Научная статья на тему 'БОЛУШТУК ЖАНА БОЛУШТУК БАШКАРУУ: XIX К. АЯГЫ – XX К. БАШЫ (КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК АЙМАКТАРЫНЫН МАТЕРИАЛДАРЫНЫН НЕГИЗИНДЕ)'

БОЛУШТУК ЖАНА БОЛУШТУК БАШКАРУУ: XIX К. АЯГЫ – XX К. БАШЫ (КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК АЙМАКТАРЫНЫН МАТЕРИАЛДАРЫНЫН НЕГИЗИНДЕ) Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
20
3
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
Түркстан генера-губернаторлугу / Фергана облусу / болуштук / болуштук башкаруу / башкаруу жөнүндө Жоболор / General Government of Turkestan / Fergana region / volost / volost government / Regulations on management

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — Кубанычбек Уулу Нурсултан

XIX кылымдын экинчи жарымынан тарта Орто Азия, анын ичинде Кыргызстандын аймагы Россияга каратылган. Натыйжада жергиликтүү калктын коомдук-саясий, социалдык-экономикалык турмушунда бир топ өзгөрүүлөр болгон. Жергиликтүү калктын мурдатан калыптанган башкаруу системасынын ордуна падышачылык саясатты ишке ашыруу үчүн жаңы башкаруу системасы киргизилген. Россия империясынын Түркстан аймагына киргизген башкаруу системасы “Аскерий-элдик башкаруу” деп аталган. Анын “элдик” деп аталган төмөнкү инстанциясын жергиликтүү башкаруу системасы түзүп, ал да өз кезегинде болуштук жана айылдык башкаруу баскычтарынан турган. Макалада, аталган доордогу болуштук жана болуштук башкаруу органынын уюшулушу, принциптери, өзгөчөлүктөрү изилденет.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Похожие темы научных работ по истории и археологии , автор научной работы — Кубанычбек Уулу Нурсултан

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

VOLOST AND VOLOST GOVERNMENT: AT THE END OF THE XIX BEGINNING OF THE XX CENTURY (BY THE MATERIALS OF THE SOUTHERN REGIONS OF KYRGYZSTAN)

In the second half of the 19th century, Central Asia, including the territory of Kyrgyzstan, was annexed to Russia. As a result, numerous changes occurred in the socio-political, socio-economic life of the local population. To implement the tsarist policy, a new system of government was introduced instead of the system of government already formed by the local population. The management system introduced by the Russian Empire in the Turkestan region was called "Military People's Management". The system of local self-government, which, in turn, consists of the district and village levels of government, formed its lower instance, called "people". The article deals with the organization, principles and features of the state and the state administration in the specified era.

Текст научной работы на тему «БОЛУШТУК ЖАНА БОЛУШТУК БАШКАРУУ: XIX К. АЯГЫ – XX К. БАШЫ (КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК АЙМАКТАРЫНЫН МАТЕРИАЛДАРЫНЫН НЕГИЗИНДЕ)»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА BULLETIN OF OSH STATE UNIVERSITY

ISSN 1694-7452 e-ISSN: 1694-8610

№4/2023, 47-60

ИСТОРИЯ

УДК: 947.1 (575.2) (043.3)

DOI: 10.52754/16948610 2023 4 6

БОЛУШТУК ЖАНА БОЛУШТУК БАШКАРУУ: XIX К. АЯГЫ - XX К. БАШЫ (КЫРГЫЗСТАНДЫН ТYШТYК АЙМАКТАРЫНЫН МАТЕРИАЛДАРЫНЫН

НЕГИЗИНДЕ)

ВОЛОСТЬ И ВОЛОСТНОЕ ПРАВЛЕНИЕ: В КОНЦЕ XIX - НАЧАЛЕ XX ВЕКА (ПО МАТЕРИАЛАМ ЮЖНЫХ РЕГИОНОВ КЫРГЫЗСТАНА)

VOLOST AND VOLOST GOVERNMENT: AT THE END OF THE XIX - BEGINNING OF THE XX CENTURY (BY THE MATERIALS OF THE SOUTHERN REGIONS OF KYRGYZ S TAN)

Кубанычбек уулу Нурсултан

Кубанычбек уулу Нурсултан Kubanychbek uulu Nursultan

окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University nkubanychbekuulu@oshsu.kg

БОЛУШТУК ЖАНА БОЛУШТУК БАШКАРУУ: XIX К. АЯГЫ - XX К. БАШЫ (КЫРГЫЗСТАНДЫН ТYШТYК АЙМАКТАРЫНЫН МАТЕРИАЛДАРЫНЫН

НЕГИЗИНДЕ)

Аннотация

XIX кылымдын экинчи жарымынан тарта Орто Азия, анын ичинде Кыргызстандын аймагы Россияга каратылган. Натыйжада жергиликтуу калктын коомдук-саясий, социалдык-экономикалык турмушунда бир топ eзгeрYYлeр болгон. ЖергиликтYY калктын мурдатан калыптанган башкаруу системасынын ордуна падышачылык саясатты ишке ашыруу YЧYн жацы башкаруу системасы киргизилген. Россия империясынын ТYркстан аймагына киргизген башкаруу системасы "Аскерий-элдик башкаруу" деп аталган. Анын "элдик" деп аталган тeмeнкY инстанциясын жергиликтYY башкаруу системасы тYЗYп, ал да ез кезегинде болуштук жана айылдык башкаруу баскычтарынан турган. Макалада, аталган доордогу болуштук жана болуштук башкаруу органынын уюшулушу, принциптери, eзгeчeлYктeрY изилденет.

Ачкыч свздвр: ТYркстан генера-губернаторлугу, Фергана облусу, болуштук, болуштук башкаруу, башкаруу жeнYндe Жоболор.

ВОЛОСТЬ И ВОЛОСТНОЕ ПРАВЛЕНИЕ: КОНЕЦ XIX- НАЧАЛО XXВЕКА (ПО МАТЕРИАЛАМ ЮЖНЫХ РЕГИОНОВ КЫРГЫЗСТАНА)

Аннотация

Со второй половины XIX века Средняя Азия, включая территорию Кыргызстана, была присоединена к России. В результате произошли многочисленные изменения в общественно-политической, социально-экономической жизни местного населения. Для реализации царской политики была введена новая система правления взамен уже сформированной местным населением системы правления. Система управления, введенная Российской империей в Туркестанской области, называлась «Военно-народное управление». Его низшую инстанцию, называемую «народом», образовывала система местного самоуправления, которая, в свою очередь, состояла из волостного и сельского уровней управления. В статье рассматриваются организация, принципы и особенности государства и органа государственного управления в указанную эпоху.

