Научная статья на тему '“МАНАС” ЭПОСУНДАГЫ КЫЙМЫЛ, МЕЙКИНДИК ЖАНА УБАКЫТТЫН ИНТЕРПРЕТАЦИЯЛАНЫШЫ'

“МАНАС” ЭПОСУНДАГЫ КЫЙМЫЛ, МЕЙКИНДИК ЖАНА УБАКЫТТЫН ИНТЕРПРЕТАЦИЯЛАНЫШЫ Текст научной статьи по специальности «Философия, этика, религиоведение»

CC BY
10
9
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
кыймыл / мейкиндик / убакыт / интерпретация / материя / эмпирикалык / рационалдык / movement / space / time / interpretation / matter / empirical / rational

Аннотация научной статьи по философии, этике, религиоведению, автор научной работы — Юсупова Рита Орозбековна, Кочкорова Динара Ашырбаевна

Макалада “Манас” эпосунда кыймыл, убакыт, мейкиндиктин чагылдырылышына көңүл бурулуп, бул түшүнүктөрдүн майда эпостордо да орду бар экендиги көрсөтүлүп, алардын маанилери салыштырылып, байыркы кыргыздардын демейки таанып-билүүндө рационалдык, диалектикалык байланыштарда талданышы каралды. Мындай түшүнүктөрдүн байыркы кыргыз элинин көз караштарында жашашы, материянын атрибуттары болгон кыймыл, мейкиндик жана убакыт жөнүндө алардын алгачкы элестөөлөрү бар экендигин туюндуруп турат. Түздөн-түз ассоциацияланышы болбосо да, бул терминдердин маанисин ачып берүүгө жасалган аракеттер, элдик оозеки чыгармалардан ачык байкалат. Чыгармада эпизоддордун мазмуну материянын убакыт менен мейкиндиктин чектелүүсүндө чагылдырылган. Нерсенин кыймылынын убакыт, мейкиндик аралык байланыштары диалектикалык негизде тастыкталган. Ошондой эле, кыргыз элинин таанып-билүүдөгү эмпирикалык деңгээлдеги дүйнө түшүнүүлөрүнүн маңызы демейки тажрыйбадан алынган билимдер менен гана эмес, ой-жүгүртүүнүн жардамында да анализ жүргүзүлгөн.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

INTERPRETATION OF MOVEMENT, SPACE AND TIME IN THE EPIC “MANAS”

The article examines the reflection of movement, time and space in the epic “Manas”, shows the place of these concepts in small epics, compares their meanings, analyzes the rationality and dialectical connections of ancient Kyrgyz knowledge. The existence of such ideas in the views of the ancient Kyrgyz indicates that they had the first ideas about the properties of matter, movement, space and time. Although there is no direct association, attempts to explain the meaning of these terms are clearly visible in folk works. In the work, the content of the episodes is reflected in the limitations of matter in time and space. The temporal and spatial relations of the movement of things are confirmed on a dialectical basis. The essence of the Kyrgyz worldview was also analyzed at the empirical level of knowledge, not only with the help of knowledge gained from experience, but also with the help of thinking.

Текст научной работы на тему «“МАНАС” ЭПОСУНДАГЫ КЫЙМЫЛ, МЕЙКИНДИК ЖАНА УБАКЫТТЫН ИНТЕРПРЕТАЦИЯЛАНЫШЫ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОСОФИЯ.

СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОСОФИЯ.

СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ

JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOSOPHY. SOCIOLOGY. POLITICAL SCIENCE

e-ISSN: 1694-8823

№1(1)/2023, 33-41

ФИЛОСОФИЯ

УДК: 1.11.115.4

DOI: 10.52754/16948823 2023 1(1) 5

"МАНАС" ЭПОСУНДАГЫ КЫЙМЫЛ, МЕЙКИНДИК ЖАНА УБАКЫТТЫН

ИНТЕРПРЕТАЦИЯЛАНЫШЫ

ИНТЕРПРЕТАЦИЯ ДВИЖЕНИЯ, ПРОСТРАНСТВА И ВРЕМЕНИ В ЭПОСЕ "МАНАС"

INTERPRETATION OF MOVEMENT, SPACE AND TIME IN THE EPIC "MANAS"

Юсупова Рита Орозбековна

Юсупова Рита Орозбековна Yusupova Rita Orozbekovna

ф.и.к., улук окутуучу, Ош мамлекеттик университети

к.ф.н., старший преподаватель, Ошский государственный университет Ph.D., Senior Lecturer, Osh State University

rita-yusupova-2015@mail. ru_

Кочкорова Динара Ашырбаевна

Кочкорова Динара Ашырбаевна Kochkorova Dinara Ashyrbaevna

ф.и.к., доцент, И. Арабаев атындагы КМУ

к.ф.н., доцент, КГУ имени И. Арабаева Ph.D., Associate Professor, KSU named after I. Arabaev dkochkorova@oshsu.kg

