Научная статья на тему 'ТЕАТР ӨНӨРҮНДӨГҮ САХНА КЕБИН ЖАНА КӨРКӨМ ОКУУНУ ОКУТУУНУН АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕРИ'

ТЕАТР ӨНӨРҮНДӨГҮ САХНА КЕБИН ЖАНА КӨРКӨМ ОКУУНУ ОКУТУУНУН АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕРИ Текст научной статьи по специальности «Искусствоведение»

CC BY
0
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
сахна кеби / көркөм окуу / театр / маданият / актер / дикция / үн / интонация / scenic speech / artistic word / theatre / culture / actor / diction / voice / intonation

Аннотация научной статьи по искусствоведению, автор научной работы — Искендерова Жылдыз Искендеровна

Макалада театр өнөрүндөгү сахна кебин жана көркөм окууну окутуунун айрым маселелери каралган. Театр тарыхында сахнада сүйлөө маселеси мезгил-мезгили менен ар түрдүүчө көтөрүлүп келген. Ал маселелер сөзгө, сөз таасирдүүлүгүнүн чыгармачылык процессине, сөздүн технологиясына, дикцияга, үнгө, сөз айтууга, аны көркөмдүк менен берүүгө жана жеткирүүгө ж.б. ченемдерге байланыштуу. Сахнада сүйлөө менен адамдардын демейдеги жашоо, пикир алмашуу, ой бөлүшүү учурундагы сүйлөгөн сөздөрүнүн ортосунда айырма чоӊ. Актердун келбети (фактурасы) келишип турса да анын үнүнүн пастыгы же таза эместиги ж.б.у.с. себептердин натыйжасында алдыӊкы катарга чыкпай, же болбосо каарманды жакшы ойной албай калган учурлары кездешет. Өзгөчө актёр үчүн сүйлөө маданиятын кылдат өздөштүрүүсү адистик зарылдык болуп саналат. Искусствонун ар кандай башка түрлөрү сыяктуу эле көркөм сөз өнөрүндө иштөөнүн, сөзгө арбалуунун өзүнүн техникалык ыктары бар. Биз сахна кеби жана көркөм окууга тийиштүү мыйзамдарды иликтейбиз.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

SOME QUESTIONS OF STAGE SPEECH AND ARTISTIC TRAINING IN THEATRICAL ART

The article discusses some issues of stage speech and artistic expression in theatrical art. Throughout the history of the theater, the question of stage speech has been raised from time to time in different ways. These problems are related to the word, the creative process of the expressiveness of the word, the technology of the word, diction, voice, pronunciation of the word, its artistic transmission and transmission, and other norms. There is a big difference between speech on stage and the speech of people during ordinary life. Although the appearance the actor is suitable, there are cases when, as a result of a low or unclean voice and other similar reasons, he does not come to the fore or can not play the character well. For an actor, in particular, thorough mastery of speech culture is a necessity of the specialty. As in any other form of art, working on an artistic word has its own tech queues, drawing attention to the word. This article explores the patterns relating to stage speech and literary expression.

Текст научной работы на тему «ТЕАТР ӨНӨРҮНДӨГҮ САХНА КЕБИН ЖАНА КӨРКӨМ ОКУУНУ ОКУТУУНУН АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕРИ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА BULLETIN OF OSH STATE UNIVERSITY

ISSN: 1694-7452 e-ISSN: 1694-8610

№2/2024, 469-478

ИСКУССТВО

УДК: 808.5:792/378

DOI: 10.52754/16948610 2024 2 46

ТЕАТР GHGPYHAGrY САХНА КЕБИН ЖАНА К0РК0М ОКУУНУ ОКУТУУНУН

АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕРИ

НЕКОТОРЫЕ ВОПРОСЫ СЦЕНИЧЕСКОЙ РЕЧИ И ХУДОЖЕСТВЕННОГО СЛОВА В

ТЕАТРАЛЬНОМ ИСКУССТВЕ

SOME QUESTIONS OF STAGE SPEECH AND ARTISTIC TRAINING IN THEATRICAL ART

Искендерова Жылдыз Искендеровна

Искендерова Жылдыз Искендеровна Iskenderova Zhyldyz Iskenderovna

доценттин м.а., Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство

университети

и.о. доцента, Кыргызский государственный университет культуры и искусства имени Б. Бейшеналиевой Acting Associate Professor, Kyrgyz State University of Culture and Arts named after B. Beishenalieva