VOLOST AND VOLOST GOVERNMENT: THE END OF THE XIX - BEGINNING OF THE XX CENTURY (BY THE MATERIALS OF THE SOUTHERN REGIONS OF KYRGYZSTAN)

Abstract

In the second half of the 19th century, Central Asia, including the territory of Kyrgyzstan, was annexed to Russia. As a result, numerous changes occurred in the socio-political, socio-economic life of the local population. To implement the tsarist policy, a new system of government was introduced instead of the system of government already formed by the local population. The management system introduced by the Russian Empire in the Turkestan region was called "Military People's Management". The system of local self-government, which, in turn, consists of the district and village levels of government, formed its lower instance, called "people". The article deals with the organization, principles and features of the state and the state administration in the specified era.

Ключевые слова: Туркестанское генерал-губернаторство, Ферганская область, волость, волостное правление, Положение об управлении.

Keywords: General Government of Turkestan, Fergana region, volost, volost government, Regulations on management.

Киришуу

Теманын актуалдуулугу. ЭгемендYYЛYк колубузга тийгенден кийин коммунисттик ж.б. идеологиялык керсетмелерден оолак болуп, тарыхыбызды объективдYY изилдееге шарт тYЗYлдY. Мындан улам, бYГYнкY кYнде тарыхчылардын алдында улуттук тарыхыбыздын "ексYк" жерлерин тарыхый булактардын негизинде жацыча кез караш менен кайрадан объективдYY жазуу, "бексе" жерлерин толуктоо милдети коюлуп турат. XIX кылымдын экинчи жарымы - XX кылымдын башы кыргыз тарыхында колониялык доор деп аталып, бул мезгилде коомдун саясий, экономикалык, маданий ж.б. чейрелерYнде олуттуу езгерYYлер жYрген. Анын алкагында кыргыздардын административдик-башкаруу тYЗYЛYШY да колониялык орус бийлигинин жYргYЗген административдик саясатына ылайык езгерYYге дуушар болгон. Аталган маселе тууралуу ошол доордогу изилдеечYлер (орус улутундагы изилдеечYлер) колониялык бийликтин расмий кез карашында изилдеп жазышса, советтик тарыхнааманын екYЛдерY коммунисттик идеологиянын айланасында изилдешкендиги менен мYнезделет. Ошондуктан, каралып жаткан маселени кептеген жацы тарыхый булактардын, езгече архивдик материалдардын ж.б. негизинде ар тараптуу изилдее актуалдуу болуп турат.

ИзилдеенYн обьектиси: XIX кылымдын экинчи жарымы - XX кылымдын башындагы Кыргызстандын административдик-башкаруу системасы.

ИзилдеенYн предмети: жергиликтYY (болуштук) башкаруу.

Материалдар жана методдор. Изилдееде орус тилдYY, жергиликтYY тарыхый булактар, архивдик материалдар пайдаланылды жана тарыхый-генетикалык, тарыхый-салыштырма ж.б. методдор колдонулду.

Жыйынтыктар жана талкуулар. Кыргыздагы "болуш" сезY жалпы славян элинин "волость" сезYHYн кыргыз тилинин фонетикалык айтылуу ыргагына жараша езгерген формасы экендиги маалым. Биздин лексиконго бул сез орус империясына каратылган мезгилден баштап кирген. Термин жалпы Славян элдерининде орто кылымдардан эле белгилYY болуп, "власть" (бийлик), кийинчерээк "владеть" (ээлее, ээлик кылуу) маанилеринде колдонулган (Крылов, Г.А., 2005, С.75) Кийинчерээк "волость" сезY административдик бирдик маанисинде колдонулуп, ал эми анын башчысы "волостной управитель" деп аталган.

Кыргыздарда болуш сезYHYн колдонуу маанисинде бираз езгечелYк бар. Болуш деп административдик бирдиктин башчысын, орусча айтканда "волостной управитель" (болуштук башкаруучу) маанисин туюндурган. Ал эми административдик бирдикти туюндурууда кепчYЛYГY "болуштук" деп колдонушкандыгы тарыхый булактардан жана илимий адабияттардан белгилуу. Мисалы:

"...0^ сары, кезY кек,

Орус чыгат.

Миц тYTYнге бир киши,

Болуш чыгат..." (Мусаев С., Акматалиев А., 2000, 52-б.) - деп XIX кылымдын биринчи жарымында эле Калыгул Бай уулунун айткандары маалым.

Биздин изилдеебузде да негизинен "болуштук" сезYн административдик бирдик (волость) маанисин туюндуруу YЧYн, ал эми "болуш" деп анын башкаруучусун (волостной управитель) туюндуруучу маанисинде колдонулду. Бирок, болуштук башкаруучу деп колдонуу туура эмес дегендикке жатпайт. Тескерисинче кээде CYЙлемдYн езгечелYГYне

жараша колдонууга туура келет. Революцияга чейинки мезгилдерде орус тилинен кирген башка да кептеген сeздeрдY жергиликтYY эл eздeрYHYн тилинин фонетикалык ыргагына жараша ыцгайлаштырып айтышкан. Маселен, орустун "уезд" деген сeзYн ата-бабаларыбыз "YЙeз", "оёз" деп айтышкандыгы да белгилYY.

Орус мыйзмадарынын негизинде жергиликтуу башкарууну уюштуруу YЧYн ТYркстан генерал-губернаторлугу тYЗYлгeндeн кийин жер-жерлерде болуштук жана айылдык административдик бирдиктер тYЗYЛYлe баштаган. Алардын TYЗYЛYШYHYH негизги принциптери ТYркстанды башкаруу жeнYндe Жоболордо белгиленген. 1886-жылы кабыл алынган ТYркстан крайын башкаруу жeнYндe Жобонун 75-беренесине ылайык отурукташкан болуштуктар бири-бирине чектеш, жакын турган бир нече айыл жамааттарынан турары жана 110-беренеге ылайык кeчмeн болуштуктар кыштоо мезгилиндеги жерлери боюнча жакын турган айылдардан турары белгиленген (Положение об управлении Туркестанского края, 1886, С. 325-328). Мисалы, 1909-жылы Ош уездинин Ноокат болуштугу Эски-Ноокат, Жацы-Ноокат, Кара-Таш, Кыргыз-Ата, Шацкол, Кошчан, Кeк-Бел, Кыркоол айыл жамааттарынан турган. Ошондой эле Маргалац уездинин Ичкилик болуштугу Караван, Айтамга, Чавай, Кожо-Арык, Кацды-Борбаш, Алашан, Меркит, Гереит-Шорон деген айыл жамааттарынан турган (Список населенных мест Ферганской области, 1909, С. 71-72). Демек, болуштуктар бир нече айыл жамааттарына бeлYнгeн. Ал эми айыл жамааттар бир нече айылдарга, калктуу конуштарга ажыраган.

