Научная статья на тему 'THOUGHTS ABOUT THE APPEARANCE OF INNOVATIONS IN PEDAGOGY'

THOUGHTS ABOUT THE APPEARANCE OF INNOVATIONS IN PEDAGOGY Текст научной статьи по специальности «Науки об образовании»

CC BY
24
17
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Журнал
Ученый XXI века
Область наук
Ключевые слова
ИННОВАЦИЯ / ГЕНЕЗИС / МОДЕЛЬ / ИНФОРМАЦИОННЫЕ ТЕХНОЛОГИИ / КОМПЬЮТЕРНЫЕ СЕТИ

Аннотация научной статьи по наукам об образовании, автор научной работы — Шаимкулов О.А.

В статье говорится о генезисе инновации в мировой науке и технологии, о ее появлении в различных отраслях. Автор проанализировал понятие инновации в педагогике и акцентирует внимание на разносторонность педагогических инноваций.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

МЫСЛИ О ПОЯВЛЕНИИ ИННОВАЦИИ В ПЕДАГОГИКЕ

The article refers to the genesis of innovation in the world of science and technology, its appearance in the various sectors. The author analyzed the concept of innovation in pedagogy and emphasizes the versatility of pedagogical innovations.

Текст научной работы на тему «THOUGHTS ABOUT THE APPEARANCE OF INNOVATIONS IN PEDAGOGY»

УДК 378

ПЕДАГОГИКАДАГЫ ИННОВАЦИЯНЫН ПАЙДА БОЛУШУ ТУУРАЛУУ ОЙЛОР

О.А. Шаимкулов1

Аннотация

Бул макалада ДYЙнeлYK илимде жана технологияда инновациянын генезиси, анын ар TYPДYY тармактарда пайда болушу тууралуу айтылат. Автор жалпы педагогикадагы инновация TYШYHYГYH талдоого алып, педагогикалык инновациялардын кеп жактуулугуна токтолгон.

TyÜYHdYY свздвр: инновация, генезис, модель, маалыматтык технологиялар, компьютердик TYЙYHдeр, менеджмент.

Инновациянын генезисин карап кергенде ал TYШYHYK азыркы илимий дискуссияларда техно-экономикалык парадигмалардан социалдык маданий парадигмаларга чейин кeтeрYЛYП жетет, Байыркы доордогу, Орто кылымдардагы, б.а., индустриялык коомго чейинки инновациялоонун моделин кeрYYгe болот. XX кылымдын орто ченинен тартып информациялар жана билим eнYГYYHYH стратегиялык ресурсуна айланып, виртуалдашуу жана глобалдашуу ар бир адамга таасирин активдYY тийгизет да, мунун e3Y бYTYHдeй тармактарда инноватикалык мамилелердин жаралышын шарттайт. Ал техникалык-экономикалык TYШYHYK гана болбостон, гуманитардык-социалдык, маданий TYШYHYKкe да айланат.

Инновациялык проблематиканын социалдык-гуманитардык аспектилери XX кылымдын I жарымында социалдык-экономикалык эмгектерде карала баштаган, алсак Г.Тард жацы нерселердин социалдык прогресске таасирин изилдеп чыгат, Н.Д.Кондратьев мына ушул процесстин негиздерин иликтеп келип, экономикалык циклдердин толкун сыяктуу eнYГYШ теориясын илимге киргизет (азыр бул теорияны кыргыз окумуштуусу А.Акаев eнYKTYPYП жатат). Жогорудагы эки теориядан бир аз башкачараак кылып Й.Шумпетер илимий чeйрeгe «инновация» деген терминди киргизип, инновацияны комплекстYY кeрYHYШ катары карайт, б.а, анын фундаменталдык илимий изилдeeнYH эн башталыш этабынан, ал идеянын практикага киргизилишине чейинки процессти атайт.

