ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОЛОГИЯ
JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOLOGY
e-ISSN: 1694-8874
№2(4)/2024, 32-40
УДК: 82.15
DOI: 10.52754/16948874_2024_2(4)_4
ТYРКИЯЛЫК КЫРГЫЗ РАГЫП ТOЛOЙКOНДYН НАСААТ ЫРЛАРЫ
ДИДАКТИЧЕСКИЕ СТИХИ КЫРГЫЗА ИЗ ТУРЦИИ РАГЫПА ТЁЛЕЙКЕНА
DIDACTIC POEMS OF THE KYRGYZ FROM TURKEY RAGIP TOLOYKON
Дастанбек Разак уулу
Дастанбек Разак уулу Dastanbek Razak Uulu
PhD, Ош мамлекеттик университети PhD, Ошский государственный университет PhD, Osh State University dastanrazzakuulu@,gmail.com
ORCID: 0000-0002-5326-2931
ОшМУнун Жарчысы. Филология, №2(4)/2024
ТYРКИЯЛЫК КЫРГЫЗ РАГЫП теЛOйКOНДYН НАСААТ ЫРЛАРЫ
Аннотация
Айрым кыргыз окуу жайларында, чет eлкeлYк кыргыздардын адабияты деген тема eTY'.iY'n келет. Баарыбызга белгилуу чет eлкeлYк кыргыз маданиятынын башатында Кытайдагы кыргыздар турат. Андан кийин Тажикстан, взбекстандагы кыргыздардын айрым ыр, жомоктору Кыргызстан коомчулугунда белгилуу. Акыркы отуз жылдыкта тYркология илимине ТYркия кыргыздары деген TYШYHYK кирди. ТYркия кыргыздарынын маданиятын Вандагы кыргыздар менен чектелип, алардын кошоктору, макал-лакаптары, ырлары, табышмактары изилденип келет. Китептер чыкты, макалалар, илимий иштер жазылды. ТYркиянын башка аймагында жашаган кыргыздардын чыгармалыр али белгисиз болуп келет. Мисалы Рагып ТeлeйкeндYн ырлары. Бул ырлары ушул убака чейин белгисиз болуп келген ТYркия кыргыздарынын адабиятында дагы бир жацы, жацы табылга. 03Y Кыргызстанда тeрeлYп 1 жашына жетпей чет елкеге YЙ-бYлeсY менен кетип, чет елкелерде жYPYп, 25 жашында ТYркияга барып орун алып калган Рагып Телейкен. Бул макалада ТYркияда жашап еткен кыргыз Рагып ТeлeйкeндYн eмYP жолу, “Насаатнаме” деген ыр китеби боюнча анализ жана талкуу болот.
Ачкыч свзДвр: ТYркия кыргыздары, ырлар, насаатнаме, Рагып Телейкен, насият, насаат сездер.
ДИДАКТИЧЕСКИЕ СТИХИ КЫРГЫЗА ИЗ DIDACTIC POEMS OF THE KYRGYZ FROM
ТУРЦИИ РАГЫПА ТЁЛЕЙКЕНА TURKEY RA GIP TOLOYKON
Аннотация
В некоторых учебных заведениях Кыргызстана преподается тема зарубежной кыргызской литературы. Кыргызы в Китае стоят во главе известной всем нам зарубежной кыргызской культуры. После этого в кыргызской общине известны некоторые песни и сказки кыргызов Таджикистана и Узбекистана. В последние тридцать лет в науку тюркологии вошло понятие Турецкие кыргызы. Культура кыргызов Турции ограничивается кыргызами Вана, изучены их плачи, пословицы, песни, загадки. Издавались книги, писались статьи, научные труды. Произведение кыргызов, проживающих в других регионах Турции, до сих пор неизвестны. Например, стихи Рагыпа Толойкона. Эти стихи - еще одно новое открытие в литературе кыргызов Турции, песни которых до сих пор неизвестны. Рагып Толойкон родился в Кыргызстане и уехал с семьей за границу, когда ему было года, в 25 лет он уехал жить в Турцию. В данной статье дать информации о жизни кыргыза Рагыпа Толойкона, жившего в Турции, и анализируется на основе стихи Насаатнаме.
