Научная статья на тему 'КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАНДЫН ЭКИ ТАРАПТУУ МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ЧЕК АРА КӨЙГӨЙЛӨРҮ'

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАНДЫН ЭКИ ТАРАПТУУ МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ЧЕК АРА КӨЙГӨЙЛӨРҮ Текст научной статьи по специальности «Политологические науки»

CC BY
7
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
Борбордук Азия / мамлекет / чек ара / проблема / эл аралык мамилелер / аймактык уюмдар / денонсация / делимитация / демаркация / Central Asia / state / borders / problem / international relations / regional organizations / denunciation / delimitation / demarcation

Аннотация научной статьи по политологическим наукам, автор научной работы — Закирова А.

Макалада Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселелеринин чечилиши иликтөөгө алынган. Кыргыз-өзбек мамлекеттер аралык мамилелердеги чек ара көйгөйүнүн эки тараптуу байланыштарга тийгизген таасири, чек аралардын калыптануу процесси, андагы талаш-тартышты жаратып жаткан жерлер, ал маселени чечүү жолдору каралган.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

BORDER PROBLEMS IN BILATERAL RELATIONS BETWEEN KYRGYZSTAN AND UZBEKISTAN

The article discusses the solution of border-territorial problems between Kyrygzstan and Uzbekistan. It`s influence on bilateral relations is analyzed, and attention is paid to the controversial areas and ways to resolve these issues.

Текст научной работы на тему «КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ӨЗБЕКСТАНДЫН ЭКИ ТАРАПТУУ МАМИЛЕЛЕРИНДЕГИ ЧЕК АРА КӨЙГӨЙЛӨРҮ»

ЧЫГЫШ ТААНУУНУН МАСЕЛЕЛЕРИ

ВОПРОСЫ ВОСТОКОВЕДЕНИЯ ISSUES OF ORIENTAL STUDIES

e-ISSN: 1694-8653

№1/2023,44-51

УДК:

DOI: 10.52754/16948653 2023 1 5

кыргызстан менен 03бекстандын эки тараптуу мамилелериндеги

чек ара кейгейлеру

ПРОБЛЕМЫ ГРАНИЦ В ДВУСТОРОННИХ ОТНОШЕНИЯХ МЕЖДУ КЫРГЫЗСТАНОМ

И УЗБЕКИСТАНОМ

BORDER PROBLEMS IN BILATERAL RELATIONS BETWEEN KYRGYZSTAN AND

UZBEKISTAN

Закирова A.

Закироеа A. Zakirova A.

Илимий кызматкер, Кыргыз республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б. Жамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту

Научный сотрудникИнститута истории археологии и этнологии Национальной академии наука

им. Б. Жамгерчинова Researcher at the Institute of History of Archaeology and Ethnology of the National Academy of Sciences named after B. Zhamgerchinov

кыргызстан менен 03бекстандын эки тараптуу мамилелериндеги

чек ара кейгейлеру

Аннотация

Макалада Кыргызстан менен Эзбекстандын ортосундагы чек ара маселелеринин чечилиши иликтееге алынган. Кыргыз-езбек мамлекеттер аралык мамилелердеги чек ара кейгейунун эки тараптуу байланыштарга тийгизген таасири, чек аралардын калыптануу процесси, андагы талаш-тартышты жаратып жаткан жерлер, ал маселени чечуу жолдору каралган.

Ачкыч свздвр: Борбордук Азия, мамлекет, чек ара, проблема, эл аралык мамилелер, аймактык уюмдар, денонсация, делимитация, демаркация.

ПРОБЛЕМЫ ГРАНИЦ В ДВУСТОРОННИХ ОТНОШЕНИЯХ МЕЖДУ КЫРГЫЗСТАНОМ И УЗБЕКИСТАНОМ

Аннотация

В статье рассматривается урегулирование погранично-территориальных проблем между Кыргызстаном и Узбекистаном. Анализируется их влияние на двусторонние отношения. Особое внимание уделяется спорным участкам и анклавам.

BORDER PROBLEMS IN BILA TERAL RELA TIONS BETWEEN KYRGYZSTANAND UZBEKISTAN

Abstract

The article discusses the solution of border-territorial problems between Kyrygzstan and Uzbekistan. It's influence on bilateral relations is analyzed, and attention is paid to the controversial areas and ways to resolve these issues.

Ключевые слова: Центральная Азия, государство, границы, проблема, международные отношения, региональные организации, денонсация,

делимитация, демаркация.