jyldyz.86@bk.ru

театр eнeРYндeгY сахна кебин жана керкем окууну окутуунун

АЙРЫМ МАСЕЛЕЛЕРИ

Аннотация

Макалада театр eнeрYвдeгY сахна кебин жана керкем окууну окутуунун айрым маселелери каралган. Театр тарыхында сахнада CYЙлee маселеси мезгил-мезгили менен ар тYрдYYчe кeтeрYЛYп келген. Ал маселелер сeзгe, œ3 таасирдYYЛYГYHYн чыгармачылык процессине, сeздYн технологиясына, дикцияга, Yнгe, сeз айтууга, аны кeркeмдYк менен берYYгe жана жеткируу^ ж.б. ченемдерге байланыштуу. Сахнада CYЙлee менен адамдардын демейдеги жашоо, пикир алмашуу, ой бeлYШYY учурундагы CYЙлeгeн сeздeрYHYн ортосунда айырма чоц. Актердун келбети (фактурасы) келишип турса да анын YHYHYH пастыгы же таза эместиги ж.б.у.с. себептердин натыйжасында алдьщкы катарга чыкпай, же болбосо каарманды жакшы ойной албай калган учурлары кездешет. взгeчe актёр Y4YH CYЙлee маданиятын кылдат eздeштYPYYCY адистик зарылдык болуп саналат. Искусствонун ар кандай башка тYрлeрY сыяктуу эле гар^м сeз eнeрYндe иштeeнYн, сeзгe арбалуунун eзYHYн техникалык ыктары бар. Биз сахна кеби жана гар^м окууга тийиштуу мыйзамдарды иликтейбиз.

Ачкыч свздвр: сахна кеби, гар^м окуу, театр, маданият, актер, дикция, yh, интонация.

НЕКОТОРЫЕ ВОПРОСЫ СЦЕНИЧЕСКОЙ РЕЧИ И ХУДОЖЕСТВЕННОГО СЛОВА В ТЕАТРАЛЬНОМ ИСКУССТВЕ

Аннотация

В статье рассматриваются некоторые вопросы сценической речи и художественного слова в театральном искусстве. На протяжении всей истории театра вопрос о сценической речи время от времени поднимался по-разному. Эти проблемы связаны со словом, творческим процессом выразительности слова, технологией слова, дикцией, голосом, произношением слова, его художественной передачей и другими нормами. Есть большая разница между речью на сцене и речью людей во время обычной жизни. Хотя внешность (фактура) актера подходит, бывают случаи, когда в результате низкого или нечистого голоса и других подобных причин он не выходит на передний план или не может хорошо сыграть персонажа. Для актера, в частности, тщательное овладение речевой культурой является необходимостью специальности. Как и в любой другой форме искусства, в работе над художественным словом есть свои технические приемы, привлечение внимания к слову. Данная статья исследует закономерности, касающиеся сценической речи и художественного слова.

SOME QUESTIONS OF STAGE SPEECH AND ARTISTIC TRAINING IN THEATRICAL ART

Abstract

The article discusses some issues of stage speech and artistic expression in theatrical art. Throughout the history of the theater, the question of stage speech has been raised from time to time in different ways. These problems are related to the word, the creative process of the expressiveness of the word, the technology of the word, diction, voice, pronunciation of the word, its artistic transmission and transmission, and other norms. There is a big difference between speech on stage and the speech of people during ordinary life. Although the appearance the actor is suitable, there are cases when, as a result of a low or unclean voice and other similar reasons, he does not come to the fore or can not play the character well. For an actor, in particular, thorough mastery of speech culture is a necessity of the specialty. As in any other form of art, working on an artistic word has its own tech queues, drawing attention to the word. This article explores the patterns relating to stage speech and literary expression.

Ключевые слова: сценическая речь, художественное слово, театр, культура, актер, дикция, голос, интонация.

Keywords: scenic speech, artistic word, theatre, culture, actor, diction, voice, intonation.

Киришуу

Билим берYY процессинде сахна кеби жана керкем окууну YЙрeтYYHYн ээлеген орду жана аткарган кызматы езгече. Анткени, адам баласынын маданий децгээлинин, ой ЖYГYPTYYCYHYH жана бири-бирине адамгерчиликтYY мамиле жасоонун эц маанилYY каражаты анын кеби болуп саналат. Демек, кеп - бул процесс гана эмес, чыгармачыл ишмердYYЛYктYн натыйжалары. Сахна кеби жана керкем окуу ез ара маанилеш тYШYHYктeр болгону менен, булардын бири-биринен айырмасы да жок эмес (Нуруев ж-а Камардинова, 2021; Токтосунова, 2021).

БYГYнкY кYндe сахна кеби жана керкем окууну YЙрeтYY театр тармагында гана эмес, коомдун ар кандай чeйрeсYндe, маданият багытында, телерадиолордо дагы талап кылынууда. Бул себептерден улам азыркы убакытта сахна кебин YЙрeтYY методикасынын ыкмалары жана мазмуну кайрадан каралып, натыйжалуу заманбап методикалар иштелип чыгууда. Бул методикалар окуучулардын сахнада, дегеле жашоо турмушунда эркин баарлашуусун камсыз кыла турган маселелерине шайкеш келиши абзел.

