Научная статья на тему 'ОКТЯБРЬ ТӨҢКӨРҮШҮ ФЕРГАНА ӨРӨӨНҮНДӨ: СОЦИАЛИСТТИК АГАРАРДЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕЛИШИ'

ОКТЯБРЬ ТӨҢКӨРҮШҮ ФЕРГАНА ӨРӨӨНҮНДӨ: СОЦИАЛИСТТИК АГАРАРДЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕЛИШИ Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
26
8
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
Фергана өрөөнү / Совет бийлиги / жер жана агрардык саясат / айыл-чарба / жаңы экономикалык саясат / Ferghana Valley / Soviet power / land and agrarian policy / agriculture / new economic policy

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — Шекербубу Дыйканова

Макалада Фергана өрөөнүнүн XX кылымдын башындагы социалдык-экономикалык абалы жана айыл-чарбасындагы кырдаал баяндалат. Совет өкмөтүнүн алгачкы социалисттик агрардык кайра куруу саясатынын маңызына, мүнөзүнө, аны ишке ашыруунун натыйжаларын жана кесепетерине карата тарыхнаамада орун алган таптык мамилеге негизделген мүчүлүштүктөрдүн ордун толтуруу маселеси изилдөөнүн илимий-теориялык жактан актуалдуулугун көрсөтүп турат. Демек, бул изилдөөдөгү маселелерди окуп үйрөнүү тарыхый чындыкты калыптандырууга, биздин өлкөдөгү тоталитардык мезгил жөнүндө илимий жыйынтыктардын тереңдетүүгө шарт түзөт.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

THE OCTOBER REVOLUTION IN THE FERGANA VALLEY: THE CREATION OF A SOCIALIST AGRARIAN STRUCTURE

The article describes the socio-economic situation and the agricultural situation of the Ferghana Valley at the beginning of the 20th century. The problem of compensation for errors based on the class approach in historiography to the essence, nature, results and consequences of the policy of the early socialist agrarian reorganization of the Soviet government shows the scientific and theoretical relevance of the study. Therefore, the study of the issues of this study will help form the historical truth and deepen the scientific results about the totalitarian period in our country.

Текст научной работы на тему «ОКТЯБРЬ ТӨҢКӨРҮШҮ ФЕРГАНА ӨРӨӨНҮНДӨ: СОЦИАЛИСТТИК АГАРАРДЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕЛИШИ»

УДК: 947.1.084 (575.2) (043.3)

октябрь тецкерушу фергана ереенунде:

СОЦИАЛИСТТИК АГРАРДЫК ТУЗУЛУШТУН НЕГИЗДЕЛИШИ

Дыйканова Шекербубу Анарбековна т.и.к., доцент Ош мамлекеттик университети, Ош, Кыргызстан

Аннотация. Макалада Фергана врввнYHYн XX кылымдын башындагы социалдык-экономикалык абалы жана айыл-чарбасындагы кырдаал баяндалат. Совет вкмвтYHYн алгачкы социалисттик агрардык кайра куруу саясатынын мацызына, мYнвЗYнв, аны ишке ашыруунун натыйжаларын жана кесепетерине карата тарыхнаамада орун алган таптык мамилеге негизделген мYЧYЛYштYктврдYн ордун толтуруу маселеси изилдввнYн илимий-теориялык жактан актуалдуулугун кврсвтуп турат. Демек, бул изилдввдвгY маселелерди окуп YйрвнYY тарыхый чындыкты калыптандырууга, биздин влквдвгY тоталитардык мезгил жвнYндв илимий жыйынтыктардын терецдетYYгв шарт тYЗвт.

Ачкыч свздвр: Фергана врввнY, Совет бийлиги, жер жана агрардык саясат, айыл-чарба, жацы экономикалык саясат.