Кыргыздарда болуштуктар уруулук TYЗYЛYШ боюча эмес, аймактык принцип боюнча: арыктарды (дарыялар - Кубанычбек у.Н.) бойлой, eрeeндeр боюнча, кeл жээктери жана eзeндeр боюнча уюшулган (Южаков, Н.Д., 1891, С. 24). 1911-жылы Ош уездинин землемери И.Попов тарабынан тYЗYЛгeн Ош уездинин болуштуктарга бeлYнгeн картасынан (Эзбекстан Улуттук Архиви, 19-ф., 1-оп., 33258 иш, 49-б.) болуштуктар дарыяларды бойлой, башкача айтканда ар бир болуштуктун аймагынан жок эле дегенде бир же эки дарыя кесип eткeндYГYн кeрYYгe болот.

КАШ ЦСИГОУВДА

Сурет 1. Ош уездинин картасы, 1911-ж.

Фергана облусундагы кыргыз болуштуктарынын аталыштары боюнча анализ жасап кeрдYк жана темен^дей жыйынтыкты алдык: 1) уруу-уруктардын аталышынан (этнотопоним) ыйгарылган аталган болуштуктар, мисалы: Жоокесек-Бостон, Нойгут-Кыпчак, Найман, Ичкилик, Кыркуул, Багыш, Саруу ж.б.; 2) болуштук тYЗYлгeн eрeeндYн тарыхый аталышынан, мисалы: ^гарт, Ноокат, Ош, Лейлек ж.б.; 3) болуштуктун борбору деп кeрсeтYлгeн аймактын же калктуу конуштун тарыхый аталышынан, мисалы: ГYлчe, Куршаб, Кашкар-Кыштак ж.б.; 4) болуштук жайгашкан аймактагы гидронимдердин мисалы: Ак-Буура, Жазы ж.б.. Жыйынтыктап айтканда, кыргыз жерлеринде болуштуктар XIX кылымдын экинчи жарымынан кийинки мезгилдерде гана аймактык принцип боюнча тYЗYЛYп баштагандыктан алардын аталыштары да ал аймактагы топонимдердин (ойконим, ороним, гидроним, этнотопоним, антропотопним ж.б.) негизинде аталган.

1886-жылы кабыл алынган ТYркстан крайын башкаруу жeнYндe Жобонун 76-беренесине ылайык отурукташкан болуштуктарда тYTYндYн саны 1000ден 2000ге чейин болору, ал эми 109-беренесине ылайык кeчмeн болуштуктарда 2000 тYTYндeн ашпаган eлчeмдe облустук башкармалык тарабынан аныкталары жазылган (Положение об управлении Туркестанского края, 1886, С. 326-328). Ю.Д.Южаковдун "ТYркстан крайын башкаруунун 27 жылдыгынын жыйынтыгы" деп аталган eзYHYн эмгегинде болуштук 6дан 12ге чейин айылдан (айыл жамаатынан - К.у.Н.), же болбосо 1000ден, ал тургай 800, 900дeн 2000ге чейин жана андан да ^п тYTYндeн турат деп белгилейт (Южаков, Н.Д., 1891, С. 24). Болуштук жана айылдык административдик бирдиктердеги тYTYндYн саны Жободо белгиленгендеги eлчeмY тец салмактуулукту, башкаруу жана салык жыйноо маселелериндеги ьщгайлуулукту камсыздаган мыйзам болгон.

Анткен менен болуштуктардагы тYTYндYн саны Жободо кeрсeтYлгeн елчемден аз же кеп болгондугун тарыхый булактардан кеп эле кезиктирYYгe болот. Бул боюнча ревизор К.Пален да eзYHYн отчетунда таблица менен кeрсeтYп, ТYркстандагы 4 облус боюнча 269 кечмен болуштуктан 29унда тYTYндYн саны 2000ден кеп болгондугун, ал эми отурукташкан 205 болуштуктан 116 болуштукта кожолуктун саны 2000ден кеп болгондугун жазат. Ал тургай Фергана облусунун Анжиян уездинин 1 болуштугунда, Маргалац уездинин 2 болуштугунда, Кокон уездинин 1 болуштугунда кожолуктун саны 5000ден кеп болгондугун керсетет (Пален К.К., 1910. С. 68-70). 1909-жылы жарык керген Фергана облусундагы калктуу конуштардын тизмеси деп аталган булакта да Ош уездинин кечмен районуна кирген ^лче болуштугунда 2566 тYTYн, ал эми Капчыгай болуштугунда 2352 тYTYн болгондугу, ал эми ушул эле уезддин отурукташкан районуна кирген Ноокат болуштугунда 3366 тYTYн, Ак-Буура болуштугунда 2457 тYTYн болгондугу жазылат (Список населенных мест Ферганской области, 1909, С. 141150). Демек, болуштуктагы тYTYндYн саны Жободо кeрсeтYлгeн елчемден аз же кеп болгон учурларга жол берилген.

Болуштуктар тYTYндYн саны менен eлчeнгeндYктeн, алардын аянттары ар тYрлYY болгон. 1911 -жылы Ош уездинин болуштуктарга бeлYнгeн картасында андагы болуштуктардын чек аралары менен аянты да кeрсeтYлгeн. Ал боюнча Алай болуштугунун аянты 5500 квадрат верста (квадрат верста 1,13806224 км2 барабар), ^лче болуштугу 950 кв. в., Капчыгай болуштугу 4400 кв. в., Куршаб болуштугу 650 кв. в., Ак-Буура болуштугу 712 кв. в., Ноокат болуштугу 810 кв. в., Кашкар-Кыштак болуштугу 289,35 кв. в., Ош болуштугу 113,60 кв. в., Менек болуштугу 233,30 кв. в., Булак-Башы болуштугу 122,10 кв. верстага барабар болгон (Эзбекстан Улуттук Архиви. - 19-ф. 1-оп. 33258 иш, 49-б.). КeрYHYп тургандай, бул мезгилде Алай болуштугунун калкы Куршаб болуштугунун калкына салыштырмалуу 2 эсе аз болгондугуна карабастан, аянты 8,5 эсе кичине болгон.