"МАНАС" ЭПОСУНДАГЫ КЫЙМЫЛ, МЕЙКИНДИК ЖАНА УБАКЫТТЫН

ИНТЕРПРЕТАЦИЯЛАНЫШЫ

Аннотация

Макалада "Манас" эпосунда кыймыл, убакыт, мейкиндиктин чагылдырылышына квщл бурулуп, бул тушунуктврдун майда эпостордо да орду бар экендиги кврсвтулуп, алардын маанилери салыштырылып, байыркы кыргыздардын демейки таанып-билуундв рационалдык, диалектикалык байланыштарда талданышы каралды. Мындай тушунуктврдун байыркы кыргыз элинин квз караштарында жашашы, материянын атрибуттары болгон кыймыл, мейкиндик жана убакыт жвнундв алардын алгачкы элестввлвру бар экендигин туюндуруп турат. Туздвн-туз ассоциацияланышы болбосо да, бул терминдердин маанисин ачып беруугв жасалган аракеттер, элдик оозеки чыгармалардан ачык байкалат. Чыгармада эпизоддордун мазмуну материянын убакыт менен мейкиндиктин чектелуусундв чагылдырылган. Нерсенин кыймылынын убакыт, мейкиндик аралык байланыштары диалектикалык негизде тастыкталган. Ошондой эле, кыргыз элинин таанып-билуудвгу эмпирикалык децгээлдеги дуйнв тушунуулврунун мацызы демейки тажрыйбадан алынган билимдер менен гана эмес, ой-жугуртуунун жардамында да анализ жургузулгвн.

Ачкыч свздвр: кыймыл, мейкиндик, убакыт, интерпретация, материя, эмпирикалык, рационалдык.

ИНТЕРПРЕТАЦИЯ ДВИЖЕНИЯ, ПРОСТРАНСТВА И ВРЕМЕНИ В ЭПОСЕ "МАНАС"

Аннотация

В статье рассматривается отражение движения, времени и пространства в эпосе «Манас», показывается место этих понятий в малых эпосах, сравниваются их значения, анализируются рациональность и диалектические связи древнекыргызских знаний. Существование подобных представлений в воззрениях древних кыргызов свидетельствует о том, что у них возникли первые представления о свойствах материи, движения, пространства и времени. Хотя прямой ассоциации нет, попытки объяснить значение этих терминов отчетливо просматриваются в народных произведениях. В произведении содержание эпизодов отражено в ограниченности материи во времени и пространстве. Временные и пространственные отношения движения вещей подтверждаются на диалектической основе. Также анализировалась сущность миропонимания кыргызов на эмпирическом уровне познания не только с помощью знаний, полученных из опыта, но и с помощью мышления.

INTERPRETATION OF MOVEMENT, SPACE AND TIME IN THE EPIC "MANAS"

Abstract

The article examines the reflection of movement, time and space in the epic "Manas", shows the place of these concepts in small epics, compares their meanings, analyzes the rationality and dialectical connections of ancient Kyrgyz knowledge. The existence of such ideas in the views of the ancient Kyrgyz indicates that they had the first ideas about the properties of matter, movement, space and time. Although there is no direct association, attempts to explain the meaning of these terms are clearly visible in folk works. In the work, the content of the episodes is reflected in the limitations of matter in time and space. The temporal and spatial relations of the movement of things are confirmed on a dialectical basis. The essence of the Kyrgyz worldview was also analyzed at the empirical level of knowledge, not only with the help of knowledge gained from experience, but also with the help of thinking.

Ключевые слова: движение, пространство, время, интерпретация, материя, эмпирическое,

рациональное.

Keywords: movement, space, time, interpretation, matter, empirical, rational.

Киришуу

Теманын актуалдуулугу. Материалдык дYЙнeдeгY кубулуштар менен жараяндардын жашап турушунун атрибуту катары мейкиндик менен убакыт ар кандай eцуттeгY тYPДYY изилдeeлeрдYн объектиси болуп келет. Мейкиндик менен убакытты терец философиялык категориалдык, фундаменталдык физикалык объективдYY изилдeeлeрдeн тарта искусстводогу, адр^м адабияттагы образдардын жашоо жолу катары таануу орун алган. Биздин изилдeeдe болсо кыймыл, мейкиндик жана убакыттын "Манас" эпосунда чагылдырылган интерпретациясы объект катары каралат. ИзилдeeнYн максаты - кыргыз элинин эмпирикалык дYЙнe таанымындагы рационалдык тенденцияларды кыймыл, мейкиндик жана убакыт категорияларынын тYШYHYYCY аркылуу ачып кeрсeтYY.