Abstract
In some educational institutions of Kyrgyzstan, the topic of foreign Kyrgyz literature is taught. The Kyrgyz in China are at the head of the foreign Kyrgyz culture known to all of us. After that, some songs and tales of the Kyrgyz of Tajikistan and Uzbekistan are known in the Kyrgyz community. In the last thirty years, the concept of Turkish Kyrgyz has entered the science of Turkology. The culture of the Kyrgyz of Turkey is limited to the Kyrgyz of Van, their laments, proverbs, poems, riddles have been studied. Books were published, articles and scientific works were written. The works of the Kyrgyz living in other regions of Turkey are still unknown. For example, the poems of Ragip Toloikon. These poems are another new discovery in the literature of the Kyrgyz of Turkey, whose poems are still unknown. Ragip Toloikon was born in Kyrgyzstan and moved abroad with his family when he was years old, at the age of 25 he went to live in Turkey. This article provides information about the life of Kyrgyz Ragyp Toloikon, who lived in Turkey, and analyzes it based on the poem Nasaatname.
Ключевые слова: Турецкие кыргызы, стихи, насаатнаме, Рагып Тёлейкен, проповедь, слова проповеди.
Keywords: Turkish Kyrgyz, poems, nasaatname, Ragyp Toloikon, sermon, wise words.
33
Вестник ОшГУ. Филология, №2(4)/2024
Киришуу
Кыргыз коомчулугунда «Туркиялык кыргыздар» дегенде эц оболу акылыбызга «Вандык кыргыздар» келет. Анын себеби алар Рахманкул ханды жетекчилигинде Ооган Памиринен Пакистанга жер которушуп, ал жактан кыйынчылыкты кeрYШYn, кийинчерээк 1982-жылы ТYркияга кeчYп барышкандыгында. Ke4Yn барышкан мезгилинде 300 ге чукул YЙ бYлe, 1,5 мицге жакын адам болгондуктан, алар ТYркияда eздeрYнчe бир айыл болуп калышкан (Кайыпов, 2011, б. 48). Алар тууралуу ТYркиялык басма сез каражаттары кеп жазышып, чет элдик изилдeeчYлeр да байма-бай жаза башташкан. 1991 -жылы Кыргызстан кез карансыздыкты алгандан тартып ТYркияга барган кыргыз окмуштуулар, журналисттер, мамлекеттик жетекчилери Вандагы Улуупамир кыргыз айылына бара башташкан. Ошентип кыргыз коомчулугунда ТYркиядагы кыргыздар дегенде дароо вандык кыргыздар эскерилип калган. Чындыгында ТYркия аймагына кыргыздар 19-кылымдан тарта бара башташкан. 20-кылымдын башында ажылык жана окуу YЧYн (Кубатова, 2012, б. 153). барган Осмон мамлекетине барган бир нече кыргыз жарандарын кeрYYгe болот. ТYркия мамлекети курулгандан тарта орто азиялык саясий качкындар ТYркияны байырлай башташкан. Экинчи ДYЙнeлYк Согушта Германиянын колуна тYШYп калып, ал жакта тYЗYлгeн ТYркстан легионуна кирген тYркстандыктар (орто азиялыктар) согуш аяктагандан кийин туткундары алмашуу жараяны башталганда, СССРдин аймагына кирYYДeн чоочулаган туркстандыктар ТYркияга баш паанек издеп келе башташкан. Ошолордун арасында кыргыздар да болгон.
1950-жылдардын башында ТYркияда жацы бийлике келген Демократ партиясы Пакистан, Ооганстан, Кытай, Индиядагы качкын орто азиялыктарды ТYркияга алып келуу чечимин кабыл алган. 1952-жылдан тарта казак, езбек, уйгур, тYркмeн жана кыргыздар Пакситан аркылуу ТYркияга бара башташкан. (Razak uulu, 2023, s. 146). Кыргыздардын алгачкы тобу 60 кишиден турган 12 кыргыз YЙ-бYлe 1953-жылы ТYркиянын аймагына киришкен. Алар Кониянын Тавшанчалы деген районуна жайгашкан (Kalyon, 1992, s. 63-64). Бир жылдан кийин дагы бир топ кыргыздар кирип алар, Адана, Кония, Самсун, Измир, Стамбул сыяктуу шаарларга отурукташат. 1960-70-жылдары Сауд Арабияга жайгашкан айрым кыргыздар да ТYркияга келип отурукташат. (0зген, 2021, б. 111). Ал эми Вандык кыргыздар 1982-жылы ТYркияга барышкан.