Андан кийин инновация маселелери Г.Менш, А.Клайхнехт, К.Фримен, Дж.Залтмен, П.Ф.Дракер, Б.Санто, Ла Пьерре, Р.Гремингер, Б.Чакроворти сыяктуу окумуштуулардын эмгектеринде терендетилет. Булар негизинен инновацияны экономикалык тармактан карашып, аны технико-экономикалык парадигма катары TYШYHДYPYП, технологиялык (техникалык жана башкаруучулук) жактан жанылыктардын киргизилиши менен eндYPYШ eрYШ алып, кошумча каражаттарды табуу деп каралган. XX кылымдын аягында бул феномен менеджмент катары TYШYHДYPYЛгeн (Г.А.Краюхин, Л.Ф.Шайбакова,

B.С.Циренщиков, А.А.Мешков, Ю.С.Яковец, Д.Ильенкова, Л.М.Голхберг,

C.Ю.Ягудин, С.В.Ильдеменов, В.П.Воробьев, В.И.Громека, И.Т.Балабанов, А.И.Пригожин ж.б.). Маалыматтык технологиялар жана компьютердик TYЙYHдeр боюнча окумуштуу М.Кастельс eзYнe чейинки техноцентристтик багыттын eкYЛдeрY Д.Белл жана А.Тоффлердин окуусун улантып, инновацияны eндYPYШTY eнYKTYPYYHYH кыймылдаткыч KYЧY катары карайт жана ансыз техникалык революция ишке ашпайт деп эсептейт.

Орусиялык илимпоздор А.С.Ахиезер, А.Г.Фонотов бул феномендин технологиялык, eндYPYШTYK TYШYHYK экендигин айтуу менен ал процесс маданий-гуманисттик багытсыз ишке ашпастыгын белгилейт. Инновациялык

ТШаимкулов Олжобай Акматович - кандидат педагогических наук, и.о. доцента кафедры методики преподавания кыргызского языка и литературы, Ошский государственный университет, Кыргызская Республика.

коом тууралуу В.В.Прокин, В.П.Петрова, В.Л.Семенов, А.Г.Антипьева кызыктуу ойлорун айтышып, бул багытта У.Бек, В.И.Чупров, Ю.А.Зубок, К.Уильямс эмгектерин жазган.

Соцку учурда инновацияны саясый (В.И.Громек, В.И.Буренко, А.Лейпхарт), социалдык (Е.К.Краснухина, В.А.Луков, Б.Ф.Усманов, В.В.Зародин), психологиялык (О.С.Советова), философиялык (Н.Ф.Сайфулин, С.Е.Крючков) багытта изилдеелер менен бирге эле билим беруу тармагында да бир катар маанилуу методологиялык изилдеелер ЖYргYЗYЛДY (З.А.Абасов, А.П.Огурцов, И.М.Ильинский, С.И.Плаксий ж.б.).

Бул Tермин-TYШYHYK агрономияда жана медицинада да кецири колдонулган.

Азыркы биздин доорду, биздин окуучуларыбыздын айлана-чейресYH компьютерсиз, ар кандай микропроцессордук технологияларсыз, мобилдик телефон байланышысыз, спутниктик телевидениесиз, Интернетсиз, андагы электрондук каттарсыз, агентсиз элестетYY MYMKYH эмес. Демек техно инновация Ала-Тоо аймагына масштабдуу TYPДе, ете ыкчам кирип жатат. «Инновация» TYШYHYГY еткен кылымдын 70-80-жылдарында жацылык болгон, лексикондо кецири колдонула баштаган «илимий-техникалык прогресс», «илимий-техникалык чыгармачылык» деген сыяктуу термин-TYШYHYKтердY жарым кылымга жетпей эле CYPYП таштады.

Педагогикадагы инновация TYШYHYГYH чечмелеген айрым эмгектерге токтоло кетели: «Инновации (от англ, innovation - нововведение, новация) - это изменения внутри педагогической системы, улучшающие течение и результаты учебно-воспитательного процесса. Современные истолкования сущности и направленности педагогических инноваций весьма противоречивы. Чаще всего их связывают с разработкой и внедрением новых технологий, методов и средств. Но инновации не сводятся только к ним. Инновации - это рассматриваемые в неразрывном единстве идеи, процессы, средства и результаты совершенствования педагогической системы" [3].

