Научная статья на тему 'ЭТНОС ФЕНОМЕНИНЕ БОЛГОН ФИЛОСОФИЯЛЫК ТАЛДООНУН ƟЗГƟЧƟЛYКТƟРY'

ЭТНОС ФЕНОМЕНИНЕ БОЛГОН ФИЛОСОФИЯЛЫК ТАЛДООНУН ƟЗГƟЧƟЛYКТƟРY Текст научной статьи по специальности «Философия, этика, религиоведение»

CC BY
24
3
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
этнос / этникалык ан-сезим / маданият / саясий процесстер / иденттүүлүк / этникалык саясат / коом / ethnicity / ethnic consciousness / culture / political processes / identity / ethnic politics / society

Аннотация научной статьи по философии, этике, религиоведению, автор научной работы — Тогусаков Осмон Асанкулович, Эркинбеков Кылычбек Эркинбекович

Бул макалада автор этнос феноменине болгон философиялык талдоонун ѳзгѳчѳлүктѳрүн карап чыгуу менен бирге биз кеп кылып жаткан дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрүнө жана калктын негизги катмарына жалпы тарыхый тажрыйбанын, маданияттын өзгөчүлүктөрү же болбосо саясий этникалык коомдогу топтордун статусунун табигый натыйжасы болуп эсептелген этникалык өздүк аң-сезим таандык экендигин маалымдайт. Бирок, жашоодо реалдуулук көрсөткөндөй этникалык аң-сезимдин жана этностун калыптанышына таасир берүүчү, факторлорду аныктоочу белгилүү бир ички жөнөкөйлүкө карабастан илимий чөйрөдө көп учурларда этникалык реалдуулукка тийиштүү элементтер саясий прцесстер менен чаташтырылып каралат. Так көрсөтүлгөн өздүк аң-сезимге ээ болгон топтордун жетишээрлик көп саны адистердин айтуусунда жеке этностор болуп эсептелишпейт, тескерисинче этникалык деп баалануучу топтордун мүчөлөрүн көрсөтсөк болот, алар өзүлөрүнүн коомчулугу туурасында да күңүрт түшүнүктөргө ээ.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

FEATURES OF PHILOSOPHICAL ANALYSIS TO THE PHENOMENON OF ETHNOS

In this article, the author considers the features of the philosophical analysis of the phenomenon of ethnos, in addition, as stated in it, in modern times in most valleys, countries of the world and the bulk of the population, ethnic identity is a natural result of a common historical experience, cultural differences or the status of groups in a political ethnic society However, as reality shows, despite a certain internal simplicity that determines the factors influencing the formation of ethnic consciousness and ethnos, elements related to ethnic reality are often mixed in the scientific community with political processes. Quite a large number of groups with a clear sense of identity are not considered separate ethnic groups according to experts, but on the contrary, we can show members of groups that are considered ethnic, and they have vague ideas about their commonality.

Текст научной работы на тему «ЭТНОС ФЕНОМЕНИНЕ БОЛГОН ФИЛОСОФИЯЛЫК ТАЛДООНУН ƟЗГƟЧƟЛYКТƟРY»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА BULLETIN OF OSH STATE UNIVERSITY

ISSN: 1694-7452 e-ISSN: 1694-8610

№1/2024, 66-75

ФИЛОСОФИЯ

УДК: 314.74

DOI: 10.52754/16948610 2024 1 7

ЭТНОС ФЕНОМЕНИНЕ БОЛГОН ФИЛОСОФИЯЛЫК ТАЛДООНУН

eзгeчeлYКтeРY

ОСОБЕННОСТИ ФИЛОСОФСКОГО АНАЛИЗА К ФЕНОМЕНУ ЭТНОС

FEATURES OF PHILOSOPHICAL ANALYSIS TO THE PHENOMENON OF ETHNOS

Тогусаков Осмон Асанкулович

Тогусаков Осмон Асанкулович Togusakov Osmon Asankulovich

ф.и.д., профессор, Кыргыз улуттук илимдер академиясы

д.ф.н., профессор, Национальная академия наук КР Dr. Professor, National Academy of Science of Kyrgyzstan

[email protected]_

Эркинбеков Кылычбек Эркинбекович

Эркинбеков Кылычбек Эркинбекович Erkinbekov Kylychbek Erkinbekovich

ф.и.к., доцент, Бишкек инновациялык колледжи

к.ф.н., доцент, Бишкекский инновационный колледж Associate Professor, Bishkek Innovation College [email protected]

ЭТНОС ФЕНОМЕНИНЕ БОЛГОН ФИЛОСОФИЯЛЫК ТАЛДООНУН

eзгeчeлYКтeРY

Аннотация

Бул макалада автор этнос феноменине болгон философиялык талдоонун взгвчвлYктврYн карап чыгуу менен бирге биз кеп кылып жаткан дYЙнв жYЗYндвгY влквлврYнв жана калктын негизги катмарына жалпы тарыхый тажрыйбанын, маданияттын взгвчYЛYктврY же болбосо саясий этникалык коомдогу топтордун статусунун табигый натыйжасы болуп эсептелген этникалык вздYк ац-сезим таандык экендигин маалымдайт. Бирок, жашоодо реалдуулук кврсвтквндвй этникалык ац-сезимдин жана этностун калыптанышына таасир берYYЧY, факторлорду аныктоочу белгилYY бир ички жвнвквйлYкв карабастан илимий чвйрвдв квп учурларда этникалык реалдуулукка тийиштуу элементтер саясий прцесстер менен чаташтырылып каралат. Так кврсвтYЛгвн вздYк ац-сезимге ээ болгон топтордун жетишээрлик квп саны адистердин айтуусунда жеке этностор болуп эсептелишпейт, тескерисинче этникалык деп баалануучу топтордун мYчвлврYн кврсвтсвк болот, алар вЗYЛврYHYн коомчулугу туурасында да кYЦYPт тYШYHYктвргв ээ.

