Научная статья на тему 'ЖАШТАРДЫН ИДЕНТТҮҮЛҮК САПАТТАРЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ'

ЖАШТАРДЫН ИДЕНТТҮҮЛҮК САПАТТАРЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
19
2
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
иденттүүлүк / субъект / психология / социология / патриот / мекенчил / этнос / тарыхый мурас / эне -тил / маданият / identity / subject / psychology / sociology / patriot / patriotism / ethnicity / historical heritage / native language / culture

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — Көлбаева Замира Исабаевна

Макалада жаштардын арасындагы иденттүүлүк сапаттарын калыптандыруу, адамдын инсан болуп калыптанышы өзгөчө бир феном иденттүүлүк-адамдын өзүн-өзү коомдук чөйрөдө баа берүүсүн, инсандын иденттүүлүгү ар дайым өзгөрүп, өнүгүп турары, мекенчилдикке тарбиялоо проблемасын элдик педагогикалык маданияттын тарыхы менен ажырагыс биримдикте кароо зарылдыгы, этникалык иденттүүлүктүн калыптанышында тил маанилүүлүгү, мекенчилдик эл тарабынан туруктуу жана узак сакталган руханий кубулуш, кыргыз элинин улуттук мүнөзү Советтер Союзунун курамына киргенде бир өзгөрсө, Союз кулаганда бир өзгөргөндүгү, жалгыз гана жарандык иденттүүлүктүн эмес, мамлекеттик, этникалык жана локалдык ж.б. иденттүүлүктүн калыптануусунда, тил бардык социалдык коомдун болушунда маанилүү болгондой, этностор аралык толеранттуулук феноменинде да маанилүүлүгү, азыркы кыргыз коомунун абалы, бакубаттыгы жаңы тарыхый кырдаалдын негизин түзгөн баалуулуктар жөнүндө маселелери каралды. Инсандык сапаттардын өзгөчөлүктөрү, жаштардын арасындагы улуттук иденттүүлүктү калыптандыруунун негиздери изилденди. Макалада жаштарды патриоттуулукка мекенчилдикке тарбиялоодогу коомдун ролу баса белгиленди.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

ISSUES OF SHAPING THE PERSONAL QUALITIES OF YOUNG PEOPLE

In this article describes the formation of personal qualities in young people, the formation of personality as a special phenomenon of identity the need to consider the self-esteem of the person in the social sphere, the constant change and development of personality, the problems of patriotic education in inseparable unity with the history of folk pedagogical culture, the importance of language in the formation of ethnic identity, the role of patriotic people in the formation of stable and long lasting spiritual phenomenon, the national character of Kyrgyz nation which has been changing pre and post-Soviet period. The questions about the importance of language both in the formation of identity and in the existence of the whole social society, the phenomenon of inter-ethnic tolerance, the state of the modern Kyrgyz society, the values that form the basis of the new historical situation were considered. The features of personal qualities, the bases of formation of national identity among young people have been studied. The article emphasizes the role of society in the patriotic upbringing of young people.

Текст научной работы на тему «ЖАШТАРДЫН ИДЕНТТҮҮЛҮК САПАТТАРЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ТАРЫХ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ИСТОРИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. HISTORY

e-ISSN: 1694-867X

№2(3)/2023, 63-69

УДК: 37.013

DOI: 10.52754/1694867X 2023 2(3) 9

ЖАШТАРДЫН ИДЕНТТYYЛYК САПАТТАРЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ

МАСЕЛЕЛЕРИ

ВОПРОСЫ ФОРМИРОВАНИЯ ЛИЧНОСТНЫХ КАЧЕСТВ МОЛОДЕЖИ ISSUES OF SHAPING THE PERSONAL QUALITIES OF YOUNG PEOPLE

Келбаева Замира Исабаевна

Квлбаева Замира Исабаевна Kolbaeva Zamira Isabaevna

улук окутуучу, Ош мамлекеттик педагогикалык университети

старший преподаватель, Ошский государственный педагогический университет Senior Lecturer, Osh State Pedagogical University aynuska.1988@mail.ru

