Научная статья на тему 'CОВЕТ БИЙЛИГИНЕ ЧЕЙИНКИ КЫРГЫЗДАРДЫН ОТУРУКТАШУУCУНУН АЙРЫМ АРАКЕТТЕРИ'

CОВЕТ БИЙЛИГИНЕ ЧЕЙИНКИ КЫРГЫЗДАРДЫН ОТУРУКТАШУУCУНУН АЙРЫМ АРАКЕТТЕРИ Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
3
1
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
Отурукташуу / Туркестан / жараян / конуштар / Settlement / Turkestan / process / settlements

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — Апышова Аида Кабыловна, Пазыл Кызы Элнура

Эгемендүүлүккө ээ болгондон баштап, коммуниcттик идеологиянын үcтөмдүгүнүн жоюлушу, коомубузда, анын ичинде тарых илимине да эркиндикти пайда кылды. Эгемендүүлүк өз тарыхыбызды, эркин, обьективдүү карап чыгууга жана жазууга шарттарды жаратты. Бул Кыргызcтандын тарыхнаамаcында жаңы этаптын башталышына алып келген. Кыргыз тарыхнаамаcында кыргыздардын отурукташуу маcелеcине токтолгонубузда кыргыз эли өткөн кылымдын 20-30-жылдарына чейин эле негизинен көчмөн турмушта жашап келгендиги белгиленип, cовет бийлиги тарабынан бул процеcc жолго коюлгандыгы айтылып келет. Биз бул макалада кыргыздарда отурукташуу XIX кылымдын орто ченинде эле айрым жакырланган көчмөн калктын бөлүгү отурукташуу алардын жашооcун бир аз болcо да жеңилдетишин аңдап, Оруc империяcынын төбөлдөрүнө арыздарын жазып бир нече кайрыла баштагандыгы жана алардын кандай чечилгендиги боюнча cөз кылабыз.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

SOME ATTEMPTS OF SETTLEMENT OF THE KYRGYZ PEOPLE BEFORE SOVIET POWER

Since independence, the аbolition of communist ideology hаs creаted freedom in our society, including in historicаl science. Independence creаted the conditions for free, objective considerаtion аnd writing of our history. This led to the beginning of а new stаge in the history of Kyrgyzstаn. In Kyrgyz historiogrаphy, when it comes to the issue of settlement of the Kyrgyz, it is noted thаt the Kyrgyz people led а nomаdic lifestyle until the 20-30s of the lаst century, аnd it is sаid thаt this process wаs initiаted by the Soviet government. This аrticle exаmines the settlement of the Kyrgyz in the mid-19th century, when some impoverished nomаds, reаlizing thаt settlement would mаke their lives а little eаsier, wrote severаl stаtements to the rulers of the Russiаn Empire аnd how they were resolved.

Текст научной работы на тему «CОВЕТ БИЙЛИГИНЕ ЧЕЙИНКИ КЫРГЫЗДАРДЫН ОТУРУКТАШУУCУНУН АЙРЫМ АРАКЕТТЕРИ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ТАРЫХ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ИСТОРИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. HISTORY

e-ISSN: 1694-867X

№1(4)/2024, 123-130

УДК: 82-94 (575.2

DOI: 10.52754/1694867X 2024 1(4) 15

ШВЕТ БИЙЛИГИНЕ ЧЕЙИНКИ КЫРГЫЗДАРДЫН ОТУРУКТАШУУCУНУН

АЙРЫМ АРАКЕТТЕРИ

НЕКОТОРЫЕ ПОПЫТКИ ОCЕДАНИЯ КЫРГЫЗСКОГО НАРОДА ДО СОВЕТСКОЙ

ВЛАCТИ

SOME ATTEMPTS OF SETTLEMENT OF THE KYRGYZ PEOPLE BEFORE SOVIET POWER

Апышова Аида Кабыловна

Апышова Аида Кабыловна Apysheva Aida Kabylovna

т.и.к., доцент, Ош мамлекеттик университети

к.и.н., доцент, Ошский государственный университет candidate of historical sciences, associate professor Osh State University