Мейкиндик менен убакытта нерселердин кыймылын тYШYHYY адамзаттын тарыхында маанилYY орунга ээ болуп келген. ДYЙнeдeгY нерселердин жашоосунун параметри катары аталган категориялар субъективдYY децгээлде дайыма ацдалып, дYЙнe таанымдын негизги маселелеринин бири болгондугу талашсыз. ДYЙнe таанымдын eнYГYШYHYн башаттарын ар бир элдин байыртадан калыптанган эипирикалык билимдеринен издee талапка ылайык. Анын сыцары TYPДYY элдердин билимдеринин ойлонуусунун базалык категориялары болгон мейкиндик менен убакытты TYШYHYYCYH ошол элдин бYткYл маданиятын, тарыхын, эмпирикалык билимдеринин топтомун чагылдырган оозеки чыгармачылыгынан табууга болот. Жазма маданиятка ээ болбогон элдердин эпостору алардын рухий жашоосун консолидациясынын коомдук куралы катары бYткYл интеллектуалдык табылгасын аккумуляциялайт. "Манас" эпосу дагы ушундай функцияны аткарып, дээрлик 20-кылымдын башына чейинки кыргыздардын материалдык жана рухий маданиятын: тиричилик eзгeчeлYктeрYн, тарыхын, дYЙнe таанымын, педагогикасын, социалдык нормаларын жана башка камтып турат. ИзилдeeчY Т. Ормонов "Манас" эпосун кыргыз элинин "педагогикалык пансофиясы" (бардык акыл билимдеринин жыйындысы) катары бааланууга тийиш", -деп белгилейт.1 "Манас" эпосун мындай баалоо аша чапкандык эмес.

Байыркы кыргыздардын таанып-билYYCY эмпирикалык билимдерде синтезделип келгендиги баарыбызга маалым. Гносеологияда мындай дYЙнeнY кабылдоонун мааниси чоц. Анткени, сезим менен тажрыйбанын ар TYPДYY кырдаалдарынын негизинде пайда болгон образдарда рационалдык тенденция жатат. ДYЙнe кубулуштары менен жараяндар объективдYY чагылдырган билимдерди элдик оозеки чыгармалардан да учуратууга болот. Кыргыздардын дYЙнe караштарынын eнYГYYCY алардын жашаган чeйрeсYнe да кeз каранды. Кыргыз элинин жашоо-тиричилигинин муктаждыгынан келип чыккан дYЙнe таанымдык суроолору курчаган нерселердин мейкиндик менен убакыттагы кыймылын авдап-тYШYнуугe тYрткeн. Элдин туруксуз жашоосун алып жYргeн кeчYY кыймылы мейкиндик жана убакыттын ийкем диалектикалык байланышында калыптанган. Кeчмeн кыргыздардын географиялык чeйрeнY eздeштYPYYлeрY, алардын негизги эмгеги малчылык менен ацчылык аркылуу аныкталгандыктан, алардын таанып-билYYдeгY демейки билимдеринин басымдуу бeлYГY чeйрeнY билууге, аны eзгeртYYгe багытталган. Тоолуу аймактардан орун алуу кeчмeндeрдYн жашоосун жeнгe салып, адамдардын мYнeзYн калыптандырган. «КeчYп журуучY философиялык ойлорду жаратуу мYмкYндYГYнe ээ болгон, анын ой-жYГYртуу фантазияга бай, эркин кыялкечтиктен турган. Поэзияны CYЙгeн. Мисалы, алар ыр жандуу болушкан, алардын

1 Ормонов Т. Педагогическая «пансофия» киргизского народа// Советская педагогика. - 1978, - № 1. - С. 128.

мифтери менен жомоктору образдарга жана моралдык-этикалык нормаларга жык толгон».2 Автордун кез карашына кошулуп, байыркы кыргыздардын элдик чыгармалары табияттын сулуулугун CYЙYп, эстетикалык табиттеги руханий казынасын чагылдыруу менен элибиздин таанып-билYY дараметин да керсетYп турат. Алардын дYЙнеге болгон кез караштары оозеки ыр тYPYнде берилип, эркин ой жYГYртYYлердегY образдардын курч маанидеги маселе катары борборлоштурулушу эмпирикалык билимдердин рационалдуу ецYTYн тYзет.

