Научная статья на тему 'КЫРГЫЗ-КЫТАЙ МАМИЛЕЛЕРИНИН АЛКАГЫНДАГЫ ОШ ОБЛУСУНУН КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШЫ'

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ МАМИЛЕЛЕРИНИН АЛКАГЫНДАГЫ ОШ ОБЛУСУНУН КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШЫ Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
13
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
эл аралык мамиле / келишим / экономикалык кызматташтык / эл аралык рынок / соода / жумушчу орундары / инвестиция / international relations / contract / economic cooperation / international market / trade / jobs / investment

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — А.Т. Султанова

Макалада Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы саясаттын алкагында Ош облусунун жана Ош шаарынын эл аралык байланыштарга катышуу укугунун берилиши жана анын натыйжасында Кытай Эл Республикасы менен байланышы, о.э. чет элдик инвестицияны тартуу менен социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган иш аракеттер баяндалат.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Похожие темы научных работ по истории и археологии , автор научной работы — А.Т. Султанова

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

INTERNATIONAL RELATIONS OF THE OSH OBLAST WITH THE PEOPLE'S REPUBLIC OF CHINA IN THE FRAMEWORK OF THE KYRGYZ-CHINESE RELATIONS

The article examines the right of participation of Osh oblast and Osh city in international relations with the People's Republic of China within the framework of the state foreign policy of the Kyrgyz Republic, as well as measures aimed at solving social and economic problems by attracting foreign investment.

Текст научной работы на тему «КЫРГЫЗ-КЫТАЙ МАМИЛЕЛЕРИНИН АЛКАГЫНДАГЫ ОШ ОБЛУСУНУН КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН ЭЛ АРАЛЫК БАЙЛАНЫШЫ»

УДК: 337 (575.2) (581)

Султанова А.Т., т.и.к., ОшМУнун доценти, Кыргызстан Султанова А.Т., к.и.н., доцент ОшГУ, Кыргызстан

Кыргыз-кытай мамилелеринин алкагындагы Ош облусунун Кытай Эл Республикасы менен эл аралык байланышы Международные связи Ошской области с Китайской Народной Республикой в рамках кыргызско-китайских отношений International relations of the Osh oblast with the People's Republic of China in the framework of the Kyrgyz-Chinese relations

Макалада Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы саясаттын алкагында Ош облусунун жана Ош шаарынын эл аралык байланыштарга катышуу укугунун берилиши жана анын натыйжасында Кытай Эл Республикасы менен байланышы, о.э. чет элдик инвестицияны тартуу менен социалдык-экономикалык маселелерди чечYYгв багытталган иш аракеттер баяндалат.

Туйундуу свздвр: эл аралык мамиле, келишим, экономикалык кызматташтык, эл аралык рынок, соода, жумушчу орундары, инвестиция.

В статье рассматривается право участия Ошской области и города Ош в международных отношениях с Китайской народной республикой в рамках государственной внешней политики Кыргызской Республики, также мероприятия направленные в решении социально-экономических проблем путем привлечения иностранной инвестиции.

Ключевые слова: международные отношения, договор, экономическое сотрудничество, международный рынок, торговля, рабочие места, инвестиция.

The article examines the right of participation of Osh oblast and Osh city in international relations with the People's Republic of China within the framework of the state foreign policy of the Kyrgyz Republic, as well as measures aimed at solving social and economic problems by attracting foreign investment.

Keywords: international relations, contract, economic cooperation, international market, trade, jobs, investment.

Эл аралык мамилелер дайыма мамлекеттердин, коомчулуктун, жеке инсандардын турмушунда орчундуу орунду ээлеп келген. Улуттардын пайда болушу, мамлекеттер аралык чек аралардын тYЗYЛYШY, саясий тYЗYЛYштeрдYн калыптанышы, eзгeрYШY, тYPДYY социалдык институттардын болушу, маданияттын, искусствонун, техниканын жана экономиканын eнYГYШY, дипломатиялык байланыштардын, согуштук каршылашуулардын баары эл аралык мамилелердин тYЗYЛYШY менен тыгыз байланышта болгон. БYГYнкY ^нде да, эл аралык мамилелер кеп тYPДYY тармактарды

бириктирип, адамдардын пир туткан максаттарына жана баалуулуктарына таасир берYYчY мааниге ээ. Эл аралык мамилелердин болушу кайсы гана елке болбосун, анын социалдык-экономикалык, маданий, саясий енYГYШYне таасирин тийгизет. Ошондуктан, Кыргызстан эгемендYYЛYкке ээ болгондон баштап эл аралык байланыштар системасына кошулуп, езYHYн тышкы саясатын активдештирген. Анын натыйжасында ыегайлуу деп эсептелген мамлекеттер менен ез ара пайдалуу экономикалык, саясий жана маданий кызматташуу мамилелерин тYЗYп келет.

