Научная статья на тему 'ТҮРК ЖАНА БАШКА ЭЛДЕРДИН ЭТНО-МАДАНИЙ БАЙЛАНЫШТАРЫ'

ТҮРК ЖАНА БАШКА ЭЛДЕРДИН ЭТНО-МАДАНИЙ БАЙЛАНЫШТАРЫ Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
8
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
салт / баалуулук / этнос / той / жалпылык / customs / values / ethnicity / wedding / communion

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — Х.А. Халматов

Макалада түрдүү элдердин этно-маданий байланыштары чагылдырылган. Анда кыргыз, өзбек, казак жана башка элдердеги окшош салттарга анализ берилген.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

ETHNO-CULTURE CONNECTION OF TURKIS AND OTHER PEOPLE

The article reflects ethno-cultural ties of different peoples. Similarities in the traditions of the Kyrgyz, Uzbeks, Kazakhs and other peoples are analyzed.

Текст научной работы на тему «ТҮРК ЖАНА БАШКА ЭЛДЕРДИН ЭТНО-МАДАНИЙ БАЙЛАНЫШТАРЫ»

7. Чо]

7. Чоротегин Т.К. Краткий курс по изучению арабской графики современных кыргызов КНР: (Учебное пособие для студентов-историков) / Отв. ред. проф. Т.Н.Омурбеков. - Бишкек: Кыргыз. нац. университет, 2002. - 22 с. - ISBN 9967403-49-7.

Чоротегин Т.К. "Фолк-хисторинин" кулагы чыкты, абайлаеыз! -http://www.azattyk.org/a/science_ori entalism_kyrgyz_folk-history_blog_ky/290913 64.html

УДК: 314.148; 947.1 (575.2)(043.3

Халматов К.А., т.и.к., ЖАМУнун доценти, Кыргызстан Халматов К.А., к.и.н., доцент ЖАГУ, Кыргызстан

Турк жана башка элдердин этно-маданий байланыштары Этно-культурные связи тюрских и других народов Ethno-culture connection of turkis and other people

Макалада mYpdyY элдердин этно-маданий байланыштары чагылдырылган. Анда кыргыз, взбек, казак жана башка элдердеги окшош салттарга анализ берилген.

Ачкы свздвр: салт, баалуулук, этнос, той, жалпылык.

В статье отражены этно-культурные связи разных народов. Проанализированы сходства в традициях кыргызов, узбеков, казахов и других народов.

Ключевые слова: обычай, ценность, этнос, свадьба, обшность. The article reflects ethno-cultural ties of different peoples.

Similarities in the traditions of the Kyrgyz, Uzbeks, Kazakhs and other peoples are analyzed.

Keywords: customs, values, ethnicity, wedding, communion

Ар бир элде 63YHYH езгече менталитетин аныктай турган када-салттар калыптанган. Кылымдардан бери кыргыз элинде калыптанып келген када-салттар ез учурунда ислам дини тарабынан колдонууга тыюу салынса, кийин коммунисттик доордун идеологиясы тарабынан кысымга алынган. Мурунку союздук республикалар суверендYYЛYктY алгандан тартып гана ал жерде жашаган элдердин анын ичинде кыргыздардын салт-санаасы эркин енYге баштады. Бирок акыркы жылдарда Фергана ереенYнде жашаган элдердин каада-салты, кийим-кече, тамак-ашы ж.б. изилдее солгундап, унутта калгандыгы чындык. Изилдеп чыгуу кеп кыйынчылыктарды жараткан бул маселе аркылуу биз жалпы дYЙнелYк элдердин: жалпы тYрк жана тYрк эмес, мусулман жана мусулман эмес элдердин бири-бири менен болгон

окшоштуктары менен айырмачылыктарын, eзгeчeлYктeрY менен жалпылыктарын билип алууга мYмкYнчYЛYк алабыз. Андан тышкары аларды изилдвв аркылуу дYйнвлYк meKmYY, тууган элдердин башын 6upuKmupYY, элдердин дYйнвлYк биримдигин mY3YY, бири-бири жвнYндв маалыматка ээ болуу, бири-бири менен байланышты ишке ашыруу сыяктуу зор эл аралык иш чараларды вткврYYгв жетuшYYгв шарт тYЗYлвт