Кыргыз элинин дYЙненY таанып-билYYCYнДе ааламдагы чексиздик, андагы нерселердин кыймылы жердеги жашоо менен тецдеш каралган. Мындай образдарды берYYДе таанып-билYY процесси нерселердин окшош ецYттерYн салыштыруу жана бириктирYY аркылуу жYргYЗYлет. Ошондуктан, Асман менен Жердин жашоосунун бирдей каралышы андагы объектилерди ездештYPYYге жYргYЗYлген аракеттер деп эсептееге болот.Алсак, кыргыздардын мифологиялык кез караштары боюнча Yркер да, Жетиген да бир мезгилде жерде жашаган эле адамдар экен. YркердYн YлпYлдек аттуу сулуу кызы болуп, аны жер YCTYндегY жети каракчы уурдап алып, асманга чыга качышат. Кызын алдырган Yркер ызаланып, Жетигендин (жети каракчынын) аркасынан кууп чыгат. Ошол ^нден ушул кYнге чейин Yркерлер жетигенди кубалап, жетпей жYPYшет. Жылдыздардын Yркер, Жетиген аталып калышы да ошондон имиш деген фантастикалык ой жYГYртYYДе жердеги, асмандагы дYЙнелердYн ортосундагы элестYY керYHYштер, нерсенин же кубулуштун мейкиндик, убакыт байланышында эске алынбай калгандыгы байкалат. Ал эми «Манас» эпосунда дYЙненY таанып-билYYHYн, CYреттеп туюнтуунун жалпы категориялары мейкин жана мезгил тууралуу элдик билимдерде жандуу баяндалат. Мисалы, профессор Ж. Бекешев белгилегендей, таанып-билYYДегY мейкин жана мезгил кадимки маанисинде да («отуз экен бир айьщ», «жыл маалы болуп, ай он экиге толуп»), эпикалык ой-тYШYHYктердYн мыйзам ченемине жараша да колдонулат. Мейкиндик менен мезгилдин биримдиги, туташтыгы баамдалат, хронотоп мYнезде берилет: маселен, «кылым» TYШYHYГY «жYЗ жыл» дегенди туюнтат, бирок кебYнче эл-жердин бир аймагын, дубанды («жети кылым эл жыйып») дегенди билдирет. Эпосто «ат чабым», «тай чабым» тYШYHYктерY да экеенYн бYTYндYГYн, етме катар байланышын керсетет.3 Автордун пикирине кошулуп, таанып-билYYДе мейкиндик жана убакыт эки тенденциялык мааниде колдонуларын белгилейбиз. Биринчиси, «ат чабым» менен «тай чабымдын» айырмасы мейкиндик убакыттын катышында ажыратылып каралат. Башкача айтканда, «ат чабым» алыскы, ал эми «тай чабым» жакынкы жолдун узактыгын белгилейт.

Ошондой эле, таанып-билYYДе кыймыл, мейкиндик, убакыттын чагылдырылышы дYЙненYн терт тарабы - чыгыш, батыш, «кYн тарап», «TYH тарап» тYШYHYктерYнде белгиленет жана анын алты багыты да айтылат (байыркы Индияда да мейкиндикти алты мYчеге ажыратышкан). ДYЙне Yч кабатка жиктелет: Манасты жандаган алп кара куш - YCTYЦKY, кек берY - ортоцку, ажыдаар - теменкY катмардын екYлдерY. Жер демейде жети кабат мYнезделет. Жердин тоголок, тегерек туруму элестелет («Жердин езY децгелек», «Толгонуп дYЙне жYЗYне Тогуз айда жетиптир»).4 Бул кез карашта мейкиндикте жана убакыт байланышында материянын чейрелерге белYHYШY, андагы багыттардын керсетYЛYШY

2 Дианова, В. М. Россия - Монголия: Культурная идентичность и межкультурное взаимодействие [Текст]: моногр. / В. М Дианова. - Москва-Берлин: Директ-Медиа, 2014. - С. 254.

3 «Манас» энциклопедиясы [Текст] / башкы ред. А. Карыпкулов. - Бишкек: Кыргыз энцикл. башкы ред., 1995. -2-т: "Манастын сюжети - Ярупа. - 100 б.

4 «Манас» энциклопедиясы [Текст] / башкы ред. А. Карыпкулов. Жогоруда аталган китеп,- 101 б.

реалдуу дYЙнeнYн моделинен, байыркы кыргыздардын таанып-билуудe eнYгуу, кыймыл категорияларынан кабардар экендигин берет. Кыргыздардын тYШYHYГYндe мейкиндик бош, кeцдeй, жай, абстракт тYШYHYк эмес. Ал белгилуу ыраатка ээ, окуя, зат, буюмдардын орун абалын, жайгашышын туюнтат, кeп катмарга жиктелет. Курчаган чeйрe оцго-солго, жeнгe -касиеттуу мифологиялык тYргe ажыратылат. Тоо жана TYЗ, кeк жана суу, жоо тарап жана eз тарап даана бeлYнeт. Мейкинди жиктеп-ажыратууда «орто» eзгeчe мааниге ээ болот: «Манжу кыргыз ортосу Жер очогун ойдурам»;5 «Кара калмак, кыргыздын Орто жерин чек кылып».6 Орто мейкиндик эки бет гана бeлбeстeн, анын уюгун, ордосун да туюнтат. Ошондуктан душманга «тeрYцe кудук казбасам» деп кекенишет, башкача айтканда бул очогуцду бузам, ордоцду тартам деген тYШYHYктeрдe айтылат.

ДYЙнeнY таанып-билуудe аралык ар кандай баяндалат, ал ошо кездеги турмуш мYнeзYнe жана ДYЙнe тYШYHYккe ылайык ченелет. Манас Каныкейге кYЙeeлeп баратканда жолдо он эки тYнeп жетишет. Бул чындыкка жакын. Ошол эле учурда eзгeчe тулпар Мааникер жeнYндe кеп болгондо:

Алтымыш кYндYк дайрадан

Аттап eтeр жан эле.

