Научная статья на тему 'КЫРГЫЗДАРДЫН ЭТНОБОТАНИКАЛЫК БИЛИМДЕРИНИН МАКАЛ-ЛАКАПТАРДА БЕРИЛИШИ'

КЫРГЫЗДАРДЫН ЭТНОБОТАНИКАЛЫК БИЛИМДЕРИНИН МАКАЛ-ЛАКАПТАРДА БЕРИЛИШИ Текст научной статьи по специальности «Языкознание и литературоведение»

CC BY
0
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
этноботаника / кыргыздардын элдик макал-лакаптары / элдик медицина / фразеологизмдер / өсүмдүктөр культу / ethnobotanice / Kyrgyz folk proverbs / folk medicine / phraseological units / plant cult

Аннотация научной статьи по языкознанию и литературоведению, автор научной работы — Мурзакметов Абдымиталип Камытович

Өсүмдүктөр менен адамдардын ортосундагы карым-катнаш байыркы доорлордон тартып азыркы күнгө чейин жашап келет. Дүйнө элдеринин маданиятында өсүмдүктөр дүйнөсү тамак-аш, азык-түлүк жана элдик медицинада кеңири колдонулуп, этноботаникалык бай мурастын калыптанышына себеп болгон. Бирок урбанизациянын натыйжасында адамдар жаратылыштан алыстап, убакыттын өтүшү менен этноботаникалык билимдерди унутуп же жогото башташты. Бул контексттен алып караганда анча-мынча этноботаникалык изилдөөлөр жүргүзүлүп жатканы менен, жалпы жонунан алганда бул жатта изилдөөлөр чектелүү. Бул макалада кыргыздардын элдик макал-лакаптарынын мисалында этноботаникалык өзгөчөлүктөрү менен жергиликтүү эл тарабынан белгилүү болгон жана колдонулган кээ бир өсүмдүк түрлөрүн аныктоо жана алардын баалуулуктарын аныктоо максатталган. Изилдөөнүн алкагында макал-лакаптарда эскерилген өсүмдүктөрдүн түрлөрү аныкталып, айрым тактоолор киргизилген.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

REFLECTION OF ETHNOBOTANIC KNOWLEDGE OF THE KYRGYZ PEOPLE IN FOLK PROVERBS

The relationship between plants and people has existed since ancient times to the present day. In the cultures of the peoples of the world, plants are widely used in food and folk medicine, which has led to the formation of a rich ethnobotanical heritage. However, as a result of urbanization, people have distanced themselves from nature, and over time, folk ethnobotanical knowledge began to be forgotten or lost. Although ethnobotanical research has been conducted in this context, the number of special studies in this area is very limited. In this article, using Kyrgyz folk proverbs as an example, the goal is to identify some plant species known and used by the local population, with their ethnobotanical features, and determine their meaning. As part of the study, plant species mentioned in the proverbs were identified and some etymological clarifications were made.

Текст научной работы на тему «КЫРГЫЗДАРДЫН ЭТНОБОТАНИКАЛЫК БИЛИМДЕРИНИН МАКАЛ-ЛАКАПТАРДА БЕРИЛИШИ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА BULLETIN OF OSH STATE UNIVERSITY

ISSN: 1694-7452 e-ISSN: 1694-8610

№3/2024, 116-137

ФИЛОЛОГИЯ

УДК: 398.95

DOI: 10.52754/16948610 2024 3 11

КЫРГЫЗДАРДЫН ЭТНОБОТАНИКАЛЫК БИЛИМДЕРИНИН МАКАЛ-

ЛАКАПТАРДА БЕРИЛИШИ

ОТРАЖЕНИЕ ЭТНОБОТАНИЧЕСКИХ ЗНАНИЙ КЫРГЫЗОВ В НАРОДНЫХ

ПОСЛОВИЦАХ

REFLECTION OF ETHNOBOTANIC KNOWLEDGE OF THE KYRGYZ PEOPLE IN FOLK

PROVERBS

Мурзакметов Абдымиталип Камытович

Мурзакметов Абдымиталип Камытович Murzakmetov Abdymitalip Kamytovich

т.и.к, доцент, Ош мамлекеттик университети

к.и.н., доцент, Ошский государственный университет Candidate of Historical Sciences, Associate Professor, Osh State University

suzak65@mail.ru

КЫРГЫЗДАРДЫН ЭТНОБОТАНИКАЛЫК БИЛИМДЕРИНИН МАКАЛ-

ЛАКАПТАРДА БЕРИЛИШИ

Аннотация

6сYмдYктeр менен адамдардын ортосундагы карым-катнаш байыркы доорлордон тартып азыркы KYHre чейин жашап келет. ДYЙнe элдеринин маданиятында eсYмдYктeр дYЙнeсY тамак-аш, азык-тYЛYк жана элдик медицинада кецири колдонулуп, этноботаникалык бай мурастын калыптанышына себеп болгон. Бирок урбанизациянын натыйжасында адамдар жаратылыштан алыстап, убакыттын eтYШY менен этноботаникалык билимдерди унутуп же жогото башташты. Бул контексттен алып караганда анча-мынча этноботаникалык изилдeeлeр жYргYЗYЛYп жатканы менен, жалпы жонунан алганда бул жатта изилдeeлeр чектелYY. Бул макалада кыргыздардын элдик макал-лакаптарынын мисалында этноботаникалык eзгeчeлYктeрY менен жергиликтYY эл тарабынан белгилYY болгон жана колдонулган кээ бир eсYмдYк тYрлeрYн аныктоо жана алардын баалуулуктарын аныктоо максатталган. ИзилдeeнYн алкагында макал-лакаптарда эскерилген eсYмдYктeрдYн тYрлeрY аныкталып, айрым тактоолор киргизилген.

Ачкыч свздвр: этноботаника, кыргыздардын элдик макал-лакаптары, элдик медицина, фразеологизмдер, eсYмдYктeр культу.

ОТРАЖЕНИЕ ЭТНОБОТАНИЧЕСКИХЗНАНИЙ КЫРГЫЗОВ В НАРОДНЫХ ПОСЛОВИЦАХ

Аннотация

Взаимоотношения между растениями и людьми существуют с древнейших времен до наших дней. В культурах народов мира растения широко используются в пище и народной медицине, что привело к формированию богатого этноботанического наследия. Однако в результате урбанизации люди дистанцировались от природы, и со временем народные этноботанические знания стали забываться или теряться. Хотя этноботанических исследований в этом контексте проводилось, число специальных исследований в этой области весьма ограничены. В данной статье на примере кыргызских народных пословиц ставится цель выявить некоторые виды растений, известные и используемые местным населением, с их этноботаническими особенностями и определить их значение. В рамках исследования были выявлены виды растений, упомянутых в пословицах, и сделаны некоторые этимологические уточнения.

REFLECTION OFETHNOBOTANIC KNOWLEDGE OF THE KYRGYZ PEOPLE IN FOLK PROVERBS

Abstract

The relationship between plants and people has existed since ancient times to the present day. In the cultures of the peoples of the world, plants are widely used in food and folk medicine, which has led to the formation of a rich ethnobotanical heritage. However, as a result of urbanization, people have distanced themselves from nature, and over time, folk ethnobotanical knowledge began to be forgotten or lost. Although ethnobotanical research has been conducted in this context, the number of special studies in this area is very limited. In this article, using Kyrgyz folk proverbs as an example, the goal is to identify some plant species known and used by the local population, with their ethnobotanical features, and determine their meaning. As part of the study, plant species mentioned in the proverbs were identified and some etymological clarifications were made.

Ключевые слова: этноботаника, кыргызские народные пословицы, народная медицина, фразеологизмы, культ растения.

Keywords: ethnobotanice, Kyrgyz folk proverbs, folk medicine, phraseological units, plant cult.

Киришуу

Жер бетиндеги жашоону eсYмдYктeрсYЗ элестетYYгe мYмкYн эмес. Алар малга тоют, адамдарга азык болгондон сырткары абаны зыяндуу кeмYP кычкыл газынан тазалап, кычкылтек бeлYп чыгарып турат. Адам баласы ар дайым eсYмдYктeр дYЙнeсYнe байкоо жYргYЗYп, eзYнe керектYY болгон бардык нерселерди - отунду, дарыны, тамак-ашына кошумча азыктарды, боёкторду, буюм-тайымдарды жасоо YЧYн керектYY жыгачтарды табияттан алып пайдаланышкан. Кыргыз элинин «Сeз элдин кенчи, чeп жердин кенчи» (Ибрагимов, 2005, б. 388) деген макалы тегин жерден жаралган эмес. Байыркы мезгилдерде айрым eсYмдYктeр ыйык деп саналып, аларга байланышкан ырлар, жомоктор, макал-лакаптар, табышмактар жаралган.

Материалдар

Кыргыз тилиндеги табиятка байланышкан тYШYHYктeр, сeздeр элибиздин жаратылыш менен коюндаш жашап, eтe тыгыз байланышта болгондугун даана кeрсeтYп турат. Албетте, буга кыргыздардын кeчмeн турмушта жашап, мал чарбачылыгы менен кYн кeргeндYГY себепкер экендиги талашсыз. Кыргыз жергесинде 3, 5 мицден ашуун eсYмдYктeрдYн тYрлeрY бар. Мал багуу анын тоюту болгон eсYмдYктeр дYЙнeсY менен жакындан тааныш болгонго шарт тYЗYп, натыйжада тилибизде 1000 ден ашуун сeз чeп-чардын аталышын камтып турат (Байбосунов, 1990, б. 105). Алардын атын эле атабай, ырга салгандар да болгон. БелгилYY жазуучу Кецеш Жусупов: «Он тогузунчу кылымдын аягында Кыргызстандын тYштYГYндe Чeп акын деген ырчы жашап eткeн. Ал тeрт жYЗгe чукул чeптYн тYPYн ырдаган экен. Жецижок акындын айтуусунда, Чeп акын жeнYндe момундай маалымат бар:

Жаллабатта Чeп ырчы,

Терец ойлуу жeн ырчы,

Сабиздей eцY сапсары,

Жакшы айтпайт чeптeн башканы...

Чeп акын жeн эле ырчы болгон эмес. Ал эл арасында ^п жYPYп, айыл кыдырган адамдарды чeп менен, ыр менен дарылаган. Акын чeптeрдYн керектигин, касиетин, анын дарычылыгын, тYрлeрYн кeркeм ыр менен CYрeттeп айта алган. ЧeптYн турмушун YЙрeнгYлe, аягыла, аны пайдалангыла деген YГYTYндe. Чeп акын чоц акылман, ойчул болгон» (Жусупов, 1984, бб. 307-308) деген маалымат берет. Тилекке каршы, Чeп ырчынын ырлары сакталып калбаптыр, жазуунун жоктугунан же буга маани берген адамдардын болбогондугунан бизге чейин жетпей калыптыр. Болбосо, чeптeрдYн тeрт жYЗдeй TYPY тууралуу ырлар сериясын eзYнчe эле ботаникалык энциклопедия болгон деп тыянак чыгарсак болот. Чeп ырчыдан айырмаланып, чыгармалары сакталып калган Молдо Кылыч «ЧYЙ баяны» деген поэмасында 200гe жакын чeптYн аттарын атап, Сары-Эзeн ЧYЙдe мына мындай eсYмдYктeр eсeт деп жазып калтырган. Бирок биз анын баарына токтолуп отурбай, кыргыздардын этноботаникалык тYШYHYктeрYн макал-лакаптардын гана негизинде ачып кeрсeтYYHY максат кылдык.