Жалпы эле мусулман элдеринде, анын ичинде кыргыз элинде салттык кeрYHYштeр бала терелгенге чейин эле башталаары белгилYY. взYHYн кеп кылымдык турмуштук тажрыйбасында кыргыздар жакын туугандардан, же бир эле уруудан, уруктан куралган YЙ-бYлeeлeрдeн алсыз, оорукчан, ал тургай тубаса майып, акыл-эси зайып балдардын тeрeлeрYн байкашкан. Ушуга байланыштуу ез баласын Yйлeгeндe башка айылдан, башка уруудан кыз алып берYYгe аракет кылган [1,10]. Ар бир кыргыз уулунун жети атасын билYYCY, санжыра CYPYШTYPYYHYH негизги милдеттеринин бири дал ошол - жакын туугандардын каны аралашып кетYYДeн сактоо болгон. Тарыхта Жакыптын Манаска eзY кыз тандап, Каныкейди алып бергендиги белгилYY. Элибизде али турмушка чыга элек кыздын аз же кеп тeрeшYн, анын тереген балдарынын кандай чыгаарын алдын ала билген адамдар болгон экен. Муну бабаларыбыздын улуу eнeрY катары бааласак болот.

Кыргыздарда жаш жубайларга берилген батада: «Учуе узарып, тукумуе кeбeйсYн», «Алдыеды бала, артыеды мал бассын», «Бала-чакалуу болгула» деп айтышат. Демек балалуу болуу эе башкы тилек.

Бирок езбекстандык кыргыз, езбек, уйгур ж.б. элдик оозеки чыгармачылыкты, санжыраны, жети атаны жакшы билбегендиктенби... жогорудагы принциптер сакталбайт. Этнографиялык талаа изилдее иштери керсеткендей анжияндык кыргыздардын арасында жети атаны айта албагандардын болгондугу тае калтырды. Жакшы билгендери Yч-тeрт атасына чейин гана билет. Андан тышкары туугандар ортосундагы никелер кеп кездешет. Мисалы Н. Исанов айылынын Ахунбабаев кыштагында жашаган Матиев Момун 2009 жылы eзYHYн баласына аялынын бир тууганынын (кайнысынын) кызын алып берген. Башкача айтканда бир туугандардын балдары баш кошушкан. Бул кeрYHYш коешу езбек, уйгур, тажик элдерине да мYнeздYY. Никенин мындай формасы кeбYнчe езбек элинде илгертен болуп, мында калые берилген эмес, кийинчерээк мындай никелер кeнYMYш адатка айланган [5,8,15]. Мындай никелер илгери да, азыр да колунда жок, калые бере албай тургандарга мYнeздYY болгондугун бир топ окумуштуулар [8,23] белгилешет. Кеп учурларда батрактар, жалданма койчулар, жандыгы жоктор калыедын оордугунан Yйлeнбeй eтYп кеткендиги белгилYY [1]. Башка мисал ушул эле айылдын тургуну Козуева Жылдыз менен эжеси Козуева Этибардын балдарынын баш кошконуна беш жыл болду. Кыз менен ^йее бала кайын ата, кайын эне ж.б. ды мурдагыдай эле (тага, эже) атай берет. Ата-энелердин сeздeрYнe караганда, азыркы оор турмушта ушундай нике ыегайлуу, анткени туугандар бири-бирине калые, той чыгымдары маселелерин чечYYДe кыйынчылык туудуртпайт экен. Андан тышкары «нике-алыстап калган тууганчылыкты жакындатат» деп билишет [25].