^а280973@таИт_

Пазыл кызы Элнура Пазыл кызы Элнура Pazyl kyzy Elnura

окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель , Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University

ШВЕТ БИИЛИГИНЕ ЧЕИИНКИ КЫРГЫЗДАРДЫН ОТУРУКТАШУУCУНУН

АЙРЫМ АРАКЕТТЕРИ

Аннотация

ЭгемевдYYЛYккe ээ болгондон баштап, коммунисттик идеологиянын YCтвмдYГYHYн жоюлушу, коомубузда, анын ичинде тарых илимине да эркиндикти пайда кылды. ЭгемендYYЛYк вз тарыхыбызды, эркин, обьективдYY карап чыгууга жана жазууга шарттарды жаратты. Бул Кыргызстандын тарыхнаамасында жацы этаптын башталышына алып келген. Кыргыз тарыхнаамасында кыргыздардын отурукташуу маселесине токтолгонубузда кыргыз эли втквн кылымдын 20-30-жылдарына чейин эле негизинен квчмвн турмушта жашап келгендиги белгиленип, совет бийлиги тарабынан бул процесс жолго коюлгандыгы айтылып келет. Биз бул макалада кыргыздарда отурукташуу XIX кылымдын орто ченинде эле айрым жакырланган квчмвн калктын бeлYГY отурукташуу алардын жашоосун бир аз болсо да жецилдетишин ацдап, Орус империясынын тeбeлдeрYнe арыздарын жазып бир нече кайрыла баштагандыгы жана алардын кандай чечилгендиги боюнча свз кылабыз.

Ачык свздвр: Отурукташуу, Туркестан, жараян, конуштар

НЕКОТОРЫЕ ПОПЫТКИ ОCЕДАНИЯ КВ^^КОТОГО НАРОДА ДО ШВЕТСКОЙ ВЛАCТИ

SOME ATTEMPT TO SETTLE THE KYRGYZ PEOPLE TO THE SOVIET AUTHORITY

Аннотация

С момента обретения независимости отмена коммунистической идеологии создала свободу в нашем обществе, в том числе в исторической науке. Независимость создала условия для свободного, объективного рассмотрения и написания нашей истории. Это привело к началу нового этапа в истории Кыргызстана. В кыргызской историографии, когда речь идет о вопросе оседание кыргызов, отмечается, что кыргызский народ вел кочевой образ жизни до 2030-х годов прошлого века, и говорится, что этот процесс был инициирован советской властью. В этой статье рассмотрены оседание кыргызов в середине XIX века, когда некоторые обедневшие кочевники, понимая, что оседание немного облегчит им жизнь, написали несколько заявлений правителям Российской империи и о том, как они были решены.

Abstract

Since independence, the abolition of communist ideology has created freedom in our society, including in historical science. Independence created the conditions for free, objective consideration and writing of our history. This led to the beginning of a new stage in the history of Kyrgyzstan. In Kyrgyz historiography, when it comes to the issue of settlement of the Kyrgyz, it is noted that the Kyrgyz people led a nomadic lifestyle until the 20-30s of the last century, and it is said that this process was initiated by the Soviet government. This article examines the settlement of the Kyrgyz in the mid-19th century, when some impoverished nomads, realizing that settlement would make their lives a little easier, wrote several statements to the rulers of the Russian Empire and how they were resolved.

Ключевые слова: Поселение, Туркестан, процесс, Keywords: поселения settlements

Settlement,

Turkestan,

process,

Киришуу

Тарых барактары кабарлагандай, биринчиден, Кыргызстанда отурукташтыруу жараянынын ал-гачкы кадамдары тээ Россия империясынын колониялдык, оторчулук саясатынын учурунда эле Кыргызстан анын енер жайынын сырьелук базасы катары каралган кезден башталган. Демек, Кыр-гызстандагы отурукташтыруу жараяны XIX кылымдын акыркы чейрегинен башталганын кYбелендYрген бир катар документалдык материалдар менен тастыкталат. Отурукташкан калкы, дайыма даяр туруучу жумушчу кYЧY жок туруп, енер жайын айыл чарба сырьелору менен камсыз кылуу мYмкYн эместигин ошол эле колониалдык бийликтер мыкты тYШYнген деп айтууга негиз бар.