Keywords: Central Asia, state, borders, problem, international relations, regional organizations, denunciation, delimitation, demarcation.

Киришуу

Белгилуу болгондой Туркстандын территориясы ез кезегинде бир мамлекеттердин курамында болуп, анда жашаган элдердин аныкталган, обочолонгон аймактары болгон эмес. Аймактын калкы бирдиктуу территориалдык бутундукке баш ийишип, ездерунун жашоо ареалдарын сактап келишкен.

Падышалык Россия Борбордук Азияны басып алгандан кийин анын саясий-административдик тузулушунде кескин турде езгеруулер пайда болгон. Мисалы, 1867-ж. убактылуу жобого ылайык, Туркстан облусу, Ташкент району жана 1866-жылы Сыр-Дарыянын оц капталындагы жайгашкан жерлер, Семипалатинск облусунун бир белугу Туркстан генерал-губернаторлугуна каратылып, Сырдарья жана Семиречинск облустарына белунген. 1876-ж. баш ченинде Кокон хандыгынын жоюлушунан улам Самарканд жана Фергана облустары тузулуп, жогоруда айтылган административдик тузулушке кошулган [З.И.Галиева, Э.Э.Молдоев История государства и права Кыргызской Республики. Бишкек, 2011. С.260.].

Бирок иш жузунде жергиликтуу калктын кызыкчылыктарын, алардын социалдык-экономикалык езгочелуктерун эске албай тузулген мындай административдик белуулер ез кезегинде аймактагы абалдын кескин турде курчуп кетишине алып келген.

1924-ж. Туркстандагы совет екмету тарабынан жургузулген улуттук-территориялдык белуу саясаты жергиликтуу калктын мудеелерун, кызыкчылыктарын, езгечелуктерун эске албай туруп ишке ашырылган. Большевиктер аймакты улуттук негизде аймактарга белуу советтик пландаштыруу жана уюштуруу иштерин жецилдетуу максатында ишке ашырылып жаткандагын далилдееге аракеттенишкен. Бирок батыш окумуштуулары бул саясатты Туркстан элинин биримдигин майтаруу, аларды бини-бирине каршы коюуу, жана кылымдар бою бирге, бир мамлекеттин курамында жашап келген мусулман элдин ичинде араздашууну кучетууге багытталгандыгын аныкташкан. Натыйжада, Борбордук Азияда бирдиктуу мусулман, турк тилдуу элдердин мамлекетин тузуу аракеттерине сокку урулган. 1924-ж. улуттук-территориялдык белунуу саясаты Борбордук Азияны белуп-жаруу, турк элдеринин пантуркчулук идеясы алдында биригуусуне каршы багытталган.

Совет бийлиги аталаган аймакты ез алдынча белуп-жаруу саясатынан соц эми анда социалдык-экономикалык, маданий багыттар боюнча максаттуу турде иштелип чыккан пландарды ишке ашырууга киришкен. Ал ез кезегинде улуттук республикалардагы азчылыкты тузген элдердин талаптарын канааттандыруу, аларга камкордук кергезуу, 1917-ж. Октябрь революциясынын ураандары жузеге ашырылып жаткандыгын дацазалоо эле. Большевиктер Борбордук Азияда улуттук езгечелуктерге басым жасап, бирдиктуу билим беруу системасын киргизип, орус маданиятын тацуулап, улуттук ац-сезимди пайда кылып, кечмен жана отурукташкан калктардын ортосундагы маданий езгечелуктерду жоюуга аракеттенишкен [Чотаева Ч. Этнокультурные факторы в истории государственного строительства Кыргызстана. Бишкек, 2005. С.100.]

Азыркы учурда Борбордук Азиянын туруктуулугуна чек ара аймактарындагы суу байлыктарын пайдалануу, мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркациялоо, социалдык-экономикалык кризистердин куч алышы, элдин жакырланышы ж.б. факторлор чоц

коркунуч туудуруп жатат. Советтик мезгилде чечилбей калган чек ара, жер маселелери азыркы кунде да жалпы эле аймактагы коопсуздукка чоц таасирин тийгизууде.

