Научная статья на тему '“БАБУР-НАМЕДЕ” КЕЗДЕШКЕН БОРБОРДУК АЗИЯДА ӨСҮҮЧҮ ӨСҮМДҮКТӨР'

“БАБУР-НАМЕДЕ” КЕЗДЕШКЕН БОРБОРДУК АЗИЯДА ӨСҮҮЧҮ ӨСҮМДҮКТӨР Текст научной статьи по специальности «Языкознание и литературоведение»

CC BY
7
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
Бабур / «Бабур-наме» / өсүмдүктөр дүйнөсү / ботаникалык терминдер / Фергана өрөөнү / Babur / “Babur-name” / flora / botanical terms / Fergana Valley

Аннотация научной статьи по языкознанию и литературоведению, автор научной работы — Мурзакметов Абдымиталип Камытович

“Бабур-наме” түрк адабиятында белгилүү болгон алгачкы эскерүү (мемуар) жанрында жазылган эмгек. Өмүрү тынымсыз согуштарга жык толгон Бабур, өз эмгегинде башынан өткөргөн окуяларды айтып, өзү барган жерлердин маданий өзгөчөлүктөрүн чеберчилик менен баяндаган. Бул жагынан алганда чыгарма дээрлик фольклордук-этнографиялык энциклопедия болуп саналат. Бул макалада Бабур-намеде эскерилген өсүмдүктөрдүн аталыштары, алардын Бабурдун доорундагы мааниси, күнүмдүк турмуш-тиричиликте колдонулушу жана жалпы эле өсүмдүктөр дүйнөсүнө байланыштуу бардык маалыматтар камтылган. Макалабызда «Бабур-наме» кыргыз маданиятынын тарыхын тактоо үчүн изилдөөнү талап кылган маданий байлык экени баса белгиленди.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

FLORA OF CENTRAL ASIA IN “BABUR-NAME”

“Babur-name” is the memoirs of Zahir ad-din Muhammad Babur, the founder of the Mughal Empire, a descendant of Tamerlane. Written in the Chagatai language, which at that time was called “Turkic”. Babur, whose life was full of constant wars, expressed his experiences in his works and skillfully described the cultural characteristics of the places he visited. In this regard, “Babur-name” is not only a description of the author’s biography, but also a valuable source for studying the history, culture, life of peoples, flora and fauna of the areas that Babur visited. In this respect, the work is almost a folklore-ethnographic encyclopedia. This article collects the names of plants mentioned in Babur-nama, their significance during Babur's time, their use in everyday life and all the information related to the plant world in general. Our article emphasized that “Babur-name” is a cultural property that requires research to clarify the history of Kyrgyz culture.

Текст научной работы на тему «“БАБУР-НАМЕДЕ” КЕЗДЕШКЕН БОРБОРДУК АЗИЯДА ӨСҮҮЧҮ ӨСҮМДҮКТӨР»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОЛОГИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOLOGY

e-ISSN: 1694-8874

№1(3)/2024, 12-20

УДК: 929(394.58)

DOI: 10.52754/16948874 2024 1(3) 2 "БАБУР-НАМЕДЕ" КЕЗДЕШКЕН БОРБОРДУК АЗИЯДА 0CYY4Y eСYМДYКТeР

МИР РАСТЕНИЙ ЦЕНТРАЛЬНОЙ АЗИИ В «БАБУР-НАМЕ» FLORA OF CENTRAL ASIA IN "BABUR-NAME"

Мурзакметов Абдымиталип Камытович

Мурзакметов Абдымиталип Камытович Murzakmetov Abdymitalip Kamytovich

т.и.к., доцент, Ош мамлекеттик университети

к.и.н., доцент, Ошский государственный университет Candidate of Historical Sciences, Associate Professor, Osh State University

