Научная статья на тему 'НҮЗҮП БИЙДИН БЕЙНЕСИ – ЭЛДИК КОШОКТОРДО'

НҮЗҮП БИЙДИН БЕЙНЕСИ – ЭЛДИК КОШОКТОРДО Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
33
12
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
Нүсүп бий / Кокон хандыгы / кошок / аксылык кыргыздар / генеалогия / хронология / аскерлер / Nusup / Khanate of Kokand / lamentation / Aksy Kyrgyz / genealogy / chronology / soldiers

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — Назигул Конколоева, Гульназ Чыныкеева

Бул макалада Кокон хандыгында таасирдүү роль ойногон Нүзүп миң башынын генеалогиялык таблицасы, анын ата-бабасынын да хандыкта көрүнүктүү орунду ээлегендиги информаторлордун маалыматтарына таянуу менен кошоктордун мисалында берилет.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

PORTRAIT OF NUZUP BIY IN PEOPLE'S LAMENTS

This article refers to the Nuzupe Minbashi who played a significant role in Kokndskom Khanate. Also given his genealogical tables, the role of fathers in his hastve relies on information from informants examples lamentations (koshok).

Текст научной работы на тему «НҮЗҮП БИЙДИН БЕЙНЕСИ – ЭЛДИК КОШОКТОРДО»

УДК: 947(575.2):39:398

НУЗУП БИЙДИН БЕЙНЕСИ - ЭЛДИК КОШОКТОРДО

Конколоева Назигул, магистрант, Чыныкеева Гу.лназ Эргешалиевна т.и.к., доцент Ош мамлекеттик университети, Ош, Кыргызстан gulnaz. chynykeeva@mail. ru

Аннотация. Бул макалада Кокон хандыгында таасирдYY роль ойногон Нузуп миц башынын генеалогиялык таблицасы, анын ата-бабасынын да хандыкта кврYHYктYY орунду ээлегендиги информаторлордун маалыматтарына таянуу менен кошоктордун мисалында берилет.

Ачкыч свздвр: HYCYn бий, Кокон хандыгы, кошок, аксылык кыргыздар, генеалогия, хронология, аскерлер.

ПОРТРЕТ НУЗУП БИЯ - В НАРОДНЫХ ПРИЧИТАНИЯХ

Конколоева Назигул, магистрант, Чыныкеева Гульназ Эргешалиевна к.и.н., доцент Ошский государственный университет,

Ош, Кыргызстан gulnaz. chynykeeva@mail. ru

Аннотация. В этой статье говорится о Нузупе минбаши, который играл значительную роль в Кокндском ханстве. Также приводится его генеалогическая таблица, роль его отцов в хастве, опираемая на информации информаторов с примерами причитания (кошок).

Ключевые слова: Hyсуп бий, Кокандское ханство, причитание, аксыйские кыргызы, генеалогия, хронология, солдаты.

PORTRAIT OF NUZUP BIY - IN PEOPLE'S LAMENTS

Konkoloeva Nazigul, undergraduate, Chynykeeva Gulnaz Ergeshalievna, Candidate of Historical Sciences, Associate Professor,

Osh State University, Osh, Kyrgyzstan [email protected]

Abstract. This article refers to the Nuzupe Minbashi who played a significant role in Kokndskom Khanate. Also given his genealogical tables, the role of fathers in his hastve relies on information from informants examples lamentations (koshok).

Keywords: Nusup, Khanate of Kokand, lamentation, Aksy Kyrgyz, genealogy, chronology, soldiers.

Киришуу. Кокон хандыгы кеп этностуу мамлекет болгон. Хандыктын ээлеген аймагы, калкынын курамы боюнча Туркстан челкемYHYн баардык белYГYн камтыган. Мамлекетте жашаган элдердин екYлдерY хандыктын коомдук-саясий турмушуна ишмердYY аралашышкан. Ушул жагдайдан алып караганда, НYЗYп бийдин Кокон хандыгына барып калышы бул кокустук эмес. Анткени анын Эсенбай, Эшбото, Кожомкул деген аталары Кокон хандыгында таасирдYY роль ойноп турган. Мисалы, биз 2003-жылы талаа материалдарын чогултканда Аксы районунун Авлетим айылында акын Ташбай Жоробеков бул инсандар женYнде генеалогиялык маалыматтарды айтып берген [1, 120-121].

