекит айырмасы жок. Баарыбыз тац калдык.

Мыкты тексттерди окуучулар да мыкты пайдаланышат. Андыктан адабият мугалими ^п окуган, ^п изденген болсо, баалаган мезгилде ^п уттурбайт. Азыр окуучу интернеттен, башка булактардан алган материалдарды мугалим билбей да калат. Ушул маселеде окумуштуу- методист, профессор С.Рысбаевдин пикирин окуп кeрeлY: "Башка предметтер боюнча окуучунун билимин текшеруу адабиятка караганда жецилирээк кeрYHгeнсYЙт. Себеби адабият боюнча текшерYYДe окуучунун билиминин суммасын гана эмес, адамдын ички ДYЙнeсYH, ыймандык eзгeрYYCYH, жетилYYCYH, рухий маданиятынын eсYП-eнYГYШYH байкап билYY, текшерYY керек болуп ЖYрбeсYH?! Ал колго кармалып, кeзгe кeрYнбeйт эмеспи! Анда кантип? Кагазданбы? СeзYнeнбY? Кагаздын кeлeкeсYHдe, сeздYH далдаасында эмнелер катылып жатты экен?.. Бала ниетинен чегинип CYЙлeп, ЖYрeгYHдeгY чындыкты айттыбы? СeзY менен ЖYPYM-туруму, адамдык турпаты дал келеби?! ... Мугалим менен окуучу кайсы бир ^р^м каарман туурасында ( же чыгарма болсун) сeз кылып же дилбаян жазууда ... eз алдынча ой ЖYГYртe албаса, андан eзYнe жан азыгын, кeрeцгeсYH жыйнабаса, турмушуна от издебесе, андан эч кандай майнап чыкпайт. Кыскасы, дилбаянда баланын ЖYрeгYHдeгY аялуу ою, арман сыры айтылбаса, ал дилбаян эмес" [9, 7].

Жогоруда KYЙYП-бышып айтылган ойлордо эмне деген ачуу чындык жатканын мугалим да,окуучу да туура TYШYHсв сонун болор эле. Адабият сабагынын вазийпасына олимпиадада кандай гана жол менен болсо да женYYЧYHY чыгаруу эмес, чыныгы адамдык сапаттарга ээ болгон коом MYЧвCYH тарбиялоо кирет. Адабият кврквм свздYH KYЧY, кврквм образдардын таасири менен тарбиялайт. Мына ошондуктан конкурстук, олимпиадалык дилбаяндарды мугалим окуучуга жазып берип же чогуу жазышып жатканга чейин жеткирYY туура тарбия берYY эмес, бул жалган ийгиликтердин артынан чуркоо. Плагиат жазмакерди тарбиялап чыгаруу коомго зыяндуу вHYM берYYДвн да жаман, бул адабият мугалиминин милдетине каршы келерин унутпашыбыз керек.

Албетте, кврквм адабияттын, адабият сабагынын, адабият мугалиминин берген таалим-тарбиясы шарт эле олчойгон ийгилик жаратып, спортсмендей рекорд кврсвтв койбойт, ал турсун билинбей да калат. Адабият мугалими дилбаян текшерип гана чектелбейт (Л.С. Айзерман [1, 3] жазгандай, дилбаян текшерYY анын пешенисине жазылган), окуучунун ынанымына, ДYЙнвгв болгон квз карашына тийгизген таасири ^н сайын ГYЛгв суу куюп турган менен барабар.

Адабият мугалими берген тарбия, кврсвтквн жол окуучунун билимин, билгичтигин, квндYMДврYH вHYKTYPYYГв гана таасир берет. Окуучуга чыгармачылык жвHYHДв TYШYHYK берет, шыктандырат, бирок чыгармачылыктын вЗYH эмес. Чыгармачылыктын TYЙШYГYH тартуу окуучунун вЗYHв калат. Бул тууралуу Эл мугалими И.Бекбоев мындай деп жазат: "Чыгармачылык эмгектенYY жвHYHДвГY, аны ишке ашыруу шарттары жана YЙрвTYYHYH ыкмалары жвHYHДв TYШYHДYPYП айтуулар, албетте, чыгармачылык эмгектенYYHYH тажырыйбасын жецилдетет, бирок, анын вЗYH толук вздвштYPYYHY камсыз кыла албайт" [3, 16].

