Научная статья на тему 'ТҮРК ОНОМАСТИКАСЫНДА ЖЫЛКЫ КУЛЬТУ'

ТҮРК ОНОМАСТИКАСЫНДА ЖЫЛКЫ КУЛЬТУ Текст научной статьи по специальности «Языкознание и литературоведение»

CC BY
6
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
ат культу / түрк ономастикасы / түрк элдеринин орток тарыхы / ала йонтлу / кашка / horse cult / Turkic onomastics / Turkic history / Ala-Yontlug / kashka

Аннотация научной статьи по языкознанию и литературоведению, автор научной работы — Ahmet Caferoglu

Белгилүү түркиялык түрколог Ахмет Жафеорглунун “Түрк ономастикасында ат культу” аттуу макаласы 1953-жылы “Түркият Межмуасы” (Түркият журналы) журналына жарыяланган. Бирок кыргыз илиминде түркчө билбеген изилдөөчүлөр үчүн аталган макала белгисиз болуп келген. Бул кемчиликти жоюу максатында жана жалпы эле окурмандар үчүн Ахмет Жафероглунун макаласы кыргыз тилине которулуп жатат. Котормодо автордун кетирген айрым кемчиликтери оңдолуп, изилдөөчүлөргө ыңгайлуу болуусу үчүн макаланын аягында пайдаланылган адабияттардын тизмеси берилди (макаланын түп нускасында сноска болуп эле берилген). Бул котормо тил багытында, тарыхый-этнографиялык, фольклордук жана культурологиялык изилдөөлөрдү жүргүзгөн кыргыз изилдөөчүлөрүнө жана окурмандарга пайдалуу болот деген үмүттөбүз.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

HORSE CULT IN TURKIC ONOMASTICS

In 1953, the journal “Turkiyat Mecmuası” (Journal) published an article by the famous Turkish Turkologist Ahmet Cafeorglu “Horse Cult in Turkic Onomastics”. However, the article was unknown to researchers of Kyrgyz science who do not speak Turkish. In order to eliminate this shortcoming and for a wide range of readers, Ahmet Caferoglu's article is translated into Kyrgyz. During the translation, some errors made by the author were corrected, and for the convenience of researchers, a list of references is provided at the end of the article (in the original version of the article, it is provided as a footnote in the form of incomplete metadata). We hope that this translation will be useful to Kyrgyz researchers and readers engaged in linguistic, historical-ethnographic, folklore and cultural studies.

Текст научной работы на тему «ТҮРК ОНОМАСТИКАСЫНДА ЖЫЛКЫ КУЛЬТУ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОЛОГИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOLOGY

e-ISSN: 1694-8874

№1(3)/2024, 30-42

УДК: 821.512.145

DOI: 10.52754/16948874 2024 1(3) 4

TYPK ОНОМАСТИКАСЫНДА ЖЫЛКЫ КУЛЬТУ1 КУЛЬТ КОНЯ В ТЮРКСКОЙ ОНОМАСТИКЕ HORSE CULT IN TURKIC ONOMASTICS

Ахмет Жафероглу

Ахмет Джафероглу Ahmet Caferoglu

1 Макаланын туп нускасы: A. Caferoglu. "Türk Onomastiginde "At" Kültü". Türkiyat Mecmuasi, 1953, Cilt 10, 201-212. Которгон: Абдимиталип уулу Нурсултан, PhD, улук окутуучу, ОшМУ.

TYPK ОНОМАСТИКАСЫНДА АТ КУЛЬТУ

Аннотация

БелгилYY тYркиялык тYрколог Ахмет Жафеорглунун "Typk ономастикасында ат культу" аттуу макаласы 1953-жылы "ТYркият Межмуасы" (ТYркият журналы) журналына жарыяланган. Бирок кыргыз илиминде тYркчe билбеген изилдввчYлвр YЧYн аталган макала белгисиз болуп келген. Бул кемчиликти жоюу максатында жана жалпы эле окурмандар YЧYн Ахмет Жафероглунун макаласы кыргыз тилине которулуп жатат. Котормодо автордун кетирген айрым кемчиликтери оцдолуп, изилдeeчYлeргe ьщгайлуу болуусу YЧYн макаланын аягында пайдаланылган адабияттардын тизмеси берилди (макаланын тYп нускасында сноска болуп эле берилген). Бул котормо тил багытында, тарыхый-этнографиялык, фольклордук жана культурологиялык изилдeeлeрдY жYргYЗгeн кыргыз изилдeeчYлeрYнe жана окурмандарга пайдалуу болот деген YMYттeбYЗ.

Ачкыч свздвр: ат культу, тYрк ономастикасы, тYрк элдеринин орток тарыхы, ала йонтлу, кашка. КУЛЬТ КОНЯ В ТЮРКСКОЙ ОНОМАСТИКЕ HORSE CULT IN TURKIC ONOMASTICS

Аннотация

В 1953 году в журнале «Туркият межмуасы» (Журнал «Тюркият») была опубликована статья известного турецкого тюрколога Ахмета Джафеорглу «Культ коня в тюркской ономастике». Однако статья была неизвестна исследователям кыргызской науки, не владеющим турецкого языка. С целью устранения этого недостатка и для широкого круга читателей статья Ахмета Джафероглу переводится на кыргызский язык. При переводе исправлены некоторые ошибки, допущенные автором, а для удобства исследователей в конце статьи приведен список использованной литературы (в оригинальной версии статьи он приведен в виде сноски). Мы надеемся, что данный перевод будет полезен кыргызским исследователям и читателям, занимающимся лингвистическими, историко-этнографическими, фольклорными и культурологическими исследованиями.

Abstract

In 1953, the journal "Turkiyat Mecmuasi" (Journal) published an article by the famous Turkish Turkologist Ahmet Cafeorglu "Horse Cult in Turkic Onomastics". However, the article was unknown to researchers of Kyrgyz science who do not speak Turkish. In order to eliminate this shortcoming and for a wide range of readers, Ahmet Caferoglu's article is translated into Kyrgyz. During the translation, some errors made by the author were corrected, and for the convenience of researchers, a list of references is provided at the end of the article (in the original version of the article, it is provided as a footnote in the form of incomplete metadata). We hope that this translation will be useful to Kyrgyz researchers and readers engaged in linguistic, historical-ethnographic, folklore and cultural studies.

Ключевые слова: культ коня, тюркская ономастика, единая история тюркоязычных народов, пегие лошади, кашка.

Keywords: horse cult, Turkic onomastics, Turkic history, Ala-Yontlug, kashka.

