Научная статья на тему 'КЫРГЫЗ ЭЛИНИН РУХАНИЙ МАДАНИЯТЫНДА ПСИХОЛОГИЯЛЫК КӨЗ КАРАШТАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮ'

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН РУХАНИЙ МАДАНИЯТЫНДА ПСИХОЛОГИЯЛЫК КӨЗ КАРАШТАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮ Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
30
6
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
тарыхый эс тутум / архетип / жамааттык аң-сезимсиздик / жомок терапиясы / манкуртчулук / үй-бүлөлүк генограмма / маданият / historical memory / archetype / collective unconscious / fairy tale therapy / mankurtism / family genogram / culture

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — Мусаева Нургул Кусейиновна

Макалада кыргыз элинин психологиялык ой-толгоолорунун пайда болуусуна, алардын өнүгүүсүнө көңүл бурулду. Кыргыз эли эң байыркы жана маданий мурастарга бай, философиялык ой-толгоолору күчтүү элдерден болгондугу эске алынып талдоого алынды. Өзгөчө «Манас» эпосундагы психологиялык ойлор, кыргыз элинин жомокторунун психологиялык мааниси жана кыргыз санжырасынын адамдын иденттүүлүгүнүн калыптануусундагы психологиялык функциялары көрсөтүлдү. Кыргыз элинин психологиясын, архетиптик жүрүм-турумун, ой-жүгүртүүсүн, социалдык жана руханий болумушун, эс тутумун изилдөөдө маданият, тарых, нарк-насили жеткис булак экендиги аныкталды. Ошондой эле психология илиминин азыркы Кыргыстанда өнүктүрүү үчүн кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүктөрүнүн жана менталитетинин эске алынуусу шарт экендиги белгиленди.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

DEVELOPMENT OF PSYCHOLOGICAL VIEWS IN THE SPIRITUAL CULTURE OF THE KYRGYZ PEOPLE

The article was devoted to the emergence and development of psychological thoughts of the Kyrgyz people. The Kyrgyz people are one of the most ancient and rich in cultural heritage peoples with strong philosophical views. Therefore, the article shows the psychological thoughts in the epic "Manas", the psychological significance of the tales of the Kyrgyz people and the psychological functions of the sanjyra Kyrgyz genealogy in the formation and strengthening of the social identity of the individual. For the study of psychology, archetypal behavior, thinking, social and spiritual existence, memory of the Kyrgyz people, it was revealed that culture, history, moral norms of the people are valuable sources. It was also noted that for the development of psychological science in modern Kyrgyzstan, it is necessary to take into account the national characteristics and mentality of the Kyrgyz people.

Текст научной работы на тему «КЫРГЫЗ ЭЛИНИН РУХАНИЙ МАДАНИЯТЫНДА ПСИХОЛОГИЯЛЫК КӨЗ КАРАШТАРДЫН ӨНҮГҮҮСҮ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ТАРЫХ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ИСТОРИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. HISTORY

e-ISSN: 1694-867X

№2(3)/2023, 71-79

УДК: 159.922

DOI: 10.52754/1694867X 2023 2(3) 10

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН РУХАНИЙ МАДАНИЯТЫНДА ПСИХОЛОГИЯЛЫК К0З

КАРАШТАРДЫН eНYГYYСY

РАЗВИТИЕ ПСИХОЛОГИЧЕСКИХ ВЗГЛЯДОВ В ДУХОВНОЙ КУЛЬТУРЕ

КЫРГЫЗСКОГО НАРОДА

DEVELOPMENT OF PSYCHOLOGICAL VIEWS IN THE SPIRITUAL CULTURE OF THE

KYRGYZ PEOPLE

Мусаева Нургул Кусейиновна

Мусаева Нургул Кусейиновна Musaeva Nurgul Kuseyinovna

ф.и.к., доцент, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик униеврситети

