Научная статья на тему 'КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ЭТИШТИН “ЖАЛПЫ ЧАГЫ”'

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ЭТИШТИН “ЖАЛПЫ ЧАГЫ” Текст научной статьи по специальности «Языкознание и литературоведение»

CC BY
7
2
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
чак категориясы / жалпы чак термини / geniş zaman / байыркы түрк тили / байыркы уйгур доору / категория времени / общее время / geniş zaman / древнетюркский язык / эпоха древнеуйгурского языка

Аннотация научной статьи по языкознанию и литературоведению, автор научной работы — Сагынбаева Бурул, Müzeyyen İNalöz, Шаршенбек Уулу Тилек

Чак категориясы – этиш сөз түркүмүнүн эң негизги, болгондо да башка сөз түркүмдөрүнөн айырмалоочу категория болуп саналат. Анткени этиш сөздөр кыймыл-аракет же кыймылдык ал-абалды билдирүү менен, кыймыл-аракеттин, окуя, кубулуштун байыркы өткөн чакта же жакынкы өткөн чакта болуп өткөндүгү; дайыма кайталанып турары, учурда да болуп жаткандыгы; келечекте болорунун күтүлүүсү сыяктуу тилдин мезгилдик алкагынын көп катмарын туюндурат. Дүйнө тилдеринин айрымдарынын грамматикасында үч чакты камтыган чактын түрү атайын термин жана тиешелүү парадигма менен көрсөтүлгөн. Атап айтканда англис тилинде Present Simple, түрк тилинде Geniş Zaman үч чактын кайсы бири менен чектелбеген, туруктуу, кайталануучу кыймыл-аракеттерди билдирүүдө колдонулган чактын түрүн билдирери белгилүү. Мындай чактык маани кыргыз тилинин грамматикасында жөнөкөй учур чак же учур-келер чак деп аталган чактын түрүнүн алкагында каралат. Бирок, аталган чактын учурга жана келечекке багытталган кыймыл-аракеттер менен катар эле өткөн чакты да билдирген учурлар бар. Ошентип, аталган чактын кененирээк функционалдык милдеттерин эске алып, жаңы көз караш менен талдап көрүү зарылдыгы туулат. Бул макалада тилдин мезгилдик алкагынын бир катмары болуп эсептелген чактын бир түрү – жалпы чак жана анын терминдик аталышы, тарыхый жана азыркы түрк тилдериндеги орду, уюшулуу парадигмасы жөнүндө сөз кылынмакчы.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

“COMMON TENSE” IN THE KYRGYZ LANGUAGE

Категория времени является основным признаком глагола, и именно она отличает его от других частей речи. Глаголы передают действия или состояния бытия в различных временных рамках: они обозначают события, произошедшие в далеком или недавнем прошлом, действия, которые повторяются или продолжаются в настоящем, и ожидания будущих событий, а также многие другие временные нюансы. В частности, известно, что Present Simple в английском языке и Geniş Zaman в турецком языке представляют собой тип времени, который не ограничивается ни одним из трех времен и используется для выражения постоянных, повторяющихся действий. Такое временное значение рассматривается в грамматике кыргызского языка в рамках типа времени, называемого простым настоящим временем или настоящим-будущим временем. Однако, есть случаи, когда это время также выражает прошедшие действия. Таким образом, необходимо проанализировать его с новой точки зрения, принимая во внимание более широкие функциональные роли рассматриваемого времени. В этой статье рассматривается конкретное время, общее время (жалпы чак), исследуется его роль во временных рамках языка, его терминология, его положение как в исторических, так и в современных тюркских языках, а также его организационная парадигма.

Текст научной работы на тему «КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ЭТИШТИН “ЖАЛПЫ ЧАГЫ”»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОЛОГИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOLOGY

e-ISSN: 1694-8874

№1(3)/2024, 21-29

УДК:

DOI: 10.52754/16948874 2024 1(3) 3

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ЭТИШТИН "ЖАЛПЫ ЧАГЫ"

"COMMON TENSE" IN THE KYRGYZ LANGUAGE "ОБЩЕЕ ВРЕМЯ" ГЛАГОЛА В КЫРГЫЗКОМ ЯЗЫКЕ

Сагынбаева Бурул

Sagynbaeva Burul Сагынбаева Бурул

фил.и.д., профессор, Кыргыз-Турк "Манас" университети

Doctor of Philology, Professor, Kyrgyz-Turkish University "Manas " д.ф.н., профессор, Кыргызско-Турецкий университет "Манас"

burul.saginbaveva@manas.edu.kg_

Иналез Музеййен

Inaloz Muzzeyen Иналоз Музеййен

доктрант, Кыргыз-Турк "Манас" университети

Doctoral Student, Kyrgyz-Turkish University "Manas" доктрант, Кыргызско-Турецкий университет "Манас"

muzevven. inaloz@manas.edu.kg_

Шаршенбек уулу Тилек

Sharshenbek uulu Tilek Шаршенбек уулу Тилек

доктрант, Кыргыз-Турк "Манас" университети

Doctoral Student, Kyrgyz-Turkish University "Manas" доктрант, Кыргызско-Турецкий университет "Манас" kguulu@gmail.com ORCID ID: 0000-0002-7061-9154