Кыргызстандын дYЙнелYк майданда ез алдынча эгемендYY мамлекет катары таанылышы бир канча маанилYY маселелерди чечYY аркылуу ишке ашкан. ХХк. аягындагы экономиканын кайра курулушу Кыргызстанда, о.э. бYTYндей СССРдин курамына кирген республикаларда каржылык чейренYн кыйрап, ендYPYштYн темендеп кетишине алып келген. Социалдык-экономикалык маселелер, жумушсуздук, жакырдануу сыяктуу кептеген кыйынчылыктар менен коштолгон [7.94]. Мамлекеттин менчигиндеги мурунку чарбалар кыскарып, менчиктин жаеы тYрлерY пайда болгон. 1992-1999-жж. енер жай ендYPYШY Кыргызстанда 51% кыскарган [6.26]. Ошондуктан чакан жана орто ишканаларды курууга чое кееYЛ бурулган. Чет елкелYк инвестициянын жардамы менен биргелешкен ишканалар TYЗYY, калкты жумуш менен камсыз кылуу аракеттери жасалган. Эткеел мезгилде тез аранын ичинде ушул маселелерди чечYYHYн бир багыты жана натыйжалуу жолу катары эркин экономикалык аймактарын уюштуруу чое мааниге ээ болгон. Республиканын экономикалык саясаты ар бир аймактын мYмкYнчYЛYГYн толук ачууга багытталып, Кыргызстанда жети эркин экономикалык аймактары тYЗYЛген (Нарын, Каракол, Бишкек, Маймак Алай, Чое-Алай, Кара-Кулжа) [7.125]. Экономиканы алдыга CYреп кете турган тармактарга айрыкча кееYЛ бурулган [1.74]. Мындай аракеттер мамлекеттин экономикага кийлигишYYCYнен баш тартуусу, менчиктештирYY, бааларды эркин кое берYY сыяктуу реформалар менен тыгыз айкалыштыкта жYргYЗYЛYШY шарт эле [2.27]. Себеби, дYЙне жYЗYнде эркин экономикалык аймактарды TYЗYY жогоруда белгиленген кейгейлердY чечYYHYн эффективдYY жолу катары каралат. АКШнын езYнде эле 130га жакын эркин экономикалык аймактары тYЗYЛген, ал эми Кытайда 288 аймак жана шаарлар ушундай макамга ээ. Эркин экономикалык аймактар Жапонияда, Улуу Британияда, Францияда, Германияда, Италияда да бар. Алардын TYЗYЛYШYHYH негизги максаты чет элдик капиталды тартуу менен катар алдыекы технологияны YЙренYY, елкенYн экономикасына салым кошуу болуп саналат [1.116]. Ушул таризден алганда, Ош облусуна Кыргызстандын ез алдынча эгемендYY мамлекет катары калыптанышында, эл аралык байланыштардын артыкчылыктуу багыттарынын енYГYШYнде езгече орду белгиленип, эл аралык байланыштарга катышуу укугу берилген. Ош облустук мамлекеттик администрациясынын енер жай жана тышкы экономикалык байланыштар белYMYHYн укуктук абалы кееейтилип, 1991-ж. 15-февралда Тышкы экономикалык байланыштар боюнча комитети болуп кайра тYЗYЛген (мындан ары ТЭБК) (комитеттин коду ОКПО 20231888, менчик формасы - мамлекеттик) [3.31.1]. ТЭБКнын милдеттери аныкталып, тез арада келечектYY иш-пландары облустун экономикалык, табигый, ендYPYштYк, энергетикалык, илимий-техникалык кудуретин натыйжалуу пайдалануу, ишкер чейрелердYн арасындагы кызматташууну кездеген иш чаралары белгиленген. Чет элдик инвестицияларды тартуу менен ишкерлер чейресYнде кызматташууну жандандырып, биргелешкен ишканаларды TYЗYY,

атаандаштыкка туруштук 6epYY4Y продукция eндYPYY, мамлекеттер аралык каржы-енер жай топторун тYЗYYгe катышуу, ошондой эле билим 6ерYY, саякат иши, маданият тармактарында ез ара пайдалуу кызматташуу жана башка кептеген маселелери аныкталган.