Совет мезгилинде союздук республикаларда, айрыкча Борбордук Азияда, так аныкталган чек ара тилкелери, жерлер конкреттуу турде белунбей, шарттуу мунезге гана ээ болгон. Территориалдык белуу, негизинен, елкенун чарбалык-экономикалык енугуу кызыкчылыктарына ылайык ишке ашырылган. Ал азыркы шартта саясий кризистердин курчушуна, мамлекеттер аралык араздашуулардын, жацжалдардын пайда болушуна жана суу байлыктарына болгон маселелердин кучешун шарттаган.

1990-жж. аймактагы республикалардын коз карандысыздыкка жетиши мурунку тыгыз экономикалык, маданий байланыштардын бузулушуна алып келди жана эми чек аралык кеземелдее иштери кучетулуп, калктын эркин журушу жана товарларды ташуу иштери оорлошо баштаган. Аймактагы мамлекеттердин ездерунун чек араларын жаап салуу, катуу кеземелдее нштери тигил же бул ресиубликадагы саясий, авторитардык режимдердин бекем орноп калышы, чек аралардын такталбагандыгы менен тушундурулет.

Аймакта этностордун конкреттуу жерлерде бир кылка жайгашпоосу, айрым жерлерде так чек аранын жоктугу, суу жана жер байлыктарынын тацкыстыгы, айрыкча, Фергана ереенунде калктын жыш жайгашуусу жана айыл-чарба менен алектенуусу ж.б. бир катар факторлор социалдык-экономикалык абалды курчутуи, саясий кризистерди пайда кылууда.

Башка мамлекеттерден айырмаланып Борбордук Азияда чек ара проблемалары сиецификалык мунезге ээ, ara мисал катары бир катар анклавдардын, ар бир республикада башка этникалык топтордун кеп болуусу жана чарба жургузуу системаларынын бири-биринен кез каранды болуусун атаса болот.

1990-жж. аяк ченине чейин аймактагы республикалардын кепчулугунун чек ара маселелери толук такталбай кала берген жана ал анча курч мунезге ээ болгон эмес. Бирок кырдаал 1999-ж. Ташкенттеги жардыруулардан, Эзбекстандык Ислам Кыймылы (ЭИК) деп аталган кужурмен топтордун кол салууларынан кийин кескин турде езгерген. Натыйжада Эзбекстан езуне коцшулаш мамлекеттер менен чек араларды тактабай туруп эле, айрыкча Фергана ереенунде тосмолорду орнотуп, арык (чуцкурларды) казып, ез алдынча чек араны аныктоого киришкен. Расмий Ташкенттин мындай саясаты ез кезегинде чек ара аймактарында ез алдынча тосмолорду орнотуу менен гана чектелбестен, ал аймактарда аскердик кучтерду кармоосу менен да коштолгон.

Албетте, эл аралык эрежелерди бузуу, мамлекеттердин ез алдынчалыгын урматтабоо жана алардын укуктарын четке кагуу чек ара маселесин чечуу процессии бир топ басацдаткан. Ara кошумча катары чек ара аймактарында мезгил-мезгили менен ок атышуулар, чек арадан мыйзамсыз етуп кетуу фактылары кеп каттала баштаган. Коцшу республиканын мындай саясатынан улам чек ара райондорунда кептеген адамдар окко учуп, мамлекеттер аралык мамилелерге доо кеткен [Карацыз 3].

Кыргыз-езбек мамилелериндеги терс абал Эзбекстанда 2017-жылы бийлик алмашканга чейин сакталып кала берген. Ошол жылдын октябрында эки елкенун мамлекет башчылары чек аранын 1300 км (85%) аралыкты демаркациялоо боюнча келишимге кол коюшкан. Бирок калк жыш жайгашкан, ете чаржайыт аймактар боюнча чек аранын 15%, 200 километри такталбай, карама-каршылыктарды жаратууда. Мында негизги маселе Ош, Жалал-Абад,

Баткен облустарындагы анклавдар жайгашкан 36 жер тилкесин аныктоо иштери курч мунезге ээ болууда.

