Научная статья на тему 'КЫРГЫЗ – КЫТАЙ ДИПЛОМАТИЯЛЫК БАЙЛАНЫШТАРЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ ЖАНА ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ: АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ'

КЫРГЫЗ – КЫТАЙ ДИПЛОМАТИЯЛЫК БАЙЛАНЫШТАРЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ ЖАНА ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ: АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
9
1
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
кыргыз / кытай / дипломатия / байланыш / өнүгүү / тарых / келечек / Kyrgyz / China / diplomacy / history / policy / future / development

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — И.Р. Гимазитдинов, А.С. Тухтаматов, С.Т. Мырзаканова

Бул илимий макалада, Кыргыз-кытай дипломатиялык байланыштарынын түзүлүшү, калыптанышы жана өнүгүү тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги тууралуу баяндалат.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Похожие темы научных работ по истории и археологии , автор научной работы — И.Р. Гимазитдинов, А.С. Тухтаматов, С.Т. Мырзаканова

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

ESTABLISHMENT AND HISTORY OF THE DEVELOPMENT OF KYRGYZ-CHINESE DIPLOMATIC RELATIONS: STATE AND PROSPECTS

In this article the author describes the historical establishment of Kyrgyz-Chinese diplomatic relations, their present and future development.

Текст научной работы на тему «КЫРГЫЗ – КЫТАЙ ДИПЛОМАТИЯЛЫК БАЙЛАНЫШТАРЫНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ ЖАНА ӨНҮГҮҮ ТАРЫХЫ: АБАЛЫ ЖАНА КЕЛЕЧЕГИ»

2. Dini Terimler Sozliigu. Ankara, 2008 - 424 6.

3. Акматалиев А. Ахмет Ясеви //Китепте Кыргыз адабияты : тарых жана мезгил. Б.: 2010. - 940 б (98)

4. Гордлевский В. А. Ходжа Ахмет Ясеви // Избранные сочи-нения. - М.: Издательство восточной литературы, 1962. — Т. III. - С. 361-368. - 588 с.

5. Калыгул Акылман: ырлар, акыл насааттар, даректуу баяндар, илимий изилдeeлeр.ТYЗ. С. Мусаев, А. Акматалиев. Б.: 2000.-272 б.

6. Молдо Кылыч. Казалдар. /ТYЗгeн: Сооронов О. — Ф.: Адабият, 1991. -256 б.

7. Намык Кемал Зейбек. Ахмед Ясеви жолу хикметтер. — Ан-кара, 2003.- 323 б. (кыргыз тилинде).

8. Шериев Ж. Байыркы адабият тарыхы. Окуу китеп. Биш-кек, 1996. - 127-229 б.

УДК:94.341.76 (575.2) (510)

Гимазитдинов И.Р., с.т.и.к., ОшМУнун доценти, Кыргызстан Тухтаматов А.С., ОшМУнун окутуучусу,Кыргызстан Мырзаканова С.Т., ОГПИнин окутуучусу, Кыргызстан

Гимазитдинов И.Р., к.п.н., доцент ОшГУ, Кыргызстан Тухтаматов А.С., преподаватель ОшГУ, Кыргызстан Мырзаканова С.Т., преподаватель ОГПИ, Кыргызстан

Кыргыз - кытай дипломатиялык байланыштарынын тузулушу жана енугуу

тарыхы: абалы жана келечеги

Установление и история развития кыргызско-китайских дипломатических отношений: состояние и перспективы

Establishment and history of the development of Kyrgyz-Chinese diplomatic relations:

state and prospects

Бул илимий макалада, Кыргыз-кытай дипломатиялык байланыштарынын тYЗYЛYШY, калыптанышы жана внYгYY тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги тууралуу баяндалат.

Ачкыч свздвр: кыргыз, кытай, дипломатия, байланыш, внYгYY, тарых, келечек.

В данной статье речь идет о формировании, истории развития и современном состоянии кыргызско-китайских дипломатических отношений.

Ключевые слова: кыргыз, кытай, дипломатия, связь, развитие, история, будущее.

In this article the author describes the historical establishment of Kyrgyz-Chinese diplomatic relations, their present and future development.

Key words: Kyrgyzstan, China, diplomacy, history, policy, the Kyrgyz-Chinese diplomatic relation in days of independence of Kyrgyzstan.