ЖАШТАРДЫН ИДЕНТТYYЛYК САПАТТАРЫН КАЛЫПТАНДЫРУУ

МАСЕЛЕЛЕРИ

Аннотация

Макалада жаштардын арасындагы иденттуулук сапаттарын калыптандыруу, адамдын инсан болуп калыптанышы езгече бир феном иденттуулук-адамдын езун-езу коомдук чейреде баа беруусун, инсандын иденттуулугу ар дайым езгеруп, енугуп турары, мекенчилдикке тарбиялоо проблемасын элдик педагогикалык маданияттын тарыхы менен ажырагыс биримдикте кароо зарылдыгы, этникалык иденттуулуктун калыптанышында тил маанилуулугу, мекенчилдик эл тарабынан туруктуу жана узак сакталган руханий кубулуш, кыргыз элинин улуттук мунезу Советтер Союзунун курамына киргенде бир езгерсе, Союз кулаганда бир езгергендугу, жалгыз гана жарандык иденттуулуктун эмес, мамлекеттик, этникалык жана локалдык ж.б. иденттуулуктун калыптануусунда, тил бардык социалдык коомдун болушунда маанилуу болгондой, этностор аралык толеранттуулук феноменинде да маанилуулугу, азыркы кыргыз коомунун абалы, бакубаттыгы жацы тарыхый кырдаалдын негизин тузген баалуулуктар женунде маселелери каралды. Инсандык сапаттардын езгечелуктеру, жаштардын арасындагы улуттук иденттуулукту калыптандыруунун негиздери изилденди. Макалада жаштарды патриоттуулукка мекенчилдикке тарбиялоодогу коомдун ролу баса белгиленди.

Ачкыч свздвр: иденттуулук, субъект, психология, социология, патриот, мекенчил, этнос, тарыхый мурас, эне -тил, маданият.

ВОПРОСЫ ФОРМИРОВАНИЯ ЛИЧНОСТНЫХ КАЧЕСТВ МОЛОДЕЖИ

MEDICO-SOCIAL IMPORTANCE OF A HEALTHY LIFESTYLE IN SHAPING THE HEALTH OF STUDENTS

Аннотация

В статье формирование личностных качеств у молодежи, становление личности как особого феномена идентичности-необходимость рассмотрения самооценки человека в социальной сфере, постоянного изменения и развития личности, проблемы патриотического воспитания в неразрывном единстве с историей народной педагогической культуры, важность языка в формировании этнической идентичности, роль патриотического народа в формировании устойчивый и длительно сохраняющийся духовный феномен, национальный характер кыргызского народа, который изменился один раз, когда он стал частью Советского Союза, изменился один раз, когда Союз распался, является результатом не только гражданской идентичности, но и государственной, этнической и локальной и т. д. Были рассмотрены вопросы о важности языка как в формировании идентичности, так и в существовании всего социального общества, в феномене межэтнической толерантности, о состоянии современного кыргызского общества, о ценностях, благополучие которых составляет основу новой исторической ситуации. Изучены особенности личностных качеств, основы формирования национальной идентичности среди молодежи. В статье подчеркнута роль общества в патриотическом воспитании молодежи.

Ключевые слова: идентичность, субъект, психология, социология, патриот, патриотизм, этнос, историческое наследие, родной язык, культура.

Abstract

In this article describes the formation of personal qualities in young people, the formation of personality as a special phenomenon of identity - the need to consider the self-esteem of the person in the social sphere, the constant change and development of personality, the problems of patriotic education in inseparable unity with the history of folk pedagogical culture, the importance of language in the formation of ethnic identity, the role of patriotic people in the formation of stable and long lasting spiritual phenomenon, the national character of Kyrgyz nation which has been changing pre and post-Soviet period. The questions about the importance of language both in the formation of identity and in the existence of the whole social society, the phenomenon of inter-ethnic tolerance, the state of the modern Kyrgyz society, the values that form the basis of the new historical situation were considered. The features of personal qualities, the bases of formation of national identity among young people have been studied. The article emphasizes the role of society in the patriotic upbringing of young people.

Keywords: identity, subject, psychology, sociology, patriot, patriotism, ethnicity, historical heritage, native language, culture.