Киришуу

Сибирлик тYрк-монгол элдеринин фольклорунда YЙYP жылкы ыйык деп саналган. Айрыкча якут эпосторунда баатырлардын минген аргымактары кек асмандагы кYн eлкeсYндe жашаган жылкынын пири болгон аял кудай тарабынан жиберилет. Бул аргымактар eздeрYHYн асыл сапаттары менен ээсинин башына мYшкYл иш тYшкeндe якутча CYЙлeп, ага акыл YЙрeтYп, жардам берген (Окладников, 1951, б. 146). Аттар ыйык жана сыйкырдуу кYчкe ээ, адамдан акылдуу жандык деп эсептелип, eзYнe бардык асыл сапаттарды камтыган кудуреттYYЛYктYн символу болуп саналган. Бурят эпосунда башкы каармандын минген аты якут эпосундагыдай эле кудайдын амири менен кeктeн тYШYп, eзYHYн жетим калган келечектеги ээсин тарбиялайт. Кээ бир учурда ээсинен да акылдуу деп CYрeттeлeт (Санжеев, 1936, б. 18). Ордостук монголдор Чьщгыз-хандын аты ^ктон тYшкeн деп ишенишет (Потанин, 1893, б. 123). Арийне, баатырдын аргымагынын сыпаттары булар менен эле чектелип калбайт. Буряттардын баатырдык эпостору болгон улигэрлерде, тYрк тилдYY элдердин эпосторунда ат - баатырдын эц жакын досу, жецишке себепчиси, акыл кошчусу, ээсин бир нече жолу eлYмдeн сактаган, ээсинен кем калбаган баатыр, б.а. башкы каармандардын бири катары берилет. Ал тургай кээде мындай аргымактар, т.а. "Уханта Ула морто Лодой Мэргэн" улигэринде ат дастанда баш каарман болсо, "Бо Сага морто Шир Ширелте Мэргэн" улигеринде башкы каарманды минген аргымагы шамандык милдетти аткаргандыгы байкалат (Жамцарано, 1918, б. 22). Акыркы мисалда ат - кайыптар дYЙнeсY менен реалдуу дYЙнeнY байланыштырган ортомчунун ролун аткарат. Дастан жана жомоктордо ат бул вазыйпаны же адкад, же тозокко учуп баруусу менен аткарган. Мисалы, Абулгази Бахадыр хан "Чыцгыздын хан шайланышы" баянында Чыцгыздын YЙлeнYY тоюна келген уруунун eкYЛY КeкчeнY CYрeттeп жатып (Ebul-Gazi Bahadlr Нап, 1925, б. 84), анын "кээде мага кайыптан боз ат келет, ага минип квккв учуп, Тецир менен CYШвШYп, кайра артка кайтам" деген сыяктуу eзгeчe касиети болгонун жазып, "ат культунун" монголдордо канчалык кецири жайылганына басым жасаган. Башка бир монгол уруусунун ишениминде ат каарманды тозокко учуп алып барып, аны кайра аман-соо алып келе алган ыйык бир жандык (Потанин, 1899, б. 418 жана 737).

Натыйжада кeчмeн тYрк-монгол элдеринин фольклорунда ыйык жандык катары саналган жылкы, тарыхта эц улуу кeчмeн мамлекет курган жана eздeрYHYн цивилизациясынын салттары менен жашаган байыркы тYрктeрдYн социалдык жашоосунан бери келе жаткан тYШYHYк экендиги шексиз.2 Биздин заманга чейин хунндарда ат культу согуш жана мекенди коргоодо маанилYY роль ойногон. Хунну императору Маодунь тактыга отурар замат, кошуна дун-ху (туцгус?) элинин eкYмдарлары ага элчи жeнeтYп, андан мурунку eкYмдар Тоу-мандын атын минеби минбейби же анын ордуна миц ли мал-мYЛктY курмандыкка чалабы деп сурашат. Маодунь ат маселеси боюнча кецешчилери менен кецешип, аягында аны сатып алат (Бе Огоо1;, 1921, б. 51). Ал тургай кытайлыктардан аттын

2 Мисалы, байыркы доорлордо эле кытайлар тYрктeр атактуу "адл айгырларынан" кулун салгандарына ишенип, мындай асыл тукум аттарды алууга аракет кылышкан (Maгquaгt, 1901, б. 301). Халифат доорунда мындай асыл тукум аргымактарды Хутталдын бектери багышса, кийин атагы чыккан "араб аттарын" да бул бектер багышкандыгы белгилYY (То§ап, 1946, б. 167). Бирок арабдарда "ат культу" эч качан болгон эмес (СаГеш§1и, 1953). Кавказ элдеринин уламыш-жомокторунда ат eз ээсин кырсык балээден куткарган жандык катары берилет. Аксак Тимур тууралуу жомокто Тимурдун уулу татар ханы Токтамыштын жылкычысы болот. Ал жылкы YЙYPYHYн ичинен эц кулук Турпал деген атка минип качып кетет (Потанин, 1899, б. 401). "Деде Коркут" дастанында атттын жYГYPYГY ^ЫИ (кYЛYк) сeзY менен сыпатталат (К^И, 1916, 9). Азыркы кезде "Турпал" ТYндYк Кавказда ысым катары да кездешет.

тYCYнe карап багыттарды белгилeeнY Yйрeнгeн хунндар согуштарда бул салтты карманышкан. Хунндар согушка кирерде батышка ак боз, чыгышка боз, тYндYккe кара, тYштYккe жээрде (текстте кызыл деп берилген - котормочудан) атчан аскерлерди жайгаштыргандыгы алардагы ат культунан кабар берип турат (De Groot, 1921, б. 20 жана 63). Уламыштарга айланып, тарыхый булактарда эскерилген аттар тYрктeрдYн башка элдерге YCтeмдYк кылышына себеп болгон. Дециз же бийик тоолордо туулган ыйык айгырлардан туулган тецдеши жок аргымактар тууралуу уламыш "Деде Коркутта" дастанында да кездешет (Rossi, 1952, б. 337).3

ТYрк тилдYY элдердин каада-салттарында жана фольклорунда легендарлуу каарман катары саналат. ТYрк маданиятында атка мындай сапаттардын берилишинин тамыры VII-VIII кк. курулган тYрк каганаттары дооруна барып такалат. Лена дарыясынын жогорку агымында жYргYЗYлгeн археологиялык казууларда табылган тYрк дооруна таандык ат жана туунун элестери тYШYPYлгeн таш айкелдерге таянып, аттын тYрктeр YЧYн мекенди коргоодо эц негизги элемент болгон деп айта алабыз (Окладников, 1951, б. 143). Атап айтсак, бул CYрeттeр согушка кирген аттар ээсине салыштырмалуу алда канча кооздолуп тартылган. СYрeттe аттын башына кийдирилген туулгага аттын жалынан жасалган тYпeк eткeрYЛYп, ооздугу да бул тарзда кооздолгон. Ал эми аттын кeмeлдYPYГYнe кээде тYпeк, кээде "котасты"4 тагып кооздошкон. Кандуу кармаштарга кирип, жецишке себепкер болгон ак жолтой аттарга ок жацылбасы YЧYн соотторду кийгизип коюшкан. КYЛтигиндин аттарынын биринин соотуна жYЗдeн ашык ок тийгендиги тYрк жазмаларында эскерилиши мунун айкын далили (Orkun, 1936, б. 45).5