«Инновации - это изменения внутри системы... это и идеи, и процессы, и средства, и результаты, взятые в единстве качественного совершенствования педагогической системы" [6].

«Инновация (от латинского inovatis) - это новинка, новшество, изменение. Инновация обозначает ввод чего-то нового, введение новизны» [8] «жацылыктардын пайда болушу (жаралышы), TYЗYЛYШY (иштелип чыгышы), ездештYPYЛYШY, колдонулушу жана жайылтылышы боюнча болгон комплекстуу ишмердуулук» [2].

«Инновация» деген терминди чечмелееде да бирдиктYY пикир жок. Латынча inovatis деген бул - жацы нерсе, езгерYY деген TYШYHДYрмелер менен бирге эле алар менен чектелип калбайт. Н.Потконяк жазгандай билим берYYДегY орусча «новшество», «модернизация», «оптимизация», «усовершенствование», «развитие» дегендер толук ал терминди камтый албайт, ал «билим берYYHY саздан сууруп чыгуу» дегенди эле билдирет [4]. С.И.Ожеговдун сездугу боюнча «новый» мындай TYШYHYKTY берет: «впервые созданный или сделанный, появившийся или возникший недавно, взамен прежнего, вновь открытый». Андыктан «жацылык» сандыкпы (сан жагынан), же сапаттыкпы деген суроолор да коюлат. Ошол эле кезде «бардык жацылык эскини кайра эске тушуруу» деген да сез бар. «Жацыны жаратабыз деп баарын ойрондоп, кыйратып алуу да мумкун. Инновация - «жацы эмес», «жацыга жол» деген пикирлер да кездешет. Демек, жацылык ар дайым эле инновация маанисине дал келе бербейт, ал тупку натыйжасы менен баалуу.

Инновациялоону батыш окумуштуулары (мисалы А.И.Пригожин) эки типке ажыратат:

1.Радикалдуу жацылануу: принципиалдуу жацы каражаттарды ачуу менен туп тамырынан езгеруу.

2. Модификациялык жацылануу: мурда болгон нерселерди жацы шарттарга ылайык езгертуу.

Ал эми В.А.Хуторский уч тибин керсетет [7].

1.Радикалдык же базалык: принципиалдуу жацы технологиялар, башкаруу методдору.

2.Комбинатордук: элементтердин конструкцияларынын ар кандай байланыш учурларын издеп табуу.

3.Модификациялык: мурда эле колдонулуп келген конструкцияларды, принциптерди, формларды еркундетуу.

Ошентип «Инновация» тушунугу innovation - нововведение, жацылык киргизуу, жацылоо дегенден келип чыгат, бирок ал жацылоо ичтен (in - внутри, ичкериден) болот да, ар кандай эле тармактагы прогрессивдуу езгеруулер менен байланышат. Инновация социалдык-экономикалык, уюштуруучулук-башкаруучулук, техникалык-технологиялык ж.б. багыттар сыяктуу эле педагогикалык багытта да ишке ашырылат.

Педагогикалык инновация билим беруу тармагынан ички мумкунчулугунен ишке ашса енугуунун интенсивдуу жолу катары каралат, эгер башка булактардан (инвестициялардан) пайдаланылып, тармакка жацы каражаттар, технологиялар ж.б. киргизилсе, енугуунун экстенсивдуу жолу болот. Жогорудагы эки жактын карым-катышынан жацылануулар ишке ашырылса «интеграцияланган инновация» журет. Педагогикалык инновация кеп жактуу, алар мисалы:

• педагогикалык идеялар;

• педагогикалык процесстер;

• педагогикалык каражаттар;

• педагогикалык методдор;

• педагогикалык формалар;

• педагогикалык технологиялар;

• педагогикалык программалар ж.б.