Токсон кYндYк тоолордон

Басып eтeр мал эле.7

Эпосто окуя-заттын мезгилдик чен-eлчeмY таамай тартылат. Жыл маалы, ай арасы, кYн чактары ажыратылат. Окуянын убакыт-маалы «эт бышым», «ат жыгылып тургуча», «андай-мындай дегиче, ачып кeздY жумгуча» сыяктуу тYШYHYктeр аркылуу берилет. Кээде мезгил так белгиленет: <^ч ай он тeрт ^н болуп, Уруштун камын жегени».8 Экинчиси, кээде окуянын качан болгонун, канчага созулганын аныкташ мYмкYн эмес, эпикалык сюжеттин eнYГYШYндe мезгилдин жылышына анча басым жасалбайт. Ал токтоп калгандай же эч тиешеси жоктой. Эпос башталганда эле отуз бештеги Бакай менен Кыргыл «кары», «чал» деп мYнeздeлeт. Ошондон эпостун соцку бeлYктeрYнe чейин Бакайдын жаш курагында эч eзгeруу болбойт, ал мезгил агымынан тышта тургандай.9 Ошондуктан таанып-билуудe фантастикалык элестеги окуяларга кeбYрeeк ^^л бурулуп, убакыттын орду байкалбай калгандай туюлат. Себеби эпостогу ар тYрдуу кырдаалдардагы окуялардын кeлeмдуулYгунe карабастан, андагы кээ бир каармандардын чыгарманын башында жаш курагы кандай CYрeттeлсe, аягына чейин ошол мYнeздe сакталгандыгы жогорудан даана кeрYнeт. Бул каармандардын акылман сапаттарынын тYбeлYктуу экендигин чагылтуу аракеттери сыяктанат.

КeчмeндeрдYн дYЙнeнYн моделин тYзуудe мейкиндикти Yчкe бeлуу, адам табият жана коом байланышындагы кeз караштардын синтезинен келип чыккан модель. Кыргыз элинин фольклорист-изилдeeчYCY профессор Ш.Б.Акмолдоеванын «Манас ааламы» деген эмгегинде

5 Манас [Текст]: кыргыз элинин баатырдык эпосу / Саякбай Каралаевдин варианты боюнча. - Бишкек: Кыргызстан, 1995. - II - китеп. - 9 б.

6 Манас [Текст]: кыргыз элинин баатырдык эпосу / Саякбай Каралаевдин варианты боюнча. Жогоруда аталган китеп. - 12 б.

7 Манас [Текст]: эпос / Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча; башкы ред. Ч. Т. Айтматов. - Фрунзе: Кыргызстан, 1981. - 3 - китеп. - 87 б.

8 Манас [Текст]: эпос /Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча; башкы ред. Ч. Айтматов. - Фрунзе: Кыргызстан, 1979. -2 - китеп. - 129 б.

9 «Манас» энциклопедиясы [Текст] / башкы ред. А. Карыпкулов. - Бишкек: Кыргыз энцикл. башкы ред., 1995. -2-т: "Манастын сюжети - Ярупа. - 101 б.

ал мындайча берилет: <^сту, Жогорку дYЙне, асман - эркектик башталма - шак (дарактын), баш (адамдын), чоку (тоонун); Ортосу, ортоцку дYЙне - Асман менен жерди бириктирYY, эркек менен аялды бириктирYY - сецгек (дарактын), тулку (адамдын), этеги (тоонун); Асты,темен^ дYЙне - жер (жаратуучу башталма) Аялдык башталма - тамыр (дарактын) - буттар (адамдын), капчыгай, YЦKYP ж.б».10 Автордун пикиринде жогорку жана темен^ ДYЙненY ездештYPYYге MYMKYHДYK берген категориялардын жардамында ортоцку дYЙненYн катышы алына тургандыгы тастыкталат. Ага ылайык таанып-билYYДе Жогорку - Тецирдин жана Темен^ -Жер менен байланышкан, Ортоцку белYГY - биоэкосистеманын эволюциялык енYГYYCY, алардын карым-катышынан TYЗ кез каранды экендиги туюндурулат. Ошондой эле адамдар жашоодо ^нее иш жасабаса ааламдын жогорку децгээлинен, ал эми жамандык менен жYрсе, жердин астынкы белYГYнен орун алып, андагы ысыкка KYЙYП, жаны кыйналат деп тYШYHYшкен. КерYHYп тургандай, бул элестеелер мейкиндик менен убакыттагы адам бытиесинин кыймылынын мацызын тYШYHYYге аракеттин натыйжасы болуп саналат.