Орусиянын Туркестандагы колониялык саясаты женYндегY маселе XIX кылымдын аягында эле коюлуп, Туркестанды, анын ичинде Кыргызстанды Орусияга каратууга катышкан аскер адамдары, колониялык саясатты жYргYЗген, ишке ашырган жана ал окуяларга ^бе болгон падышалык ири тебелдер, саясат таануучулар жана илимий-чыгармачыл инсандар тарабынан изилдене баштаган. Алардын катарына чакан макаладан тартып, фундаменталдуу изилдеелерге чейин бар. Бул доордогу эмгектер тарыхнаамалык-булактык мааниге ээ. Авторлор кызматы, билим децгээли, кез карашы, алдыга койгон максаттары боюнча айырмаланышып, дээрлик кепчYЛYГY "социалдык буйрукту" аткарышкан. Бул авторлор - падышачылыктын башкаруу чейреcYнде жYрген саясий инсандар, же ири аскер кызматкерлери болушкан. Алардын эмгектеринде орус аскерлеринин жортуулдары, ири шаарларды каратуу, элдин каршылык керcетYYCY

Кыргыз тарыхнаамэсинде бул жараян негизинен ХХ кылымдын 20-30-жылдары жYргYЗYЛген деген пикир калыптанып калган. Ошол эле кезде, тарых барактары кабарлагандай, биринчиден, Кыргызстанда отурукташтыруу жараянынын алгачкы кадамдары тээ Россия империясынын колониялдык, оторчулук саясатынын учурунда эле Кыргызстан анын енер жайынын сырьелук базасы катары каралган кезден башталган. Демек, Кыргызстандагы отурукташтыруу жараяны XIX кылымдын акыркы чейрегинен башталганын кYбелендYрген бир катар документалдык материалдар менен тастыкталат. Отурукташкан калкы, дайыма даяр туруучу жумушчу кYЧY жок туруп, енер жайын айыл чарба сырьелору менен камсыз кылуу мYмкYн эместигин ошол эле колониалдык бийликтер мыкты тYШYнген деп айтууга негиз бар. Жогорудагыларды эске алып, каралып жаткан маселени бYГYнкY ^нде^ тарых илиминин енYГYY децгээлине ылайык ар тараптуу изилдее, жалпы адамзаттык баалуулуктардын позициясынан калыс баа берYY, азыркы Кыргызстан тарыхнаамасынын актуалдуу маселелеринен

БелгилYY болгондой, мезгилдYY басма сез материалдары негизинен тарыхый булак болуп эсептелишет. Биз изилдееге алган маселе боюнча ошол учурдагы "Русский вестник", "Исторический вестник", "Вестник Европада", "Военный сборникте", "Орусиянын географиялык коомунун", "Известияларында", "Запискаларында", "Вестниктеринде" басылган кептеген изилдеелердY белгилееге болот. Бул маселе боюнча материалдардын дээрлик кепчYЛYк басымдуу белYГYн "Туркестанские ведомостинин" 594 томдугу тYзе алат деп айтууга болот. Жыйынтыктап айтканда, революцияга чейинки авторлор расмий кез карашты чагылдырып, белгилYY бир социалдык буйрукту аткарганына карабастан, алардын эмгектеринде конкреттYY тарыхый фактылар, статистикалык маалыматтар келтирилген. Авторлордун дээрлик кепчYЛYГY окуянын тYЗден-тYЗ катышуучулары болушкан. Демек, бул доордогу эмгектердин булакнаамалык, тарыхнаамалык мааниси жогору экендигин белгилеп кетYY керек.

