Научная статья на тему 'КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДИНИЙ ИШЕНИМДЕРДИН КООМДУК ТУРМУШТАГЫ ОРДУ ЖАНА РОЛУ (“КУРМАНДЫККА ЧАЛУУНУН” МИСАЛЫНДА)'

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДИНИЙ ИШЕНИМДЕРДИН КООМДУК ТУРМУШТАГЫ ОРДУ ЖАНА РОЛУ (“КУРМАНДЫККА ЧАЛУУНУН” МИСАЛЫНДА) Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
24
3
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
дин / ишеним / кудай / курмандыкка чалуу / тыюу салуулар / ырым-жырымдар / ритуалдар / religion / faith / god / sacrifice / prohibitions / ceremonies / rituals

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — Айжана Осконбай Кызы, Гульназ Чыныкеева

Бул макалада Кыргызстандагы жашаган калктын диний ишенимдери, тактап айтканда, “курмандыкка чалуу” ишенимине байланыштуу изилдөөлөр камтылат. Кыргыз этнографиясында жогорудагыдай диний ишенимдер атайын терең изилдөөгө алынбаган, бирок мааниси жогору маселелердин бири. Көз карандысыздыкка жеткенден кийин өлкөбүздө ар түрдүү диний агымдар пайда болгон жана бүгүнкү күндө да алар жигердүү ишмердүүлүктөрүн жүргүзүшүүдө. Азыркы мезгилде да исламга тиешелүү ырым-жырымдар, исламга чейинки ишенимдер ассимиляцияланып, жергиликтүү калк тарабынан кеңири колдонулууда.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

THE PLACE AND ROLE OF RELIGIOUS BELIEFS IN THE PUBLIC LIFE OF KYRGYZSTAN (ON THE EXAMPLE OF "SACRIFICE")

The article contains a study of the religious beliefs of the population of Kyrgyzstan, in particular, the belief in “sacrifice”. In Kyrgyz ethnography, such religious beliefs have not been deeply studied, but they are one of the most important issues. After gaining independence, various religious movements arose in our country, which are still active. Even today, Islamic rituals and pre-Islamic beliefs are assimilated and widely used by the local population.

Текст научной работы на тему «КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДИНИЙ ИШЕНИМДЕРДИН КООМДУК ТУРМУШТАГЫ ОРДУ ЖАНА РОЛУ (“КУРМАНДЫККА ЧАЛУУНУН” МИСАЛЫНДА)»

УДК: 93/94.39

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ДИНИЙ ИШЕНИМДЕРДИН КООМДУК ТУРМУШТАГЫ ОРДУ ЖАНА РОЛУ ("КУРМАНДЫККА ЧАЛУУНУН" МИСАЛЫНДА)

Осконбай кызы Айжана, магистрант, Чыныкеева Гу.лназ Эргешалиевна, т.и.к., доцент Ош мамлекеттик университети, Ош, Кыргызстан

Аннотация. Бул макалада Кыргызстандагы жашаган калктын диний ишенимдери, тактап айтканда, "курмандыкка чалуу" ишенимине байланыштуу изилдввлвр камтылат. Кыргыз этнографиясында жогорудагыдай диний ишенимдер атайын терец изилдввгв алынбаган, бирок мааниси жогору маселелердин бири. Квз карандысыздыкка жеткенден кийин влквбYздв ар тYрдYY диний агымдар пайда болгон жана бYгYнкY кундв да алар жигердYY ишмердYYЛYктврYн ЖYргYЗYШYYдв. Азыркы мезгилде да исламга тиешелYY ырым-жырымдар, исламга чейинки ишенимдер ассимиляцияланып, жергиликтYY калк тарабынан кецири колдонулууда.

Ачкыч свздвр: дин, ишеним, кудай, курмандыкка чалуу, тыюу салуулар, ырым-жырымдар, ритуалдар.

МЕСТО И РОЛЬ РЕЛИГИОЗНЫХ ВЕРОВАНИЙ В ОБЩЕСТВЕННОЙ ЖИЗНИ КЫРГЫЗСТАНА (НА ПРИМЕРЕ «ЖЕРТВОПРИНОШЕНИЯ»)

Осконбай кызы Айжана, магистрант, Чыныкеева Гульназ Эргешалиевна, к.и.н., доцент.

Ошский государственный университет,

Ош, Кыргызстан

Аннотация. В статье содержится исследование религиозных верований населения Кыргызстана, в частности веры в «жертвоприношение». В кыргызской этнографии подобные религиозные верования не изучались глубоко, но являются одним из важнейших вопросов. После приобретения независимости в нашей стране возникли различные религиозные движения, которые действуют до сих пор. Даже сегодня исламские ритуалы и доисламские верования ассимилируются и широко используются местным населением.