Чындыгында баатырлардын согушка минген аттары жоокердин мамлекеттик жана коомдук турмуштагы орду менен тыгыз байланышта болгон. Жоокерлер касиеттYY жана баатырдын согушта эрдик кeрсeтYШYнe тYЗдeн-тYЗ таасир эткен, асыл тукум, дацазалуу аттарга минишкен. Ушундан улам баатырлардын минген аттары жецишке жетYYДe алар менен бирдей салым кошуп, алардай эле наамдарга ээ болушкан. Ал тургай мындай аргымактар eлгeндe eзгeчe салтанат менен кeмYЛгeн.6 Лена дарыясынын жээгиндеги аска беттериндеги CYрeттeрдeгY аттар, ТYрк каганатын коргоодо КYЛтегиндин минген аттары да бул категориядагы аттардын катарында экени талашсыз. Мындай аргымак аттар VIII. кылымда жазылган Орхон жазма эстеликтеринен кeрYHYп тургандай, тYрк ономастикасында eз ордун тапкан жана алардын ар биринин ысымы жана наамы болгон. Аргымактардын породасы, тYCY жана eзгeчeлYктeрYнe жараша аларга ат жана наам ыйгарылган. Мисалы, КYЛтегиндин аргымактарынын бири Ак Тадык Чурдагы "чур" тардуш бектеринин наамы

3 Дастанда Бейректин "дециз кулуну" "боз айгырдын" тукумунан болуп (Gokyay, 1938, б. 35), башка тYрк тиддYY элдердеги ыйык аттардан бир гана теги менен айырмаланат. Ошону менен бирге эле Бейректин "дециз кулуну боз айгыры" менен Кeроглунун минген атынын сыпатталышы бирдей (Boratav, 1931).

4 Аттын мойнуна "котас" тагуу адаты Анатолияда орто кылымдагы селжуктар доорунан бери жашап келген (Гордлевский, 1941, б. 153). Дал ушул салт тууралуу вздемироглу Осман Паша да Кавказга жасаган жортуулда кeргeнYн жазып, коркунуч туулган учурда минген аты Кара Кайтастын jj») (же кытас?) башына "котос" тагып койгон. Ошол эле доорлордо Осмон мамлекетинде бейлербейи (аймактарды башкарган админстративдик бирдик) болуп дайындалган адамдын ысымы да, жогоруда аты эскерилген аргымактын аты да j^LI^ (кайтас же кытас) окшош экендиги кeцYЛ бурууга арзыйт (§eref, 1329, б. 1364 жана 1358-1359).

5 XIII-XIV кк. казатка минилчу аргымактар Алтын Ордодон Индостанга экспорттолуп тургандыгы тууралуу кецири маалыматтар Ибн-Баттутада кездешет (карацыз: Афанасий Никитин, 1948, б. 158, шилтеме 51).

6 Кээ бир тYрк элдеринде аргымак ээси eлгeндeн кийин курмандыкка чалынган жана маркумга арналып тигилген мазар таштын бетине CYрeтY тYШYPYЛгeн (Vambery, 1885, б. 29).

болгон (Kotwicz жана Samoi'lowitch, 1928, б. 78); дагы бир аты Боз Ышбара7 Йамтардагы "ышбара" тардуш каганынын ысымы (Kotwicz жана Samoi'lowitch, 1928, б. 78; Nemeth, 1932, б. 447); Аз Йагыз аттуу аргымагы аз этнонимине8; Алп Салчы аттуу аргымагындагы "салчы" C63Y антропонимияга (Малов, 1951, б. 424; Радлов, 1911, б. 966-967) таандык болгон сыяктуу Башгу Боз,9 Огсуз10 жана Азман Ак11 сыяктуу аттар аргымактардын eздeрYнe гана таандык аталыштар болгон. Натыйжада VII-VIII кк. jypk коомунда ат культу jypk ономастикасы менен жуурулушуп кеткендиги айдан ачык кeрYHYп турат. Бир жагынан аргымактардын аталыштары тYрк ономастикасына салым кошсо, экинчи жагынан тYрк этнонимдери жана адам ысымдары аргымактарга ыйгарылып, ат антропонимикасын байыткан. Мисалы, КYлтегиндин байыркулардын12 ак боз айгыры менен Йеген Силиг бектин сооттуу тору атына минип чабышка кириши тYрк фольклорунда туруктуу кездешкен "ат антропонимиясына" таандык eзгeчeлYктeрдYн бири.

VII-VIII кк. тYрк ономастикасындагы ат культун XI к. печенегдерден да кeрYYгe болот. Эгер байыркы тYрктeрдYн этнонимдери менен печенег этнонимдерин салыштырсак эки тYрк элинин этнонимдеринде системалуу жакын окшоштуктар арбын кездешерине кYбe болобуз. Себеби эки элде тец аттын породасы, тYCY менен кошо согуштардын натыйжасында ыйгарылган лакап жана наамдар кездешип, этнонимдери жогоруда эскерилген эки кeрYHYштYн (eзгeчeлYк+наам жана лакап) бирлешмесинен пайда болгон. Византия императору VII. Константиндин эмгегинде печенегдерге таандык ат культуна тиешелYY сегиз уруу аталышын Ю. Немет тeмeнкYдeй окуган:

1. Йавды Эрдим = Жарык Эрдем "ак боз аттары бар эрдем уруусу".

2. ^рекчи Чур = Кeк чур "^к боз аттуу чур уруусу".

3. Кабукшын Йула = "Жыгач кабыгы eвдeнгeн аттары бар Йуланын (наам, даража) уруусу".

4. Суру ^л бей = "сур аттуу ^л бектин уруусу".

5. Кара бей = "кара аттуу Бектин уруусу".

6. Бору Толмач = "кYрeц аттуу Тилмечтин уруусу".

7. Йазы Капан = (так эмес) "Каман уруусу".

8. Була Чобан = "ала аттуу Чобандын уруусу" (Nemeth, 1932, б. 52-59).13

Жогорудагы мисалдардан кeрYHYп тургандай байыркы тYрктeрдe ат кээ бир уруу аталыштарынын, ал тургай уруу башчыларынын ысымдарынын пайда болушуна себеп боло алган. XI. кылымда жашап eткeн турк филологу Махмуд Кашгари "мамлекет" деген маанини

7 Немис-америкалык синолог Ф. Хирт бул сeздY кытай тилиндеги "I-schi-po" деп эсептейт (Hirth, 1899, бб. 117; 127; 135 жана 139).

8 Жазма эстеликтерде аз эли "чeлги аз" деген ат менен берилет (Малов, 1951, б. 262).

9 Оркундун "Eski Türk Yazitlan" эмгегинде бул аталыш "Башы боз" деп жацылыш которулган. Мындай ат тYPY кездешпейт.

10 Акылсыздеп да, жетим деп да, эси жок деп да которууга болот.

11 Бул аталышты белгилуу бир этноним менен байланыштыруу азырынча мYмкYн эместей.

12 КYлтегиндин кыргыздарга каршы согушта минген аты Акбоз Байырку чындыгында этнонимдин аталышы (Karlgren, 1923, б. 35). Бул тYркчe сeздY кытайлар ШШШ (ба-е-гу) деп аташкан жана Забайкальеде жашаган уруунун аталышы болгон (Бернштам, 1947, б. 63). Азыркы кезде Баргузин деп аталган жер аталышынын (степь) бул сeздeн келип чыккандыгы адпчулук тарабынан кабыл алынып келет.