Биздин макалада сез боло турган 1953-жылы ТYркияга барып жайгашып жашап калган кыргыз Рагып ТeлeйкeндYн eмYP жолу жана анын насаатнаме деген ыр китеби жeнYндe болмокчу.
Рагып Тeл6ЙкeнgYн omyp жолу
Мухаммед Рагып Телейкен 1927-жылы Ош шаарынын четинде Телейкен айылында туулган. Атасы Мухаммед Азиз Телейкен эл арасында Матас Каары деген ат менен белгилYY болгон. Ал балдарынын ысымынын баарына биринчи ысым катары Мухммед деген атты берген. Мухммед Казым, Мухаммед Назым, Мухаммед Рагып деп. Матас каары жаштайынан Оштогу Медреселердин биринде билим алып, кийин илимин жогорулатуу YЧYн Бухарадагы Мири Араб медресесинде бир нече жыл окуп келген. Анын талыкпаган илими, айрыкча диндеги укук маселелерин жакшы билгендиги, укулуктуу баяндары аркылуу эл арасында кадыр баркы есе баштаган. 1917-жылдагы Кокон шаарындагы ТYркстан
34
ОшМУнун Жарчысы. Филология, №2(4)/2024
Курултайына катышкан. 1920-жылдары Бухарадан кайтып келип, Оштогу бир тууган агасы Сайип кары, Мойдунбек корбашылар менен бирге кызылдар (большевиктер) менен салгылашууга еткен. Ал арада Оштогу медреселерде да сабак берип турган. Папанда анын тай (тага) журту жашагандыктан, тайлары менен жакшы мамиледе болгон. Ошол жылдары Папандын тоо тарабына чакан бир мечит салдырган. Матас каары 1926-жылы советтик бийликтин колун тушуп Москвага женетулуп, ошол жактан соттологон. Бирок бир жылда акталып кайра Ошко кайтып келет. Буга чейин анын 3 уулу болгон. 1927-жылы кайтып келгенде 6 айлык Рагып деген баласын керет. Акталып кайтып келгенине карабастан советтик бийликтин кысымынан улам, Матас каары Кашгарга етуп кетет. Аркасынан келинчегин, балдарын алдыртат. 5-6 жылдай Кашгар шаарында медреседе сабак берип, мечитте имам болот. Жуздеген окуучуну тарбиялайт. 1933-жылы Шинжацда башталган кетерулуштен улам (Разак уулу, 2024, б. 80). Матас каары уй-булесун алып Ооганстанга етуп кетет. Ал жакта уй-булесу менен 1950-жылга чейин: Кундуз, Бадахшан, Мазар-ы Шариф, Меймене сыяктуу аймактарда журуп, медреселерде сабак берген. Бул аралыкта Матас каарынын аялы жана 3 уулу кайтыш болот. Матас кары жалгыз Рагып уулу менен калат. Рагып Телейкен да Ооган медреселеринен таалим алат. Арада 1940-жылдардын башында эки жыл Памирге барып Жапар мицбашы, Рахманкул хан менен бирге жYрген. Памирде да аны совет тыцчылары ацдып журушкен. Матас каары Памир кыргыздарынын окушу учун атайын окуу усулдарын уйретуп, колундагы китептерди таштап кеткен.