Ключевые слова: религия, вера, бог, жертвоприношение, запреты, обряды, ритуалы.

THE PLACE AND ROLE OF RELIGIOUS BELIEFS IN THE PUBLIC LIFE OF KYRGYZSTAN (ON THE EXAMPLE OF

"SACRIFICE")

Oskonbay kyzy Aizhana, master student,

Chynykeeva Gulnaz Ergeshaliyevna, PhD of Historical Sciences, dosent Osh State University, Osh, Kyrgyzstan

Abstract. The article contains a study of the religious beliefs of the population of Kyrgyzstan, in particular, the belief in "sacrifice ". In Kyrgyz ethnography, such religious beliefs have not been deeply studied, but they are one of the most important issues. After gaining independence, various religious movements arose in our country, which are still active. Even today, Islamic rituals and pre-Islamic beliefs are assimilated and widely used by the local population.

Key words: religion, faith, god, sacrifice, prohibitions, ceremonies, rituals.

Киришуу. Диндин тарыхын адамзаттын тарыхынан бeлYп карай албайбыз. Анткени, дин коомдун саясий-тарыхый турмушуна тузден-туз таасир этет. Адамзат ишенимин далилдее YЧYн кандайдыр бир реалдуу образ ойлоп табат. Мисалы: буюм, тоо, суу, жаратылыш кубулуштары жана башка. Ага карата ар кандай тыюу салууларды, ырым-жырымдарды же сый урмат катары курмандык чалуу жана башка ушул сыяктуу нерселерди ете кылдаттык менен иштеп чыгат. Бул ишеним адамдын ац-сезиминде пайда болгон YЧYн убакыттын eтYШY, коомдун eнYГYШY менен eзгeрYп турат. Бул жацы диндин же диний ишенимдин пайда болушу дегендик.

КeцYл бура турчу дагы бир маселе, бир эле ишенимдин жер шарынын ар кайсыл аймагында жашашы, ырым-жырым, тыюу салуулардын окшоштугу. Мисалга ала турган болсок, курмандык чалуу. Ал кокус келе турчу кырсыктардын алдын алуу максатында Кудайга арналган ыраазычылык [1., 187-б.].

Англиялык дин таануучу Джеймс Фрезердин айтымында курмандыкка чалынган жаныбардын эти Кудайдын тамагындай ыйык. Бул кeрYHYш eнYккeн жана eнYкпeгeн диндерде бар. Немец этнографы Конрада Прейсстин ^з карашында курмандык чалууну eзгeчe сыйкыр кYч менен байланыштырат. Курмандык чалуудагы башкы максат - жаныбардын ичиндеги сыйкыр кYчтY асманга боштодукка коюп жиберYY [7., 45-б.].

Ортодо eз пайдасына ишетеген жалганчы жрецтердин да курмандык чалуудагы талаптары жeнYндe айта кетпесек болбойт. Алар карапайым катмардан Кудайлардын талабы деген шылтоо менен байма-бай Yй жаныбарын тартып алганын популярдуу атеист Генрих Эйлдердин жана этнограф Пол Радиндин пикирлери далилдейт. Ар бир теория, ^з караш eз ичине чындыкты камтыганы менен курмандык чалуунун башкы максаты

бYдeмук бойдон калууда. Арбактарды багуубу, духтарга ыраазычылыкпы же жаныбарлардын ыйыктыгыбы...

Изилдее объектиси: Учурдагы Кыргызстандагы кыргыз калкы изилдeeнYн обьектиси жана алардын диний ишенимдери изилдeeнYн предмети катары каралат.

Изилдее ыкмалары: тарыхый-салыштырмалуулук ыкма жана eздук этнографиялык изилдeeдeгY талаа материалдары колдонулду.

Негизги белук: Курмандык чалуунун эволюциясына кeз чаптырсак, башаты тээ палеолит дооруна барып такалат. Анда элдер ацчылыкка топ-топ болуп чыгышкан жана ийгиликтYY ацчылык YЧYH ыраазычылык катары ошол ууланган жапайы жаныбардын бирин курмандыка чалышкан. Демек, бул жерден тотемизмдин алгачкы белгилерин байкасак болот.

Адам баласы качан гана отурукташып колунда мал багып баштаганда курмандык чалууга жаныбарды тандап баштаган. Буга далил катары алтай элинин ийгиликтуу анчылык YЧYн жаныбардын рухуна багыштап мууздалган малдын канын чeйчeккe куюп, аны оц колунун сeeмeЙY менен аралаштырып жерге чачып жиберген, кийинчерээк ушул эле кeрYHYштY уйдe жыгачтан жасалган идолдорго жасашкан, анда кошумча канын куюп, майын CYЙкeгeн.