Эзбекстандын Сох, Шахимардан, Жангайл (Халмион) жана Чоц-Кара-Галча райондору Кыргызстандын ичинде жайгашкандыктан алардын жашоочулары сыртка чыгуу учун биздин чек ара кеземел туйундеру аркылуу етууге мажбур болушат. Аянты 350 квадрат километрди, ал эми калкы 50 мицден ашуун Сох анклавы ез ара карама-каршылыктын булагына айланган [3]. Акыркы учурда Сохтун тургундары менен Кыргызстандын чек араны кеземелдее кызматкерлеринин ортосунда бир катар жацжалдар катталган. Алсак, 2010-жылдын майында Сохто кыргыздар менен езбектердин ортосунда конфликт болуп откен. Натыйжада, Эзбекстан аталган анклавга езунун аскердик кучтерун киргизген (ири аскердик техникалар менен коштолгон). Ал эми 2013-ж. январында да бул аймакта кагылышуу болуп откен. Маселенин баары езбек тараптын ез жерине коридор алуу учун куч колдонуу аракети жана ал учун жергиликтуу элди провокацияга ундеесу себеп болгон. Чек аралар такталбаган Чарбак менен Хушяр кыргыз, езбек айылдары бири-бирине жанаша жайгашкан жана бири-бирине кошулуп кетет. Аталган айылдарды белгилуу бир чекте белуп, так сызыкты жургузуу ете оор маселе болуп саналат.

Жогоруда айтылган кагылышууга Чарбак айылынын чети аркылуу кыргыз тараптын узундугу 2,5 км. электр мамыларын орнотулушу себеп болуп, езбек тургундарынын нааразычылыгын пайда кылган. Бул окуяда Хушярдын жашоочулары мамыларды жыгытып, каршылык кергезушкен Чарбак айылынын 30-40 тургундарын барымтага алышкан ) [3]. Албетте, бул окуялар эки тараптуу мамлекеттик чек аралардын жабылышына, жарандардын ез ара каттамдарына тоскоол жаратып, эки тараптуу мамилелерге доо кетирген. Белгилуу болгондой, Эзбекстанда кеп сандагы кыргыздар жашашат жана алар Кыргызстан менен ез ара тыгыз байланышта. Чек ара кейгейлеру, ез кезегинде алардын да жашоосун татаалдантып, карым-катнашты жургузууге кыйынчылыктарды жаратып келет. Чек ара маселеси жен эле такталбаган жер маселесин женго салуу менен гана чектелбестен, ал ез ара саясий, социалдык-экономикалык, соода, маданий жана этникалык байланыштарга да тузден-туз таасирин тийгизуучу фактор болуп калууда. Анын ийгиликтуу чечилуусунен аймакта жашаган турдуу этникалык топтордун келечеги, ез ара мамилелери кез каранды.

2015-ж. Аравандагы Керкидан суу сактагычтын айланасындагы 400 гектардай жерди Эзбекстан тосуп алганы кабарланган. 2016-ж. баштап Эзбекстан чек араны тактоо иштерин кайрадан уланткан. Эки тараптуу расмий комиссия талаш-тартышты жаратып жаткан 55 жер тилкелерди изилдеп, атайын бутумге кол коюшкан [2].

2017-ж. 12-сентябрында Кыргыз екмету Эш облусунун Араван районундагы 407 гектар жерди коцшулаш Эзбекстан менен алмаштыруу боюнча келишимге кол койгон. Тее-Моюн айыл аймагына караштуу жердин ордуна Эзбекстан Кыргызстанга езунун башка райондорунан жер белуп берууге убада кылган. Эзбекстанга еткен жер Керкидан суу сактагычынын аймагында болгон жана ал стратегиялык мунезге ээ эле. Тарыхый маалыматтарга Караганда Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин 1962-ж. 29-майындагы, 1964-ж. 14-сентябрындагы жана 1970-ж. 14-сентябрындагы токтомдору менен Эш облусунун Араван районунун 1041 гектар жерине Керкидан суу сактагычы курулган, бирок Эзбекстан ara компенсация катары 1041 гектар жерди биздин республикага башка аймактан берууге

тийиш болгон. 1972-ж. Эзбекстан Араван районуна Фергана облусунун Кува районунан 628 гектар жер белуп берген [6].

2017-ж. мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча татаал, узакка созулган суйлешуулердун натыйжасында Эзбекстан калган 413 гектар жерди Кыргызстанга берген (Араван районундагы Полигон тилкесинен (304,3 гектар), Баткен районундагы Кайрак тилкесинен (74 гектар), Аксы районундагы Дерес тилкесинен (35 гектар жер) [10].

