ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ТАРЫХ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ИСТОРИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. HISTORY
e-ISSN: 1694-867X
№2(3)/2023, 93-100
УДК: 159.99.316
DOI: 10.52754/1694867X 2023 2(3) 13
КЫРГЫЗ ОЙЧУЛДАРЫНЫН ПСИХОЛОГИЯЛЫК ОЙ ТОЛГООЛОРУ
ПСИХОЛОГИЧЕСКИЕ РАЗМЫШЛЕНИЯ КЫРГЫЗСКИХ МЫСЛИТЕЛЕЙ
PSYCHOLOGICAL REFLECTIONS OF KYRGYZ THINKERS
Тентигенова Асел Ибираимовна
Тентигенова Асел Ибираимовна Tentigenova Asel Ibiraimovna
улук окутуучу, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети
старший преподаватель, Бишкекский государственный университет им. К. Карасаева Senior Lecturer, Bishkek State University named after K. Karasayev tentigenova@,mail.ru
КЫРГЫЗ ОЙЧУЛДАРЫНЫН ПСИХОЛОГИЯЛЫК ОЙ ТОЛГООЛОРУ Аннотация
Бул макалада кыргыз элинин акындарынын, ойчулдарынын психологиялык ой толгоолору талкууланып, психологиялык талдоого алынды. Кыргыз акындарынын ез убагында айтып кеткен акыл насааттарынын азыркы замандагы психологиялык кез караштарга, психологиялык айрым багыттардын идеяларына да дал келээри керсетYлдY. Акын - ойчулдардын, жомокчулардын чыгармаларынан психология илимине байланышкан бир топ кызыктуу ойлорун табууга аракет жасалды. Аларын ичинен акын Асан-Кайгы, кыраакы ойчул Толубай Сынчы жана баамчыл Санчы Сынчынын айтып кеткен психологиялык мYнездегY кецештери, тYШYHYктерY талдоого алынып, мисалдар келтирилди. Ошондой эле макалада кыргыз элинин заманчы акындары тууралуу да баяндалат. Алардын инсан психологиясы, социалдык психология, енYГYYHYн психологиясы, улуттук ац сезимдин калыптануусу жана башка тармактар тууралуу ыр саптарына сереп салынды.
Ачкыч свздвр: ойчул, акылмандуулук, аналитикалык ой-жYГYртYY, улуттук эс тутум, ац сезим, жYPYм-турум, психологиялык кез караш.
ПСИХОЛОГИЧЕСКИЕ РАЗМЫШЛЕНИЯ КЫРГЫЗСКИХ МЫСЛИТЕЛЕЙ
Аннотация
В данной статье обсуждены и проанализированы психологические размышления поэтов, мыслителей кыргызского народа. Раскрыта идея о том, что мудрые наставления кыргызских поэтов в свое время соответствуют современным психологическим взглядам, концепциям некоторых психологических направлений современности. В данной статье были предприняты попытки найти ряд интересных высказываний и взглядов акынов, связанных с психологической наукой. Из них были проанализированы размышления психологического характера, высказанные поэтом Асан-Кайгы, проницательным мыслителем Толубаем Сынчы и проницательным критиком Санчы Сынчы и приведены соответствующие примеры. Также в статье рассказывается о заманчы поэтах кыргызского народа. Приводится обзор их стихов о психологии личности, социальной психологии, психологии развития, формировании национального сознания и других областях.
PSYCHOLOGICAL REFLECTIONS OF KYRGYZ THINKERS
Abstract
This article discusses and analyzes the psychological reflections of poets, thinkers of the Kyrgyz people. The idea is revealed that the wise instructions of Kyrgyz poets at one time correspond to modern psychological views, concepts of some psychological trends of modernity. In this article, attempts were made to find a number of interesting statements and views of akyns related to psychological science. Of these, the psychological reflections expressed by the poet Asan-Kaiga, the astute thinker Tolubai Synchy and the astute critic Sanchy-Synchy were analyzed and relevant examples were given. The article also tells about the zamanchy poets of the Kyrgyz people. The review of their poems about personality psychology, social psychology, developmental psychology, the formation of national consciousness and other areas is given.