Ачкыч свздвр: этнос, этникалык ан-сезим, маданият, саясий процесстер, иденттYYЛYк, этникалык саясат, коом.

ОСОБЕННОСТИ ФИЛОСОФСКОГО АНАЛИЗА К FEATURES OF PHILOSOPHICAL ANALYSIS TO ФЕНОМЕНУ ЭТНОС THE PHENOMENON OF ETHNOS

Аннотация

В данной статье автор рассматривает особенности философского анализа феномена этноса, кроме того, как утверждается в ней, в Новое время в большинстве долин, стран мира и основной массы населения этническая идентичность является естественным результатом общего исторического опыта, культурных различий или статуса групп в политическом этническом обществе. Однако, как показывает действительность, несмотря на определенную внутреннюю простоту, определяющую факторы, влияющие на формирование этнического сознания и этноса, элементы, относящиеся к этнической действительности, нередко смешиваются в научной среде с политическими процессами. Довольно большое количество групп с четким чувством идентичности не считаются отдельными этническими группами по мнению экспертов, а наоборот, мы можем показать членов групп, которые считаются этническими, и у них есть расплывчатые представления о своей общности.

Abstract

In this article, the author considers the features of the philosophical analysis of the phenomenon of ethnos, in addition, as stated in it, in modern times in most valleys, countries of the world and the bulk of the population, ethnic identity is a natural result of a common historical experience, cultural differences or the status of groups in a political ethnic society However, as reality shows, despite a certain internal simplicity that determines the factors influencing the formation of ethnic consciousness and ethnos, elements related to ethnic reality are often mixed in the scientific community with political processes. Quite a large number of groups with a clear sense of identity are not considered separate ethnic groups according to experts, but on the contrary, we can show members of groups that are considered ethnic, and they have vague ideas about their commonality.

Ключевые слова: этнос, этническое сознание, культура, политические процессы, идентичность, этническая политика, общество.

Keywords: ethnicity, ethnic consciousness, culture, political processes, identity, ethnic politics, society..

Киришуу

Баарыбызга жакшы маалым болгондой, гректин «этнос» деген C63Y кеп маанини билдирерин билебиз, бирок ошолордун арасынан биздин макалада кеп кыла турган «typy, тукуму» деген адамдарга гана тиешелYY болгон маанисин тандап алдык. Анткени, биз YЧYн бYГYнкY карай турган маселе «уруу» же «улут» деген тYШYHYктердY баса белYп керсетYY анчалык деле маанилYY эмес, бизди бYткYл дYЙнедегY адамдарга тиешелYY болгон англичандар болобу, байыркы гректерби же болбосо орто азия элдериби кыскасы баарына бирдей мYнездYY болгон жалпы нерсе кызыктырат. Бул айтып жаткан жалпылык - "Ното Sapiens" TYPYHYH езY же болбосо «ездерYн» (кээде жакындарын, кеп учурда алыскыларды да) дYЙненYн бардык калган белYГYне карама-каршы коюу YЧYн жамаатташып жашоо деген мYнездYY болуп саналат. Карама-каршылык адамзаттын пайда болушунан баштап эле келе жаткан жана жалпы элдерге тиешелуу мYнез: «Биз -алар» деген сыяктуу байыркы эллиндер жана варварлар, иудейлер жана CYннетке отургузулбагандар, алгачкы халифат куруучулардын мезгилиндеги мусулман арабдар жана «капырлар», Орто кылымдардагы европалык католиктер («Христиан дYЙнесY» деп аталган биримдик) жана ^неелуулер, алардын ичинде гректер, орустар бар; «православныйлар» жана ошол эле доордо дини буруулар («нехристи»), католиктер да ага кошулат; туарегдер жана туарег эместер, цыгандар жана калган бардык башка элдер ж.б. (Азимова, 2021; Жоробекова, 2021). Мындай карама-каршы коюулар универсалдуу келет дагы, анын негизи терецде жатканд(гын баяндайт. Ал эми карама-каршылыктардын баары ез езYнче алганда дарыянын бетинде калкыган кебYкке окшош, ал эми биздин негизги милдетибиз аларды суунун бетинен калпып алып, анын ички мацызын ачыктап берууде турат. Анткени менен биздин алгачкы байкоолорубуз этностук («тукум, «урук» маанисинде) деп атоого боло турган керYHYштYн татаалдыгын белгилеп коюшубуз керек. Себеби ал социалдык, маданий, саясий, диний жана башка кептеген багыттардын тарыхы кандай тYЗYлген болсо, ошол сыяктуу эле адамзаттын этностук тарыхын тYзуу YЧYн аспект боло алат. Ошондуктан баарынан мурда, биздин негизги милдетибиз жогорудагы процесстин принцибин баамдап билип алышыбыз керек болуп жатат.

