Научная статья на тему 'КЫРГЫЗДАРДЫН ЖАНА АФРИКАЛЫКТАРДЫН МАДАНИЯТЫНДАГЫ АНАЛОГИЯЛАР'

КЫРГЫЗДАРДЫН ЖАНА АФРИКАЛЫКТАРДЫН МАДАНИЯТЫНДАГЫ АНАЛОГИЯЛАР Текст научной статьи по специальности «Искусствоведение»

CC BY
3
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
кыргызы / африканцы / культура / традиции / верования / обряды / близнецы / фольклор / kyrgyz / africans / culture / traditions / beliefs / rituals / twins / folklore

Аннотация научной статьи по искусствоведению, автор научной работы — А. Мурзакметов

Кыргыздардын жана африкалыктардын маданиятындагы аналогиялар

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

ANALOGIES IN THE CULTURE OF KYRGYZ AND AFRICANS

Each culture is unique in its own way, however, it is always possible to find analogies. This article examines, on the basis of traditions, beliefs and folklore materials, some aspects of the cultural parity between Kyrgyz and Africans.

Текст научной работы на тему «КЫРГЫЗДАРДЫН ЖАНА АФРИКАЛЫКТАРДЫН МАДАНИЯТЫНДАГЫ АНАЛОГИЯЛАР»

УДК: 930.2

Мурзакметов А., т.и.к. ОшМУнун доценти, Кыргызстан

Мурзакметов А., к.и.н., доцент ОшГУ, Кыргызстан

Кыргыздардын жана африкалыктардын маданиятындагы

аналогиялар Аналогии в культуре кыргызов и африканцев Analogies in the culture of kyrgyz and africans

Каждая культура уникальна по своему, однако всегда можно найти аналогии. В данной статье на основе традиций, верований и фольклорных материалов рассматриваются некоторые аспекты культурной обYности кыргызов и африканцев.

Ключевые слова: кыргызы, африканцы, культура, традиции, верования, обряды, близнецы, фольклор.

Each culture is unique in its own way, however, it is always possible to find analogies. This article examines, on the basis of traditions, beliefs and folklore materials, some aspects of the cultural parity between Kyrgyz and Africans.

Keywords: kyrgyz, africans, culture, traditions, beliefs, rituals, twins, folklore.

Бул макаланын аталышы алгач окуган адамда тае калууну жаратышы mymkyh, андан улам кыскача тYШYндYрме бере KeTYY зарыл. Чынында эле, араларын эсепсиз мезгил менен эбегейсиз мейкиндик ажыратып турган кыргыздар менен африкалыктарды эмне байланыштырышы мYмкYн деген суроо туулбай койбойт. Цивилизациянын бешиги болгон Африка - адамзат коому жана маданияты пайда болгон алгачкы континент. Чен-елчемY боюнча экинчи орунда турган бул континенттин аянты 29,2 млн. квадрат километр, ал эми коешу аралдарды, ичинен эе ириси болгон Мадагаскарды кошкондо 30,3 млн. квадрат километрди тYзет [13, 440]. Бул зор аймакта 54 мамлекет жайгашып, анда 2000 ден ашуун тилде CYЙлешкен 3000 ге жакын элдер жашайт. Биз аларды жалпылаштырып, африкалыктар деп атамакчыбыз. XX кылымдын башында Эфиопия, Египет, ТАР (ТYштYк Африка Республикасы) жана Либерияны эсепке албаганда, Африканын дээрлик бардык аймагы Франция, Германия, Англия, Испания, Португалия жана Бельгия тарабынан колониялаштырылган эле. Дал ошол учурда мындай тагдырды кыргыз эли да башынан кечирген. Африкалыктардын байыркы мезгилдерден берки жашоосу мифтерде, жомоктордо камтылып, тарыхы оторлоштурулгандан кийин гана жазылса, Борбордук Азиянын байыркы калкы болгон кечмен кыргыздар да XX кылымда гана отурукташып, сабаттуулукка, илим-билимге ээ болду. Ага чейинки турмуштук тажрыйбасын кыргыздар да элдик оозеки чыгармаларында сактап келген. Тарыхый енYГYYHYн ушундай окшош шарттары аталган элдердин маданиятындагы айрым

катмарлардын жоголбой сакталып, консервацияланып калышына typtky болгон. 03YбYЗДYн чакан макалабызда биз алардын айрымдарына токтоло кетмекчибиз.