к.ф.н., доцент, Бишкекский государственный университет им. К. Карасаева Candidate of Philosophical Sciences, Bishkek State University named after K. Karasayev

musaeva nurgul@,mail.ru

КЫРГЫЗ ЭЛИНИН РУХАНИЙ МАДАНИЯТЫНДА ПСИХОЛОГИЯЛЫК К0З

КАРАШТАРДЫН eНYГYYСY

Аннотация

Макалада кыргыз элинин психологиялык ой-толгоолорунун пайда болуусуна, алардын eHYryycyHe квщл бурулду. Кыргыз эли эц байыркы жана маданий мурастарга бай, философиялык ой-толгоолору кучтуу элдерден болгондугу эске алынып талдоого алынды. Эзгвчв «Манас» эпосундагы психологиялык ойлор, кыргыз элинин жомокторунун психологиялык мааниси жана кыргыз санжырасынын адамдын иденттуулугунун калыптануусундагы психологиялык функциялары кврсвтулду. Кыргыз элинин психологиясын, архетиптик журум-турумун, ой-жугуртуусун, социалдык жана руханий болумушун, эс тутумун изилдввдв маданият, тарых, нарк-насили жеткис булак экендиги аныкталды. Ошондой эле психология илиминин азыркы Кыргыстанда внуктуруу учун кыргыз элинин улуттук взгвчвлуктврунун жана менталитетинин эске алынуусу шарт экендиги белгиленди.

Ачкыч свздвр: тарыхый эс тутум, архетип, жамааттык ац-сезимсиздик, жомок терапиясы, манкуртчулук, уй-булвлук генограмма, маданият.

РАЗВИТИЕ ПСИХОЛОГИЧЕСКИХ ВЗГЛЯДОВ В ДУХОВНОЙ КУЛЬ ТУРЕ КЫРГЫЗСКОГО НАРОДА

Аннотация

Статья была посвящена возникновению и развитию психологических мыслей кыргызского народа. Кыргызский народ является одним из самых древних и богатых культурным наследием народов с сильными философскими взглядами. Поэтому в статье показаны психологические мысли в эпосе "Манас", психологическое значение сказок кыргызского народа и психологические функции санжыры - кыргызской генеалогии в формировании и укреплении социальной идентичности личности. Для изучения психологии, архетипического поведения, мышления, социального и духовного бытия, памяти кыргызского народа выявлено, что культура, история, нравственно-моральные нормы народа являются ценными источниками. Также было отмечено, что для развития психологической науки в современном Кыргызстане необходимо учитывать национальные особенности и менталитет кыргызского народа.

DEVELOPMENT OF PSYCHOLOGICAL VIEWS IN THE SPIRITUAL CULTURE OF THE KYRGYZ PEOPLE

Abstract

The article was devoted to the emergence and development of psychological thoughts of the Kyrgyz people. The Kyrgyz people are one of the most ancient and rich in cultural heritage peoples with strong philosophical views. Therefore, the article shows the psychological thoughts in the epic "Manas", the psychological significance of the tales of the Kyrgyz people and the psychological functions of the sanjyra -Kyrgyz genealogy in the formation and strengthening of the social identity of the individual. For the study of psychology, archetypal behavior, thinking, social and spiritual existence, memory of the Kyrgyz people, it was revealed that culture, history, moral norms of the people are valuable sources. It was also noted that for the development of psychological science in modern Kyrgyzstan, it is necessary to take into account the national characteristics and mentality of the Kyrgyz people.

Ключевые слова: историческая память, архетип, коллективное бессознательное, сказкотерапия, манкуртство, семейная генограмма, культура.

Keywords: historical memory, archetype, collective unconscious, fairy tale therapy, mankurtism, family genogram, culture.

Киришуу

Психологиянын башкы изилдее предметтери болуп психика, ац сезим, ички дYЙнe, таанып билYY процесстери, журум-турум кeрYHYштeрY ж.б. саналат. Психология инсандын ички дYЙнeсYндe болуп жаткан психикалык процесстердин тегин, тYЗYЛYШYн, eсYп-eнYГYY eзгeчeлYктeрYн, психологиялык абалдардын сырларын изилдеп келет.

Психология илиминин теориялык-методологиялык негиздерин З. Фрейд, А. Маслоу, Э. Фромм, Л.С. Выготский, В.М. Бехтерев, А.Н. Леонтьев сыяктуу ^ш^ген батыш жана орус окумуштууларынын эксперименттери, алгылыктуу изилдeeлeрY, байкоо жYргYЗYYлeрY жана талдоолору тYзe алды десек болот.

Ал эми кыргыз элинде психологиялык ойлор кантип калыптанган, Кыргызстанда психологиянын илим катары eнYГYШYнe кандай шарттар таасир эткен, бYГYнкY кYндe бул илим кандай багыттарда eнYГYYДe ж.б. сыяктуу суроолор пайда болбой койбойт.