Ключевые слова: мыслитель, мудрость, аналитическое мышление, национальная память, сознание, поведение, психологические воззрения.
Keywords: thinker, wisdom, analytical thinking, national memory, consciousness, behavior, psychological views.
Киришуу
Кыргызстанда психологиялык ойлордун калыптануусу бай тарыхка ээ жана ошол тарыхты азыркы кYнгe жеткирYYДe, элдин арасынан чыккан жомокчу, акын, манасчы, санжырачылардын салымы чоц. Алар элдин тYптYYЛYГYн сактаган чыгармаларды элге жайылтып, руханий жактан байытуу милдетин аткарып келишкен. Акындар эпикалык, лирикалык, ырым-жырым жана сатиралык чыгармаларды эсине сактап, аны муундан муунга оозеки тYPдe eткeрYп, eзYHYн кенен репертуарына ээ болуп, аны элдин, ошол мезгилдин талабына ылайык жацы саптар менен кенейтип, эл чогулган жерлерде тeгYп ырдашкан. Акындардын тeкмeлYк eнeрY калк арасында жогорку децгээлде бааланган. Акындардын эмгегинин аркасында, кыргыз эли фольклордук мурастарын сактап келген.
Акын - импровизатор, тактап айтканда, кандай гана убакыт болбосун ар тYPДYY темада, алдын ала даярданбастан, турган ордунда тeгYп ырдоо жeндeмдYYЛYГY кYчтYY адам. Алардын тeгYп ырдоо арсеналы эпикалык ой толгоонун (эпическое мышление) элементтерине бай. Алардын чыгармачылыгындагы эц негизги нерсе - eзгeчe чыгармачылык психология, акындык ой толгоолорунун логикага негизделYYCY, кeркeм YHДYYЛYK, кубулуштарды, айлана-чeйрeнY, предметтерди eзгeчe CYрeттeгeн акындык чеберчилик.
Акындарды коомдо адилеттYYЛYктY, кайрымдуулукту дацазалаган адам катары кабыл алса болот, анткени, алар коомдо болуп жаткан терс кeрYHYштeрдY сындап, карапайым элдин кайгысына, азабына ортоктош болуп алардын сезимдерин CYрeттeшYп, кайгы-муцдарын тец бeлYШYп ырдашкан.
Алардын ичинен адамдардын психологиялык абалын терец тYШYHYп, эмпатиялык мазмундагы ыр-саптарын жарактан акын Асан Кайгыга (ХГУ-ХУ кыл.) токтолсок. Асан Кайгы айкeлдYГY, акылмандыгы, болочокту кeрe билген кeрeгeчтYГY, жакшы менен жаманды, ааламат менен апаатты алдын-ала айткан олуялыгы, санат-термелери, нускалуу кептери менен ысымы кылымдан-кылымга кыдыра уламага айланган залкар акындардын бири.
Асан Кайгынын чыгармачылыгында психология илиминдеги эмпатия жана конгруэнттYYЛYк тYШYHYктeрY даана ачылып берилген. Ал адамдардын жандуу жаратылыштын баардыгына кeрсeтYЛгeн ырайымсыздык мамилелерине каршы болуп, алардын абалын eзYHYн жан дYЙнeсY менен сезе билген:
Салган тамы жок, кылган камы жок,
Алган даны жок, баккан малы жок,
Мал багарга алы жок, кeзY-башын кeгeртYп,
Баягы ^ген байкуш кантти экен?
Жатаарына жайы жок, кeрe турган кeзY жок,
Чымын байкуш кантти экен?
Суукка муздап, сeeгY сыздап,
Чалбарларын кие албай,
Чалдар байкуш кантти экен?
Байпактарын кие албай
Балдар байкуш кантти экен?
Келин тил албай, жeн басып жYрe албай,
Кемпир байкуш кантти экен?
Алдейлерге эне жок, асырарга ата жок,
Жетим байкуш кантти экен (Орозалиев, Мусаева, 2013. 154-б.).