YйлeнYY YлпeтY адам баласынын турмушундагы эе маанилYY, орчундуу окуя экендиги белгилYY. Дээрлик бардык элдерде YЙлeнYY YлпeтY кудалашуудан башталат. Кудалашуунун бел куда, бешик куда сыяктуу формалары Орто Азия элдерине кееири тараган. Ошондой эле алтай, казак, башкыр, кыргыздарда орун алып, ал оозеки чыгармачылыкта да камтылган. БелгилYY этнограф С. М. Абрамзон бел куда, бешик куданы YЙ-бYлe куруунун байыркы формасы катарында караган [1, 156-157]. Адатта мындай кудалашууга эe жакын достор, туугандык байланышы бар адамдар барып, eздeрYHYн ушул чечими аркылуу ортолорундагы мамилени чьшдап, байланышын кYчeтYY максатын кeздeшкeн. ТYштYк Африкадагы Зимбабве мамлекетинин негизги калкы болгон шона элинде да бешик куда салты жашаган. Ал YЧYн «колуктунун» YЙYнe кургак жоон устунду алып келип, аны кыздын энесине тартуулоо керек болгон. Эгерде ал белекти кабыл алса, келишим бYттY деп саналган. Адатта мындай шартка балдарын багуудан кыйналган ^п балалуу кедей YЙ-бYлeлeр макул болушкан. Шона тилинде буга тиешелYY кузварирва деген сeз болуп, ал «кимдир бирee YЧYн туулуу» дегенди билдирген. Мезгилдин eтYШY менен калыe YЧYн дыйканчылыктан же мал багуудан алынган азыктар бериле баштаган. Калыeдын eлчeмY ар тYрдYY элдерде ар башкача экендигине карабастан, дээрлик бардык жерде кYЙee бала уй же бука жетелеп, бир кап ун же буудай алып келген. Колунда жок болсо, кур дегенде бир нече эчки таап, калыeдын калган баасын болочок кайнатасынын жеринде иштеп берип тeлeгeн [3, 147]. Кыргыздар YЧYн намыстуу саналган кYч кYЙeeлYк Африканын батышы менен чыгышында эчактан бери жашап келген салттардан. Азырга чейин айылдардан кайната, кайнененин, кээде ал ту^л алардын туугандарынын жеринде иштеп жаткан кыздын жигитин же кYЙeeсYн жолуктурууга мYмкYн. Жигит менен кошо анын туугандары да кудаларынын жеринде бел оорутуп иштеген учурлар болот. Конголук луба элинде кечээ жакынга чейин эле кYЙee бала тун баласы тeрeлгeнгe чейин кайнатасына иштеп берген [7, 83]. Башка элдерде болсо иштеп берYY нике кыйылганга чейин созулган. Кээде YЙ-бYлeлeр калыe тeлeбeй туруп, кыздарын эле алмашып алган учурлар да болгон. Мындай «экономия» шона элинде матенганагудо деп аталган [3, 147]. Анын кыргыздарда кайчы куда деп аталары белгилYY. Мындай учурларда же YЙ-бYлeлeр экинчи тараптын уулдарына кыздарын кYЙeeгe беришкен же башка комбинациялары да мYмкYн болгон, маселен, бир адам eзYHYн кызын экинчи бир адамдын уулуна берген, ал эми экинчиси eзYHYн карындашын биринчисинин инисине турмушка берген. Эже-сиeдилер менен да так эле ушундай алмашышкан [2, 160]. Кээде eздeрYHYн гана эмес, туугандарынын кыздары менен да алмашкан учурлар болгон.