Биз карап жаткан маселени чечууде принципиалдуу тYрде, философиялык кез караш менен саясий кез караштын ортосундагы маселелерди анализдеп чыгуу керектиги туурасындагы суроо келип чыгат. КерсетYлген маселелер боюнча кийинчерээк кененирээк тастыктоо беребиз, себеби бул биздин изилдеебYЗ YЧYн принципиалдуу мааниге ээ, бирок биз этникалык саясатты саясий илимдердин чегинде дагы кароодо биринчи ирээтте «этникалык саясат» сез тYркYMYHYн жацылыгы менен байланышкан бир катар кыйынчылык менен чечилуучY маселелер пайда болоорун айта кетуубYЗ зарыл. Этнос феноменине анализ берууде эц башынан бери эле, биринчи кез караштагы татаал маселе болуп этносту социалдык топтордун башка формаларынан белYп керсетуу эсептелет (Бромлей Ю.В., 1983, 44-б.). Илимий адабияттарда акыркы он жылдыкта этникалык шайкештик, этникалык ездYк ац-сезим ж.б.у.с. тYШYHYктер кецири колдонулуп келе жатат жана алардын таралышы эч кандай ^мен туудурбайт.

Белгилей кетуучY нерсе алардын мындай актуалдуу маселеге айланышы "мода" менен байланыштуу эмес, тескерисинче, биринчи ирээтте саясий реалдуулукта бир катар жаны кубулуштардын пайда болуусу менен байланыштырылып изилдееге алып жаткан маселе туурасында пайда болгон методологиялык кез караштар дифференциалдуу жана терец теориялык билимдердин жыйынтыгы катары эсептелет. Мурунку тYШYHYк-категориалдык

аппаратка кирбестен, зарылдык категориясы менен баштагы изилдeeчYЛYк методикалык жактан CYрeттeлYHYп каралбайт. Экинчи жагынан бул феномен туурасында пайда болгон жацы билимдер ал маселени толугу менен чечмелей алышпайт же болбосо зарыл болгон илимий жыйынтыктарды берYYгe али да болсо эртелик кылат. Мунун баары келип эле ар кандай тYШYHYксYЗДYктeргe, эки анжы пикирлерге жана башка методологиялык чиелешкен маселелерге алып келет.

Азыркы мезгилде кeпчYЛYк eрeeндeрдe, ДYЙнe eлкeлeрYнe жана калктын негизги массасына жалпы тарыхый тажрыйбанын, маданияттын eзгeчYЛYктeрY же саясий этникалык коомдогу топтордун статусунун табигый натыйжасы болуп эсептелген этникалык eздYк ац-сезим таандык. Бирок, реалдуулук кeрсeткeндeй этникалык ац-сезимдин жана этностун калыптанышына таасир берYYчY, факторлорду аныктоочу белгилYY бир ички жeнeкeйлYккe карабастан илимий чeйрeдe кeп учурларда этникалык реалдуулукка тийиштYY элементтер саясий прцесстер менен чаташтырылып каралат (3). Так кeрсeтYЛгeн eздYк ац-сезимге ээ болгон топтордун жетишээрлик саны адистердин айтуусу боюнча жеке этностор болуп эсептелишпейт, тескерисинче этникалык деп баалануучу топтордун мYчeлeрYн кeрсeтсeк болот, бирок алар eзYлeрYHYн коомчулугу туурасында да бYдeмYк тYШYHYктeргe ээ.

Бул айтканыбыз куру сeз болуп калбаш YЧYн индуктивдик методдун жардамы менен тeмeндeгY мисалдарга токтоло кетели: демографиялык маалыматтарга таянсак, жалпысынан алганда панджабдардын саны 100 миллион ашык адамды тYЗYШYп жеке бир этноско таандык болушкан, бирок ар кайсы диндик ишенимге киришкен пакистандык панджабдар-мусулмандары жана Индиянын панджабдары eздYк ац-сезиминин айырмачылыктарына (жалпы аталышы, рассалык, уруктук, тилинин бирдиги, жалпы тарыхый тамырлары, YPп-адаттары, салттары ж.б.у.с. менен четтетилYYгe мYмкYн болбогон) карата этнолог-адистердин баа берYYCYндe ар башка элдерден болушкан. Дагы бир ынанымдуу мисал катарында белорустарды айтсак болот, диний ишеними боюнча православдардын бир бeлYГY eзYлeрYн орустарбыз же «орус дининдегилер» деп эсептешет, ал эми экинчи бир католиктик диндеги бeлYГY - поляктарбыз же «поляк дининдегилербиз» деп эсептешет.

Ушундай этникалык кeрYHYштeргe байланыштуу этнологдор чeйрeсYндe жогоруда кeрсeтYЛгeн топторду этноконфессионалдык топ катары квалификациялаган атайын термин иштелип чыккан. Биз байкашыбызга караганда, чындыгында эле этноконфессионалдуулук мYнeзгe ээ болгон этнос, тагыраак айтканда коомчулук ичинде формалдуу тYPдe бириккен же жалпы этноним менен белгиленген жеке бeлYм болуп эсептелбейт. Мисалы: Бардык критерий боюнча Дондук казактарды eзYнчe этнос деп эсептeeгe болобу же аларды орус этностунун этнографиялык тобу катары эле кароого болобу деген маселени чечYY кыйынга турат. Же болбосо азыркы мезгилде бир катар мацыздуу белгилери боюнча ич ара тецтайлашкан Yч кубаттуу массивдер менен байланышкан корей этносун кандайча карашыбыз керек. Алардын ичинен эц кeп сандуусу тYштYк кореядагы саясий жашоодо демократиялык баалуулуктарга жана принциптерге дуушар болгон корейлердин 80% жакыны католиктер болуп эсептелет.