Адамдардагы боорукердик (эмпатия) пассивдYY жана сыртынан гана ^^л буруу ирээтинде болбостон, жардамга, кецешке муктаж бардык жандуу жаратылышка чын дилинен кeнYл буруп жардам берYYHY талап кылат. Асан Кайгы адам баласын бири-бирине жакшылык кылууга, жардам берYYгe табиятынан жeндeмдYY экенин белгилеген. Психология илиминде адамдардын бири-бирине жардам берYYгe багыт алуусу просоциалдык жYPYм-турум тYШYHYГY аркылуу мYнeздeлeт. Батыш окумуштуулары айткандай эле Асан Кайгынын ою боюнча да «жардам берYY жeндeмдYYЛYГY» ар бир адамда ар кандай дэцгээлде калыптанат. Аны eнYктYPYY YЧYн жeн гана жакшы кeрYп, кайгысын тец бeлYШYп койбостон, жакшы менен жаманды, акылмандуулук менен акмактыкты, адилеттYYЛYк менен наадандыкты, кайраттуулук менен коркоктукту ажырата билYY керектигин айткан (Акматалиев, 2003, 45-б.).
Адамдардагы боорукердик сапаттан сырткары CYЙYY сезимин эц жогорку жана эц баалуу сезим деп эсептеген (эмоция тууралуу теорияларда да CYЙYY базалык эмоция деп белгиленет). СYЙYY адамдарды бириктирип, eз ара байланышты жакшыртып, ынтымакка жана тынчтыкка чакырат деп тYШYндYрeт. Акын бир гана CYЙYY жана боорукердик адамдардын ортосунда гармониялык мамиленин калыптануусуна алып келет деп ишенген. Ал «жакын адамга болгон CYЙYYДeн» (любовь к ближнему) «алыс адамга болгон CYЙYY» (любовь к дальнему) маанилYYPeeк деген. Ал эц алгач адамдарды коомду, жалпы элдик максаттарды, коомдук баалуулуктарды CYЙYYгe чакырган. Жаратылышка, жан-жаныбарларга, адамга, ишине болгон CYЙYYCY кайсы гана жерде болбосун, адамдын жYрeгYндe жашашы керектигин айткан (Сейитбекова, Мирзакматова, 2022).
Асан Кайгы жарык дYЙнeгe келгенден eмYP eткeнгe чейин согушту, ыр-чырды, мыкаачылыкты, таш боордукту, ырайымсыздыкты - бир сeз менен айтканда пендечиликтеги бардык терс кeрYHYштeрдY сынга алып жYPYп eткeн. Тек гана ал Кудай Тааладан, адамдардан бейпилдикти, тецдикти, эркиндикти, барчылык менен токчулукту, YЙрYлe тYшкeн боорукерчиликти, кайрымдуулукту, акыйкаттыкты, адилеттYYЛYктY тилеп, издеп, кейип-кепчип жYPYп, арманда кeзY ачык eтYптYр. Ал бYTYндeй элдин тарткан азабын, кeргeн кордуктарын, элди жоо, доо басып, чабылып-чачылып, самандай сапырылганына eтe кейип, eзгeчe жаны ачып, басса-турса да «элимдин келечеги, кeргeн KYHY, жан-жаныбарлары, макулуктары не болот» деп кейип, убайым жеп, кайгы тартып жYргeндYктeн эл Асанды «Асан Кайгы» деп калыптыр. Бара-бара ал ысым муундан-муундарга eтYп, ылакапка айланган экен.
Ал CYЙYYHY боорукердиктин эц негизги шарты катары караган. Боорукердик жeндeмдYYЛYГY инсандын эц негизги сапаттарынын бири. БYГYнкY кYндeгY психология илиминде эмпатия TYШYHYГY адамдын башка адамдардын кайгы-капасын элестете билYY жeндeмдYYЛYГY же башка адамдын эмоционалдык дYЙнeсYнe тартыла билYYCY деп тYШYндYPYлeт. Ошентип кыргыз ойчулдарынын ичинен Асан Кайгыны эмоционалдык психологиянын негизги суроолорун кeтeргeн жана адам эмоциясын талдоого аракет кылган десек болот.