Педагогикадагы инновациялык езгеруулердун багыты да ар тараптуу. Алар:

•билим беруу тармагын жацылоо боюнча концепциялар, мамлекеттик жана предметтик стандарттар;

•билим беруунун мазмунун жацылоолор; •окуу-тарбия процессинде жацы технологияларды сунуштоо; •билим беруу мекемелерин башкарууну езгертуу; •болочок мугалимдерди даярдоону жацылоо;

•мугалимдердин адистигин жогорулатуу иштерин башка нукка буруу; •билим беруу учун ал процесстин жацы технологияларынын моделин

тузуу;

•сабактарды жацылоо;

•жацы муундагы окуу программаларын, окуу китептерин, методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу ж.б.

Жогорудагыдай инновациялык процессти дайыма эле ийгиликтуу ишке ашыруу оцой эмес, анын алдында реалдуу барьерлер бар экендигин эске алуу менен В.И.Андреев [1] аларга теменкулерду кошот:

•педагогдордун айрым бир топторунун катып калгандыгы (консерватизми), булардын ичинен тармакты башкарган жетекчилердин консерватизми езгече коркунучтуу;

•салттарды жалган эрчуу, «Бизде ансыз дале сопсонун» тушунугунде

болуу;

•педагогикалык инновацияларды, айрыкча тажрыйба жасоого батыл турган мугалимдерди, тарбиячыларды колдой турган каржы жана кадр ресурстарынын жетишсиздиги;

•конкреттуу билим беруу тармагындагы социалдык-психологиялык шарттардын дурус эместиги [1].

Педагогикалык инновациянын методологиялык негизи окутуу-тарбиялоо процессинде жацылыктарды киргизуу, инновациялык процесстин ойлоо (тузуу), ездештуруу, колдонуу деген уч баскычтан турган билимдердин жана ишмердуулуктердун системасы.

А.В.Хуторский педагогикалык инновацияны типтештирип, он блокко бвЛYП карайт [5].

1.Билим берYY системасынын курамдарынын элементтерине мамиле боюнча: окутуунун жана тарбиялоонун максатын, мазмунун, формасын, методун, технологиясын, каражаттарын жацылоодо, алардын натыйжаларын диагноздоону, текшерYYHY жана баалоону взгвртYYДв ж.б.

2.Билим берYYHYH субъектисинин инсан катары калыптануусуна мамиле боюнча: окуучулардын жана педагогдордун белгилYY бир жвндвмдYYЛYKтврYHYH вHYГYШ жана алардын билим, билгичтик, квндYMДврYHYH, ишмердYYЛYKтврYHYH, компетенттYYЛYKтврYHYH тармагында.

3.Педагогикалык колдонуу тармагында: окуу процессинде, окуу курсунда, билим берYY тармагында, окутуу жана билим берYY системасынын децгээлинде, билим берYY тармагын башкарууда.

4. Педагогикалык процесске катышуучулардын вз ара аракеттенYYЛврYHYH тибинде: жамаатташып окутууда, топтук окутууда, YЙ-бYЛвЛYK окууда, тьютордукта, репетитордукта ж.б.

Б.Функционалдык MYMKYHЧYЛYK боюнча: шарттарды жацылоо (билим берYYЧY чвйрвHY, социалдык-маданий абалды оцдоо); азык болуучу булактарды жацылоо (педагогикалык каражаттар, проекттер, технологиялар ж.б.); башкарууну жацылоо (билим берYY тармагынын структурасын жана башкаруу процедураларын алардын милдеттерине карата взгвртYY).

6. Ишке ашыруунун ыкмалары, жолдору боюнча: пландык, системалуу, мезгил-мезгили менен, стихиялуу, спонтандуу, кокусуна).

7.Таралыш масштабы боюнча: жалгыз педагогдун ишмердYYЛYГYHДв, педагогдордун методикалык бирикмесинде (биримдигинде), бир мектепте, бир нече мектепте, аймакта, федералдык децгээлде, эл аралык децгээлде ж.б.

8. Социалдык-педагогикалык мааниси боюнча: белгилYY бир типтеги билим берYY мекемелеринде, педагогдордун конкреттYY профессионалдык-типологиялык тобунда.

9.Жацычыл иш чаралардын квлвMYHв карай: локалдык, массалык, глобалдык ж.б.