Ал эми ТYндYк Кореянын жашоочуларынын саясий жашоосун жана каада-салт, YPп-адаттарынын баарын тоталитардык катары кароого болот, ал эми диний ишенимдери бир топ маселелYY болуп эсептелет. Корейлердин дагы YчYнчY кубаттуу массиви болуп мурунку Союздук ар кыл республикаларындагы жашаган жарандары аркылуу берилген, аларды саясий жана диний ^з карашта аныктоо иши бир топ кыйынчылыктарды жаратат. ТYштYк жана

ТYндYк Кореядагы басымдуулук кылуучу этностордон болуу менен, корейцтер эки елкеде тец мазмуну жана формасы боюнча ич ара мацыздуу тец тайталашып саясат ишин алып барышат, бирок бардык учурларда тец этникалык саясат, анын эки тYPY ишке ашуу фактысы эч кандай ^мен саноону туудурбайт. Биз келтирген мисал этникалык саясаттагы компоненттин тамырсыздыгын же болбосо анын жоктугун кYбелендYрбейт, тескерисинче этникалуулуктун езYHYн критерийлеринин аныктамаларынын татаалдыгын жана ар тYPДYYЛYГY сыяктуу эле этникалуулукту тYЗген, саясий жашоодогу жана тажрыйбадагы доминанттарды билдирет (Джунушалиев Д., Плоских В., 2000, 23-б.).

Белгилей кетYYЧY нерсе ез убагында этнос, этникалуулук ж.б. тYШYHYктердYн илимий изилдееге алына элек мезгилинде кептеген батыштагы европа жана америка елкелерYндегY окумуштуулары Г.Лебон, Г.Гегель, О.Бауэр, Ф. Ницше, О.Шпенглер, А.Юнг, А.Кардинер, Р.Бенедикт ж.б. езYлерYHYн эмгектеринде этнопсихология маселесине кебYреек кецYЛ бурушкан. Алар, албетте еткен жYЗ жылдыктын 50-60-жылдарындагы илимий пайдаланууга колдонулган этникалуулук жана этникалык шайкештик деген тYШYHYктегY терминдерди пайдаланышкан эмес, аларды башка элдик рух, улуттук мYнез, архетиптер, маданий-психологиялык типтер, психиканын улуттук модели, улуттук ац-сезим, ездYк ац-сезим ж.б. тYШYHYктер менен алмаштырып карап келишкен. Бирок, замандын жанылануусунун шарапаты менен философиянын жана башка гуманитардык тармагындары илимдердин енYГYYCY менен бул маселелер боюнча эки карама-каршы тенденциянын пайда болушуна алып келди. Жацыдан пайда болгон илимдер категориясы кецири мааниге ээ боло баштап, мурдагы тYШYHYк-категориалдык аппараттын рамкасында илимий изилдеелердY жYргYЗYYге алышпайт, ошондуктан алар этнос, этникалуулук, этникалык шайкештик, ездYк шайкештик, этникалык ездYк ац-сезим жана башка кептеген тYШYHYктер сыяктуу категорияларды колдоно башташкан. Натыйжада бул жацы пайда болгон илимдер социалдык реалдуулукту кецири жана так CYреттеп бере алышкан. Албетте, биздин тYШYHYГYбYЗде бир эле макаланын чегинде этникалык маселенин керYHYштерYне баа беруу менен байланышкан жацы илимдердин бYткYл спектрин камтый албайбыз. Биздин алдыга койгон максатыбыз, тандап алган изилдее иштерибиздин максатына ылайык этникалык саясат, б.а. саясаттын типтик чектери биринчи ирээтте саясий, экономикалык жана социалдык максаттуулук элементтери же ага жакын фактылар жана мотивдери менен эмес, саясий процесстердин жана керYHYштердYн субъектилеринин жана обьектилеринин этникалык езгечYЛYктерY менен шартталгандыгы кызыктырат.

Саясатты бир жагынан кецири, экинчи жагынан социалдык реалдуулуктун жетишээрлик спецификалык бир белYГY катары кароо менен зарыл тYPде атайын социалдык илимдердин негизи болуп эсептелеби деген суроо туулат? Бул суроого жооп беруу YЧYн кыскача методологиялык экскурсия кылалы.

Кайсы бир эл ез мекенинде узак мезгилдер бою бейпилдикте жашап турган болсо, анда анын екYлдерYне ездерYHYн жашоо тиричилик еткеруу ыкмасы, Yрп-адаты, жYPYш-турушу, табити, кез карашы жана социалдык карым-катышы, тактап айтканда, азыр биз «кенYMYш журYш-туруш» деп атап жургендердYн баары туура жана бирден бир алгылыктуу нерселер катары сезилет. Эгерде башка бир элдин кулк-мYнезYнде башкача керYHYштер байкалса, анда ал «тYркейлYк» катары бааланып, бул жен гана окшош эместик катарында кабыл алынган. Батыш Европанын орто кылымдардагы илими YЧYн этнография анча маанилуу боло алган эмес. Ал кезде европалыктар Жер Ортолук децизинин жээктеринде жашаган, айрымдары