НYЗYптYн атасы Эсенбай Аксы ереенYне гана эмес Кокон ордосуна чейин ысымы тараган саруулардын белгилYY бийи болгон. Эсенбайдын Кокон хандыгы тарабынан атайын «датка» наамын алганы тууралуу маалыматтар али табыла элек. Бирок эл арасында негедир «датка» аталып келгендигин танууга болбойт. Ошентип, ез мезгилинде Эсенбай бий хан ордосуна чейин таанымал кыргыз бийлеринин ичиндеги кадыр-барктуу адамдардын биринен болгон [2].

Эсенбай датканын атасы Эшбото бий, Эшбото бийдин атасы Кожомкул да жалпы Аксы элине жана Кокон хандыгына таасири тийип турган адамдар болгон. Кокон хандыгы ез аймагын кецейтYYге жасаган аракеттеринде жана жергиликтYY элден салык алганы келген кокон зекетчилери менен каршылашып Кожомкул баатыр бир езбек балбаны менен жекеге чыгып, аны эр сайышта елтуре сайгандыгын эл арасында айтып жYPYшет.

Негизги белук. Кокон хандыгы менен Аксы ереенYндегY жергиликтYY кыргыздардын ортосунда Орток-Бел деген жерде бир ынтымакка келYY боюнча чогулушуп, бирок Кожомкул хандыкка каршы чыгат. ЭреендегY элди Кокон хандыгынын талоончул саясатынан коргоо YЧYн хандыкты кездей кол курап бара жатканда Касан-Сайдын мурунку Куйбышев колхозунда (азыркы Ызар, Баймак, Кош-Алмурут жана Кош-Терек айылдары) кокондук аскерлер тарабынан туткундалып Кожомкулдун башын кесип коконго алып кетип, ал эми денесин ошол жерге кемYптYP [3].

Кожомкул балбанга кошулган кошокту кичине кезинде чон апасынан YЙренYп алган элем деп 87 жаштагы Айым эне айтып берген:

Элден мурун ат елген, Анан арабакеч сарт елген. Кожомкул менен Кожояр Суу жYрек кокон аскерин

Ыргыта сайып елтYрген [4].

ХУ-ХУ1 кылымдарда отурукташкан шаар-кыштак калкын тYЗYп, мурун иран тилинде CYЙлеп, кийин тYрктешYп кетишкен тургундарды "сарттар" деп аташкан. Кийинчерээк, XVIII кылымдарда отурукташкан езбектерди, башка этносторду да сарттар [5, 476-б: 3, 32-б] деп атап калышкан. "Сарт" термини этникалык мааниде колдонулган эмес. Ал орто кылымдардан бери эле социалдык мааниде колдонулуп, "дыйкан, кол енерчY, соодагер" деген тYШYHYктY камтыган [6, 10-б]. Султан Бабурдун айтымында XV-XVI кылымдарда Фергана ереенYHYн Маргалац, Исфара, Хожент тарабында гана сарттар, ал эми Ош, Анжыян, Аксыкентте тYрктер жашаган. Жалпы эле элдик тYШYHYкте "сарт" деп азыркы езбектерди тYШYHYшкен. Буга ылайык жогоруда айтылган кошок ырында да информатор сарттар - бул езбектер деп баса белгилеген. Эзбек эли 1924-ж. эл каттоого чейин "сарттар" жана "езбектер" деп эки эл катары берилип келгендигин Т. Кененсариев белгилейт.

Мындай окуядан кийин Авлетимге салына турган салыктан эл дYрбеген себептYY кокон салыкчыларын бир нече жыл Авлетимге киргизбей турган. Кожомкулдун агасы Кожояр хандыктан коргонуу YЧYH чеп-коргон курган экен. 0ЗYнче кол курап курдурган коргонунун ар жерине мылтыкчан черик койдуртуптур. Кожояр стратег инсан болгондуктан, Кокон хандыгы кол салганда, бирде ак боз, бирде кара, бирде жерде ат минген желдеттерин ойнотконун керYп, Кокон хандыгы, жеце албайбыз деп кайтып кеткен деген айтым сез бар.