Жогоруда айтылгандай чек ара маселесинин чечилбеесу жергиликтуу элдердин жашоо-турмушун оордотуп, карама-каршылыктардын кучешун шарттап турган. Мисалы, 2020-ж. майында Баткен облусунун Сох анклавынын чек арасында Эзбекстандын Чашма жана Кыргызстандын Чечме айылдарынын тургундарынын ортосунда конфликт катталган. Булак суусун талашуудан келии чыккан жацжал акыр аягы таш атышуу, кагылышуу менен аяктап, натыйжада бир нече уйлер ерттенуп, кептеген адамдар жарат алышкан (187 киши езбек тараитан, 25 киши кыргыз тараитан) [7, 8, 12, 13, 14].

Эл аралык эксперттер белгилегендей аймактарга анклав, чек ара маселелерин чечуу жен эле чек араларды тактоо, жер алмашуу процесси менен чектелбеши керек. Анткени аймакта, айрыкча Фергана ереенунде калк жыш жайгашып, социалдык-экономикалык абал оор, андан сырткары жер талаштары этностор аралык мамилелердин курчушуна алып келууде. Мындай кырдаалдан чыгуу учун жерлерди алмашып, элдерди башка жерлерге кечуруу, тосмолорду орнотуу ж.б. иш чаралар аздык кылат. Бул жагдайда аймактагы элдердин достугун, ынтымагын бекемдееге, алардын ез ара мамилелерин, социалдык абалдарын жакшыртууга аракеттенуу зарыл. Аймактагы тузулген кырдаалды эске алып Эзбекстандын президенти Ш. Мирзиеев Сох районунун социалдык-экономикалык кейгейлерун чечуу учун 10 млн. АКШ долл. белуу боюнча атайын жарлыкка кол койгон. Аталган долбоорго ылайык Сох-Риштан жолунун кейгейлеру менен кошо бир катар башка маселелерди чечуу иштери каралган. Андан сырткары 101 млрд. сум елчемундегу каражатка 73 долбоорду ишке ашыруу, 2020-ж. 4500 жацы жумуш орундарын тузуу пландаштырылган [8]. Сох анклавнынын жаштары учун елкенун жогорку окуу жайларына тапшыруу учун 500 орун белунген.

Мамлекеттик децгээлдеги мындай саясат ез кезегинде чек ара аймактарында жашаган элдердин ортосундагы чыцалууларды жецилдетууге, ири жацжалдардын алдын алууга шарт тузет.

2020-ж. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек арада жети, Кыргызстан менен Эзбекстандын чек арасында уч жолу чыр чыккан. 2020- жылдын 5-6-ноябрында Ташкентте эки республиканын тышкы иштер министрлери (А.Х.Камилов менен P.A. Казакбаев) кыргыз-езбек мамлекеттер аралык чек араларды демаркация жана делимитациялоо жараянын тез убакытта аягына чыгаруу маселесин талкууга алышкан [2].

Кыргызстандын мамлекеттик чек араларын тактоо процессине: совет мезгилинде чиеленип, чаржайыт белунуп калган жерлердин кеп болуусу жана экономикалык-чарбалык максатта коцшу республикалардын пайдасына ири жер тилкелеринин етуп кетиши; республикадагы саясий туруксуздуктан улам перманенттуу мунезге ээ болгон тецкеруштердун, бийлик алмашуулардын тез-тез болуп туруусу; узак убакытка созулган социалдык-экономикалык кризис; елкенун аскердик-техникалык жактан начардыгы ж.б.

факторлор терс таасирин тийгизген. Жогоруда айтылгандардын ичинен республикадагы бийликтин тез-тез алмашуусу чек араларды тактоо процессии басацдаткан. Анткени тигил же бул талаш жерлер боюнча жургузулуп жаткан суйлешуулер, атайын тузулген макулдашуулар кийинки бийлик тарабынан колдоого алынган эмес же бийликтегилер саясий турдуу амалдар аркылуу ез пайдаларына жер маселесин чечуу аракеттерин жасашкандыктары эл ичинде айтылып келет. Албетте, мындай тарыхый мааниге ээ болгон маселелерди фактылык материалдардын негизинде изилдеп, белгилуу бир тыянактарды чыгаруу окумуштуулардын алдыдагы ири милдеттердин бири болуп саналат.

Эз кезегинде Фергана ереену бир социалдык-экономикалык белукке кирет жана анда жашаган калктарды турдуу кундумдук экономикалык жана маданий-турмуштук байланыштар бириктирип турат. Кептеген этностор аралаш жашашкан бул аймактагы чек араларды ачык кармоо алардын жашоо шартын камсыз кылуу менен тузден-туз байланышкан. Ошондуктан жалпы эле Борбордук Азия республикалары учун ички чек араларды ачуу эц башкы орундарда турат жана андагы чек ара кеземел туйундеру ез ара каттамдарды кеземелдее, террористтик кучтердун кирип кетуусунен сактоого гана багытталуусу зарыл. Мындай шартта аймакта биргеликте коопсуздук саясатын ишке ашыруу чоц мааниге ээ[4. 112-6.; 12].