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ЭТИШТИН "ЖАЛПЫ ЧАГЫ"

Аннотация

Чак категориясы - этиш сез typkymyhyh эц негизги, болгондо да башка сез тYркYмдврYнвн айырмалоочу категория болуп саналат. Анткени этиш сездер кыймыл-аракет же кыймылдык ал-абалды билдируу менен, кыймыл-аракеттин, окуя, кубулуштун байыркы еткен чакта же жакынкы еткен чакта болуп еткендYГY; дайыма кайталанып турары, учурда да болуп жаткандыгы; келечекте болорунун кYTYЛYYCY сыяктуу тилдин мезгилдик алкагынын кеп катмарын туюндурат. ДYЙне тилдеринин айрымдарынын грамматикасында Yч чакты камтыган чактын TYPY атайын термин жана тиешелYY парадигма менен керсетYЛген. Атап айтканда англис тилинде Present Simple, тYрк тилинде Geni§ Zaman Yч чактын кайсы бири менен чектелбеген, туруктуу, кайталануучу кыймыл-аракеттерди билдирYYДе колдонулган чактын тYPYн билдирери белгилYY. Мындай чактык маани кыргыз тилинин грамматикасында женекей учур чак же учур-келер чак деп аталган чактын TYPYHYH алкагында каралат. Бирок, аталган чактын учурга жана келечекке багытталган кыймыл-аракеттер менен катар эле еткен чакты да билдирген учурлар бар. Ошентип, аталган чактын кененирээк функционалдык милдеттерин эске алып, жацы кез караш менен талдап керуу зарылдыгы туулат. Бул макалада тилдин мезгилдик алкагынын бир катмары болуп эсептелген чактын бир TYPY - жалпы чак жана анын терминдик аталышы, тарыхый жана азыркы тYрк тилдериндеги орду, уюшулуу парадигмасы жещнде сез кылынмакчы.

Ачкыч сездер: чак категориясы, жалпы чак термини, geni§ zaman, байыркы тYрк тили, байыркы уйгур доору.

"COMMON TENSE" IN THEKYRGYZLANGUAGE

Abstract

Tense category is the main feature of the verb, and it is the category that distinguishes it from other parts of the speech. Verbs convey actions or states of being across various time frames: they indicate events that occurred in the distant or recent past, actions that are repeated or ongoing in the present, and expectations of future occurrences, as well as many other temporal nuances. In the grammar of some of the world's languages, the type of tense containing three tenses is indicated by a special term and a corresponding paradigm. In particular, it is known that Present Simple in English and Geni§ Zaman in Turkish represent a type of tense that is not limited to any of the three tenses and is used to express constant, repetitive actions. Such temporal meaning is considered in the grammar of the Kyrgyz language within the framework of the type of tense called simple present tense or present-future tense. However, there are cases where this tense also expresses past actions. Thus, it is necessary to analyze it from a new perspective, considering the broader functional roles of the tense in question. This article examines a specific tense, the common tense (jalpy chak), exploring its role within the language's time framework, its terminology, its position in both historical and modern Turkic languages, and its organizational paradigm.

Keywords: tense category, jalpy chak, geni§ zaman, Old Turkic, old Uyghur era.

"ОБЩЕЕ ВРЕМЯ" ГЛАГОЛА В КЫРГЫЗКОМ ЯЗЫКЕ

Аннотация

Категория времени является основным признаком глагола, и именно она отличает его от других частей речи. Глаголы передают действия или состояния бытия в различных временных рамках: они обозначают события, произошедшие в далеком или недавнем прошлом, действия, которые повторяются или продолжаются в настоящем, и ожидания будущих событий, а также многие другие временные нюансы. В частности, известно, что Present Simple в английском языке и Geni§ Zaman в турецком языке представляют собой тип времени, который не ограничивается ни одним из трех времен и используется для выражения постоянных, повторяющихся действий. Такое временное значение рассматривается в грамматике кыргызского языка в рамках типа времени, называемого простым настоящим временем или настоящим-будущим временем. Однако, есть случаи, когда это время также выражает прошедшие действия. Таким образом, необходимо проанализировать его с новой точки зрения, принимая во внимание более широкие функциональные роли рассматриваемого времени. В этой статье рассматривается конкретное время, общее время (жалпы чак), исследуется его роль во временных рамках языка, его терминология, его положение как в исторических, так и в современных тюркских языках, а также его организационная парадигма.