Сахна кеби жана керкем окуу - театр окуу жайындагы негизги профилдYY сабактардын бирине кирет, окутуу мeeнeтY YЧYн сахна кебине Yч жыл, ал эми керкем окууга эки жыл берилет.

Сахна кебин YЙрeтYYHYн дагы бир маанилYY тYPY болуп, болочок актердун сeздY жеткиликтYY, керкем окуп YЙрeнYYCYнe жетишYY эсептелинет, бул керкем окуучунун кебин дагы терецдетYYCYнe, кебинин маданиятын жогорулатуусуна, уккулуктуу CYЙлeeгe жетишYYCYнe ебелге тYзeт.

"Актер CYЙлeгeндY билиши керек. Актердун айта турган сeзY таасирдYY болушу керек" - деген К.С.Станиславский (1951, 352-353-бб). К.С.Станиславскийдин окуусунун бийиктиги, ойлонуп чыккан жен гана субъективдYY сунуш эмес, чыгармачылык процесстин органикалык мыйзамына кирYY. Системанын eзY руханий жана физикалык табигый органикабызга кирYY дегендик. Искусствонун мыйзамы - табияттын мыйзамына негизделген.

Сахна кеби жана керкем окуу - тилге болгон жYктY абдан оордотот, актердун, аткаруучунун активдYYЛYГYн жана кYЧYн туура жолго багыттайт, жыйынтык чыгаруунун жакшы жолдорун керсетет, эц негизгиси - ез кесибин баалоого Yйрeтeт. Бекеринен К.С.Станиславскийдин чыгармаларынын сегиз томдугунун YЧYнчY, "Актёрдун роль YCTYндe иштeeсY" деген тому толугу менен кеп CYЙлeeнYн чеберчилигине, ички речтик техниканы тарбиялоо маселелерине арналган эмес. Эте таланттуу актёр да eзYн eзY тарбиялап, сез кыныгын алганга астейдил эмгек жумшабаса, сахнада CYЙлeeнYн eтeсYнe чыгуу оцойго турбастыгы ачыктан белгилYY.

Аталган маселелерди, деги эле болочок актердун сахна кеби жана керкем окууга болгон ышкысын eрчYTYYДe жана аны терецдетип тYШYндYPYYДe тeмeнкY адистердин эмгектерине кайрылса болот. Алсак, профессор А. Жапаров "Сахнада CYЙлee" аттуу эмгегинде Yн кубултуп керкем окууну актерлор арасында кандайча жYргYЗYY керектиги жeнYндe кенен айтып берет. Ал эми профессор Г. Дулатова "Кыргыз театрынын сахналык кеби" аттуу эмгегинде сахнада CYЙлee eнeрYHYн теориялык eбeлгeлeрY боюнча атайын сез кылат. Профессор Т. Бообекова "Дем алуунун YCTYндe иштее", "Дикция жана анын негиздери" окуу куралдарында керкем чыгармалардан атайын тандалып алынган тексттерге лингво-стилистикалык талдоо жYргYЗYY аркылуу иш процессинде CYЙлeмдeрдY маанисине карата кандайча Yн кубултуп кeрктYY окуу

керектигин белгилеп, тYPДYY интонацияларды, логикалык басымды, паузаны актердун туура коё билYYCY зор мааниге ээ экендигин керсеткен.

Булардан сырткары, профессор Б. Алымов керкем окууга атайын арнап эмгек жазбаганы менен, адабий чыгармаларды жогорку жана атайын окуу жайларында окутууда кыргыз жазуучуларынын айрым прозалык, поэзиялык эмгектерин жанрлары боюнча илимий-методикалык талдоого алып, алар боюнча керкем окууну кандайча уюштуруу керек экендиги тууралуу езYHYн оюн ортого салган. Кыскасы, бул эмгектердеги сунуштарды керкем окууда чыгармачылык менен пайдалана билсе, ал ез жемишин берерине эч кандай шек жок.

Сахна кеби жана керкем окууну YЙретYY методу, актердук чеберчиликти YЙретYY методунан эч айырмаланбайт. Керкем окуу - аткаруучулук искусство. Окулган чыгарма -керYYЧYHYн акылына, сезимине жана эркине таасир бериши керек. Албетте, бул таасирдYYЛYк, качан гана аткаруучу чыгарманын идеясын, керкемдYYЛYГYн толук тYШYнгенде гана ишке ашат. Тээ алыскы кылымдарда жашап еткен классикалык образдарды жаратууда, керYYЧYге таасир бере ала турган жандуу YндY кантип ездештYPYY керек? Жен гана чыгарманы тYШYHYп, текстти езYHYKY кылып алып, актер чын жYрегY менен чыгармада жашашы зарыл, текст езYHYн жан дYЙнесYнен чыккандай, ой менен жаралышы керек. СездYн чеберлери адатта, ездерYHYн жан дYЙнелYк дареметине жараша репертуар тандашат. Актер адабияттагы керкем сапаттарды кере билгидей, чыгарманын типтештирилген образдарын бирин экинчисинен айырмалап, андан пайда болгон туюлар менен сезимдерин карапайым турмуштук объектилердин мисалында эркин айтып берет. Керкем CYЙлеенYн спецификалык мYнездYY езгечелYГY анын образдуулук менен каныккандыгында.