Чынында кыргыз жергесинде отурукташуу жараяны байыркы мезгилдерден эле башталган, бирок, Кыргызстандын тоолуу ереендерYнде жай енYГYп, монгол, калмак жортуулдарынын жана ез ара феодалдык кYрештердYн доорунда отурукташуу YЧYн зарыл саясий шарттар болгон эмес. XV кылымдын аягы XVI кылымдын башында кыргыздардын айрым топтору отурукташа баштаган, ал эми Кыргызстан Кокон хандыгына киргенден кийин тYштYк кыргыздарынын отурукташуусу кYч алган. 1860-жылдардын акырынан баштап, кыргыз калкынын кээ бир белYГYHYн отурукташа

баштаганы байкалган. Бул жараян К.П.фон-Кауфмандын «Отчетунун долбоорунда» кврcвтYлгвндвгYДвй бир нече себеп менен шартталган. Бай эмес, малы аз кыргыздар YЧYн K64Yn ЖYPYYHYH пайдасыздыгы жана YЙ-бYлвнYн экономикалык вз алдынчалыгын камсыз кыла албастыгы эле. Малдын биринчи кезекте кембагалдардын малынын жуттан жана тоюттун аздыгынан кырылышы, 1867-жылы киргизилген жарандык-административдик башкаруунун киргизилиши жана анын натыйжасында уруулук-аристократиялык башкаруунун шайланма башкаруучулукка трансформацияланышы, квчмвндврдYн жашоосунун уруулук принциптеринин аймактык (территориялык) принципке втYШY жана анын натыйжасында уруулук-патриархалдык байланыштардын бузулушу болгон [1].

Кембагалдарга жардам менен колдоону камсыз кылган туугандык-патриархалдык байланыштардын начарлашы жана тYTYн санын, малдын вCYШY квчYп ЖYPYYHYH чегин жана ьщгайлуулугун азайткан. «Мал чарбачылыгы жагынан бай, оокаттуу кыргыздар YЧYн ьщгайлуу болуп, кыргыздардын квпчYЛYГYн жокчулук дыйканчылыкка втYYгв аргасыз кылган»

Ал жылдары квчмвндврдYн отурукташуу кыймылын тикеден-тике колдоо же жардам беруу маселеси вкмвпук документтерде коюлган эмес. Бирок ТYркcтан генерал-губернатору К.П.Кауфмандын тапшырмасы менен уюшулган комиссиялардын баяндамаларында квчмвндврдYн отурукташуусунун маанилYY экономикалык маселе экендигин эске алуу менен "андай кыймылды" колдоо керек деген пикирлер айтыла баштаган.

Айталы, М.Н. Николаев 1869-жылы К.П.Кауфманга берген баяндамасында ТYркcтандын бардык жерлерин мамлекеттик жер деп жарыялап, аны кайра жергиликтYY элге коомдук пайдаланууга ыйгарууну сунуштаган. КвчмвндврдYн жерге отурукташуусу мамлекетке пайдалуураак болот, ошондуктаи кыргыздардын отурукташып, эгинчилик чарба менен алектенYYCYн кубаттоо керек деген пикирин билдирген. Бирок, квчмвн кыргыздарга жерди коомдук пайдалануу укугунда гана берYY керек деп, ал эки ыкманы сунуштаган. Биринчиси - айдоо жерлери YЧYн кожолук пайдалануу (подворное пользование) укугу менен бекшуу, ал эми экинчиси - жайлоолорду жалпы коомдук, башкача айтканда уруулук, жамааттык пайдалануу укугу. Ошол эле учурда сууну пайдалануу жалпы коомдук болушу зарыл деп кврсвтквн.

КвчмвндврдYн отурукташышын КЛ.Кауфман вЗY да, 1869-жылы иштеген генерал Д.И.Гомзиндин комиссиясы да, 1872-жылы ТYркcтан башкаруунун Жоболорунун долбоорун иштеп чыгуу боюнча иштеген генерал А.К. Абрамовдун комиссиясы да, 1882-жылы ТYркcтанды изилдвв жана текшерYY максаты менен келген сенатор, жашыруун кенешчи Ф.Гирс да негизинен колдошкон.

