Научная статья на тему 'METHODOLOGICAL PROBLEMS OF FORMATION AND DEVELOPMENT OF SCIENTIFIC OUTLOOK OF STUDENTS IN TEACHING PHYSICS'

METHODOLOGICAL PROBLEMS OF FORMATION AND DEVELOPMENT OF SCIENTIFIC OUTLOOK OF STUDENTS IN TEACHING PHYSICS Текст научной статьи по специальности «Биологические науки»

CC BY
37
20
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Журнал
Ученый XXI века
Область наук
Ключевые слова
НАУЧНОЕ ПОНЯТИЕ / НАУЧНОЕ МИРОВОЗЗРЕНИЕ / ЗНАНИЕ

Аннотация научной статьи по биологическим наукам, автор научной работы — Султанкулов Д. И.

Научные обоснование физики отражает реальные объективные истины явления, процесса природы и на этом формирует научные понятия научного мировоззрения учащихся.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

МЕТОДОЛОГИЧЕСКИЕ ЗАДАЧИ ФОРМИРОВАНИЯ И РАЗВИТИЕ НАУЧНОГО МИРОВОЗЗРЕНИЯ УЧАЩИХСЯ В ОБУЧЕНИИ ФИЗИКЕ

Scientific substantiation of physics reflects the real objective truths phenomena and processes of nature at this forms the scientific concepts of scientific outlook of pupils.

Текст научной работы на тему «METHODOLOGICAL PROBLEMS OF FORMATION AND DEVELOPMENT OF SCIENTIFIC OUTLOOK OF STUDENTS IN TEACHING PHYSICS»

Педагогические науки УДК 378

ФИЗИКАНЫ ОКУТУУДА ДYЙН6Г6 БОЛГОН ИЛИМИЙ КвЗ КАРАШТЫ КАЛЫПТАНДЫРУУ ЖАНА 6НYКТYРYYНYН

МЕТОДОЛОГИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕРИ

Д.И. Султанкулов1

Аннотация

Физика илими реалдуу объективдYY чындыкты жана табигый процесстерди чагылдырып окуучуларга илимий TYШYHYKтeрдY калыптандырууда негизги, маанилYY функцияны аткарат.

ТYйYндYY свздвр: илимий TYШYHYK, илимий кез караш, билим.