Анализ

Байыркы адамдардын ацчылык кылуу жана жыйноочулук менен kyh кeрYшкeндYГY маалым, андыктан eсYмдYктeр дYЙнeсY менен таанышуу алгач азык катары пайдалануудан башталган деп болжоого болот. Отурукташпаган элдерде бул, мYмкYн, азырга чейин учураган кeрYHYш болушу толук мYмкYн. ИзилдeeчY А. Байбосунов: «Кeчмeн жашоо турмушу, дыйканчылыктын анча eнYкпeгeндYГY кыргыздарга жашылчаларды жетиштYY eлчeмдe пайдаланууга мYмкYнчYЛYк бербеген. Алардын тамак-ашы негизинен эт, CYт жана ун азыктарынан турган. Бирок жаздын, жайдын келиши менен кыргыздар табияттын тартуусун - eсYмдYк азыктарын да пайдаланышкан. Алар байкоо салуу менен жей турган ар бир eсYмдYктe денеге пайдалуу заттар бар экенин билишкен. Кыргыздар тeмeнкY eсYмдYктeрдY: балдыркан, каакым, коко, кемирчек, ат кулак, кымыздык, ышкын жана чYKYPY, сарымсак, пияз, кой текей, жылкы текей, кызыл гул, карагат, кожогат, дан куурай, кызыл бYлдYркeн, кара бYлдYркeн, жацгак, мисте, бадам, бeрY карагат, чие, алча ж.б. азык-оокат катары; акталган дан катары жeргeмYш чeптY (анын уруктарын дан азыктары жетишпеген учурда кeбYнчe чийки бойдон колдонушкан); татымал иретинде кeкeмеренди, сейдананы, зирени ж.б. пайдаланышкан» (Байбосунов, 1990, б. 106) деп белгилейт. Азык катары пайдаланып, турмушунда колдонулуп жаткан соц, элдин алардын айрымдары тууралуу макал-лакаптарды жаратышы мыйзам ченемдYY кeрYHYш.

Тилибизде «Желе тубу — казык, жекен тубу — азык» деген макал айтылат (Усупбеков, 1982, б. 99). Аталган макалдын маанисин ^п эле адамдар, айрыкча жаштар жакшы тYШYнe беришпейт. Желенин эки казыкка керилип тартыларын, ал казыктардын жылкынын туягына тийип, зыян келтирбеши YЧYн жерге житире кагыларын баары эле билсе керек. Андыктан желенин эки башы, тYбY жер астындагы казыктарга байланары макалда кeрсeтYЛYп жатат. Ошентип, макалдын биринчи компонентин тYШYнсe да, экинчи бeлYГYн чечмелeeдe кeпчYЛYгy кыйналышат, себеби, жекендин эмне экендигинен кабары жок. Ал болсо нымдуу жерлерде eœeH, камышка окшоп кеткен eсYмдYк, орусча рогоз, чакан, куга деген аталыштары бар. «Жекендин сабагын жана жалбырактарын силос катары пайдаланууга болот. Алардан бойро согуп, себет токушат. Украинада жекендин сабагы менен YЙлeрдYн Yстyн жабышкан. Сабактын бекем булаларынан аркан жасашат. Ce^e^H кагаз жасоо YЧYн пайдаланышат. Бирок бизди азыр жекендин башка бeлYГY - тамыры кызыктырат. Ал 60 см. узундукка жана 2,5 см. жоондукка жетет. Кургак тамырда 46 пайыз крахмал, 11 пайыз кант жана 24 пайызга чейин белок заттары болот. Тамырлардан аш болумдуу ун даярдап, нан жаап, ал тYГYл бисквит бышырууга мYмкYн. Ушул эле ундан кисель жасашат» (Верзилин, 1974, б. 41-42). Сыягы, ачарчылыктын азабын тарткан бир мезгилдерде элибиз тамыры жумшак болгондуктан аарчып жеп, даамын татып кeрYп, ошондон кийин сeз болгон макал жаралган окшойт деген ойго келебиз. Жекендин коко деген аталышы да учурайт. Казактардын «Акылман Аяз» аттуу жомогунда Жаныбек хандын элге адамдын эц жаманы ким, эц жаман жана эц жакшы жер кайсы, чeптYн эц жаманы эмне жана куштун эц жаманы эмне деген суроолорду талкуулатканы тууралуу айтылат. Ошондо эл чeптYн жегенге да, отунга да жарабаган эц жаманы коко деп жооп бергени айтылат (Крафтъ, 1900, б. 113). Сыягы, коконун (жекендин) азык катары колдонулушу кeчмeн казактарга белгисиз болгондой. Жекен казакча цога деп да, жекен деп да аталат (Калиев, 1993, б. 59). Демек, жекендин орус тилиндеги куга деген да, чакан деген да аталыштары калькаланып кирген тюркизмдер болуп чыгат. Учурда жекен тамак-аш катары колдонулбай калган менен бул

саптардын автору анын сабактары айыл жерлеринде жугерунун паясын боолоо учун, туштукте езбек дыйкандары кышкыга сактачу коондорду ноктолоо учун колдонорун, ал эми коконун сотосунун жумшак бурлеру жаздыкка салынарын керген. Коко бардык эле жерде кезиге бербей, негизинен саздак жерлерде, суу жээктеринде ескендуктен, «Жекен жеринде квгврвт, эр элинде квгврвт» (Усупбеков, 1982, б. 27) деген макал да жаралган.

Азык катары таанымал болгон эки есумдуктун аттары кошо аталган «Ырысы жокко ышкындан айтпайт, кешиги жокко кемирчектен айтпайт» (Ибрагимов, 2005, б. 266) деген макал айтылат. Ышкындын аталышы Махмут Кашкаринин «Сездугунде» да берилген (М. Кашкари, 1-т. 2013, б. 135). Ышкын азыркы учурга чейин эл тарабынан кецири колдонулуп келууде, андыктан жаз айларында шаарларга чейин алып келинип, сатылып жатканын учуратууга болот. Элдик медицинадагы боорду тазалайт деген кез караш ышкындын кадырын арттырууда. Ал бийиктиги 35-45 см. жеткен кеп жылдык есумдук. Кыргызстандын бардык ереендерунде, куцгей-тескей беттерде кездешет. Дары катары апрель, май, июнь, июль айларында пайдаланылат. Сабагы организмди кычкылтек, темирдуулук менен байытат. Тамыры ичеги курттарын тушурууде колдонулат. Кыргыз эли боёк катары тери, жун боёшкон (Кыргыз элинин уюткулуу сырлары, 2013, б. 94). Анын аталышы женунде: «Байыркы туркче ышгун турунде айтылган сез кыргызча ышкын, монголчо гишYYнв болуп айтылат. Монголчо гишYYнв сезу гашуун «ачуу» сезунун а тыбышы и тыбышына алмашуудан келип чыгышы мумкун. Ошондо ышкындын аты ачкыл даамына байланыштуу келип чыккан болот» (Сейдакматов, 1988, б. 266) деген кез караш бар. Ал эми азыркы учурда зарылдык болбогондуктан кеп белгилуу болбой калган кемирчек тамырын казып жей турган, езегу солкулдак, жалбырагы тикендуу келген жапайы есумдук (КТТС, 2016, б. 751). Макалдан эки есумдуктун тец элге белгилуу, жагымдуу болушкандыгын, аларды атайын издеп, терип келип жешкендигин байкайбыз. Айтууларга караганда, кемирчекти, мандалакты айранга, кымызга, каймакка аралаштырып жешкен.

«Сопу согон жебейт, жесе кабыгын да койбойт» аттуу макал эл оозунда айтылып келет (Усупбеков, 1982, б. 200). Тилчи-окумуштуу, турколог К. К. Юдахин согонду орус тилине жапайы пияз деп которуу менен бул жалпы аталышы экендигин туура керсеткен (КРС, кн. 2. 1985, б. 150). Биз жалпы аталышы дегенди бекеринен туура керуп жатканыбыз жок, анткени Кыргызстанда жапайы пияздын 60 тан ашык турлеру бар, кепчулугу жегенге жарактуу, кадимки пиязды алмаштыра алышат. Алардын бир туру сарымсак деп аталат. Жапайы пияздын бир тобу тоют катары саналышат, аларды мал жакшы жейт. Чабандардын айтуусу боюнча, жапайы пияз шалбаалары малдын ичеги курттарын жоготууга жардам берет (Головкова, 1984, бб. 61-62). Бир гана малга эле эмес, адамдарга да пайдалуу экендигин Туркияда жашаган памир кыргыздарында айтылган «Сарымсак, сарымсак, сарымсак жегеннин тэни сак» (Кайыпов, 2017, б. 405) деген макал да тастыктайт. Бабабыз Махмуд Кашкаринин «Сездугунде» сарымсактуу тоо (М. Кашкари, 1-т. 2013; 483), согондуу тоо (М. Кашкари, 1-т. 2013, б. 487) деген мисалдардын учурашы мекенибиздин жапайы пияз елкесу аталышын толук актап турат. Согон тууралуу: «Ар кандай бийиктикте 80 см. чейин жеткен кеп жылдык сарымсак жыттанган есумдук. Жазгы кун куркурегенден кийин суту чыгып жетилет. Август айында казып алса болот. Март айынын башынан май айынын ортосуна чейинки аралыкта тамакка кошуп жеп келишкен. Анын тубун кургатып, кайнатылган тундурмасын жаратка, сасык тумоодо дары катары колдонушкан. Пайдасы ете кеп, канды тазалайт, куч-кубат берет. Элуу жараларга жанчып тартса, колго кебурген, денеге чыйкан

чыкса, ага да жакшы жардам берет» (Кыргыз элинин уюткулуу сырлары, 2013, б. 80) деген маалымат берилген. Ошол эле булакта анын сасык тана деген да аталышынын берилиши сопунун согон жебегендигинин себебин тYШYндYPYп турат деп санайбыз. Анткени пияз, сарымсак сыяктуу eсYмдYктeрдYн баарынын кескин, ачуу жыты болот. Кыргыз тилинде сопу деген сeздYн тeрт мааниси бар (КРС, кн. 2. 1985, б. 156), алардын экинчиси динге ишенген, такыба адам дегени макалдагыга туура келет. Анын жактырбаган, кекээрлеген мYнeздe калп эле динге ишенимиш болгон, сопусунган деген да мааниси бар экенин эске алсак, макалдын мааниси ого бетер дааналана тYшeт.

Кыргыздарды мал менен жан багып, ар дайым мал артынан жyргeн эл катары саноо жацылыш кeз караш экенин белгилей кетишибиз керек. Араб саякатчысы Абу Дулаф (X к.) «Рисала» («Жазмалар») аттуу эмгегинде: «Хиргиздер таруу, кYPYч, уйдун жана башканын (эти) менен тамактанышат, тeeнYн этин жешпейт» деп жазган. Бул жерде кыргыздардын кYPYчтY тамак-ашында колдонушары тууралуу маалымат кызыгууну жаратат, анткени кYPYч табияттын катаал шарттарынан улам Енисейдин аймагында эч качан eстYPYлгeн эмес. Эгер биз Абу Дулафтын бул маалыматтарын енисейлик кыргыздарга таандык кылсак, анда кYPYч аларга башка eлкeлeрдeн алып келинген деп божомолдошубуз керек. Бирок ташып келинген кYPYч енисейлик кыргыздардын баары тегиз колдонгон тамагы боло алмак эмес, муну жазма булактар да тастыкташат. Мына ошондуктан Абу Дулафтын маалыматтарын тецир-тоолук кыргыздарга таандык деп карашыбыз керек, анткени алар Чыгыш ТYркстандын дыйканчылыгындагы байыркы eсYмдYктY - кYPYчтY тамак катары кецири пайдалана алышмак (Караев, 1968, б. 47), мындан улам, малчылык менен катар эле кыргыздарга дыйканчылык да жат кесиптерден болгон эмес деп жыйынтык чыгарсак болот. «Куручтун аркасы менен курмвк суу ичет» (Усупбеков, 1982, б. 56) деп айтылчу макал мына ошол мезгилдерде эле жаралгандыгы талашсыз. Эгерде тактай кетсек, кYPYч eсYмдYгy жана анын акталбаган даны шалы деп аталат (КТТС, 2-к. 2016, б. 704), кYPYЧ дал ошол шалынын даны, болгондо да акталган даны. Байыркы тyрк тилинде кYPYч тутурган деп аталган (М. Кашкари, 1-т. 2013, б. 504), азыр колдонгон KYPYЧ да, шалы да - экee тец кыргыз тилине иран тилинен келип кирген сeздeр (Карасаев, 1986, бб. 173, 286). КYPYч eстYPYлгeн Кыргызстандын тYштYГYндe бир да дыйкан «кYPYч эктим» деп жацылыш CYЙлeбeйт, «шалы эктим» деп гана айтат. Ошондуктан ^з болгон макал мында «Шалынын бээнеси (бээнэси) менен к}рмвк суу ичет» деген формада да айтылат. Ал эми кYрмвк - бул шалынын арасына чыгуучу майда дандуу отоо чeп жана анын кYPYчкe аралашып кетип, кYPYчтYн тазалыгына жолтоо болчу даны (КТТС, 2-к. 2016, б. 132).