Киришуу

Адамдын инсан болуп калыптанышы езгече бир феномен катары эсептесек болот. Инсандын калыптанышынын эц негизги шарты болуп коомдук мамиле саналат. Коомдук мамилеге жараша инсандын езгечYЛYктерY калыптанат. Инсандын иденттYYЛYГY кандай болот? - деген суроого жооп берYYДен мурда «иденттYYЛYк», деген терминге аныктама берип алсак:

ИденттYYЛYк-индивиддерди жана топторду салыштырмалуу туруктуу, «езYне-езY окшош» субъекттер катары сыпаттоо YЧYн колдонулган коомдук жана гуманитардык илимдердин категориясы (психология, социалдык философия, маданий антропология, социалдык психология ж.б.) (Идентичность и конфликт, 1997).

ИденттYYЛYк-адамдын езYн-езY коомдук чейреде баа берYYCYн жана орношкон жайын камтыйт. Адамдын башкалар менен мамилелеринин жана дYЙне кез карашынын топтомун тYзет. Башкалар менен мамиле дегенде, адамдар ортосунда да, адамдар кирген топтор ортосундагы мамиледе езYн башкача керсетYY же окшош кылуу багытында калыптандырат. Ушуга жараша инсандын иденттYYЛYГY анын сапаттарын камтыйт. Адамдын езY менен байланыштуу субьективдYY пикири, башкача айтканда, езY женYнде пикиринин топтому иденттYYЛYГYн тYзет (Подкорытова, 2022, 96 б).

Инсандын иденттYYЛYГY ар дайым езгерYп, енYГYп турат. ИдентYYЛYктYн мазмуну адам мYче болгон тайпанын мазмунуна, езгечелYГYне жараша калыптанат, езгерет жана енYгет. Инсандын иденттYYЛYГY инсан кандай жол менен тайпага «сицишип кетерин, ага езYHYн тиешелYY экендигин кантип андап билерин, башка сез менен айтканда, тайпа менен иденттелишин тагыраак билYYCY болуп саналат. Инсандын иденттYYЛYк маселеси -социологиядагы, психологиядагы жана социалдык психологиядагы эц езектYY маселе.

ИденттYYЛYк маселесин алгач кетергендердYн бири болуп У.Джемс саналат, ал эц биринчи жолу инсандын езYHYн езYне окшоштугун акыл калчап билYYCY инсандык жана социалдык - эки ецутте жYрерYн айткан. Эгерде инсандык иденттYYЛYк езYн-езY физикалык (дене бой), интеллекттик жана адептик сапаттар менен аныктоо болсо, социалдык иденттYYЛYк - белгилуу социалдык тайпага кошулуунун терминдери менен езYн социалдык топко тиешелYYЛYГYн аныктоо, б. а. адамдын социалдык "Мени" (Анализ одной стратегий, 2000).

ИденттYYЛYк маселесин изилдееде Э.Эриксондун эмгеги ете чоц. Э.Эриксон иденттYYЛYктYн калыптанышы адамдын бYт емYPYн коштоп жYре тургандыгын керсеткен. Азыркы енYккен технологиянын заманында езгече жаштарыбыздын иденттYYЛYк сапаттарын калыптандыруу учурдун талабы болуп эсептелет. Бул сапаттарды калыптандырууда эмнеге кецYЛ бурушубуз зарыл деген суроо туулат. Жаштарды езгече патриоттукка мекенчилдикке тарбиялоо учурдун негизги маселелеринин бири болуп эсептелет.

"Патриот бул ата мекенин CYЙген, ез элине берилген, туулган жеринин кызыкчылыктары YЧYн курмандыкка барууга жана эрдик жасоого даяр турган адам" (Лихачев, 1978, 24 б.).

Жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо тутумун еркYндетYYДегY эц маанилYY маселелердин бири. Бул феномендин маани-мацызын тактап тYШYHYY YЧYн "мекенчил" жана

"мекенчилдик" тYШYHYктeрYHYн eнYГYш эволюциясына назар салуу зарылчылыгы келип чыгат. Патриоттук ац сезим жYPYм-турумдун мYнeзYн, максатка ылайыктуулугун, тигил же бул кырдаалда жасалган кадамдын ички мYдeeсYн аныктайт. Патриоттук ац-сезим идеялык бекем таянычы бар олуттуу ынанымдардын ширендиси. Патриоттук ац-сезим - бул патриот YЧYн зарыл болгон сапаттар негизделиши жана eнYГYШY мYмкYн болгон пайдубал. Бул сезимдер адамдын таанып билYYгe умтулуусун кYчeтeт.

