Научная статья на тему 'ТЕКТЕШ ТҮРК ЖАНА БАШКА ЭЛДЕРДИН КУРАМЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ЭТНОКОМПОНЕНТТЕРИ'

ТЕКТЕШ ТҮРК ЖАНА БАШКА ЭЛДЕРДИН КУРАМЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ЭТНОКОМПОНЕНТТЕРИ Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
9
7
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
кыргыз / түрк / этникалык / этнокомпонент / эл / улут / Kyrgyz / kindred / Turkic / ethnic / ethnocomponent / people / nation

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — Самара Осмонова, Самара Бурканбек Кызы

Бул макалада белгилүү булактардын негизинде тектеш түрк жана башка элдердин курамындагы кыргыз этнокомпоненттери изилденди. Ошондой эле кыргыз этнокомпонентинин таралуу алкагы, кыргыздардын башка түрк-монгол тектүү элдердин калыптанышын, этногенезине, маданий өнүгүүлөрүнө тийгизген таасири, кыргыздардын миграциясы, таралуу ареалы, жана кыргыз элинин калыптанышында негизги орунду ээлеген этникалык топтор каралды. Бул иштин методологиялык негизи каралып жаткан маселе боюнча материалдардын салыштырма анализи жана тарых принциби түзүлдү. Изилдөөдө, структуралык, стационардык, функционалдык салыштырма жана тарыхый ыкмаларды комплекстүү колдонууга негизделген. Жыйынтыгында кыргыз этнокомпоненти башкырлардын, крым татарлары, казак, каракалпак, өзбектердин курамындарынан да арбын кездешери байкалган.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

KYRGYZ ETHNOCOMPONENTS IN THE COMPOSITION OF TURKISH AND OTHER PEOPLES

In this article, on the basis of sources, the Kyrgyz ethnic components were investigated as part of the Turkic and other peoples. The distribution of the Kyrgyz ethnic component, the influence of the Kyrgyz on the formation, ethnogenesis and cultural development of other Turkic-Mongol peoples, the migration of the Kyrgyz, the area of ​​settlement, ethnic groups that play a key role in the formation of the Kyrgyz people are also considered. The methodological basis of this work is a comparative analysis of materials on the subject and principle of history. The research is based on the complex application of structural, stationary, functional, comparative and historical methods. As a result, the Kyrgyz ethnic component is found among the Bashkirs, among the Crimean Tatars, among the Kazakhs, Karakalpaks and Uzbeks.

Текст научной работы на тему «ТЕКТЕШ ТҮРК ЖАНА БАШКА ЭЛДЕРДИН КУРАМЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ЭТНОКОМПОНЕНТТЕРИ»

История

УДК:392.311(575.2)

Б01: 10.52754/16947452_2022_2_103

ТЕКТЕШ ТУРК ЖАНА БАШКА ЭЛДЕРДИН КУРАМЫНДАГЫ КЫРГЫЗ ЭТНОКОМПОНЕНТТЕРИ

Осмонова Самара Курбаналиевна, т.и.к., доцент,

osk_8182@mail. т Бурканбек кызы Самара, магистр sburkanbekkyzy@mail.ru Ош мамлекеттик университети Ош, Кыргызстан

Аннотация: Бул макалада белгилYY булактардын негизинде тектеш турк жана башка элдердин курамындагы кыргыз этнокомпоненттери изилденди. Ошондой эле кыргыз этнокомпонентинин таралуу алкагы, кыргыздардын башка турк-монгол тектYY элдердин калыптанышын, этногенезине, маданий внYгYYлврYнв тийгизген таасири, кыргыздардын миграциясы, таралуу ареалы, жана кыргыз элинин калыптанышында негизги орунду ээлеген этникалык топтор каралды. Бул иштин методологиялык негизи каралып жаткан маселе боюнча материалдардын салыштырма анализи жана тарых принциби тYЗYлдY. Изилдввдв, структуралык, стационардык, функционалдык салыштырма жана тарыхый ыкмаларды комплекстYY колдонууга негизделген. Жыйынтыгында кыргыз этнокомпоненти башкырлардын, крым татарлары, казак, каракалпак, взбектердин курамындарынан да арбын кездешери байкалган.

Ачкыч свздвр: кыргыз, тектеш, турк, этникалык, этнокомпонент, эл, улут.