13 Бул YЗYHДYHY Я. Экманн "Печенегдер жана куман тили" аттуу макаласында которуп, "Türk Dili Belleteni" журналына жарыялаган (Eckmann, 1951, 97-106). Макалада бул котормо колдонулуп, автордун окуу, аныктоо ыкмалары дал ошол бойдон сакталды.

билдирген "ил" деген сезге мындай деп тYШYндYрмe берет: "Ил" ee3Y ат дегенди да билдирет. Себеби ат mypKmYH канаты. Жылкычыларды "ил башы" деп аташат; "мамлекет башчысы " деген маанини билдирет. Бирок жылкычыны туюндурат " (Atalay, I, б. 48-49).14 Бул мисал typk коомунда ат культунун канчалык терец жайылганынын айкын epHerY. Болбосо тYрктeр жылкычыларды "мамлекет башчы" деп аташы бекеринен эмес.

ТYpктepдYн саясий жашоосунда этнонимдер менен антропонимдердин пайда болушуна себеп болгон ат алардын жортуулдарына катышып, жецишке салым кошуу менен эле чектелбестен турк элдеринин эпикалык чыгармаларында да туруктуу орун алып, каармандардын ысымы жана наамдары менен жуурулушуп кеткен. Алсак, алтайлыктардын жомокторундагы каармандар минген аттарынын тYCY жана eзгeчeлYктepY менен кошо эскерилет. Мисалы, Аг ой аттыг Алтын Айра - "ак боз аттуу Алтын Айра" (Радлов, 1893, б. 471-472);15 Кара тор аттыг Кан Картага - "кара тору аттуу Кан Картага", Кара кул аттыг Кан Твгвс - "кара кула аттуу Кан Tere^', Ай Кар аттыг Алтын Пыркан - "Ак боз (кардай ак) аттуу Алтын Пыркан", Кара атту Кан - "Кара аттуу Кан" (Радлов, 1893, б. 471-472)16 сыяктуу каармандардын ысымдары кездешет. Натыйжада турк элдеринин, анын ичинде тYpкмeн17 фольклорун эске алганда баатыр менен аргымактын образдары бири-бири менен жуурулушуп кеткен. Алсак, кыргыз эпосунун эц белгилуу каарманы Манас туулганда атасы Жакып ага энчилеген "кара жалдуу кула бээнин" кулуну Аккула да баатыр менен бир маалда туулат (Абрамзон, 1947, б. 139). Эпосто салтанаттарда Манастын бул аргымагын он эки жигит арац ооздугунан кармап жетелегендиги берилет (Абрамзон, 1947, б. 145). Ушуга окшош "ат культуна" байланышкан мотивдер абдан кецири кездешет. Макала жалац гана этнографиялык багытта болуп калбоосу учун аларга кeп токтолгон жокпуз. Бирок, жогоруда кepсeтулгeн мисалдардан ат культунун фольклордун ономастикада кецири тарагандыгын жана келечекте терец изилдениши керектигин баса белгилейбиз.

Бирок жылкы турк ономастикасында наамдары, лакап аттары менен гана эскерилбестен, топонимика, этноним, антропоним, ал тургай ороним сыяктуу кецири тармактарда колдонулган. Айрыкча, орто кылым жана жацы доордо туpктepдун кeчмeн же отурукташкан чарбада жашаганына карабастан ат культу eзунун маанисин жоготпой, коомдук жашоодо терец орду болгон. Байыркы туpктepдeгу жана уйгурлар колдонгон он эки айбанат календарында "жылкы жылын" билдирген "йонд, йунд" жылынын болушу туpктepдeгу ат культунун айныгыс далили (Caferoglu, 1938, б. 234; Caferoglu, 1934, б. 8). Бугунку кундe деле аталган календарь Анатолия, Иран, Афганистан жана Азербайжанда колдонулуп келет. Байыркы календардагы "йонд/йунд" сeзу архаизмге айланып, анын ордун "ат" сeзу ээлеп калган. Бирок "йонд/йунд" сeзу таптакыр эле унутулуп кеткен эмес жана турк ономастикасында сакталып калган. Алсак, анатолиялык туpктepдe "Йонт дагы (тоосу)" (Ü9er жана Koman, 1945, б. 8), "Йунд аланы (талаасы)" (Gökbilgin, 1952, б. 16-19; Gök^en,

14 К. Брокельманн "ил" сeзун терец изилдебей эле "reiterei" (атчан аскер, кавалерия) деп белгилеген (Brockelmann, 1928, б. 66).

15 Башка бир жомокто "Ак боз кулуктуу Тас", "Кара аттуу Кара Мас баатыр" ж.б.у.с. ысымдар кездешет (Окладников, 1951, б. 146).

16 "Жангар" эпосунда элчилердин бири eзун ханга тааныштырып жатып мындай дейт: "Менин eкумдаpым Догшон Мангна-хан. Мангна хандын аты Манзан буурул" (Малов, 1951, б. 406).

Ахмет Жафероглу макаласынын ушул жерин С. Маловдун аталган эмгегине шилтеме беруу менен казак фольклорунда кездешкен мисал деп берип салган. Чынында эле С.Е. Маловдун жогорудагы эмгегинде казак фольклоруна мисал берилген. Бирок казак фольклоруна берилген мисалдан кийинки суйлeмдe С. Липкиндин котормосундагы "Жангар" эпосунан мисал келтирилген (котормочудан).

17 Турюшн фольклорунда аттын ордуна кeбунчe тee эскерилет (карацыз: Шасенем и Гариб, 1945, б. 130).

1950, б. 47), "Йунд кeЙY (aйылы)" (Gökbilgin, 1952, б. 506), "Йунт oraa^i (улaн)" (Gökbilgin, 1952, б. 414),18 "Йунд тахиеси (aдминистpaтивдик б^дикУ' (Gökçen, 1950, б. 45)19 сыяктуу жеp-суу aттapы сaктaлып кaлгaн. Aйpыкчa "Aлa Йoнтлу" (aлa aттуу) aтaлыш тapыхтa кeптeгeн тYpк тилдYY мaмлекеттеpдин жaнa элдеpдин oнoмaстикaсындa, этнoнимдеpинде, aнтpoпoнимдеpинде жaнa тoпoнимикaсындa кец^и кездешет. Биpoк, кeп учуpдa бул сeздeгY жылкынын тYCYнe гaнa бaсым жaсaлып, '^orn'" деген сeз кыйыp тYPдe гата изилденип келген. Ушул себептен aтaлгaн сeздYн oнoмaстикaбыздaгы poлун aт тYCтepYHYн aлкaгындa тYШYндYPYYHY тууpa деп тaптык.