Орто мектептин физика сабагын окутуу процессинде окуучулардын ДYЙнeгe илимий болгон кез караштарын калыптандыруу жана eнYKTYPYY гуманитардык сабактарга салыштырмалуу кыйла eзгeчeлeнYП турат. Анткени ал eзгeчeлYKтeр биринчи кезекте билимдин ортосундагы карым - катнаштын MYнeзY, билимдин ой ЖYГYртYYгe тийгизген таасиринин натыйжасында реалдуу чындыктын туура чагылдырылышында болуп саналат. Бул жердеги эц башкы себеп болуп, табият илимдери менен дуйтоге илимий кeз караштын eз ара жакын алакасы б.а eз ара бири-бирине тийгизген таасирлери эсептелет. Себеби бул eз ара таасирлерди азыркы мезгилдеги табигый илимдердин жетишкен ийгиликтери катары кароого да болот. Бул eз ара байланыш жeнYHдeгY пикир курч талаш-тартышты да жаратышы MYMKYH. Физиканы окутуу процессинде анын баалуулуктары, социалдык мааниси дайыма эле кeцYЛгe алына бербейт. 9згeчe бул фундаменталдык билимдерге тийешелYY■ Фундаменталдык изилдввлвр YЧYH жогорку баалуулук болуп, илимий чындык, эртецки кун^ адамзат жашоо-турмушуна, ац-сезим, илимий квз караштарына кылган кызматы эсептелет. Айрым педагогикалык изилдeeлeрдe табият илимдерине тийешелуу билимдерди ^з караштын компоненттери катары карашат. Табигый илимдердин, анын ичинде физика реалдуу объективдуу чындыкты жана табигый процесстерди чагылдырып окуучуларга илимий TYШYHYKтeрдY калыптандырууда негизги, маанилуу функцияны аткарат. Илимий билим ДYЙнeгe болгон илимий ^з караштын органикалык бир бeлYГY болгону менен TYЗдeн-TYЗ ал функцияны аткарып жатат деген да эрте. Маселен, Омдун закондорун, ичинен KYЙYYЧY кыймылдаткычтардын ички TYЗYЛYШYH, иштee прициптерин ж.б. билYY-eздeштYPYY eзYHчe бир бeлeк процесс, ал эми ал кубулуш, процесстердин илимий негизин тактап, философиялык мазмунун жалпылап ылайыкташтырып, тeп келиштирмейинче, ал илимий билим ^з карашты калыптандыруу жана eнYKTYPYY фунциясын аткара албайт. Ошентип илимий билим рух маданиятынын туу чокусу катары TYЗдeн-TYЗ эле механикалык жол менен кeз карашты калыптандырбайт. Бул бардык илимий билимдерге, анын ичинде физикага да TYЗдeн-TYЗ тийешеси бар. Билим илимий ^з карашты калыптандыруу жана eнYKTYPYY максатын кeздeгeндe, анын философиялык, педагогикалык мацызы да, унутта калбашы керек б.а сабак илимий кeз карашты алып ЖYPYYЧYЛYK MYнeзгe ээ болгону оц. Ошол зле учурда ал илимийлYYЛYK нугунан четтебеши абзел [4.31]. Анын ошол эле учурдагы маанилYY eзeгY окуучу алган билимин eзYHYH ички ДYЙнeсYнe шайкеш келтирип, турмуш, коомдук процесстер (саясий, социалдык, экономикалык, тарыхый факт, окуялар) менен айкалыштырып, eз алдынча тыянак чыгаруу MYMKYHЧYЛYГYнe эгедер кылуу маанилYY. Илимий билим инсандын кeз карашынын каражаты болуу менен, инсанды айлана-чeйрe менен мамиле TYЗYYгe YЙрeтYY, багыттоо, уюштуруу, ал мамилелердин ички мацызын

1Султанкулов Дуйшоналы Итибаевич - старший преподаватель кафедры менеджмента в образовании, Кыргызская академия образования, Кыргызская Республика.

тушунууге тарбиялоо милдетин аркалашы кажет. Дуйнеге болгон кез караштын мазмунуна кирген илимий билим тузден-туз инсандын турмуштук позициясын калыптандыруу менен, анын чындыкка болгон мамилесинин логикалык сапаттуу негизи болгону абзел [2.34]. Башкача айтканда окуучулар окутуу процессинде алган таалим-тарбиянын тупку натыйжасы, чен-елчему болуп алардын ез алдынча ой жугурте алышы, позитивдуу бутум чыгарышы, дуйнеге болгон илимий кез караштары саналат.