Кыргыз эли эц байыркы жана маданий мурастарга бай, философиялык ой-толгоолору кYчтYY элдерден болгон. Элдин психологиялык ^з караштары, ой-толгоолору байыркы мезгилдерде эле пайда болуп, кыргыз элинин тарыхында, маданиятында, салт-санаасында, эпикалык формада психологиялык компоненттерге бай оозеки чыгармаларда камтылып келген. Себеби кыргыз элинде психологиялык ойлордун жаралышынын тарыхы терец. Анын белгилYY убактысын бeлYп кeрсeтYY да мYмкYн эмес.

Ойчулдар адам табиятына, анын ички дYЙнeсYнe, адамдар ортосундагы карым катнаштын калыптануу eзгeчeлYктeрYнe байланышкан кeптeгeн суроолорго жооп табууга аракеттенишкен. Кыргыз элинде адамдардын ички сезимдерин жакшы тYШYнгeн, алардын жYPYм-турумуна так анализ бере алган адамдарды «кыраакы» деп эц сонун атап келишкен. Кыргыз элинде илгертен эле психологиялык мYнeздeгY ойлордун болуп келгенин элдик оозеки чыгармачылык eнeрY, ыр-кYYлeрY, салт-санаасы тастыктап келет. Психология деген сeдYн eзY гана кыргыздарга кийинчерээк белгилуу болбосо, анын мааниси небак эле элибизде жашап келген. Мисалы Толубай сынчы, Жайсац ырчы, Санчы сынчы, Токтогул ырчы, Жецижок, Арстанбек, Калыгул жана башка ^ш^ген даанышмандарыбыздын психологиядан (анын маанисинен) кабары болгон эмес деп ким айта алат. Демек, психология ар бир коомдо мурун да, азыр да, кийин да жашай бере турган адам тууралуу эц кызыктуу окуулардын бири десек болот.

Кыргыз эли eмYP жолунда канчалаган окуяларды, кыйынчылыктарды башынан eткeрсe да тарыхын, маданий мурасын, YPп-адатын унутпай, кылымдан кылымга eткeрYп сактап келет. Байыркы мезгилдерден тартып укумдан-тукумга айтылып, ооздон оозго eтYп келе жаткан оозеки чыгармаларда, салт-санааларда жана жашоо ченемдеринде олуттуу психологиялык ойлор болгонун танууга болбойт. Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы адам баласынын eзYнe, бири бирине жана табигатка болгон мамилелерине, ^з карашына карата таамай айтылган макал-лакаптарга, афоризмдерге, тамсилдерге, табышмактарга, коомдук турмушка байланыштуу акыл-насаат берYYHY кeздeгeн санаттарга, лирикалык ырларга, кызыктуу фантазиялуу жee жомокторго бай. Кыргыз эли жYPYм-турум, сезим, маанай, акыл-эс, эс-тутум, ойлонуу, эрк, абал жана башка ушул сыяктуу психологиялык тYШYHYктeр аркылуу ой-калчап келишкен.

БYГYнкY кYндe психология илимине кептеген талаптар коюлуп, ал ар кыл тармактарда интенсивдYY eнYГYп жатат десек болот.

Кыргызстандагы психологиянын илим катары eHYrYYCYH изилдее кыргыз элинин тарыхына кайрылууну, кылымдардан бери калыптанып келген маданий мурасын изилдeeнY, коомдук, диний шарттарды, eбeлгeлeрдY талдоону талап кылууда. Ар бир элдин оозеки чыгармачылыгы ошол элдин eзYнe мYнeздYY болгон психологиялык кулк-мYнeзYн, ой-санаасын, ички сезимин, социалдашуу процесстерин, кез карашын чагылдырып турат эмеспи.

Кыргызстанда илимий психология советтик психологиянын кYчтYY методологиялык базасынын негизинде тYптeлгeн. Социализмди куруу жана калктын сабатсыздыгын жоюу жылдарында педагогикалык билимге ээ кадрларга болгон суроо талап ескен. Ошондуктан, психология илимин eнYктYPYYHYн алгачкы этабы болуп медициналык жана педагогикалык профилдеги ЖОЖдордо лекциялык курстарды уюштуруу саналган.