КвчмвндврдYн жайлоого эркин квчуу тажрыйбасы ар бир кыргыз квчмвнYнв «бир болуштуктан экинчи болуштукка, бир уезден экипчн уездге, облустан - облуска кирип кетуу мYмкYнчYЛYГYн тYЗгвн», — деп белгилейт К.П.Кауфман вЗYHYн отчетунда кыргыздардын мындай жер которуулары алардын уруу байланышына эмес, экономикалык себептерден улам келип чыккан.

Падышачылыктын жер саясатында жер-суу маселесинин чечилиши жарым- жартылай, орто саар болсо да, ал саясат объективдуу тYPдв отурукташуу жараянынын тездешине зарыл шарттарды калыптандыра алган. КвчмвндврдY белгилYY аймактарга бекитYY, алардын вз алдынча каалаган жагына квчYY-конуу кыймылын токтоткон. Мурунку мезгилдеги кYч менен жайыттарды тартып алуу, барымта уюштуруу, андан ары уруулук чабыштар сыяктуу жоокердик замандын белгилери жоюлган. Уруулар, жамааттар аралык жер-суу талаш азайган, элдин тынч жашоосуна вбвлгв тYЗYЛгвн. Мунун баары квчмвндврдYн отурукташуусун жана алардын дыйканчылык чарбага втYШYн тездеткен.

XIX кылымдын 80-жылдарынын башында Орусия ЭкмвтY да квчмвндврдYн мал чарбачылыктан дыйканчылыкка втуу менен отурукташуусу ТYркcтан крайында "жарандыкты" калыптандырууда жана бул жердин экономикасын внYктYPYYДв зарыл шарт экендигин тааный баштаган. Орусиянын Ички иштер министрлиги 1884-жылы вкмвттYн бул маселе боюнча негизги

милдети кeчмeвдeрдYн отурукташуусуна кемек KepceTYn, кээ бир, айталы салык чегеpYYДeн убактылуу куткаруу сыяктуу жецилдиктерди 6epYY менен бул кыймылдын тездешине зарыл шарттарды TYЗYY керек деп жазган.

Бул жерде тактап койо турган нерсе бар. Орус отор бийликтери кыргыздардын отурукташуусун тикеден-тике уюштурган эмес, болгону алар бул табигый eнYГYYгe кeмeк кepceтYYHY гана пландаган.

1886-жылдын 12-июнундагы Туркстанды башкаруунун Жобосу менен кошо кабыл алынган "Туркстанда жер-салык тYЗYЛYШYн киpгизYYHYн эрежелеринин» жана андан кийинки 1887, 1889, 1890, 1891 жана 1900-жылдардагы жер-суу жиктештируу, салык чегеруу боюнча тYpдYY инструкциялардын негизинде, Туркстан крайында жер-суу реформасы жYpгYЗYЛгeндYГY белгилуу. Ал реформа, маселен, Фергана облусунда 1890-1910-жылдарды, башкача айтканда 20 жылды камтыган. Кыргызстандын туштук аймактарында жашаган бир катар отурукташкан кыргыз элети аталган реформага кириптер болгон. Алардын жерлери крайдын отурукташкан калкына тиешелуу эрежелердин негизинде бектилип берилген. Бирок, Алай, Кара-Кулжа, Кара-Шоро, Кегарт, Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Кетмен-Тeбe сыяктуу тоолуу аймактарынын бир катар кeчмeн болуштуктарында да али жер-суу реформасы аяктай элек болчу.

Ошондой болсо да Кыргызстан Орусияга каратылгандаи кийин болуп eткeн социалдык-экономикалык eзгepYYлep кыргыздардын отурукташуу процессин кYчeтYп, натыйжада XIX кьлымдын 90-жылдарына карата ТYштYктe кадимкидей эле калк отурукташкан конуштар-кыштактар пайда болгон. Ферганада жер салык реформасынын жYPYШYндe кыргыз болуштуктарынын кeпчYЛYГY жерге отурукташуу аркылуу жайгаштырылган. Бирок, Жер-салык реформасы жургузулген учурда Фергана облусунда отурукташтырылбай калган болуштуктардын бири да кийин жерге жайгаштырылган эмес.