ОКТЯБРЬСКАЯ РЕВОЛЮЦИЯ В ФЕРГАНСКОЙ ДОЛИНЕ: СОЗДАНИЕ СОЦИАЛИСТИЧЕСКОЙ АГРАРНОЙ СТРУКТУРЫ

Дыйканова Шекербубу Анарбековна к.и.н., доцент Ошский государственный университет,

Ош, Кыргызстан

Аннотация. В статье описывается социально-экономическое положение и сельскохозяйственная ситуация Ферганской долины в начале ХХ века. Проблема компенсации ошибок, основанных на классовом подходе в историографии к сущности, характеру, результатам и последствиям политики раннесоциалистического аграрного переустройства советской власти, показывает научную и теоретическую актуальность исследования. Поэтому изучение вопросов данного исследования поможет сформировать историческую правду и углубить научные результаты о тоталитарном периоде в нашей стране.

Ключевые слова: Ферганская долина, Советская власть, земельно-аграрная политика, сельское хозяйство, новая экономическая политика.

THE OCTOBER REVOLUTION IN THE FERGANA VALLEY: THE CREATION OF A SOCIALIST AGRARIAN STRUCTURE

Dyikanova Shekerbubu Anarbekovna, Candidate of Historical Sciences, Associate Professor

Osh State University, Osh, Kyrgyzstan

Abstract. The article describes the socio-economic situation and the agricultural situation of the Ferghana Valley at the beginning of the 20th century. The problem of compensation for errors based on the class approach in historiography to the essence, nature, results and consequences of the policy of the early socialist agrarian reorganization of the Soviet government shows the scientific and theoretical relevance of the study. Therefore, the study of the issues of this study will help form the historical truth and deepen the scientific results about the totalitarian period in our country.

Key words: Ferghana Valley, Soviet power, land and agrarian policy, agriculture, new economic policy.

Киришуу. Эгемендуртуке ээ болуу менен тоталитардык системанын шарттарында тарыхыбыздын бир беткей баа берилип келген айрым маселелерин кайра изилдеп чыгууга, анын кыргыз элинин улуттук рухий кайра жаралуу процессиндеги жана социалдык-экономикалык енYГYYCYндегY ролун жогору кетерYYге мYмкYнчYЛYк TYЗYЛДY. Кайрадан такталууга муктаж маселелерин алдынкы сабында Совет бийлигинин алгачкы бурулуш жылдарындагы ТYркстан челкемYндегY агрардык саясатынын багыттарын жана ишке ашыруу тажырыйбаларын, анын социалдык-экономикалык маселелерди чечYYДегY натыйжаларын, айыл чарба ендYPYШYн езгечелYктерYн системалуу изилдее жана жалпы эле кыргыз дыйканчылыгынын тарыхын окуп YЙренYY негизги орунду ээлейт.

Негизги белук: 1917-жылдагы Октябрь революциясынын тYпкYЛYктYY максаттарынын бири агрардык маселени чечYY болгон. Андыктан, большевиктердин жер-суу реформасы аймактын айыл экономикасынын эффективдYYЛYГYHYн жогорку децгээлге кетерYЛYштYн ендYргYч кYчтердYн енYГYY YЧYн зарыл эркиндикти камсыз кылуу керек эле. Ошондуктан, большевиктер "адилеттYY белYштYPYYHY" убада кылганда, Россиянын дыйкандарынын да, ТYркстан дыйкандарынын да кепчYЛYГY аны бышып жетилген агрардык проблеманын чечилиши менен байланыштырышкан. Башында, айылдыктардын агрардык чейреде большевиктердин бийликке келиши менен позитивдYY езгерYYлер болот деген YMYTY турмушка ашчудай сезилген. 1917-жылдын 26-октябрында еткен Советтердин Бут^л Россиялык II сьездинде "Жер женYнде" декрет кабыл алынган. БелгилYY тарыхчы А.Г.Зима белгилегендей: "Советтердин бYткYл Россиялык II сьезди тарабынан кабыл алынган советтик биринчи агрардык мыйзам "Жер женYндегY декрет" агрардык маселени эмгекчи дыйкандардын кызыкчылыгына шайкеш революциялык чечYYHYн YЛГYCY болууга тийиш эле" [3].