1950-жылдары Туркия екмету Ооганстан, Пакистандагы орто азиялыктарды алып кете баштаганда, Ооган аймагындагы качкын кыргыздар Кабулга чогулушат. Атайын Мейменедеги Матас каары жана уулу Рагып Телейкенге кат жазып Кабулга чакырышат. Кабулга чогулган 12 кыргыз уй-булеге паспорт чыкканга чейин бир жылдай ал жерде кутушет. Ал арада Рагып Телейкен бой жетип, мыкты каары болуп чыга келет. Аны Кабулдагы Захир шахтын (ошо кездеги Ооган мамлекет башчысы) апасынын мечитине имам кылып шайлашат. Ал жерде кебунче чоц кызматтагылардын жаназасы окулган мечит болгону учун Рагып Телейкен да Ооган аристократиясы арасында таанылган. Ошол жакта журуп Ооганстанга качып барган Самарканддык найман кызына уйленет. Паспорт чыккандан кийин тун жамынып Пакистанга, ал жерден Туркияга кетишет. Алгач Адана шаарына, андан Кония облусунун Кулу районуна караштуу Тавшанчалы айылына отурукташат. Жарым жыл етпей Тавшанчалыга келген 12 уй-буленун 5 уй-булесу бул айылдан 10 км алыста жайгашкан, бирок Анкара облусуна караган жалац ногой-татарлар жашаган Акин айылына кечуп кетишет. Негизинен ногой-татарлар Матас каарынын наамын угуп калышып, ездеру суранып алып кетишкен экен. Айыл эли ортодон каражат чыгарып Матас каары учун айылдын орто жерине эки кабат уй куруп беришкен. Ошентип Матас кары уулу Рагып менен Акин айылында жашап калышат. Туркияга жайгашып жарандык алышкандан кийин Туркиянын мыйзамына ылайык фамилия алыш керек болгон. Туркияга барган кыргыздар ар бири ездерунун айылын же уруусунан фамилиясын алышкан. Матас каары езунун айылынын жана уурусунун атынан Телейкен деген фамиля алат. Ошентип Матас каары анын уулу рагып Телейкен деген фамилияны алып калышат. Бул жерде айта кетсек ашыкча болбостур, фамлияны Туркиянын расмий органдары каттап жатып, Телейкен деген сезге тили келбей Тулекан деп каттап коюшкан. Ошондуктан Туркиядагы алардын расмий фамилиясы Тулейкан болуп калган. Бизге ыцгайлуу болушу учун жана оргинал атын колдонуу учун жазуубуздун баштан аяк Телейкен деп колдонуп жатабыз. Рагып Телейкен
35
Вестник ОшГУ. Филология, №2(4)/2024
Туркиянын армиясындагы аба KY4TepYHge кызмат етеген. Матас каары 1953-жылдан 1974-жылы елгенге чейин Акин айылындагы мечитте имам болгон. Рагып Телейкен да медреселерде окуп каары болуп таанылганы YЧYн аны Хафыз аке деген ат менен таанылган. Куран жаттаган кары сeзY арабчада хафыз деп айтылат. Ошентип Рагып (Хафыз) ТYркиянын ар тарабындыгы кыргыздар арасында абройу бар, урматталган инсанга айланат. Ал аны менен бирге акыл-насаат, диний ырларды да жазып жYргeн. Анын ырлары «насаатнаме» ырлары деген ат менен топтолгон. Рагып Телейкен 1992-жылы Кыргызстанга келип, Телейкендегу ата-журту, Папандагы тага журтундагы туугандарын таап, алар менен катташа баштаган. 1990-жылдардын аягында атасы Матас каарынын айтып бергендерин, eзY кeргeндeрYн эскерYY катары жазган. 2000-жылдардын башында атасына арналган эскерYY китебин жана eзYHYн насаат ырларын турган эки китепчени расмий эмес басмакандан саналуу нускада басып чыграган. (Телейкен, 2003). Рагып Телейкен 2014-жылы дYЙнeдeн еткен. Учурда анын байбичеси жана балдары ТYркияда жашашат.