Бала тYЙYлДYктe пайда болгондон тартып, аялга кeбYрeeк кeeYл буруп, кам кeрYY милдети эркекке жYктeлeт. Аялга оор жYк кeтeрYYгe, ага жагымсыз кабарды айтууга жана биреелер менен урушууга тыюу салынат. Ошондой эле кош бойлуу аялга балык этин жегенге, eлYм, бата, кeрYCтeн, адыр, тоолорго барууга, оор

жумуштарды аткарууга болбойт. Боюнда бар аял - ыйык. Анын ыйыктыгы - моюну ооруган кишинин анын артынан Yч жолу жYГYнтYп койсо, оорубай калат деген ишенимден да байкалат. Кош бойлуу аялдын кYЙeeсY салакасы келечекте тeрeлчY балага тийбесин YЧYн ар кандай арам иштерден алыс болууга тийиш. Фергана элдеринин мындай ырымдарды колдонушу ислам дининин эрежелери менен ишке ашат.

Кыргыздардан айырмаланып, хакастардагы аялдын кош бойлуу мезгилиндеги магиялык ыпыластыгына болгон ишенимин белгилей кетYY керек, бул алардагы бардык этникалык топторго тиешелYY. Аларда аял YЧYн да, анын жакындары YЧYн да кептеген тыюулар болгон. Мисалы суу кирген чакта жYктYY аял бар YЙгe кирYYгe болбогон. Бул кечкен мезгилде кечYYДeн аман-эсен eтYYHY камсыз кылат деп эсептелген [2]. Кош бойлуу аял муктаж же «талгак» болгон нерселерди таап берYY кYЙeeгe милдеттенет. Талгакты ез учурунда кандырбоо бойдогу балага таасирин тийгизет [3]. Талгак аял ^сеп калса, чочконун эти да адал деген ишеним эл арасында [25] жана адабияттарда [4] айтылып жYрeт. Бул онтогенездин бойдо жетилYY учурунун ете жоопкердYYЛYГYHYн эл толук аедап тYШYнгeндYГYHYн далили. Мындан тышкары кош кат келин тескери толгоодон (баланын баш жагы менен эмес бут жагы менен тeрeлYШY) коркуп арканды, шыпыргыны, ала жипти аттабаган, ийик ийирбеген. Хакастарда баласы таз болуп калбасын YЧYн шыпыргыны отко жакпаган, очоктогу KYЛДY тYбYнe чейин кырып албаган. Боюнда бар келинге чачын кыркууга катуу тыюу салынган, бул бойдогу баланын eмYPYн, акылын кескенге барабар жорук саналган. ЖYктYY келин eлYм болгон жерге барбаган, барса да жаназа окулганга чейин отурбай кетип калган. Маркумдун жакындарынын кайгысы, ый-eкYPYГY ага жагымсыз таасир этери белгилYY болсо да, негизги себеби башкада деп болжойт белгилYY этнограф Мурзакметов: бул бойдогу баланы караегы кeрдeгY маркумга салыштыруудан, окшоштуруудан улам жаназа ага окулуп, буюрулуп калат деген чочулоодон улам чыгышы мYмкYн. Абхаздарда кимдир бирeeнYн жаназасына баруудан мурда кош бойлууга eзYHYн езгече жыты жана касиети менен белгилYY болгон сарымсакты сыйпап коюшкан. Мындай кeрYHYштeр коешу казак элине [22], сибир элдерине [6] жана езбектер менен каракалпактарга [21,24] ж.б. бир катар мусулман эмес элдерге да мYнeздYY. Ал эми аймактык чектештиги, тарыхый байланышы жок, тили да, дини да башка карел элдеринде болсо, бойдогу баланын eмYPYн кыскартпоо YЧYн энесине чачын кыркканга, зыяндуу KYЧ жабышып албасын YЧYн маркумдун жYЗYн караганга жана мYрзeгe барганга тыюу салынышы [18] бир эле жанаша жашаган тYрк, мусулман элдеринде гана эмес, дYЙнeнYн бардык эле элдеринде баланын eмYPY, келечеги YЧYн кам кeрYY энесине жYктeлгeндYГY кeрYHYп турат. Андан тышкары мындай этностук-маданий окшоштуктардын болушу алардын тYпкY туугандыгынан жана жалпылыгынан айигине берип тургандай.