Шалы сууда гана eскeндYктeн, аны сепкенден тартып оруп алганга чейин талааны такай суу каптап турушу керек. Дыйкандардын айтуусу боюнча, суу тийбей, кургай тYшкeн жерге дароо кYрмeк eсYп чыгат экен. Муну илимий изилдeeлeр, жyргYЗYЛгeн тажрыйбалар да тастыктайт: «Шалыпая тептегиз болушу зарыл, eсYмдYктeрдY суу бирдей каптап турушу YЧYн дeц же чукур жерлери болбошу керек. Азыраак суу коё берсец - кYрмeктeр eсYп чыгат. Сууну ашыкча каптатсац - шалы дымыгып калат (Смирнов, 1988, б. 62). Макалдагы мааниси туура шалынын ордун KYPYЧ алмаштырып калышына дал ошол кYрмeк себепкер болгон, тактап айтсак, тилдеги аллитерация (окшош YHCYЗ тыбыштардын кайталанып келиши) кубулушунун мыйзамына ылайык, KYрмeк сeзYндeгy «к» тыбышы менен кайталанып айтылсын YЧYн шалынын ордуна KYPYч колдонулуп калган. Эгерде «Шалынын аркасы менен

курмек суу ичет» деп айтылганда, анда макал маанилик жактан туура болмок, бирок аллитерация мыйзамы бузулуп, анын керкемдугу купулга толбой калмак.

Элдик билимдерди изилдеечу окумуштуу А. Байбосунов кыргыздардын кандай есумдуктерду азык катары колдонушканын санап келип: «Андан сырткары, жут куч алган ачарчылык жылдары, тамакка корольковая алчасын (тубу алмадай болот) жана сопкелдини (тубу кызылчадай болот) ж.б. пайдаланышкан. Эми белгилуу болгондой, бул есумдуктерде крахмал кеп болот» деп керсетет (Байбосунов, 1990, б. 106). Бул айтылгандардан бизди корольковая алчасы тууралуу маалымат ойго салат. Алчанын тубу кантип алмадай болсун, катуу тамыр кандайча жегенге жарасын? Алчанын езу, мемесу желет эмеспи? Бул суроолорго жоопту экинчи есумдук, сопкелди женунде маалыматтарды карап жатып алабыз. «Кыргызча-орусча сездукте» сопкелдинин Чаткал говорундагы сез экени белгиленип, алгынын 3-маанисинин эле езу экендиги керсетулет (КРС, кн. 2. 1985, б. 156). Ал эми бул маанини карасак, алгы корольковия деп которулуп, анын лилиялар туркумундегу пияз сымал жапайы есумдук экени, чийки турунде уулуу келип, ачуу даамы бар экендиги кошумчаланган (КРС, кн. 1. 1985, б. 47). Ушундан кийин гана «корольковая алчанын» сыры белгилуу болот. Сез болгон автор алгы тууралуу маалыматты Илимдер Академиясынын кол жазмалар белумунен алган, анын № 5168 инвентарь номерине шилтеме да жасаган. Ал кол жазманы адис ботаник тапшырып, ошол себептуу алгынын орусча аталышын да жазып койгон. Биздин оюбузча, А. Байбосунов кол жазма даана болбогондуктан жана езу алгы деген есумдук бар экенин билбегендиктен, г тамгасын ч деп окуп, алчы келип чыккандан кийин ага ылайыктап эле акыркы ы тамгасын да а деп кабыл алган. Ошентип алгы алчага айланган. Орусча корольковия аталышын да корольковая деп окуп, натыйжада тубу алмадай болгон корольковая алча аттуу жацы есумдук пайда болуп, кеп окурмандардын башын катырган. Ал кадимки алгы эле. Бул саптардын автору ез атасынан (Мурзакматов Камыт, 1933-жылы туулган, Сузак району, Кызыл-Сецир айылы, багыш уруусу) алгы деген чептун тамыры картошкадай болорун, Ата Мекендик согуш маалында эл ачарчылыктан улам аны терип келип, бодур ташка кырып, укаланган майда белуктерун улам-улам сууга жууп, ачуусу кеткенден кийин сутке кошуп кайнатып жешкендерин уккан. Аны кеп жеген айрым адамдар шишип, елгендеру да болуптур.

Ошондон улам «Алгы ичсец алыцды алат» деген макал жаралган экен, муну есумдуктун суук экендиги (чыгыш медицинасы тамактарды ысык жана суук деп белет) менен тушундурушет. Алгы учурда да боордун циррозун (аны кара сарык деп коюшат) дарылоодо элдик медицинада колдонулуп келет. Тилекке каршы, сез болгон макал бир да жыйнактан орун алган эмес. Алгынын эмне экендигин тактап алгандан кийин аны сопкелди экее бир эле есумдук деп караган кез караштын да жацылыштыгы белгилуу болот. Демек, К. К. Юдахин да бул эки есумдукту керген эмес, алардын кандай максатта колдонуларын тактап керуп эле, экее тец бир эле есумдуктун эки башка аталышы экен деп санаган. Бул экеенун эки башка есумдуктер экендиги А. Байбосунов пайдаланган булакта биринин тубу алмадай, ал эми экинчисиники кызылчадай экендиги тууралуу маалыматтан керунет.

Кыргыздарга бакча есумдуктеру да белгилуу болгон. <Ашкабакты бирвв дарбыз деп жептир» деген лакапта ашкабак, дарбыз аттуу эки бакча есумдуктерунун аты аталган (Усупбеков, 1982, б. 222). Белгилуу болгондой, лакаптар макалдардан жаралуу тарыхы болгондугу менен айырмаланышат. Андыктан, жогорудагы лакаптын айтылып калышына себептуу окуя болгону да байкалат. Лакаптын Кыргызстандын туштугунде жаралгандыгы да

сезилет, анткени мал чарбачылыгы YCтeмдYк кылган тyндYк тараптан айырмаланып, тYштYк чeлкeмдYн эли дыйканчылык, багбанчылык сырларын жакшы билет. Бул саптардын автору бала кезинен шз болгон лакаптын башкача: «Ашкабакты коон деп, союп жеген аркалык» деген вариантын угуп чоцойгон. Мындан улам макал-лакаптардын тYЗYYЧYлeрY аймактар аралык кастыкты козгобоо керек деген саясатка ылайыктап, лакапты бурмалап жиберишкен деп жыйынтык чыгарууга болот. Коон тууралуу «Коон коондон кврYп ырац алат», «Коончуга бочоктун зарылдыгы жок» деген макалдар жаралган (Ибрагимов, 2005, б. 309). Биз колдонгон жыйнактардан кездештире албасак да, эл оозунда «Коон жесец саар же, саар жебесец заар же» деген макал кецири, такай колдонуларын кошумчалай кеткибиз келет. Макалдагы сунуштун маанисин муздак коондун даамы жагымдуу келери менен тYШYндYPYYгe болот.

Атайын тиешелyy макал болбогон менен, кыргыз тилинде азык катары пайдаланылган дагы бир eсYмдYк - текейдин аты аталган «текейден арзан», «текей оттоо» сыяктуу фразеологизмдер колдонулат. Алардын биринчисинин «me эле арзан» деген мааниси текейдин талаада eсYп, аны сатып албай, талаадан бекер эле терип жегендиктен келип чыгышы мYмкYн. Ал эми «анча оордугу жок, колдон келе тургандай, эц эле оцой, жецил» деген мааниси текей терYY кeбYнчe балдардын эрмеги болгондуктан, оцой, жецил, баланын да колунан келчY иш катары каралгандыгынан болсо керек. Ал эми «текей оттоо» деген фразеологизмдин «эч нерсе кылбай, бош жYPYY» деген мааниси да ошол эле балдардын текей терYYCY менен байланыштуу жаралса керек, аны чоцдор YЧYн балдардын текей терип жеп жYPYшкeндeрY эч нерсе кылбай, бекер, бош жYргeндeй кeрYнгeндYГYнeн улам жаралышы мYмкYн деп божомолдойбуз. «Кыргыз тилиндеги текей сeзY орусча «козелец» болуп которулса, ал латынчадан орусча которгондо «козлобородник» болуп которулат. Анткени текейдин ГYЛY текенин сакалы сыяктанып кeрYнeт. Кыргызча текей сeзY анын гYЛYнe карата эмес, жалбырагына жараша коюлган. Анткени текейдин жалбырагы текенин мYЙyзY сыяктанып eсYп, кудум текенин мYЙYЗY сыяктанып муунак-муунак бYГYЛYп турат. Ошол текенин мYЙYЗYнe окшогон жалбырагы бар eсYмдYктY атоо YЧYн кыргыздар теке сeзYн алып, анын аягына й мyчeсYн кошкон. Элде текейдин кой текей, эчки текей, жылкы текей, жылан текей деген тYрлeрY ажыратылат» (Сейдакматов, 1988, бб. 217-218). Негизинен, кыргыздар ката элек, солкулдак кезинде желе турган бир катар eсYмдYктeрдY жалпылап текей деп атай беришет.

Тиш дарылоочу стоматолог адистердин арасында сагыз чайноонун пайдасы жана зыяны тууралуу талаштар бир топ узак мезгилден бери жYPYп келет. Аны негизинен тишке тыгылган тамак-аштын калдыктарын тазалоо жана ооздогу жагымсыз жыттан арылуу YЧYн чайнашат. Биз анын пайдалуу же зыяндуу экендигине токтолгубуз келбейт, бирок канткенде да анын учурдагы жаштардын турмушунан бекем орун алгандыгын моюнга алышыбыз зарыл. Мындан он кылым илгери жазылган сeздYктe сагызы бар киши тууралуу айтылышы (М. Кашкари, 1-т. 2013, б. 484) сагыз чайноо адаты илгертен эле болгонун кeрсeтeт. Мындан кыргыздар да четте калган эмес, «Чайырды квп чайнаса — сагыз болот, карыганда квп суйлвсв - мацыз болот» (Ибрагимов, 2005, б. 445) деген макалдан элдин эмнени сагыз катары пайдаланганын биле алабыз. Бир гана карагайдын чайырынан эмес, сагызды CYттYквн eсYмдYгyнYн жалбырагынан чыккан CYттeн да жасап алышкан.

Тамак-ашка такай болбосо да белгилYY бир мезгилдерде кошумча катары пайдаланган менен кeчмeндeр YЧYн eсYмдYктeр ириде малдын тоюту иретинде бааланган. «Свз элдин

кенчи, чвп жердин кенчи» (Усупбеков, 1982, б. 150) деп, аны байлык катары санаган, «Чвп ширеси мал семиртет, кеп ширеси жан семиртет», «Чвп жыйнаган малын багат, мал жыйнаган жанын багат» деп, ез тирилигинин негизги булагы менен туз байланышы бар экендигин моюндаган (Ибрагимов, 2005, б. 450). Мындан улам кечеерден мурун тажрыйбалуу, жер уусун билген, баамчыл адамдар конуш чалып, алар элге да, малга да ьщгайлуу орун караштырышкан, биринчи кезекте малдын жайыты кецулге алынган. «Чвп чыкпаган сайдан кач, кайыры жок байдан кач» (Ибрагимов, 2005, б. 450) деп, малга жайсыз жерден оолак етсе, эски журтунун мал оттоп, такырайткан жерлери белгилуу мезгил еткен соц кайра кулпунуп чыга келерин байкагандыктан « ЧвбY жок деп жерден тYЦYлбв, малы жок деп элден тYЦYлбв» (Усупбеков, 1982, б. 38) деген умутун билдирген. «Карысы болбой эл болбойт, тулацы болбой жер болбойт» (Ибрагимов, 2005, б. 266) деген макалдан кайсы жерде кандай есумдук есерун мыкты билгендигин байкайбыз. Тулац бийиктиги 30-60 см. жеткен кеп жылдык есумдук. Кургак талааларда, дециз децгээлинен 2500 м. бийиктикте есуп, тулацдуу жерлерди пайда кылышат. Айрыкча, «кыргыз тулацы» деген ат менен Суусамыр, Чаткал, Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Тянь-Шань аймактарында кездешет. Тулацды урук байлаганга чейин тоют катары колдонушкан (Кыргыз элинин уюткулуу сырлары, 2013, б. 103). Дал ошондой эле тоют есумдуктерунун катарын кара кыяк, бетеге сыяктуулар толуктайт. Алар тууралуу макалда «Кара кыяк, бетеге казысы экен жылкынын, кара мурут кул жигит ээси экен жылкынын» (Макал-лакаптар, 2001, б. 114) деп айтылат. Кара кыяк - бийиктиги 30-90 см. жеткен кеп жылдык тамырлуу есумдук. Кыргызстандын бардык аймактарында шалбаалуу, талаа жерлеринде кездешет. Малга баалуу тоют есумдугу катары (жайыттарда жана чабылган турунде) пайдаланышкан (Кыргыз элинин уюткулуу сырлары, 2013, б. 105). Бетеге да мал учун эц жакшы тоют есумдугу. Кыргыздарда «БетегелYY бел жакшы, пейили кенен эл жакшы» деп айтып келишкен. Аш болумдуулугу жогору болгондуктан, бетегелуу жерге жайылган бээлердин кымызы да кучтуу болгон (Кыргыз элинин уюткулуу сырлары, 2013, б. 101). Тилибизде «Бетеге вЗYн бий ойлойт, караган вЗYн кан ойлойт» (Макал-лакаптар, 2001, б. 61), «Бетеге - белдин квр^, беглер - элдин квркр», «Бетеге кетет, бел калат, беглер кетет, эл калат» (Кайыпов, 2017, б. 153) деген макалдар да айтылат.