ДYЙненY таанып-билYYДегY мындай ой жYГYртYYлердY «Эр ТештYк» эпосунан да байкоого болот. Эпосто жер алдындагы дYЙне менен адамдардын ортосундагы мамилелер, кереметтYY мифтик образда чагылдырылат. Ал ТештYктYн жер астына TYШYП кеткенде Алп Кара Кушка карата айтылган сезYнен ачык керYнет:

Эки тYгей баламды

Айткан сезYЦ угамын

Жер YCTYне езYЦДY

Айланып алып чыгамын.11

Эпосто теменкY ДYЙненYн бытиеси адам аркылуу мамилесинен баяндалат. Демек, таанып-билYYДегY ДYЙненYн бYTYндYГY, биримдиги, ез ара байланыш элементтерин далилдееге багытталган идеялар эмпирикалык децгээлде фантастикалык элестеелер менен аралаш таанылса да, анын ички мазмунунда реалдуу чындыктын кайсы бир децгээлде чагылышын даана байкоого болот. Жогорудагы каралган Yч белYктYн мацызы ажырым тYPYнде эмес, мейкиндик жана убакыттын байланышында жашаган бардык нерселердин жана кубулуштардын бир системада кабыл алынышында жатат. Бул болсо езYHYн фантастикалуулугуна карабастан, кыргыздардын эмпирикалык жалпы дYЙне таанымынын негизинде бYTYндYYЛYк принцибинин орун алгандыгын айгинелейт.

Толугу менен органикалык жана органикалык эмес жаратылыш езYн-езY енYктYPYYЧY система, ошондой эле ал езYн енYктYPYYЧY жана бири-бири менен байланышкан, таанууга жана тYШYндYPYYге MYMKYH эмес, башталыш же аягы белгисиз болгон, TYPДYY децгээлдердеги уюшулган системалардан тYЗYлет.12 ДYЙненYн жаралышы женYндегY илимий кез караштар жеткиликтуу болбосо да, теориялык изилдеелер табият системасынын объективдYYЛYГYн тастыкташат. Демек, "Манас" эпосундагы материянын атрибуттары болгон кыймыл, мейкиндик, убакыт тYШYHYктерYHYн интерпретацияланышы мифологиялык-философиялык децгээлдерде ассоциацияланып, байыркы кыргыздардын дYЙненY элестеелерYнде объективдYYЛYк женYнде орун алган экендигин четке кагууга MYMKYH эмес. Ошондой эле,

10 Акмолдоева, Ш. Б. "Манас" ааламы [Текст] / Ш. Б. Акмолдоева. - Бишкек: Илим, 2003. - 82 б.

11 Эр ТештYк [Текст]: эпос / С. Каралаевдин айтуусу боюнча; жалпы ред. А. Акматалиев. - Бишкек: Шам, 1996. - 54 б. - (Эл адабият сер. 2-т.).

12 Аверьянов, А. Н. Системное познание мира [Текст]: метод. проблемы / А. Н Аверьянов. - М.: Кн. по Требованию, 1985. - 81 с.

кыргыздар убакытка маани берип, мезгилди таамай-таасын сeздeр менен CYрeттeп айтышкандарын арбын учуратууга болот. Мисалы; бYлбYл, тац куланeeк, апак-шапак, чыгыш агарган, супасаадак, тацкы азан, короз кыйкырган, кYн кылтыйган, кYн чыккан, ^н аркан бою кeтeрYлгeн, кYн кулач кeтeрYлгeн, кYн текши тийген, шашке, улуу шашке, жалган TYШ, чын TYШ, TYШ, чак TYШ, TYШ оогон, сарт бешим, бешим, кеч бешим, дигер, ^н батар, куугум, шам, акшам, ицир, YPYл-бYPYл, куптан, жатар, жылдыз чыккан, текши уйку, TYH ортосу, TYH оой, TYH каракчы, тац каракчы, тацга жуук, тац атаар, кой короодон козголгон, ^н найза бою кeтeрYлгeн ж.б. деген сыяктуу тYШYHYктeр буга кYбe. Таанып-билуудe дYЙнeнYн мезгил eлчeмYнe, мейкиндикке так мYYнeздee кeрсeтуу менен эмпирикалык билимдерде рационалдык тенденциялардын болушун чагылтып, изилдeeчYлeрдY кайрадан элибиздин баалуу мурастарын карап чыгууга жол ачты.

Кeчмeн кыргыз элинин таанып-билуусYHYн басымдуу бeлYГY эмпирикалык децгээлде болуп, мындай билимдердин калыптануу илимде чоц мааниге ээ. Демейки тажрыйбанын багыты менен кошо таанылган айлана-чeйрe жeнYндeгу кeз караштар, алардын таза акыл-эсинин катышуунда да синтезделген. Демек, кыргыздар эмпирикалык тенденциянын таанып-билуудeгY формаларын пайдаланып, дYЙнe жeнYндeгу образдарга ээ болушкан. Мындай кeрYHYштeрдe алардын адам, жаратылыш, коом жана бYTYндeй Аалам жeнYндeгY элестeeлeр орун алган. Эмпирикалык билимде таза сезимдуулYк эле болбойт. Анын катмарында байкоонун берилиштери - дайыма белгилуу тилде чагылдырылат: мына ушул тил, демейки тYШYHYктeрдe эле колдонулбастан, ошондой эле eзгeчe илимий терминде дагы колдонулат. Байкоонун берилиштерин сезимдик таанып-билуунYн формаларына - туюм, кабылдоо, элестeeгe гана келтируугe болбойт. Мына ушунда сезимдик менен рационалдуулуктун татаал чырмалышы пайда болот.