Маданияттын eнYГYШY менен курмандыкка чалынуучу жаныбарларга коюлган талаптар eзгeрeт. Мисалы, Египетте буканы такыр мууздашпайт, анткени ал согуш Кудайы. Ал эми Индияда жылан менен уйду ыйык кeрYшeт, аларды муздоо эмес аярлап мамиле кылышат. Демек, далилдерге таянуу менен курмандык чалуу ар башка диний ишенимде TYPДYY метод менен жашап келген. БYГYнкY кYндe да айрымдары колдонулат. Кыргыздарда деле тYлee eткeрYY бул жаратканга ыраазчылык катары бааланып, бир аксарбашыл мууздалат.

Аксарбашыл айтуу-жYрeк сезген кырсыкты алдын ала болтурбай коюуга жасалган далба. Кудайдан шыбага кYTYY учун айтылган eтYHYч "ээ кудай аксарбашыл" деген сeздун артында ушул кырсыктан аман калсак кой соем, кан чыгарам, тулee eткeрeм (аксарбашыл - башы сары ак кой соем) деген маанини билдирет. Албетте, сактансан-сактайм деген Кудайдын шерти бар.

Курмандык чалуу кыргыз урууларында тeмeндeгучe кездешет: уй-бYлeнун, уруктун, уруунун ата-бабаларына, духтарга, кудайларга карата атайын уюштурулган каада-салт. Ал эми байыркы доорлордо курмандык чалуу процессин жрецтер аткарган. Байыркы кыргыз коомунда бул функцияны бакшылар, шамандар аткарган. Курмандык чалынуучу жайлар

атайын белгиленип ыйык деп эсептелинген. Мисалы тоонун этеги, булактуу жерлерге, чоц жол (кан жол) боюна eткeрYлгeн. С.М. Абрамзондун эмгегине таянсак, кыргыздардын ар бир уруусунун сыйынган тоосу, ыйык жаныбары, кушу, дарагы, эн тамгасы болгон [1., 189-б.]. Бул салт Эне-Сайлык кыргыздардын урпагы болгон Хакас, Тува жана шор элдеринде кецири сакталып калган. Курмандыкка жылкы, кой ж.б. тартылган. БYГYнкY кYндe бул философиялык-диний кез караш "тYлee" деген ат менен белгилYY.

ТYлee берYY - бул ар кандай кырсыктардан аман калганы же алыска аман-эсен барып келгени YЧYн жаратканга ыраазы болуп кой союп, этин бышырып элге таратуу, бата алуу. ТYлee кeбYнчe каттуу ооруп айыкканда, кыйналып аман-эсен кeз жарып алганда, бийик жерден жыгылганда, оор кырсыктан одой кутулганда берилет. ТYлeeгe кой, эчки, улак, козу, тай, торпок союлат. Анда да аксарбашыл сыяктуу эле этти казанга кайнатып, бышырып элди чакырып эттин баарын тартат. Шорпосу ичилип, эт жашына карап мYчeлeнYп берилет. Дасторкон жайнатып, аксакалдардан кырсыктан аман калгандыгы YЧYн жана келечекте боло турчу кырсыктардан сактануу максатында алакан жайылып тилек кылынат, куран окулат.

Ушул сыяктуу кeрYHYш Кыргызстандын тYштYк аймактарында "кудайы" деп аталат. Анда да тYлee eткeргeндeй эле процесс кайталанат. Кудайынын эки TYPY бар, биринчиси тYлee eткeргeн сыяктуу кырсыктан аман калганда же ооруудан айыкканда Yйдe курмандык чалынып кошуналар, жакын туугандар же бYTYндeй айыл чакырылат. Мында курмандыкка чалынган эттин баары бышырылып, кYPYчтeн демделген аштын YCTYнe эт коюлуп берилет. Ал эми аксакалдарга жарты мYчeдeн эт тартылат. Ал эми, экинчи TYPY жыл сайын жаз мезгилинде бир айыл же бир уруу ортодо акча чогултуп мечитте кудайы eткeрYшeт. Анда элдин санына жараша жандык союлуп эти асылып, дасторкон жайнатышат, акырында куран окулуп бYTYндeй уруунун аманчылыгы тиленет [6].

Информатор Ноокат районун Ынтымак айылынын тургуну Бектемиров Максытаалынын айтымында ушундай эле кeрYHYштY алар "дарвишана" деп аташат. Анда Оргу уруусунун БайбeрY уругу ар жыл сайын жаз мезгилинде чогулуп, мечитте курмандык чалып куран окутушат. Мындай ырым кeп жыл мурун Гeeзан тоосунун этегинде аткарылчу. Ислам дининин куч алышы менен ушул эле процесс мечитте eткeрYЛYп келет. Мындан жыйынтык чыгарсак, курмандык чалуу бYГYнкY кYндe исламдашып кеткен исламга чейинки ырым жырым болуп эсептелyyдe[2].