Албетте, текстти окуу техникасын калыптандыруу тил YЙретYYHYн алгачкы эле этабында башталат. Мында актердон сездердY туура интонация менен талапка ылайык артикуляция менен окуу максатка ылайык келет. Текст менен тааныштырууда тексттеги ар бир сездY туура, так окуу, айтуу эске алынат, жацы сездер кезиксе алардын маанисин тYШYндYPYп берYY унутта калбайт. Керкем тексттеги берилген идеяны, мазмунду, сюжетти, образды ачып керсетYп, жазуучунун ой-пикирин, айтайын дегенин баамдап, ага CYЦГYп кире алгандай болушу зарыл. Текст - бул жен гана терецге, автордун оюна, планына CYЦГYп кирYYЧY керсеткYч жол. Автордун текстин жакшылап изилдее, аны дыкат тYШYHYY жана керYYЧYге жеткире билYY чыгарманын ажарын ачат, автордун келечегине жол табат. Адабий тексттин YCTYнде чыгармачылык менен иштееден актёрдун же керкем окуучунун тил байлыгы гана еспестен, керкем жана образдык ой жYГYртYYCY, руханий дYЙнесY теревдейт, эс тутуму байыйт, маданий чейресY кецейет.

Биздин пикирибизче, керкем окуудан мурун, биринчи кезекте текст менен ийне жибине жете мыкты тааныш болушу керек. Андан кийин алардын ар биринин образына, оюна жараша бир нече жолу YHДYH дикциясын, темпин кайталап керYШY керек. БYткYЛ езYHYн эркин керкем окуучу ошол чыгармага бериши керек. Себеби, керкем окуучу автор кандай образ жаратса, ал дал ошондой образды езYнде жаратып, керYYЧYлерге жеткирYYCY керек.

Керкем окуунун керYHYктYY чебери А.Я. Закушняк: "Адабий чыгармалардын YCTYндегY автордун, режиссердун жана аткаруучунун ишин бириктирип кандай карасам, езYмдYн ишимди да ошондой карайм" - деген (Артоболевский, 1959, 5-бет).

Арийне, керкем сез чебери адабий текстти окууда речтик партитураны, б.а. "керкем окуунун нотасын" пайдаланып, тигил же бул чыгарманын стилдик жактан болгон езгечелYГYне, андагы окуяга, езYне ылайыктуу интонация таба билип, чындыкты элестYY, керктYY окуй билYYCYHYн чоц мааниси бар (ДYЙшеев, 1978, 46-бет).

Бул жагдайда профессор Г. Дулатованын объективдYY пикирине ке^л буралы. Автор керкем тексттен алынган YЗYндY аркылуу болочок актерду керкем окууга YЙретYY менен бирге эмгекти CYЙYYге, мекенди чыцдоого, жаратылышты сактоого да тарбиялай тургандыгын туура байкап, тексттеги кездешкен CYЙлемдер аркылуу сахна кебине тиешелYY болгон кептин керктYYЛYГYн, эмоциялуулугун ачып берYYге жетишет. Актерду сахна кебине жана керкем окууга окутууда окутуучу алардын поэзиялык, прозалык, монологдук кепке активдYY жатыктыруусу кажет. Ацгеме, проза, монолог, айтылуучу ойго, аткарылуучу кырдаалга, угуучулардын кызыкчылыктарына жараша даярдалат.

Адабий чыгармаларды аткаруунун эки методу болот. Аларга: биринчиси - керкем окуу, экинчиси - ацгеме куруу. Бул экее тец реалдуу чындыкты чагылдырып, керкем окуп берYYHYн ыкмаларын толук колдонууга тийиш. Керкем окуу - "эмнени" жана ацгеме куруу "эмне женYнде" экени белгилYY болуш керек. Актер конкреттYY биреене кайрылбайт, анын объектиси бYTYндей аудиторияда отургандардын баары, же алардын конкрепуу бир екYЛYне карап алып ацгеме курушу да мYмкYн. Бул жагынан алганда маанилYY маек курган ацгемелердин керYYЧYлерY менен болгон байланышы кенен болот.

Кеп чыгармалар окуунун бир гана методун кабыл алат да, башка методдорду ага колдонууга болбойт. Мисалы: залда катышып отурган биреенYн "кезYне" карап, теше тиктеп туруп айтуу туура эмес. Анткени:

"Мен сизди CYЙем дагы эле,

сезимим али ече элек" -

деген жогорку ыр саптарын аткаруучу четки катарда отурган бир кыздан кезYн албай тиктеп туруп айтса, ал езYHYн атынанбы, же Пушкиндин атынан айтып жатканы тYШYHYксYЗ болуп калаар эле.