Айрым макалдар кайсы малдын кандай чепту жакшы керерун билдирип турушат. Алсак, «Жарык дуйнвдв бир улак жаралса, бир туп шыбак кошо жаралат» (Ибрагимов, 2005, б. 203), «Эгиз улакка - айры шыбак» (Макал-лакаптар, 2001, б. 193) деген макалдар башка малга караганда эчки тукумунун ушул есумдукке жакын экендигин байкатат. «Шыбак - тоют есумдугу. Анын айрысы - эки бутагы. Беш тулук ири алдыда ушул шыбакка тоюнат. Калган кек чыкканда муну мал карабай да калат» (Акматалиев, 2002, б. 383). Азыркы кезде да Кыргызстандын Баткен областынын калкы шыбак каптаган челдуу талааларында негизинен эчки багууга басым жасаары маалым. Ал эми «влвцдуу жерде вгуз семирет, влумдуу жерде молдо семирет» (Усупбеков, 1982, б. 201) деген макал елец чептун егуз учун канчалык жагымдуу, пайдалуу тоют экендигин керсетет. Муну «Инек баштаса - ийри жарга, вгYЗ баштаса - влвцдYY сазга» (Макал-лакаптар, 2001, б. 106) деген дагы бир макал тастыктап турат. Олвц чебу тууралуу «Оз YйYм - влвц твшвгYм» аттуу макал да бар (Ибрагимов, 2005, б. 360). Элдик этнограф А. Акматалиев: «Элец - саз чебу. Демек, ар кимдин ез уйу бар. Ал езу учун чеп да болсо, жумшак тешек. Канчалык мыкты тешектерге жатпа, кене журген тешенчусу ар кимге кымбат» (Акматалиев, 2002, б. 349) деп келип,

андан ары макалдын eтмe маанисине токтолуп, кандай мааниде колдонулгандыгына eтYп кетсе да, бир кездерде оор турмуштан улам айрым кембагалдар жумшак eлeцдY жууркандын ичине салып, тeшeнчY катары колдонуп жYрбeсYн деген ой келип кетет.

«Тввгв жантак керек болсо, мойнун созот» (Ибрагимов, 2005, б. 417) деген макал eзY эле бул eсYмдYккe карата тeeнYн мамилесин кeрсeтYп турат. Бул макал: «...эгерде кимдир бирeeгe бир нерсе керек болсо, ал ошол нерсеге жеткенге аракет кылыш керек. Эгер eзY аракет кылбаса, ага eзY келбейт» дегенди тYШYндYрeт» (Бекботоев, 2010, б. 281) деп чечмеленсе да, жантактын eзY тууралуу такыр ^з болгон эмес. «ТввнY жардан учурган жалгыз жантак» (Айтымбет, 5-к. 2007, б. 320) деген макал да айтылат. Жантак -кургакчыл, чeлдYY жерде eсYYЧY тикенектyY eсYмдYк, аны твв тикен деп да коюшат. Сабагы жапыс болгону менен 20 м. терецдикке чейин кеткен тамыры катаал шартта да eCKeHre мYмкYнчYЛYк тYЗYп, чeл аймагында негизги жайыт eсYмдYГY катары бааланат. «Окумуштуулардын берген маалыматына Караганда, тeeнyн уурттарында, тилинин YCTYндe катуу бYртYктeр болот имиш. Ал бYртYктeрдY тикенек теше сая албайт экен. Ошон YЧYн чычырканактын тикенине чейин тee чайнай берет» (Карасаев, 1987, б. 243). ТeeнYн тоюту тууралуу башка макалды учурата албасак да, анын ботосуна тиешелYY «Бозмоштуу жерде бото влбвйт», «Бозмаштуу жерде бото влбвйт, ацыздуу жерде ат влбвйт», «Бозынач болсо, ботом влвт беле?» (Ибрагимов, 2005, б. 140) деген макалдар айтылат. Бир Караганда бозмош, бозмаш, бозынач сыяктуу аталыштар ар башка eсYмдYктeргe тиешелYYдeй туюлган менен, аныгында булардын баары тец бYгyнкY кYндe элге бозунач деген аталыш менен кецири таанылган дары чeпкe тиешелYY. Бул тууралуу адистер: «К. К. Юдахиндин «Кыргызча-орусча сeздYГYндe» бозмош, бозноч, бозунач, бозынач сeздeрY «бессмертник» болуп которулган. Мунун алгачкы экee TYШTYK диалектисине таандык экени да айтылган. Биздин оюбузча, мына ошол бозмош варианты эц алгачкы абалына жакыны, анткени алгач ал боз+баш деген эки ^з биригип, бозбош TYPY келип чыгышы мYмкYн, анткени eсYмдYк боз баштуу болот. Биринчи муундагы о тыбышына карап экинчи муундагы а тыбышы да о тыбышына eткeн. Кийин б тыбышы м тыбышына eтYп, бозмош TYPY келип чыкса, eз кезегинде андан бознач>бозунач>бозынач тYрлeрY жаралган» (Сейдакматов, 1988, б. 56) деп кeрсeтYшeт. Ал эми жогору жакта айтылган «Бозмаштуу жерде бото влбвйт, ацыздуу жерде ат влбвйт» деген макалга токтолсок, ацыздуу жерде аттын eлбeсY, тагыраак айтсак, ачка калбасы TYШYHYKTYY. Анткени ацыз - бул айдалган эгиндин TYШYMYH жыйнап алгандан кийинки орду (КТТС, 1 -к. 2016, б. 113).

Орулуп алынган талаада эгиндин башы, машагы калып, ацызга жайылган ар кандай малдын ток болору бышык. Макалдын «Арпалуу жерде ат влбвйт» деген варианты да учурайт (Кайыпов, 2017, б. 77). Бирок бул макалда байыркы typk тилинде ацдуз деп аталган eсYмдYк тууралуу шз болуп жатат, аны кыргыздар андыз деп айтабыз. Антип жерден казып алына турган ашказан, ич (ичеги-карын) ооруларды дарылоого колдонула турган eсYмдYктYн тамырын айтышкан. «Андыз болсо, ат влбвс» деген макалда андыз чeбY колуцда болсо, ат ич оорудан eлбeйт деп айтылат. Анткени ат ооруган жагдайда бул eсYмдYктYн тамырын майдалап жанчып, эмдегенге пайдаланат. (Ооруган аттын таноосуна жыттатса, ат туруп кетет) (М. Кашкари, 2013, б. 141-142). Кийин андызды билбей, тааныбай калганда анын атын ага Yндeш ацыз менен алмаштырып айта башташкан. Бул eсYмдYк учурда карындыз (карандыз), сарындыз (сарандыз) деп аталат.

Сарындыз деген аты есумдуктун башындагы ачык сары тустегу, бажырайып ачылган гулдерунен улам келип чыккан деп болжолдойбуз, аны бекеринен орус тилинде дикий подсолнечник деп аташпайт. Памир кыргыздарынан жазып алынган «Улароту, мамыры -умуму чвптYн тамыры» деген макалдагы улароту деген есумдуктун аталышы кыргыздардын малдын гана кандай чешу жакшы кергенуне эмес, канаттуулардын да жемине баам салганын керсетет (Кайыпов, 2017, б. 444).

Тилибизде сейрек айтылып калган менен, жыйнактардан орун алып келе жаткан «Карамыктын даны болгуча, ак буудайдын саманы бол. Жаман элдин жакшысы болгуча, жакшы элдин жаманы бол» деген макал бар (Усупбеков, 1982, б. 30). Даны бар экендигине караганда, карамыктын есумдук экенин билуу кыйынчылык туудурбайт, кандай есумдук экендиги гана кеп белгилуу эмес. Анткен менен бул отоо чептун аталышы Махмуд Кашкаринин «Сездугунде» берилген, демек, миц жылдай илгери элге таанымал есумдук болгон (М. Кашкари, 2013, б. 477). Учурда Чоц-Алай районунун аймагында Карамык айылы да бар. Биздин оюбузча, айылдын аталышы сез болуп жаткан есумдуктун аты менен байланыштуу. Бирок жергиликтуу тургундардын арасында бул аймакты Мык деген малы кеп бай жердеген, ецу кара киши болгондуктан, кара Мык деп атап журушуп, Карамык атка конуп кеткен деген версиядан тартып кара кытайлардын Кошлук деген ханы согушта жецилип, Кашкардан качып келип, азыркы Чоц-Алайдын аймагына жашынган экен. Ошол Кошлук хандын мураскору Мык падышанын атынан Карамык аталган дегенге чейинки пикирлер айтылып келет.

Илгери сактардын маалында мыктар деген уруу болгон, ездерунче хандык тузушкен, ошолордун атынан айылдын аталышы келип чыккан деген кез караш да жашайт. Карамык айылынын Улуу Карамык деген аталышы да бар, себеби, андан 13 километр жогору жакта, Тажикстандын аймагында, Кичи Карамык айылы жайгашкан. Эки айылдын бирдей аталып калышын Мык байдын (падышанын) езунен кичуу иниси болуп, агасы жашаган жер Улуу Карамык, иниси жердеген айыл Кичуу Карамык (Кичкарамык деп да айтышат) деп аталып кеткен сыяктуу тушундурмелер кецири айтылат. Кыскасы, Карамык айылынын аталышын Мык деген антропоним же этноним менен байланыштырган версиялар кецири жайылган. Биз муну тактоо учун ушул айылдын тургуну, педагогика илимдеринин кандидаты Мурзаев Низамидин агайга кайрылып, Мык аттуу падыша жана анын иниси тууралуу уламыштан сырткары жергиликтуу эл да жакшы тааныбаган карамык аттуу кара-кегуш тустегу отоо чеп бар экендиги тууралуу маалымат алдык. Элге белгисиз дал ошол чептен айылдын аталышы келип чыккан. Мынтип ойлообузга Чоц-Алай районундагы Жекенди, Чулук (шалбаанын туштук диалектидеги аталышы), Кара-Шыбак айылдарынын аталышы есумдуктер менен байланыштуу болушу туртку болууда, ал эми Мык падыша тууралуу эч бир тарыхый маалымат кезикпейт. Демек, Мык падыша же мыктардын мамлекети тууралуу ацыз кептерди карамык аттуу чешу тааныбай калган элдин уламышы, элдик этимологиянын мисалы катары бааласак болот.

Муну тактагандан кийин эмне себептен макалда карамыктын даны женунде терс пикир айтылган деген суроого жооп издееге кезек келет. Орус тилинде карамык куколь деп аталат. Атайын адабияттардан карасак, карамык уулуу есумдуктердун (уругу уулуу) катарына кирет. Анын уруктарында 6 % га чейин сапонин гитагин аттуу уулуу зат бар. Отоо чеп катары буудайдын ичине чыгат. Буудай бышкан маалда карамыктын даны да бышат. Унга кошо тартылып, нан жасалганда кычкыл даам берет, кеп кошулуп кеткенде уулантып коюшу

мумкун. Элдик медицинада уруктарынан уйку дары жасашкан. Эсумдуктун сабагын жараны айыктыруучу каражат катары колдонушкан. Уруктарын ичтеги курттарды тушуруу учун да пайдаланышкан. 0TKeH мезгилдерде кубатын арттыруу учун карамыктын данын мас кылуучу ичимдиктерге кошушкан. Уулуулугунан улам карамыкты пайдаланууга болбойт (Шпиленя, 1983, бб. 72-73).