Ал эми 2003-ж. 15-апрелде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кееешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан Кыргызстандагы езгече тарыхый, маданий, илимий жана саясий борбор катары Ош шаарынын укуктук негиздерин, ошондой эле жергиликтYY ез алдынча башкаруунун негизинде анын андан аркы каржылык, экономикалык жана социалдык eнYГYШYHYн кепилдиктерин белгилеген мыйзам кабыл алынган. Ушул эле мыйзамдын 18-беренеси шаардын eкYлчYЛYктYY жана аткаруу уюмдары ез укугунун чегинде эл аралык байланыштарды жYзeгe ашыруусуна укуктуу жол ачкан [4]. Мына ушундай мыйзамдык актылардын негизинде Ош облусу жана Ош шаары КРнын тышкы саясатынын алкагында эл аралык байланыштарга активдYY катыша баштаган.

Ош облусу эл аралык байланыштарды TYЗYYHYH алгачкы этабында коешу жайгашкан мамлекеттерден Азиядагы улуу держава эсептелген Кытай Эл Республикасы, анын аймактары менен ар тараптуу байланыштарды тYЗгeн. Мындай кадамдын негизи бар. Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасынын тышкы саясатындагы eзYHYн орду бар eнeктeшY болуп саналат. Алыскы чет eлкeлeрдYн ичинен чек арасы жанаша жайгашкан жападан-жалгыз елке. Кыргыз-кытай мамилелери байыркы доордон башталат (б.з.ч. Шк.). Жаеы жана соеку мезгилдеги мамилелери эки чое мезгилге бeлYнeт. Ар бири орточо жYЗ жылды ичине камтыйт. Бул XV^fe. экинчи жарымынан - Х1Хк. биринчи жарымына чейин жана экинчи мезгили Х1Хк. экинчи жарымынан 1991-ж. чейин. Тарыхчылар белгилегендей биринчи мезгилинде кыргыздардын тышкы саясатта салыштырмалуу ез алдынчалыгы мYнeздeлсe, экинчи мезгилинде Россиянын, Советтер Союзунун тышкы саясатынын алкагында eнYГYп келгендиги белгиленет. Кыргызстан менен Кытайдын тее аталык кызматташтыгы 1991-ж. башталат. КЭР 1991 -жылы 27-декабрда КРнын эгемендYYЛYГYн тааныган [7.242]. 1992-жылы 5-январда эки eлкeнYн ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулган [8.85].

Кытайдын Кыргызстандын тышкы саясатында маанилYY орду бар. 0кмeттeрYбYЗДYн, министрликтерибиздин ортосунда кол коюлган кептеген документтер мунун ачык далили боло алат. Ушулардын ичинен чек ара аймактарындагы ишенимди арттыруу жeнYндeгY Россиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Кытайдын ортосундагы макулдашууга кол коюу коешу мамлекеттердин саясий мамилесиндеги эе маанилYY этабын баштаган. Мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын негизги багыты аймактык коопсуздук болуп саналат. Мунун негизи катары 1996-жылы тYЗYЛгeн «Шанхай бешилтигин», (кийин "ШКУ") саноо керек. Ал эми «Нарын-Торугарт-Кашкар» жана «Ош-Эркечтам-Кашкар» автомобиль жолдорун Кытайдан баштап куруу -кызматташтыктын эе сонун YЛГYCY боло алат. 0лкeлeрдYн ортосунда аба катнашынын ачылышы туризмди, соода-сатыкты eнYктYPYYгe жол ачкан. Маданий-гуманитардык чeйрeдeгY кызматташтык езгече кубандырат. Жаштардын эки елкеден билим алуусуна, тажрыйбаларын арттырууга шарттар тYЗYЛгeн. Окумуштуулардын кызматташуусу жанданып, кыргыз элинин байыркы тарыхы жeнYндeгY маалыматтарды изилдее мYмкYнчYЛYГY пайда болду. Географиялык жактан кошуна