Ключевые слова: категория времени, общее время, geni§ zaman, древнетюркский язык, эпоха древнеуйгурского языка.

Киришуу

Кыргыз тилинде учур чак этиштердин грамматикалык маанилери ете кеп кырдуу. Бирок кыргыз тил илиминде анын баары толук изилдене элек. Кыргыз тил илиминде сез жYPYп жаткан учурда болуп жаткан кыймыл-аракет менен аткарылышы кандайдыр бир учурга байланышпаган, дайыма болгон жана боло бере турган кыймыл-аракеттик маанилер биригип, учур чак деген термин менен белгиленет да, бардык эмгектерде тYЗYЛYШY боюнча женекей учур чак жана татаал учур чак деп экиге белYHYп берилет.

Совет учурунда жарык керген булактарда жана совет тYркологиясынын методологиясынан таасирленген тYрк тилдери боюнча булактарда кайталануу, туруктуулук билдирген этиштин формалары езYнче чак тYPY катары керсетYлбейт. А. Эржиласун, Л. Карахан ж.б. тYрк тилинин грамматикасындагы gem§ zaman "кенен чак", Батыш грамматикасындагы аорист деп аталган -(Х)г / -Аг мYчелYY чак, тYрк тилдеринин грамматикаларында кебYнче "келер чак" катары кабыл алынарын жазышат (2006, 383). Бирок, эмгектерден учур чак жана келер чак алкагында караларын, "келер чакты, туруктуу кыймыл-аракеттерди да билдирYYЧY функцияга ээ" сыяктуу тYШYндYрмелер берилерин керYYге болот. Маселен, А.Н. Кононов, "ТYрк тилинин грамматикасында" учур-келер чак деген аталышта -(Х)р, -МА(з) мYчелерYн караган (1956: 225-229). Гагауз тилинин 1964-жылы чыккан "Грамматикасында" болсо, кыймыл-аракеттин учурдагы абалын жана адатта ишке ашкан же туруктуу кайталанган кыймыл-аракетти билдирген -эр// -ер мYчесY белгиленет (Покровская, 1964: 183). Азербайжан тилинин 1971-жылы чыккан "Грамматикасында" эки учур чак TYPYHYH бири болгон -ыр мYчесY CYЙлее моменти учурундагы кыймыл-аракет менен катар заттын белгисин же мYнездYY езгечелYГYн, убакыт менен чектелбей турган кыймыл-аракетти билдирет деп керсетYЛген (Ширалиев, Севортян, 1971: 136)

Башка тYрк тилдеринде да окшош жагдай бар экенин байкоого болот. Мисалы, Сибирь тобундагы тYрк тилдеринин бири болгон Хакас тилинде заттын туруктуу белгилери, кайталануучу кыймыл-аракеттер -чА мYчесY менен уюшкан учур чак формаларынын бир мааниси болуп эсептелет. (Баскаков ред., 1975: 202-203). Саха (якут) тилинде да учур чак формалары CYЙлее учурундагы кыймыл-аракеттер менен катар заттын мYнездYY белгиси болуп эсептелген кыймыл-аракеттерди билдирет (Харитонов, 1947: 190-191). Татар тилинде кыймыл-аракеттин, абалдын Yч чакты тец камтыган белгиси учур-чак формасынын синтагмалык аспектиси экени белгиленет.

Казак тилинин грамматикасында учур чак нац осы шац "накта учур чак" жана ауыспалы келер шац "оошмолуу келер" чак деп экиге белYнген (Куликовская, Мусаева, 2006: 53). Булардын экинчиси контекстке жараша адатта болуучу же келечекте боло турган кыймыл-аракетти билдирет. Татар грамматисттери учур чак формасынын туруктуу же кайталануучу да маани билдирерин анын синтагмалык аспектиси катары талдоого алып, муну кецейтилген учур чак (кицэйтелгэн хэзерге заман) деген аталышта карашкан жана мунун адат болгон кыймыл-аракеттер, салттар, эрежелер сыяктуу бир нече маанини санап етYшкен (Хисамова (ред.), 2016: 116-117). КерYHYп тургандай, аталган тилдердин грамматикаларында "жалпы чак" YЧYн атайын термин каралган эмес. Бирок, анын белгилери CYреттелген.

Э.Абдулдаев, С.А.Давлетов, А.Иманов, А.Турсуновдор тарабынан жазылган 'Кыргыз тили' аттуу эмгекте учур чак грамматикалык маанисине карай нагыз учур чак жана учур-келер чак деген терминдик аталышта экиге белYHYп каралган (Абдулдаев, Давлетов, 1986: 192-193).