Палендин иликтeeсY боюнча отурукташкан аймактардагы болуштуктардын, айылдык жамааттардын жана айылдардын чек аралары (территориялары) жетиштYY децгээлде так аныкталып, административдик жактан алар маселе жараткан эмес. Ал эми кечмен жана жарым отурукташкан аймактарда майда административдик бирдиктердин чектери (территориялары) жeнYндe маселе бир топ кыйынчылыктарды туудурган. Жоболордо кeрсeтYлгeндeй кечмен болуштуктар жергиликтYY шарттарына ылайык, кыштоо мезгилиндеги жер пайдалануу боюнча коцшу жайгашкан айыл жамааттарынан тYЗYлгeн. Демек, болуштуктардын административдик аймагын белгилееде алардын кыштоосунун жайгашкан жерлери негиз кылынган. Бирок, калкты административдик бeлYштYPYYлeрдe айылдардын жана болуштуктардын аймактык чек аралары так аныкталбагандыгы белгиленет (Пален К.К., 1910, С. 87).

Кыргыздар административдик-аймактык бирдиктен мурдатан салттуу келе жаткан уруулук принциптеги тYЗYЛYшкe eтYYгe ар дайым умтулушкан. Анын себептеринин бири кызмат адамдарын шайлоо кeпчYЛYктYн добуш берYYCY менен жYргYЗYЛгeндYктeн, мындай болуштуктарда бийлик кeбYрeeк сандагы топко eтYп, жецилген азчылыктын укуктары чектелип калган. Алар бул болуштуктун курамынан чыгып, туугандары менен биригууге аракет кылышкан. Бул болсо белгиленген болуштуктардын же айылдардын бeлYHYШYнe алып келип, кээде айылдардын же чарбалык топтордун болуштуктан болуштукка кошулуу жолу менен ишке ашкан (Пален К.К., 1910, С. 87-88).

Болуштуктардын административдик жактан которуштурууну орус бийлиги ишке ашырган. Мисалы, бYTYндeй болуштукту бир уездден башка уезддге eткeрYY Генерал-Губернатордун, ал эми айыл жамааттардын бир болуштуктан экинчисине eткeрYY облустун аскер губернаторунун уруксаты менен жYргYЗYЛгeн (Положение об управлении Туркестанского края, 1886, С. 326). ЖергиликтYY жашоочулардын (eзгeчe уруу башчылардын) жацыдан болуштук тYЗYп чыгуу жeнYндe орус бийлигине кайрылышкан кeптeгeн арыздарын, суранычтарын кезиктирYYгe болот.

Болуштук башкаруу органы. Болуштукту 3 жылдык мeeнeткe шайланган болуш (волостной управитель) башкарган. ТYркстан крайын башкаруу жeнYндe Жобонун 83-беренесине ылайык, болуш кызматына калк арасында кадыр-баркка ээ, соттолбогон, 25 жаштан жогорку адамдар шайлана алышары белгиленген (Положение об управлении Туркестанского края, 1886, С. 326).

Болуштук администрацияда болуштун тYЗдeн-тYЗ кол астындагы чакан аппараты болуп, ал болуштун eзYнeн, болушка кандидаттан, катчыдан (писарь) жана кабарчы (рассыльный) жигитинен турган. Болуш ишмердигин негизинен eзYHYн катчысы менен жYргYЗгeн. Катчылар кeп учурда орус же татар улутунан болушкан. Талып Молдо болуштук башкаруу структурасына токтолуп, "болуштук башкаруу тутумуна тeмeнкYлeр кирчY: Болуш; Кандидаты (болуш eлсe анын ордун баса турган киши); Бесир (писарь)" - деп эсептейт. Автор андан ары "болуштук ишти болуш менен бесири гана жYргYЗYYЧY. Бесирлер орустан болучу. Кандидат болсо болуш eлсe анын милдетин аткаруучу. Болуш eлбeсe кандидатта эч канчалык бийлee укугу жок болуучу" - деп белгилейт (Талып Молдо // Жусупов К. (тYЗ.), 552-б.). Архивдик документтер кeрсeткeндeй, болуш кызматына ат салышкандардын шайлоодо жецип чыкканы болуш кызматына, ал эми добуштардын саны боюнча экинчи орун менен чыккан талапкер болушка кандидат болуп бекитилген. Чындыгында кандидатта бийлик болгон эмес. Болуш иштеп турган учурда анын кандидаты номиналдуу гана кызмат болгон. Бирок, болуш кандайдыр себеп менен eзYHYн кызматтык мeeнeтYндe убактылуу же кызматтык мeeнeтYнeн биротоло кеткен учурда анын милдеттери кандидатка берилген. Мисалы, 1915-жылы ГYЛчe болуштугунун болушу Асанбек Алымбеков eзYHYн арызынын негизинде (ден соолугуна байланыштуу - К.у.Н.) ГYЛчe болуштугунун болушу кызматынан бошотулгандыктан, анын ордуна кандидаты Дейди Бекботоев болуш милдетин аткаруучу болуп, 1915-жылдын 4-декабрындагы облустун аскер губернаторунун №662- буйругу менен дайындалган (Эзбекстан Улуттук Архви, 19-ф. 1-оп. 9820 иш, 49-б.).

Болуштун негизги функциялары ТYркстанды башкаруу жeнYндe Жоболордо аныкталган. Мисалы, 1886-жылы кабыл алынган ТYркстан крайын башкаруу жeнYндe Жобонун 99-беренеси боюнча болуш соттун чечимдерин жана eкмeттYн буйруктарын аткаруу, айылдардагы YЙлeрдYн тизмесин жYргYЗYY, калктын киреше-чыгашасын кeзeмeлдee, бардык жыйымдардын TYШYШYH жана аткарылышын кeзeмeлдee, айылдарда уруксатсыз жыйымдар жана белгиленбеген алымдардын болбошун камсыз кылууга милдеттYY болгон (Положение об управлении Туркестанского края, 1886, С. 327; 3. Мирзаев ж-а Чыныкеева, 2023). Мындан тышкары, жергиликтYY башкаруулар (болуш, старчын) коомдук TYPДYY иштерди, мисалы, жол салуу, сугат иштерин жeнгe салуу, арык тазалоо, кeпYрe жана башка имараттарды куруу сыяктуу иштерди аткаруу YЧYн жергиликтYY калкты уюштурушкан.