Кыргыздардын калыeы негизинен малдан турган. Бай мал ээлеринде ал ^п учурларда тогуздап эсептелген [2, 154]. Кыргыз тарыхчылары, этнограф окумуштуулары тee баштаган тогуз мал, кээде тeрт тогуз тYЛYк тууралуу сeз кылып жYPYшкeнY менен, эмне себептен тогуз саны менен eлчeнYп калганы жeнYндe так тYШYндYрмe беришкен эмес. Чыгыш Африканын эe белгилYY урууларынын бири болгон масайлардын eз уруулашын eлтYргeндYГY YЧYн (чоочундарды eлтYргeндYГY YЧYн мурун жумшак мамиле кылышкан) тeлeй турган куну сeз болгон маселени ачыктай алмакчы. Адатта аксакалдар кун YЧYн 49 баш мал жаза тeлeeнY милдеттендиришкен. Ырас, бул сан eзгeрYЛYп да кеткен, бирок аягы адамдын

денесиндеги тешиктердин санына жараша ce3CY3 тогуз менен аяктоого тийиш болгон. Айрым учурларда кундун eлчeмY 249 уйга чейин жеткен [3, 111]. Мындан улам африкалык элдердин ичинен кеп калые телеген джиелердин 50 баш уй жана 129 кой-эчки беришинин [3, 146] себеби айкын боло тYшeт.

Африкалык белгилYY окумуштуу Джон Мбити калые берYY каадасы тууралуу: «Бул колуктунун YЙ-бYлeсYнe ушундай кызды eстYPYп, аны eздeрYHYн баласына аялдыкка берYYгe макулдугун бергени YЧYн жигиттин YЙ-бYлeсY тарабынан билдирилген ыраазылык болот. Калые кыздын YЙYндeгY ордун жоктотпой, анын Yйдeн кетерин же кеткендигин, бирок тирYY экендигин эске салып турат. Бул салтты эч качан наадандар такай айтып жYPYшкeндeй , «гeлeмдYн» формасы катары карабоо керек. YйлeнYY тоюнун белегин билдирген африкалык сeздeрдYн эквиваленти сатып-алуудагы сездерден кeбYнчe айырмаланып турушат...» [3, 147-148] деп мYнeздeйт. Бул кез караш менен мурун таанышпасак да, биздин: «Совет доорунда миедеген жылдардын ичинде калыптанып, элибиздин жашоо-тиричилигин женге салып келген салттарыбыздын ичинен жалпы элибизге жат кeрYHYш катары кeрсeтYЛYп, тыюу салынып келгендеринин бири - калые берYY. Ага адамды мал, буюм катары сатып алуучу жорук катары баа берилип келди. Анткен менен бала багып, тарбиялап eстYPYYHYн тYЙшYГYн (чыгымын деле айтканга эмне YЧYн болбосун?..) ар бир ата-эне жакшы билет. Демек, калыеды ошол тYЙшYктY, чыгымды тарткан тарапка ыраазылык катары (бYГYнкY тил менен айтсак компенсация деп) берYY, кайтаруу катары карасак болот. Калые берилген кызды сатылган буюм катары караган идеология калыесыз кеткендерди арзан, бекер буюм катары караган эмес» [10, 11] деген оюбуз жогоруда белгиленген пикирди кайталап тургансыйт.