Республикада психологиянын ез алдынча дисциплина катары окутулуп, илим катары калыптанышынын алдыцкы саптарында Б.К. Кулдашев, Н.В. Канторович, С.И. Гершун, Н.Н. Палагина, А.А. Брудный, Н.Е. Ведерникова, К. Мицбаев, В.В. Соложенкин, Д.М. Лондон, Ш. Жанузаков, А. Ысыкеев, Дж. Джумалиева ж.б. турган. Алардын жетекчилиги менен психология илиминин ар кыл тармактарына кызыккан жана ез алдынча изилдееге багыт алган кийинки муундар жаралды. Алар психология илимдеринин докторлору, профессорлор: С.В. Фатеев, Ч.А. Шакеева, А.А. Алдашева, Э.С. Орозалиев, В.П. Иванова жана психология илимдеринин кандидаттары, доценттер: К. Кененбаева, А. Адыкулов, А. Закиров, Т. Конурбаев, Камчыбек уулу Мырзабек жана башкалар. Азыркы кYHY республикада ез алдынча фундаменталдык изилдeeлeрдY жYргYЗYYгe мYмкYнчYЛYктeрY бар психологиялык илимий мектептер пайда болду десек болот.

Кыргыз элинин психологиясынын калыптануусун, жYPYм-турумун, ой-жYГYртYYCYн, сезимдерин изилдее YЧYн эц алгач "Манас" эпосуна кайрылсак. «Манас» эпосу кыргыз элинин кеп кылымдык тарыхын, маданиятын, улуттук eзгeчeлYктeрYн, кыргыз элинин психологиялык маанайын, ац сезимин, дYЙнe таанымын, кез-карашын жана элдин философиясын ачып керсеткен, моралдык-этикалык нормаларга бай улуу чыгарма. Эпосто езгече кыргыз элинин патриоттук духун жана эркиндикти CYЙгeн эл экендиги, кары жаш дебей патриоттук сезими кYчтYY, ынтымактуу, элдин биримдиги, коопсуздугу, Ата Мекен YЧYн жан аябай ^реше турган эл экендиги кецири баяндалат.

Тактап айтканда, "Манас" эпосу кыргыз элинин коллективдик психологиясынын курамы болгон архетиптик баштапкы универсалдуу образдарды калыптандыруунун алмаштыргыс булагы болуп эсептелинет.

Архетип (грек тилинен «àpxéxunov» - алгачкы образ) жалпы адамзаттык символикалардын, мифтердин, жомоктордун негизинде пайда болуп, коллективдик бей ац (бессознательная сфера) чейреде жашап, индивиддин тYштeрY, кыялдары, интуициясы, инстинкттери жана ички мотивдери аркылуу байкалышы мYмкYн. Байыртадан калыптанган образ адамдын ацдап билYYДeн тышкары (бей ац) чeйрeсYнe таасир берYY менен анын жYPYш - турушун аныктайт. К.Юнгдун ою боюнча архетиптер «энергияга каныккан езгече

борбор» (Юнг, 1991. 87-б.). Эгерде биз архетиптер жиберген белгилерди баамдай билсек, жашоодогу чечилгис маселелерди тYШYHYY оцойго турмак, деп ойлойт окумуштуу.

Архетиптен качып кутулуу эч мYмкYн эмес, себеби архетип салттуу ойлонуу системасынын курамын тYЗYп, нечендеген кылымдар бою элдин ац сезимине сицип калган, eткeндeн кабар берип туруучу эс тутум же адам жашоосунун маданий eзeгY десек да болот. Архетип бул коллективдик бейац сезимдин булагы, кылым карыткан маданияттын, тарыхтын элесин камтыган кYчтYY энергия. Элдин басып eткeн тарыхын анын генеологиялык эс тутумунан эч убакта ажыратууга болбойт. Мындай аракет руханий манкрутчулукка жана маданий жакырчылыкка алып келээри анык. Бул жeнYндe маданият жана тарых тармагын изилдеген кeптeгeн окумуштууларыбыздын тынчсызданууларын туура кабыл алуу керек.

Кыргыз элинин архетиптик жYPYм-турумун, ой-жYГYртYYCYн, социалдык жана руханий болумушун, тарыхый эс тутумун, улуттук бYTYндYГYн сактап калууда кыргыз элинин улуу эпосу «Манастын» орду эч алмаштырылгыс экендиги маалым. Манас эпосу тарыхый эс тутумдун глобалдуулугун, терецдигин жана масштабдуулугун дайым тастыктап турат. Эпосто ата-бабаларыбыздын жашоо нормаларынын архетиптYYЛYГY, генеологиялык эс тутумдун жаш муундарды eстYPYYДeгY кYЧY жана мааниси даана кeрсeтYлeт.