XIV-XV кылымдардагы кыргыз коомчулугундагы социалдык кeйгeйлeргe кыраакы ойчул Толубай Сынчы да кайдыгер караган эмес. «Сынчы» - деп элибизде аналитикалык ой жYГYртYYгe жeндeмдYY, кeрeгeч, баамчыл адамдарды айтышкан. Алар адамдын келечеги, ички сапаттары жана адамзаттын жашоосуна байланышкан, сырткы айлана чeйрeгe, кeпчYЛYккe маалым болбогон адамдардын, жаныбарлардын, буюм - тайымдардын сапаттары туураалуу ой-пикирлерди айтышкан.
Толубай сынчы-элдик уламыш боюнча XIV-XV кылымда жашаган кыргыз сынчысы жана акылман-ойчулу. Толубай Сынчы жаратылыштын жана коомдук турмуштун маселелерин таанып-билYYДe алысты кeрe билген адам болгондугу айтылат. Ал Жаныбек Хандын тушунда жашап, eз заманында жаныбарлардын касиетин, eзгeчe жылкылардын кYЛYктYГYн, тулпар чыга тургандыгын алдын ала баамдай алгандыгы, кeрeгeчтYГY, сынчылыгы менен дацазаланган мыкты саяпкер болгон экен. Толубай Сынчы эл арасында чечендиги, акылмандыгы менен да таанымал болуп, ханга да тайманбай сeз кайрыган, элди ынтымакка чакырган инсан катары айтылат (Орозалиев, Мусаева, 2013, 159-б.).
Толубай сынчынын ойлорунда социалдык психологиядагы социалдык багыт алуу (социальная установка) альтруизм, eзYнe-eзY баа берYY (самооценка) жана eздYк кадыр барк (самоуважение) ж.б. бир топ маселелер камтылган. Мисалы, анын «Жакшы болчу жигиттер алсызга карашат, жаман болчу жигиттер тууган менен касташат» деген акылман оюнда жалпы уруу мYчeлeрYHYн башкаларга жардам кeрсeтYп, камкордукка алуусу, коомдук биримдикти сактоонун негизги шарты экендигин айткан.
Ошондой эле альтруисттик журум - турум аркылуу адам eзYHYн ички дYЙнeсYн гармониялаштырып, социалдык маанилYYЛYГY, eзYн-eзY сыйлоосу артаарын белгилеген. Толубай Сынчы мындай деген ойду: «Кимдир бир бирeeгe кандайдыр бир жакшылык кылып, жардам берYY менен, адам eзYнe биринчи жардам берет: ички руханий канааттанууга ээ болуп, eзYнe-eзY баа берYYCY (самооценка) жана eздYк кадыр баркы (самоуважение) кeтeрYлeт» (Рукописный фнд, 16-б.).
Кыргыз элинин тарыхында изин калтырган Санчы Сынчы тууралуу да айта кетYYгe болот. Анын eз аты - Сансыз. ЭмYP баяны жeнYндe так маалымат жок. Уламыштарга жана эл оозундагы болжолго караганда Санчы Сынчы солто (же эштек) уруусунан чыгып, XVI кылымдын аягы, XVII кылымдын башында жашаган экен. Бул маалымат чындыкка кeбYрeeк жакын кeрYнeт. Ал кeргeнYн тартынбай айткан, айтканы айткандай келген eтe кыраакы, баамчыл киши болгон. Анын да айткан сeздeрY толук сакталып калган эмес. Эл оозунда белгилYYлeрY: Солто бийдин уулдарын, Болот бийден тарагандары, Кудаян ханды, Алдаш Белек уулун сындап айткандары сакталып калган:
Кой-кой десем болбойсуц
Компоцдогон Кудаян,
Кордугуцду койбойсун.
КeргeнYмдY айтамын,
Акыры тYбY оцбойсуц.
Сен кара жолтой хандырсыц,
Кадемиц каткан жандырсыц.
Ушу сенин тушуцда,
Журт бузулат ушунда.
Калыц кыргыз бузулат,
Качып, бозуп кысылат.
Калкка тиет кесириц,
Как талаада калат жесириц (Рукописный фнд, 16-б.).