Эзбекстанда саясий авторитардык бийлик орноп турган мезгилде чек араларды жабуу, элдердин ортосундагы тарыхый, маданий байланыштарды узгултукке учуратуудан карапайым калк гана жабыр тартты. Мындай абалдын азыркы глобалдашуу шартында, айрыкча бирдей тарыхка, маданиятка, динге, тилге ээ болгон элдерде болуусу акылга сыйбай турган керунуш.

Албетте, чек ара маселелери аймакта жашаган элдердин кызыкчылыктарын эске алуу менен жургузулуусу зарыл. Тигил же бул мамлекеттин куч колдонуу аркылуу чек араларды аныктоо саясаты ез кезегинде ири конфликттерге, кан тегуулерге алып келээри Каказ аймагында болуп жаткан окуялар далилдеп турат. Ошондуктан терец тамыр алган жер маселелерин тынчтык жолу менен, ез ара компромисстин негизинде чечуу аркылуу бутундей Борбордук Азиядагы туруктуулукту жана анда жашаган элдердин коопсуздугун камсыз кылууга жол ачылат.

Колдонулган адабияттар

1. Алманов С.К. Анклавы в Центральной Азии: история вопроса и современные проблемы //Постсоветские исследования. М., 2018. Т. 1. № 5. С. 451-460.

2. "Азаттыктын" архиви: Кыргыз-езбек чек ара суйлешуулерунун тарыхы, 5-сентябрь, 2017-жыл.

3. Дмитриева Е.Л. Постсоветская Центральная Азия: Этнотерриториальные споры и пограничные конфликты (Обзор) // кйр8://суЬег1ептка.ш/аг11с1е/п/р08180уе18кауа-18еп1га1пауа-а21уа-е1п01егг110г1а1пуе-8р0гу-1-р0агап1сЬпуе-к0пШк1у-0Ь20г

4. Койчуев Т. Мировая экономика и постсоветская Центральная Азия. Бишкек, 112-6.

5. Матвеева Анна. Центральная Азия. Стратегический подход к построению мира. Лондон, 2006.

6. Табылды Акеров // «Жацы Ордо». Кыргыздар тажиктерге Каратегин челкемун берип, мамлекет куруп алууга мумкунчулук берген // Кыргызстан сегодня. Пятница, 20 сентября 2019. 15:24.

7. Bishkek Times 6-июнь 2020 г.

8. Uz 6-июнь 2020-жыл.

9. 2020-ж. 29. 08. 2020. kg.akipress.org- https://centrasia.org/newsA.php?st=1598676300

10. kg.kabar.kg > news > ky. Кыргызстан жана Эзбекстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

11. Кулдышева, Г., & Мирзакаримов, Ф. (2023). Пограничная безопасность в системе национальной безопасности Кыргызской Республики. Вестник Ошского государственного университета. Право, 1(1), 86-96. https://doi.org/10.52754/16948661 2022 1 9. EDN: OAILPA.

12. Аликулов, Б.М. Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык мамлекеттин аймагынын укуктук режими / Б. М. Аликулов II Вестник Ошского государственного университета. - 2021. - Vol. 2, No. 3. - P. 272-278. - DOI 10.52754/16947452_2021_2_3_272. - EDN: AXSIXZ.

13. Тобакалов, Ч.Б. Эки тараптуу Кыргыз-Эзбек мамилелерин енуктуруунун негизги багыттары (1991-2000 жж) / Ч. Б. Тобакалов II Вестник Ошского государственного университета. - 2020. - No. 1-3. - P. 112-116. - EDN: JNAWDD.

14. Джоошбекова, З.Р. Коп маданияттуулукка тарбиялоодо кыргыз жана езбек элдеринин каада-салттарынын тийгизген таасирлери / 3. Р. Джоошбекова, К. А. Эргешова, А. Т. Зулушова II Вестник Ошского государственного университета. - 2021. - Vol. 2, No. 4. -P. 138-144.-DOI 10.52754/16947452 2021 2 4 138. - EDN: WLMIPJ.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.