БYГYнкY ^ндегу кыргыз-кытай достук-дипломатиялык байланыштары тээ байыркы жана орто кылымдардан башталып, ушул ^нге чейин жетип келгенин жана учурда дагы жогорку децгээлде кызматташтыктар жолго коюлганын тарыхый булактар тастыктоо менен эки элдин ортосундагы жылуу мамиледен билYYге болот десек жацылышпайбыз.

Бул илимий макаланы жазууда биз езгече кыргызстандын тышкы саясатынын тYPДYY аспектилерин изилдешкен ата-мекендик окумуштуулардын монографияларына ке^л бурганга аракеттендик. Алардын ичинен, КРнын тышкы иштер министрлигинин тасыккан дипломаттарынын изилдеелерYнде К.А.Токтомушев [1.47], М.Иманалиев [2.4], А.Джекшенкуловдордун [3.20] Кыргызстандын тышкы саясий ишмердYYЛYктерYHYн актуалдуу маселелери иликтенген.

Кыргызстандын тышкы саясатынын тарыхы боюнча башка эмгектердин ичинен Н.М.Оморов [4.39; 4.40; 4.41; 4.42], К.Айдаркул [5.20], У.Чотонов [6.49; 1.50] монографияларын айтса болот. Аларда КРнын тышкы саясий ишмердYYЛYГYHYн тYPДYY аспекттери, анын ичинде Кыргызстандын Кытай Эл Республикасы менен болгон байланыштары, андан сырткары кыргыз-кытай чек ара маселелерин женге салуу проблемалары иликтенген.

КРнын тышкы саясатынын езYнче проблемалары боюнча доктордук жана кандидаттык диссертациялар тYPYнде жазылган Кааны Айдаркулдун [5.23] жана башка изилдеечYлердYн фундаменталдуу эмгектери бар.

Жогоруда айтылгандардан улам теменде^дей жыйынтык чыгарса болот: ата-мекендик тарыхнаамеде кыргыз-кытай байланыштарынын кээ бир маселелерине гана ке^л бурулуп, YCTYртен гана иликтенген. Кыргыз-кытай мамилелеринин кептеген проблемалары толук тYPде иликтенбей, кептеген мезгилдерге чейин ата-мекендик окумуштуулардын атайын изилдеелерYнде алиге чейин чагылдырылган эмес. Демек, бул проблема жакшы изилдене элек деп тыянак чыгарсак болот.

Бул макалада аталган татаал жана кеп кырдуу проблеманы толук чагылдырууга мYмкYн болбосо дагы, аны комплекстYY тYPде изилдееге аракеттер жасалды.

Аталган изилдеенYн методологиялык базасын изилдеенYн жалпы логикалык жана жалпы илимий методдору, андан сырткары азыркы гуманитардык дисциплиналардын методдору тYзет. Бир эле мезгилде тарыхый жана дисциплиналар аралык методдор (кеп фактордуу тец салмактуулук принциби, компаративдик, цивилизациялык) колдонулду. Проблеманы изилдеедегY негизги методдор катары тарыхыйлуулук принцибин атаса болот. Ал принцип эки тараптуу мамлекеттер аралык байланыштардын тарыхына баа берYYДе колдонулду. Андан сырткары, кеп факторлуу тец салмактуулук методу колдонулду.

Илимий макаланын YCTYнде иштее учурунда хронологиялык-тарыхый мамиле колдонулду.

1991-жылы Кыргызстандын кез карандысыздыгынын жарыяланышы жацы мамлекеттин калыптанышына жана анын тышкы саясий ишмердYYЛYГYн ез алдынча

жургузушуне мумкунчулуктер тузулду.

Кытай менен кызматташтыкты енуктуруу биздин республиканын тышкы саясатынын башкы приоритеттеринин бири болуп эсептелет. Ал жалпы чек аранын болушу, коцшу мамлекеттин эбегейсиз чоц демографиялык жана экономикалык кубаттулугу, андан сырткары, Кытайдын аймактык жана дуйнелук саясатта таасиринин есуп жаткандыгына окшогон факторлор менен шартталат.

Кытай Элдик Республикасы жана Кыргызстан коцшу мамлекеттер болуп саналып 1071 км. чек ара тилкесине ээ. Тарыхий жана географиялык жактан Кыргызстандын жана Кытайдын Батыш белугу (СУАР) бирдиктуу саясий-маданий аймакка киришет, анда бирдей окшош ишенимге жана тилге ээ болгон, тууган элдердин жашашы кубе болот. Мындай окшоштук саясий жана соода-экономикалык байланыштардын енугушуне табигый шарттарды жаратат. Андан сырткары, бул аймак Чыгыш менен Батышты бириктируучу маданий, коммуникациялык жана транспорттук кепуреге айланган.