Ошону менен бирге эле, эки методду тец колдонуп аткара турган чыгармалар кездешет. Керкем сездYн мыкты устаты адабий чыгарманын жогорку эки методун тец колдоно билYYCY керек.

Демек, кептин тууралыгы - бул адабий норманы сактоо, б.а. биздин CYЙлешYYбYЗ адабий тилдин нормасынын негизинде тYЗYЛYШY керек. Туура CYЙлее маданияттуу CYЙлешYYHYн негизин тYЗYп турат. Кептин туура, туура эместиги женYндегY маселелер, адабий тилдин нормасы, анын негизги эрежелерин бузбай толук сактоо менен туура CYЙлеп, ой-пикирди керYYЧYге туура жеткизе билYY женYндегY тYШYHYктер окуу программада гана ездештYPYлет.

Кыргыз тили боюнча илимий изилдеелер, ачылыштар азыркы кездеги адабий тилдин нормасы сахна кебинин езгечелYГYне ылайык ийкемдYY пайдаланууга мYмкYндYк берет. Ошондой эле адабий чыгармаларды адабият таануу илиминдеги иликтеелерге салыштырганда, театралдык талдоо кеп жактуу жана ар тараптуу экендигин эске алуу зарыл. Театр CYЙлеенYн бирдиктYY нормасы менен жашайт дедик. Бирдиктуу норма сездY туура айтууга да, дикцияга да, YHre да тиешелYY. Алардан баш тартуу каарманга тиешелYY жеке

езгечелYГYHYн же тил маданиятынын бузулушу катары кабыл алынат. Демек, болочок актер окуу процессинде бирдиктYY норманы ездештYPYп чыгуусу зарыл. БирдиктYY норманын сакталышы азыркы учурда курч да, актуалдуу маселелерден болуп саналат.

Актер CYЙлегендY билиш керек. Салмактуу таза айтылган сез сахнада айтылган сездYн кер^. Айтылган сездYн ирээттYYЛYГY аны бир жалпылыкка алып келYY, логикалык паузаны туура коюу. Логикалык пауза тексттин маанисин билYYге жардам берет. Психологиялык пауза ошол мааниге, фразага жашоо берип, подтекстти аныктап берет. Эзгече белгиленген сезде подтекстин негизги маанилYYЛYГY, ички сезимдYYЛYГY жатат.

М. Рыскулов аткарган башка ролдорунун кайсынысын алып кербе^з, актердун талыкпаган, тажабаган тажрыйбасынан, таман акы, мацдай теринен жаралган, эл CYЙменчYЛYГYне ээ болгон образдар. Бир мисал, "М. Рыскулов аткарган падыша Лирге, Акылбекке, Отеллого эл кеп кирчY эле да, ошол эле спектаклди башка актерлор аткарса, ага салыштырмалуу керYYЧYлер алда канча аз. Анткени, сахнада керYYЧYлер актердун чебер кыймылын, турпатын керYп гана канагат албастан, аткаруучунун сез кYЧYне да баа берет. Аларга таасир эткен, идеяларды алып жYрген, жYрегYHYн терецинен тYнек тапкан, толкундатуучу ^ч керкем сезде гана болот. Ал сездYн таасир этYYЧY KYЧY ачык, так, терец ойлонулган актердун CYЙлеесY аркылуу ишке ашат" - дейт, искусство таануучу, театр сынчысы, Сарман Асанбеков (Абдул) (1977, 53-б.; Батырова ж-а Бапышова, 2023).

Актер - '^реткер" деген сыймыктуу сез, ушундай чеберчиликке байланыштуу айтылган. Актер езY аткарган кейипкердин турмуштагы натурасы болбостон, кергендердYн кецYЛYн бурган, кепке ойдо калчу мYнездY жараткан, чебер CYреткер болгондугу менен элдин CYЙменчYЛYГYне ээ. Аткаруучунун yhy кеп кырдуу болуп, ар бир сездY ез орду менен так, таасын айтып, дикциясы ачык-айкын чыгып, адабий тилде дурус CYЙлей алышы керек. Айрыкча, окуган материалдын идеясын, мазмунун толук TYШYHYП, автордун берейин деген ой-пикирин актер бардык жан дYЙнесY, сезими менен кубанып да, кыйналып да, кайгырып да айта алышы максатка ылайык.

Терец ойлонулуп жана тыкан даярдалган актердун керкем окуусу чыгарманын идеясын, керкем мацызын ачып берYYге жардам берет.

Ишти шыдыр эле чыгармаларды окуудан баштоо туура эмес. Адегенде автордун емYP жолуна, чыгармачылыгына токтолуп, ал чыгарманын жазылыш тарыхы женYнде кыскача маалымат алууга тийиш. Анткени жогоруда белгилеп еткендей, керкем окууга болгон даярдык, т.а., чыгарманын идеялык маанисин, TYЗYЛYШYH жана керкем каражаттарын таанып билYY, TYШYHYY - ете татаал процесс.