10. Сунушталган жацылануулардын децгээли боюнча: корректирлввЧY, модификациялоочу, модернизациялоочу, радикалдык, революциялык.

Ошентип, инновация TYШYHYГYHYH тарыхый-социологиялык жолун, философиялык мацызын жыйынтыктай келгенде мындай ойлорду айтууга болот:

•инновация илим менен техниканын, ой ЖYГYртYYHYH, жашоонун бардык тармагында кездешет, же адамзат жашоосунда эц эле кецири орун алат;

•инновация ушундай аталыш менен кийин гана XX кылымда атала баштаганына карабай, байыркы учурдан тартып эле ар бир жацылык, ар бир ошол жацылыкка умтулуу процесси, демек, инновация болуп келген.

•инновация бир ордунда катып калган илимди, техниканы, ойду ордунан жылдырууга, прогресске умтулууга кызмат кылат;

•инновация - бул процесс, ал кыймылда, кандайдыр бир мезгил алкагында ишке ашырылат;

•инновация адамзат коомунун алга жылышындагы эц маанилYY кврYHYШ.

Мына ошол жалпы ДYЙнвЛYK процесстеги инновация билим берYY тармагында, анын ичинде кыргыз адабиятын окутууда да кврYHГвндYГYHв вЗYHЧв токтолмокчубуз.

Пайдаланылган адабияттар:

1. Андреев В.И. Педагогика: Учебный курс для творческого саморазвития. - Казань: Центр инновационных технологий, 2000. - С. 433.

2. Бекбоев И.Б. Инсанга багыттап окутуу технологиясынын теориялык жана практикалык маселелери. 2-бас. - Б.: Педагогика века, 2004. - 276 б.

3. Подласый И.П. Педагогика: 100 вопросов - 100 ответов: учеб. пособие для вузов/ И. П. Подласый. -- М.: ВЛАДОС-пресс, 2004. - 365 с.

4. Пригожин А.И. Методы развития организаций. - М.: МЦФЭР, 2003. - 863 с.

5. Хуторской А.В. Педагогическая инноватика: методология, теория, практика: Научное издание. - М.: Изд-во УНЦ ДО, 2005. - 222 c. Интернет ресурс: Хуторской А. В. Современные педагогические инновации на уроке. // Интернет-журнал «Эй-дос». - 2007. - 5 июля. http://www.eidos.ru/journal/2007/0705-4.htm. - В надзаг: Центр дистанционного образования «Эйдос», e-mail: list@eidos.ru

6. Хуторской, А.В. Педагогическая инноватика: учеб. пособие для студ. высш. учеб. завед. [Текст] / А.В. Хуторской. - М.: Академия, 2008. - с. 230 - 231.

7. Хуторской, А.В. Типологии педагогических нововведений [Текст] / А.В. Хуторской // Школьные технологии. - 2005. - № 5. - С. 10-24. с. 23

8. Юсуфбекова Н.Р. Общие основы педагогической инноватики: опыт разработки теории инновационных процессов в образовании. М., 1991. с. 15

© О.А. Шаимкулов, 2016

UDC378

МЫСЛИ О ПОЯВЛЕНИИ ИННОВАЦИИ В ПЕДАГОГИКЕ

О.А. Шаимкулов

Аннотация. В статье говорится о генезисе инновации в мировой науке и технологии, о ее появлении в различных отраслях. Автор проанализировал понятие инновации в педагогике и акцентирует внимание на разносторонность педагогических инноваций.

Ключевые слова: инновация, генезис, модель, информационные технологии, компьютерные сети, менеджмент.

© О.А. Шаимкулов, 2016

UDC378

THOUGHTS ABOUT THE APPEARANCE OF INNOVATIONS IN PEDAGOGY

O.A. Shaimkulov

Abstract. The article refers to the genesis of innovation in the world of science and technology, its appearance in the various sectors. The author analyzed the concept of innovation in pedagogy and emphasizes the versatility of pedagogical innovations.

Keywords: innovation, genesis, model, information technology, computer network management.

© O.A. Shaimkulov, 2016

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.