Бугунку кунде Кытай Элдик Республикасы Кыргызстандын эц ири соода енектешу болуп саналат. Кыргызстандын Кытай менен болгон соода байланыштарынын децгээли КМШнын кептеген республикалары менен соода мамилелеринин децгээлине караганда да кептук кылган.

Биздин елкелердун ортосундагы енектештук мамилелердин приоритеттуу белугу катары саясий мамилелерди айтсак болот. Ал байланыштар эки елкенун достук жана коцшулаш мамилелерди енуктуруунун пайдубалын тузет. Кытай менен Кыргызстандын ортосунда саясий маселелер боюнча эч кандай пикир келишпестиктер жок. Анткени эки елке тец енугуп жаткан мамлекеттердин катарына кирет. Ушунун негизинде биздин мамлекеттер дуйнелук бир катар маселелерди чечууде бирдей же окшош кез караштарга жана позицияларга ээ.

1991-жылдын декабырында Кытай Элдик Республикасы биринчилерден

болуп Кыргызстандын кез карандысыздыгын тааныган. 1992-жылдын 5-6-январында КЭРдин тышкы экономикалык жана тышкы соода министри Ли Ляньнин жетектеген екметтук делегация Кыргызстанга келген. Анда эки маанилуу документке кол коюлуп, кыргыз-кытай ез ара байланыштарынын жацы барактары ачылган. Ли Ляньнин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Т.Койчуманов менен соода экономикалык Келишимге, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри М.Иманалиев Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары Тянь Цзэнпэй эки елкенун ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча коммюникеге кол коюшкан. Бул Коммюникиде Кыргызстан Кытай Элдик Республикасынын екметун Кытайдын жападан жалгыз мыйзамдуу екмету катары тааный тургандыгын жана Тайвань Кытайдын аймагынын ажырагыс белугу болуп эсептеле турганыдыгын тааныган. Ага ылайык КРдин екмету Тайвань менен кандай гана формада болбосун расмий мамилелерди тузбей тургандыгын билдирген. Мына ошентип ез ара мамилелердин алгачкы кунунен баштап эле эки елке бири-бирин урматтоо жана бири-бирине ишенуу принциптерин туу тута тургандыктарын билдиришкен.

Эки республиканын ортосундагы саясий баарлашууну кецейтуу максатында 1993-жылдын августунда КРнын тышкы иштер министри Э.Карабаев КЭРге расмий сапар менен барган. Анда саясий, соода-экономикалык жана маданий багыттарда кызматташууну терецдетуу боюнча маселелер талкууланган.

Бул иш сапардын алкагында Э.Карабаев Кытай мамлекетинин жана екметунун

жетекчилери, ишкер чeйрeлeрдYн eкYлдeрY менен жолугушкан. Анда маданий кызматташтык жана эл аралык унаа каттамы боюнча келишимдерге кол коюлган.

1994-жылдын апрель айында КЭРдин Малекеттик кецешинин премьери Ли Пэн жетектеген Кытай eкмeттYк делегациясынын Кыргыз Республикасына келиши эки тараптуу кызматташуунун андан ары eнYГYШYнe ьщгайлуу шарттарды тYЗгeн.

1998-жылдын февралында Кыргызстандын тышкы иштер министри М.Иманалиев КЭРге расмий сапар менен барган. Бул иш сапардын негизги максаты эки тараптуу байланыштардын алкагындагы баарлашууну улантуу, андан сырткары, соода-экономикалык кызматташтыкты андан ары eнYктYPYY жана тездетYY боюнча бир катар маселелер талкууга алынган. Гуманитардык чeйрeдeгY карым-катнаштарга eзгeчe ^нул бурулган. М.Иманалиевдин КЭРдин Мамлекеттик Кецешинин премьери Ли Пен менен жолугушуу учурунда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу байланыштарынын бYт багыттарын eнYктYPYY зарыл экендигин билдиришкен.

Бизге белгилYY болгондой 1990-жылдары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы саясий кызматташтыктын негизги бeлYГY катары чек ара маселесин жeнгe салуу эсептелинген.