Мында еткен чак маанисин камтыган учур чак да "учур-келер чак" деген термин менен аталат. Окумуштуу А.Турсуновдун бул маселе боюнча айткан мындайча пикири бар: "CY^nen жаткан мезгилде" деген аныктаманын бир кемчилиги - "мына ошол CYЙлeп жаткан учурда гана" деген сыяктуу тYШYHYк бардай сезилип тургандыгы. Бирок муну мындай тар мааниде эмес, бир кыйла кецири мааниде тYШYHYY керек. Анткени "кыймыл-аракеттин CYЙлeп жаткан мезгилде болуп жаткандыгын билдирет" деген сез учур чак билдире турган кыймыл-аракеттин башталышы жана бутушу суйлее учурунун башталуу жана бутуу чеги менен дал келет дегендикке жатпайт, кыймыл-аракеттин жYPYШY жана аякталышы CYЙлee учурунун созулуу чеги менен дал келе бербейт. Этиштин учур чагы керсеткен кыймыл-аракеттин жYPYш процесси CYЙлee учуруна чейин эле алда качан башталган болуп, CYЙлee мезгилинде жана андан кийин да созула бериши мYмкYн" (Турсунов 1959: 18). Автор андан ары кыргыз тилиндеги -А (-й) формасы менен жасалган жeнeкeй учур чак eзYHYн негизги маанисинен башка, CYЙлeмдYн лексикалык тутумуна карай, ар TYPДYY кошумча маанилерди берерин айтат да, тeмeндeгYдeй eзгeчeлYктeрдY белгилейт: "Кандайдыр бир затка тиешелYY болгон тынымсыз жYPYп туруучу кыймылды, касиетти билдирет же бирeeнYн адаттанган кыймыл-аракетин кeрсeтeт: Коом всвт. Жер вз огунда айланат. Суу агат ж.б. Мындагы асты сызылган этиштер кыймыл-аракеттин жаратылышта тынымсыз болуп тургандыгын билдирип турат. Куш учат. Балык CYЗвт. Уй мвврвйт. Бул CYЙлeмдeрдeгY этиштер затка жаратылыштан берилген туруктуу касиетти, ага адаттанып кеткен кыймыл-аракетти кeрсeтYп турат. Куштун учушу, балыктын CYЗYШY, уйдун мeeрeшY мурунтан эле болуп келген, азыр да болот, кийин да боло берет. Мындай кыймыл-аракеттин жYPYШY улам кайталанган абалда болот жана андай кыймыл-аракеттер, кeбYнчe, белгилYY бир заттын ички касиетине айланып кетет: куш учат; учуу - куштун бир касиети, анын сапаттык белгиси.

Бул жагынан алганда жогоруда кeрсeтYлгeн кыймыл-аракеттер кандайдыр бир чакка конкреттYY тYPдe тиешелYY болбостон, чактык мааниден тышкары айтылгандай кeрYнeт. Мында суйлеечунун негизги милдети ал кыймыл-аракеттин белгилуу бир затка тубелук мунездуу болуп кеткендигин керсетуу болуп эсептелет" (Турсунов 1959: 18-26). Окумуштуу жогоркудай маанини туюндурган этиштик формалардын учур чактык мааниге жакыныраак сезилип тургандыгын айтып, учур чак этиштер менен бирге кароону туура табат..

Казак окумуштуусу А.Ыскаков: "Шак формаларыньщ сырткы тулга-турлерше карай да, iшкi мазмун eзгешелiгiне карай да ж1ктеуге (таптастыруга) болады. Бiрак, кашан да болсын, мазмун тYрге жетекшi болатынын ескергенде, шактарды да магыналарына карай жiктеу 3PÏ олардьщ мазмунын тану Yшiн, эр1 баяндау жYЙесi ыкшам болу Yшiн колайлы да, утымды болады" деген ойду айткан (Ыскаков, 1991: 328).

Азыркы турк тилинде затка жаратылыштан берилген туруктуу касиетке адаттанып кеткен кыймыл-аракет, табигый процесстердин тYбeлYккe созулушун билдирген, жаратылышта тынымсыз болуп турган кыймыл-аракет -Ar мYчeсY аркылуу уюшулган "geniç zaman" термини менен аталуучу чактын бир TYPY аркылуу туюндурулат. Термин ушул турпаты менен качантан бери колдонулары жeнYндe так маалымат жок. Батыш тил илиминдеги aoriste термининин же араб грамматикасындагы Muzâri (учур чак жана жалпы чак билдирген этиш) терминин котормосу катары республика мезгилинде, 1923-жылдын кийин киргендигин болжоого болот. Осмон мамлекети доорунда mustakbel-i mercû'n-nisbe

"келер-кYTYлгeн чак (?)", Muzâri "кенен чак" (?) деген терминдер колдонyлган ((Erdem, 2007: 203; ídben, 2007: 82). ТYрк тил илиминде чактын 6ул тYPYнYн аныктамасы тeмeндeгYдeй:

"Aталышынан эле белгилYY болуп тургандай, geni§ zaman eткeн чактан келер чакка созулган, б.а., кенен чактагы кыймыл-аракетти, окуяны, кубулушту ичине камтыйт. Yч чактын ортосунда айланып туруучу ийкемдYYЛYккe ээ. Aнда, негизинен, бардык убакытты камтыган ^зулуцкулук функциясы бар да, тeз-тeз болуп туруучу, квнYMYш-aдaткa aйлaнгaн, жe блрдык мeзгилди вдмтыган кврYHYш, кубулуштaр, кыймыл-aрaкeттeр дайыма ушул чак аркылуу туюндурулат. Паремиялардын мезгилсиз туюнтмасы бар деп айтууга болот. Ушул eзгeчeлYГYнeн улам жалпы алынган чeчимдeр, мыйзaм, эрeжeлeр, aфoризмдeр, мaкaл-лaкaптaр ушул чактын алкагын уюштурат (Korkmaz, 2009: 637).

Г. Караагач "ТYрк тилинин синтаксиси" аттуу эмгегинде жалпы чак, ал камтыган убакыт жана функциясы тууралуу тeмeнкYлeрдY белгилейт: жалпы чак - erae^ учур жана келечек чактарды камтыган белгисиз чак. Кептик акт учур чакта жYзeгe ашат, бирок eткeн жана келечек жeнYндe сeз болот. Учур чакта ишке ашып жаткан тилдик актыны eткeнгe жана келечекке кецейткен - жалпы чак. Жалпы чакты учур чак менен жакындаштырган факты мына ушул. Кeптeгeн тилдерде жалпы чак менен учур чактын ортосунда тыгыз байланышты табабыз (Karaagaç, 2009, 88-89).

A.Тyрсyновдyн, A.Ыскаковдyн белгилеп кеткен жYЙeлYY ойлоруна жана тYрк тилиндеги geni§ zaman термини менен аталуучу чактын тeртYнчY TYPY туюндурган маанилерге таянуу менен, биз жeнeкeй формадагы учур-келер чaкты чак категориясынын eзYнчe бир TYPY катары карап, чактын ал тYPYн "жалпы чак" дeгeн тeрмин мeнeн aтooну туурa тaптык. Эгерде кыргыз тил илимине кабыл алынып, сицип кетсе, затка жаратылыштан берилген туруктуу касиетти, ага адаттанып кеткен, табигый процесстердин тYбeлYккe созулушун билдирген, жаратылышта тынымсыз болуп турган кыймыл-аракеттик маанилерди туюндуруучу чактын бир формасы "жaлnы чaк" деп аталып калат эле деген ойдобуз. "Жалпы" деген сeздYн тYШYндYрмe сeздYктeгY мааниси - "6yt, бYткYЛ, баары, жапырт, чогуусу менен, бардыгы, текши" (Кыргыз тилинин сeздYГY, 2010: 400). Демек, бул сeз термин катары аталган этиштик формалар билдирген чактын маанилерин толук камтый алат.

2. Жллпы мпк

Кыймыл-аракеттин, ал-абалдын сYЙлee моментинин чеги менен дал келбee себеби: CYЙлee процесси бир аз убакытка гана созулса, кыймыл-аракет бир канча саатка, бир нече ^нге, айга, бир нече жылга, табигый процесстер тYбeлYккe созулушу мYмкYн. Ошол себешуу CYЙлee убактысы жYPYп жаткан иш процессинин белгилYY бир бeлYГYнe гана туура келет. Кыймыл-аракеттин CYЙлee убактысы менен кыймыл-аракеттин аткарылуу процессинин, кыймыл-аракеттик ал-абалдын туура келиши тYPДYYчe мYнeздe болот. Ошого карай этиштин учур чaгы да ар TYPДYY мааниде колдонулат. Кыймыл-аракеттин сeз жYPYп жаткан учурда болуп жатканын, CYЙлeп жаткан чактан мурда болгонун, CYЙлeп жаткан чактан кийин да болорун, б.а., дайыма болуп туруучу кыймыл-аракетти билдирген этиштин чак формалары бар. Бул чак - eткeн мезгилден келечекке чейин узаган, кец убакытты eз ичине камтыган чак (Коркмаз, 2014: 637). Бул жeнYндe тYрк тилчи-окумуштуусу М. Эргин бул чактын бардык чакты: eткeндe башталып, учурда да уланып жаткан, ал гана эмес, келер чакта да аткарыла турган кыймыл-аракетти ичине камтыгандыгын, демек, Yч TYPДYY чакты туюндургандыгын айтат (2009: 291).