ЭсYмдYктeрдYн eзY тууралуу тикелей айтылбаса да, алардын аталышы салыштыруу иретинде колдонулган макалдар да бар. Мисалы, «Уул жаманы - уйгак, кыз жаманы -камгак» деп айтылат (Ибрагимов, 2005, б. 434). Бул макал: «Уул жаманы - уйгак» деп, жаман уул уйгактай жабышып, атанын мойнунан тYшпeй, отузга чыкса да жашмын деп, eз оокатын eзY таап жей албай, ар дайым атага наалат келтирип келет. Ата мындай уулдан eлгeндe гана кутулат. Ал эми «кыз жаманы - камгак» деп, камгакты шамал кандай оцой учурса, жаман кыз да ошондой болуп, тез эле бирeeнYн колун кармап, бирeeнYн бYлeсY болуп кетет. Макалдын айтайын деген ою ушундай» (Бекботоев, 2010, б. 291) деп чечмеленген. Макал-лакаптарды чечмелеген С. Бекботоевдин «камгакты шамал кандай оцой учурса, жаман кыз да ошондой болуп, тез эле бирввнYн колун кармап, бирввнYн бYлвCY болуп кетет» деген тYШYндYрмeсY бизди ^п ынандыра бербейт, анткени бул бардык эле кыздардын тагдыр энчиси эмеспи. Андыктан камгактын башка eсYмдYктeрдeн eзгeчeлYГYнe токтоло кетууге туура келет.

Камгактар - дыйканчылык зоналарда (ацыздарда, тоо этектеринде, кургак беттерде), чeлдeрдe, боздоцдордо тарбагай, ^п бутактанып, жапыз eCKeH айрым чeп eсYмдYктeрдYн жалпы аты. Камгак - бир же ^п жылдык eсYмдYк. Бутагы тарбагай болгондуктан ^пчулук учурда бийиктиги туурасы менен бирдей. Камгактардын уругу бышып, куурай баштаганда сабагы тез сынат. Аны шамал жецил тоголотуп кеткендиктен, уруктары кыйла жерге тарайт. «Камгактар» деп аталган eсYмдYктeр ар башка тукумдарга (шакардуулардан - боялыш, эбелек; чеге гYлдYYлeрдeн - кой тикен, качим; кермектерден - кермек ж.б.) кирет. Камгактардын кeпчYЛYГYHYн сабагы, бутагы катуу, тикендуу болгондуктан мал ^п жебейт (КСЭ, т. 3. 1978, бб. 107-108). Мал жебеген учун кыргыздар камгакты жактыра беришпеген, «Камгак взун жанмын дейт, камквш взун канмын дейт» деген макалдан аны eсYмдYк катары да санашпаганын байкайбыз (Усупбеков, 1982, б. 54). Шамал айдап, тоголотуп жургендукшн, аны бир жерге байланбаган туруксуздуктун белгиси катары билишкен. Макалдагы кыз жаманын камгакка салыштыруу мына ушул себеп менен байланыштуу. Тактап айтсак, «тез эле бирввнYн колун кармап, бирввнYн бYлвCY болуп» кеткен кызды эмес, туш^н жеринде тынбай, улам жацы эрге тийип, кайын журтун жацырткан кызды жактырбай, аны эртец кайда коноору белгисиз камгакка салыштырышкан. «Жаныбек хан» аттуу кыргыз эл жомогунда чоцдордун жыйынына келип кошулган жаш балага ачууланган хан: - Тетиги учуп бара жаткан камгактан кеп сурап келгин, - деп жумшаса, бала чаап барып кайта келип: - Жел келсе желем, кокту келсе коном, сураткан ханыц акмакпы, сураган сен акмакпы дейт, - деп жооп айтат (Кыргыз эл жомоктору, 1985, б. 143). Ушул эпизоддон «ЖYргвнYмдY жел билет, конгонумду сай билет» же «Желгенимди жел билет, конгонумду кокту билет» деген варианттардагы лакап жаралып, жомок менен тааныштыгы жоктор маанисин чечмелей албай турган абалга келген (Макал-лакаптар, 2001, б. 102). Бул лакап боордош казак элинде да: «КвчвврYмдY жел билет, коноорумду сай билет» («Кeшерiмдi жел бшед^ конарымды сай бшедЬ») деп айтылат (Дэуренбеков, 2001, б. 130). Камгак казак тилинде кацбак деп аталат, аны айыл жапыракты кацбак; майда жапыракты кацбак, боз кацбак; шашак бас кацбак, ак кацбак; шашырацкы кацбак, ебе кацбак; дала кацбагы, кара

кацбак; Туркистан кацбагы, сабынтамыр деп белуштурушет (Калиев, 1993, б. 32). Кыргызстанда ескен камгак акыркысы, Туркстан камгагы сыяктуу, тамырын «самын тамыр» деп аташканы ушундай жыйынтыкка алып келет. Ал эми орусча «перекати поле» аталышы казактардагы шашак бас кацбак же ак кацбак деген туруне карата колдонулат.

Камгактын эбелек деген дагы бир аталышы да колдонулат. «Эбелек - чеп есумдуктун туруне кирет. Кебунче Орто Азиянын какыраган челуне же кайрак сары талаасына есет. Айрыкча Казакстандын челунде кеп болот. Жайдын биринчи жартысында гулдейт, жалбырактары жайылып-чачырап турат. Кумдак жерде кеп болот. Сары талаа менен желаргы катуу жургенде, кумдактагы кету бош чеп жулунуп, жел менен кошо кете турган окшобойбу. Кыргыздар ете эле жецил нерсени да «эбелектей болгон» деп суреттейт. Ошентип, кыргыздар катуу шамалда эбелектин зыркырап учуп баратканын кеп керген. Аттын катуу чуркаганын ошол шамалда дыркырап учуп бараткан эбелек менен тецеген» (Карасаев, 1987, б. 275). Казакстанда кеп болгондон кийин, эбелек тууралуу: «Эчки эбелек жейт, эчкини кебенек жейт» («Ешю жейдi ебелек, ешюш жейдi кебенек») деген макал жаралган (Дэуренбеков, 2001, б. 74). Мындан башка мал кеп кызыкпаган эбелек эчкинин тоюту экенин керебуз, ал эми кебенек - эчки тукумуна гана тиешелуу, жугуштуу мал оорусунун аталышы. Бул оорунун аты кыргыз тилинде да учурап, эчкиге карата «Кебенек алгыр!» деп тилдее колдонулат (КРС, кн. 1. 1985, б. 364).

Эл оозунда бир кыйла активдуу колдонулган «Коёнду камыш влтурвт, эрди намыс влтурвт» деген макал учурайт (Макал-лакаптар, 2001, б. 123). Бул макалдын камыш тууралуу белугун элдик этнограф А. Акматалиев: «Ооба, камыштуу жайда коёндун жан сактоосу татаал, башка айбанаттарга жем болушу бышык. Жашоосуна шарты жок. Талаа коёндоруна адыр белестуу, кунестуу, ийиндуу, жардуу жерлер оцтойлошкон» деп чечмелейт (Акматалиев, 2002, б. 346). Ырасында эле камыш саздуу жерлерде, суу жээктеринде есет, аны «Камышы болбой квл болбойт, кайраты болбой эр болбойт», «Чвлдв камыш болвойт, чвлвттв намыс болвойт» деген макалдар да керсетуп турат (Макал-лакаптар, 2001, б. 112; Кайыпов, 2017, б. 469). Мындай жерлер коёндун жашоосу учун ыцгайлуу болуп эсептелбейт. Анын устуне камыш жацы есуп чыккан кезинде гана тоют катары колдонулат. Бийиктиги 50-350 см. чейин жеткен, кеп жылдык есумдук (Кыргыз элинин уюткулуу сырлары, 2013, б. 104). Мындай бийиктикке коён жете албагандыктан, азык табуу кыйынчылык жаратышы ыктымал. Камыш калыц ескен жерлерде кун нуру жетишсиз болуп, майда есумдуктер да есе бербейт. Коркоктугу менен белгилуу болгон коёнго камыштын жалбырактарынын шуудурап, катуу чыккан добушу да коркунучтуу туюлуп, тынч албашы мумкун. Эсуп жетилген камыштын жалбырактары катып, кырлары кадимкидей кесип кетууге жарактуу, курч абалда болот. Муну «Камышты бош кармасац колуцду кесет» деген макал да эскертет (Макал-лакаптар, 2001, б. 112). Мындай жалбырак коён сыяктуу майда жаныбарга олуттуу зыян келтире алат. Ушул саналып етулген шарттардын баары коёндун пайдасы учун чечилбейт. Бирок мындан камыш зыяндуу есумдук экен деген бутумге келууге болбойт. Муну «Жаланган сары аязда сары камышты кышта - малыца сый, взуцв уй болоор» деген накыл керсетуп турат (Айтымбет, 5-к. 2007, б. 313).

Илгертен эле камышты уйлердун чатырын жабуу учун пайдаланып келишкен. Андан калканычтарды, кашааларды жана таяктарды жасашат. Камыштын жаш тамырлары 2,5 метр узундукка чейин жетет. Алар жумшак, таттуу келишет; аны чийки бойдон, кактап бышырып жана кайнатып жешет. Камыштын чийки тамырларында 5 пайыз кант болот, тамырлардан ун

жана кофе жасашат (Верзилин, 1974, б. 42). Кыргыздар чий деп аталчу топ-топ болуп бийик eCKeH, сабактары ичке, катуу талаа eсYмдYГYHYн сабактарын жип менен чырмап, боз уйдун керегесинин сыртынан калап коюу же боз уйдун ичинде ашкананы тосуу учун калканыч болчу бойро сыяктуу буюм жасашкан, аны да eсYмдYктYн аты менен чий деп аташат. Кээде чийдин ордуна камышты пайдаланып, андан да дал ушундай буюм жасашкан, бирок сабагы жоон болгондуктан, камыштан жасалганы чий сыяктуу жылма, тегиз, KepKTyy болбой, одоно кeрYнгeн, аны кыша деп аташат. «Кыштак сураган кыз кыша каланып отурган твркYHYнвн YMYт кылат» деген макалдагы кыша дал ошол камыштан токулган бойро тууралуу (Макал-лакаптар, 2001, б. 140). Дал ушуга эле мазмундаш «КYMYШ y^yy кыз чвп алачыктагы атасынан YMYт кылат» (Ибрагимов, 2005, б. 287) деген макал жыйнактан орун алса да, эл оозунда ^р^мдугу андан артык «КYMYШ y^yy куйвв камыш y^yy кайнатадан YMYт кылат» (Кайыпов, 2017, б. 336) деген варианты колдонулуп жургенун айта кетели. Чийдин артыкчылыгы даана ^рунуп тургандыктан, элибиздин камышты анча тоготпой, жактырбоо менен мамиле жасагандыгы «Камыш вЗYн чий ойлойт, бака вЗYн бий ойлойт» деген макалдан байкалат (Макал-лакаптар, 2001, б. 112).

Учурда Туркияда жашап жаткан памир кыргыздарынын тилинде «ЖэндYYдэ балык зор, жэнсиздэ камыш зор» деген макал учурайт (Кайыпов, 2017, б. 240). Бул макал биз пайдаланган жыйнактардан эмнегедир орун алган эмес. Макалдын мааниси айрым окурмандарга тушунуксуз болушу да мумкун. Бирок залкар тилчи Х. Карасаев аны eз убагында «Жансыздан камыш чоц, жандуудан балык чоц» деген макалды чечмелeeдe: «Кыргыз эли байыркы замандан бери эле бамбук eсYмдYГYн камыштын бир туру деп келген. Жеке кыргыз эмес, eзYбектер да «камыш сымал усимлик» деп айтат. Казактар да «камыстын бир туру» деп аташат. Ошентип, бамбук - камыш наамын алып келген. Бамбук чындыгында эле eзYHYн тузулушу жагынан камышка окшош. Анын шцгегу бYтeeсY жок тутук. Узундугу 40 метрге чейин болот. Жоондугу - адамдын жарты кучагына барабар. Аны суу жургуч тутук катары да колдонот. Андан жайкысын жашай турган уй да курат. Суунун yCTyHe кeпYрe да салат. ТYрдYYчe мебелдер да жасайт. Бамбук нымдуу жерге жакшы eCeT. Кээде иттин мурду eTKyC токойго да айланат. Советтер Союзунда анын уч туру бар. Курил аралында, Сахалинде eCeT дейт илимпоздор. Кыргыз элинин макалында чындык бар экен. Бамбук камыш эмес, бирок кебетеси камышка окшойт» деп KepCeTKeH (Карасаев, 2-к. 1987, б. 88). Кыргыздарга бамбук кытай маданияты аркылуу белгилуу болгон деп ойлосок болчудай.