2002-жылдын 24-июнунда Пекинде Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда кол коюлган Ынак коцшулук, достук жана кызматташтык Келишиминде эки eлкeнYн ортосундагы бYт чек ара маселелери толук чечилгендиги тууралуу айтылат, бул чек ара укумдан-тукумга берилYYгe, аны тYбeлYк тынчтык жана достук аймагына айлантуу зарылдыгы баса белгиленген. Чындыгында, биздин eлкeлeрдYн ортосундагы чек ара маселелерин чечYY эки тараптуу кызматташтыктын бYт чeйрeлeрYндe, анын ичинде парламенттик байланыштарды да eнYктYPYYгe оц таасир тийгизет.

Эки eлкeнYн ортосундагы саясий мамилелер азыркы кYндe туруктуу жана жогорку децгээлде eнYГYп жатат деп тыянак чыгарсак болот.

Ал эми, байыркы жана орто кылымдагы кыргыз мамлекетинин тарыхы анын коцшу элдер менен болгон согуштук жана тынчтык мамилелери, мамлекеттин ички жана тышкы абалы жeнYндe маалыматтарды кытай жыл баяндарынан абдан ^п кездештирYYгe болот. Кыргыз-кытай мамилелеринин б.з.ч III к. баштап кытай жазма булактарынан маалымат алабыз. Кыргыз-кытай алакалары VI-VII кк. тартып айрыкча Тан династиясы мезгилинде кYч алган. Кытайда Суй династиясы кулаган соц 618-жылы борборлошкон Тан мамлекетин негиздешкен. 623-жылы кыргыз жергесине Тан императору Тайцзун жeнeткeн Ван Ихун башчылык кылган элчилик «тынчтыкка келYY буйругу» менен келген [7. 240].

Бул буйруктун негизги максаты кыргыздар Тан империясына вассалдык жактан баш иЙYYCYн талап кылган эле. Бирок ошол мезгилде турк кагандыгы Алтайда биротоло бекемделип, кыргыздарды жана карлуктарды кeз карандылыкта кармап турган. Качан гана Тан императорлугу Чеби каганды колго тYШYргeндeн кийин кытайлар менен кыргыздардын мамилелери жацы нукка тYшe баштаган. 647-жылы императордун атайын кабылдоосунда кыргыз каганы Шибо^й Ачжан болгон. Кытай императорунун жазган каттарында да белгилYY анда мындай дейт «Жингуан диндин 21-жылында (биздин сынактын 647-жылы), сиздердин Хакандык мамлекеттин баш кишиси eзY Чананга келип падыша менен кeрYшкeн. Тан Тайзун (Император Тайцзун) ал кишиге сол кол коргоочу сангун, кыргыз тутук мекемесинин тутугу

деген мансабын берген» [8. 14].

724,747 жана 748-жж. кыргыздар кытайлар менен карым-катнаштарын, ез ара мамилелерин уланта беришкен [7. 241, 242 ].

Кытай тарыхый булактарында мындайча маалымматтар жолугат "Мына ошондон тартып Тианбонун соцку жылдарына чейин (биздин сынактын 756-жылы) ар жылы ордого келип падыша менен керушуп туруу жана тартуу берип туруу эч качан узгултукке учурабай турган [8. 14, 15].

Кыргыздар Тан бийлигине эч качан биротоло вассалдык абалда болгон эмес, алар менен белек беруу мамилеси менен гана чектелгендиги байкалат.

Кыргыздардын Борбордук Азиядагы саясий окуяларга кийлигишуусу турк мамлекети кыйрагандан кийин гана башталган. Эми Борбордук Азиядагы бардык окуяларга кыргыздардын кучтуу душманы Уйгур кагандыгы болгон. 751-жылы кыргыздар карлук, огуз, чик уруулары менен биргелешип уйгурларга каршы курешту баштайт. Бирок уйгурлардын кучу чигилдерди, огуздерды талкалап кыргыздарды вассалдык кез карандылыкка мажбурлаган, ушул мезгилден баштап Тан императорлугу менен дээрлик жуз жыл бою дипломатиялык мамилелер болгон эмес.