жайгашып, бирок маалыматтарды угуу мYмкYнчYЛYГYнeн ажыраган эки эл, эми атайын телеберYY, радио аркылуу эки элдин турмушун чагылдырган маалыматтардан кабардар боло башташты. Мунун негизинде бири-бирине болгон акыл-ой мYдeeлeрYHYн жакындыгы кeрYHYп, жакшы коешулук мамилелердин болушуна шарттар тYЗYлдY. Бул айтылгандарга тeмeнкYлeр далил боло алат. Кытайдын бир катар провинциялары менен Ош облусунун экономикалык кызматташтык мамилелери 1990-жж. ортосунан башталып, Ош шаарында кыргыз-кытай биргелешкен ишканаларын тYЗYY аракеттерине кeeYл бурулган. Борбордук Кытайдын Шан^и провинциясынын Сан-Ян соода компаниясы (директору Лю Зун Зюн) Ош шаарында Алай мейманканасынын жанында «Ал-Дян» ресторанын ачкан. Кийинки убактарда чакан, орто ишканаларын, соода-сатык иштеринде эки тарапка пайдалуу келишимдерди тYЗYYгe eткeн. Соода-eнeр жай палатасынын eкYлчYЛYГYн ачуу [5.59], маданий багытта кызматташуу жeнYндe CYЙлeшYYлeр жYргYЗYЛгeн. 1997-ж. август-октябрь айларында eз ара сапар алмашуулардын аягында Ош облусу менен Кызыл-Суу-Кыргыз автономиялуу облусу ортосунда экономикалык кызматташтык жeнYндeгY Келишимге кол коюлган [5.165]. Бир ай аралыганда эки тарапта теe eкYЛчYЛYктeрдY ачылып, eз ара пайдалуу кызматташуунун багыттары аныкталган. Натыйжада облустун аймагында 19 биргелешкен кыргыз-кытай ишканалары катталган [5.272].

Мындан сырткары кeргeзмe-жарманкелерди уюштуруу боюнча CYЙлeшYYлeр 1992-ж. эле башталган [5.273]. КРнын 0кмeтYHYн 1994-ж. 7-сентябрындагы №674 Токтомунун 15-беренесинде Ош шаарында туруктуу иштеп туруучу эл аралык кeргeзмe-жарманкени уюштуруу каралган. Бирок, бул Токтомдун ишке ашырылышына 1998-ж. КРнын Президентинин Кытайга болгон иш сапарынан кийин гана мYмкYнчYЛYк жаралаган. Бул eз кезегинде маданий, илимий-техникалык, соода-экономикалык байланыштарын тYЗYYгe жана тYЗ инвестицияларды тартууга жол ачкан. Географиялык жактан ыeгайлуу келип, Улуу Жибек жолундагы мурдатан ээ болгон макамына ылайык туруктуу иштеп туруучу кeргeзмe-жарманке Ошто уюштурулушун Эзбекстан, Казакстан, Тажикстан, ТYркмeнстан, Россия, Кытай, Иран, Пакистан жана Индия мамлекеттери да колдошкон.

1998-ж. 24-28 сентябрь кYндeрY Ошто кытай товарларынын кeргeзмe-жарманкеси ачылган [3.227]. Кытайдын Шандунь, Шанхай жана Тяньцзинь провинцияларынын, Синьцзян Уйгур автономиялуу республикасынын ишкерлери сунушталган товарлар 100дeн ашуун ассортиментти тYЗгeн: автомобиль, кичитегирмен, радиотехника, турмуш-тиричилик техникасы, eнeр жай товарлары, курулуш материалдары, бут кийим, килемдер, сантехника, тамак-аш азыктары ж.б. Кeргeзмe-жарманке 5 кYнгe созулган, соода-экономикалык кызматташуу боюнча багыттоочу кеeешме eткeрYЛYп, натыйжада 2,92 млн. АКШ долл. eлчeмYндe келишимдер тYЗYЛгeн. Кытай тараптан-«Хай-Вань», «Хам И», Кашгар пластмасса жана Синьцзян жарнак компаниялары, кыргыз тараптан-«Келечек» дыйкан чарбасы, «Азия» фирмасы ж.б. болгон [3.378].