Саны жагынан Уганда мамлекетинин экинчи орунда турган калкы болгон баньянколе (нколе же анколе, кешук тYPдe муньянколе) элинде кыз кYЙeeгe кетерге бир жума калганда салт талап кылган ыйын баштайт. Анын туугандары да коштошуу ырын ырдап, бугун толук чыгарып алсын YЧYн маал-маал кошулуп ыйлашат. Бул процесс кыргыздардагы кыз узаткандагы кошокту эске салат. Колукту канчалык муеканып ыйлап, арманын канчалык ойго саларлык кошсо, келечеги ошончолук жарыктай сезилген [3, 139-140]. Мындай тYШYHYк элибиздин: «Кыз жыргаар жерине ыйлап барат» деген макалы менен YндeшYп тургансыйт. Бирок, бул айтылгандар африкалык аялдардын укуксуздугун, эзилгендигин билдирет деп айтуудан алыспыз. Айрым элдеринде, алсак, Сахаранын жашоочулары болгон туарегдерде аялдар сыйлуу абалды ээлешет. Мурун алар ал TYГYЛ уруу башчы болуп да шайланышкан. Азырга чейин уруу башчысынын энеси жамааттын бардык маанилYY иштерине катышат. Эгерде ал тигил же бул чечимге макулдугун бербесе, анын тыюусун (вето) eзгeртYYгe эч кимдин акысы жок [3, 153]. Африка кeчмeндeрYHYн коомундагы мындай жогорку макамды Англиянын королевасынын абалы менен гана салыштырууга мYмкYн болсо керек.

Кыргыздар менен африкалыктардын баланын, айрыкча эгиздердин тeрeлYШYнe байланышкан ишенимдеринде да жалпылыктар арбын. Эгиздер сейрек тeрeлгeндYктeн, ары TYШYHYKCYЗ, ары сырдуу бул окуяга карата дYЙнeдe жашаган TYPДYY элдердин мамилеси да ар башкача болгон. Аларга кайрылбай туруп кыргыздардын эгиздерге карата болгон кез караштарын, ишенимдерин так аныктоого мYмкYн эмес. Андыктан, атайын экскурс жасоого туура келет.

Баарынан да Африка континентиндеги элдердин, уруулардын эгиздердин тeрeлYШYнe болгон мамилеси кызыгууну туудурат. Сенегалдагы басари эли эгиздердин бирин тируу калтырып, экинчисин чое карапага салып тирYYлeй кемген: мындай тагдыр алсызыраак тeрeлгeнYHYн, ал эми эки жыныстагылар терелсе, кыздын энчисине туура келген. Батанга эли эгиздердин экеен тее eлтYPYп салган. Заирде жашаган баконголордо эгиздерди эле эмес, алардын апасын да eлYмгe буюрушкан, ырас, кYЙeeсYHYн ез аялын сатып алууга же аны кYe аял менен алмаштырууга акысы болгон. Ал эми апоно элинде эгиздерди eлтYPYшкeн эмес, бирок аларды апасы менен Yйдeн кууп жиберишкен, аялга жаеы YЙ курууга туура келген. Ага тууган-уругу менен катташууга, балдарга теетуштары менен ойноого тыюу салынган. Ал тургай бул YЙ-бYлeгe тиешелYY болгон идиш-аяк, буюмдарды пайдаланууга да уруксат берилбеген. Мындай абал алты жылга созулган. Ушул убакыт еткенден кийин каргашалуу балакеттер кетти деп, чое майрам eткeрYлгeн. ТYштYк африкалык гереро уруусунда эгиздер терелер замат чоочундар айылдан чыгып, ал эми чет жактарда жYргeн айылдаштар кайтып келYYгe милдеттуу болушкан. Эгиздердин ата-энесин дароо ыйык адамдар катары урматтай башташкан. Алардын YЙ-бYлeсYн бYт айыл баккан. Атасы айылдагы каалаган малды союп алса да эч ким каяша айта албаган. Ага ал тургай жыл бою коешу кыштактагылар да белек-бечкек тартуулашкан. Эгиздер эле эмес, алардын бир туугандары да коешуларыныкынан жактырган буюмун алып кете берген. Ошондуктан гереро элинде «Эгиздерге кошуна болгондон еткен кырсык жок» деген макал бар [6, 26-28]. Ушундай тYPДYY кез караштардан улам эгиздердин тeрeлYШYнe карата болгон мамиленин африкалык фольклордон орун алышы тае калыштуу эмес. Теменде ага кайрыла кетмекчибиз.