Бир нече жылдан кийин Кокон хандыгы кайрадан кол салат. Ал каптарга кум салдырып, ар бирине мылтык койдуруп койгон экен. Аны керген аскерлер «ок дарысы ушунча болсо, анда аскери канча, аны жеце албайбыз го" деп экинчи жолу да кол салбаптыр. Кожояр ааламдан еткенден кийин баласы Мазар-Кердеги Чынар-Мазар деген бейитке койдуруп, езY элге кайрылып келбей, Алайга етYп кеткен экен [7]. БYГYнкY кYнге чейин жергиликтYY эл Кожоярдын чеп-коргону деп ар-ар жерде демпеЙYп калган коргонду керсетYшет.

Кыргыздардын эркиндик YчYн акыр-аягына чейин салгылашууга даярдыгы, алардын эр жYректYYЛYГY жана тайманбастыгы, уруулардын кадыр-баркы, Кокон баскынчыларынын тоноочулук кол салуусунан сактап турган. Кыргыз эли кокон хандыгынын бийлигине ырааттуулук менен баш ийген эмес. Чет елкелYк баскынчылардын эзYYCYне каршы дайыма кетерYЛYп турган. Кокон тебелдерY элдин боштондугун ырайымсыздык

менен басып, белгилYY жерлерге чептерди курган. Элдин нааразычылыгынан корккон Кокон бийлиги Ысык-Келде (Барскан, Коцур-Элец, Каракол), ЧYЙ eрeeнYндe (Чалдыбар, Кара-Балта, Ак-Суу, Бишкек, Токмок), тYштYкте (Таш-КeмYP, Кан, Дароот-Коргон, Кызыл-Коргон), Тянь-Шанда (Тогуз-Торо, Жумгал, Куртка), ж.б. жерлерде нeкeрлeр чептерди курушкан. Чептерде анчейин ^п эмес черик KYЧY кармалган. Алардын милдети кeп кырдуу болгон.

Биринчиден - чепте жергиликтYY бийлик ээлери баш калкалаган; экинчиден - аларга элдик козголоцду басып туруу милдети жуктeлгeн; YЧYнчYдeн - талоончул жортуулдарды жасоо учурунда таяныч пункттары катары кызмат кылган; тeртYнчYдeн - соодагерлердин, кербендердин эс алып eтYYЧY жана алардын коопсуздугун камсыз кылуучу жай катары эсептелген [8,158]. Бирок, Кожояр курдурган чеп-коргон тескерисинче Кокон хандыгына каршы элди талоончул согуштан сактоо максатында курулгандыгы жогоруда айтылды.

Биз изилдeeлeрдe адабияттардан бул тууралуу материалдарды таба албадык, же болсо дагы алар биздин колубузда жок болду. Ошентсе да, Кыргызстандын аймагында кыргыздардын eзYлeрYнe таандык чептер Кокон хандыгы басып алганга чейин салынган. Айрым тарыхый адабияттарда отурукташпаган кeчмeндeргe кайдан eзYHYн чеп коргондору болсун деген да пикир айтылып жYрeт. Кыргыздардын нагыз eзYнe таандык чеп коргондорго Кетмен-ТeбeдeгY Улук-Коргон (Кетмен-Тeбe же Узун- Акмат ХУШ к.); Талас eрeeнYндe Садыр- Коргон (XVIII к.) жана башкалар кирет. Кокон хандыгынын мезгилинде Талас eрeeнYндe жергиликтYY феодал Нурак Ажыбек уулунун eзYHYн чеп коргону болгон. 1843- жылы Ысык- КeлдYк манап Боронбай Жууку суусунун жогорку eцYPYндe Кызыл- YцкYP деген чеп коргон курдурган. Пишпектин жанында манап Байтиктин коргону болгон. Ормон хан да eзYнe Санташ деген жерде Чоц-Коргон салдырган [9, 303]. Кыргыздардын да, кокондуктардын да чептеринин курулуш техникасы бир типте болгон. А.Н.Бернштамдын пикири боюнча анын жол-жобосун eзбек усталарынан алышкан болуусу керек [10, 303].