Бул документ, ири феодалдардын жана помещиктердин жерлерин, падышачылык ээликтерди конфискациялоонун эсебинен жерсиз жана жери аз дыйкандарга адилеттYY жер бeлYштYPYYHYн жарыялаган. Анда жерди улутташтыруу жана мамлекеттин менчигине eткeрYY талабы болгон эмес. Бул саясатты большевиктердин позициясы эмес, алардын лидери В.И.Лениндин идеологиялык-саясий оюну катары тYШYндYPYYгe болот. Ушуга байланыштуу езбекстандык окумуштуу А.А.Голованов адилет белгилегендей: "Советтик тарыхнамеде "Жер жeнYндeгY декрет" В.И.Лениндики катары айтылып келген. Чындыгында ал эсерлердин активдYY катышуусу менен 242 дыйкандын сунушунун негизинде тYЗYЛYп, алардын идеялык тYШYHYГYнe жооп берген документ эле [1]. Бул декрет боюнча Совет бийлигинин агрардык сасатынын тeмeнкYдeй негизги багыттарын:

- жерге болгон жеке менчикти жоюу, ири жер ээлеринин жерин конфискациялоо;

- жер иштеткендердики деген эреже боюнча жерди чарбаларга тендеп бeлYп берYY;

- чарбаларды жерге жайгаштыруу;

- натуралай жана акчалай тeлeнYYЧY салыктарды, аренда акыларын жана дыйкандардын кредиттик мекемелерге болгон бардык карыздарын жоюу;

- дыйкандарга eз чарбасын тYЗYY YЧYн материалдык-техникалык жардам берYY;

- айыл-чарбасын тейлee YЧYн кооперативдердин жeнeкeй тYрлeрYн уюштуруу жана башкалар аныкталган [1].

"YлгYЛYY талап" 1917-жылы сентябрь айында эле "Дыйкандар депутаттарынын кабарлары" деген газетада жарык ^рген болчу. Ал жери болгон жеке менчикти жана жалданма жумушту жоюну караган менен ошол эле учурда жерди пайдалануунун ар тYPДYY формаларын сунуштаган.

Ушул декретти реализациялоонун нугунда кедей дыйкандар басымдуу экономикалык мYмкYнчYЛYк алышкан. Алар жер салыгынын жана администрацияга тeлeнYYЧY ар кандай натуралдык жана акчалай милдеттерден бошотулган. Дыйкандардын кредиттик уюумдарга, CYткор-банкирлерге болгон бардык карыздары жоюлган. Мамлекеттик менчикте болгон жана жеке ээликте болбогон бардык жерлер, жергиликтYY бийлик органдарынын карамагына eткeн. Бул жерлердин бир бeлYГY жерсиз жана жери аз дыйкандарга бeлYHYп берилген [4].

Бирок большевиктик жетекчилик дыйкандар массасынын стихиялык талабынын артынан кепке ээрчиген жок. "Жер жeнYндeгY декрет" жарыялангандан кийин кеп етпей эле, анын негизги идеяларын ревизиялоо чаралары кeрYлe баштаган.

Бул декреттин позитивдYY мацызын акыр аягында келип жокко чыгарган мыйзам актыларынын башында ББАКтын 1918-жылы 9-февралында кабыл алынган "Жерди социалдаштыруу жeнYвдe" деген мыйзамы болгон. Ал мааниси боюнча алганда жерди "жалпы эмгекчи элдин пайдалануусуна етет" деп жарыялап, ээсиз калтырган. Башкасы ал жерди иштетYYHYн формалары жeнYндe эч нерсе айтылган эмес. Буга карата окумуштуу Х.Ш.Иноятов башкача пикирде болгон. Автор аталган мыйзамды жер жeнYндeгY декреттин кошумчасы катары карап, ал ортозар дыйкандардын кызыкчылыктарына дал келе тургандыгын, натыйжада контрреволюциялык кYчтeрдYн аларды ез тарабына тартуусуна тоскоолдук жаратылгандыгын белгилеген [4]. Ал эми эсерлердин 1917-жылдын 26-октябрындагы декретинде айыл жана поселокто кандай чечилсе, короо-жайлыкбы, хутордукубу, общиналыкпы, артельдикпи ошондой болот" - деп так кeрсeтYлгeн.