Батыш Африкадагы кеп сандуу элдердин бири болгон йорубалардын «Ниаме кудай жана анын терт аялы жeнYндe» аттуу жомогунда Ниаме кудайдын тeртYнчY аялы бири кYMYш, бири алтын эгиздерди терейт. Ниаменин улуу аялы Акоко тоок балдарды токойго таштап, алардын ордуна эки баканы салып коет. Эгиздерди мергенчи таап алып, багып естурет. Балдар чоеойгондо ата-энесин таап, асманда жашап калышат. Ал эми кудайдын каарына калган тоок суу ичкенде асманды карап, ырайым кYTYп калат [11, 92-94]. «Эмне YЧYн эгиздердин тeрeлYШY Серкиде бактылуу жышаан эсептелет» деген дагы бир жомокто Серки деген айылда жашаган урууда эгиздердин тeрeлYШY жамандык алып келет деп эсептелгендиктен, аларды дароо eлтYPYп же токойго алпарып ташташкандыгы айтылат. Бир YЙ-бYлeдe эгиз уулдар тeрeлYп, экее тее чымыр, сулуу болушкандыктан, ата-энеси аларды сактап калууну чечишет. Уруу башчысы салтбузарларды токойго кууп жиберет. Эгиздер Айба менен Сайба ^чтуу, шамдагай болуп чоеоюшат да, кийин Серкиге башка уруу кол салганда жардамга келишет. Эзгече эрдик керсеткен эгиздерди ата-энеси менен айылга алып келишип, сый-урмат кeрсeтYшeт [11, 216-218]. Африканын фольклорунда эки эле эмес, Yч эм эгиздер жeнYндe да жомок бар. «Фара жана анын балдары» деген жомокто Андриамбахуакиге турмушка чыккан Yч эже-сиединин кичYYCY кYЙeeсY сапарга кеткенде Yч эгиз тересе, ичтери тарыган эжелери балдарды сандыкка салып, сууга агызып жиберишет. Ал эми алардын ордуна eгYЗДYн жаагын, шыпыргынын сабын, балканы салып коюшат. Балдардын энеси Фараны кууп жиберишет, ал кыштактын четинде жер теледе жашайт. Эгиздерди сыйкырчы Ранакумбе таап, багып алат. Сапардан кайткан атасы балдарын жана алардын энесин YЙYнe алып келип, ал

эми кара мYртeз аялдарын eлYм жазасына тартат [4, 249-251]. Африкалык фольклордон алынган бул мисалдардан эгиздердин тeрeлYШYнe байланышкан ете байыркы жана бир кыйла кийинки мезгилдердеги элдик ишенимдерди, тYШYHYктeрдY байкоого мYмкYн.

Азыр эгиздердин тeрeлYШY чоe кубаныч болгон менен байыркы убактарда кыргыздардын эгиздердин тeрeлYШYн кандайча кабыл алгандыгы жeнYндe дээрлик эч кандай маалымат жок. Ошол себептYY фольклордун жардамына, тагыраак айтканда элдик жомоктор менен ырым-жырымдарга кайрылууга туура келет. Алсак, кыргыз эл жомокторунун ичиндеги «Мадылген сулуу», «Кандын баласы», «Муeдук менен Зарлык» деген жомоктордогу эгиздер тууралуу сюжеттер бири бирине окшоштугу, кайталанып турушу менен кeeYлдY бурбай койбойт [5, 277-297]. Аталган Yч жомокто теe эгиздердин аталары хан болуп, алар карыганча бала кeрYшпeйт. Алардын эe кичYY аялдары Yч жомокто теe эгиз - уул менен кыз тeрeшeт да, мастан кемпирлер балдардын ордуна кYЧYктeрдY салып коюшуп, талаага айдалып кетишет. Аталган жомоктордун баарында теe акырында хан аялы менен балдарын таап, кыянаттык кылгандар жазаларын алышат. Сeз болгон жомоктор бир кездерде кыргыздарда эгиз тeрeгeн аялды элден бeлYп, жалгыз таштоо салты болгондугунан кабар берип тургансыйт. Мындай салт эгиздердин тeрeлYШY адаттагыдан башкача кeрYHYш болгондуктан элге кырсык алып келет деген коркунучтан улам пайда болгону шексиз. БелгилYY мезгил eтYп (африкалык апоно элиндегидей), зыян келтирчY кYчтeр кетти, аял (эгиз балдар да) тазаланып бYттY делгенден кийин гана аларга кайтып келип, эл менен аралашып жашоого уруксат берилгендей. Коомдун eнYГYШY, адамдардын аe-сезиминин eсYШY менен эски тYШYHYктeр унутулуп, эгиздердин тeрeлYШY Кудайдан белеги катары каралып калган. «Теeирим эгиз берет, телегейин тегиз берет» деген макал ошондон келип чыккан.