Падышачылык жацыдан каратып алган Туркстан крайын башкаруунун негизги жолдорун жана багыттарын издеп жаткан 1860-80-жылдарда кeчмeндepдY отурукташтыруу же эч болбоду дегенде алардын жашоо турун eзгepтYY жeнYндe эч кандай документ кабьл алынган эмес. Болгону бул маселе Туркстанды изилдеп келген орус ориенталисттеринин, бул жердин жалпы абалына сереп салган орус окумуштууларынын, крайды башкарууга дайындалган орус генералдарынын жана алар тузтн комиссиялардын гана талкууларында каралып, айрым бир пикирлер айтылган.

Орус экспедициясынын Туркестан крайында пайдалуу кендерди изилдee учурунан алынган Палендин отчетунда да кeчмeндep менен эле отурукташкан калктын жерлери боюнча бир катар маалыматтарды белгилeeгe болот.[5].

Туркестан крайын башкаруу боюнча (Положения) Жобонун 255-279-беренелерине ылайык, Сыр-Дарыя, Фергана жана Самарканд областарында отурукташкан калкка жерлер каада-салттарга негизделип, атадан-балага уланып келген жер ээликтерин колдонууга жана ага ээлик кылууга укугу бар экендиги кepceтYЛYп, ошол эле учурда кeчмeндepгe мамлекеттик жерлер белгисиз мeeнeткe жана каада-салттын негизинде берилет деп кepceтYлeт. (ст.270) [6] Кeчмeндep отурукташкан турмушка eтYШY 255-беренеге ылайык бекитилип берилет жана ар бир айыл боюнча отурукташкан айыл жана коомдун канчалык децгээлде бекем, чептуу (упроченным) экендиги изилденген.(ст.279) [6]

Ал эми Жети-Су областында кeчмeндep ээлик кылган жерлер жана токойлор мамлекеттик менчик катары эсептелген (ст.119 Степного Положения) [6] жана ал каада-салттарга негизделип белгисиз мeeнeткe чейин кeчмeндepдYн коомдук пайдалануусунда болгон (ст.120) [6]; ал эми кыштоолор жана айдалган жерлер каада-салттарга негизделип белгисиз мeeнeткe коомдук пайдаланууга ар бир айылга жана волосторго сунушталган.

1891-жылы Талаа Жобосу (Степное Положение) [6] квчмвн калкты башкарууда уруулук башатты бузуу аракетинде, административдик бирдик болгон (ауль) кыштоолук айылдардан турган волостторду тYЗв баштаган.

Фергана облавы. Мурдагы Кокон хандыгы Памирди кошкондо жалпы аянты 127.200кв.чарчыны(версть) (Памирди кошбогондо 41.000кв.чарчы) тYЗYп, ТYркеcтан Генерал-Губернаторлугунун тYштYк-чыгыш бвЛYГYн ээлеген. Анын чек араларын: тYндYктвн- Сырдарыя; чыгыштан-кытай ээлиги (Кашгар), тYштYкт-н афган ээлиги жана батыштан- Бухара менен Самарканд областары менен чектелген. Ал эми административдик мамиледе бул область 5 уъезден: Скобелевский (Маргеланский), Андижан, Наманган, Кокан жана Ош уъезддеринен турган.