Бычылбaгaн, YЙYPДY бaшкapгaн жылкы деген мaaнини билдиpген "aйгыp" сeзY дa йунт сeзY менен биpдей oнoмaстикaлык eнYГYY бaскычтapын бaсып eткeн. Ушундaй aйыpмaчылыктaн улaм aтaлгaн сeз тYpк oнoмaстикaсынa же жеpгиликтYY диaлекттеpдеги фoнетикaлык eзгeчeлYктepY менен же oкшoш эле мaaнини билдиpген тaптaкыp жaцы ^з кaтapы киpген. Mисaлы, уйгуpлapдa "^rap" деген тoпoнимикaлык aтaлыш кездешсе (Radloff, 1928, б. 304), Aнaтoлиядaгы тYpктepдYн диaлекттеpинде жеp aты кaтapы "Aйгыpлap кeЙY" (Köylerimiz, 1933, б. 69), "A^bip oбa" (Türkiye'de meskûn yerler kilavuzu, 1947, б. 105), Aму-Дapыянын бoюнчa "Кapa-Aйгыp" aттуу жеp aттapы (Ebül-Gazi Bahadir Han, 1925, б. 307), кaзaктapдын opтo жYЗYндe ^imaCTapra тaaндык "тopу aйгыp" уpугу (Vambery, 1885, б. 286; Aбpaмзoн, 1946, б. 128),20 тYpкмeндepдe "aйгыp" мaaнисин билдиpип, этнoним, тoпoним жaнa aнтpoпoнимдеpде кездешкен "чaудуp/ чaудap/чaвдap" aттуу aтaлыш кaттaлгaн (Vambery, 1885, б. 391).

Mуну менен биpге тYpк oнoмaстикaсын бaйытып, aгa мYнeздYY eзгeчeлYктY ыйгapуу менен бaйыpкы мезгилде пaйдa бoлгoн aт культунa жaшoo беpген элементтеpдин биpи aттapдын eц-тYCтepY бoлуп эсептелет. Бaйыpкы дoopлopдoн тapтып учу-кыйыpсыз тaлaa-тYЗдe кeчYп кoнгoн тYpк этнoнимдеpинин семaнтикaсы aлap кoлдoнгoн куpaл-жapaк TYPY, кийим-кечесиндеги ж.б. eзгeчeлYктep менен ^rno минген aттapынын пopoдaсы жaнa aлapдын eц-тYCYнe дa теpец мaaни беpишкен. Aнын aйкын дaлили кaтapы Жучи хaндын кыпчaктapды жецгенден кийин Чыцгыз хaнгa жeнeткeн бaaлуу oлжoлopдун apaсындa 20 миц бoз, 20 миц тopу, 20 миц кapa, 20 миц бууpул aт жeнeткeнYн aйтуугa бoлoт (Ebül-Gazi Bahadir Han, 1925, б. 133). Кaндaйдыp биp децгээлде aпыpтылгaндaй кepYнгeн пикиpден кaндaйдыp б^ чындыктын YЛYШYн aт тYCтepYнe бaйлaнышкaн тYpк этнoнимдеpи жaнa тoпoнимдеpинен издee кеpек. Mисaлы, биp гaнa ai^rn тYCYнe кapaтa aйтылгaн "тopу" сeзY нaймaндapдын куpaмындaгы уpук, "кыp/гыp"21 (бoз, бууpул) eцдYн aтaлышы eзбектеpде уpук (Rasony, 1938, б. 116; Namik, 1932, б. 56), "бoз" этнoними чеpик уpуусунун куpaмындaгы уpуктун aтaлышы кaтapы белгилYY. Aйpыкчa "кыp" сeзY aнaтoлиялык тYpктepдYн oнoмaстикaсындa ma^ip жep мaaнисин билдиpген "кыpaч йеp" тYPYндe, "бoз" сeзY менен кoшo боз maлaa мaaнисин билдиpген "бoз кыф" тYPYндe, т.a. тoпoнимикaлык

18 T. ^^^гиндин эмгегинде "Йунт oглaны" amrn aтaлыmы кaтapы эскеpилсе, в.Л. Бapкaн "йунд oглaнлapы" Ij^J'lxJI xß ^JíJ- жамааттын аты катары да кездешерин белгилеген (Barkan, 1945, б. 105).

19 XI. к. турктврдв атты билдирген (кечут) деген свз кездешкен (Atalay, I, б. 357). Бул сездун Хорезмди

жердеген ^ (кучет) уруусу менен байланышы барбы же жокпу келечекте изилденчу маселе.

20 Кыpгыздapдa "тopaйгbIp" aттуу уpуу (^aü) aтaлыmы кездешсе (ИИРГО, 1873, б. 82), элдик фoльклopдo "тopгaйгыp" деп кездешет (Paдлoв, 1870, б. 47).

21 Aтaлгaн сeз opус тилине жoгopудaгы мaaниге жaкын "киpея", opус тилинин диaлекттеpинде "киp", укpaин тилине "кыф" деген сeз кaтapы eткeн (Lokotsch, 1927, б. 102).

термин катары колдонулат (Köylerimiz (индекс), 1933, б. 117).22 "Кыр" ce3Y кээде ат менен бирлештирилип "Кырат", кээде жен гана "Кыр" шекилинде кездешкен (Türkiye'de meskûn yerler kilavuzu, 1950, б. 682-685).

Ат культуна байланышкан, бирок ете сейрек кездешкен "каратай" жана "дилибоз" этнонимдерин айтууга болот. Биринчиси, каратай деген ысым же урук аталышына такалса,23 экинчиси, асыл тукум аттарды таптаган азери YЙ-бYлeсY чыккан "тили боз" деген уруктун аталышы.

Ушул эле категорияда, бирок тYрк ономастикасында кецири алкакта кездешкен "Ала йонтлу" менен "Элке булак" аталыштарын айтууга болот (Brockelmann, 1928, б. 241). Убагында Орто Азия тарыхында маанилYY роль ойногон бул эки уруу ез аталышын баккан аттарынын ала-була тYCтeрYнeн улам алган. Бул этноним дал ушундай эле мааниде славян тилдерине "пегая орда", немисчеге "Das Volk mit den scheckigen Pferden" деп еткен (Nemeth, 1938, б. 345-352). Эки аталыш тец топонимикаларда кездешет. Азыркы Анатолиянын КYтахья аймагында "Алайунт айылы" байыркы ала йонтлу уруусу жашагандыгынын бир далили (Köylerimiz (индекс), 1933, б. 35; Türkiye'de meskûn yerler kilavuzu, 1946, б. 44). Ал эми Орто Азиядагы "Алакчын" топонимикасы да ала аттуу уруунун изи дегенге негиз бар (Bartold, 1927, б. 169).24 Шейх Сулайман эфенди кек же коцур асп (фарсчада асп - ат) деп атаган (§eyh Süleyman, 1298, б. 241), ал эми Орто Азияда кецири жайылып, тYрк ономастикасына "коцурат" деген аталыш тYPYндe кирген. Коцурат езбектер жашаган бир чептин аталышы катары да белгилYY. Ал эми кула тYC (Atalay, 1943, б. 375), т.а. "жалы жана куйругу кара келген сары тYCтeгY ат" маанисин билдирген "кула" сeзY тYрк ономастикасында абдан кецири жайылган (Радлов, 1899, б. 967-968).25 Аталган сез тYрк тилдYY калктарда этноним, топоним жана антропоним катары колдонулган. Азырынча изилдeeбYЗдe Анатолияда катталган "Кула Шахин Паша" деген антропонимикалык мисалды келтире алабыз (Gökbilgin, 1952, б. 593). Кыргыздарда "Кара кула тобычак" деген этноним, эр Манастын минген аты Аккула шекилинде кездешет (Rasony, 1936, б. 5; Абрамзон, 1947, б. 145). ТYркиянын Ыспарта шаарында жашаган Кулалар уруусунун аталышы да тYC менен байланыштуу экендиги шексиз (Aksu, 1936, б. 163). Топонимикалык аталыш катары Анатолияда каза (эски осмон админстративдик бирдиги, район сыяктуу) жана айыл аттарында кездешет (Refik, 1930, б. 155 жана 190; Türkiye'de meskûn yerler kilavuzu, 1947, б. 75126).