ислам динин кабыл алган Рим империясынын букараларынын тукумдары болгон элдер менен гана маданий байланышта болуп турган. Албетте, бул аларды «франктар» менен «латындардан», т. а. француздар менен италиялыктардан бeлYп турган болучу, бирок маданияттардын тYпкY тамыры жалпы болгондуктан ал айырмачылыктар eз ара тYШYнбeeчYЛYккe жол бергидей даражага жеткен эмес. Акыры географиялык улуу ачылыштардын доорунда абал тYп-тамырынан бери eзгeрeт. Айталы, эгерде негрлер менен папуастарды, ТYндYк американын индейлерин «жапайылар» деп атоого мYмкYн болсо, анда кытайларды, индустарды, ацтектер менен инктерди антип атоого дегеле болбойт эле. Андыктан кандайдыр башка тYШYHYктeрдY издeeгe туура келди (ИманалиевМ., 1999, 77-б.).

Улуттук-боштондук кыймылдарынын тынымсыз кYрeштeрYHYн негизинде колониализм жок болгон менен эл аралык карым катнаш жоюлбай эле, кайра тескерисинче кецейип бара жатат. Буга байланыштуу дYЙнeлYк саясаттын eтe кецири масштабдарында да жана бизге окшошпогон, бирок жеке жолугушууларда CYЙкYмдYY болгон адамдар менен да eз ара тYШYHYШYY мамилелерин орнотуу улам кeбYрeeк манилYY болууда. Ушундан улам практикалык мааниси бар жацы, теориялык маселе келип чыгат: эмне YЧYн бири бирине эч окшош эмес адамдар бири бирине eз ара «ылайыкташуусу» керек, эмне YЧYн алар бeтeн кулк-мYнeздeрдY жана элдин ич арасындагы карым-катнашка толук жетиштYY бeлгeн жана коцшулары менен алака тYЗYYHY канааттандыра алган eз ара мамилелердин ордуна карым-катнаштардын башка бир алгылыктуу жолдорун издeeнYн кандай зарылчылыгы бар деген суроолор туулат. Кээ бир учурларда этникалык окшош эместиктерди географиялык шарттардын ар тYPДYYЛYГY менен тYШYндYрсeк болчудай, бирок андай айырмачылыктар климаттык шарты да, ландшафты да eз ара жакын болгон элдерде кездешип отурбайбы. Сыягы, тарыхтын жардамысыз бул маселени чече албайт окшойбуз.

Чын-чынына келгенде ар кайсы этностор кайсыл заманда жашап eтсe дагы, ар тYркYн тарыхый тагдырларга туш болгон жана жеке адамдардын кулк- мYнeздeрYн калыптандыра турган жеке eмYP таржымалдары менен жер YCTYндe eлбeс-eчпeс издерди калтырышты. СeзсYЗ тYPдe этноско географиялык ал акыбал чон таасирин тийгизет, бул таасир адамзатка азык-тYЛYк берип турган сыяктуу эле жаратылыш менен адамдын ортосундагы кYндeлYк байланышы аркылуу жYрeт. Бирок, ал ушуну менен эле чектелип калбайт. Ата-бабалардан бери бизге мураска калып келе жаткан каада-салттар eз ролун ойнойт. Кошуна жашаган элдер менен достук же душмандык кeнYMYш мамилелердин да eз ролу бар, маданий таасирлердин, диндин да eз мааниси бар; бирок булардын баарынан башка да, жаратылыштын ар кандай кубулуштарына тиешелYY болгондой эле этноско да тиешелYY болгон eнYГYYHYн мыйзам ченемдYYЛYГY да бар. Бул мыйзам ченемдYYЛYктYн адамзаттын пайда болушунун жана анын жоголушунун кeп кырдуу процесстериндеги кeрYHYШYн биз этногенез деп атайбыз. Материянын кыймылынын бул TYPYHYH eзгeчeлYГYн эсепке албай туруп, биз этнопсихологиянын сырларынын ачкычын практикалык планда да, теориялык жактан да таба албайбыз. Биз тандап алган бул жолдо кYTYлбeгeн кыйынчылыктар дагы кездеше берет.

Албетте, мындай милдеттердин татаалдыгына карабастан туруп универсалдуу саясий теорияны тYЗYYгe аракет жасайбыз, бирок, биздин пикирибизде, дYЙнeнYн саясий картинасы андан аркы жогорку децгээлдеги масштабдагы окуулар, так жана обьективдYY теориялар менен баяндалышы мYмкYн. Мындай кeрYHYштeр философиянын адз карандысыз тYЗдeн -TYЗ милдеттеринен болуп саналат, ошондуктан алгачкы саясий адз караштагы эмгектер философтор: Платон, Аристотель, Конфуций ж.б.у.с. тарабынан жазылгандыгы кокусунан

эмес болуш керек. Албетте, бул саясий трактаттарды ойлоп табуу учурундагы абалы менен тYШYндYPYлген. Илимий билимдердин дифференциация процесси (разделение) алардын келемY ушунчалык зор мааниге ээ болгон мезгилдеги болот жана алар бир эле гуманитардык билимдердин чейресYнде жайгашуу абалында болушпайт.