Фольклордогу мындай жалпылыктар жогорудагы мисал менен эле чектелбейт. Ар бир кыргызга бала кезден тааныш манжалар тууралуу жомок да буга далил боло алмакчы. Кыргыз эл жомогунда бул бешeeнYн бир туугандар болгондугу айтылат: «Бир кYHY Бармак: -Уурулук кылалы,- деп инилерине кайрылат. Сeeмeй: - Кылса кылалы - деп макул болот. Ортон: - Уятын кантебиз,- дейт. Атыжок Ортондун сeзYн угуп, эмне дээрин биле албай туруп калат. Аeгыча Чыпалак: - Сойсо соeлу, сорпосуна тоeлу,- деп жиберет. Беш бир туугандын Yчee уурдаганды колдоп, экee ыргылжыe болуп калат да, кeпчYЛYк кылган тараптын демилгеси менен уурулукка барышат. Айылдагы бирeeнYн семиз коюн уурдап келишет. ТYндeп союп, этин жеп, сорпосуна тоюп, терисин ташка жайып коюп уктап калышат. Коюн жоготкон киши келип, беш бир тууганды ойготуп: - Кой жоготтум, кeрдYeeрбY?- дейт. Бармак менен Сeeмeй кeрбeгeнYн айтышат. Ортон болсо: - Кандай кой эле?- деп сурайт. Койдун ээси коюнун eeY-тYCYн, эн-тамгасын айтып бYтe жаздап калганда Чыпалак чычкаланып, бирдеке айтчудай болот. Ошондо койдун ээси: - Чып-чып Чыпалак, чычаeдаган кызталак, чыпылдабай чыньшды айт,- дейт. Анда Чыпалак: - Коюeду биз сойгонбуз, сорпосуна тойгонбуз, терисин ташка жайып койгонбуз,- деп айтып коет. - Жарайсыш, чынчыл Чыпалак,- деп койдун ээси аны мактап, берки тeртeeн бирден жаакка чаап, кылмышын ашкерелеп, коюн тeлeтYп алып кеткен экен» [8, 199-200].

Африка фольклорунда да бармактын башка манжалардан обочолонуп калышынын себеби тYШYндYPYлeт: «Манжалар беш бир тууган экен. Бир жолу ата-энеси кайдадыр кеткенде эe кичYYCY Чыпалак карды ачканын айтат. - Чыдай тур,

апам келсе баарыбызды тойгузат,- дейт Атыжок. - КYTYп отурабызбы, коешуларга барсак, бир нерсе табаарбыз,- деп каршы болот Ортон. - Ээси кeрYп калса эмне болот?,- деп сурайт Сеемей. - Силер кааласаеар баргыла, мен YЙдe калам,- дейт Бармак. Ошондон тартып Чыпалак, Атыжок, Ортон, Сеемей дайыма чогуу болуп, ал эми Бармак алардан бeлYHYп калыптыр» [11, 218]. ЭнYГYY тарыхында кыргыздардын африкалыктар менен эч качан байланышта болбогондугуна, алыс аралыкта жайгашып, ажырап турганына карабастан, элдик оозеки чыгармачылыктагы мындай параллелдер табияттын сырын ачууга, аны таанып билYYгe ДYЙнe элдери бирдей аракет жасап келгендигин керсетет.