БелгилYY бир мезгил менен чектелбеген чактын бул TYPYH кыргыз тилинде этиш сездерге жалганган чакчылдын -А (-й) мучесу жана жак муче уюштурат. Жалпы чактык маанидеги этиштер I категориядагы жак мYчелер менен езгерет. Этиштердин жакталышында темендегYдей езгечелYктер бар: а) I жак, жекелик сандын жак мYчесY толук тYPде да, толук эмес тYPде да колдонула берет: Мен Бишкекте жашаймын // жашайм.; б) III жак, жекелик жана кетук сандын жак мYчесY —т.

Жалпы чактын суроолуу формасы -БЫ аркылуу жасалат: окшо-й-мунбу. Суроолуу формасынын уюшулушу: а) кыргыз тилинде суроо мYчесY -БЫ сездYн аягында келип, чогуу жазылат; б) суроо мYчесY уланган учурда YЧYнчY жактын жекелик, кептYк санына жак мYче уланбайт: жазатбы эмес, жазабы? окуйтбу эмес, окуйбу? ж.б.; в) жалпы чактын терс формасы этиштик негизге -БА мYчесY жалганып жана ага чакчыл мYче менен жак мYченYн уланышы аркылуу уюшулат.

2.1. Жалпы чакты уюштуруучу грамматикалык каражаттар байыркы тYрк тили доорунан бери кецири колдонулуп келет. Бирок байыркы тYрк тилинде этиштин учур чагы азыркыдай экиге белYHYп каралган эмес. Бул доордогу тексттердин котормолорунда чактык маани CYЙлемдегY маанисине жараша берилген. Байыркы тYрк тилинде жалпы чакты туюндурууда -Ар мYчесY азыраак, -Ыр мYчесY ете сейрек, ал эми кеп муундуу этиштерде кебYнче -Ур мYчесY колдонулуп, YHДYY менен бYткен этишке -йУр мYчесY, кээде гана -р мYчесY жалганып, терс формасы -mAz мYчесY аркылуу колдонулган. Мисалы: бирур мен (берем), сакынур мен (ойлоном), тир мен (дейм, деп жатам), korur (керет, керYп жатат), korkur biz (коркобуз, коркуп жатабыз), omez sen (ойлобойсуц,ойлоп жаткан жоксуц), йорыйур (жYрет) ж.б. (Эржиласун, 2010: 183-187). Байыркы уйгур доорунда бул мYчелердYн колдонулушу байыркы тYрк тилиндегидей эле болгон: Себдукумин йийур мен

(Жакшы кергенYмдY жейм). Эрклиг улуг илигимиз эрур сиз......Кутлуг билге бегумуз эрур сиз

(КYчтYY екумдарыбызсыз......Куттуу билге бегибизсиз) (Эржиласун, 2010: 228, 233). Карахан

доорунда жалпы чакты уюштуруучу мYчелер, байыркы тYрк тилинен айырмаланып, жалганган уцгудагы тыбыштардын езгечелYГYне карай колдонула баштаган. Мисалы, YHДYY менен бYткен этиштерден кийин -р, айрым учурларда -Ур мYчесY жалганса йоры-р мен (жYремYн), окы-р сен (окуйсуц), карга-р (каргайт), ти-р (дейт), уши-й-ур (YШYЙт), йара-й-ур (жарайт), YHCYЗ тыбыш менен аяктаган этиштерден кийин -Ар, -Ур, -Ыр мYчелерY жалганган: ач-ар (ачат), квм-ер (кемет), вг-ер (мактайт), твк-ер (тегет), эс-ер (согот, YЙлейт), арт-ар (артат), тег-ур (тиет), йат-ур (жатат), ай-ур (айтат). Л, н, р уяц YнсYЗдерY жана жушак д YHCYЗY менен бYткен бир муундуу этиштерде -Ар, -Ур, -Ыр мYчелерY аралашып келе бергенин да кездештирYYге болот: ал-ур ~ ал-ыр, бил-ур ~ бил-ир, кал-ур ~ кал-ыр, йан-ур ~ йан-ар, квр-ур ~ квр-ер, кед-ур ~ кед-ер, код-ур ~ код-ар, тод-ур~ тод-ар ж.б. YнсYЗ менен бYткен кеп муундуу этиштерге кебYнче -Ур мYчесY жалганган: кврун-ур (керYнет), tuket-ur (^гетет), оцар-ур (оцдойт), йараш-ур (жарашат), кулдур-ур (кYЛДYрет). Бул чактын терс формасы -мАз мYчесY аркылуу уюшулган: окы-маз (окубайт), сев-мез (сYЙбейт), билмез мен (билбеймин). Бирок -к, -р, -кЫр, -гЫр мYчелерY менен аяктаган этиштердин жалпы учур чагы -Ар формасы аркылуу уюшулат: кадгур-ар (каткырат), быркыр-ар (быркырайт), келгир-ер (келтирет). (Эржиласун, 2010: 348).

Жалпы чакты уюштуруучу бул мYчелер байыркы доордон азыркы мезгилге чейин айрым езгерYYлер менен келип жетти.