Эмне YЧYн жакшы пьеса керYYЧYлердYн оюнда калат? Эмнеге бир эле спектаклди кайра-кайра кергYCY келген театр CYЙYYЧYлерYн кездештирYYге болот? Себеби, ал эмгектер тYпкYPден суурулуп, булак суусундай ички сезимдерден мелмилдеп агып келген. Ал адам психологиясын жандантып, кадимкидей таасирлентет. Жогоруда М. Рыскуловду биз бекеринен мисал келтирген жокпуз. Мунун баары айланабызды адамгерчиликтин негизинде кароого тYрткY берет.

Искусство таануучу, театр сынчысы, котормочу, драматург, акын Сарман Асанбековдун (Абдул) мындай деп жазганы бар: "Мен ушул учурга чейин тац калам. Залкар Муратбек Рыскулов, арац Yч класстык билими болсо да сездY, ар бир тыбышты даана айтууга, ички

аппараттарын толук иштетYYге езгече маани берчY. КYндYЗГY репетициядан кийин ез алдынча кеп иштеечY. Эсимде, Лирдин бороон-чапкынга тушуккан абалын керсеткенY. Лир -Рыскуловдун акыл эстен ажырагандыгы, анын ички сезиминин чакчелекейин чыгаргансыйт. Ушул сахнаны бYTYп, бирок кандайдыр бир психологиялык абалынан чыга албай: А дабышым кандай чыкты? Биерденби? - деп, колунун кыры менен кекYрегYнен ейде сыдырды да, же, биерденби? - деп, киндигинен ейде карай кыймылын кайталады. Апкарый тYштYм да: -YHYЦYЗ ете эле терецдеп чыкты го - десем, - мага ошол аракетим ордунан чыктыбы же жокпу, ошол кызык - деп, мени сырлуу тиктеп койду" - дейт Сарман Абдул (Дулатова, 2004, 9-10-бб).

Сахна искусствосунда эстен кетпей калчу чеберчилик табылга, таланттуулук ^ч ошол YЧYн айтылып калып жатат.

Демек, сахнадан кеп айтуу енерY бири-бири менен эриш-аркак келген чеберчилик экендигине актёр гана эмес, режиссёр да езгече маани берYY зарыл. Сахна кеби жана керкем окууну айкалыштыруу - театр енерYн енYктYPYYHYн негизги факторлорунун бири. СYЙлеенY мыкты ездештурген актёр YЧYн чеберчиликке жетYY жецил, анткени чебер актёрдун чыгармачылыгынын бирден бир жардамчысы керкем сез болуп саналат.

СездYн таасирлYYЛYГY - татаал искусство. Сез чебери таасирдYYЛYктYн бардык элементтерин YЙренYп, берилген тапшырманы керкем децгээлде аткаруусу зарыл. Сез - бул таасирдYYЛYк. Сахнадагы сез, чындыкка жуурулган, чыныгы сезимде, таасирдYY мааниде болуусу керек. Сез жен гана: женекей, турмуштагыдай табигый болуусу зарыл (Тыналиева, 2017, 7-бет).

Чындыгында актердун кетерген жYГY абдан оор. Чыныгы артисттин сахнадагы емYPY ете мээнеткеч. Ал тексттеги керкем чындыкты угуучуларга элестYY, уккулуктуу, таасирдYY берYYге, CYЙлеенYн техникасына, интонациясына таянып, автордун берейин деген идеясын, эстетикалык сапатын, ой-пикирин майда оттенкалык нюанстарына жете угуучуга керYп тургандай, аралашып жYргендей кылып жеткире берYY жендемдYYЛYГYне ээ болушуна жетишYYCY керек (ДYЙшеев, 2007, 47-48-бб).

Кеп учурда театрга барсац бир тYPДYY кайталанган YндY угасыц; кептин логикалык нугу кеп учурда бузулгандыгына кYбе болосуц. Сезге маани бербегендикти байкайсыц. Ушулардан улам актерду, режиссерду тарбиялоочу мектептин кейгеЙY езYнен езY келип чыгат. Театр окуу жайы болочок адистерди тарбиялоодо окутуунун сапатын кетерYYге езгече роль ойнойт.

Болочок актердун дегеле керкем окуучунун CYЙлее маданиятын калыптандыруу менен биз алардын гармониялык жактан ар тараптуу енYГYШYне жана жеке адам катары калыптануусуна жардам беребиз. Ушундан улам CYЙлее маданиятынын коомдогу мааниси женYнде ойлонгондо, баарыдан мурда элибиздин сез кYЧYне баа беришин эске салууга аргасыз болобуз.

К.С.Станиславский айткандай: "Тигил же бул актер жакшы кенYктYPYЛген yhy, CYЙлеенYн чебер техникасына ээ болуп, езYHYн ролун ачык, керкем айта да, ойной да алса, анда ал мени езYHYн чеберчилиги менен тарта алат" (1951, 19-бет).