Ч. Айтматов белгилеп кеткендей, «Манас» эпосун тYгeнгYC оптимизмди жана ишенимди камтыган, жашоонун, убакыттын, eмYPДYн кайталангыстыгын тастыктаган, кыргыз элинин «патриоттуулугунун энциклопедиясы» катары кароого болот. Ал эми Бакиева Г.А. «Манас» эпосун кыргыз элинин тарыхынын жана маданиятынын эц жакшы сапаттарын - философиясын, фольклорун, музыкалуулугун камтыган кыргыз маданиятынын «бийиктигинин жана терецдигинин» критерийи, eлчeмY (Бакиева, 1995. 172-б) деп баса кeрсeткeн.

Манас эпосу кыргыз элинин улуттук мYнeзYHYн, акыл TYЗYЛYШYHYH, коллективдик ацдап билYYДeн тышкары чeйрeсYHYн (коллективное бессознательное) калыптануусун шарттап келет. Мисалы, Манастын баатырдыгы, айкeлдYГY, патриоттуулугу ар бир кыргыз уулунун жан дYЙнeсYндe жашап, позитивдYY жана YЛГYЛYY жYPYм - турумдун моделин тYзe алат.

«Манас» эпосу психологиялык ^з караштарды кецири камтыган да, жаш муунга психологиялык таасири кYчтYY да чыгарма. Эпосто жаш курак психологиясы, педагогикалык психология, конфликт психологиясы (Шакеева, 1995. 175-176-б.; Абдиева, 2021), социалдык психология, консультативдик психология, зоопсихология, этнопсихология, инсан психологиясы жана башка психология илиминин майда тармактарына тиешелYY маалыматтар каармандардын образдары, окуялардын CYрeттeлYШY аркылуу таамай берилген.

Эпостогу адамдардын eз ара мамилелери, YЙ-бYлe мYчeлeрYHYн бири-бири менен болгон мамилелери, жYPYм-туруму, аш-тойлордогу салт-жeрeлгeлeрY, адамдардын бир-бири менен болгон мамилесиндеги каадалар, каармандардын мYнeздeрY, алардын ишенимдери кыргыз элинин психологиясын, менталдык eзгeчeлYктeрYн изилдeeдe табылгыс булак болуп саналат.

Жомоктордун психологиялык мааниси да абдан зор. Жомоктор психологиялык ар кандай проблемалардан арылуу YЧYH кецири колдонулуп келет. Мисалга алсак жомок аркылуу дарылоо (айыктыруу) ыкмасы - жомок терапиясы (сказкотерапия) белгилYY.

Жомок терапиясы адамзат цивилизациясында эц эле байыркы практикалык методикалык ыкма. Жомоктор тууралуу биринчи илимий теориялар XVIII -кылымга таандык. Бул мезгилде фольклордук жомокторду жыйноо менен катар алардын маани мазмунун тYШYHYYгe аракет кылынган.

Кыргыз элинин жомокторунда социалдык чeйрeнYн адамдын калыптануусуна тийгизген таасири, адамдар ортосундагы мамилелер системасы, социалдык маселелерди чечYY жана алардын алдын алуу жолдору чагылдырылат.

Жомок терапиясы азыркы мезгилде активдYY eнYГYп жатат десек болот. Жомок психологго жана анын кардары менен болгон пикир алышуусун, бири-бирин туура тYШYHYп, ийгиликтYY баарлашууга жардам берет. Кээ бир убактарда адамдардан кандай жомоктор аларга кeбYрeeк жага тургандыгын суроо менен, алардын ички дYЙнeсY тууралуу кеп нерседен кабар алууга болот.

Жомок терапиясы - психологияда баланы аны курчап турган социумга, дYЙнeгe болгон кeз карашынын калыптануусуна eзгeчe таасирин тийгизYYЧY натыйжалуу ыкма катары каралат. Жомок терапиясы баланын eнYГYYCYн туура багыттоодо колдонулуучу негизги инструменттерден болуп саналат. Жомокту угуу, ойлоп табуу жана талкуулоо процессинде баланын чыгармачылыгы, элестетYYCY, кабыл алуусу, ой жYГYртYYCY eнYгeт. Жомок аркылуу бала ар кандай чечим кабыл алуунун, изденYYHYн механизмдерин eздeштYрeт жана жYPYм-турумдун оптималдык социалдык моделдерин кабыл алат.