Тарыхый булактарда Кокон хандыгында 18 ден ашуун салыктын тYрлeрY болгондугу айтылат. Салыкты суу YЧYH да, туз YЧYн да, токойду пайдалангандыгы, ар кандай коко-тикенек жыйнагандыгы YЧYн, той eткeргeндYГY YЧYн, eлYк кeмгeндYГY YЧYн да алышкан.

НYЗYп бий Эсенбай уулу [(1798, азыркы Аксы району, Авлетим айылы -1844, Ярмазар айылы (Эзбек Респ.)] - Кокон хандыгындагы кыргыз

бийлеринин ичинен биринчилерден болуп «миц башылык» даражага жеткен аскер башчы, керYHYктYY мамлекеттик ишмер. НYЗYп бийдин саясий ишмердYYЛYГYн 3 мезгилге белYп кароого болот. 1-мезгил - 1810-22-жж: 2-мезгил - 1822- 42-жж: 3-мезгил - 1842-44-жж.

1-мезгил - 1810-1822-жж. НYЗYп бийдин ишмердYYЛYГYHYн башталышы. Омор хан бийлик жYргYЗYп турган жылдары Кокон менен Бухаранын чек арасында жайгашкан Оро-Тебе чатагы басылбай, эки хандыктын ортосунда чыр-чатак болуп турган эле. Бухара эмиринин жардамы менен Махмуд хан тере Оро-ТебенY ээлеп алган болчу. Кокон мамлекетинен чек ара коопсуздугун сактоо максатында, Омор хан бул аймакты кошуп алуу аракетин жасай баштайт.

1818-жылы хан тарабынан жиберилген аскерлер Алишер жYЗ башынын жетекчилиги астында (ичинде НYЗYп да болгон) Оро-Тебеге келет. Омор хан ашыкча кан тегYYДен баш тартып, Махмуд теренY «уурдоого» буйрук берет. Башчысы уурдалгандан кийин айласыздан Оро-Тебе хандыктын курамына кошулат.

2-мезгил - НYЗYп бийдин ишмердYYЛYГYHYн енYккен мезгили (1822-42-жж.); Омор хан елгенден кийин бийликке анын баласы Мадали хан келет (1822-1841-жж.). Хан ордосунда бир топ езгерYYлер болот. Бир канча вазирлер, лашкер башчылар алмаштырылат. НYЗYп жYЗ башы болсо Сафид-Булан калаасынын коменданты болуп дайындалат. Мадали хандын башкаруу учуру Кокон мамлекетинин ички жана тышкы саясий-экономикалык абалынын жогорулоо мезгили болгон. Мамлекеттин челкемY ТYштYк Казакстан, Талас, ЧYЙ, Ысык-Кел жана Тецир-Тоого жайылган. Тышкы саясатта 1832-жылы Кытай менен Кокон-Пекин келишими тYЗYЛYп, чоц ийгилик жаратылган [11, 235]. Бул тууралуу эл арасында:

Кыргыз, Кытай чек араны,

НYCYп кантип белду экен.

Кантип башы жетти экен?

Кантип барып белдY экен... [12] - деген кошок саптары сакталып калган.

ЖYЗ башынын Аксы челкемYнде жасап жаткан иштери менен кабардар болуп жYрген хан кYндердYн биринде ^зрт жYЗ башыны Ысык-Кел боюндагы Каракол калаасын тикелее YЧYH жиберет. Калаанын айланасына чет жакалардан кыргыздар кечYPYЛYп келип, жайгаштырылат. ЖергиликтYY элдин кол кабыш керсетYYCY менен НYЗYп баштаган Кокондук аскер белYкчелерY тез аранын ичинде эле шаардын курулушун ийгиликтYY аякташат. Шаарга эц биринчи базар, мечит жана чакан дYкендер салынат.

Натыйжада, НYЗYп Кара-Кол калаасында бир жылдан ашык убакыт жYPYп, калаанын чыцдалышына eзYHYн салымын кошот.

Белгилей кетчY нерсе, Бухара менен Кокондун ортосунда Оро-Тeбe YЧYн бир нече ирет кагылышуулар болуп eткeн. Тынымсыз кайталанып туруучу согуштардан улам, ал жердин калкы чет жакаларга кeчYп кете баштаган. Алсак, 1806-жылы Оро-Тeбeнун калкы 12 мицге жакын эл болсо, ал эми Х1Хк. 70-жылдарында 10 мицге жакын гана тургундары калган [13;20].