ЖергиликтYY элдик башкаруучулардын эц негизги милдети салыктарды убагында чогултуп берYY болгон. Салык жыйноодо мерчемделген eлчeмдY так, eз убагында чогултуп, казынага тапшырган жергиликтYY администрация башчылары орус администрациясы тарабынан eзгeчe белгиленген. Мисалы, 1914-жылы Ош уездинин начальниги расмий тYPдe: "Ноокат болуштугунда 1914-жылга карата мамлекеттик салык толугу менен жыйналып, 10-октябрга чейин казынага тапшырылгандыгын уездге жарыялайм. Салык жыйноодо кeрсeткeн кызматына ынталуулугу YЧYн аталган болуштуктун болуштук башкаруучусуна жана айылдык старчындарга ыраазычылык билдирем" - деп жарыялайт (Эзбекстан Улуттук Архиви, 19-ф. 1-оп. 9696 иш, 20-б.). Ушундай эле маанидеги билдирYYлeрдYн биринде "Алай болуштугунун болушу eз болуштугунун кыргыздарынан алынуучу салыктардын бардыгын толугу менен тапшырды. Алай болуштугу Памир чек ара eткeрмeсYHYн жолунда жаткан чоц аймакты камтып, аны башкаруу жана салыктарды eз убагында чогултуу жана жеткирYY абдан кыйын. Ага карабастан болуштук башкаруучу Бекмырза Диванаевдин eзгeчe кeрYHYктYY жеке сапаттары жана эмгекчилдигинин арты менен ишке ашып турат. Мен ага ыраазычылыгымды билдирип, башка болуштук башкаруучуларга YЛГY катары кeрсeтeм" - деп жазылат (Эзбекстан Улуттук Архиви, 19-ф. 1-оп. 9960 иш, 258-б.). Чындыгында ТYркстандын биринчи генерал-губернатору К.П.Кауфман ТYркстанды башкаруунун 14 жылдыгынын отчетунда: "жергиликтуу элдик башкаруусуз алык-салык иштерин ийгиликтYY аткарууга жана ачылып жаткан мекемелерге элде бейкапар мамиле тYЗYYгe мYмкYн эмес эле" (Кауфман К.П. (1885) 165-б.) деп жазганы ТYркстандагы орус бийлиги YЧYн жергиликтуу администрациянын салык жыйноодогу алмаштыргыс ордун кeрсeтYп турат. Муну менен жергиликтуу "элдик" деп аталган тeмeнкY бийлик кайсы бир децгээлде колониялык бийликтин жер-жерлердеги социалдык-экономикалык маселелер менен алектенип, падышалык кызыкчылыктарга жооп берген, такай кeзeмeлдe болуп турган акткаруучу органы катары эсептелинген.

Болуш eз колуна административдик бийликти топтогон. Кабыл алынган мыйзамдарды жана орус бийликтеринин кeрсeтмeлeрYн жарыялап, "зыяндуу ушактардын таркашына жол бербей коомдук тартипти камсыз кылып, уезддик начальниктерге кылмыштуулук жана таптипсиздиктер жeнYндe билдирип туруу, соттук eкYмдeрдYн ишке ашырылышын" кeзeмeлдee, ошондой эле полициялык милдетти да аткарган. Демек, болуштар eз карамагындагы аймактарда чоц бийликке ээ болушкан. Болуштун коомдук тартипти, жашоо эрежелерин бузгандарга карата 3 ^нге чейин камоо жeнYндe чечим чыгарууга же белгилуу суммадагы жазанасын салууга укугу болгон. Жергиликтуу автор Талып Молдо болуштардын бийлигин, иш аракеттерин CYрeттeп, ал: "болуштун айтканы айткан, дегени деген. Болуш элди кандай башкарам десе болуштун eз ыктыяры" - деп жазат (Талып Молдо // Жусупов К. С^з.), 556-б.).

Ошол эле учурда жергиликтуу башкаруучулардын иш аракеттери кeпчYЛYк учурда орус колониялдык бийликтин eкYлдeрY тарабынан чектелип, катуу кeзeмeл жYргузуу астында ишке ашкан. Жергиликтуу башкаруу органдарынын eкYлдeрY эгерде орус бийлигинин eкYлдeрYHYн мYдeсYнe ылайык келбесе, анда аларды кызматтан алуу, жоопкерчиликке тартууну да ишке ашырышкан. Ошол эле учурда Жободо белгиленгендей "талыкпаган эмгеги YЧYн жергиликтуу элдик администрациянын башчылары Генерал-Губернатордун кароосу боюнча ардактуу кийимдер менен же ага бeлYнгeн eзгeчe суммадан акчалай сыйланышы мумкYндYГY" белгиленген (Положение об управлении Туркестанского края, 1886, С. 326).

Болуштар аткарган кызматы YЧYн кызматтык маяна алышкан. Кызматтык маяна болуштуктагы калктан жыйналып, ал мамлекеттик салыктардан тышкары атайын чогултулган. 1886-жылы кабыл алынган Жобонун 96-беренесине ылайык, болуштардын (катчы, кабарчы кызматкерлери менен бирге - К.у.Н.) кызматтык маяналары мамлекеттик салыктар менен кошо коомдук таризде элден жыйналган жана ал уезддик казынада сакталып, облустук башкармалык белгилеген мeeнeттe маяналар чегерилген (Положение об управлении Туркестанского края, 1886, С. 326).

Фергана облусунда алгачкы мезгилдерде, тактап айтканда 1886-жылга чейин болуштун бир жылдык кызматтык маянасы 700 рубль, кызматчы жигиттке 500 рубль, башкы мурапка 700 рублга чейинки eлчeмдe белгиленген. Мисалы, 1877-жылы Анжиян уездинин начальниги облустун аскер-губернаторуна жазган рапортунда уезддеги 24 болуштун ар бирине жана алардын ар биринин кызматчы жигитине биригип жылына 1200 рубльдан, баарына 28800 рубльду тYзeрYн, мындан тышкары 8 мурапка 700 рубльдан эсептегенде аларга 5600 рубль акча керектелери белгиленген. Жалпы Анжиян уезди боюнча жогоруда аталган жергиликтYY администрация башчыларынын бардык eкYЛдeрYHYн (анын ичинде 130 айыл аксакал жана старчындын ар бирине 150 рубльдан чегерилгенде баары болуп 19500 рубль кошулуп) бир жылдык кызматтык маяналарына орто эсеп менен 53900 рубль керектелери жазылган (Эзбекстан Улуттук Архиви, 19-ф. 1-оп. 192 иш, 4-5-бб.).

Жогорудагыдай эле рапорт менен Чимион уездиндеги 5 болуштук башкаруучуга жылына 700 рубдьдан 3500 рубль, алардын кызматчы жигиттерине 500 рубльдан 2500 рубль, бир мурапка 700 жана анын жардамчысына 300 рубль болуп, жергиликтYY администрация башчыларынын бардык eкYЛдeрYнe (26 айыл аксакал жана старчынга 150 рубьдан жалпы 3900 рубль кошулуп) 10900 рубль сарпталарын жазган (Эзбекстан Улуттук Архиви, 19-ф. 1-оп. 192 иш, 29-б.)