IX-X кк. тарыхыта "Кыргыздардын улуу державасы" деп аталып кыргыз-кытай дипломатиясынын жаны этабы башталды. Кыргыз каганаты Борбордук Азияда Уйгур каганатынын устемдугун жоготуп аны биротоло талкалап, андан ары согуштук-административдик жана дипломатиялык абалын чындады. Карлуктар жана тибеттиктер менен достук мамилелерин чыцдады. Тан императору менен алакаларын бекемдеп уйгурларга кашы согушкандыгы, император ал аракеттерин колдогондугу женунде да бир бирине жазган каттарда кездешет "Эшитсем быйыл куз айларында уйгурлардын хакандык ордосун кечуруп жиберип, анын турган жерин езуцуз ээлеп иштеткени келип жатыпсыз...а тиги уйгурлар болсо бут эле умуттерун узушет. Ошондой болгондо биз кытай элинин чек арасында да биртке жакындаша тушер эле... Менин жоромолумда, хакан сиз думек салып аларга кирген кезицизде уйгурлар сесуз качып берет"[8. 43, 44]

Ушул жылдарда тагыраак айтканда 843-жылы мартта кыргыз каганынын элчиси Чжуу Хэсу кытай императорунун ордосуна женетулет, ал эми апрель айында кыргызарга кытай элчиси Чжао Фань келет. Ошондуктан император Вуцзун кыргыз каганын Чыгыш Туркстандандагы аракеттеринен алагды кылуу максатында грамоталарды женетуп, каганга Цзун-ин Хюн-ву Чен-мин-хан титулун ыйгарган. Императордун кыргыз каганына жазган каттарында керунгендей кытайлар менен кыргыздардын ортосундагы достук мамилеге таянып уйгурларды езуне каратууну эмес аларды биротоло кырып жок кылууну жолдогон. "Хакан сиз ушул учурду кетирбей, аларды эртерззк жылас кылып салыцыз...Уйгурлар жоюлбаса Хакан сиздин ичкенициз аш эмес. Жоокерлерицизди машыктырып аттарыцызды таптап, эч бир убакытты эндегей кетирбегенициз жен... Кылмыштуу черууну кечирип, сандалып журген башчыларды кабыл алып койсоцуз эч болбойт. Анда бизди жаман керген бузукуларды кабыл алган болосуз. Анда биздин чек арада кагылышуу болот"[8. 30,

Жогоруда айтылган каттарда кытай императору кыргыз каганынан уйгурларды биротоло талкалоону дайма етунуп жазгандыгы женунде маалыматтар кеп учурайт. Кыргыздар уйгурлардын артынан кууп олтуруп Чыгыш Туркстанга чейин кирип келишип Аньси жана Бейтин шаарларын ээлешкен. Бирок бул окуялар Тан

31].

императору менен кыргыз каганынын ортосунда мамилелердин кескин курчушуна алып келген.

"Улуу кыргыз державасын" тYЗгeн каган 847-жылы елет. Император жацы кыргыз каганына Ин-ву Чен-мин титулун ыйгарат. Императордун ар кандай аларды биротоло жоюу боюнча кeрсeтмeлeрYнe карабастан кырыгздар уйгурларды биротоло жок кыла алган эмес. Чыгыш ТYркстанада кыргыздардын кысымынан бошонгон уйгурлар e3 мамлекетин тYзe алган.

XI к. Кыргыз кагандыгы eзYHYн кYч кубатына келип турган мезгилде бYт Борбордук Азия анын кол алдында турган Тан императорлугу eзYHYн тYндYк чек арасынын коопсуздугун коргоо максатында кыргыз кагандыгынын жогорку чиндеги адамдарын ар кандай грамоталар менен сыйлап чек арада бирбирине белек жeнeтYп достук мамилелерин бекемдеген.

IX к. аягында кыргыз кагандыгы eзYHYн согуш аракеттерин Чыгыш ТYркстанга буруп, уйгурларга каршы жацы жортуулдарды уюуштурган жана бир топ шаарларын басып алууга жетишкен. Ушул мезгилде кытай менен болгон алакалары бир аз солгундап калган эле. Х к. баш ченинде тибеттиктер менен союздаш болуп Тан императорлугунунур eз ара келишпестиктерин чечYYгe да катышууга аракет кылган. Кийинчээрэк кыргыздардын борбордук Азиядагы кYч кубаты бошоцдогондон кийин мурдакыдай кытай императорлору менен дипломатиялык алакаларды жYргYзe албай калган. Бул мезгилде Борбордук азияда башка мамлекеттин - кидандардын Ляо мамлекетинин ^ч кубаты жогорулап кeпчYЛYк кeчмeн уруулар алардын курамына кирип кетишкен.