КЭРдин Кашгар, YрYмчY шаарлары жана Кызыл-Суу-Кыргыз автономиялуу облусунун ишкерлери менен соода-сатык иштерин жандандыруу максатында чакан заводдорду, цехтерди куруу YЧYн тиешелYY административдик мекемелердин жетекчилери менен дипломатиялык CYЙлeшYYлeр учурда улантылууда. Жыл сайын Ош шаарынын ишкерлери расмий eкYЛдeрдYн курамында Кашгар шаарынын «Шин-Йифа» компаниясы тарабынан уюштурулган жарманкеге облуста eндYPYЛгeн

подукцияларын алып барып катышып турушат. Жарманкелерди уюштуруп eткeрYY ага катышкан елкелер, ишкерлер YЧYн жаеы байланыштарды, жаеы мYмкYнчYЛYктeрдY жаратып, соода-экономикалык байланыштардын эле эмес, илимий-техникалык, маданий байланыштардын eнYГYYCYнe ебелге тYзeт. Бирок, кыргыз-кытай мамилелери ийгиликтYY жYргeндYГY менен, талаптагыдай деегээлге кeтeрYлбeй келет. Узак убакытка чейин пайдалуу соода сальдосу Кытай тарапта болуп жатат [9]. Кыргызстандын экспорту дагы эле чийки зат багытында. Соодалык товар тизмеси ете тар бойдон калууда. Кыргызстандык адистердин ою боюнча Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын темен болушуна министрликтердин, мекеме-ишканалардын, ишкерлердин солгун мамиледе болуусу, ошондой эле укуктук базанын начардыгы болуп саналат.

Кыргыз-кытай мамилелерин чыедоо максатында 2001-2003-жж., 2004-2014-жж. кеп багытты ичине камтыган КомплекстYY иш-чаралардын планы, кызматташтык программасы [5.242] жана андан кийинки жылдардагы бир катар документтер тYЗYЛгeн. Кытай инвесторлору Жалалабад, Баткен облустары менен да иштеше баштаган.

Кытай тараптан "Хуадали" фирмасы Ош шаарында жYргYнчYлeрдY ташуу YЧYн автобустар менен камсыздаса, ОсОО "Шан Чен" заводу чыгарган газ эсептегичтер, о.э. коммуналдык кызматтарга акы телее YЧYн электрондук карточкалар алып келинген. ОсОО "Лин-Ю" Оштогу "ЖБИ-4" ишканасын ижарага алып, жоондугу 628 миллиметрге чейинки арматураларды чыгарган. Аны менен курулуш материалдарына болгон суроо-талапты кантааттандырууга салым кошкон. "АСКЕД" корпорациясы eзYHYн экономикалык ишмердYYЛYГYн жYргYЗYп, 6 ай ичинде 2 млн.265 мие доллар eлeчeмYндe инвестиция тарткан. Ош насос заводунун административдик имаратын жаеылоо менен терт жылдыздуу мейманкананы пайдаланууга берген. О.э. Кара-Суу районунун аймагында эки кыш жасоочу заводдорун курган. "Алдаяр" кeмYP кениндеги изилдее-чалгындоо иштерин жYргYЗгeн [16]. Пластик материалынан эшик-терезе, жумшак эмеректерди жасап, кардарларга сунуштап жатат. Ал эми "Хуасин" компаниясы жYк ташуу кызматын сунуштайт, о.э. курулуш материалдарын eндYPYY багытында да мол тажрыйбасы бар. Кыргызстанда "Таатан" соода комплекстерин Бишкек жана Ош шаарларында тYЗYYгe жетишкен. Муну менен бул компаниялар жергиликтYY калк YЧYн жумушчу орундарын да пайда кылган.