Жомокторду угуу менен адам eзYHYн жашоо сценарийин тYЗгeнгe аракет кылат. Бул eзгeчe балдарда так, даана байкалат. Кeптeгeн балдар бир эле жомокту кайра-кайрадан окуп берYYHY, айтып берYYHY суранышат. Бала жомокту окуп же андагы окуялардын тартибин ойлоп таап, улантып, ж.б. иш аракеттеринин негизинде eзYHYн жашоосундагы пайда болгон кыйынчылыктарды кантип жецYYHYн жолун таба алат.

Жомок дYЙнeсY балдардын eнYГYY процессинде, алардын чоцдор дYЙнeсYнe аралашуусуна жол кeрсeтeт, ац сезимин, чыгармачылыгын eнYктYрeт, пикир алышуу жeндeмдYYЛYГYн калыптантат, жана каармандардын образдары аркылуу жаман менен жакшыны айырмалоого тYрткY берет. Жомок дYЙнeсY баланын жашоосундагы биринчи мектеп болот десек жацылышпайбыз. Себеби жомоктордо жYPYм-турум схемасы (схема поведения), сценарийи камтылган. Андагы ар бир окуяда белгилYY бир кыйынчылык маселеси жана аны ийгиликтYY чечYY ыкмасы берилет. Белгилей кетчY нерсе, кандай гана жомок болбосун CYЙYY, боорукерлик, жакшылык, кайрымдуулук - коркунучту, кeрe албастыкты, жамандыкты жецип, аягында кубанычтуу окуя менен аяктайт. Ошентип жомок балага позитивдик кeцYЛДY, оптимисттик маанайды тартуулоого жардам берет. Кыргыз элинин жомоктору психодагностикалык, психотерапиялык, психокоррекциялык касиеттергээ ээ жана кыргыздын жаш муундары YЧYн эц жакын, эц тааныш жана таасирлYY каражат катары натыйжалуу колдонула алат. Китебибиздин аягында (тиркемеде) терапевттик мааниси кYчтYY жомоктордон бир-экини мисал катары киргиздик.

Санжыранын психологиялык мааниси. Санжыра - кыргыз элинин байыртадан багып келе жаткан ата-мурасы. Башка тYрк элдеринде шежире, чежире, чажара деген тYPдe айтылат, арабдын чажара - дарак деген сeзYнeн алынган. Демек, кыргызча санжыра деген сeз элдин тарыхын дарак сыяктуу айтуу дегенди билгизет. Санжыра чындыгында бир уруу журт гана эмес, бYткYЛ адамзаттын топурагы бир, жашаган жерине, улутуна карабай, бардык пенденин тYбY бир атадан келип чыгат деген ойду ырастайт. Кыргыз элинин санжырасы улут тарыхынын кызыктуулугун, элибиздин ынтымактуулугун, ишенимдин терецдигин, рухий дeeлeттeрдYн бийиктигин кeрсeтYп турат.

Санжыра айтуу кыргызда муундан-муунга уланып келе жаткан жакшы салт десек да болот. Санжыра айтуунун негизги максаты - бир туугандардын, уруулардын ортосунда, ошондой эле бYTYндeй элдин ортосунда биримдYYЛYктY, ынтымактуулукту сактоо, алардын баштарын кошуу болуп келген.

Кыргыз журтунда илгертеден уруу аксакалдары, ата-энелер, балдары менен бетме-бет олтуруп баарлашып, eткeн тарыхты, орчундуу окуяларды, социалдык-саясий маалыматтарды, ар кыл маселелерди талкууга алышкан. Санжыра уруунун, YЙ-бYлeнYн ынтымагын арттыруучу, YЙ-бYлe мYчeлeрYHYн ортосундагы мамилелерди бекемдeeчY, санжыра угуучулардын логикалык ойлоосун, кабыл алуусун, эске тутуусун, сезимдерин eстYPYYЧY эц сонун психологиялык ык болуп эсептелинет.

Санжыранын тeмeндeгYдeй психологиялык функцияларын белгилей кетсек болот: маалымат берYY, социалдык топторду бириктирYY жана интеграциялоо, жалпы «биз» сезимдерин eнYктYPYY, социалдык идентифицикациялоо ж.б. Мисалы, eзYHYн тYпкY тегин, кайсыл уруудан экендигин, ата теги ким болгондугун билген адам, eз уруусунун, ата-бабасынын сыймыгы болгон жана ата-бабаларынын, келечек муундун астында кандайдыр бир жоопкерчиликтYY экендигин сезет. 0ЗYHYH тYпкY тегин билген адамда этникалык таануусу, иденттYYЛYГY жана eзYнe болгон баа берYYCY, eзYн башкаларга окшоштуруу, алардай сезYY процесстери калыптанат. Исмаилов А.И. eзYHYн тегин билбеген адамга мындай мYнeздeмe берген: «Теги жок адам eзYHYн кай тарапка учуп баратканын билбеген бYPKYткe окшош» (Исмаилов, 2002, 81-б.).