1908-жылдын 1-январына карата калктын саны 1.914.178 болсо, анын 18.573адамы(калктын жалпы санынын1%ин басымдуу бвЛYГY шаарда жашоочу орустар тYЗгвн. Калган бвЛYктврYн -туземдер, алардын ичинен сарттар 1.275.000 же 66%тYЗYшcв, андан кийинки кыргыздар жана каракыргыздар 322.000 же 17%ин тYЗYшквн. Ал эми тажиктер 105.000 же жалпы калктын 7% тYЗYшквн. Калган 9% башка элдер кыпчактар, кашгарлар, взбектер, каракалпактар, тYрктвр, еврейлер цыгандар, татарлар, дунгандар, перстер жана арабдардан турган.Россияга кошулганга чейин кыргыздар Кокон хандыгына баш ийгендиктен, формалдуу тYPдв мусулман жер мыйзамдарынын карамагында болушкан, ага ылайык басып алынган жана ханга баш ийген бардык жерлер эгемендин менчиги деп жарыяланып, ал вз кезегинде аларды ар кандай шарттарда жана ар кандай мезгилдерде ижарага бере алган. Бардык айдоо жерлери, чептерге ээлик кылуу жана пайдалануу чектввнYн негизинде калкка бекитилип берилген.ТYштYктвгY мамлекеттик жерлерди жайыттар тYЗгвн жана алар квчмвндвргв белгисиз мввнвткв пайдаланууга берилген. Ислам мыйзамдары жерди ээликтен ажыратууга уруксат берген [7]. Социально-экономические отношения в Киргизском аиле в 19 и начале 20 веков. - Фрунзе: Киргосиздат, 1962. - 193 с. Айтбаев, М.Т. (Мукаш . Ошентип, кыргыз твбвлдврYHYн Кокон ханынан жерлерди сатып алуу фактылары кыргыздар Коконго баш ийгенден кийин белгиленген.Ушул мезгилден тартып тYштYктв жеке менчик жерди жамааттык жер ээликтен бвЛYп алуу сыяктуу кврYHYш байкала баштаган.

Бул жерде Кокон хандыгынын жана шарият нормаларынын эц кYчтYY таасири болгон. Калктын бай катмарлары, датхалар жана бектер ири жер ээлерине айланышкан.Алар жамааттык жерлерди хандыктын мыйзамдарын колдонуп басып алуу менен, аларда сугат иштерин жYргYЗYшквн же сатып алынган жерлерге жер салыгы алынган [4]. Жайыт тYPYндвгY жерлерге вз ара жоопкерчилик принцибинде салык салынган.

Жер тилкелерин кайра бвЛYштYPYY же тартып алуу укугу да болгон.Кыймылсыз мYЛктY ээликтен ажыратуу укугу бир катар жагдайлар менен чектелген: ал кошунасынын укугу жана жамааттын макулдугунун зарылдыгы болгон.

КонкреттYY мисалдардын бири катары твмвндв 1906-жылдагы Самарканд областынын маалымдама китебинин материалдарында Хожент уездинин Чапкуллук волостундагы кыргыздардын отурукташкан топтору боюнча айтылат.

Ал кезде Чапкуллук волосту Бишкек, Иске-Аучинский, Маргум жана Мадынган айыл жамааттарынан турган. Кыргыз калкы 722 кожолуктан турган. Тарыхта белгилуу болгондой, алайлык кыргыздар болжол менен ХУШ-кылымдын аягында - XIX кылымдын башында Кокон хандарынан Хорасан жана Александров кырка тоосунун этектериндеги кецири жерлерди сатып алып,

Ферганага квчYп келишкен.

Бул жерлерге себилген дан эгиндери жаан-чачындар менен гана cугарылып,тYШYм алууга мYмкYн болгон эгиндер эле. Кыргыздар ушул мезгилден баштап аралаш мал чарбасы менен дыйканчылык экономикасын жYргYЗв башташкан деп белгилввгв болот. Негизинен семиз куйруктуу

койлорду багышкан. Кой чарбасы негизинен сугат жерлеринин жетишсиздигинин ордун толтуруп турган.

Жерди пайдалануунун формалары бардык жерде бирдей болгондугун белгилeeгe болот. Жамаат учун айдоого мумкун болбогон, иштетилбеген жерлер, мал жаюуга гана мумкун болгон жерлер таандык эле. Ал эми башка суулуу башкача айтканда сугатка ылайыктуу жерлер чарбалык менчикте болгон. Дан эгиндерин эгYYДe эгин талааларына, айрыкча куздук эгиндерди себуу учун ар бир короодо eзYHYн участогу болгон.