Кыргыздар менен африкалыктардын маданиятындагы жалпылыктар айрым жаныбарларга байланышкан ишенимдерде да сакталган. Албетте, мунун ез себеби бар. «Кара континенттин» элинин табият менен болгон байланышы YЗYлбeй келе жатканын этнографтар белгилеп келишет. Африка аборигендеринин арасында азырга чейин оттун эмне экендигин билишпеген айрым уруулардын болушу кеп нерсени айтып турат. Мал багып, кечмен турмушта жашаган кыргыздардын урпактары да жаратылыш менен болгон байланышты биротоло Yзe элек. Андыктан эл арасында кеене ишенимдер дале жашап келет. Алсак, байыркы мезгилдерде адамдар короздор eзYHYн чакырыгы менен TYHKY зыянкеч кYчтeрдY YЙдeн кубалайт деп ишенишкен. Бирок мындай ишеним славяндарга тиешелYY. Ал эми кыргыздар, тескерисинче, короздун беймаал кыйкырганын жамандыкка жоруп, анын башын жулуп ыргытышкан. Луо (Кения) жана Бенин менен Заирдин айрым элдери короздун тае атканга чейин кыйкырышын оорунун кыйкырыгы, келе жаткан ^ндегу азаптар тууралуу алдын-ала кабар берYY катары тYШYHYшeт. Андыктан короздун чакырыгын укканда луолор: «Бул кыйкырчаак кеп нерсеге милдетщуу болуп жатат» деп нааразыланышат. Алар мезгилсиз - кечинде, же андан да жаманы, TYH ортосунда кыйкырган короздун башын дароо алышат, анткени луолордун кез карашы боюнча мындай KYTYYCYЗ кыйкырык бир гана ооруну, кошумча азап чегYYHYн жышаанын алдын ала билдирет [7, 17]. Африка фольклорунда короздун эмне себептен тае атканда кыйкырышын тYШYндYргeн жомок да бар.

Орнитолог-окумуштуулар (канаттууларды жана алардын турмушун изилдеген адистер) короздун эмне YЧYн tyh ортосунда чакырышынын сырын таап чыгышты. Керсе, YЙдe баккан тоокторубуздун TYПKY мекени Инд океанында жайгашкан Малакка жарым аралы экен. Ал арал экваторго жакын жайгашкан, ал эми экватордо жылдын бардык мезгилинде ^н менен tyh бирдей болуп, биздегидей узарып же кыскарып кетпейт. Мына ошол аралдан 6yt ДYЙнeгe таралган тооктордо бабаларынын эс тутуму муундан муунга eтYп келет. Ошондуктан биздин короздор eздeрYHYн жапайы бабалары тае атканда уйкусунан ойгонуп, кыйкырган маалда -Малакка убактысы боюнча таекы алтыда бир кыйкырып алышат [9, 22]. Башкача айтсак, Малаккада тае атып келаткан учурда бизде tyh ортосу болот. Бирок ошого карабай короздор кенген адаты боюнча бир кыйкырып алып, анан кайра бизде тае атканда «катачылыгын» оедоп, экинчи жолу чакырышат тура. «Кенген адат калабы» деп кыргыздар бекер айтпайт экен.