Хорезм-Алтын Ордо доорунда учур чактын -(й)А турур конструкциясы колдонула баштаса (бара турур мен, бара турур сен, бара турур миз), жалпы чак: 1) -р, -Ар, -Ур, -Ыр

мYчелерYне жактама ат атоочтор уланып да; 2) -йУр мYчесYне да жактама ат атоочтор уланып тYЗYЛген. Айрым учурларда этиш сез бир эле учурда бул эки TYPДYY тYЗYЛYштегY мYчелер менен уюшула берген учурларды да кездештирYYге болот: тилер мен ~ тилейYP мен (тилейм), тилер сен ~ тилейYP сен

(тилейсиц).

Байыркы кыпчак доорунда жалпы чак этиши экиге белYHYп карала баштаган. Жалпы чак YЧYн -Ур, -Ыр, -Ар, -й(й)Ур, -р мYчелерY: алур сен, алыр мен, алырлар, келYP мен, келир сен, келYрсиз, турур мен, турар сен, алырым, алурам, ичербиз, йербиз, йер, йийYP, башлайур, свзлейYP ж.б; учур чак YЧYн жана келер чак YЧYн да -АдЫр < -А турур конструкциясы колдонулган: аладыр мен, окыйадур, свйлейдир сиз ж.б. Мындан сырткары -йор (-йур); -йорур мYчелерY да кездешет: башлайор, башлайорур (Эржиласун, 2010: 399-400).

Жалпы чакты уюшуруучу этиштик уцгу же негиз, чакчылдын -А (-й) мYчесY жана ага жалганып келYYЧY жак мYче конструкциясы байыртадан бери эле тYрк тилдеринде кецири колдонулуп келген жана азыркы тYрк тилдеринин кепчYЛYГYнде да кецири колдонулууда. Мисалы, езбек, казак, татар, башкыр, кумык, кырым татар ж.б. тилдерде: кырг., кум. алам, аласыц, аласыз, тат. барам, каз. жазамын (Серебренников, 1979: 153-161).

2.2. Жалпы чактын маанилери

Жалпы чак формалары негизинен, теменде^ маанилерди билдирет:

• Жалпы чак чексиз убакытты ез ичине камтыйт. Бул чак белгилYY бир убакытка

байланыштырылбастан, жалпы мYнезге ээ болгон, тынымсыз жYPYп туруучу, кайталанып туруучу, кенYMYшке айланган кыймыл-аракетти билдирет: Жер вз огунда айланат. Кун чыгыштан чыгат, батыштан батат. Жер адамдын эмгегин жебейт.

• Кандайдыр бир затка тиешелYY болгон касиетти билдирет, же биреенYн адаттанган кыймыл-аракетин керсетет: Дене картаят, квщл картайбайт. Ач кадырын ток билбейт, оору кадырын соо билбейт (макал).

• Аткарылуусу орундуу, туура, милдеттуу керYЛген кыймыл-аракеттерди билдирет (эреже, мыйзам, ырым, салт, адат ж.б.) : СYйлвм баш тамга менен башталып жазылат (Кыргыз тилинин жазуу эрежелери, 2016: 13).

• ОбъективдYY чындыкты туюндурат (табышмак, учкул сездер, макалдар ж.б.): Оро албаган орок тандайт (макал). Куттуксейит куш кармайт (табышмак).

• Кыймыл-аракеттин узак убакыттан бери дайыма болуп келе жаткандыгын же мезгил-мезгили менен кайталанып тургандыгын билдирет: Качан карабагын, айылга кайсы туштан келбегин, элден мурда эле двбвдв жанаша кыналышкан ушул бийик теректер квзгв учурайт (Айтматов, 2008: 47).

• Болуп еткен кыймыл-аракет, ал-абалды билдирет: Москва шаарында бир жылга жакын дарылангандан кийин Фрунзеге кайтып келет (Спутник).

• Суроолуу формасы кээде етYHYч, тацдануу маанилерин билдирет: Ой тобо, ушул мезгилде да ^н кYркYрвйбY?

Жыйынтык

Жалпы чак башталышы менен аякталышы белгилуу болбогон чакты туюндуруп, кенен мезгилдик алкакты ичине камтыйт да, дайыма тынымсыз жYPYп туруучу, адатка айланган, кендYмге айланган, жалпыланган (конкреттештилбеген) кыймыл-аракетти

билдирет; о.э. жалпы чак формасы кишидеги туруктуу мYнeздY сыпаттоодо, макалдарда, афоризмдерде, мыйзам-эрежелерди, иш кагаздарын жазууда колдонулат.

• Жалпы чакты уюштуруучу мYчeлeр байыркы доордон азыркы мезгилге чейин айрым eзгeрYYлeр менен келип жеткен.