Ошондой эле конуштарды пландаштырууга чарбалык шарттар да таасирин тийгизген. Кыргыз айылдары айылдын борбордук, жыш курулган бeлYГY болгон, кeп учурда отурукташкан бeлYк борбордук тобунан кыйла алыс жайгашкан. Бул eзгeчeлYк жакында эле отурукташкан жашоо образынан жана мал чарбачылыгы менен шYГYpлeнгeндYк жыш отурукташууга мумкун болбогондук менен тYШYндYPYлeт.

«Туркстан аймагын башкаруу жeнYндe жобого» ылайык кeчмeндepдYн жана отурукташкан калктын жерге болгон укуктары жана эл сотунун тузулушу айырмаланган.

Бул, чындыгында, уезддин отурукташкан жана кeчмeн калкынын ортосунда жургузулуу менен бут элдин турмушуна таасирин тийгизген. Н.С. Лыкошин:"... оседлый туземец фактически являлся полным собственником своей земли, принадлежащей каждому члену сельского общества, и была строго определена и ограничена." (Лыкошин, 1906). Жогоруда Н.С. Лыкошин белгилегендей, айылдын ар бир мYчecYнe тийиштуу болгон жерлерге отурукташкан жеpгиликтYYлep толук ээлери катары эсептелип, катуу аныкталган жана жектелген[6] Шариат укугуна ылайык, жер участогун саткан учурда жакынкы кошуналарга артыкчылык укугун берген.Алар баш тарткандан кийин гана сатылуучу жер чоочундарга сунушталган. Мындай адат жер сатууда бугунку кYнгe чейин сакталып келет. Тагыраак айтканда эгерде жер же турак жай сатыла турган болсо, алгач кошуналарга, андан кийин гана башкаларга сунушталат.

Аскердик Губернатордун областтык башкаруудагы жеке ишмердуулугуте анализ берсек, 1907-жылдын 10-октябрына карата Фергана областында чечилбеген 1576 дело катталган. Губернатор тарабынан кызматтык поездкалар 1908-ж. 23-31-январда, 4-8-мартта Ташкентте; Андижан шаарына жана Кемпир-Абад жана Жалал-Абадга 5-7-апрелде; Ош шаарына жана Кокон, Наманганга 23-29-апрелде, Ташкентке 4-8-майда; Андижанга - 26-июнда; Андижанга август айында 2 сутка, октябрь айында 5 суткага кызматтык сапар аткарган. Бул иш сапарлардын жыйынтыгы 1908-жылдын 1-майындагы Генерал-Губернаторго областар боюнча айрыкча, Ош уъезди боюнча 2 доклад тYPYндe берилген. Бул иш сапарлардын негизги максаттары болуп 1909-жылдын 24-январынан баштап eз алдынча келгиндер менен (самовольные поселенцы) кыргыздардын мамилелерин жeнгe салуу болгондугун айтууга болот. Жогоруда иш-чаралар Степное Положениенин 126-статьясына негизделип аткарылган. Анткени мында кыргыздарга eз жерлерин 30-жылдык мeeнeткe Европалык Россиядан чыккан орустарга берууге мумкун болгон.

Демек жогорудагы негиздерге, фактыларга таянып, кыргыздарда отурукташуу тенденциясы XIX кылымда эле башталган. Кыргыздар Орусияга каратылгандаи кийин болуп eткeн социалдык-экономикалык eзгepYYлep кыргыздардын отурукташуу процессин кYчeтYп, натыйжада XIX кьлымдын 90-жылдарына карата Туштукге кадимкидей эле калк отурукташкан конуштар-кыштактар пайда болгон.

Адабияттар

1. К.П.фон-Кауфмандын «Отчетунун долбоорунда»

2. Степное Положение 1891г.

3. Пален К.К. Отчёт по ревизии Туркестанского края. Переселенческое дело в Туркестане. СПб, 1910

4. В.М.Плоских «Земельные отношения в Южной Киргизии накануне вхождения в состав России», Фрунзе 1965.

5. Положение об управление Туркестанского края. 1906г.

6. Положение жизни Туркестане. Н.С. Лыкошин, 1906

7. Айтбаев М., Т. Социально-экономические отношения в Киргизском аиле в 19 и начале 20 веков. - Фрунзе, 1962.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.