Учурда Ош облусунун КЭРдин Кашгар, YрYмчY, Пекин, Кыргыз-Кызыл-Суу автономиялуу облусу менен жана ири корпорациялары менен тыгыз экономикалык байланыштары бара-бара ое натыйжаларды 6ерYYДe. Булардын катарына Кытайдын Цзилинь провинциясын да кошууга болот. Цзилинь провинциясы Кытайдын борборуна жакын тYндYк-чыгыш тарабында жайгашып, 27 млн. калкы бар [5]. Провинция дан жана буурчак eсYмдYктeрYн eстYPYYДe биринчи орунду ээлеп, eHY^eH аймактардын катарына кирет. Машина куруу, мунайхимия, вагонкуруу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетYY, энергетика, металлургия, курулуш материалдары, электроника, оптика, текстиль енер жайы, медицина, тамак-аш енер жайы ж.б. тармактар боюнча кубаттуу енер жай негизине ээ. О.э. илим-билимдин жана маданияттын борбору да болуп саналат. 45 жогорку окуу жайлары жана кептеген илимий изилдее институттары бар. Учурда провинция 150 елке менен соода-экономикалык байланыштарын тYЗгeн, алардын катарында Ош облусу да бар.

Демек, эгемендYYЛYктYн шарапаты менен облуска чет eлкeлeрдYн ишкер чeйрeсYHYн кызыгуусу кYчeгeндYГYн байкоого болот. 0з товарларын сатууда жаеы рынок катары пайдаланууну кeздeгeн сунуштары менен Ken кайрылышкан. О.э. облустун аймагындагы кен байлыктарды изилдee менен табигый чийки заттарды иштетYYЧY eндYPYш jy3yy жeнYндe да CYЙлeшYYлeр болгон. Ал эми жергиликтYY бийлик eкYлдeрY тарабынан eздeрYHYн укуктук абалынан пайдаланып, e3 ара пайдалуу кызматташтык мамилелерин тYЗYYДe активдYY иш-аракеттер жYргYЗYлгeн. Бирок, бардык эле кызматташтык байланыштарын ойдогудай иш жYЗYнe ашыруу мYмкYнчYЛYГY тYPДYY себептер менен дайым эле боло берген эмес. Ошого карабастан учурда, тYЗYЛгeн келишимдерди e3 ара ьшгайлуу шарттарда жYзeгe ашыруу жолдору изделYYДe.

Адабияттар:

1. Бондарь, Е.А. Зоны свободного предпринимательства как проблема современных отношений (в сопоставлении Кыргызстана и России) [Текст] / Е.А. Бондарь. -Бишкек, КРСУ, 2001. -140с.

2. Койчуев, Т.К. Избранные сочинения в 3 томах.: Политика, экономика, миросвязи Кыргызстана [Текст] / Т.К. Койчуев. - Бишкек, 2007. - 221с.

3. КРнын Ош облустук администрациясынын фонду 1999-ж. [текст]: Ф. 1. иш 4195. 136-б. Постановление облгосдаминитсрации Ошской области №123 от 24.04.1999г. «Об утверждении мероприятий госадминистрации Ошской области по развитию культурных и экономических связей с приграничными районами и областями соседних республик».

4. Ош шаарынын статусу жeнYндe Кыргыз Республикасынын Мыйзамы [Текст]: КРнын Жогорку Кееешинин мыйзам чыгаруу жыйыны.-2003. 15-апр.

5. ОшОМА ТЭБК учурдагы архивдик фонду 2011-ж. [Текст]: ф.43. иш 432. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун тышкы экономикалык байланыштар комитетинин 2011-жылдагы аткарылган жумуштар боюнча маалымат.; Информация о Соглашениях и Меморандумах подписанных между Ошской областью со странами дальнего и ближнего зарубежья.; Информация о Соглашениях, Меморандумах и протокол-намерениях

подписанных между Ошской области КР с регионами КНР;

6. Токтомушев, К. Внешняя политика независимого Кыргызстана [Текст] / К. Токтомушев. - Бишкек, 2001. - 190 с.

7. Чотонов, У. Кыргызстан по пути суверенитета [Текст] / У. Чотонов. - Бишкек, 2007. -384 с.

8. Эшалиев, М.С. Дипломатический протокол Кыргызской Республики [Текст] / М.С. Эшалиев. - Бишкек: Салам, 2004. - 112 с.

9. Экономические проблемы пути развития агропромышленного комплекса и продовольственного рынка в Кыргызстане [Текст] / Центр экономического и социального реформирования при Министерстве финансов Кыргызской Республики. - Бишкек: Илим, 2002. - 13 с.

10. Экономическая ситуация и перспективы развития Ошской области [Текст] / Ош: Издательский Центр ОшГУ, 1998. - 22 с.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.