• Жалпы чакты кыргыз тилинде -А, —й мYчeлYY чакчыл негиздер уюштурат.

• Жалпы чактын "ийкемдYYЛYГY" анын башка чактык маанилерде да колдонулуусунан байкалат, бирок ал чактардагыдай конкреттYYЛYк маанини билдирбейт. Жалпы чакта белгисиздик мааниси YCтeмдYк кылат.

Сунуш

Кыргыз тилиндеги чак категориясы, eзгeчe "жалпы чак" боюнча дагы да олуттуу изилдeeлeр жYргYЗYЛYYCY зарыл.

Адабияттар

1. Абдувалиев, И., Садыков Т. (1997). Азыркы кыргыз тили. Морфология. Бишкек: Айбек.

2. Абдулдаев, Э., Давлетов, С., Иманов, А., Турсунов, А. (1986). Кыргыз тили. Фрунзе: Мектеп.

3. Баскаков, Н.А. (ред.) (1975). Грамматика хакасского языка. Москва: "Наука".

4. Грамматика азербайджанского языка (фонетика, морфология и синтаксис). (1971). Под. общ.ред. М.Ш. Ширалиева, Э.В. Севортяна. Баку: "ЭЛМ".

5. Куликовская, Л.К. Мусаева, Э.Н. (2006). Грамматика казахского языка в таблицах и схемах в сопоставлении с грамматикой русского языка (простое предложение). -Алматы.

6. Кыргыз тилинин жазуу эрежелери: Соцку редакциясы. (2016). Кырг. Респ. Президентине караштуу Мамл. Тил б-ча улут. Комис. 3-бас. Бишкек.

7. Кыргыз тилинин свздYгY. (2010). Бишкек: "Avrasya Jayincilik".

8. Покровская, Л.А. (1964). Грамматика гагаузского языка: фонетика и морфология. Москва: "Наука".

9. Сагынбаева, Б., Дербишева, З. (2014). Турк жана кыргыз тилдеринин салыштырма морфологиясы / Türkge-Kirgizca Kar§ila§tirmali Morfoloji. Кыргыз-ТYрк "Манас" университетинин басылмалары: 146. Бишкек.

10. Серебренников, Б.А., Гаджиева, Н.З. (1986). Сравнительно-историческая грамматика тюркских языков. Москва: Наука.

11. Татар грамматикасы: вч томда. Т. II. (2016). Хисамова, Ф.М. (ред.) проект ж;ит. М.З. Зэкиев. - Тулыландырылган 2 нче басма. - Казан: ТЭhСИ.

12. Харитонов, Л.Н. (1947). Современный якутский язык. Часть первая: фонетика и морфология. Якутск: ГОСИЗДАТ ЯАССР.

13. Ыскаков, А.Ы. (1991). К,аз1рг1 цазац тт: Морфология. Алматы: Ана тш.

14. Qelik, G. (2021). Közdüü шопфок cerde kalbayt. Ala-Too curnali. Bi§kek: "Turar" basmasi.

15. Durmu§, O. (2009). Quva§ganm §ekil Bilgisi (Yayinlanmami§ Doktora Tezi). Edirne: Trakya Üniv. SBE, Türk Dili ve Ed. ABD, Türk Dili BD.

16. Ercilasun, A.B. (2006). Kar§ila§tirmali Türk Lehgeleri Grameri I. FiilBasit Qekim. Ankara: TDK.

17. Ercilasun, A.B. (2010). Baglangicindan Yirminci Yüzyila Türk Dili Tarihi. Ankara: Ak9ag Yayinlari.

18. Erdem, i. (2007). "Mikyäsu'l-Lisän Kistäsu'l-Beyän'daki Dil Bilgisi Terimleri". Journal of Turkish Studies 2(2). 66. 192-216.

19. Ergin, M. (2009). Türk Dil Bilgisi. istanbul: Bayrak Yay.

20. idben, E. i. (2010). "Muhtasar Sarf-i Osmani Ali Nazima". Türk Dili Ara§tirmalari Yilligi -Belleten, 55(2007/2), 66. 67-88.

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

21. Karaaga9, G. (2009). Türk9enin söz dizimi (2. Baski). istanbul: Kesit Yayinlari.

22. Kiri§9ioglu, M.F. (2007). "Saha Türk9esi (Yakut9a)". Türk Lehgeleri Grameri. Ed. Ercilasun, Ahmet B. Ankara: Ak9ag Yay.

23. Korkmaz, Z. (2014). Türkiye Türkgesi Grameri. Ankara: TDK. Yay.

24. Korkmaz, Z. (2009). Türkiye Türkgesi Grameri §ekilBilgisi. Ankara: TDK. Yay.

25. Yazim Kilavuzu. (2009). Haz. §ükrü Halük Akakin. Ankara: Türk Dil Kurumu Yayinlari.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.