Каркалпак, езбек, тажик, уйгурлар сыяктуу эле езбекстандык кыргыздар да, боюнда 12 ай кeтeрYп калат деген коркунучтан улам тее, жылкы этин жегенге тыюу салынат. Хорезмдин тегерегинде жашаган элдерди изилдеген окумуштуу Г.П. Снесарев езбектерде тeрeтY кечиккен аялдарды тeeнYн алдынан eткeнYн белгилейт [21]. Казак изилдeeчYCY Н. Шаханованын эмгегинде тeeнYн этинен жеп, тeрeтY кечиккен аял дагы бир жолу тeeнYн этин кайнатып же кууруп жеши керек экендиги кeрсeтYЛгeн [22]. ТYркмeндeрдe карышкырга карата сый мамиледен улам карышкыр жарган койдун эти арам деп саналган эмес. Адат боюнча карышкыр тиштеген жерин

гана кесип салып жей бергенге болгон. Ишеним боюнча болочок баласынын myh63y бeрYHYKYндeй болуп калат деп, кош бойлуу аялдарга гана андай этти жегенге тыюу салынган. Кандай гана ырымдар болбосун, алар Эзбекстанда жашаган езбек, кыргыз, уйгур, каракалпак, тажик ж.б. элдер тарабынан бирдей колдонулуп, анын баары келечектеги баланын аман-эсен тeрeлYШYнe багытталат. Кыргыз элинде кылымдардан бери жаeы тeрeлгeн баланы май менен оозантышкан [1]. Бул мал чарбачылыгы менен кесиптенген эл YЧYн эe негизги азык болуп саналгандыгынын далили. Ошондуктан кыргыздарда «Оозуeа май», «Кулагыма майдай жакты», «Сары майдай сактаган», «ЭмYPYe майлуу, CYттYY болсун», «Жегени дайым май болсун» ж.б. сeздeр сакталып калган [13]. Эзбекстандык кыргыздар да май, каймак, ширин суу (кум шекер кошулган суу же чай), CYт менен жаeы тeрeлгeн баланы оозантышып, бетине ун CYртYшeт [25]. Бул болсо, бала кийин оокаттуу, таттуу турмушта жашасын, жок дегенде YЙYндe жегенге наны болсун деген тYШYHYк менен ишке ашырылат.

Байыркы кыргыздарда жаш балдардын eлYMY кeп болгон. Баласы каза болгон YЙдe жаeы бала тeрeлсe, аны Y4, жети, кырк кээде бир жылга чейин башка y^ бYлeeгe берип, башка аялдын CYTY менен чоeойткон. Аны кайра eзYнe алаарда чоeойткон аялга тогуз предметтен турган тeлeм берилген. ТeлeмдYн (же сатып алуунун) eлчeмY баланын жынысынан кeз каранды болгон [1]. Ымыркайды бирeeгe берип, кайра сатып алуу ырымы тили, дини бир ногойлордо да "качыруу" деген ат менен белгилYY. Аларда баланы тeрeлгeндeн беш-алты кYн, кээде бир жыл eткeн соe "качырышкан". Тугандарынын же коeшуларынын бири баланы алып кетип, жаeы y^ бYлeдe анын атын eзгeртYп коюп, сол кулагына сeйкe тагышкан. Ата-энеси жоголгон баланы издеген TYP кeрсeтYп, белгилуу мезгилден кийин таап, акчага сатып алышкан же баланын энеси жети ^н элден кайыр сурагандан кийин гана барып, сурап алган кайырына баласын сатып алган. Сатып алган балага жаeы кийим кийдиртпей, адп балалуу YЙ-бYлeнYн балдарынын кийимдерин кийдиришкен. Мындай ырымдар азыркы кYндeргe чейин дYЙнeнYн бир катар элдеринде аткарылып жаткандыгы баарыбызга белгилYY. Сeз болуп жаткан ырымдын осмон тYрктeрYндe, якуттарда, башкырларда, чуваштарда ж.б. ^ш^ген элдерде жолугушу анын eтe кeeнe мезгилдерде пайда болгондугун айгинелейт. Балага молдону же айылдагы аксакалдардын бирин чакыртып келип, кулагына азан айттырышкан. Андан кийин ага ат коюшкан. Эзбек, кыргыз, уйгур, тажик, каракалпак ж.б. элдерде да мындай учурлар азырга чейин сейрек учурап турат. Баласы токтобогон аял бeбeгYн жакын туугандарына берип же кырк ^нге чейин кeп балалуу аялды YЙYнe алып келип, баласын каратат [25].