Дилбаян жазууда бул теманы окуучу кандай ачат, ошол анын мойнунда калат деген свз. Мугалим окуучуга бул маселеде ойлонуучу теманы берип,кецешин айтып, анын жазылышына жетекчилик гана кылышы керек. Мындан олимпиадалык жана конкурстук дилбаяндарды мугалим вЗY жазып берип жардам кылбашы керек деген тыянак чыгат.

Ошентип, конкурстук жана олимпиадалык дилбаяндардын туура вHYГYШYH колдойбуз. Анын жакшы жактары:

- дилбаяндын кадырын встYрвт, окуучулардын квнYЛYH чыгармачылык менен иштввгв бурат;

- окуучунун, коомдун жаш MYЧвлврYHYH интеллектуалдык потенциалын жогорулатат;

- кврквм адабиятты окуу тацсыктыкка айланып бараткан мезгилибизде адамзаттын бул улуу байлыгын окууга Yндвйт;

- окуучунун чыгармачылыгын ойготот, вст^рвт, акыл эмгеги менен иштввгв YЙрвтвт;

- окуучунун инсанын калыптандырууга жардам берет;

- программа боюнча вTYЛГвн материалдардын окуучунун эсинде сакталышына вбвлгв TYЗвт, кврквм ой жоруусун встYрвт.

Пайдаланылган адабияттар:

1.Айзерман Л.С.Сочинение о сочинениях. -М.: Педагогика, 1986. -160 с.

2.Аман кызы Бакыт^л. Мектепте адабиятты окутууда жазуу жумуштарын ЖYPГYЗYYHYH илимий-методикалык негиздери: Пед.ил.канд. дисс...автореф. -Б., 2008.-25 б.

3.Бекбоев И.Б. Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери. 3-бас/ -Б.:Бийиктик, 2011. -384 б.

4.Гринина-Земскова А.М. Сочинения в газетных жанрах (8-9 классы). -М., 1997.

5.Муратов А. Дилбаян - чыгармачылык изденYYHYH YЗYPY. -Б.: Аят, 2011.-192 б.

6. Муратов А.Ж. Кыргыз адабиятын окутуу: теориясы жана практикасы. -Б., 2013. 554 б.

7. Рысбаев С. Свз жвHYHДв дастан. -Б., 2012. -160 б.

8. Рысбаев С. Окуучунун дилбаяны. -Б., 2003. -144 б.

9. Рысбаев С. Окуучунун CYЙлee жана жазуу ишмердиги: теориялык-практикалык маселелери, 2-китеп. - Б., 2014. -344 б.

© Н.Т. Мурзаев, 2016

УДК 37:371.38:8 (С) К

ОЛИМПИАДНЫЕ И КОНКУРСНЫЕ СОЧИНЕНИЯ

Н.Т. Мурзаев

Аннотация. В данной статье речь идёт об особенностях конкурсных, олимпиадных сочинений учащихся средней школы и их полезных сторонах с точки зрения методики формирования умений и навыков учащихся по письму.

Ключевые слова: сочинение, учащийся, учитель, олимпиада, конкурс, знания,

текст.

© Н.Т. Мурзаев, 2016

UDC 37:371.38:8 (C) K

OLYMPIAD AND COMPETITIVE COMPOSITIONS

N.T. Murzaev

Abstract. In this article the question is about features competitive, olympiad compositions of students high school and their useful parties from the point of view of methodology of forming of abilities and skills students on a letter.

Keywords: composition, studying, teacher, olympiad, competition, knowledge, text.

© N.T. Murzaev, 2016

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.