Биринин артынан бири пайда болуп жаткан предметтер тубаса бир кемчилике ээ: алардын баары тар кесиптик мунезге ээ болот. Бирок, убакыттын етYШY менен саясий ойломдун кээ бир багыттары (мисалы: геосаясат) ушул боштукту толтуруу аракеттерин керет, алар баары бир бул маселени чечууде бир тараптуу ыкмадан кача алышпайт жана бул багыттардын калыптанышынын генезиси жана тарыхый мYнезY менен оцой тYШYндYPYлет. ЭзYЦYЗдер кYбе болгондой, жогорудагы кыскача методологиялык экскурс, бизге коом енYккен сайын жер шаарында жашаган адамдардын ортосундагы болуп жаткан мамилелер уламдан улам татаалдашып олтураарын билдирет. Мындай учурда же болбосо енYгуу иштер жYPYп жаткан ар бир этабында, биз сез кылып жаткан маселелер улам жацы методолиялык аспектисинде каралуусу зарыл экенин тастыктап турат.

Философиянын пайда болушу тарыхый жактан илимий билимдин пайда болуусу, ал эми эц башкысы коомдук керектеенYн дYЙнеге жана адамга болгон толук кез караштын бYTYндYГYндегY, болмуш менен менен таанымдын жалпы принциптерин окуудагы коомдук керектеенYн пайда болушу менен дал келуу фактысы, биздин пикирибизде, философияга саясий теориялар жана окуулар чейресYндегу качандыр бир кезде жоголгон позицияларды кайра кайтаруу милдетин коет, тажрыйба керсетYп тургандай азыркы саясий ойломдун бир дагы багыты жеке бир тараптуулукту багындыра алган жок жана бир бYTYндYкте менталдуу, тарыхый, социалдык, географиялык ж.б. факторлорду кароого жендемдуу, комплексте саясий процесстерге таасир беруучY глобалдуу б.а. жогорку децгээлдеги теорияларды иштеп чыга алган жок.

Эске ала кетуучY нерсе, жогоруда керсетYлген терминдер жана алардын жакындыгы жалгыз болуп эсептелбейт. Биздин пикирибизде, эгерде улут, улуттук кызыкчылыктар, улуттук рух, улуттар аралык мамилелер ж.б.у.с тYШYHYктердY четке каксак катачылык болот жана биз сезсYЗ тYрде этникалык терминологиялык катарга карама-каршы коюуп же езYнче белуу аракетин кылбастан эц маанилуулерYн карашыбыз абзел. Ошого карабастан биз этнос сыяктуу керYHYшке аныктама берууден, тагыраак айтканда CYреттееден баштайбыз, анткени биздин изилдеебYЗ учун ал базалык болуп эсептелет жана анын мацыздуу чектерин ачып керсетуу менен ага аныктама берууге аракет жасайбыз.

Этнос термини (грекчеден ethnos-эл) 60-жылдардан тартып уруу, элдер, улут, улуттук тушунуктерун ачыктан-ачык кысуу менен орус адабиятында орун алды, ал эми акыркы жылдары массалык маалымат каражаттары аркылу кунумдук тилибизге да кирди. Ушул сыяктуу керунуш дагы чет элдик мамлекеттерде да болуп етуп мурун дээрлик белгилуу болбогон этникалык топ (ethnic group) деген аналогиялык мааниге ээ болду.

Ю.В Бромлей "Очерки теории этноса" аттуу эмгегинде, «этносторду элдердин башка коомчулугунан белуу маселесин кароого киришууде урууларда, элдерде, улуттарда бир жалпы, ошону менен бирге эле ички белгилеринин болушуна кецул бурбай койууга таптакыр мумкун эмес: ар бир ушул билимдер езунче аталыштарга - жеке аттарга ээ.

«Этнос» термининин артында турган кeрYHYштY аныктоо элдердин жалпылыгын TYШYHДYPYYЧY «эл» термининин пайдалануу учурундагы кырдаал эсептелет. Алар кездешпеген уруу, элдер, улуттар жок, болгон да эмес» (Бромлей Ю.В., 1983, 45-б.). «Алардын баардыгы - Ю.В.Бромлей белгилегендей, - eзYлeрYHYн аталыштарына ээ», «этнос» сeзYн «этноним» термини менен тYШYндYPYYгe болот» (Бромлей Ю.В., 1983, 45-б.).

Этнологдор белгилегендей, маданият бардык этностун калыптануусу YЧYн жалпы базалык негиз болуп саналат. Дегеле бардык элдердин туруктуу улуттук жалпылык касиетине ээ болуусу же социалдык жашшолрдун бардык формалары этникалуулукту тYШYHYГYндeгY эц негизги зарыл шарттар болуп саналышат. Бирок толук тYPдeгY этникалык касиеттин аныктоодо бул айтылгандар жетишсиз. Ушуга байланыштуу тeмeндeгYдeй табигый суроо туулат: этникалуулукту эмне гана толук кандуу жетишээрлик тYШYндYрe алат? Бул суроого жооп бериш YЧYн, бир маанилYYкырдаалды эске ала кетYY зарыл. Этникалуулук бул реалдуу процесс тагыраак айтканда коомдук ац-сезимдин eзгeчe компоненти, себеби, ал (этникалдуулук) объективдYY ДYЙнeнY чагындырууда ар бир ац-сезимдин жыйындысы болуп эсептелет. Демек, этникалуулуктун нукура жаратылышын тактоо жекелик ац-сезимдин чегинде жатат деп бYTYн чыгарууга болот. Бирок, жекелик ац-сезим eзYHYн тYнттYГYнe карабастан жана белгилYY бир конкреттYYЛYктe eзYн-eзY аныктоочу жана eзYнe-eзY берYYЧY катары эсептee терец жацылыштыка жатат.