Орто кылымдарда мындай кeрунYш монголдордо кeп кездешет. Алар кeчмeн уруу болгонуна байланыштуу негизги чарбасы мал болгон. Ар жыл сайын эрте жазда кыштан эсен-аман чыгышкандарын майрамдап, курмандык чалышкан. Бул процесс Онона тоосунда жYргeн.

Дагы бир кeцYл бура турчу eзгeчe маселе, жаныбарлардын гана эмес адамдардын курмандыкка чалынуусу. Мындай кeрунYш Т^д^ Америкадагы индеец урууларында кецири кездешет. Бир уруунун башына келе турчу кырсык балээлердин алдын алуу максатында тируу эркек адамды Крт кудайына багыштап мууздаган. 1777-жылы Европалык моряктар ацтек уруусунун согуш Кудайы Оронун урматына арналган курмандык чалууга кYбe болушкан. Алар кeбунчe согушта туткунга т^^н кошуна уруулардын адамдарды кыйган. Испаниялык конкесдаторлор Теночтитпан шаарынан баш сeeктeн курулган бийик пирамиданы кeрYшкeн. Аны курмандык Yчун мууздалган адамдардын башы деп божомолдошот [7].

Иудаизм дининде да Палестинаны багынтууда колго тYшкeн туткундардын бирин калтырбай мууздашкан. Ал Яхва Кудайдын урматына арналган деп ишенишкен. Мында мифологиялык тушунYктeн туткундарды багуу, шаардан шаарга кeчYруY маселеси тургандыгын тарыхчы катары эске алуу абзел.

Адамды курмандыкка чалуу Орто Азия элдеринде, анын ичинде кыргыздарда кецири таралган. Мисалга алсак, Жоомарт Бeкeнбаевдин "Чептен эрдин кучY бек" ырында курмандыка чалуу баяндалат [3]. Ошондой эле, Тeлeгeн Касымбековдун " Сынган кылыч" романындагы Шераалынын хан кeтeрYлушундe "курмандыкка чалуу" ачык CYрeттeлгeн [5].

Андан сырткары, талаа материалдарына таянсак, эрте жазда суу кирген маалда дарыянын катуу шуулдап кYркYрeп акканын уккандар "дарыя кансырап" калыптыр деп жорушат. Ал учурда сeзсYЗ кан чыгарып, тYлee eткeрбeсe, суу жээктеген бирeeнY суу тартып, кYр-шар менен таштан-ташка урулуп каны чачырап, дарыянын кeксeeсун кандырат деп ишенишет [4]. Убакыттын eтYШY менен адамдар курмандыкка чалуунун формасын eзгeртуп "бычуу" тYшунYГY келип чыккан. Мында eзун кудайга арноо, жыныстык кумардан баш тартуу маселеси жатат. Мисалы исламдагы дербиштер, христианчылыктагы чиркee кызматкерлерин айтсак болот [7].

Жыйынтык: Жыйынтыктап айтканда, кыргыз этнографиясында жогорудагыдай диний ишенимдер атайын терец изилдeeгe алынбаган, бирок мааниси жогору маселелердин бири. ^з карандысыздыкка жеткенден кийин eлкeбYЗдe ар тYрдуу диний агымдар пайда болгон жана бYгункY кундe да

алар жигердYY ишмердYYЛYктeрYн жYргYЗYШYYДe. Ислам менен исламга чейинки ишенимдери бирдей тутунган элдин ырым-жырымдарды аралаш аткаруусу кайсы чeйрeдe болбосун кeнYMYш адатка айланды. Азыркы мезгилде да исламга тиешелYY ырым-жырымдар, исламга чейинки ишенимдер ассимиляцияланып, жергиликтYY калк тарабынан кедири колдонулууда. Андыктан, тарыхчылар катары бул маселелердин келип чыгуу себептерин теред талдаганга, тыкыр изилдегенге жана алыбыздын жетишинче тактаганга далалаттанышыбыз абзел деп эсептейбиз.

Адабияттар

1. Абрамзон С.М. Кыргыздар. М., 1985. 896-б.

2. Бектемиров Максытали, Ынтымак айылынын тургуну.

3. Бeкeнбаев Ж. Чептен эрдин кYЧY бек чыгармасы.

4. Гаипов Эскeнбай, Пум айылынын тургуну.

5. Касымбеков Т. Сынган кылыч. Б,1998.

6. Кыдыров Жоробай, Сары-Таш айылынын тургуну.

7. Токарев С.А. Ранние формы религии. М., 1990. 245-б.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.