Мекенчилдикке тарбиялоо проблемасын элдик педагогикалык маданияттын тарыхы менен ажырагыс биримдикте кароо зарылдыгы окуучу жаштарды мекенчилдикке тарбиялоонун тарыхый этномаданий негиздерин айкындоо зарылдыгын жаратат. Келечек муунду мекенчил кылып тарбиялоодо "Манас" эпосу баштаган улуттук руханий асылдуулуктардын мааниси чоц экендиги талашсыз. Жаш муундардын мекенчилдигин айкындоочу башкы чен-eлчeм анын эне-тилге карата мамилеси болгон. Улуттун улут экенин, билгизген башкы кeрсeткYч эне-тил. Жeн жеринен тилдин жоголушу менен улуттун жоголушун байланыштырбаса керек. Мекенчил болуудан мурда эц алгач eзYбYЗДYн эне тилибизди билYYбYЗ зарыл. Тилибиз менен гана eз eлкeбYЗДYн патриотту боло алабыз деп эсептейм.

Тилдик иденттYYЛYк да жарандык иденттYYЛYк сыяктуу мамлекеттин кызыкчылыгын кeздeп, элдик биримдикти чындай турган кeрYHYш. Тил бардык социалдык коомдун болушунда маанилYY болгондой, этностор аралык толеранттуулук феноменинде да маанилуу болуп, коомдо жYPYш-туруш маданиятынын калыптанышында да негизги курал болуп саналат (Борисов, 2007).

Этникалык иденттYYЛYктYн калыптанышында тил маанилYY болуп, кeп маданияттуу чeйрeдe этностор аралык толеранттуулуктун жаралышына негиз салат. Этникалык иденттYYЛYк улуттун eзYн-eзY таануусунун ядросун тYЗYп, ^п улуттуу чeйрeдe этностор аралык тYШYHYШYYгe eбeлгe болот . Акыркы кырк жылда жYргYЗYЛгeн улуттук иденттYYЛYктYн калыптанышы боюнча изилдeeлeрдe тилдин мааниси тууралуу ^з караштар eтe кецири чагылдырылган. Кeптeгeн кeрYHYктYY тарыхчы, социологдор жана саясат таануу боюнча адистер белгилегендей, улуттук тилдин болушу улуттук идеологиянын болушунда маанилYY негиз боло алат деп эсептешет.

Мекенчилдик эл тарабынан туруктуу жана узак сакталган руханий кубулуш. Чыныгы мекенчилдик эл жер YЧYн чын ыкластан кызмат кылуу катары кабылданат. Ал инсандын мекен менен сыймыктануусун, CYЙYYCYн, аны коргоого умтулуусун камтыган коомдук ан-сезимдин бийиктиги eтe маанилуу адеп-ахлактык жана саясий принцип катары кала берет. Мекенчилдик кандайдыр бир нерсеге каршы кыймыл эмес, коом жана адамзатка таандык жогорку даражадагы баалуулуктарды коргоо, сактоого багытталган кыймыл. Мекенчилдик эц оболу жан дYЙнeнYн, рухтун абалы. Ал YЧYнчY миц жылдыкта кыргыз мамлекети, коому, анын институттары, ошондой эле ар бир адам YЧYн маанилYY•

Улуттук иденттYYЛYк азыркы жаштардын арасында кандай таралган деген маселе жаралууда. Ар кандай сырткы факторлордун улуттук иденттYYЛYГYбYЗгe тийгизген таасири кандай болууда. Жаштарыбыздын жана улуу муундун eкYЛдeрYHYн ортосунда улуттук баалуулуктарыбыздын таралуу байланыштары тууралуу маселе кeтeрYY зарылдыгы келип чыгууда.

Ааламдашуу шарттарында этно-улуттук иденттYYЛYк адистер чейресYнде кебYнесе салттуулуктун бир керYHYШY катары аныкталып жYрет. Ошол эле мезгилде жарандык иденттYYЛYк заманбаптык же азыркы учур менен байланыштырылат. Бирок жацы тарых барактары этно-улуттук жана жарандык иденттYYЛYктер ез ара тыгыз байланышта экендигин керсетуп жатат. Буга постсоветтик мамлекеттердеги иденттYYЛYктердYн калыптануу процесси кYбе, себеби социологиялык байкоолорго ылайык жарандык иденттYYЛYктYн жаралышы YЧYн этно-улуттук иденттYYЛYк "семиз" кыртыштын же маанилYY пайдубалдын кызматын аткарары белгиленYYДе (Дробижева, 2008).