Баланын жарык дYЙнeгe келгенден кийинки алгачкы алган белгиси - анын ысымы. Ислам динин кабыл алганга чейин баланын ысымы бир канча мезгилге чейин коюлбай келген. Ислам динин кабыл алгандан кийин балага ысым коюу айыл молдолоруна же азан чакырган кишиге eткeн.БYГYнкY кYндe балсо, алгач ат коюп, тeрeт YЙYнeн келгенден кийин гана азан айтуу салтка айланган. Айыл аксакалдарынын айткандарына караганда, алар кичинекей мезгилде жаeы тeрeлгeн балага ысымды айылдын молдосу койчу экен. «Молдо eзY менен китеп алып келип, китепти ачканда, биринчи кайсыл атка кeзY тYшсe, ошол атты балага ыйгарчу» дээшет [АТМ. 2009: №5]. Бул маалымат XX кылымдын 60 жылдарында Фергна, Зеравшан eрeeндeрYн изилдешкен Б.Х. Кармышева, Г.П Васильева [23], Л.П. Патаповтордун [16] маалыматтарына дал келет.

Адам аттары тарых, эл менен тыгыз байланышта болуп, эл кызматын етеп келе жаткан эе эле ыйык байлык. Тарыхта болуп еткен баардык окуялар - теекерYш, революция, согуш, козголое, тынчтык достук, CYЙYY ж.б адам аттары менен белгилYY. Аттардын ар бири езYнче кеп нерседен кабар берип турган эстелик, чое казына, ата-бабаларыбыздан бизге жеткен жана келечек муундарга кала турган маданий кенч [11]. Адамдын турмушунда анын ысымы зор мааниге ээ. Жасалган бардык жакшы жаман иштерде адамдын аты аталат. Ошондуктан кыргыздарда «Жаманатты (жаман атту) болгондон кудай сактасын», «Жаманатты кылба», «Атые ечYп калат», «Атые чыкпаса жер ертте» сыяктуу накыл сездер жана макалдар сакталып калган. Балага туура эмес аттарды коюуу же атайын диний ырымдарсыз коюлган улуу аттар кеп жаман окуяларга, кырсыктарга алып келери - элибизде кеп эле айтылып келет [9]. Кыргыздарда баласы токтобогон же узак мезгилдер бою перзент кербей жYPYп балалуу болгондо, наристенин емYPYне зыян келтирчY кара ^чтер, жин-шайтандар, ажал жийиркенип жолобосун, кездYY адамдардын кезY тийбесин деген ниет менен Сасык, Бокбасар, Тезекбай, Бокмурун ж.б.у.с аттарды коюп келгендиги белгилYY. Мисалы; айтылуу Кекетей хан карыганда керген баласына Бокмурун деп ат койгондугу, Манастын бала кезиндеги Чое жинди деген ат менен жYргендYГY айрым варианттарда айтылат. Бул керYHYш тажиктерде (партов-таштанды, пахол-саман, ятим-жетим) езбектерде (яман - жаман, итсарик - ит сары) жана монгол, тува, саха (якут) элдеринде да бар экендиги жана мындай жагымсыз аттарды алып жYрген жигиттер эр жетип чоеойгондо экинчи жолу азан чакыртып, эл тарабынан езYне жаккан же жасаган эрдигине жараша татыктуу жакшы ысым алгандыктары женYнде маалыматтар бар [7,17,20].