Санчы Сынчы элдин кайгы-муцуна себепкер болгон адамдарды сынга алган. Элдин социалдык абалы женYнде кеп ойлонуп, кедейчиликтин азабын чегип жаткан мекендештерине боору ачыган. Коомдо социалдык жоопкерчилик TYШYHYГYH жогору койгон. Ал ар бир адам езYHYн YЙ-бYлесYн, урук -туугандарынын жана коомдун астында моралдык милдетин жакшы TYШYHYYCY керек деп эсептеген. Жоопкерчилик эркиндик TYШYHYГY менен тыгыз байланышта каралган. Ал эркин адам езYHYн жоопкерчилигин сезген адам деп белгилейт. Санчы Сынчы адамдардан: «Бирее мицин ойлосун, мици он мицин ойлосун» -деген сезYн дайыма колдонуу менен олуттуу кадамдарды жасоосун талап кылган. Ошондо гана социалдык, саясий жана экономикалык кыйынчылыктарды адам жецип, бейпил жашоого жете алат деген ойлорун айткан (Орозалиев, Мусаева, 2013, 160-161-б.).
Ошентип, кыргыз ойчулдарыбыздын эмгектерин талдоо менен алардын чыгармаларында психологиялык тYШYHYктердYн орун алганын белгилегенге аракет кылдык. Ошондой эле кыргыз элинин кулк мYнезY, менталитети улуу ойчулдарыбыздын ой-толгоо, санат-насыяттарына сугарылып калыптангандыгын да кере алдык. Айтып кеткен ойчулдарыбыздын чыгармалары кыргыз элинин философиялык кез караштарын гана чагылдырбастан бир топ социалдык, психологиялык тYШYHYктердY камтыйт деген тыянакка келдик. Алардын даанышмандык, нравалык сабактары коомчулукта социалдык ролдордун, социалдык ченемдердин алкагында езYн-езY алып жYPYY эрежелеринин калыптанышына да чоц таасирин тийгизип, адамдардын езYн-езY башкаруу жендемдYYЛYктерYн арттырууга багытталган. Жыйынтыктап айтканда, кыргыз элинин коллективдYY эс тутумунун жана улуттук ац сезиминин калыптануусунда кыргыз ойчулдарынын эмгеги чоц экендигине ынандык ().
Психология илими YчYн заманчы акындарыбыздын да чыгармачылыгы езгече кызыгууларды туудурат. Заманчы акындар - кыргыз элинин коомдук ац сезиминин калыптанышына абдан таасир калтырган. Алар ездерYHYн чыгармаларында социалдык толкундоолорду жараткан патриархалдык-феодалдык TYЗYЛYШTYH, Россия менен байланышкан мезгилдин карама-каршы жактарын чагылдырып ырдашкан.
Заманчылардын керYHYктYY екYЛдерY Калыгул (1785-1855) (Калыгул Бай уулу, 2003, 200-б.), Арстанбек (1824-1874) (Арстанбек, 1997, 9-б.), Молдо Кылыч (1866-1917) (Кыргыз Поэзиясынын Антологиясы, http://bizdin.kg/elib/kitepter/) болгон. Алардын чыгармалары кыргыз коомунда YCтемдYк кылган патриархалдык - уруучулук мамиле, ислам дининин YCтемдYГY Х1Х-кылымдын аягында ХХ-кылымдын башында жергебизде болуп еткен тарыхый окуяларды чагылдырган. Заманчы акындар ез чыгармаларында ошол мезгилдеги коомго эле эмес, андагы жашап турган адамдардын жYPYш-турушуна, кулк мYнезYне, социалдык-психологиялык абалына мYнездеме беришкен. Башкача айтканда ез мезгилинин социалдык психологдору болгон десек да жарашаар. Ошону менен бирге алар инсан психологиясы, инсандын калыптануусуна социалдык чейренYн тийгизген таасири тууралуу суроолорго да кецYЛ белYшкен. Алар ез чыгармаларында Россия менен мамиле тYЗYЛген
доордун карама каршылыктуулугун, адамдын ниетинин, алардын кез караштарынын, ойлонуусунун езгерYШYне тийгизген таасирин ачып беришкен.