Режиссер канчалык кызыктырып, TYШYHДYPYП, керсетYп берсе да, айрым аткаруучунун каалаган чекке жетпей кыйналганын керебYЗ. Айрым учурда орусча сездY кыргызча, кыргызча сездY орусча айткан, интонация, дикциясы начар, паузаларды кармоону билбеген, езYHYн ички

же тышкы аппаратын башкарууга алы келбеген, ролдогу айтылуучу монолог, диалогдордун ^6yh ачык-так жеткизбеген актерлор да жок эмес. Бул айтылган кемчиликтер артисттин искусствосуна коюучу талаптын жYЗден бир гана YЛYШY. Андыктан, чыныгы аткаруучулук искусствонун чокусуна жетип, миц кырдуу, кеп сырдуу боёгу бар, философиялык ойго бай, эстетикалык салмагы KYЧTYY каармандын мYнезYн жаратыш YЧYн ар бир артист езYHYн устаттыгын арттыруу менен эл алдындагы чыгармачылык жоопкерчилигин унутпоо керек.

Албетте, эстетикалык ырахат жок жерде искусство да, керкем кабылдоо да болбойт, тек гана таанышуу, байкоо гана болушу мYмкYн.

БелгилYY театр сынчысы, Кыргыз ССРнин искусствосуна эмгек сицирген ишмери К.КYMYшалиевдин мындай дегени бар: "Адам денесин дYркYреткен Жер энеге карата айтылган Толгонайдын монологу керYYЧYлердY езYне магниттей тартып алып турчу. Керкем сездYн чебери болгон Д.КYЙYкова кийинки эле кездерге чейин Ч.Айтматовдун "Саманчынын жолу" повестиндеги Толгонайдын монологун ете жогорку чеберчиликте аткарып ЖYPДY. Кеп учурда керYYЧYлер ете созулган монологдордон, же кайым-айтыш диалогдордун узундугунан тажап кетишет. Бирок, бул оюнда тескерисинче эл Толгонай менен кошо жашап жатты. Д.КYЙYкова ушундай эмгеги YЧYн СССРдин Эл артисткасы деген ардактуу наамды жецип алды. Москва шаарында YЛГYЛYY коюлуп, ез убагында катуу дацкталды. Ал керYYЧYлердYн эсинде ушул убакка чейин сакталып кала берди. Бул керкем сез искусствосунун эц бийик YЛгYлерYHYн бири болуп кала бермекчи. КебYнче монологдорду керкем айтуу маселесине келгенде, артисттердин чеберчиликтери айдан-ачык керYнет. Керкем сез KYЧYHYH касиетине ошондо бир жолу канагат кыласыц" - деп эскерет (КYMYшалиев, 1973, 17-бет).

Арийне, баарыдан мурда, актер чыгарманын идеясын езYHYн бYт эркине сицирип алып, ошол чыгармадагы каармандын (езY болуп) ички сезимине аралашып кетYYCY зарыл. Актер езYHYн ролун жаратууда жана естYPYYДе, езYHYн жан дYЙнесYнен башка материал жок экенин билет. Бул анын yhy, анын тулку бою, ою, анын темпераменти жана сезими. Ошондой эле автордун текстиндеги, ар бир репликасындагы чыныгы мацызды табуу, тигил же бул ойду айта билYY жаратуучулугу.

"Театр - жашоодогу маселелерди чече турган эц жогорку инстанция" - деген А.И.Герцен. Демек, сахна кеби жана керкем окуунун устаты езYHYн эне тилин эц жакшы билип, анын бардык ньюанстарын эсепке алып, учкул сезимин жадысына сактоосу керек. Ал автордун эц назик ойлорунун жана сезимдеринин оттенкалык маанилик бирдигин да билиши зарыл. Сахна кебинде жана керкем окууда бардык сездер, ага камтылган ойлор тунук акыл, сергек сезим менен тутанып, так жана максатка ылайык, б.а., белгилYY бир чыгармачылыкта бере алгандай болуп багытталышы керек. Керкем окууда аткаруучу угуучуларга ошол чыгарманын идеясын терец жеткирYY YЧYн анын тематикалык негизин туура баамдап, езYHYн кез карашынын туура экендигине езYн да, угуучуларды да ынандыруу максатка ылайык. Керкем окуучу ар бир окуган материалын: кандай окудум? Кайсы жеринде кандай жетишпегендиктер болду? - деген сыяктуу суроолорду берип, аларды кайрадан окуп, иштеп чыгып, езYHYн логикалык ой жоруусу менен синтездеп ЖYPYП отурушу керек.