Ар бир кыргыз баласы eз тегин билYYгe милдеттYY. Эл ичинде да жети атасын билбегенди «Жетесиз кул», «Тегин билбеген элин билбейт», «Жети атасын билбеген -жетесиз», «Теги жок кул», «Эли журтуц болбосо, ай-кYHYЦдeн не пайда», «Элин сагынбас эр болбойт, жерин сагынбас ат болбойт», «Элден безген эр эмес, жоодон качкан шер эмес» деген маанидеги сeздeр айтылып келген.

Санжыранын психотерапия тармагында кецири колдонулуучу YЙ-бYлeлYк генограмма ыкмасы (семейная генограмма) менен окошоштуктары кeп. Генограмма - бул YЙ-бYлe тарыхынын, социалдык байланыштарынын графикалык тYPдe чагылдырылуусу. Генограмма адамдардын бири-бири менен болгон туугандык, социалдык жана эмоционалдык байланыштарын кeрсeтeт. Анда мындай маалыматтар белгиленет: аты-жeнY, Yч муундагы аталары жeнYндe маалымат, алардын социалдык, YЙ-бYлeлYк, экономикалык абалы, диний кeз караштары, жашаган жерлери, ден-соолуктары, eнeкeт оорулары, тукум кууган жeндeмдYYЛYктeрY, eлYмдeрYHYн себептери ж.б.

Кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Айтматов санжыра тууралуу тeмeндeгYдeй ойду айткан: «Жакырчылыкта санжырачылар болбосо, eтYп кеткен убакыт жана муундар жeнYндe кандай кeцYлсYЗ эскерме калаарын кeз алдыга элестетип кeрYЦYЗЧY• • • Санжырада философия жана фантастика, поэтика жана убакыттын символу бар. Мындан тышкары санжыра - бул элдин улуттук эн тамгасы жана аны таануу белгиси».

Элибизде eзYHYн тарыхын, маданий-руханий байлыктарын, тYпкY тегин, маданиятын билбегендерди «мацкурт» менен салыштырып келишкен. Ч. Айтматов: «Мацкурт eзYHYн ким экенин, тYпкY тегин, ата-бабасын, аты жонун, ата-энесин, бала кезин билбеген, тактап айтканда, eзYн адам катары сезбеген адам» - деп белгилеген. Анын пикиринде eткeнY жок келечек болбойт. Эт^н тарыхты унутуп калуу «руханий мацкуртчулукка» алып келиши мYмкYн. Жазуучунун кeз карашында эс тутум инсандын акыл - ой байлыгынын ченеми. Акыл - ой байлыгы, тарыхы, руханий eмYP баяны, искусство жаатында - байыркы мифтер, легендалар, классика тууралуу маалыматы жок адам руханий жактан жакырчылыкка кабылат жана ал eнYккeн коомдун кандайдыр бир кыйынчылыктарын кабыл алууга даяр эмес. Мисалы Ч. Айтматов "Кылым карыткан бир кYнм, "Кассандра Тавросу", "Тоолор кулаганда" чыгармаларынын каармандарынын "манкуртчулуктун" туугандык байланышына, элинин каада-салттарына жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга кайдыгер мамиле кылуу, коюлган максат YЧYн адеп-ахлак нормаларынан eтYYгe даяр болуу, "кулдук" жагымдуулук сыяктуу белгилерин баса белгилеген (Матвейчук, 2017, 36-б.; Сейитбекова ж-а Мирзакматова, 2022).

Мацкуртчулук бул улуттук турмуш шарттын, улуттук жYЗДYн жана руханий баалуулуктардын жоголушу катары каралып, элдин социомаданий eнYГYYCYнe тескери таасирин тийгизип салттуу социалдык байланыштар системасына зыян келтирет (Орозалиев Э.С, Мусаева Н.К., 2013. 140-141- б.). Ошондуктан, Кыргызстанда психология илимин eнYктYPYYДe да улуттук тамырларыбызга, тарыхыбызга, ата-бабалардын акыл кептерине, этно-гуманистттик салттарга, кыргыз санжырасында айтылган маалыматтарга таянуу бирден-бир милдеттYY талаптардан болуп эсептелинет.