Арийне ат культу менен жуурулушуп кеткен тYрк ономастикасынын курамы бир гана жылкы породасы менен чектелип калган эмес. Ономастикада аттардын сырткы eзгeчeлYктeрYнe да кецири орун берилген. Мисалы, "кашка", "секил "чаар" ж.б.у.с. жылкынын eзгeчeлYктeрY кецири кездешет. "Кашка ат" сeзY XI кылымда эле "жылкынын мацдайындагы ак белги", кептеген тYрк тилдеринде деле дал ушул маанини билдирген

22 "Köylerimiz" китебинин 117-бетинде Ичел, Маниса, Сивас жана Нигде областтарында "боз кыр" деп аталган беш айыл катталган. Ал эми "Türkiye'de meskûn yerler kilavuzu" аттуу жыйнактын 174-бетинде мындай аталыштагы 7 жер аты катталган (Türkiye'de meskûn yerler kilavuzu, 1946, б. 174).

23 Селжук екумдарларынын бири Желалиддиндин лакабы (Ugur жана Koman, 1940). Антропонимикада "Тай" жана "Актай" деген шекилде да кездешет (Houtsma, 1894, б. 28 жана 32). Кээде "Тайбука, Тайтимур" деген формада да кездешкен (Houtsma, 1894, б. 34).

24 Абулгази бул сездун монголчо айтылышын "Алагчин" деп жазган.

25 В. Радлов бул сезду алтай, телеут, лебедин диалектисинде, сагай, койбал, качин, чулым, кыргыз, кумандин, уйгур, осмон тилдеринен катталгандыгын белгилейт. Жомоктордо "кара кула" - арстан деген маанини билдирген.

26 "Кула" сeзYн камтыган 5 айыл аталышы катталган.

(Atalay, 1943, б. 274; Caferoglu, 1931, б. 72). Шейх Сулайман эч кандай булакка шилтеме бербей "кашка" (^ 13) сeзY "мацдайында ак белгиси бар жаныбар, жылкы, баатыр, жоокер, ар дайым алдыга озгон, согуш маалында атка коюлган белги, нышан, котас, тумар" деген сыяктуу кенен мааниге ээ экендигин жазат (§eyh Süleyman, 1298, б. 220). Бул жерде автор сeздeрдYн маанилерин чаташтырып алганынан улам мааниси кецейип кеткен деп ойлойбуз. Болбосо "мавдайында ак тагы бар жылкы" (Vambery, 1885, б. 578; Радлов, 1899, б. 395) деген маанини билдирген сeз бир эле учурда "котас, белги, нышан, баатыр" деген маанилерге ээ болушу ^п ынандырбайт. Балким, учурунда ала аттарга минген тYрк уруусунун "Ала йонтлы" деп аталып калышы сыяктуу кашка атка минген тYрк уруусу да "кашкай" деп аталып калган.27 Иранда жашаган бул уруунун аталышына28 байланышкан жер-суу аттары да кездешет. Мисалы, Орто Азияда Кашка-Дарыя деген eрeeндYн (Бартольд, 1964, б. 38),29 Кавказдын Кубань аймагында Кашка (§eref, 1329, б. 1484) жана Анатолияда тYрк тилинин диалектилеринде бузулуп айтылган Кашаклы квйу жана Кашаклы каплыжасы (кайнар булак) сыяктуу аталыштары кездешет (Ü9er жана Koman, 1945, б. 46). Аталган сeздYн чуваш тилинде "мавдайында ак белгиси бар ат" маанисинде хушка, XIII к. монгол тилинде калчак деген параллелдери бар (Малов, 1951, б. 412).

"Кашка" сeзY сыяктуу эле турк ономастикасында кецири тараган, аттын eзгeчeлYГYн билдирген "секил" сeзYн айта алабыз. Анатолиянын айрым диалекттеринде "сегил" сeзY аттын туягынын учундагы ак тус" билдирсе, "секи" сeзY "буту ак тусш^ ат" деген маанини туюнтат (Zübeyr жана Refet, 1932, б. 331; Sami, 1317, б. 73 030). Бул сeздYн этимологиясы боюнча тилчи Хасан Эрендин терец изилдeeсYн айта кетYY зарыл (Eren, 1941, б. 13-14). Аталган сeз тYрк тилдеринен сырткары марий (черемис) тилинде да кездешет. Топонимиялык аталыш катары Анатолияда бир гана кeчeнYн аталышында кездешет (Türkiye'de meskün yerler kilavuzu, 1947, б. 960). Кандайдыр бир децгээлде "секил" сeзYHYн маанисине жакындап кеткен сeз кыргыз жана чуваш тилдеринде кездешет. Кыргыздарда "буту ак же боз" же "буурул тYCтeгY ат" маанисинде колдонулган чубар31 жана чуваштардын антропонимиясында Чубар, Ахчубар, Илчубар деген аталыштарда гана сакталып калган (Rasony, 1936, б. 4, коммент. 25).

Аттын TYPY, породасы, жYГYргeнY, басыгы, ал тургай ат жабдыктарына байланышкан турк ономатологиясында eтe кeп сeз кездешкендиктен анын баарын тизмелегенге мYмкYнчYЛYк жана макаланын кeлeмY уруксат бербеди. Мен бул макаламда ат культуна байланышкан гана бир-эки маселенин ономастикадагы ролуна токтолдум. Болбосо фольклорубуздагы жылкынын орду тууралуу ШYкрY Элчиндин, "ТYрк тилдеринде тYCтeр" аттуу диссертациясында аттын тYCтeрYн да изилдеген Ильзе Лауде сыяктуу жаш

27 Бул уруу тууралуу карацыз: Бартольд, В.В. (1971). Сочинения VII. Работы по исторической географии и истории Ирана. Москва: Издательство "Наука". Главная редакция восточной литературы.; Ромаскевич, А.А. (1925). "Песни кашкайцев". Сборник Музея антропологии и этнографии. Т. 5, вып. 2, 573-610.; Kowalski, T. (1937). "Sir Aurel Stein's Sprachaufzeichnungen im Äinallu-Dialekt aus Südpersien". Zapiski Sir Aurela Steina w dialekcie Äinallu z poiudniowej Persij. Krakow: Nakll. Polskiej Akademii Umiejetnosci.; Материалы по истории туркмен и Туркмении. (1938). Том 2. XVI-XIX вв. Иранские, бухарские и хивинские источники. Под редакцией В. В. Струве, А. К. Боровкова, А. А. Ромаскевича и П. П. Иванова. Москва-Ленинград: Издательство Академии наук СССР.