Жыйнакта окуганда ойго салчу, мааниси тушунуксуз «Башы — бапан, аягы — сапан» деген макал учурайт (Ибрагимов, 2005, б. 114). Башы менен аягын эске албаганда, калган сeздeр кыргыз тилинде кездешпейт. Адис тилчи аны: «Башы - бапан, аягы - сапан деген жорго сeздe бапан шзу айтылат, бирок анын мааниси кыргыздар учун тушунуксуз. Мындагы бапан шзу казак тилинде «камыштын башы» деген маани берет. Чындыгында эле камыштын башы бапыйып турган менен, сабагы кадимки эле саман сыяктанып турат. Ошондуктан башы - бапан, аягы - сапан деген жорго шз камышка байланыштуу келип чыккан дешке болот. Бирок ал eтмe мааниге ээ болуп, жакшы эле демилге менен башталып, аягына чыгарылбай калган ишке карата айтылат. Мындагы сапан шзу бапан сeзYнe карата ылайыкташып eзгeрYп м тыбышы п тыбышына eтYп кеткен саман деген шз деп билуу керек» деп тушундурген (Сейдакматов, 1988, б. 46). Ал эми тYШYндYрмe сeздYктe анын мааниси «бытыранды, чачыранды, баш аламан, ар кайсы жакка андаалап, самсыган, азып-тозгон» деп чечмеленген (КТТС, 1-к. 2016, б. 218). Бул ^здун оозеки чыгармачылыктын

кандай жанрына тиешелуу экендиги ойлондурбай койбойт. Макал-лакаптар жыйнагынан орун алып, формасы жагынан окшоштугун эске албаганда, мааниси макалга да, лакапка да кеп туура келе бербейт. Аны чечмелеген К. Сейдакматов да макал деп атабай, жорго свз деп берген. Аягына «бул эмне?» деген суроону коюп, табышмакка да айландыра салууга болот. Сыягы, сын-сыпат иретинде колдонулчу бул сез мааниси кунурттенуп кеткенден кийин формасына карай макал сыяктуу кабыл алынып, жыйнакка кирип калган окшойт.

Жергебиздин дээрлик бардык аймагында кездешкен, жакшы тоют катары бааланган есумдуктердун катарына ажырыкты да кошууга болот. Анын аталышы орто кылымдагы сездуктен да кездешет (М. Кашкари, 1-т. 2013, б. 124, 140). Ажырык жерге тешелуп ескен, жалбырагы узун, ичке, кецири тараган кеп жылдык отоо чеп. «Анын тамыры заарасы тутулгандарга дары болот. Башы 4-5 ачага ажырап турушу чептун атынын коюлушуна негиз берген. Ажырык сезу ажыра этишине зат атооч жасоочу -к мучесу улангандан кийин пайда болгон жацы сездун аяккы муунундагы а тыбышы ы тыбышына етуп кеткен. Натыйжада ажырак эмес, ажырык деген турге келген» (Сейдакматов, 1988, б. 13). Тамыр сабагынан тез кебейуп, кургакчылыкка чыдамдуу болгон учун мал оттоп, такырайтып койгон жерден да кеп узабай алысындап чыгып, кектеп есет. Ошондон улам эл арасында: «Ажырык: «Жети жыл желде турсам да, кечугум сууга тийсе кектейм» деп айтат экен», дагы бир варианты боюнча «Ажырык: «Кырк жыл сагызгандын уясында жатсам да, жерге тушсем есуп кетем» дейт имиш» деген сыяктуу ишенимдер тараган. Чыдамкай есумдуктун мына ушундай сапатына салыштыруудан улам «Адамзаттын уругу — ажырыктын тамыры» деген макал пайда болгон (Макал-лакаптар, 2001, б. 23). Дуйнеде канчалаган жаныбарлар, есумдуктер биротоло жок болуп кетсе да, эсеп жеткис табигый кырсыктар, оору-сыркоолор, согуштар болгонуна карабай, жаны бышык, кетерумдуу адамзат тукуму дале да жашоосун улантып келууде. Адамзаттын ит жандуулугу ушинтип ажырыкка салыштырылып бааланган.

«Дары - чвптвн, дабаа - квктвн» деген макал элибиздин есумдуктердун дарылык сапатын да мыкты билгендигин керсетет (Айтымбет, 5-к. 2007, б. 287). Кыргыз табыптары ездерунун практикасында карандыз, бака жалбырак, чалкан, каакым, тецге чеп, уу коргошун, эрмен, шыбак, кекемерен, ак кодол, каз тацдай, чырмоок, адырашман, мыя, чекенде, ерме кара, мамыры, кучала, мээр чеп, апийим, чачыраткы сыяктуу ете кептеген дары есумдуктерду кецири колдонуп келишкен. Алардын баары тууралуу макалдар айтылбагандыктан же жаралса да сакталып калбагандыктан, ез темабыздын талабына ылайык, биз аталган есумдуктер тууралуу сез кыла албайбыз. Жалпыга кецири белгилуу «Кереч ичсе келиним калбайт беле, жалбыз ичсе жалгызым калбайт беле» деген макал тууралуу гана баян кыла кетели (Усупбеков, 1982, б. 108). Бул макалдын жаралышына жана сакталып калышына эл оозунда илгертен айтылып келген уламыш себеп болгон деп ойлойбуз. Ал уламыш боюнча илгери Улукман дарыгердин (кыргыздар Чыгыштын улуу дарыгери Абу Али ибн Синаны Улукман аке деп аташкан. Борбордук Азия элдеринде Улукман аке табыпчылыктын пири катары да саналат) Жалбыз деген жалгыз баласы болуптур. Кундердун биринде Жалбыз ооруп калып, кунден-кунге кучеп, Улукман аке бут билген дарысын берип, тааныган дарыгерлерди чакыртса да, уулунун оорусу айыкпай, акыры кез жумат. Атанын кайгысы журегуне батпай, жалгыз баласын жерге жашырат. Мезгил етуп, кундердун биринде Улукман аке суу жээгинен бир чоочун чепту керуп, макиси менен кесип алып, жээкке коюп, устуне макисин коюп коёт. Эзу жузун чайкап, макисин алайын десе макисинин мизи карарып, чепке тийген жери эрип кетиптир. Ошондо Улукман

аке: «- Атацдын керу ай, Жалбызым, Жалбызым, ушул чепту билгенде, аман калмак экенсиц ай, жалгызым, жалгызым»,- деп буркурап ыйлаган экен. Ошондон бери ошол чептун атын жалбыз деп атап калышыптыр (Ала-Тоо уламыштары, 2016, бб. 180-181). Ветеринарияда жалбыз жаныбарларга ичи ооруганда жана жел айдоочу каражат катары берилген (Шпиленя, 1983, б. 97). Учурда элдик медицинадан сырткары расмий медицинада да жалбыздын дарылык сапаты кецири колдонулат.

Жогоруда айтылган уламыштын дагы бир вариантында Улукман акенин уулу уйленгенден кийин жаш келинчегине: «Менин атам елгенду да тирилте ала турган дарыгер» деп мактанып алат. Келинчеги ишенбей койсо, далилдее учун кемуркейде кайнап жаткан эчкинин майын чогуу ичууну сунуштап, анан экее тец эриген майды ичип, ичегилерине май тоцуп, каза болуп калышат. Уул-келинин тирилте албай койгон Улукман аке экеенун журектерун кесип алып, чупурекке ороп койнуна салып, жер кезип кетет. Кундердун биринде бир езенге туш келип, суу ичмекчи болуп эцкейгенде, койнундагы чупурегу сууга тушуп кетет. Ичип буткен соц чупуректу жазса, тоцгон журектер эрий баштаптыр. Буга тац калган Улукман аке байкап караса, езу тааныбаган чептерден жасалган кур менен гулчамбар агып келип, жээкте токтоп калган экен. Ал экеену тец алып, суу бойлоп жогору барса, кичинекей бала менен кыз ойноп журген болот. Алардан сураса, жалбыздан токулган кур менен керечтен жасалган гулчамбарды экее жасап, сууга агызганын айтышат. Ошондо Улукман аке: «Керечти билсем келиним, жалбызды билсем жалгызым тируу калмак экен» деп екунуп ыйлаган экен. Ошол уламыш эл оозунда айтылып журуп, «Кереч ичсе келиним калбайт беле, жалбыз ичсе жалгызым калбайт беле» деген лакап турунде сакталып калган (Усупбеков, 1982, б. 108). Мунун керечти кекире, жалбызды мамыры алмаштырган варианты да айтылат. Сыягы, уламышта аталган есумдуктерду тааныбай калган кийинкилер ез жеринде ескен же езу тааныган чептер менен алмаштырып айтып, жацы варианттар жаралган окшойт. «Кыргыз тилини тушундурме сездугунде» кереч тууралуу «Дарылыгы бар, тоодо есуучу есумдук» деген маалымат гана бар (КТТС, 1-к. 2016, б. 761). Мунун езу биздин ез жерибиздеги есумдуктер дуйнесун алиге чейин жакшы ездештуре элек экенибизди айкындап турат.

Дарылыктан сырткары кыргыздар есумдуктерду косметикалык каражат катары да пайдаланышканы белгилуу. Аны тастыктоочу «Илим башка жугат, кына ташка чыгат» аттуу макалга кайрылалы (Макал-лакаптар, 2001, б. 106). Кына - боёк алынуучу есумдук; элдик керкем кол енерчулукте чептун тамырынан алынган боёк, тырмакты боёо учун да колдонулат (КТТС, 2-к. 2016; 158). Белгилуу тилчи Х. Карасаев аны араб тилинен кирген сез (хна) катары керсетуп, чач кызарта турган да боёк экенин белгилейт (Карасаев, 1986, б. 175). Кынадан сырткары кыргыз кыз-келиндери эндикти да пайдаланышкан. Байыркы турк тилинде бул сез эцлик турунде айтылган. Анын эц уцгусу азыркы кыргызча вц дегенге туура келет. Ошол сезге -лык мучесу уланганда келип чыккан эцлик сезу бетке суйкей турган затты жана ал жасала турган чептун атын билдирип калган (Сейдакматов, 1988, б. 269). Эндик - бийик жайлоолордо ескен есумдук. Бир туптен бир нече туз езектер тарап кетет. Гулу майда машакка окшоп, кызгылтым-кек болуп, туктуу жумшак боз узун жалбырактарынын ортосундагы езекте жайгашкан. Эндиктин тамырынын кабыгын аарчып караса, кыпкызыл тустегу ырацды керууге болот. Кыргыздын кыз-келиндери эндиктин тамырынан езгече боёкту ачытышкан. Койдун меенун тазалап, туздап, анан жел толтуруп ошол меенге койдун сутунун чийки каймагына эндиктин жацы тамырын тазалап, майдалап

айран кошуп, жерге ^муп ачытышкан. 10-12 кYндeн кийин ачыган эндикти кыз-келиндер беттерине суй^ш^н. Бул боёк кыз-келиндерди eTe ажарлуу, суйкумдуу кeрсeтYп, беттин кYндeн, шамалдан туурулуп ^TyyCyHeH сактаган. «Эне квргвн кыз эмес, эндик квргвн бет эмес» - деген макал ушундан улам айтылган (Кыргыз элинин уюткулуу сырлары, 2013, б. 119). Дал ушундай эле каражаттардын катарына осмону да кошууга болот. Осмо - козу кулактын жалбырагына окшош жапыз eCKeH eсYмдYк жана анын жалбырагын эзуу жолу менен алынган кочкул жашыл TyCTery каш боёочу суюктук (КТТС, 1-к. 2016, б. 300). Кыргызстандын тYштYrYндe жашаган eзбектерде осмо коюуга да байланышкан бир топ ишенимдер жашайт. Мисалы, осмо койгондо эки каштын ортосун бириктирип коюу керек, антпесе ата-энеси урушуп калат деп коюшат. Эзу кыз баланын каштарынын аралыгы алыс болсо алыска, жакын болсо жакын жерге турмушка чыгат деп тeлгe кылышкан. Кыздар осмо коюп жатканда осмосу каштын четинен агып тYшсe, ошол кыз алыс, узак жерге турмушка чыгат деп болжошкон. Эзбек кыздары учун алыска турмушка чыгуу ата-энеси, тууган-уругу менен байланышпай калууну шарттаган, ошондуктан осмо коюу аркылуу каштарынын ортосун eстYPYп, бириктирYYгe болгон арганы жакындарынан алыстабоо учун жасалган бейкYнee аракет катары баалоого мумкун. Ал эми койгон осмосу каштын ортосунан агып кетсе, эгиз балалуу болот деп жоруп коюшкан. Кашка осмо койгон маалда ^здун yCTyHe (кабакка) да коюу керек, антпесе, ^з капа болуп калышы мумкун деген ишеним белгилуу (Мурзакметов, 2012, б. 8).