Бирок, эмпирикалык дYЙнe таануу байкоо менен эле чектелип калбайт. Ал байкоонун берилиштеринин негизинде билимдердин eзгeчe тиби - илимий фактылардын калыптанышын шарттайт. Байкоо биздин сезуу органдарыбыздын жардамында нерселердин сырткы кубулуштарын eздeштYруу катары эсептелинет. Мындан алынган маалыматтар ац-сезимде чагылып, илимде фактылардын пайда болушун камсыз кылат. Бул процессте илимий факт байкоонун берилиштерин eтe татаал рационалдык иштеп чыгуусунун жыйынтыгы катары пайда болот: аларга ой жYГYртуу, тYШYнуу, интерпретациялоо кирет. Мына ушул мазмунда илимдин фактылары сезимдик менен рационалдуулуктун eз ара байланышынын натыйжасы болуп эсептелет. Адамдардын дYЙнeнY таанып-билуудe адекваттуу билим алышы мына ушул эки тенденциянын бири-бири аркылуу гармониялык катнашынын негизинде ишке ашат. Албетте, философия илиминин тарыхында таанып-билуунYн эмпирикалык жана рационалдык децгээлдери ажырым багыттар катары, башкача айтканда, эки диллемада каралып келген. Мисалы, англис философу Ф. Бэкон эмпириктердин негиздeeчYCY жана француз элинен чыккан Р. Декартты рационалист деп тааныйбыз. Бул философтордун ою боюнча, дYЙнeну таанып-билуудe эки дэцгээлдердин eз алдынча катышуу менен гана мYнeздeлeт деп тYШYндYPYшeт. Бирок, таанып-билуу процесси андай жургYЗYлбeй тургандыгы кийинки илимий изилдeeлeрдeн далилденип отурат. Тактап айтканда, эмпирикалык жана рационалдык децгээлдер eз ара тыгыз байланышта болот.

Демек, кыргыз эли айлана чeйрeгe байкоо жYргYзуу менен ой жугуртYп, тYШYнуугe аракет жасашкан. Таанып-билуудe алар eздeрYHYн билимдерин тYШYндYруугe да далалат жасагандары элдик оозеки чыгармалардан аныкталып турат. Элибиз ыр жандуу болуп, ыр

тYPYндe тизмектелген тYШYHYктeрдYн ар бири, 6y^hky кYндe ез маанисин табууда. Ошондуктан, улуттук философиялык изилдее контексти, элибиздин эмпирикалык билимдерине анализ жYргYЗYY, кыргыздардын баалуулуктарынын кайрадан жаралышы менен мYнeздeлYп келет. Жогоруда белгиленгендей, илимге чейинки билимдердин комплекси атайын изилдееге татыктуу. Мына ушул жааттагы кеп убакытка чейин орун алган кемтикти толтуруу максатында жазылган А. Байбосуновдун «Донаучные представления киргизов о природе» (Фрунзе, 1990) деп аталган мазмундуу китеби езгече сез кылууга арзыйт. Бул китепте биринчи жолу кылымдар бою кыргыз элинде калыптанган жаратылыш кубулуштары тууралуу эмпирикалык билимдери иликтенген. Кыргыздардын астрономия, физика, математика, химия, география жана экология жаатындагы илимге чейинки тYШYHYмдeрY элдин рухий маданиятынын баалуу булактары катары белгиленген. Автор бул багыттагы изилдeeсYн улантып бир катар илимий макалаларды, «Легендарлуу ойчулдардын философиялык кез караштары» (Бишкек, 2001) аттуу китепти басмадан чыгарган. Ошондой эле Э. К. Шарипованын «Кыргыз элинин илимге чейинки дYЙнe таанымы» жана Э.Б.Арапованын «Взаимосвязь эмпирических и теоретических познании» деген диссертациялык иштеринде кыргыздардын эмпирикалык кез караштарына илимий-философиялык анализ жасалган. Ал эми салттуу билимдер боюнча О.А. Тогусаков., М.Ж. Жумагулов., Ж.К. Асановдордун «Кыргыздардын каада-салттарынын онтологиясы» (Бишкек, 2016) монографиясын жана Г.Т. Ботоканованын «Философский анализ традиционных знаний кыргызов» (Бишкек-2015) изилдее ишин кошууга болот.

Кыргыз илимий коомчулугу тарабынан да сез болуп жаткан проблема боюнча илимий иш аракеттер кeрYЛYп келYYДe. Атап айтканда, «Манас» эпосунун 1000 жылдык маарекесине карата басмадан жарык керген 2-томдук «Манас» энциклопедиясы YЧYн даярдалган З. Бейшеев менен Ж. Бекешовдун аалам, А. Байбосуновдун аба ырайы, астрология, астрономия, А. Бакиров менен К. Осмонбетовдун жер бетинин тYЗYЛYШY, жер кыртышындагы кыймылдар, анын eзгeчeлYктeрY, К. Осмонбетовдун кен байлыктар, Ж. Бекешовдун мейкин жана мезгил, К. Акматовдун eсYмдYктeр ДYЙнeсY (флора), С. Карагуловдун Тараза жылдыз, И. Молдобаевдин элдик медицина тууралуу мазмундуу илимий макалаларында кыргыз элинин эмпирикалык тYШYHYктeрY, тажрыйбасы, маалыматтары изилдее элегинен еткен.