Демек, Мадали хандын мезгилинде Кокон хандыгы Чыгыш ТYркстан аймагында гана eзYHYн YCтeмдYГYн орнотууга жетишпестен, Фергана eрeeнYндeгY Бадахшан, Кожент, Жизак, Каратегин, Алай аймактарын кайрадан eз таасирине бурууга жетишет. Аталган аймактардагы маселени чечYYДe хандын буйругу менен жeнeтYлгeн НYЗYп пацсат чон роль ойнойт. Тарыхый материалдар далилдеп тургандай, НYЗYп пацсаттын жетекчилиги менен коргонуу катары салынган кокондуктардын Алай eрeeнYндeгY Кызыл-Коргон, Сары-Коргон, Дароот-Коргон, Памирдеги Таш-Коргон чептери бекемделген.

3-мезгил - 1842-1844-жж. НYЗYптYн ишмердYYЛYГYHYн гYлдee жана кризис мезгили;

ЭлкeдeгY саясий кризистин натыйжасында 1840-1842-жж бийликти eз колдоруна кыргыз бийлери алышкан. Мисалы, НYЗYп бийдин хандыктагы аталыгын айтса жетиштYY. К.Кененсариев «ферганалык кыргыздар Кокон амирлигинин жецишине да, жецилишине да, жакшылыгына да, жамандыгына да ортоктош болгон» [14, 158]. ^зуп мицбашы баштаган делегация 1842-жылы жай айларында Таластан Шералынын YЙ-бYлeсY менен азыркы Аксы районун боборунан 35-40км. алыстыкта жайгашкан Кара-Суу суусунун жээгине кeчYPYп келгендиги чындык. Тарыхчы Ж. Алымбаевдин ойу боюнча мунун эки себеби болушу мYмкYн: биринчиден, Аксы аймагы НYЗYптYн туулуп-eскeн жери, экинчиден аймак Жаркынайымдын тeркYндeрY жашаган аймак [15]. Натыйжада, тарыхый фактыларга таянып, Жаркынайымдын Аксы eрeeнYнeн чыккан саруу кызы экендигин ырастоого болот.

Шералы хандын буйругуна ылайык НYЗYп Маргаландын акими болуп дайындалат. Маргалан Фергананын ири аймактарынан болуп, анын ичине Кува, Риштан, Язяаван, Хайдаркан, Кадамжай, Шахимардан ж.б. ^п шаарлар, кыштактар кирген. Акимдин так сарайы Маргалан шаарына жакын жердеги ГYЛДYY бакка оролгон Ярмазар кыштагында жайгашкан.

НYЗYп Маргаланга кечYп келгенден кийин аксакалдарды чакырып, кецешме еткерYп, шаардын ал-акыбалы менен таанышат. Бир катар эл туруучу жайларды кыдырып, соода, дыйканчылык тармактарын енYктYPYYге кецYЛ бурат. Мындай жылуу мамилени шаар тургундары колдойт. Шаардын кечелерYн кецейтип, жацылап мечит, мазарларды курууга буйрук берет. 3040 жыл мурун Омор хан Маргаланга аким болуп, кептеген курулуш иштерин баштап, аягына чыкпай калган болчу. НYЗYп болсо ушул иштерди кайрадан колго алып, жандандыра баштайт.

Мулло Гариб Маргилони НYЗYптYн аткарган иштери женYнде мындай баяндама берет: «Омор хандын мезгилиндеги иштерди улантууга киришет. Маргаландагы Хожо Мойоз мазарынын айланасына жацы дубал курдурууга буйрук берет. Аялы Толгонай болсо, жетим-жесир балдарга камкордук кыла баштайт. «Искендер падыша»-деп аталган мазарды оцдотуп, 30-40 бала батчу жай салдырат». Мындан сырткары Толгонай Ярмазардан жетимдер YЧYн 30 танап жер YЛYШYн, бир тегирмен жана 2 дYкен сатып берет. Жетим балдардын кат-сабатын ачуу максатында атайын 2 молдону акимдин буйругу менен дайындайт. Жогорудагы иштери YчYн калк арасында Толгонай «кыргыз аким айым» деген атка конгон»,-деп белгилейт Мулла Гариб Маргилони. Ордо YЧYH ич-ара чыр-чатактардын учурунда НYЗYптY кыргыз-кыпчак феодал тебелдерY Мусулманкул менен Шады датканын уюштурган кутумунун натыйжасында 1844-ж. елтYрген [16, 130].