Аралаш жашаган маданияттардын бири бирине таасир этиши мыйзам ченемдуу, андыктан eзбек кыздарынын осмо коюуга байланышкан ишенимдери, жол-жоболору кыргыз кыздарына да толук жетип, колдонулганынан шек санабай эле коюуга болот. Акындардын «Оомат кетет, баш калат, осмо кетет, каш калат» деген ыр саптары эчак эле макалга айланган (Айтымбет, 5-к. 2007, б. 490). Тиешелуу атайын макал айтылбаса да, квбургвн аттуу eсYмдYктY да кошумчалай кетели. Окумуштуулар: «Бийик тоолуу жерде eсYYЧY пияз сыяктуу eсYмдYктYн атын билдирген квбургвн шзу квбур+гвн бeлYктeрYнeн турат. Болжолу, самын чыкканга чейин кeбYргeндY байыркы туркгер жуучу зат катары пайдаланып келген окшойт. Алтай тилинин телеут диалектисинде бул шздун «татар самын» мааниси кeрсeтYлгeн. Ушуга Караганда квбургвн eсYмдYГYHYн аты кeбYрe турган eзгeчeлYГYнe жараша коюлган, кийин аны самын ордуна пайдалануу унутулган, бирок байыркы кездеги коюлган аты сакталып кала берген окшойт» деп божомолдошот (Сейдакматов, 1988, бб. 151152).

Кыргыз жери карагайлуу, кайыцдуу, арчалуу, жацгактуу токойлору менен да белгилуу, «Токой тоонун KepKy, эр элдин KepKy» деген макал бекеринен жаралган эмес (Усупбеков, 1982, б. 36). Элибиз токойлордун KepKyHe гана суктанбай, eз турмушунда дарактардын турдуу тYрлeрYн пайдаланып келишкен. Мындан улам алардын отунга, уй курууга, идиш-аяк, тиричилик буюмдарын жасоого жарактууларын мыкты ажырата билишкен. «Ыргайдан катуу шиш болбойт, кебептен ширин квш болбойт» (Ибрагимов, 2005, б. 461), «Жыгачтын жумшагын курт жейт, адамдын жумшагын адам жейт» (Усупбеков, 1982, б. 212), «Агач катуусун курт жыгат» (Ибрагимов, 2005, б. 11) деп, алардын жумшак, катуулугуна ^цул бeлгeн. «Асылсац жыгачтын асылына асыл» деп, дарактарды сапатына жараша ажырата билишкен (Макал-лакаптар, 2001, б. 40). Катуу жыгачтардын табы кучтуу болорун билип, кыргыз усталары алардан ^мур eчYPYшкeн. «Теректей бой бергенче, теменедей акыл берсин» деген макал жаратса да, теректин бийиктигине, тYЗДYГYнe баа

берип, курулуш иштерине эц ылайык экендигин баалаган (Ибрагимов, 2005, б. 410). Эл оозунда «Кудайдын каргышы тийген жыгачты тегирмендин шакылдагы кылат» деген лакап айтылат (Макал-лакаптар, 2001, б. 131). «Илгери кыргыздар суу менен журе турган тегирменден пайдаланган. Дан салынган кампанын дан чубура турган жерине бир жарым карыштай жумуру же терт бурч жыгачты бош бекитип коёт. Ал жыгачтын бир башы тегирмендин ташына кыйчалыш салацдап тийип турат. Тегирмен жургенде тийип турган жыгач титирейт да, кампадагы эгинди чубуртат. Ал жыгач дайыма бодур таш тегеренгенде шакылдап табыш чыгарат. Тегирмен журуп турганда, ал жыгач да тынбай шакылдай берет» (Карасаев, 1982, б. 240). Тыным албай ташка тийип, шакылдап ун чыгарып, жаны тынбаган жыгачка чейин баам салган кыргыздар аны Кудайдын алдындагы кунеесу учун кыйноо тартып жаткандай карап, ез байкоосун образдуу туюнта да алышкан. Ушуга эле маанилеш келген «Адам жаманы - сопу, жыгач жаманы - соку» деген макалда сокунун кандай жыгачтан жасалганы так керсетулбеген менен аны такай сокбилектен таяк жеп, жанчылып жаткандай сезип, демек, жаман болгондугу учун ушундай жаза алып жатат деп санаганы байкалат (Макал-лакаптар, 2001, б. 22). Ал эми элдик этнограф А. Акматалиев: «Соку - бул жыгач идиштеринин бири. Муну менен данды туктейт, таруу, конок актайт, данекти, ышкын тупту жана башкаларды жанчат. Бул идишти чеберлер арчанын, талдын, кайыцдын жана ушул сымал катуу жыгачтардын децгечунен жасашат» деп, так маалымат бере кеткен (Акматалиев, 1996, б. 184).

Тилибизде «Жаш кайыц желди суйвт, жаш журвк тецди суйвт» деген макал жашайт (Ибрагимов, 2005, б. 205). Кептеген орус акындарынын ырларында дацазаланган кайыц биздин ац-сезимибизге нукура орус дарагы, Орусиянын табиятынын символу катары кирип калган. Бул бекеринен эмес: орустар кайыцдын жыгачын, кабыгын, жазгы бучурлерун, жалбырактарын жана ширесин жуздеген жылдардан бери колдонуп келишкен. Элдик дарылоо каражаты катары белгилуу болгон кайыц ширеси илгертен сыздоок чыкканда, кептеер оорусун, айыкпаган жараларды жана ачык ирицдуу жараларды дарылоодо колдонулган (Любимцев, 1995, б. 118). Бирок кайыцдын турк тилдуу элдердин маданиятында да орду бар экендигин керсете кетсек болот. Якуттар кайыцды ыйык дарак катары кадырлашкан, ак жиндуу бакшылар асмандагы кудайларга кайыцдын бутагын пайдаланып кайрылышкан, бул кайыц женунде алтайлыктардын ишенимине да окшош (Дьяконова, 1986, б. 144). Алтайлыктардын баланын терелушундегу, уйленуу тоюндагы жана календардык ырым-жырымдарындагы, ошондой эле бакшылык (шамандык) практикасында катышкан кайыц-эненин образы алардын коомдук ац-сезиминин маанилуу фактысы болгон. Бул дарак менен айрым сеектердун (уруулардын - М. А.) да, ошондой эле бутундей элдин туп бабаларынын жашоосун байланыштырышкан (Львова, 1989, б. 25). Хакастар «таза» деп саналган дарактардын катарына баарынан мурун кайыцды кошушкан (Алексеев, 1980, б. 72).

Тилибизде «Казак кайыц сааганда, кыргыз Ысар киргенде» деген накыл кеп да жашайт. Адис тилчи: «Бул макал 17-кылымдарда жунгарлар (калмактар) кыргыз жерине чабуул коюп, элди булундуруп, малын-башын талаганда келип чыккан. Ошондо кыргыздар Тажикстанга кирип кеткен. Казактар ачарчылыкта кайыцдын суусун агызып ичип жан баккан экен. Макалдагы Ысар - жердин аты. Азыр Гиссар деп аталат» (Карасаев, 1982, б. 142) деп маалымат берген. Биздин оюбузча, мисалга алынган накыл макалга караганда лакапка кебуреек жакындайт, муну анын жаралуу тарыхы бар экендиги да тастыктайт. Казактар «сааган» кайыцдын суусун айта турган болсок, кайыц ширесинин негизин курамында 1,5 %

га чейин жеткен мeмe канты тYзeт. Мындан сырткары, анда алма кычкылы, белок заттары, С витамини, натрийдин, кальцийдин, темирдин, жездин туздары жана адамга пайдалуу болгон башка кошулмалар бар (Любимцев, 1995, б. 118). Казактын улуу талаасы чер токойлорго бай болуп, аларды баш калка кылган эл мына ушундай азык аркылуу жан багып, сакталып калган.

Ошентип элибиз дарактарды кeп турдуу максаттар учун пайдаланышкан, бирок баарынан мурун, эц кeп eлчeмдe отун катары колдонгонун айта кетели. «Байыркы турк тилинде йагыч TypyHe жарыш йагач варианты да колдонулган. Мунун эц алгачкысы йагач деп эсептесек, анда анын уцгусу йак болот да, азыркы от жак дегендеги жак этишине туура келет. Жалпысынан йагач ^зу «отко жага турган отун» маанисин берген шз болгон. Алгачкы йагач TypyHeH жыгач болуп eзгeрYШY менен, мааниси да кYЦYрттeнYп, кандай маанидеги шз экени билинбей калган» (Сейдакматов, 1988, бб. 109-110). Отунду бардыгы тец жагышкан, ошондуктан кайсы жыгачтын кандай кYЙeрYн байкоо жургузуу аркылуу баары жакшы билишкен. Табылгынын тамырынын, арчанын думурунун кeмYрдeй таптуулугун, кайыцдын кабыгынын кагаздай кYЙeрYн, ак чечектин жыгачы чыйралып eCCe да оцой жарыларын, карагайдын отуну чайыры бардыгынан ыштуу экендигин, тал-теректин жыгачы тапсыз экендигин жыгач кармаган усталар эле эмес, карапайым адамдар да билген. 0з мекенинде жашап жаткан кыргыздардан жыйналган макал-лакаптардын ичинен кезикпеген «Жылгын жаккан жылывайт» деген макал учурда Туркиянын Ван аймагында жашап жаткан памир кыргыздарында айтылат (Кайыпов, 2017, б. 260). Жылгын - кызгылт TyCTe топ-топ болуп чыгуучу чырпык сыяктуу бадал (КТТС, 1-к. 2016, б. 563). Ал жергебизде eCy^ таанымал болгон менен анын табын KepCeTKeH макал сакталып калган эмес. Бул «Душманды элице жолотбо, кара жыгачты жерице жолотбо» деген макалга да таандык (Кайыпов, 2017, б. 199). Макал сакталбаган менен анын себеби эл оозунда айтылып келет. Кыргыздарда кара жыгач тилеги жаман дарак катары саналат. Анын: «Бутактарым чатырап eсYп турсам, тYбYмдe кeлeкeлeп оору адам жатса» деген тилеги болот экен. Кыргыз тилинин туштук диалектисинде кара жыгач кайрагач деп аталып, бул ^здун этимологиясын «кайра кач» деген маани менен байланыштырышат, башкача айтканда анын кeлeкeсYнe отурбай кайра качуу керек экен. Кара жыгачтын кeлeкeсY оор болот деген ишенимден улам, аны эшиктин алдына, короого ^п отургузбайт (Мурзакметов, 2014, б. 11).

Эл eзY жердеген аймакта eCKeH айрым eсYмдYктeр тууралуу макалдар жаратып, алар жергиликтуу элдин гана арасында тараган. Мисалы, «Моюл жакканча моюн жак» деген макалды эл оозунан учураттык. Моюл - башында сабак-сабак болуп чыккан жыттуу гулу бар бадал eсYмдYГY (КТТС, 2-к. 2016, б. 225). Бул макалды ушул кезге чейин жарык KepreH кыргыз макал-лакаптар жыйнактарынын биринен да учурата албайбыз. Аны айтуучу (Нарманбетов Аскар, 55 жашта, Эзген району, Кызыл-Байрак айылы, басыз уруусу) макалдын маанисин моюлдун кургаган жыгачы да оцойлук менен кYЙбeгeндYГYн, улам-улам эцкейип, отту Yйлeй берип, жагып жаткан адамдын мойну ооруп калары менен байланыштырат. Бул бир эле мисал, бирок ушунун eзY эле кыргыз макал-лакаптарынын кору абдан бай экендигин, алардын ушул кезге чейин толук жыйналып бYтe электигин KepCeTeT.