КЫРГЫЗСКИЕ ЭТНОКОМПОНЕНТЫ В СОСТАВЕ ТЮРКСКИХ И

ДРУГИХ НАРОДОВ

Осмонова Самара Курбаналиевна, к.и.н., доцент,

osk_8182@mail.ru Бурканбек кызы Самара, магистрант, Ошский государственный университет

Ош, Кыргызстан sburkanbekkvzv@,mail. т

Аннотация: В данной статье на основе источников было исследовано кыргызские этнокомпоненты в составе тюркских и других народов. Рассмотрены также распространение кыргызского этнокомпонента, влияние кыргызов на формирование, этногенез и культурное развитие других тюрко-монгольских народов, миграция кыргызов, ареал расселения, этнические группы, играющие ключевую роль в формировании кыргызского народа. Методологическую основу данной работы составляет сравнительный анализ материалов по предмету и принципу истории. Исследование основано на комплексном применении структурного, стационарного, функционального

сравнительного и исторического методов. В результате кыргызский этнокомпонент встречаются у башкир, у крымских татаров, у казахов, каракалпаков и узбеков.

Ключевые слова: кыргыз, родственные, тюрк, этническое, этнокомпонент, народ,

нация.

KYRGYZ ETHNOCOMPONENTS IN THE COMPOSITION OF TURKISH

AND OTHER PEOPLES

Osmonova Samara Kurbanalievna, candidate of historical sciences, associate professor,

osk_8182@mail.ru Burkanbek kyzy Samara, master, sburkanbekkyzy@mail.ru Osh State University Osh, Kyrgyzstan

Abstract: In this article, on the basis of sources, the Kyrgyz ethnic components were investigated as part of the Turkic and other peoples. The distribution of the Kyrgyz ethnic component, the influence of the Kyrgyz on the formation, ethnogenesis and cultural development of other Turkic-Mongol peoples, the migration of the Kyrgyz, the area of settlement, ethnic groups that play a key role in the formation of the Kyrgyz people are also considered. The methodological basis of this work is a comparative analysis of materials on the subject and principle of history. The research is based on the complex application of structural, stationary, functional, comparative and historical methods. As a result, the Kyrgyz ethnic component is found among the Bashkirs, among the Crimean Tatars, among the Kazakhs, Karakalpaks and Uzbeks.

Key words: Kyrgyz, kindred, Turkic, ethnic, ethnocomponent, people, nation.

Киришуу

Кыргыз этнокомпонентинин таралуу алкагы, typk тилдYY элдердин калыптанышын, этногенезине, маданий eнYГYYлeрYнe тийгизген зор таасирин изилдее, кыргыз элинин калыптанышында негизги орунду ээлеген этникалык топторду аныктоого жардам берери шексиз. Ошондуктан, бул маселе бYГYнкY кыргыз таануудагы актуалдуу маселелердин бири болуп, жацы изилдeeлeрдY талап кылат.

Изилдеенун ыкмалары

Бул иштин методологиялык негизин материалдарды салыштырма талдоо жана каралып жаткан проблема боюнча историзм принциби тYЗгeн. Изилдeeдe, структуралык, стационардык, функционалдык салыштырма жана тарыхый ыкмаларды комплекстYY колдонууга негизделген.

Жыйынтыктар жана талкуулар

«Кыргыз» этноними тува, алтай, хакас, башкырлардын, крым татарларынын ж.б курамдарында кездешет. Ошол эле учурда «кыргыз» аты Саян-Алтай, Эзбекстан, Башкырстан, Крым жарым аралына чейинки

эбегейсиз зор аймактардагы жер-суу аталыштарында чагылдырган. Бул маалыматтар кыргыздардын этникалык тарыхы кенен аймактарды кучагына алуу менен бирге, кеп кырдуу, узак процесс экендигин аныктары шексиз. Мындан сырткары, бул туруктуу фактылар аты аталып еткен аймактардагы элдердин этногенезине жана маданиятына кыргыздардын катышуу децгээлин чагылдырат [1. б.30].