Насаат ырлары
Рагып ТeлeйкeндYн насаат ырлар китебинде жалпы ар TYPДYY темадагы 57 ырдан турат. Негизги жашоосу сыртта болуп, ТYркияда жашап калгандыктан ырларын тYрк тилинде жазып, медреселерде билим алганы YЧYн кeпчYЛYк саптарында фарс, араб сeздeрYн колдонгон. Ырлар катары менен: Sifati zatiyye (жараткандын сыпаттары), Naat-i nebi (пайгамбарды мактоо), Sihhat (ден соолук), Habu (уйку), Kalb (жYрeк), Kader (тагдыр), Bazan (кээде), Kabr (мазар), Naat-i nebi (мактоо), Ogunurum (eкYнeмYн), Hatiatin, ihlas (ыхлас), Geger (етет), Ehli Selef Yolu Ахли Салаф жолу), ihsan (жакшылык кылуу), Dogruluk (чындык), Sevgi (махабат), Sevmek (сYЙYY), Sevgi (махабат), Ne Gerek Var (эмне кереги бар), Hicret (кеч), Varsi Embiya, Munacaat (жалбаруу), Ne mutlu (кандай бактылуу), Sabir (сабыр), iman (иман), naati nebi (мактоо), itikaf (камоо), Sifatlar (сыпаттар), Kurtulu? kuranda (Кутулуу куранда), Kuranin hikmeti hakkinda (курандын керемети женунде!, Sitem, Dogrusu (туурасы), Seher vakti (тацга маал), Ne gikar (эмне чыгат), itab (ачууланба), Edeble gir (адеп менен кир), Cemaatla Namaz (жамаат менен намаз), Munacaat (жалбаруу), ihtiyarlik (карылык), Cani Gonulden (чын коцулдон), Elveda (кош), Ne gerek var (эмне кереги бар), Saglarin Agarmi? (чачыц агарган), Su (Суу), Hitab (атоо), Vesvese (шыбыроо), Doneceksin (Кайтасыц), Malazgirt (Манцикерт), Turkiyem (ТYркиям), Turkistanim (ТYркстаным), Kirgiz Eli (кыргыз эли), Zannimiz (пикирибиз), Bilemezsin (билбейсиц), Olamazsin (боло албайсыц), Ozlem (сагыныч), Kelimeler (сездер) деп аталат (Телейкен, 2003).
КeрYHYп тургандай кeбYнчe диний, ахлак жана адеп боюнча насаат ырларды жазган. Алардын айрымдарын талдай турган болсок. Мисалы «жараткандын сыпаттары» жана «пайгамбарДы мактоо» деген ырларында, Аллахтын бизди адам кылып жаратканына ШYГYP айтып, анын улуу зат экенине, аны мактоо менен мактануу менин кeцYЛYMYн CYЙYyсY дейт. ПайгамбарДы мактоо ырында акыркы Мухаммед пайгамбар жeнYндe айтып, ага куран тYШYPYлгeнYн, ага жараткан тарабынан улуу миссия жYктeлгeнYн, ал адамзатты алдыга тартып кеткенин, анын аркасынан Абу Бакир, Умар, Осмон, Али халифалар келгенин баяндайт. Жараткан жeнYндe ыры эки саптан жазылса, пайгамар тууралуу ыры терт саптан жазылган. Автордун «Ден соолук» деген ыры минтип башталат.
Сыххатлы олуп чалышмак не гузел
36
ОшМУнун Жарчысы. Филология, №2(4)/2024
Сабырлы олуп чалышмак не гузел
Ден соолукта болуп иштеген кандай сонун
Сабырдуу болуп турууктулука кенуу андан сонун.
Калган ыр саптары ез колуц менен, мацдайыцдын тери менен тамак таап жегенге шугур айтам, эшигицден бириси кирип, дартыцды угуп кеткен кандай сонун ж.б. деп улантып кетет.
Ал эми журок деген ырынын алгачкы куплети минтип башталат:
Typk40cy:
Калб назаргахы хактыр
Калб кырыжы олма кардешим
Калб тежеллигахи хактыр
Калб кырыжы олма кардешим.
Кыргызчасы:
Журек караган жер акыйкат болот
Сен журек ооруткан болбо тууган
Журек керген жер акыйкат болот
Сен журек ооруткан болбо тууган.