28 Мындай аталыштагы тYркмeн уруусу кездешет (Vambery, 1885, б. 578).

29 В. Бартольд Кашка-Дарыя кийинки доорлордо Кеш же Шахрисябз деп аталып калган деген пикирде (ошол эле жерде, б. 38, шилтеме 12).

30 Азербайжан тилинде "секил" деп аталат (Caferoglu, 1936, б. 22).

31 А. Жафероглу белгилеген "чубар" сeзYн кыргыз тилинин сeздYктeрYнeн кездештире албадык (котормочу).

окумуштуулар изилдeeлeрYн жYргYЗYп келишYYДe. Жогоруда эскерилген эки окумуштуу ез изилдeeлeрYндe мен тийип еткен ат культу боюнча маселелерди толуктап кетишкен.

Пайдаланылган адабияттар

1. Абрамзон, С.М. (1946). "К семантике кыргызских этнонимов". Советская этнография, № 3, 123-133.

2. Абрамзон, С.М. (1947). "Этнографические сюжеты в киргизском эпосе «Манас». Советская этнография, №2, 134-154.

3. Бартольд, В.В. (1964). Сочинения II. Часть 2. Работы по отдельным проблемам истории Средней Азии. Москва: Издательство "Наука".

4. Бартольд, В.В. (1971). Сочинения VII. Работы по исторической географии и истории Ирана. Москва: Издательство "Наука". Главная редакция восточной литературы.

5. Бернштам, А. Н. (1947). "Заметки по этногенезу народов Северной Азии". Советская этнография, Вып. 2, 60—66.

6. Гордлевский, В.А. (1941). Государство Сельджукидов Малой Азии. Москва, Ленинград: Издательство Академии наук СССР.

7. Жамцарано, Ц.Ж. (1918). "Произведения народной словесности бурят". Образцы народной словесности монгольских племен. Тексты. Т.1. Вып. III Эпические произведения эхирит-булагатов. Ха-Ошир хубуун. Петроград. с. III—XXXIV; 503— 648.

8. Известия Императорского Русского географического общества. Т. 9. (1873). Под редакцией графа К.Ф. Литке и С-Петербургъ: Въ Типогрфш В. Бехобразова и Комн.

9. Малов, С.Е. (1951). Памятники древнетюркской письменности. Тексты и исследования. Москва-Ленинград: Изд-во Акад. Наук СССР.

10. Материалы по истории туркмен и Туркмении. (1938). Том 2. XVI-XIX вв. Иранские, бухарские и хивинские источники. Под редакцией В. В. Струве, А. К. Боровкова, А. А. Ромаскевича и П. П. Иванова. Москва-Ленинград: Издательство Академии наук СССР.

11. Никитин, Афанасий. (1948). Хождение за три моря Афанасия Никитина, 1466-1472 гг. Под ред. Б.Д. Грекова, В.П. Адриановой-Перетц. Москва-Ленинград: Изд-во АН СССР, Ленингр. отд-ние.

12. Окладников, А.П. (1951). "Конь и знамя на ленских писаницах". Тюркологический сборник I, с. 143—154. Москва-Ленинград: Издательство Академии наук СССР.

13. Потанин, Г.Н. (1893). Тангутско-Тибетская окраина Китая и Центральная Монголия: Путешествие Г.Н. Потанина. 1884-1886. Т. I. Санкт-Петербург: Изд. Имп. Рус. геогр. о-ва. XVIII, 567, XVIII с., [44] л. ил. и карт., портр.

14. Потанин, Г.Н. (1899). Восточные мотивы в средневековом европейском эпосе. Москва: Геогр. отд. Имп. О-ва любителей естествознания, антропологии и этнографии.

15. Радлов, Василий, В. (1870). Образцы народной литературы тюркских племен, живущих в Южной Сибири и Дзунгарской степи. Киргизское наречие. Ч. 3. Санктпетербургъ: Въ Типогрфш Императорский Академш Наукъ.

16. Радлов, Василий, В. (1893). Опыт словаря тюркских наречий. Том 1, гласные. С-Петербургъ: Императорский Академш Наукъ.

17. Радлов, Василий, В. (1893). Опыт словаря тюркских наречий. Том 2, Согласные: к, к, к, г, (г), х, h, h. С-Петербургъ: Императорский Академiи Наукъ.

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

18. Радлов, Василий, В. (1911). Опыт словаря тюркских наречий. Том 4, ц, ц, 3, з, с, з, ш, ж, ж;, п, б, ф, в, м. С-Петербургъ: Императорский Академш Наукъ.

19. Ромаскевич, А.А. (1925). "Песни кашкайцев". Сборник Музея антропологии и этнографии. Т. 5, вып. 2, 573-610.

20. Санжеев, Г.Д. (1936). "Эпос северных бурят". Аламжи Мерген: Бурятский эпос. Москва, Ленинград: Academia. с. VII-XLVII.

21. Шасенем И Гариб. Народный Дестан. (1945). Перевели с туркменского Н. Манухина и Г. Шенгели. [Предисл. и коммент. Б. Каррыева]. Ашхабад: Туркменгиз.

22. Aksu, F. (1936). Ispartaili Yer Adlari. Isparta: C.H.P. Isparta Halkevi Yayinlari.

23. Atalay, Besim. (1939). Divanü Lugat-it-Türk Tercümesi. Cilt I. Ankara: TDK Basimevi.

24. Atalay, Besim. (1943). Divanü Lugat-it-Türk dizisi. Ankara: TDK Basimevi.

25. Bahadir Han, Ebu'l-Gazi. (1925). Türk §eceresi. Nakleden: Riza Nur. istanbul: Matbaa-i Amire.

26. Barkan, Ömer Lütfi. (1945). XV ve XVIinci Asirlarda Osmanli imparatorlugunda Zirai Ekonominin Hukuki ve Mali Esaslari. Birinci Cilt. Kanunlar. istanbul: istanbul Üniversitesi Edebiyat Fakültesi Türkiyat Enstitüsü.

27. Bartold, V. (1927). Orta Asya Türk Tarihi Hakkinda Dersler. istanbul: Evkaf Matbaasi.

28. Boratav, P.N. (1931). Köroglu Destani. istanbul: Evkaf Matbaasi.

29. Brockelmann, C. (1928). Mitteltürkischer Wortschatz. Nach Mahmud al-Käsgaris Divän lugät at-Turk. Budapest; Leipzig: Korösi Csoma-Gesellschaft:Otto Harrassowitz.

30. Caferoglu, Ahmet (1931). Abu Hayyän, Kitäb al-idräk li lisän al-Aträk. istanbul: Evkaf Matbaasi.

31. Caferoglu, A. (1934). "Uygurlarda Hukuk ve Maliye Istilahlari". TürkiyatMecmuasi, IV, 144.

32. Caferoglu, A. (1936). "La Canzone del "Sayagi" Nella Lettaratura Populare dell Azerbaigian". Annali del R. Instituto Orientale di Napoli, IX, 1-25.