Аталган мыйзам жерди социалдаштыруу жeнYндeгY большевиктик программага eтYYДeгY биринчи сыноо кадамы болгон. Экинчиси, 1919-жылдын 14-февралындагы ББАКтын "Социалисттик жер курулушу жана социалисттик жерди иштетYYгe eтYYHYн методдору жeнYндe" деген декрети болгон. Мында ага чейин айтылбагандардын мааниси толук ачылган. Бул декрет СССРдин тарыхында карасантайлык ролду ойногон. Он жыл еткенден кийин ал сталиндик "туташ коллективдештирYYHYн укуктук негизи" болуп калган. Анда РСФСРдин чегиндеги бардык жерлер кимдин пайдалануусунда болгондугуна карабай бирдиктYY мамлекеттик орган деп эсептелинет, ал дыйкандардын эмес "Наркомземдин" буйруусунда болот деп кeрсeтYлгeн. Жерди иштетYYHYн жалпы формасы болуп ири советтик чарбалар, коммуналар, жерди коомдук иштетYY жарыяланган, ал эми жерди пайдалануудагы жеке менчик "eлYп бараткан жана eтYп кетYYЧY" катары мYнeздeлгeн.

Жогорудагы декрет гиганттык агро-фабрикаларды тYЗYYгe жана анын ишчилеринин айыл-чарба жумушчуларынын санын интенсивдYY кецейтYYгe тYЗдeн-тYЗ багыт берген. Аларга короосуна жер участогун кармоого, мал, тоок багууга тыюу салган. Бирок, 8 сааттык жумушчу кYЧYн киргизYYгe салтанат менен убада берилген. Бул фабриканын негизги цехтери совхоз

жана коммуналар болушу керек болгон. Аларды башкаруу "коммунисттик жерди иштетYYгe eтYY максатында" айыл-чарба пландарын аныктаган жер бeлYмдeрYнe берилген. Ал эми коммунисттик агрардык пролетариат диктатурасынын директиваларын аткарууда олку-солкулук пайда болбош YЧYн 1919-жылдын 28-августундагы декрет боюнча ар бир совхоз жана коммунага идеологиялык кeзeмeлдeeчY саясий комиссар же башкаруучу дайындаган.

Айыл-чарбасын социалисттик кайра куруунун чендерин Россия мамлекетинин бардык аймактарында бирдей ^ргон админстрация бул кeрсeтмeлeрдY ТYркстанда, анын ичинде Кыргызстанда да иш жYЗYнe ашырууну талап кылган. Кыргызстанда агрардык реформаны жYPYШY биринчи кезекте колонизатордук жер ээлeeнY жоюу болгон. Анын башаты катары 1918-жылдын 3-январындагы ТYркстан Эл комиссарлар Советинин келгиндер башкармалыгынын жана анын органдарын жоюу боюнча токтому эсептелет. Колониалдык тYЗYЛYштYн YCтeмдYГY уланып жаткан, улуттук, социалдык, сословиелик жана экономикалык проблемалар айкалышып чиеленишкен. Борбордук Азия сыяктуу жерге агрардык саясатты иш жYЗYнe ашыруу, улуттук eзгeчeлYктY эске алууну жана eтe этияттыкты талап кылган. Бирок, большевиктик бийлик ийкемдYY ой-жYГYртYYCY менен айырмаланбаган. Андан калса, ТYркстандын аймактык жетекчилиги алгачкы этапта официалдуу агрардык экстремизм саясатын чегине жеткен улуу державалык мамилеси менен курчутуп жиберген.