suzak65@mail.ru

"БАБУР-НАМЕДЕ" КЕЗДЕШКЕН БОРБОРДУК АЗИЯДА 0CYY4Y eСYМДYКТeР Аннотация

"Бабур-наме" typk адабиятында белгилYY болгон алгачкы эскерYY (мемуар) жанрында жазылган эмгек. Bmypy тынымсыз согуштарга жык толгон Бабур, ез эмгегинде башынан еткерген окуяларды айтып, e3Y барган жерлердин маданий езгечелYктерYн чеберчилик менен баяндаган. Бул жагынан алганда чыгарма дээрлик фольклордук-этнографиялык энциклопедия болуп саналат. Бул макалада Бабур-намеде эскерилген eсYмдYктeрдYн аталыштары, алардын Бабурдун доорундагы мааниси, кYHYмдYк турмуш-тиричиликте колдонулушу жана жалпы эле eсYмдYктeр дYЙнeсYнe байланыштуу бардык маалыматтар камтылган. Макалабызда «Бабур-наме» кыргыз маданиятынын тарыхын тактоо YЧYн изилдеещ талап кылган маданий байлык экени баса белгиленди.

Ачкыч свздвр: Бабур, «Бабур-наме», eсYмдYктeр дYЙнeсY, ботаникалык терминдер, Фергана ереещ.

МИР РА СТЕНИЙ ЦЕНТРАЛЬНОЙ АЗИИ В «БАБУР-НАМЕ»

Аннотация

«Бабур-наме» — воспоминания Захир ад-дина Мухаммеда Бабура, основателя Империи Великих Моголов, потомка Тамерлана. Написаны на чагатайском языке, в то время именовавшемся «тюрки». Бабур, жизнь которого была полна постоянных войн, излагал в своих произведениях свои переживания и умело описывал культурные особенности мест, которые он посещал. В этом отношении «Бабур-наме» - это не только описание биографии автора, но и ценный источник по изучению истории, культуры, быта народов, флоры и фауны тех областей, которые посещал Бабур. В этом отношении произведение представляет собой почти фольклорно-этнографическую энциклопедию. В этой статье собраны названия растений, упомянутых в Бабур-наме, их значение во времена Бабура, их использование в повседневной жизни и вся информация, касающаяся мира растений в целом. В нашей статье было подчеркнуто, что «Бабур-наме» является культурным достоянием, требующим исследования для уточнения истории кыргызской культуры.

FLORA OF CENTRAL ASIA IN "BABUR-NAME"

Abstract

"Babur-name" is the memoirs of Zahir ad-din Muhammad Babur, the founder of the Mughal Empire, a descendant of Tamerlane. Written in the Chagatai language, which at that time was called "Turkic". Babur, whose life was full of constant wars, expressed his experiences in his works and skillfully described the cultural characteristics of the places he visited. In this regard, "Babur-name" is not only a description of the author's biography, but also a valuable source for studying the history, culture, life of peoples, flora and fauna of the areas that Babur visited. In this respect, the work is almost a folklore-ethnographic encyclopedia. This article collects the names of plants mentioned in Babur-nama, their significance during Babur's time, their use in everyday life and all the information related to the plant world in general. Our article emphasized that "Babur-name" is a cultural property that requires research to clarify the history of Kyrgyz culture.

Ключевые слова: Бабур, «Бабур-наме», растительный мир, ботанические термины, Ферганская долина.

Keywords: Babur, "Babur-name", flora, botanical terms, Fergana Valley.

Киришуу

Кечмендер тYPДYY чeптeрдY баккан малынын тоюту катары эле эмес, eздeрYHYн тамак-ашына зарыл кошумча катарында, ооруларга дабаа болчу дары катары да баалашкан. Алар илгертен эле eсYмдYктeрдYн кептеген тYрлeрYн ар кандай керектeeлeрY YЧYн колдонуп келишкен. Алсак, боз YЙДYн сeeгY толугу менен жыгачтан жасалган, дарактын ар кандай тYрлeрYнeн ээр чабылып, кесе-табак кырылып, музыкалык аспаптар менен ар тYркYн буюмдар жасалган, тикендYY тYрлeрY короону кашаалаганга жана отунга иштетилген. КeчмeндeрдYн Жердин жашыл жамынчысы болгон дарактарга, eсYмдYктeр менен чептерге болгон аяр мамилесин тарыхый шарт eзY калыптандырган. Муну биз тамырында монголдун да, тYрктYн да каны жYPYп турган Бабурдун эскермелеринен да байкай алабыз.