33. Caferoglu, A. (1938). Uygur Sözlügü. III. Bölüm. istanbul: Burhaneddin Matbaasi.

34. Caferoglu, A. (1953). "IV. Beynelmilel Onomastik Kongresi". Türk Dili ve Edebiyati Dergisi, 5(5), s. 1-13.

35. De Groot, J.J. (1921). Die Hunnen der vorchristlichen Zeit. Chinesische Urkenden zur Geschichte Asiens, 1. Teil. Berlin: De Gruyter.

36. Eckmann, J. (1951). "Gy. Nemeth. Pe9enek ve Kumanlarin Dili". Türk Dili Belleteni, Seri III/14-15, 97-106.

37. Eren, Hasan. (1941). "Beitrage zur Tümschen Wortforschung". Korösi Csoma-Archivum, Bd. Ill, 2 Heft, 129-143.

38. Gökbilgin, M. Tayyib. (1952). XV.-XVI. Asirlarda Edirne ve Pa§a Liväsi: Vakflar, Mülkler, Mukataalar. istanbul: Ü9ler Basimevi.

39. Gök9en, ibrahim. (1950). Tarihte Saruhan Köyleri. istanbul: Berksoy Basimevi.

40. Gökyay, Orhan §aik. (1938). Dede Korkut. istanbul: Arkada§ Basimevi.

41. Hirth, F. (1899). "Nachworte zur Inschrift des Tonjukuk. Beiträge zur Geschichte der OstTürken im 7. und 8. Jahrhundert nach chinesischen Quellen". Radloff W. Die alttürkischen

Inschriften der Mongolei. Zweite Folge. Saint Petersburg: Kaiserliche Akad. der Wissenschaften, 1-140.

42. Houtsma, M. Th. (1894). Ein Türkisch-Arabisches Glossar. Leiden: E.J. Brill

43. Karlgren, Bernhard. (1923). Analytic Dictionary of Chinese and Sino-Japanese. Paris: Paul Geuthner.

44. Kilisli, Muallim Rifat [Bilge]. (1916). Kitäb-i Dede Korkud alä Lisän-i Täife-i Oguzän. istanbul: Asär-i islämiyye ve Milliye Tedkik Encümeni Ne§riyati, Matbaa-i Amire.

45. Kotwicz W., Samoilowitch, A. (1928). "Le Monument Turc d'Ilkhe-Khuchotu en Mongolie Centrale". Rocznik Orientalistyczny, IV, 60 - 107.

46. Kowalski, T. (1937). "Sir Aurel Stein's Sprachaufzeichnungen im Äinallu-Dialekt aus Südpersien". Zapiski Sir Aurela Steina w dialekcie Äinallu z potudniowej Persij. Krakow: Polskiej Akademii Umiejetnosci.

47. Köylerimiz: Köy kanunu tatbik olunan ve olunmayan köy isimlerini alfabe sirasiyla gösterir. (1933). istanbul: Dahiliye Vekaleti.

48. Lokotsch, Karl. (1927). Etymologisches Wörterbuch der Europäischen (Germanischen, Romanischen und Slavischen) Wörter Orientalischen Ursprungs. Heidelberg: Carl Winter's Universitätsbuchhandlung.

49. Marquart, J. (1901). "Eränsahr nach der Geographie des Ps. Moses Xorenac'i. Mit historisch-kritischem Kommentar und historischen und topographischen Excursen". Abhandlungen der Königlichen Gesellschaft der Wissenschaften zu Göttingen. PhilologischHistorische Klasse. Berlin: Weidmann.

50. Namik, Hüseyin. (1932). TürkDünyasi. istanbul: Muallim Ahmet Halit Kitaphanesi.

51. Nemeth, J. (1932). "Die Herkunft der Namen Kobrat und Esperüch". Körösi Csoma-Archivum, II. 440-447.

52. Nemeth, Gyula. (1932). Die inschriften des schatzes von Nagy-Szent-Miklös. Budapest: Körösi Csoma-gesellschaft.

53. Nemeth, Gyula. (1938). "Das Volk mit den scheckigen Pferden". Körösi Csoma Archivum, IV, 345-352.

54. Orkun, Huseyin Namik. (1936). Eski Türk Yazitlari. istanbul: Devlet Basimevi.

55. Radloff, W. (1928). Uigurische Sprachdenkmäler. Materialien, nach dem Tode des Verfassers mit Ergänzungen von S. Malov herausgegeben. Leningrad: Akademie der Wissenschaften der USSR.

56. Rasony, L. (1936). "Les noms de tribus dans le «C^obo o no^Ky HropeBe». Seminarium Kondakovianum, Praha, T. 8, 294—295.

57. Rasony, Laszlo. (1938). "Orta9ag'da, Erdel'de Türklügün izleri". TTKBelleten, C. II, S. 5/6, 107-122.

58. Refik, Ahmet. (1930). Anadolu'da TürkA§iretleri (966-1200). istanbul: Devlet Matbaasi.

59. Rossi, Ettore. (1952). Il Kitab-i Dede Qorqut: Racconti epico-cavallereschi dei Turchi Oguz tradotti e annotati con facsimile del ms. Vat. turco 102. Vatican: Biblioteca Apostolica Vaticana.

60. Sami, §emsettin. (1317/1899). Kamus-u Türki. istanbul: Der Sa'adet Ikdam Matbaasi.

61. Süleymän Efendi Buhäri, §eyh. (1298/1881). Lügat-i Qagatayi ve Türki-i Osmani. istanbul: Mihran Matbaasi.

62. §eref, Abdurrahman. (1329/1911). "Öztimuroglu Osman Pa§a". Tarih-i Osmani Encümeni Mecmuasi, IV. istanbul.

63. Togan, Z.V. (1946). Umumi Türk Tarihine Giri§. istanbul: ismail Akgün Matbaasi.

64. Türkiye'de meskunyerler kilavuzu. I. (1946). Ankara: i^leri Bakanligi.

65. Türkiye'de meskun yerler kilavuzu. Seri II, Sayi 2. (1947). Ankara: i9i§leri Bakanligi.

66. Türkiye'de meskun yerler kilavuzu. Cilt II, (1950). Ankara: i9i§leri Bakanligi.

67. Ugur, M.F., Koman, M. (1940). Selguk Büyüklerinden Celalüddin Karatay ile Karde§lerinin Hayat ve Eserleri. Konya: Konya Halkevi Yayinlari.

68. Ü9er, S. Sirri., Koman, M. Mes'ud. (1945). Konya ili Köy ve Yer Adlari Üzerinde Bir Deneme. Konya: Yenikitab Basimevi.

69. Vambery, Hermann. (1885). Das Türkenvolk in Seinen Ethnologischen und Ethnographischen Beziehungen. Leipzig: F.A. Brockhaus.

70. Zübeyr, Hamit., Refet, ishak I§itman. (1932). Anadilden Derlemeler. Cilt 1. Ankara: Hakimiyeti Milliye matbaasi.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.