Замандын талабы менен улуттук ац-сезим ойгонуп, бYГYн кыргыз эли езYHYн тарыхый мурасына, маданиятына, каада-салт, нарк-насилдерине жацы нукта кайрадан кайрылып, ацдап-тYШYHYYHYн жана этно-улуттук иденттYYЛYГYн калыптандыруунун YCTYнде. Этно-улуттук иденттYYЛYктYн тYптелYY механизми "белек" этностук топтор менен алакага, аларга карата болгон социалдык маанайга тикелей байланыштуу. Ал эми эгемендик мезгилинин ичинде кыргыз коомунда бир нече жолу кайталанган этностор аралык кандуу кагылыштар этно-улуттук иденттYYЛYктYн калыптанышы оцой-олтоц процесс эмес экендигин айгинелеп койду. Жаштардын ац-сезиминде жарандык иденттYYЛYктYн басымдуулук кылганын дароо эле байкасак болот. Эзгече жаштардын ез ар намысы улуту YЧYн кызуу кандуулукка алдырып койгондугун елкебYЗде болуп еткен «улут аралык кастык», мисал боло алат. 0з улуту мекени YЧYн кYЙген жаштарыбыздын болушу кубандырбай койбойт. Бирок ашыкча кызуу кандуулукка алдыруу менен маселени чечип койбойбуз, жен гана ырбатып алуубуз мYмкYн. Кыргызстандын улан-кыздарынын этно-улуттук идиенттYYЛYГYHYн табиятын ачып керсетYYге кемектеше турган дагы бир индикатор этностор аралык мамиле. Мекенчилдик сезимдеринин жаралышы кепчYЛYк учурда тигил же бул конкреттуу жагдайга байланыштуу экендиги маалым. Тагыраак айтканда белгилYY ситуациянын алкагында инсандын париоттуулук Маанайы кYч алышы же езYHYн латенттик абалын сактап калышы мYмкYн.

Жарандык иденттYYЛYк бири-бири менен тыгыз байланышта болгон этникалык, маданий, географиялык, экономикалык жана саясий факторлордон турган татаал жана кеп аспектYY структура болуп саналат. Кыргызстанда этникалык азчылыктарда жарандык иденттYYЛYктY калыптандырууда кыргыздардын башка улуттар менен жакындык децгээли, бири-бири менен болгон кYHYмдYк карым- катнашы жана башка улуттардын кыргыздар менен болгон мамилеси езгече мааниге ээ экендиги талашсыз. Кыргыздардын арасында (жаш муун менен улуу муун ортосунда) акыркы жылдарда жарандык иденттYYЛYк боюнча кез-караштардын тездик менен езгергендYГYн байкоого болот. Улуттун эц негизги баалуулуктарына карап дагы башка этникалык азчылыктарга карата мамилени оц же терс маанайда болгондугун керYYге мYмкYн. Мисалга, эркек менен аял затынын суроолорго берген жооптору анализ кылынганда этникалык азчылыктарга карата аялдардын гумандуу мамиле жасагандыктарын байкайбыз.

Ошондуктан, жалгыз гана жарандык иденттYYЛYктYн эмес, мамлекеттик, этникалык жана локалдык ж.б. иденттYYЛYктYн калыптануусунда дагы баалуулуктар TYЗYMYHYH, символикалардын. Билим берYY системасынын жана масссалык маалымат каражаттарынын аябагандай чоц роль ойногондугу талашсыз (Дробижева, 2011, 24 б.).

Кыргызстандагы улут, улут жаратуучулук жана улуттук иденттYYЛYк маселелери боюнча жергиликтYY жана чет елкелYк илимпоздор тарабынан кептеген изилдеелердYн

пайда болуусунун eлкeдeгY саясий кырдаалдар жана тарыхый окуялар менен тыгыз байланыштуу. 0згeчe этникалык кагылышуулардан кийин, eлкeнYн биримдиги же келечеги YЧYн этникалык группалардын ортосундагы мамилелерди eнYктYPYYHYн абдан экендиги маселеси келип чыгууда. Мына ушул сыяктуу кeйгeйлeр жарандык иденттYYЛYктY калыптандыруу маселесин терец изилдeeнY талап кылууда, аны чечYYHYн механизмдеринин жана моделдеринин иштелип чыгышына тYрткY болду.