Хакас, тува, башкырлардын курамындагы кыргыз урууларынын келип чыгышы байыркы жана орто кылымдардагы кыргыздар менен тыгыз байланышта болгонун тастыктайт. Буга тарыхый фактылар, фольклордук маалыматтары эн тамгалардагы этногенетикалык жалпылыктар далил боло алат [4. б.11]

БYГYнкY башкырлардын курамындагы «кыргыз» этнокомпоненттери илимий кызыгууну жаратышы шексиз. Кыргыз-башкыр маданий-этникалык байланыштары С.М. Абрамзон, Р.Г. Кузеева, И.Б. Молдобаевдердин эмгектеринде иликтенген. Башкыртаануучу С.И. Руденконун белгилегенине караганда, кыргыздар монгол басып алууларына чейин эле башкырлардын негизги 12 уруусунун эн, ирисинин этникалык аталышы катары белгилYY болгон. Башкырлардын курамындагы «кыргыз» этнонимдеш ири уруулардын аталыштары катары учурда Башкырстандын тYндYк-батыш жана чыгыш аймактарында белгилYY.

Ал эми бYГYнкY Башкырстандын чыгышындагы кыргыздар ХУ1-ХУ11 кылымдарда Эне-Сайдан журт которуп келген кыргыз этнокомпоненттери деп жазат [5. б.360.]. «Кыргыз» этноними бYГYнкY башкырладын курамында «танкей» жана «кадыкей» аттуу уруктарды бириктирген ез алдынча уруунун аталышы, табын, кудей, мин урууларынын ичиндеги эн ири уруктардын энчилYY аттары катары кездешет. Эн кызыктуусу табын этнониминин параллелдери хакастардын (хакастарда-«табхын») курамдарынан кездешет. Бул параллелдер кокусунан эмес. Санжыра боюнча башкырлардагы «кыргыз» уруктарына кирген кадыкей, танкейлер ездерYHYн баштапкы мекени катары Сибир аймагын, теги жагынан Чынгызхандын тYпкY бабаларынан Тенек-бий жана Кыдык-бийди аташат. Бул кыргыздардын этногенезинде езгече маанилYY орунду ээлеген Мен^-Суу (Минусин) челкемY менен тыгыз байланышаары анык. Р.Г. Кузеев башкырлардын курамындагы кыргыз этнокомпоненттери Сыр-Дарыяга УШ- IX кылымдарда огуз уруулары менен бирге журт которушуп, сонку этникалык ЖYЗY ушул аймакта калыптанганын баса белгилейт. Р.Г. Кузеев айрым санжыралык маалыматтарда башкыр кыргыздарынын тYпкY бабасы катары Коркут-Ата айтыларын жазат[5. б109.].

Кыргыз-башкыр этникалык алакаларына кыргыздын белгилYY тарыхчысы И.Б. Молдобаев ез иликтeeлeрYндe кецири токтолот. Ал «Манас» эпосундагы маалыматтарды иликтеп, эки элдин этникалык жакындыктарын айгинелеген 15 этнонимикалык аталыш бар экендигин, кыргыз-башкыр этникалык алакалары ногой этносу аркылуу да жYргeндYГYн жазат. Россиянын курамына кирер алдында башкырлар этникалык бирдиктYY этносту тYЗгeн эмес алардын ичинен болгар, керей, кыргыздар eзгeчe бeлYHYп турушкан. Мурдагы Ууга уездинин Ика жана Деме дарыяларынын жогорку агымдарында кыргыздар eз алдынча уруу, 113 TYTYH Yй, 4 айылдан турган волость болгондугу тарыхый эмгектерде, топографиялык карталарда кeрсeтYлгeн. 1898-жылы башкырлардын чек араларын тактоо комиссиясы кыргыздарды eз алдынча 4 уруудан турган волость катары каттаган. Демек, XIX кылымда кыргыздар eздeрYHYн компакттуу жашоосун уланта беришкен. Бул кыргыз этнокомпененттерине, кыргыз-башкыр этникалык байланыштарына С.М. Абрамзон да eз эмгектеринде кайрылган.