Жыйынтык. Кокон хандыгынын коомдук турмушунда НYЗYп бийдин ата-бабалары олуттуу салым кошуп келгендиги эл оозунда, тарых барактарында жана кошок ырларында унутулбай айтылып келгендиги жогоруда баяндалды. Буга ылайык НYЗYп миц башынын чебереси Байыскан атасы Сулайманкул болушка кошкон кошогунда да: Он эки атам хан еткен, Ойлонбой баары даана еткен. Он бир атам хан еткен, Омоктуу баары даана еткен. Жетилип атам хан еткен, Жеткилец баары даана еткен. Тогуздап атам хан еткен, Токтолбой баары даана еткен. Катарлаш атам хан еткен,

Катары менен даана еткен [17, 120] - деген саптарда чындыгында эле тYп аталары эл керегине жараган инсандардан болгондугун кошууда.

Кожомкулдун урпактары eрeeндYн элин 1917-жылы Улуу Октябрь Социалисттик революциясына чейин сырткы душмандардан коргоп келген.

НYЗYп миц башынын Кокон мамлекетинин тарыхында ээлеген орду, кошкон салымы арбын. Анткени, Кокон хандыгынын мамлекеттYYЛYГYн чыцдоого eзгeчe салым кошкон, хандыктагы саясий иштердин активдYY катышуучусу, калктын келечегин ойлогон инсан гана эмес-такшалган дипломат катары да кароого болот. Демек, чыгаан эр азаматтардын KYЧY менен элибизди Кокон амирлигинин жеми болуудан сактап турган жана кыргыз тeбeлдeрYHYн хандыгыктагы ээлеген орду чоц болгон.

Адабияттар

1. Калбаев А. Сулайманкул болуш. Бишкек, 2011. 120-121-бб.

2. Алымбаев Ж. НYЗYп бий. Бишкек, 2000.

3. Информатор. Жоробеков Ташбай. Аксы району, Авлетим айылы, 2003-ж.

4. Информатор. Атакулова Айым. Аксы району, Авлетим айылы, 2003-ж.

5. Захриддин Мухаммед Бабур. Бабур баян. Кыргыздар. -Бишкек,1991. 467-б.

6. Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства. - Казань, 1886. 3-32-бб.

7. Кененсариев Т. Кыргыздар жана Кокон хандыгы. Ош, 1997. 10-б.

8. Информатор. Жоробеков Ташбай. Аксы району, Авлетим айылы, 2003-ж.

9. Базарбаев Ш. Кыргыз маданиятынын eнYГYY дилектикасы. Ош, 2001, 158-б.

10. Кыргызстандын эц байыркы мезгилден XIX кылымдын соцуна чейинки тарыхы. Бишкек.: "Кыргызстан" Сорос фонду, 1998. 302-303-бб.

11. Бернштам А.Н. Архитектурные памятники Киргизии. М-Л.: 1950. 303-б.

12. Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003, 235-б.

13. Информатор. Жоробеков Ташбай. Аксы району, Авлетим айылы, 2003-ж.

14. Бейсембиев Т.К. "Тарихи Шахрухи" как исторический источник. Алма-Ата, 1987, 20-б.

15. Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы. Бишкек,1997. 158-б.

16. Алымбаев Ж. НYЗYп бий. Бишкек: "Шам", 2000. 145-б.

17. Урустанбеков Б.У, Чороев Т.К. Кыскача энциклопедиялык сeздYк. Фрунзе, 1990. 130-б.

18. Калбаев А. Сулайманкул болуш. Бишкек: 2011. 120-б.

19. Информатор. Ырсалы Алымкул уулу. Аксы району, Кара-Суу айылы, 1978-ж.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.