К. Маркс белгилеп кеткендей, «тарыхый материализм адамдардын дене тYЗYЛYШYндe камтылып турган табияттын тарыхын эмес, элдин тарыхын ачып кeрсeтeт. Бирок бул эки «тарых бири-бири менен тыгыз эриш-аркак болуп, eз ара байланышып турган болсо да илимий талдоо жYргYЗYY аларды кайсы кeз караштан талдоо керектигин тактоону талап кылат. Биз талдаганы отурган тарыхый материал - бар болгону биздин eзYбYЗДYн эле маалымат архивибиз, андан башка эч нерсе эмес. "Тарыхтын eзY табияттын тарыхынын, адамдын жаратылышынын калыптанышынын чыныгы бир бeлYГY болуп саналат. Бара-бара адам жeнYндeгY илим табият таануу илимин кандай даражада eзYнe камтыса табият таануу да eзYнe адам жeнYндeгY илимди ошондой эле даражада камтып, бир бYTYн илимге айланат" (Маркс К., 1957, 119-б.). Балким, азыр биз ошондой илимди TYЗYYHYH босогосунда тургандырбыз.

Генетикалык планда этникалык жалпылыктарды кароо менен eзгeчe белгилей кетYYЧY нерсе, алар eзYлeрYнe динамикалык, тарыхый калыптанган системаларды камтыйт. Бир дагы этнос тYбeлYктYY жана eзгeрмeлYY эмес. Бирок, этникалык системалар коомдук жашоого байланыштуу eзгeрYYгe дуушар болот, ошондой эле учурда алар eздeрYнe тиешелYY eзгeчeлYктeрдY туруктуу сактап калууга далалат кылышат. ЭнYГYY жана туруктуулук бири-бирине карама-каршы болбойт. Муну менен салыштырмалуу этникалык кeрYHYштeрдYн социалдык жашоонун башка компоненттерине салыштырганда туруктуу жана ошол эле учурда eзгeрYYгe жeндeмдYY деп айтууга болот.

Этникалык кeрYHYштeрдYн салыштырмалуу туруктуулугу жана жай eзгeрмeлYYЛYГY этникалык шайкештик деп аталган зарыл болгон чектин калыптануусу YЧYн MYMKYHЧYЛYK берет. «Этникалык шайкештик жана анын алмашуусу» - жeнYндeгY маселесин талкуулоодо орус окумуштуусу А.А.Празаускасс мындайча жазат, эске ала кетYYЧY нерсе, кeпчYЛYк учурларда этникалык eздYк ац-сезим индивиддин алдын ала жазылган статусу менен байланышкан, башкача айтканда курчап тургандар конкреттYY адамды армянин, орус же кытай eзYн аталган улутка тийиштYY кылабы же жокпу, анысына карабай кабыл алат.

Башкача айтканда, индивид кепчулук учурларда этникалык тийиштуулугун езунун каалоосу менен тандаган эмес» (Празаускас А.А., М., 2000, 8-б.). Андан ары Празаускасс А.А. абдан маанилуу эскертуу айтат: «Этникалык шайкештикти езуне кецири мейкиндикти камтый алат, -деп жазат ал, - бирок эц башкысы шайкештиктин курамынын компоненттеринин ичинен эц негизгиси анын туруктуулугу. Шайкештиктин этникалык компонентинин башка маанилуу касиети болуп ага социалдык байланыштарды, маданияттын элементтерин, баалуулуктардын белгилуу системасын, символдорду камтыган татаал ички курам саналат. Этникалык категориялар езунче элдердин спецификалык езгечулуктерун билдирип, езуне баалуулуктар системасындагы, социалдык нормалардагы, журум-турум стилдериндеги айырмачылыктарды камтып турат. Бул езгечулуктер этникалык стереотиптер, автостереотиптер жана улуттук мунезду тушунууде негиз болуп кызмат кылат» (Празаускас А.А., М., 2000, 9-б.).

Биздин пикирибизде, кыскача анализге улут сыяктуу керунуш да дуушар болот. Айта кетуучу нерсе, азыркыга чейин окумуштуулар тарабынан жеке жана жалпы кабыл алынган этнос термини жана бардык маселелуулукте этникалык топ аныктамасы иштелип чыккан жок, ошентсе да окумуштуулар коомчулуктардын 3-5 мицдейин аташат жана алардын пикиринде, аларды негизги этникалык критерийлерге дал келтиришет, ал эми улут маселеси бир татаалдыкты жаратат, себеби «улут» термини бир канча мааниге ээ. Батышта улут менен мамлекетти синонимдер катары кароо салты бар, демек, Бириккен Улуттар Уюму, улуттук коопсуздук, улуттук кызыкчылыктар, улуттук курама команда ж.б.у.с. сез туркумдеру бар экендигин тушундурет. Улутту ушундай тушунууге байланыштуу, алардын саны мамлекеттердин саны менен дээрлик дал келет, бирок мамлекет менен улутту дал келтирууге толук негиз бербейт.

Советтик гуманитардык илимдерде узак убакыттар бою улутка берилген эц кадыр-барктуу болуп Сталиндин аныктамасы эсептелет. «Улут, -деп жазат ал, - бул маданияттын жалпылыгынан керунген, экономикалык жашоосунун, аймагынын, тилинин жалпылыгынын базасында пайда болгон тарыхый жактан калыптанган элдердин жалпылыгы» (Сталин И.В., 296-б.; Акылбек, Сабирова, Сулайманов, 2020).