Андан кийин журек улуу журт, журек кузгу аны сындырбагын. Сындырсац мурдагыдай болбойт эч качан. Журек суйуунун булагы, анын суйуусу чексиз болот. Журекту денедеги бир эт деп ойлогондор айбандан айрымасы жок дейт. Тагдыр аттуу чыгармасы кыска болгону менен абдан маанилуу сездер менен жеткирет. Мисалы тагдырдын колу сага сенден жакын, эгер башыца оор кундер тушсе ага каршылык кергезбегун, эгер башыца келген нерсе тагдырыцда болсо андан эч качан кутула албайсыц дейт. блум деген ыр саптары; елум тубелуктуулуктун эшиги, сонсуздуктун елкесу, ал жакта жашоо жацыдан башталат, бирок ал жакта жыргал бар, кайгы бар, мууц бар. Тойбой турган жашоо уланат, ал жакта елум да жок, кейгей да жок, убакыт да жок, уйуц да жок дейт.
Кабыр (мазар) аттуу ыры узун жазылган. Негизгиси жараткандан кабырда бизди кыйнай кербе деген маани камтылган. Ихсан (жакшылык кылуу) ыр саптарында; адам деген сез адамга жакшылык кылуу дегенди тушундурет, бирок айрым адамдарда пикир, шугур, зикр жок болгону учун муну билишпейт дейт. Ырларынын арасына айрым сездерду, текстерди кошо жазып кеткен. Хадистерди, аяттарды же башыфнан еткен окуяларды да жазган ырларынын башына жазып, уйкаштырып улап турган. Мисалы чындык (туура) деген ырынын башына минтип жазган: «суйуктуу пайгамбарыбыздын бир аты Мухаммедул Эмин болгон. Эмин деген чындык деген сез. Балалылгында да аны Эмин (чындык ) дешкен» деп ырын баштаган. Анда адам касиеттин алгачкы булагы экендиги чындык, адамдардын адамдардан суранычы бир гана чындык, пайгамбарлардын баардык кылганы, жашоосу чындык, чындык жараткандын алдындагы эц жогорку нерсе, туура журген эч качан жыгылбайт. Бир коомдун журегунде чындык болсо, ал коомдо бакыт бар деп айтат. Суу деген ыр саптары: суунун шаркыратмадан агып жатканы, емурдун добушу чыгып жаткан жер деп суреттейт. Кунден куйуп, куурап калган топурака, суу берсец ачылып, топрук жылмаят. Суунун агышы абдан сонун болуп тынчтык берет. Эгер суу болбосоц, гул да булбул да суйуу да болбойт. Сен болбосоц махабат да мээрим да кез жашы да болбойт деген.
37
Вестник ОшГУ. Филология, №2(4)/2024
“Малазгирт” (Манцикет) деген ырында: 1071-жылы Селжуктар менен Византиянын согушунда Селжук-турктердун жецип алып, азыркы Туркиянын аймагына киргени учун ошол согушту жецгендерди, Селжук султаны Алпарсланды мактап жазган. Туркия деген ырында Туркиянын дуйне кезунде бир бейиш экендигин, дециздер менен куурчалган, токой менен каптаган, Анатолия топрагынын берекелуу экендигинин айткан. Андан кийин Туркстаным деген ыр жазып: Туркстан бейиш сыяктуу журтсуц, байрагыц да ай-жылдыз, сага убагында Кытай башчылары да келип чегелешкен, сенин желегицди желбиреткендер, Огуз хан, Манас баатыр, Амир Темир, Бабур шах болгон. Азыр бул елкеде жашагандар; кыргыз, казак, езбек, тажик, лакай туркмен, кара-калпактар мекендейт. Алар бул журттун кожоюну дейт. Эй журтум умугуцду ечурбе, бир кун сени куткарабыз, азаттыка чыгарабыз деп аяктайт. Бул жерде куткарабыз дегени Совет бийлигинен куткарып, эгемендуулуке жеткиребиз деген мааниде айтылган.
Рагып Телейкен кыргыз болгону учун кыргыздыгын унутпай “Кыргыз эли” деген да ыр жазган.
Typk40cy:
Hakas diye devlet kurdun, Alay Altay esas yurdun, Asirlardir devran surdun, Devletcisin Kirgizeli.
Tarih oncesi asirlarda,
Hun devleti, Gokturklerde, ismin geger, yazitlarda, Cengaversin Kirgizeli.
Yeniseyde anitlarin,
Seni soyler yazitlarin,
Sen kendini kanitladin, Tarihmisin Kirgizeli.