ТYркстандын большевиктеринин кeпчYЛYГY келгин европалык калктын eкYЛдeрY болгондуктан, улуттук маданияттан алыс болушуп, коммунисттик тYЗYЛYштY куруу механизмин примитивдYY тYPДe кабыл алышкан. Алар орус жумушчу классынын диктатурасына таянышып, жергиликтYY дыйкандардын социализмди YЗГYЛтYккe учуратуучу коркунучтуу кYч катары этияттанышкан. Агрардык жана улуттук саясаттагы официалдуу курс кыштактар менен айылдарды кыска мeeнeттe социалдаштырууга, ал эми дыйкан чарбаларын жалпылаштырууга eбeлгe тYЗгeн.

Айылда eзгeрYYлeрдYн пайда болушуна салым кошкон алгачкы актылардын бири катары ТYркстан Республикасынын Эл Комиссарлар Советинин 1917-жылдын 9-декабрындагы токтому эсептелген. Анда "ТYркстан аймагында жерди сатуу жана сатып алуу боюнча келишимдерди тYЗYYгe тыюу салынат"- деп айтылат [5].

Мамлекеттик мааниге ээ болгон жерлерден башкасы дыйкан жана мусулмандардын депутаттарынын областтык жана болуштук Советтеринин

эсебине еткен, аларга тез арада жер комитеттерин тYЗYY милдеттендирилген. Токтомдо дыйкандардын эмгеги менен иштелип жаткан жерлер Эл Комиссарлар Совети тарабынан бекитилиши талап кылынган.

Жер участокторун арендалоо маселесинде кеп чектеелер орун алган. Жерди бир жылдык меенетке гана жер комитетинин уруксаты менен берYYгe мYмкYн болгон жана сeзсYЗ тYPдe жумушчу солдат жана дыйкан депутаттарынын кецештери тарабынан бекитилиши талап кылынган.

Жер жeнYндeгY декретти ишке ашыруу, ошондой эле большевиктердин жерлерин жана короолорун конфискациялоого элди кeтeрYY YЧYн бийликтик уюуштуруучу структураны тYЗYYгe кеп кенул бурулган. Ушул максатта 1917-жылдын декабрында ТYркстан дыйкан депутаттарынын Аткаруу комитети жер-суу комитеттерин тYЗYYгe чакырган [2].

Кыргызстандын тYштYГYндe биринчи жер-суу комитети 1918-жылдын 26-мартында Ош болуштугунун Покровский айылында тYЗYлгeн. 1918-жылдын аягында жер-суу комитеттери аймактын областтарынын 32 пайызын тYЗгeн. Бирок, Фергана областында Совет бийлигине каршы кeтeрYлгeн куралдуу каршылыкка байланыштуу жер-суу комитеттерин тYЗYY убактылуу токтогон.

Кенештердин жер бeлYмдeрYHYн жана жер-суу комитеттеринин YCTYнeн жалпы жетекчиликти 1918-жылдын февралында уюуштурулган жер-суу комитеттеринин бeлYMY жYргYЗгeн. Алар эмгекке негизделбеген чарбаларды эсепке алууга жана конфискациялоого, жерлерди эмгекчи дыйкандардын ортосунда бeлYштYPYYгe, айыл-чарба артелдерин, коммуналарын уюштурууга милдеттYY болушкан.