Табият илимдери анын ичинде физика илими да, коом таануу сабактары менен катар дуйнеге кез карашты калыптандыруунун фундаменталдык негизин тузуп, адам тарабынан коомду же кандайдыр бир объектини активдуу езгертууге, енуктурууге салым кошо алат. Ошентип илимий билимге таянган кез караш рух маданиятынын туу чокусу катары адамзат проблемаларын чечуу милдетин ез мойнуна ала алат жана милдеттуу [3.211]. Бул жерде физикадан алган билим жен эле бутун организмдин механикалык компоненти эмес, а тескерисинче ал организмге тийешелуу кандайдыр бир функцияны аткаруучу бир белугу катары кароо туура болот. Себеби, ал организмди кайра иштеп чыгууга, енуктурууге теменку илимдер менен (коом таануу илимдери, философия, адеп-ахлак ац-сезимдик баалуулуктардын системасы, эстетикалык кез караш) карым-катнашта бир бутун организмди тузуп жаратмандык иштерди жасоого катышат. Жыйынтыктап келгенде мектептеги табият илимдери боюнча предметтер окуучулардын дуйнеге болгон кез карашын калыптандыруу жана енуктурууде илимий теория, закондор коомдук ац-сезимдин бардык формалары менен байланышып, бирдикте белгилуу натыйжага жетип жатат. Бул деген илимий билимдердин байланышындагы жацы табылга же кез карашты калыптандыруу жана енуктуруунун езунче бир методологисы же прогрессивдуу жацы ыкмасы деп эсептееге да болот. Биринчи кезекте билим менен негизделип тастыкталган кез караш, коомдо, турмушта жалац эле спецификалаык мазмуну бар жукту моюнуна алып тузден-туз турмушта пайдаланылбаганы менен жашоонун философиясынын негизги суроолорун талдап-баалай ала турган децгээлди да ээлей алат. Маселен, кезеги келгенде рыноктук - экономикалык мамилелер, коомдогу социалдык, саясий-идеологиялык акыбал, укуктук, демократиялык процесстин журушун, мамлекеттин енугуу децгээлин аныктап, таразалап коёт. Ошол эле мезгилде кез караштын езгечелугу, илимий билимге таянган коомдун енугуу багытын, баскан жолу, чыгарган жыйынтыгын илимий негизде тактап, керек болсо тегундеп коюшу да ыктымал [5.48]. Ал окутуу процессиндеги илимий методологиянын ишке ашуу децгээлин керсетет.

Физика, химия, биология илимдеринин изилдеелердегу негизги максаттары болуп теменку фундаменталдык изилдеелер болуп саналат: нано жана маалымат технологиясы, синергетика, кванттык теория, космология, гендик теория жана гендик инженерия ж.б. Ошондой эле илимдин илимий кез карашка таасир берген прикладдык мааниси да езгече зарыл маселе. Маселен социалдык, илимий-техникалык прогресс менен тыгыз байланышкан маселелер; илимий-техникалык революция мезгилинде адамзат алдында пайда кылган позитивдуу глобалдуу проблемалар; демократиянын шартында коомдогу рыноктук мамиленин енугушу, эл аралык саясий, экономикалык, маданий мамилелердин интеграцияланып чыцдалышы, ж.б.

Табият илимдеринин негизги мацызы-мазмуну аркылуу, жаратылыш кубулуштарынын философиясы, чыныгы дуйненун илимий негизи ачылып жатат жана ачылуу жолунда. Мисал катары тируу организмдин пайда болушу, Ааламдагы материянын жашоо формаларынын тугенбестугу, чексиздиги.

Ошентип адамдар дуйне таануу жолунда кунделук ой жугуртууден четтеп, ар кандай кайчы пикирлерге туш болуп, кеп кырдуу карама-каршылыктуу философиялык кез караштардын пайда болушуна жол ачып жатат. Албетте бул философиялык енугуу жацы илимий агымдарды, илимий окууларды пайда кылаары шексиз. Жаштардын илимий кез караштарын калыптандырууда жалац эле илимий техникалык жетишкендиктерди санай бербестен, материянын ез алдынча енугуу чексиздигин, адамдын дуйне таануудагы жана анын дуйнену езгертуудегу мумкунчулугуне кецул буруп

Педагогические науки

белгилее абзел. Бирок терс жактары да аз эмес. Мисалы (кечеги эле 2011 март. Япония) Фукисима жарылуусу. Кецири масштабдагы илимий ачылыштарды, коомдук ац-сезимдеги кыймыл, психологиялык жылыштарды, коомдогу саясий окуя, ( март, 2005 ж., апрель 2010 ж.) революцияларды, социалдык-экономикалык eHYryy жана кризистерди да талдап, тактап, ички езгерYY, пайда болуу себептерин изилдеп, ой ЖYГYртYYгe окутуп тарбиялоодо жатат. Бу проблемалар илимий кез караштын тили боюнча айтканда, али казыла элек "децдер"болуп саналат. Мектепте качан гана табигый илимдер eHYrYYHYH теорияларын жалпылаштыруу максатын кездегенде, философиянын негизги маселеси болгон - ац-сезим менен турмуштун ез ара мамилелери айкалышып, жуурулушканда илимий кез карашты калыптандырууга жана eнYKTYPYYгe каражат боло алат.