1886-жылы ТYркстанды башкаруу боюнча кабыл алынган Жобо боюнча жергиликтYY администрация башчыларынын кызматтык маяналары башкача eлчeмдe болгон. Мисалы, аталган Жобонун 91-беренесине ылайык болуштун кызматтык маянасы болуштуктун кeлeмYнe жана бардарчылыгына жараша жылына 300 рублдан 500 рублга чейинки eлчeмдe болору белгиленген. Кызматтык маянанын конкреттYY суммасы шайлоого жыйналган болуштук жыйындарда шайлоо eнeктYГYHYн алдынан аныкталган. Мындан тышкары болуштук администрациядагы катчы (писарь) жана башка кызматчыларды (жигит, кабарчы ж.б.) иштетYY YЧYн жылына 300дeн 400 рублга чейинки eлчeмдeгY сумма каралган. Болуштук жыйында белгиленген маяналардын eлчeмY облустук башкармалык тарабынан бекитилген (Положение об управлении Туркестанского края, 1886, С. 326; Дыйканова, 2022).

Архивдик документтер кYбeлeндYPYп тургандай, аталган Жобого ылайык, 1914-жылы Ош уездинин Эзгeн жана Акжар болуштуктарындагы жыйында болуштун бир жылдык эмгек акысынын суммасын 500 рубль деп белгилеген. Ал эми катчы жана кабарчыга бир жылга 400 рубльдан эмгек акы белгиленген. Жогорудагы белгиленген эмгек акылар мыйзамдуу тYPдe уезддин начальнигинин 27-августтагы 4134-номурдагы рапортунун негизинде облустук башкарууда бекитилген (Эзбекстан Улуттук Архиви, 19-ф. 1-оп. 9945 иш, 91-б.).

Пален eзYHYн иликтeeсYндe кыргыз болуштуктарындагы катчылар (писарь) бир жылга 200дeн 240 рублга чейин, айрым гана учурларда 300 рубльга чейин маяна алышкандыгын, ал эми отурукташкан болуштуктарда катчылар 50дeн 105 рублга чейин гана суммада кызмат акы

алышкандыгын белгилейт. Кызматчы жигиттер жылына 100-150 рубль алышкан. Катчы жана башка кызматчылар жол жYруу YЧYн жылкы кармоо, жумушка зарыл болгон дагы башка каражаттарды камсыздоого милдеттуу болуп, аларга белгиленген жогорудагы суммадагы маяна жетишсиз болгон. Мындан улам болуштуктардагы катчылар, кызматчылар дээрлик тажрыйбасыз, ишеничсиз болушкан. Болуштук башкаруучулар аларды иштеткенге аргасыз болгон же eз эсебинен кошумча акы бериш керек болгон. Ошондуктан, болуштук катчылар да, чабармандар да, eз каражаттарын мыйзамсыз жол менен толуктоого аракет жасашып, алтургай бул YЧYн опузалап акча талап кылышкан. Уезддин начальниктери бул кeрYHYш менен кYрeшYшкeн эмес, анткени аларга мындай арзыбаган маяна YЧYн жакшы чабармандарды табуу кыйынга турган (Пален К.К., 1910, 105-б.).

Болуштук жана айылдык жамааттардын eз алдынча башкаруусунда жергиликтуу башкаруучулар колониялык бийликтин таасиринен тышкары, элдин кызыкчылыгына ылайык иштерди жасап, eзYHYн мYмкYнчYЛYктeрYHYн чегинде ак кызмат кылгандары болгондугун калыстык YЧYн белгилеп кетебиз. Андайларга бир мисал катары ^гарт болуштугунун болушу Кошдатка уулу Мырзакул болуш eзYHYн кызматтык мезгилинде жергиликтуу эл YЧYн кeптeгeн иштерди жасагандыгы ооздон оозго айтылып жYрeт. Ошол эле учурда "аскерий-элдик башкаруунун" ишке ашырылышынын терс натыйжалары да алгачкы кYндeн тарта эле байкала баштаган. Эц ириде паракорлук, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалуу ж.б. сыяктуу бузуку иштер алгачкы жылдарда эле пайда боло баштап, улам барган сайын кYчeгeндYГY тарыхый булактардан белгилуу.

Палендин eзYHYн отчетунда "болуштардын, eзгeчe айыл страчындарынын сабатсыздыгы участкалык приставдарга ашыкча иш туудурат" - деп жазат (Пален К.К., 1910, 105-б.). Чындыгында жергиликтуу элдин болуштук же айылдык администарция башчыларына кандайдыр децгээлдеги билим талап кылынган эмес. Биздин колдо бар материалдарыбыздын негизиндеги изилдeeбYЗ боюнча Фергана облусундагы айрым кыргыз болуштуктарындагы болуштук башкаруучулукка талапкерлердин кeпчYЛYГY, тактап айтканда 22 талапкердин 15и сабатсыз, 7си кайсы бир децгээлде сабаттуу болгон.

Тарыхый булактардын биринде "болуштар негизинен элуу башчылардын паракорлугу (подкуп) аркылуу шайланышкандыктан кызматтык милдеттерин жана элдин кызыкчылыгын ойлошкон эмес. Алардын кeбY жеке иштери менен алектенип, шайлоого кеткен акчаны кайтарууга аракет кылышкан жана келечектеги кызматына ишенбей, мыйзамдын талаптары менен таанышууну каалабайт деп белгилеген (Туркестанский сборник, - СПб., 1908. - Т. 476, С. 188).

К.Пален eзYHYн иликтeeсYндe болуштук жана айылдык администрациянын иш алып баруусундагы айрым кемчилдиктерге токтолуп, тeмeнкYлeрдY белгилеген: 1) Калктан жыйналган салыктар айрым болуштар, айыл старчындары тарабынан eз убагынан кечиктирилип тапшырылган. Жыйналган салыкты кечигип тапшырууну жашыруу YЧYн каттоо журналына салыкты тeлeнгeн кYHY эмес аны тапшырган кYHY каттаган; 2) Калктын кирешесине жана чыгашасына байкоо жургYзуу абдан канааттандырарлык эмес болуп чыкты. Старчындар бул маселеде дээрлик эч кандай активдуулYГYн кeрсeтYшпeйт жана уездик администрация талап кылганда гана эц жакшы дегенде керектуу маалыматты арац чогултушат; 3) Болуштар жогорку жактан келген жарыяларды жана eкмeттYк буйруктарды аткарууга алууда аны старчындарга eздeрYHYн расмий мeeрлeрY басылган жарыялоосу менен

гана чектелишет; 4) КeпчYЛYк учурда соттук чечимдер ете жай аткарылат, кeбYнчe аларды аткаруудан толук баш тартуу менен чектешет; 5) ЖергиликтYY башкаруучулар ез демилгеси менен жолдорду жана кeпYрeлeрдY ез убагында оцдоону кеземелдешпейт, орус администрациясынын талабы боюнча гана тиешелYY чараларды кeрYшeт (Пален К.К., 1910, 109-б.).