1989-жылы философиялык эницклопедиялык сездукте берилген аныктама боюнча анын авторлору Сталиндик формуладан кайпып етуу максатында аны мацызы боюнча толугу менен толукташкан. «Улут - сездукте айтылгандай, -аймагынын жалпылыгынын калыптануу журушунде, экономикалык байланыштарында, адабий тилинде, маданиятынын жана мунезунун этникалык езгечулуктерунде топтолгон элдердин тарыхый жалпылыгы» (Философский энциклопедический словарь, М., 1989, 405-б.).

Америкалык энциклопедияда берилген аныктама жогоруда келтирилген аныктамаларга салыштырмалуу теменку тактыкка ээ, ал бир аз баш-аламандуу. «Улут, - сездукте айтылгандай, -езулерун коомчулук же топ катары карашкан элдердин чоц тобу жана кебунче топко болгон ийкемдуулукту башка ага кирген ызы-чуулуу формаларынан жогору коет. Кепчулук учурларда улуттарга теменку бир же бир канча езгечулуктер таандык: тил, маданият, дин, саясий же башка институттар, езуне таандык болгон тарых жана жалпы тагдырга болгон ишеним. Кебунче улуттар компакттуу аймакты жердешет» (The Encyclopedia Americana, 1994, 751-б.).

Болжол менен бул аныктама, анын жалпы myh63y, кээ бир аныктала элек жаш улут болуу менен америкалык «улут» учурда белгилYY бир трансформацияларды башынан eткeрYYДe жана бул жаатта башка классикалык улуттардан айырмаланат. Бирок, биз келтирген аныктамалардын жетишсиздигине карабастан, алар «жумушчу» катары кызмат кыла бермекчи. Ошондой эле тeмeндeгY келтирилген макалада кызыктуу тYШYндYрмe берилген: «КeпчYЛYк учурда, бирок дайыма эле эмес, топ улут-мамлекет же жeн гана eлкe, улут деп аталуучу саясий тYЗYЛYштYн курамына кирет» (The Encyclopedia Americana, 1994, 7521-б.).

Демек, улут менен мамлекеттин ортосунда жалпы белги бар жана биздин пикирибизде, ал белги биринчи жагынан улут кeрYHYШYHYн пайда болуусун, экинчи жагынан - жогоруда келтирилген аныктаманын прагматикалык мYнeзYн билдирет.

Ошентип, биз макаланын сонунда белгилей кетYYЧY нерсе, этникалуулук -бул социалдык-психологиялык феномен, ал биринчи жагынан, ар бир индивиддин, белгилYY бир элдин жалпылыгына таандык экендигин аныктайт, экинчи жагынан - бул индивиддин тигил же бул себептер менен eзYн кайсы бир топтун мучосуно таандык кылбасын, этностун калыптануу принциби боюнча ал эч убакта башка социалдык топко тийиштYY кылуусунун мYмкYн болбойт. Жогорудагы аныктамага ылайык этноско аныктама берYYгe болот жана ал eзYнe тарыхый жактан калыптанган белгилYY бир аймактагы элдердин туруктуу жалпылыгын камтып турат жана жалпы этникалык шайкештикке, индивиддердин ушул коомчулука болгон ички, психологиялык тийиштYYЛYГYнe ээ.

Колдонулган адабияттар

АзимоваЖ.Ч. Кыргызстанские исследователи об этнических противоречиях // Вестник Ошского государственного университета. 2021. Т. 1, №3. сс. 5-13. DOI: 10.52754/16947452_2021_1_3_5. EDN: HLSKOG.

Акылбек К.А., Сабирова В.К., Сулайманов О.М. Факторы языка и самосознания людей в мифологическом характере этноидентичности // Вестник Ошского государственного университета. 2020. Т. 2, №1-4. сс. 35-37. EDN: BJAGRA.

БромлейЮ.В. Очерки теории этноса. - М., 1983.

Празаускас А.А. Этнос и политика: Хрестоматия. Авт. - сост. А.А. Празаускас .- М.: Изд-во УРАО, 2000.

Бердяев Н.А. Философия свободы. - М., 1989.

Джунушалиев Д., Плоских В. Трайбализм и проблемы развития Кыргызстана // Центральная Азия и Кавказ. 2000. - №3.

Иманалиев М. Центральная Азия в системе совместной безопасности // Центральная Азия и Кавказ. - 1999. - № 3(4).

Бромлей Ю.В. Очерки теории этноса. - М., 1983.

Жоробекова С.А. Культурный фактор в полиэтничном пространстве многоязычной Центральной Азии // Вестник Ошского государственного университета. 2021. Т. 3, № 4. сс. 36-42. EDN: PJFPMW.

Маркс К. Восемнадцатое брюмера Луи Бонапарта. Сочинения. Изд. 2-е. Т. 8. М., 1957.

Празаускас А.А. Этнос и политика: Хрестоматия // Авт. - сост. А.А. Празаускас .- М.: Изд-во УРАО, 2000.

Сталин И.В. Сочинения. - Т. 2.

Философский энциклопедический словарь // Редкол.: С.С. Аверинцев, Э.А. Араб-Оглы, Л.Ф. Ильичев и др. - 2-е изд. - М., 1989. 490-б.

The Encyclopedia Americana. - 1994. - Vol. 19. - P. 751

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.