Kazak kaysak kalmuklarda,
Destan oldun oymaklarda, Efsanesin Turkistanda, Kirklar gibi Kirgizeli...
Кыргызчасы:
Хакас деген елке курдуц Алай, Алтай накта журтуц Кылымдарга жашап келдиц Мамлекетчилсиц кыргыз эли
Бизге чейинки кылымдарда Хун елкесу, Кектурктерде Ысмыц аталат жазууларда Жоокер болдуц кыргыз эли.
Эне-Сайда эстеликте Сени айтат жазууларыц
38
ОшМУнун Жарчысы. Филология, №2(4)/2024
Сен 63Y4dY далилдедиц
Тарых болдуц кыргы эли
Казак-кайсак, калмактарда
Дастан болдуц талааларда
Бир укмушсуц ТYркстанда
Кырк сыяктуу кыргыз эли (автор тарабынан которулду).
Андан кийин; пикирибиз, билбейсиц, боло албайсыц, сагынуу деген насаат ырларын жазып аяктаган. Китебинин аягында ырларында колдонгон бир нече арабча, фарсча сeздeрдYн TYPK46 тYШYндYрмeсYн жазып калтырган.
Жыйынтык
Рагып Телейкен акыл-насаат ырларын тээ 1960-70-жылдардан баштап жазып жYргeнYнe карабастан билинбей келген. 1990-жылдары ырларын бириктирип аз нускада расмий эмес басмаканадан чыгарса да эл арасында, кыргыз адабиятында билинген эмес. Болгону ТYркиядагы онго жакын кыргыз тааныштарына гана таратып берген. Албетте расмий басмаканадан чыкпагандыгы YЧYн да бул нерсе таасир этсе керек. Бул насаатнаме деген ыр китепти расмий басмакандан басып чыгарып, адабият, поезия CYЙYYЧYлер тарабынан кргызча которулуп баштаса чет елкелYк кыргыздардын адабияты дагы бир жацы казынага толукталмак. Рагып Телейкен негизинен жаш чагынан динге сугарылып, дин менен чоцойгону Y4Y^ дин менен жашаганы YЧYн ырлары дээрлик жашоону туура баалоо, жаратканды мактоо, пайгамбарды CYЙYY, акыл-насаат, жамандык жасабоо, биринин акысын жебее жана башка диний, тарбиялык оцутто жазылган. Бул макал аркылуу аз да болсо кыргыз адабиятына, кыргыз коомуна Рагып ТелейкендYн чыгармаларын танытууну кездедYк.
1-CYP0T. Рагып ТвлвйквнДун typkhg жазылган ыр китеби.
39
Вестник ОшГУ. Филология, №2(4)/2024
Адабияттар
1. Kalyon, Abuzer, (1992), , “Konya'da Kirgizlar”, Anayurttan Atayurda Turk Dunyasi Dergisi. Cilt: 2, Sayi: 5, 1994, ss. 62-64.
2. Razak uulu, Dastanbek. (2023). XX. Yuzyilda Turkiye-Kirgizistan ili^kileri. (PhD) Doktora tezi, дисс. izmir, Dokzuz Eylul Universitesi.
3. Tuleykan, Ragip. (2003). Matas kari hatiralari. Konya.
4. Tuleykan, Ragip. (2003). Nasihatname ve Menakbil Ebrar. Konya.
5. Кайыпов, Сулайман. (2011). Памир кыргыздарынын тамактануу системасы. Бишкек: Бийиктик.
6. Кубатова. А. (2012). Кыргызстандагы жадидчилик кыймылы (1990-1916). Бишкек: Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясы
7. бзген, Тайыр. (2021). TYpkcmaHdaH Туркияга: Ажы Парпи G3r0HdYH эскерYYлoрY. Которгон Разак уулу Дастанбек. Стамбул: Эргуван.
8. Разак уулу, Д. (2024). 1933-жылдагы Чыгыш TYPKCTaHgarbi азаттык согушта кыргыздардын ролу. Вестник Ошского государственного университета, №1, бб. 7695. DOI: 10.52754/16948610_2024_1_8. EDN: CENDVI.
40