Болуштук башкаруу боюнча орус булактарынан тышкары жергиликтYY булактарда да бир топ чагылдырылат. Негизинен ошол мезгилдин билимдYY кишилери болгон тарыхчы, санжырачылардын, молдолордун, акындардын кептеген эмгектеринде болуштар, алардын иш-аракеттери, езгече терс жактары бир топ CYрeттeлeт. Мисалы, Молдо Нияздын "миц башы" деген ырынын:

Нактайы ишти кылбадыц.

Намарттыгыц билдирип,

Найманнын баарин жедирип,

Нарктуу ишти кылбадыц (Молдо Нияз, 1993) - деген саптарын мисал келтирYYгe болот. Ушундай эле маанайдагы пикирлерди Токтогул, Барпы ж.б. акындардын ырларынан да жолуктурууга болот. Демек, жацыдан киргизилген жергиликтYY башкаруу системасы айрым прогрессивдYY жактарын эске албаганда жергиликтYY эл YЧYн терс кeрYHYштeрY кeбYрeeк байкалган.

Фергана облусунун архивдик материалдарында аталган облустагы болуштук башкаруучулардын YCTYнeн келип тYшкeн арызданууларды облустагы бир нече уезддерден кезиктирYYгe болот. Мисалы, Ош уездинин Ноокат болуштугунун жашоочулары Нурмугаммед Алим-Мир Калянов, Молдо Алим Усманов жана Рахманкул Мусин Ноокат болуштугунун болушу Асанбек Алымбековдун YCTYнeн мыйзамсыз иш-аракеттер, такап айтканда ашыкча салык жыйноо боюнча даттанышкан. Бул иш бир топ убакытка созулуп, адегенде элдик сот Чоцмурун бий тарабынан каралып, андан кийинки инстанцияларга чейин жеткен. Жыйынтыгында Асанбек Алимбековдун мыйзамдын алкагында аракеттерде болгондугу, ал болуштук кызматын андан ары уланткандыгын кeрYYгe болот (Эзбекстан Улуттук Архиви, 19-ф. 1-оп. 682 иш, 1-б.) Ушундай эле мYнeздeгY даттануу менен Маргалац уездинин Ичкилик болуштугунун элYY башылары болуш Мирзакул Султанбаевдин YCTYнeн мыйзамсыз салымдары YЧYн арызданышкан (Эзбекстан Улуттук Архиви, 19-ф. 1-оп. 1403 иш, 1-б.). Бул сыяктуу даттануулар абдан кеп учураган. Архивдик документтерден дээрлик ар бир болуштуктан кезиктирYYгe болот.

ЖергиликтYY элдик башкаруудагы жана уезддик администрациялардын ишиндеги кемчилдиктерди, мыйзам бузууларды 1882-жылы крайды изилдеп келген сенатор Ф.Гирс да eзYHYн отчетунунда белгилеген. Ал болуштар жана айыл старчындарынын кeпчYЛYГY элден жыйнаган салыкты казынага ез убагында текпестен аны колунда кармап же биротоло иштетип жиберишкендери тууралуу фактылар кездешкендигин жазат. "Орус начальниктеринин жана жергиликтYY администрациянын башчыларынын кылмыштары жана жоруктары YЧYн административдик жазалоону жана жоопкерчиликке тартууну текшерYY" учурунда бир топ фактыларды келтирген. Анын иликтeeсYндe мындай мыйзам бузуу фактылары боюнча акыркы 3 жылда, тактап айтканда 1880-81-82-жылдары 238 иш келип тYшкeн, мындан тышкары 1879-жылдан калган 153 иш, жалпы болуп 391 иш катталган, алардын 240ына чечим чыгып, 151 иш 1883-жылга калтырылган. Бул тYркYмдeгY жалпы иштердин 105и боюнча

тергee жYргYЗYЛYп, алардын ичинен 18и кызматтык кылмыштары YЧYн соттолсо, 8 иш боюнча административдик жазага тартылышкан, калган иштер жабылган. Жогоруда аталган категориядагы иштерди элден чогултулган жыйымды орунсуз жок кылуу (растрата) жана ээлеп алуу фактыларынын улам барган сайын кeбeЙYп баратканына кeцYЛ бурган. 1880-жылы 3 мындай иш келип тYшсe, 1882-жылы 21 иш, б.а. 7 эсе ^п катталган. Ал эми аларга байланыштуу кызматтык жасалмачылык фактылары боюнча 1881 -жылы 1, 1882-жылы 9 иш катталган. Каражаттарды уурдоо фактыларын негизинен элден салык чогултуп, бирок казынага eткeрYп бербеген жергиликтуу администрациянын кызмат адамдары тYЗгeн. Мындай фактыларынын кeбeЙYШYнeн улам элдин карызы боюнча салык жыйноочулардын кeрсeтмeлeрYHYн тууралыгына шектенген администрация аларды текшергенде, карыздын кeбY эл эмес, салык жыйноочулар экени аныкталган. Фергана облусунун уезддик начальниктеринин мунeздeмeсYнe боюнча, элдин мойнуна жYктeлгeн карыздардын кeбYн, кыязы, жергиликтуу бийлктин башында турган аткаминерлер берген эмес. Ревизияда Анжиян жана Ош уезддик башкармалыктарынын иштеринде жергиликтуу администрация eкYлдeрY тарабынан салыктарды иштетишкендиги аныкталып, Анжиян уездинде 67 миц рублга чейин, Ош уездинде 19 миц рублга чейин жеткен - деп белгилейт (Гирс Ф.К., 1883, С. 82).

Жогорудагы келтирилген мисалдардан кeрYнгeндeй элдик администрациянын башчылары eзYHYн 3 жылдык мeeнeтYн ак кызмат кылып eткeргeндeр чындыгында аз болгон. Ал акча шайланган болуштук башкаруучу YЧYн анча деле мааниси жок, негизги маселе -кeбYрeeк акча таап, баюу YЧYн ыцгайлуу шарт тYзуугe гана керек. "Эл оозуна алынып", "аткаминер" атыгып, "чоц" болуу менен мансаптуулардын катарына кируу маанилуу болгондугун (Кененсариев, 2019, 157-б.) белгилейт, окумуштуу Т.Кененсариев.