Улуттук психологиянын методологиялык базасын тYЗYYДe кыргыз элинин менталдык eзгeчeлYктeрY эске алынбаган батыштын психологиясынын методологиялык-теориялык базасына таянуу туура эмес экендигин билебиз. Башка социо-маданий чeйрeгe, башка элге ылайыкталып иштелип чыккан психологиялык инструментарийлер, теориялар, кыргыз элинин жашоо шартына жана мYнeзYнe дал келе бербейт. Биз элибиздин интеллектуалдык суверенитеттYYЛYГYнe кам кeрYп, заманбап улуттук, психологиялык, илимий мектептерди тYЗYYHY ойлонуубуз, фундаменталдык жана прикладдык мYнeздeгY кайталангыс, оригиналдуу, eз алдынча жYргYЗYЛгeн изилдeeлeрдY жандандыруубуз керек.

Кыргызстанда илимий психологиянын калыптануу eзгeчeлYктeрYн, азыркы абалын иликтee кылдат талдоону талап кылган чоц маселе. Кыргыз элинин философиясы, психологиялык ойлору, улуттук менталдык eзгeчeлYктeрY, маданий мурастарынын тарыхы казылып жана ачылып бYткYC кен сыяктуу. Бул макаланын кыргыз элдин мYнeзY, адаттары, ниеттери, акыл TYЗYЛYШY, жYPYм-турум ченемдери жана башка eзгeчeлYктeрY толугу менен ачылды деген ойдон алысмын.

Алсак, кыргыз элинин психологиясынын анын материалдык маданиятынын шартында (кийими, тамак ашы, турак жайы, прикладдык искусствосу, эмгек жана согуштук курал-жарактары) калыптанышы, элдин музыкалык-эстетикалык кабылдоосу, улуттук

майрамдардын психологиялык мааниси, кeчмeндeрдYн дYЙнe кабылдоосу ж.б. кептеген суроолор ачыла элек кундуз сьщары психологиялык талдоого алына элек.

Эц негизгиси, eзYбYЗДYн психологиябызды изилдееде, жалпы маданиятыбыздын анын ичинен улуттук маданияттын жетишкендигине, руханий байлыктарыбызга, кылымдарды карыткан жашоо тажрыйбабызга, уникалдуу улуттук философиябызга таянуубуз маанилYY.

Адабияттар

1. Абдиева, Ж.К. (2021). "Манас" эпосу - элдик педагогика жана билим берYYHYн булагы катары. Вестник Ошского государственного университета. Vol. 2, No. 3. сс. 114-122. DOI: 10.52754/16947452_2021_2_3_114. EDN: RSQEKZ.

2. Бакиева Г.А. (1996) «Манас» и сознание кыргызской культуры // Эпос «Манас» и эпическое наследие народов мира. Б., Кыргызстан, 1995. С. 172.

3. Закиров С. (1998) Кыргыз санжырасы. - Б. С.7.

4. Иванушки, не помнящие своего родства.//Исмаилов А.И. Философия духа кыргызского народа. Монография. Исследование переходного периода. -Б.: АО «Учкун», 2002.- С.81. кyrgyzinfo.ru/tekst/sanzhyra-kyrgyz-sanzhyrasy.html

5. Матвейчук В.В. (2017)0браз «Манкурта» в романах Ч. Айтматова. Гуманитарные исследования молодых ученых Южного Урала. Сборник научных статей. Челябинск,. https://elibrary.ru/item.asp?id=34919348

6. Орозалиев Э.С, Мусаева Н.К. (2013) Философия социальной работы.-Б..-С.140-141.

7. Сейитбекова, С., & Мирзакматова, О. (2022). Язык, культура и коммуникация. Вестник Ошского государственного университета, (2), 200-206. https://doi.org/10.52754/16947452 2022 2 200

8. Шакеева Ч. (1995) Психология конфликта в эпосе «Манас». Эпос «Манас» как историко-этнографический источник. Тезисы международного научного симпозиума, посвященного 1000-летию эпоса «Манас». Б.: 1995. - С. 175-176.

9. Юнг К.Г. (1991) Подход к бессознательному // Архетип и символ. — М., Ренессанс, 1991. — С.87.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.