Кыргыз элинин улуттук мYнeзY Советтер Союзунун курамына киргенде бир eзгeрсe, Союз кулаганда бир eзгeрдY• Бирок улуттук мYнeздeгY эки нерсеге таянган eзгeчeлYктeр бузулбай сакталып калды. Булар, уруу тYШYHYГY жана кeчмeн дYЙнeсYнe байланышкан улуттук мYнeздeр. Уруу тYЗYЛYШY союздук режимге да туруштук берген болсо, кeчмeн тYШYHYГY бYГYнкY кYнгe чейин Кыргызстандын тоолуу eрeeндeрYндe ДYркYрeп eнYГYп жатат. Кыргыздардын этникалык ац-сезиминин уникалдуу, кайталангыс улуу сапаттарынын, касиетинин негизинде элдин жeнeкeй мYнeзYн, жакынына жан тартуусун, ынтымагын бийик кармагандыгы саясий мамилелерге салыштырма жан дYЙнeсYHYн терецирээк жеринде камтылганын эч бир саясий ^ч тана албайт жана ыдырата албайт. Азыркы кыргыз коомунун абалы, бакубаттыгы жацы тарыхый кырдаалдын негизин тYЗгeн баалуулуктардын, идеялардын, сапатынан ^з каранды. Мекенчилдикке тарбиялоо YЧYн бул маселе биринчи даражадагы мааниге ээ (Тажибаева, 2023, 52 б.). Анткени ал муундар ортосундагы социалдык-маданий уламалуулуктун чынжыры бошоцдоп, алсырай баштаган шартта толук кандуу жашап кете албайт. Кыргызстан жаштарынын жалпы иденттYYЛYк портфелинде жарандык жана этноулуттук иденттYYЛYктeр артыкчылыктуу орунду ээлейт. ИдентYYЛYктYн бул тYрлeрYHYн бири-бирине карама-каршылыгы эмес, тескерисинче, eз ара кeз карандысыздыгы (атаандаштыгы) кeбYрeeк байкалат. Андыктан буларды eз алдынча, эриш-аркак кароо жана кабылдоо максатка ылайыктуу. Эгерде аталган "кимдиктердин" жаш муундун ац-сезиминдеги даражасын ажыратып кeрсeтe турган болсок, анда жарандык идентYYЛYк бeлeк идентYYЛYктeргe караганда YCтeмдYY позицияга ээ деп бYTYм чыгарууга болот.

Адабияттар

1. Анализ одной стратегий самоутверждения личности в ракурсе проблемы «Я» и другой. // Проблема субьекта в психологической науке .М.: 2000: 1

2. Борисов, Руслан Викторович (2007) Тема кандидатской диссертации и автореферата «Языковая компетентность как средство выражения этнической идентичности и формирования межэтнической толерантности учащейся молодёжи», ВАК 19.00.07, Махачкала

3. Дробижева Л. М. (2008) "Национально-гражданская и этническая идентичность: проблемы позитивной совместимости", реформирующаяся. Ежегодник, (Отв. ред. М.К. Горшков), Вып. 7. М. Россия

4. Дробижева Леокадия (2011) "Российская идентичность и толерантность межэтнических отношений: опыт 20 лет реформ", Вестник Института Кеннана в России, № 20, Москва, стр. 24

5. Идентичность и конфликт в постсоветских государствах. М., 1997;

6. Лихачев Б. Т. (1978) Введение в теорию и историю воспитательных ценностей (теоретико-исторический анализ воспитательных ценностей в России в Х1Х-ХХ веках), Самара., с.24

7. Подкорытова, С. (2022). Исторический опыт социализации рабочей молодежи ударных комсомольских строек в 1950-1960 гг. Вестник Ошского государственного университета, (2), 94-102. https://doi.ors/10.52754/16947452 2022 2 94

8. Тажибаева, А. (2023). Ааламдашуу шартында кыргызстандыктардын жарандык иденттYYЛYГY: учурдагы абалы жана багыттары. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Тарых, 1(2), 51-56. https://doi.org/10.52754/1694867X 2023 1(2) 6

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.