Алгачкы эле кYндeн тартып Фергана облусу боюнча Yч жылдын ичинде 98 болуштук башкаруучудан 45и, же 45%дан бираз кeбY администрацияда башкара билбегендиги, милдеттерин адилеттуY аткарбагандыгы, мыйзамсыз аракеттери ж.б. YЧYн, орус бийлиги тарабынан кызматтан алынгандыгын ревизор Ф.Гирс жазып eтeт (Гирс Ф.К., 1883, С. 64). Эске сала кетсек, Ф.Гирс Фергана облусуна алгачкы мезгилдерде эле (облус тYЗYЛгeндeн 6 жылдан кийин) келгендиги белгилуу. Мындай кeрYHYш улам кийинки жылдарда кYчeгeн. Шайланган жергиликтуу башчылардын кeпчYЛYГY адамдык касиетине, жарандык сапатынан мурда орустун колониялык саясатына жана орус тeбeлдeрYнe ыцгайлуу адамдар болгон (Кубанычбек у., 2021, 82-б.).

Корутунду

Кыргыз коомуна болуштук административдик бирдик жана болуштук башкаруу органы XIX к. экинчи жарымынан баштап, Россия империясынын каратып алуусу менен киризилген. Ал Россия империясынын колониялык саясаттарынын максаттарына ылайык келген принциптердин негизинде ишке ашкан.

Болуштук башкаруу жергиликтуу (туземдик) башкаруу системасынын жогорку баскычы болуп эсептелген.

Болуштуктун башкаруучусун кыргыздар "болуш" деп аташкан жана мыйзам (Жобо) боюнча алар шайлануу аркылуу кызматка бекилген. Тарыхый булактардан маалым болгондой, шайлоо принциптеринин киргизилишинин себептеринин бири жергиликтуу (туземдик) элдеги

(анын ичинде кыргыздардын) таасирдYY, кадыр-барктуу адамдардын таасирин тeмeндeтYY болгон. Анткени, алар колониялык орус бийлиги YЧYн ыцгайсыз, кооптуу болушкан.

Россия империясынын административдик саясаты "бeлYп сал да бийлей бер" деген ыкма менен ишке ашкандыгын, анын жергиликтYY башкаруудагы белгиси катары болуштуктар кыргыздын мурдатан келаткан уруулук TYЗYЛYШY менен эмес, аймактык (территориялык) принцип боюнча тYЗYЛгeндYГYн белгилееге болот. Орус бийлиги кыргыздагы уруулук TYЗYЛYШTY жоюуга кызыкдар болгон. Ошол эле учурда аталган мезгилдеги ишке ашып баштаган уруулук TYЗYЛYШTY жоюу, отурукташкан чарбага eTYY сыяктуу маселелерди экинчи тараптан кайсы бир децгээлде прогрессивдYY кeрYHYш катары да баалоого болот.

Колдонулган адабияттар

1. Дыйканова, Ш. (2022). Октябрь тeцкeрYШY Фергана eрeeнYндe: социалисттик агарардык TYЗYЛYШTYH негизделиши. Вестник Ошского государственного университета. История, (1), 31-37. https://doi.org/10.52754/1694867X 2022 1 4. EDN: AQJGWO.

2. Крылов, Г.А. (сост) (2005). Этимологический словарь русского языка. Санкт-Петербург.

3. Мирзаев, А., & Чыныкеева, Г. (2023). Отражение истории хлопководства в архивах торговых учреждений Туркестанского края (на примере колониального периода). Вестник Ошского государственного университета. История, 1(2), 41-49. https://doi.org/10.52754/1694867X 2023 1(2) 5. EDN: NBNWVU.

4. Мусаев С., Акматалиев А. (туз.) (2000). Акылман Калыгул: Ырлар, акыл-насааттар, даректYY баяндар, илимий изилдввлвр. Бишкек.: 2000

5. Положение об управлении Туркестанского края (1886). Полное собрание законов Российской империи. Собр. 3-е. Т. VI: 1886, закон №3814 - Высочайше утвержденное Положение об управлении Туркестанского края.

6. Список населенных мест Ферганской области (1909). Скобелев

7. Южаков, Н.Д. (1891) Итоги 27-летнего управления нашего Туркестанским краем. Санкт-Петербург

8. Эзбекстан Улуттук Архиви. - 19-ф. 1-оп. 33258 иш, 49-барак.

9. Пален К.К. (1910). Отчет по ревизии Туркестанского края, произведенный по высочайшему повелению сенатором графом К.К. Паленом. Сельское управление: русское и туземное. - Санкт-Петербург: Сенаторская типография

10. Талып Молдо. Орус келYY менен болгон взгврYYлвр. // Жусупов К. (туз.) (1993) Кыргыздар. Санжыра, тарых, мурас, салт. 2-т. Бишкек

11. Эзбекстан Улуттук Архви. - 19-ф. 1-оп. 9820 иш, 49-барак.

12. Эзбекстан Улуттук Архиви. - 19-ф. 1-оп. 9696 иш, 20-барак.

13. Эзбекстан Улуттук Архиви. - 19-ф. 1-оп. 9960 иш, 258-барак.

14. Кауфман К.П. (1885). Проект всеподданнейшего отчета генерал-адъютанта К.П. фон Кауфмана 1-го по гражданскому управлению и устройству в областях Туркестанского генерал-губернаторства 7 ноября 1867 г. - 25 марта 1885 г. - Санкт-Петербург

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

15. Эзбекстан Улуттук Архиви. - 19-ф. 1-оп. 192 иш, 4-5-барак.

16. Эзбекстан Улуттук Архиви. - 19-ф. 1-оп. 192 иш, 29-барак.

17. Эзбекстан Улуттук Архиви. - 19-ф. 1-оп. 9945 иш, 91-барак.

18. Бекмагамбетова М., Бимолданова А., Ералина А. (2023), Тургайская область в дореволюционных трудах: в контексте "Новой имперской истории". Вестник ошского государственного университета, №3, https://doi.org/10.52754/16948610 2023 3 3. EDN: NZOMNV.

19. Туркестанский сборник, - СПб., 1908. - Т. 476, С. 188

20. Молдо Нияз (1993). Санат дигарстар. Бишкек

21. Эзбекстан УА. - 19-ф. 1-оп. 682 иш, 1-барак.

22. Эзбекстан УА. - 19-ф. 1-оп. 1403 иш, 1-барак.

23. Гирс Ф.К. (1883). Отчет ревизующего, по высочайшему повелению, Туркестанский край, тайного советника Гирса. Ф.К. Гирс. - Санкт-Петербург

24. Кененсариев Т. (2019) Кыргызстан оторчулук доорунда (1855-1917). Бишкек

25. Кубанычбек уулу Н. (2021). Кыргыздардагы болуштук шайлоонун ЖYPYШYHYH жергиликтуу авторлордун эмгектеринде CYрeттeлYШY (XIX к. экинчи жарымы - XX к. башы), Вестник Ошского государственного университета. Vol. 3, No. 3. сс. 72-83. EDN: SBBNSM.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.