СYЙлеенYн таасирдYY болушу дегенибиз - бул ары татаал, ары маанилYY искусство. Ушул себептYY, керкем сездYн устаты таасирдYY, таамай сездYн элементтеринин деталын, ага байланыштуу бардык материалдарды да окуп YЙренYШY абзел. Бул анын керкем сездYн

дYЙнесYндегY алдыцкы чектерди белгилейт. Ушул максаттардын баары жазуучунун, драматургдун чыгармачыл ДYЙнесYне актердун CYЦГYп киришине ебелге тYзет.

КерYYЧYлер алдына чыгып CYЙлее аткаруучунун жYрегYне дайыма из калтырат. Ал кеп убакыт бою аны коштоп жYрет. Ойлонот, талдайт. 0ЗYнче талдоо аткаруучунун чыгармачылык есYШYне, кетирилген кемчиликтерди керYYге жана оцдоого, керектYY жацылыктарды кошууга жардам берет. КерYYЧYге керкем енерчYЛYктYн KYЧYH, таасирин, табитин табуу аркылуу материалдык чечилишин издее, аны ездештYPYY жана жеткирYY эц негизги милдет болуп саналат. Аткаруучунун изденYYCY, ар убак талыкпай эмгектенYYCY дайыма езYHYн YЗYPЛYY жемишин бербей койбойт.

Демек, сахна кеби жана керкем окуу - бул режиссерлордун, актерлордун, театр таануучулардын, агитаторлордун, ораторлордун, мугалимдердин, ырчылардын, алып баруучулардын искусствосу болуп эсептелет.

Натыйжада, жогорку далил факторлорду эске алсак, сахнада керкем CYЙлеенYн жандуулугу, предметтYYЛYГY, тактыгы, таасирдYYЛYГY ж.б. театр ишмерлери YЧYн эц башкы маселелердин бири. Алар кеп жагынан лекторлорго, дикторлорго да таасир керсете алат. Анткени, аталып кеткен кесиптин ээлери TYШYHYГY терец, кругозорунун кеп жактуулугу менен бирге, искусство менен адабияттын тыгыз, ажырагыз байланышынын YЛГYCYH керсете алат.

Жыйынтыктап айтканда, сахна кеби жана керкем окуу театр жаатында маданияттын бир элементин тYЗгендYктен, ага тиешелYY ар кыл маселелер кетерYЛYп, алар атайын изилдеенYн объектисине айлануу менен бирге, адам баласынын ички интеллектуалдык децгээлинин керсеткYЧY болуп саналат.

Кыргыз эли нукура езгечелYГY менен айырмаланган улуттук маданияттын бай казынасына ээ. Тарыхтын татаал кырдаалына карабастан, муундан муунга етYп, элдин руханий дYЙнесYн жацыртып, жашартып келе жаткан маданиятыбыз терец жана керецгелYY. Мына ушундан улам тилибизди кетерYY менен бирге биз дилибизди, аткаруучулардын CYЙлее чеберчилигин тарбиялоого жана аны естYPYYге умтулуу, ошондой эле илимий децгээлде изилдееге мезгил жетти деп жыйынтык чыгармакпыз.

Колдонгон адабияттар

1. Станиславский, К.С. (1951). Работа актера над собой. Москва.

2. Асанбеков, С. (1977). ИзденYY жана табылга. Фрунзе, "Кыргызстан".

3. Батырова, Т., & Бапышова, А. (2023). Студенттердин кеп маданиятын кептик коммуникациянын негизинде калыптандыруу. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология, 1(1), 22-29. DOI: https://doi.org/10.52754/16948874 2023 1(1) 3

4. Дулатова, Г. (2004). Кыргыз театрынын сахналык кеби. Театр окуу жайлары YЧYн окуу китеби. Бишкек, "Шам".

5. Тыналиева, Г. (2017). Керкем окуу. Бишкек, КТМУ.

6. ДYЙшеев, Ж. (2007). СYЙлее маданияты жана стилистика I китеп. Бишкек.

7. Артоболевский, В.Г. (1959). Очерки по художественному чтению. Москва, "Учпедгиз".

8. ДYЙшеев, Ж. (1978). Эмоционалдуу-экспрессивдYY лексиканын керкем окуудагы кээ бир езгечелYктерY. Эл агартуу.

9. КYMYшалиев, К. (1973). Залкар таланттар. Фрунзе, "Кыргызстан".

10. Нуруев, Т. Э. Керкем стилдеги кыйырлашкан - тике кеп / Т. Э. Нуруев, У. Н. Камардинова // Вестник Ошского государственного университета. - 2021. - Vol. 2, No. 4. - P. 1048-1052. - DOI: 10.52754/16947452_2021_2_4_1048. - EDN: TDOOPR.

11. Токтосунова, А. М. Диалогдун тил илиминде изилдениши / А. М. Токтосунова // Вестник Ошского государственного университета. - 2021. - Vol. 2, No. 4. - P. 1205-1212. - DOI: 10.52754/16947452 2021 2 4 1205. - EDN: ZDSSYZ.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.