Жогоруда белгилегендей, жаратылыштын сырларын билYYгe болгон аракет кыргыздардын да, африкалыктардын да фольклорунда маани-мазмуну бирдей чыгармалардын жаралып калышын шарттаган. Мисалга алсак, Батыш Африканын фольклорундагы «Эмнеликтен жарганат тYндeсY гана учат» аттуу жомокто илгерки

мезгилдерде канаттуулар менен айбандар согушуп, кимисине кошулууну билбеген жарганат куштар жеeип баратканда канатын кeрсeтYп, eзYн куш катары кeрсeткeнY, бирок жырткычтар YCтeмдYк кыла баштаганда тиштерин кeрсeтYп, айбанаттарга кошулганы айтылат. Ошентип жатып эки тараптан теe куугунтук жеген жарганат тYнкYCYн учуп калат [11, 369-370]. Жарганаттын мындай eзгeчeлYГYн кыргыздар Сулаймандын буйругу менен байланыштырышат, аны бардык жан-жаныбардын тилин билген пайгамбар катары санашкан. Уламыш боюнча Сулайман пайгамбардын бYт денесин жара басып, тeшeккe жата албай калат. Ошондо ал аялынын сeзY боюнча бардык канаттууларга бир тал саeоор жYHYнeн берYYHY буюруп, алардан жасалган олпок тeшeккe жатат. Жарганат болсо пайгамбарды урматтаганынан канат-куйругун калтырбай жулуп берип коюп, жылаeач калат. Сулайман айыккандан кийин ыраазылыгын билдируу YЧYн бYт куштарды чакырса, жарганаттан башкасы баары келет. Пайгамбар себебин сураштырып билгенден кийин ыраазы болуп, куштардын кeбY кYндYЗY, тYнкY куштар караeгыда жашагандыктан, жарганатты ал экeeнYн ортосунун, башкача айтканда KYYГYMДYH ээси кылып коeт.

Салыштырып караганда, бул этиологиялык эки жомок бири биринен жарганаттын эмне себептен кечинде учканын тYШYндYргeнY менен, себеби боюнча айырмаланып турушат. Аларга алтай жомогу ортомчулук кылганда гана баары ордуна келет: «Жарганаттын буттары неге куурап калган» аттуу жомокто [12, 66-67] анын бYркYткe алман тeлeбee YЧYн тишин кeрсeтYп, жырткыч болуп кeрYнгeнY, бирок аюуга салык тeлeeдeн качып, учуп кеткени айтылат. Коркунучтан улам буттары куурап, айбандардан баш тартып, куштарга да жолой албай, кYYГYмдe гана ^н кечирип калат. Биздин оюбузча, алтайлыктардын жомогунда eзгeрYлбeй сакталып калган сюжет бир мезгилдерде кыргыздарга да тиешелYY болгон, негизи, аны байыркы тYрк жомогу катары кароого MYMKYH. Бирок кыргыздар исламды кабыл алгандан кийин ал жаeыдан интерпретацияланып, ал эми бул дин ТYштYк Сибирге жетпегендиктен, жомок бурмаланбай сакталып калган.

Кыскача жыйынтыктасак, кыргыздар менен африкалыктардын улуттук маданиятында, фольклорунда дал келYYЧYЛYктeр абдан арбын. 0HYГYYHYH окшош тарыхый жолун басып eтYY, жашоонун, чарба ЖYPГYЗYYHYH окшоштугу маданий жалпылыктардын жаралышын шарттаган. Биз колубузда болгон маалыматтарга таянуу менен гана ушундай жыйынтыкка келип жатабыз. Кыргызстанда африканистиканын системдYY изилдениши болочок муундарга тереe илимий изилдeeлeрдY жасоого MYMKYHЧYЛYK берет деген ойдобуз.

Адабияттар:

1. Абрамзон С. М. Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи. Ф.: Кыргызстан, 1990.

2. Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. -Б.: «Кыргызстан - Сорос» фонду, 1999.

3. Асоян Б. Все еYе удивительная Африка. - М.: Мысль, 1987.

4. Африка элдеринин жомоктору. - Фрунзе: Мектеп, 1982.

5. Балдар фольклору (ТYЗгeн Г. Орозова). - Б.: Шам, 1998. («Эл адабияты»).

6. Дридзо А. Д., Минц Л. М. Люди и обычаи. Этнографические очерки для школьников. - М.: ПросвеYение, 1976.

7. Корочанцев В. А. Бой тамтамов будит мечту. - М.: Мысль, 1987.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.