Элдин арасынан жыйналган чыгармалардын ичинен eсYмдYктeргe байланышкан макалдарды эле эмес, лакаптарды да учуратууга болот. Экee бир Караганда окшоштой туюлган менен, eздeрYнe таандык, айырмалап турган белгилери бар экендиги белгилуу. Макалдардай eзYнчe турганда айкын маани берип, ойду толук бYTYрe жыйынтыктап, тыянак

чыгарбаса да, айрым жекече кубулуштардан, окуялардан же адамдардын езгече мунездерунен улам эл арасында керкемделуп айтылып, кецири таркаган, салыштырууга, мыскылга бай, кепчулугунун тарыхы, чыгыш теги бар, анысын билбеген адам маанисин тушунбей кала турган туруктуу айкалыштар лакаптар деп аталат. Мисалы, «Мандалакка башым бышып, жоогазынга ишим тушту беле» деген лакапты алсак, анын курамында мандалак, жоогазын аттуу баарына тааныш есумдуктердун аталыштары учураган менен, кандай мааниси бар экендиги, эмне женунде сез болуп жаткандыгы тушунуксуз (Ибрагимов, 2005, б. 333). Демек, лакаптын жаралуу тарыхы бар, учурунда мааниси белгилуу болгон менен, кийинчерээк элдин жадынан чыгып, лакаптын езу сакталып кала берген. Памир кыргыздарында болсо «Башы жок мандалак, туву жок зэнталак» деген бизге мааниси будемугуреек макал айтылат (Кайыпов, 2017, б. 147). «Тогуз кабат торкочон мен ушуп жатам, жалац чепкенчен ыргай байкуш кантти экен дептир шилби» деген лакап тууралуу да ушуну айтууга болот (Усупбеков, 1982, б. 8). Лакаптын мазмунуна карап, анын кыш мезгилинде, болгондо да ете катуу суугу менен эсте калган кыш тушкен учурда жаралганын боолголоого мумкун. Кийинчерээк лакапты сезме-сез кайталай албаган, эсинен чыгара тушкен эл жалпы маанисин сактап, айрым деталдарын алмаштыруу менен «Тогуз катар торкомдон ушуп отурам, квцдвй квт кантти экен» (шилбинин сецгек куурайга айтканы) деген жацы вариантын жараткан (Ибрагимов, 2005, б. 419). Сез болгон лакапта шилби кокусунан тандалып алынган эмес, анткени тоодо ескен бадалдын бул туру кабыгынын катмар-катмар болуп кабатталып, сыйрылып тургандыгы менен езгечеленет.

Памир кыргыздарында «Шилвиден катык шиш барвы, тууганыц душман чыкканда, мунан да катык иш барвы?» деген макал айтылат (Кайыпов, 2017, б. 473). Шилби бадалына байланышкан лакаптар бабаларыбыздын байыркы мезгилдерде есумдуктерду жандуудай карап, суйлее, ой жугуртуу жендемдуулугуне ээ деп санагандыгын керсетет. Шилби есумдугу женунде «Шилби кврсвц жулбагын, быбык кврсвц урбагын» деген макал да бар. Анын экинчи белугундегу быбык деген сездун мааниси белгисиз, бул сезду 40 мицдей сезду камтыган «Кыргызча-орусча сездуктен» да, 50 мицден ашык сез жана сез айкаштары кирген «Кыргыз тилинин тушундурме сездугунен» да, 32 мицге жакын сез камтылган «Кыргыз тилинин диалектологиялык сездугунен» да учурата албайбыз. Биздин оюбузча, жыйноочунун кол жазмасындагы бул сез (мумкун, бебектур? - М. А.) туура эмес окулуп, мааниси такталбаган боюнча макал-лакап жыйнактарына (Макал-лакаптар, 2001, б. 191; Ибрагимов, 2005, б. 457) жана «Тушундурме сездукке» (КТТС, 2-к. 2016, б. 713) да мисал катарында бири-биринен кечурулуп кире берген. Бирок биз учун макалдын биринчи белугу, шилбиге карата элдин мамилеси маанилуу экендигин кошумчалай кетели.

Жыйынтык

Жыйынтыктай келсек, кыргыздар «Балырлуу жерде бака бар, тулпар атта така бар» (Макал-лакаптар, 2001, б. 57) деп, суу астында жашоочу есумдуктерден тартып «Теректин башы тыт болот, жаман киши кырс болот, каарына алганда жайдын куну жут болот» (Ибрагимов, 2005, б. 410) деп бийик дарактарга чейин баам салып, «Караганга чымчык корголойт» (Макал-лакаптар, 2001, б. 114) деп, алардын адамга эле эмес, жан-жаныбарга пайдасы бардыгын, «Жер куураса, алабата чыгат» (Ибрагимов, 2005, б. 210), «Жер арыса чогойно басат, эр арыса вцунвн азат» (Айтымбет, 5-к. 2007, б. 213) деп, кароосуз калган

жерде да eсчY eсYмдYктeр бардыгын, «Очпвс врт, соолубас гул болбойт» (Ибрагимов, 2005, б. 375) деп, ар кандай eсYмдYктYн жашоо убактысы болорун, «Чвпту кордосоц, квзгв зыян» (Ибрагимов, 2005, б. 450) деп, жансыз сыяктуу сезилген, бут алдында тебеленип жаткан eсYмдYктeрдYн да убалы болорун, аларга зыян келтируунун тубу адамдын eзY учун зыян алып келерин баяндаган, болочок муундарга эскерткен керээзин макал-лакаптарга айлантып, мураска калтырышкан. Алар бугунку кYндe да eз маанисин жоготушкан жок. Эзубузду сактоо, келечектеги урпактарыбыздын жашоосун камсыз кылуу учун табият менен таттуу мамиледе болууга тийишпиз, ал эми жаратылышты суйген, аны баалап-барктаган муунду тарбиялап eстYPYYдe бабаларыбыздын тажрыйбасы, eрнeгY, оозеки мурасы, алардын ичинде eсYмдYктeр ДYЙнeсY тууралуу макал-лакаптары да таасирдуу каражат катары кызмат кылмакчы.

Пайдаланылган адабияттар

1. Айтымбет, Орозбек. (2007). Кара Кыргыз. 5-китеп: Квкв Тэцир. Толук., такталып, 2-бас. Бишкек: Бийиктик.

2. Акматалиев, А.С. (1996). Кыргыздын кол внврчулугу: Колдонмо. Бишкек: Кыргызстан.

3. Акматалиев А.С. (2002). Каада-салт, урп-адат, адамдык оц-терс сапат. Бишкек: Бийиктик.

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

4. Ала-Тоо уламыштары. (2016). Туз. С. Рысбаев, А. Батыркулова, А. Ураимов ж.б. Бишкек: Бийиктик плюс.

5. Алексеев, Н.А. (1980). Ранние формы религии тюркоязычных народов Сибири. Новосибирск: Наука.

6. Аманбек кызы, Н., Бекмурзаева, А. (2023). Кытай тилиндеги уй канаттууларына байланышкан фразеологизмдердин кыргыз тилиндеги эквиваленттери. Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Филология, №1(1), бб. 12-21. DOI: 10.52754/16948874_2023_1(1)_2. EDN: OBEMHI.

7. Байбосунов, А. (1990). Донаучные представления киргизов о природе. Фрунзе: Мектеп.

8. Верзилин, Н.М. (1974). По следам Робинзона. Ленинград: Детская литература.

9. Головкова, А.Г. (1984). Путешествие в мир растений Киргизии: Науч.-попул. очерк. Фрунзе: Мектеп.

10. Дьяконова, Е.Н. (1986). "Культовые сооружения на празднике «Ысыах»". Этнические культуры Сибири. Проблемы эволюции и контактов (Сборник научных трудов). Новосибирск.

11. Жусупов, К. Тоолуктар баяны. Фрунзе: Мектеп.

12. Казак макал-мэтелдер1. (2001). Курастырган Ж. Дэуренбеков. Алматы: «Ана тЫ» ЖШС.

13. Кайыпов, С.Т. (2017). Туркияда жашаган памир кыргыздарынын макал, лакаптары: Лингво-фольклористикалык булак катары. Жооптуу ред.: Мамбеттурду Мамбетакун, Элмира ^чумкулова. Бишкек: Борбордук Азия Университети.

14. Калиев, Б. Ос1мд1к атауларыныц орысша-казакша свздт. Алматы: «Ана тш».

15. Караев, О. (1968). Арабские и персидские источники IX-XII веков о киргизах и Киргизии. Фрунзе: Илим.

16. Карасаев, Х. (1982). Накыл свздвр: Тил казынасынан баян. Фрунзе: Кыргызстан.

17. Карасаев, Х. (1987). Накыл свздвр: Тил казынасынан баян. Фрунзе: Кыргызстан, 1987.

18. Карасаев, Х.К. (1986). Оздвштурулгвн свздвр: Сездук: 5100 сез. Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.

19. Киргизско-русский словарь. (1985). В двух книгах. Кн. 1. Сост. К. К. Юдахин. Фрунзе: Главная редакция Киргизской Советской Энциклопедии.

20. Киргизско-русский словарь. (1985). В двух книгах. Кн. 2. Сост. К. К. Юдахин. Фрунзе: Главная редакция Киргизской Советской Энциклопедии.

21. Крафтъ, К.К. (1900). Изъ киргизской старины. Оренбургъ: Типо-литограф1я Ф. Б. Сачкова.

22. Кыргыз макал-лакаптары. (1982). Тузг. Ш. Усупбеков. Фрунзе: Кыргызстан.

23. Кыргыз макал-ылакап, учкул свздвру. (2005). Жыйнаган М. Ибрагимов. Карабалта.

24. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук. (1978). Том 3. Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы.

25. Кыргыз тилинин тушундурмв свздугу. (2016). Биринчи белук. Бишкек: Салам.

26. Кыргыз тилинин тушундурмв свздугу. (2016). Экиинчи белук. Бишкек: Салам.

27. Кыргыздын кылымдарды карыткан 1001 макал-лакабы. (2010). Туз. С. Бекботоев. Бишкек: Учкун.

28. Кыргыз эл жомоктору. (1985). Фрунзе: Кыргызстан.

29. Кыргыз элинин уюткулуу сырлары: всумдуктвр дуйнвсу. (2013). Экинчи басылышы. Бишкек: Кут Бер.

30. Любимцев, В.В. Вопросы и ответы. Москва: Дрофа.

31. Кашкари, М. (2013). Дивану лугати-т турк (Туркий тилдер свз жыйнагы). Которгондор: Абдувалиев И., Ахматов Т., Оморов А., Султаналиев И., Толу баев М. 1-том. Бишкек: Бийиктик.

32. Макал-лакаптар. (2001). «Эл адабияты» сериясынын 10-тому. Бишкек: Шам.

33. Мурзакметов, А. (2012). Кыргызстандык взбектердин каада-салттары, ырым-жырымдары жана ишенимдери. Ош.

34. Мурзакметов, А. (2014). Кыргыздардын кввнв ишенимдери жана тыюулары. Ош.

35. Орозалиева, К. (1993). "Бала жана жаратылыш". Эл агартуу, № 5-6.

36. Сейдакматов, К. (1988). Кыргыз тилинин кыскача этимологиялык свздугу. Фрунзе: Илим.

37. Семенова-Тянь-Шанская, А. М. (1986). Мир растений и люди. Ленинград: Наука. Смирнов, А. (1988). Мир растений: Рассказы о культурных растениях. Москва: Мол. Гвардия.

38. Традиционное мировоззрение тюрков Южной Сибири. (1989). Человек. Общество. Львова Э.Л., Октябрьская И.В., Сагалаев А.М., Усманова М.С. Новосибирск: Наука.

39. Шпиленя, С. Е., Иванов, С. И. (1983). Азбука природы (Лекарственные растения). -Москва: Знание.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.