Азыркы мезгилдеги табият илимдеринин eзгeчeлYГY молекулалардын, атомдордун, элементардык бeлYKчeлeрдYH ез ара айланып кетиши окуучуларды ДYЙнe биримдиги жeнYHдe TYШYHYKкe, материянын жашоо формаларынын ез ара айлануусу, (жансыз материядан жандууга) анын eнYГYШYHдeгY сапаттык айлануулар адамдын ДYЙнe таанымында бир бYTYH нерсе катары туйууга жол ачаары шексиз. Бул окуучунун ац-сезиминде чоц илимий материалисттик бурулушту алып келээр эле. Табият таануу сабактары жаратылыш кубулуштарын, процесстерди таанып билYY жаатында илимий кез карашты калыптандыруу жана eнYKTYPYY максатын кездеш боюнча жетишерлик кеп мисалдар тапса болот. Маселен eсYMДYKтeрдYH eсYY процессинде, заттардын абалынын классификацияларында, химиялык реакцияларда ж.б. Ар кандай децгээлдеги теория закондордун практикалык колдонулуштары, ошол эле практикалык иштердин пайдалануудагы натыйжасы. Ошол эле убакта адамдардын жасаган ишиндеги жетишкендиктерди, MYЧYЛYШTYKтeрдY да аныктап, баалоого MYMKYHЧYЛYK TYЗYлeт.

Физика илиминин жаратылышты, коомду ар тараптан карап баалоого, адам таанууга чейин, ал эле эмес анын илимий кез карашын калыптандыруу, eнYKTYPYY маселелерин ишке ашырат б.а. адамдын таанып билYY жeндeмдYYЛYГYHYH кеп TYPДYY методуна эгедер кылат [1.53]. Бул илимдин eзгeчeлYГY ушунда. Албетте, бул eзгeчeлYK жалац эле физика илимине эле эмес, бардык табият илимдерине тийешелYY кeрYHYШ, ошондуктан табият илимдери ушул сапаты менен езгечеленет, бааланат.

Список литературы

1. Гуревич П.С. Введение в философию. -М.: Олимп, 1997.

2. Лешкевич Т.Г. Философия науки. - М.: Инфра, 2008.

3. Мамбетакунов Э. Физиканы окутуу теориясы жана практикасы.- Б.: ОСОО "Айат", 2004.

4. Мамбетакунов Э. Табият, билим жана мезгил. - Бишкек, "Университет", 2012

5. Усова А.В. Теория и методика обучения физике: Общие вопросы. - Санкт-Петербург, "Медуза" 2002.

© Д.И. Султанкулов, 2016

UDC378

METHODOLOGICAL PROBLEMS OF FORMATION AND DEVELOPMENT OF SCIENTIFIC OUTLOOK OF STUDENTS IN TEACHING PHYSICS

D.I. Sultankulov

Abstract Scientific substantiation of physics reflects the real objective truths phenomena and processes of nature at this forms the scientific concepts of scientific outlook of pupils.

Keywords: scientific concept, scientific outlook, knowledge.

© D.I. Sultankulov, 2016

УДК 378

МЕТОДОЛОГИЧЕСКИЕ ЗАДАЧИ ФОРМИРОВАНИЯ И РАЗВИТИЕ НАУЧНОГО МИРОВОЗЗРЕНИЯ УЧАЩИХСЯ В ОБУЧЕНИИ ФИЗИКЕ

Д.И. Султанкулов

Аннотация: Научные обоснование физики отражает реальные объективные истины явления, процесса природы и на этом формирует научные понятия научного мировоззрения учащихся.

Ключевые слова: научное понятие, научное мировоззрение, знание.

© Д.И. Султанкулов, 2016

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.