Жер секциялары жана жер-суу комитеттери ез колдоруна эмгекке негизделбеген чарбалардын жерлерин, жергиликтYY маанидеги суу, токойлорду алышып, сууну пайдалануу маселелерин чечишкен. Бирок, жер-суу комитетинин иши канааттандырган эмес. Алар большевиктер каалаган таптык катаалдыкты жана социалисттик агрардык кайра тYЗYYлeрдYн масштабдуулугун камсыздай алышпаган. Жер-суу комитеттери эсепке алган чарбалардын саны 1918-жылдын аягында Сырдарья областы боюнча - 85, Ферганада - 15 ти тYЗгeн. Бийлик органдары жер-суу комитеттерин Совет бийлигинин бардык системасы менен бириктирYY тап душмандарынан тазалоо зарылдыгын баса керсет^шкен. Ушул максатта 1918-жылдын 20-апрелинен 1-майга чейин болуп еткен Советтердин бешинчи аймактык сьезди жер-суу комитеттерин жер-суу бeлYмдeрYнe кайра TYЗYY жeнYндeгY большевиктик резолюцияны кабыл алган [5].

Агрардык кайра тYЗYYлeрдY радикалдаштыруу боюнча жYргYЗYлгeн MaaHanyY иш-чара катары 1918-жылдын экинчи жарымында 1919-жылдын башында кедейлердин комитеттеринин жана союзунун тYЗYЛYШYн кароого болот.

1918-жылдын майында "Пролетарийлердин кыргыз Кецеши тYЗYЛYп, ага 3500 адам MY4e болуп еткен, ал эми Жалал-Абад, Базар-Коргонго чейин таасири жайылтылган союз катары "Жерсиз дыйкандардын союузун" кароого болот. Союзга келгин дыйкандардын 709 киши кирген. Ош болуштугунда "Мусулман жумушчуларынын жана чайрикерлердин союзу" аракеттенген [1].

Жыйынтык: БYГYнкY кYндe айыл-чарбалык eндYPYштY радикалдуу тYPдe кайра тYЗYY - Кыргызстанда социалдык-экономикалык прогрессти камсыздоонун ^п улуттуу элдердин жашоо децгээлин жогорулатуунун негизги eбeлгe болууда. Анткени, дале болсо жерге, эмгекке, менчикке карата чечкивдуу eзгeртYYлeр толук киргизиле элек, рынок механизми, стимулдар eнYгe албай жатат, башкаруунун эски принциптери кээ бир жагдайларда деле басымдуулук кылууда. Ошол негативдYY кeрYHYштeрдYн булагы социалисттик айыл-чарбасынын негиздерин тYптeгeн Октябрь революциясынын алгачкы жылдарына таандык. Ушул жагдайда мезгилдин тарыхына кайрылып, социалдык-экономикалык кeрYHYштeрдYн таап, изилдee илимий-практикалык мааниси актуалдуу проблемага айланып отурат.

Жер жана агрардык саясаттын туура багыты жана эффективдYYЛYГY гана eлкeбYЗДYн калкынын жашоо децгээлин жакшыртууга, азык-тYЛYк коопсуздугун камсыз кылууга жана жалпы эле социалдык ^^e^YY маселелерди чечYYгe eбeлгe болоору бышык. Андыктан, советтик агрардык саясаттын сабактарын YЙрeнYYHYн учурдагы жакырчылык менен кYрeшYYДe тарбиялык мааниси да зор болуп саналат.

Адабияттар

1. Кененсариев Т.К. Кыргызстан Россиянын курамында // Кыргызстандын эц байыркы мезгилден XIX кылымдын соцуна чейинки тарыхы. Б., "Сорос фонду", 1998. - 264-бет.

2. Осмонов О.Ж., Асанканов А.А. Кыргызстан тарыхы (эц байыркы доордон азыркы мезгилге чейин). Б., 2003. 275-б.

3. Сапелкин А.К. К истории феодализма в Киргизии в конце XIX - нач. XX веков. Ф., 1968.

4. Переселение и землеустройство в Азиатской России: Сборник Законов и распоряжений (сост. В.В.Вощинин). Пг., 1915. - С. 73.

5. ЦГА РУз, ф. И-1, оп.11 д.708, л.162.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.