Чындап эле eткeн тарыхыбызда байрыкы мезгилден эгемендYYЛYГYбYЗгe ээ болгон жылдарга чейин кандай гана оор тарыхый процесстерди эки эл тец кечирген десек болот.

XX кылымдын 90-жылдары кыргыз эли eз эгемендигине ээ болгондон ушул ^нге чейинки чейрек кылымдын аралыгында дYЙнeдeгY бир топ мамлекеттер менен достук-дипломатиялык алакаларды тYЗYп, эл аралык саясатта мамлекет катары eзYHYн белгилYY позициясын айтып келет.

Мына ошондой достук-дипломатиялык алакалар коцшу кытай эли менен дагы тYЗYЛYп, бYГYнкY кYндe eзYHYн позитивдYY жагын гана кeрсeтYп келээрин жогоруда белгилеп eny^

Бул теманын айланасында, дагыда кeптeгeн илимий изилдeeлeрдY, долбоорлорду жазууга болот.

Колдонулган адабияттар:

[1]. Токтомушев К.А. Внешняя политика независимого Кыргызстана. -Бишкек, 2001. - С.47.

[2]. Иманалиев М. Центральная Азия в системе совместной безопасности//Центральная Азия и Кавказ. 1999. №3(4). - С.4.

[3]. Джекшенкулов А. Новые независмые государства Центральной Азии в мировом сообeества. - М., 2000. - С.20.

[4]. Оморов Н.М. Международные отношения в эпоху глобального развития. Учебник для вузов. - Бишкек, 2003. - С. 39, 40, 41, 42.

[5]. Каана Айдаркул. Международные отношения кыргызов и Кыргызстана: история и современность. - Бишкек, 2002. - С.20.

[6]. Чотонов У. Кыргызстан по пути суверенитета. Историко-политологических анализ. - Бишкек, 2007. - С. 49, 50.

[7]. Супруненко Г.П. Некоторые источники по древней истории киргизов. //История и культура Китая. - М., 1974. - С. 240, 241, 242.

[8]. Кытай императорлорунун кыргыз кагандарына жазган каттары. - Бишкек, 2003. -С. 14, 15, 30, 31, 43, 44.

ИНТЕГРАЦИЯ ШАРТТАРЫНДА ОЛКОНУН АЗЫК-ТYЛYК КООПСУЗДУГУН АГРАРДЫК СЕКТОР ТАРАБЫНАН КАМСЫЗДОО

ОБЕСПЕЧЕНИЕ АГРАРНЫМ СЕКТОРОМ ПРОДОВОЛЬСТВЕННОЙ БЕЗОПАСНОСТИ СТРАНЫ В УСЛОВИЯХ ИНТЕГРАЦИИ

ENSURING THE FOOD SECURITY OF THE COUNTRY IN THE CONDITIONS OF INTEGRATION BY THE AGRICULTURAL SECTOR

Макалада азык-mYЛYкmYн жетuштYY влчвмдв болушун, yü чарбаларынын тамак-аш азыктарына жетYY мYмкYнчYЛYгYн жана тамак-аш муктаждыктарын канаатандыруу YЧYн зарыл болгон влчвмдв тамак-аш керектввCYн тYШYндYргвн влквнYн азык-тYЛYк коопсуздугун камсыз кылуудагы айыл чарбанын ролу талкууланган.

TYÜYHdYY свздвр: азык-тYЛYк коопсуздугу, айыл чарба, интеграциялык процесстер, жумушсуздук, миграция, импортко квз карандылык, тамак-аш продуктылары, кайра иштетYY ишканалары, айыл чарба продукцияларын вндYPYYЧYлвр, социалдык камсыздоо, жакырчылыкты кыскартуу.

В статье рассмотрена роль сельского хозяйства в обеспечении продовольственной безопасности страны, которая понимается как физическое наличие продуктов питания в достаточном количестве, возможность доступа к указанным продуктам питания со стороны домохозяйств и потребление продуктов питания в количестве, необходимом для обеспечения потребностей в питании.

Ключевые слова: продовольственная безопасность, сельское хозяйство, интеграционные процессы, безработица, миграция, импортозависимость, продукты

Камалов Э.Т., к.э.н., доцент ОшГУ, Кыргызстан

Камалов Э.Т., э.и.к., ОшМУнун доценти,

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.