Заманачылардын чыгармаларында жеткилец идеалдуу адам тYШYHYГY да болгон. Кыргыздарда бул тYШYHYк e3YHe ак ниеттик, эр жYректYYЛYк, чынчылдык, женекейлYк, жолдошчулук, ез керт башынын гана камын ойлобоочулук сыяктуу белгилерди камтыган. Заманчы акындар жашоонун жацы шартында eсYп келе жаткан жаштар баалуу адамдык касиеттерин жоготуп коюшат деп коркушкан. Адам эмне болуп бара жатат? Бул акындар жооп берYYгe аракеттенишкен негизги суроо болгон. Алар адамдар жаман жакка ооп бара жатат деп эсептешкен жана насаат сeздeрY менен бул процессти токтотууга аракет кылышкан. Ушул мезгилде адамдын табияты, y^'^^y, умтулуулары, коркунучтары, баалуулуктары, тиричилик аракеттери сыяктуу суроолорду талдоо менен батыш жана орус окумуштуулары да алек болгон.
Жалпылап айтканда, заманчы акындар татыктуу жашоо образы, адамдар жана аларды курчап турган айлана-чейре тууралуу ойлорун айтып калтырышкан. Ар бир эле элде YлгYЛYY (идеальный), жакшы адам туураалуу тYШYHYктeр бар. Кыргыз элинде мындай адам деп ак ниет, кайраттуу, чынчыл, адилеттYY, женекей, достукту баалаган, эл камын ойлогон адам эсептелинет. Акындар, жаштарды жацы турмуштук шарттарда жогорудагы айтылган адамдык асыл сапаттардан айрылып калат деп чочулашкан. Адамдар эмне болуп, кайсы жолдо баратышат? - бул акындарды ойлонткон жана ага жооп берYYгe аракет кылган эц негизги суроосу болгон. Акындар eздeрY жашап турган коомго, мезгилге, адамга баа беришкен. Келечектин белгисиздигине, учурдун жеткиликсиздигине, eткeндYн кайталангыстыгына eкYHYY менен карашкан (Исаков, Асанова, Абытова, 2023).
Кыргыз акындарынын ой-жYГYртYY децгээлинин, табигый же социалдык кeрYHYштeрдY талдоо, ага баа берYY потенциалдарынын жогору болгондугу белгилYY. Алардын чыгармаларында eмYP, eлYм кeрYHYштeрYнe философиялык, психологиялык кез карашта баа берилет. КeпчYЛYк ойчул акындардын ойлору батыш психологдорунун ойлоруна шайкеш келээрине ынанса болот. Акындар жен гана сез ээси эмес, ез доорунун акылман ойчулдары, агартуучулары болгон. Эгер бул улуу адамдар окуп билим алган болсо кыргыз психологиясынын баштоочулары болушмак деген ой да кетет.
Ошентип, биз кээ бир гена улуу ойчулдарыбыздын чыгармаларындагы психологиялык кез караштарды, социалдык колдоо идеяларынын eнYГYYCYн YCTYPтeдeн карап ет^к. Ата-бабаларыбыздын акылман ойлору Кыргызстанда психология илиминин мындан аркы eсYШY YЧYн да чоц маанигеээ десек болот.
Адабияттар
1. Арстанбек. Б., 1997. 9-б.
2. Асан Кайгы, Токтогул, Кет Бука. НАН КР. ТYЗ А.Акматалиев., - Б.: 2003. С.45.
3. Исаков, К., Асанова, Д., Абытова, Г. (2023). Философская проекция деградации человека в произведениях Ч. Айтматова. Вестник Ошского государственного университета. Философия. Социология. Политология, 1(1), 23-31. извлечено от https://journal.oshsu.kg/index.php/filos-sos-pol/article/view/850
4. Калыгул Бай уулу . Избранное / Подгот . текста, сост., перевод с кыргызского на рус. яз. М.А. Рудова. - Бишкек: АРХИ, 2003. - 200 с.
5. Кыргыз Поэзиясынын Антологиясы. 1 Том. 4 Бап. Молдо Кылыч Шамыркан уулу «Зар заман». http://bizdin.kg/elib/kitepter/
6. Орозалиев Э.С., Мусаева Н.К. Философия социальной работы: учеб. пос.- Б.: Изд-во УДПКР, 2013. С154.
7. Рукописный фонд. Инв. № 92 (294) - С. 16.
8. Сейитбекова, С., & Мирзакматова, О. (2022). Язык, культура и коммуникация. Вестник Ошского государственного университета, (2), 200-206. https://doi.org/10.52754/16947452 2022 2 200