Кыргыз этноними казак-аргындардын курамында да кездешери Кузеев Р.Г жана Э.Ж. Маанаевдин монографиялык изилдeeлeрYндe кeрсeтYлгeн [7. б.28.]. Санжырачылардын маалыматтарына караганда казактын улуу ЖYЗYHYH курамында «кыргыз» аттуу уруктар арбын учурайт. Астрахандын ногойлордун ичинде «кыргыз-бурут» аттуу уруу бар экендиги калыптанган. Айрым изилдeeчYлeрдYн пикиринде «кыргыз-буруттар» 1758-жылы калмактардын акыркы толкуну менен келгендиги айтылат. 1782-жылы «увачан-буруттардын» жYргYЗYлгeн каттоодо калмактардан бeлYHYп чыккан кыргыз-буруттардын саны 350, анын ичинде утар-алабугаттардын курамында 200, калгандары болсо ногой-карагаштардын курамдарына жуурулушкан. Акыркылар утарлардын ичиндеги эц сыйлуу, ак сeeк «кыргыз» уругун тYЗYшeт [7. б.26.].

«Кыргыз» этноними крым жарым аралында жашаган крым татарларынын курамында «бYЙYк кыргыз» (улуу же чоц кыргыз), «кичиг кыргыз» формаларында сакталат. Профессор В.Я. Бутанаев тастыктап келет. XVII-XVIII кылымдарда Энесайлык кыргыздардын административдик аймактык бeлYMYндeгY Алтысар уруусу «Чоц кыргыз» деп аталганы маалым [2. б.34.]. Ушул эле этникалык аталыш бYГYнкY кыргыздырдын кацды жана мундуз урууларында «Чоц кыргыз» формаларында кездешет.

«Кыргыз» этнонимин алып жYргeн Заравшан eрeeнYндeгY eзбектердин «кыргыз» уруусу 1917-жылы жYргYЗYлгeн айыл чарба каттоосунда Каттакурган уездинде 151 киши, Самарканд уездинде 22 кишини тYЗгeн Самарканд областында «кыргыз» деген атты алып жYргeн Yч кыштак болуп, 1924-жылы Кермин жана Заравшан оазисинде 5600 киши,

Шахрисабз оазисинде 435 кишини тYЗгeн. Эзбектердин «кыргыз» уруусу XVI-XVII кылымдардагы 92 eзбек урууларынын тизмесинде, тизменин баш жагында эскерилет. Эзбек тарыхчысы Т.И. Султановдун маалыматына караганда, тизменин башындагы уруулар тектYY делинип, кээ бир артыкчылыктардан пайдаланышкан. Эзбектердин «кыргыз» уруусу он, канатка кирип, Б.Ахмедовдун изилдeeлeрY, анын кээ бир eкYлдeрY аштарханийлер, кийин мангыттар династияларынын мезгилинде жогорку мансаб орундарын ээлегенин кeрсeтeт [6. б.41.]. Корутунду

Жыйынтыктап айтканда кыргыз этнокомпоненти башкылардын, крым татарлары,казак, каракалпак, eзбектердин курамындарынан да арбын кездешери байкалган. Муну Азиянын эн байыркы элдеринен болгон кыргыздардын миграциясы жана ошол аймактардагы этникалык абалга тийгизген таасири катары кароого болот. Албетте, кыргыз этнониминин тарашы ар TYPДYY тарыхый окуялар, этникалык-маданий чeйрeдe тYЗYлгeн кырдаалдар, себептер менен коштолуп, тарыхый узак доорду кучагына камтып турат. Ушул маселе кYнгe чейин окумуштуулардын

арасында ар TYPДYY кайчы пикирлерди жаратып, дискуссиялардын булагы болуп келYYДe.

Адабияттар:

1. Абрамзон С.М. Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи. Фрунзе: Кыргызстан, 1990. - 480 с.

2. Бутанаев В.Я. Этническая история хакасов XVII-XIX в.в М., 1990. 34с

3. Бутанаев В.Я. Этническая культура хакаского народа. Абакан, 1997. 340 с.

4. Каратаев О.К. Кыргыздардын этномаданий байланыштарынын тарыхынан. Бишкек, 2003. - 269б.

5. Кузеев Р.Г. Происхождение башкырского народа. М., 1974. 362с.

6. Кармышева Б.Х. Узбеки племени «кыргыз» в среднезеравшанской долине. -// Кыргыздардын теги. Бишкек, 1995, 41-бет.

7. Маанаев Э.Ж. Кыргызстандан сырткары жашаган кыргыздар тарыхынан. Фрунзе, 1969, 28- бет.

8. Молдобаев И.Б. Отражение этнических связей киргизов в эпосе «Манас» Фрунзе, 1985. 109 с.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.