КР УИАнын философия жана саясий-укуктук изилдеелер Институту тарабынан дагы бул багытта алгылыктуу илимий-изилдеелер жYргYЗYЛYYДe. Анын натыйжасы катары, илимпоздордун тобу тарабынан даярдалган жана 2003 -жылы басмадан чыккан «Элдик мурастын философиясы» деп аталган китепти атаса болот. Китепте кыргыз элинин тарыхый мурастарынын философиялык мацызын ачуу менен бирге, алардын дYЙнe тааным процессинин калыптанышынын eзгeчeлYГYнe системалуу структуралык анализ жYргYЗYЛгeн. Кечмен кыргыздардын салттуу маданиятынын кептеген компоненттеринин ичине кирген илимге чейинки кез караштарынын, дYЙнe таанымынын, башкача айтканда, философиялык ой-жYГYртYYCYHYн eсYп-eнYГYY динамикасынын булактары кeрсeтYЛгeн.

ДYЙнeнY таанып-билYYHYн сезимдик жана рационалдык децгээлдерин бириктирип, сырткы чeйрeнY eздeштYPYYгe ебелге тYЗгeн, салттык билим ар бир кечмен элдин жашоосунда орчундуу мааниге ээ. Ата-бабадан, укумдан-тукумга калуучу демейки билимдердин ырааты аксиологиялык тYЗYЛYшкe татыктуу. Демейки (эмпирикалык) жана теориялык децгээлдеги билимдерди анализдееде коомдук ац-сезим категориясы негизги ролдо турат.

Коомдук ац-сезим езгече татаал кубулуш, ал динамикалык, татаал структурага ээ, коомдук болумуштун структурасы менен алдын ала аныкталат. Бизге белгилYY болгондой, коомдук ац-сезим - бул коомдун рухий жашоосу, коомдук болумуштун, сезимдерде, маанайларда, кез караштарда, идеяларда, теорияларда чагылышы жана аларга таасир этиши. Коомдук ац-сезимди шарттап турган жеке адамдын ац-сезими таанып-билYY процессинде борбордук феномен катары кызмат кылат. Мына ошентип, байыркы кыргыздардын дYЙнеге болгон кез караштары элдик оозеки чыгармаларда чагылып, андагы эмпирикалык билимдердин чогулушу дYЙненYн CYретYн элестетип, философиядагы борбордук категориялардын анализденишинен кабар берYYДе.

Колдонулган адабияттар

1. Акмолдоева, Ш. Б. "Манас" ааламы [Текст] / Ш. Б. Акмолдоева. - Бишкек: Илим, 2003. - 160 б.

2. Аверьянов, А. Н. Системное познание мира [Текст]: метод. проблемы / А. Н Аверьянов.

- М.: Кн. по Требованию, 1985. - 263 с.

3. Дианова, В. М. Россия - Монголия: Культурная идентичность и межкультурное взаимодействие [Текст]: моногр. / В. М Дианова. - Москва-Берлин: Директ-Медиа, 2014. - 471 с.

4. «Манас» энциклопедиясы [Текст] / башкы ред. А. Карыпкулов. - Бишкек: Кыргыз энцикл. башкы ред., 1995. - 2-т: "Манастын сюжети - Ярупа. - 432 б.

5. Манас [Текст]: кыргыз элинин баатырдык эпосу / Саякбай Каралаевдин варианты боюнча. - Бишкек: Кыргызстан, 1995. - II - китеп. - 448 б.

6. Манас [Текст]: эпос / Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча; башкы ред. Ч. Т. Айтматов. - Фрунзе: Кыргызстан, 1981. - 3 - китеп. - 348 б.

7. Манас [Текст]: эпос /Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча; башкы ред. Ч. Айтматов. - Фрунзе: Кыргызстан, 1979. -2 - китеп. - 452 б.

8. Ормонов Т. Педагогическая «пансофия» киргизского народа// Советская педагогика. -1978, - № 1. - С. 128.

9. Исмаилова, С. Ж. "Манас" эпосунун кыргыз элинин турмушунан алган орду / С. Ж. Исмаилова // Вестник Ошского государственного университета. - 2021. - Vol. 2, No. 4. - P. 190-196. - DOI 10.52754/16947452_2021_2_4_190. - EDN: UTISXK.

10. Эр ТештYк [Текст]: эпос / С. Каралаевдин айтуусу боюнча; жалпы ред. А. Акматалиев.

- Бишкек: Шам, 1996. - 447 б. - (Эл адабият сер. 2-т.).

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.