Жыйынтыктап келгенде Борбордук Азия, анын ичинде Фергана элдеринде квптвгвн этностук-маданий окшоштуктар менен жалпылыктар кездешет. Мындай окшоштуктар менен жалпылыктардын болушу бир жагынан элдердин тYпкYЛYктYYЛYгYнвн, байыркы мезгилдердеги тYпкY жалпылыгынан, бир атадан тарагандыгынан айгине берсе, экинчи жагынан элдердин ортосундагы достукту жана бир туугандыкты чывдоого жол ачмакчы. Ошондуктан мындай маанидеги илимий изилдеелердY жYргYЗYп туруу талапка ылайыктуу деп эсептейбиз.

Адабияттар

1. Абрамзон С.М. Киргизы и их этноггенетические и историко-культурные связи. -Л.: Наука, 1971. - 214-229.

2. Алексеев А. Ранние формы религии тюркоязычных народов Сибири. -Новосибирск.: Наука, 1980. - 54.

3. Акматалиев А. Кыргыздын кеенербес деелеттерY. - Фрунзе.:Кыргызстан, 1978. -53.

4. Апышев Б., Бабаев Д., Жоробеков Т. Педагогика. - Бишкек., 2002. - 81.

5. Бикжанова А.М. Семья в колхозах Узбекстана. - Ташкент, 1959. - 23.

6. Бутанаев В.Я., Монгуш Ч.В. Архаические обычаи и обряды саянских тюрков. -Абакан.: Изд. Хак.ГУ, 2005. - 138.

7. Гафуров А.Г. Имя и история : Об именах арабов, персов, таджиков и тюрков. Словарь. - М.: Наука, 1987. - 10.

8. Гребенкин А.Д. Узбеки. Русский Туркестан. Сборник, изданный по поводу политехнической выставки. Вып. 2. - М., 1872. - 62.

9. ГербаневскийМ.В. В мире имен и названий. - М.: Знание, 1983. - 120.

10. Дыренкова Н.П. Брак, термины родства и психические запреты у киргизов. Сборник этнографических материалов. №2. - Л., 1927.

11. Жапаров Ш. Сенин ысмые ким?. - Фрунзе.: Кыргызстан, 1990. - 3.

12. Касымбеков Т. Сынган кылыч. Тарыхый роман. 5 бас. - Бишкек.: Кыргызстан, 1998. - 61.

13. КарасаевХ. Накыл сездер. - Фрунзе.: Кыргызстан, 1982. - 236.

14. Мурзакметов А.К. Кыргыз ырым-жырымдары. - Ош., 2005. - 5-8.

15. Народы Средней Азии и Казакстана. 1. - М., 1962. - 323.

16. Потапов Л.П. Волк старинных народных поверьях и приметах узбеков. / Краткое сообшение ИЭ АН СССР. Вып. ХХХ. - М., 1958. - 139.

17. Сарыпбеков Р. Манас эпосундагы баатырдык мотивдердин эволюциясы. -Фрунзе.: Илим, 1987. - 110.

18. СурхаскоЮ.Ю. Семейные обряды и верования корел. - Л. : Наука, 1985. - 20.

19. Снесарев Г.П. Реликты домусулманских верований и обрядов у узбеков Хорезма.

- М.: Наука, 1969. - 318.

20. Системы личных имен у народов мира. - М.: Наука, 1989. - 23.

21. Шаниязов Ш. К. Этническая история узбекского народа. - Ташкент.: Фан, 1974.

- 123.

22. Шаханова Н. Мир традиционной культуры казахов. (Этнографический очерк). -Алма-Ата.: Казакстан, 1998. - 29.

23. Этнографические изучение узбекского сельского населения. Отв. ред: Г.П. Василева., Б.Х. Кармышева. - М.: Наука, 1969. - 194-195.

24. Этнография каракалпаков XIX - начало XX века. (Мат. и исследование). -Ташкент.: Фан, 1980. - 136.

25. АТМ: №3. 2005 ж., №4. 2007 ж., №5. 2009 ж.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.