Материалдар

«Бабур-наме» тYрк адабиятында белгилYY болгон мемуар жанрында жазылган алгачкы эмгек. Бабур ез эмгегинде башынан еткерген окуяларды айтып, eзY барган жерлердин маданий eзгeчeлYктeрYн чеберчилик менен баяндаган. Бул жагынан алганда чыгарма дээрлик фольклордук-этнографиялык энциклопедия болуп саналат. Адамдардын турмушунда eсYмдYктeрдYн ете чоц мааниси бар. Катаал шарттарда жашаган биздин бабаларыбыз eсYмдYктeрдYн баа-баркын жакшы билишкен.

Анализ

03YHYH eмYPYнYн кeпчYЛYк бeлYГYн жортуулдарда, уруш-кармаштарда eткeргeндYГYнe карабастан, Бабурдун чыгармачылык YЧYн да убакыт таба билгендиги тац калтырбай койбойт. Анын кYндeлYктeрYнeн биз Бабур басып еткен жерлердин eсYмдYктeрY тууралуу бир кыйла маалыматтарды таба алабыз. Мисалы, ал: «Фергана вилайетин курчап турган тоолордо жакшы жайлоолор бар; ушул тоолордо табылгы дарагы есет - башка жерлерде ал жок. Табылгы - кызыл кабыктуу бадал; бул бадалды кыркып, таяк, камчы саптарды, куштарга капас жасашат. Сабактарын жонуп, канат кадалбаган жебелерди даярдашат. Бул абдан жакшы бадал. Аны алыскы жерлерге белек катары алып барышат» деп белгилеген (Бабур-наме, 2008, 14-б.). Бул бадалдын илимий аталышы - спирея, анын жыгачынан кыргыздар азырга чейин жебеден башка Бабур керсеткен нерселердин баарын жасашат.

Кыргыздарда табылгынын сабагы эмне себептен кызыл тYCтe болуп калгандыгы тууралуу ацыз айтылат. Ал ацыз боюнча бир кезде карагайдын кызына табылгы куда тYшкeн экен, бирок калыцын телей албай калыптыр. Ошондон улам табылгы кeрYнбeЙYн деп жашынып, тоонун боор жерлеринде eсYп, уяттан улам кыпкызыл тYCкe боелуптур. Ал эми карагай кудасын кYTYп жатып моюнун созо берип, узарып кетиптир. Бийикке чыгып жол карайм дегени YЧYн кыр-кырдын башында eсYп турат экен (Мурзакметов, 2014; 209). Кыргыздардын элдик оозеки чыгармачылыгында мындай мифтер, жомоктор, легендалар жана макалдар арбын учурайт. Муну кенедей бебек кезинен угуп чоцойгон кeчмeндeрдYн балдары eсYмдYктeргe абдан аяр, жандуудай астейдил мамиле жасаганга кeнYшкeн. Биз алар Бабурга да маалым болгон; фольклордун мындай YЛгYлeрYнe таасирленип чоцойгондуктан, ал eзY болгон жерлердин eсYмдYктeр дYЙнeсYн байкабай эле CYрeттeп жаза берген деп болжолдойбуз.

Дарактардын ичинен баарынан сыйлуусу катары арча саналган, Бабур ал тууралуу бекеринен эскербеген: «Андераб, Хост жана Бадахшан тоолорун бут арча каптаган, булактар кеп, жантайьщкы кетерулушкен...» (Бабур-наме, 2008, 86-б.). Искендер Зулкарнайндын (Александр Македонскийдин Чыгыш элдериндеги аты) жортуулдан кайтып келе жатканда челден етуп, суу табылбай елуп кала жаздагандыгы тууралуу легенда айтылат. Жан-жекерлеру туш тарапка чапкылап журуп, бир жерде аскадан суу тамчылап турганын керуп калышат. Эптеп бир кесе сууну чогултуп, аны падышага алып келишет. Искендер ичейин деп эрдине алып келет да, муну карап турган жоокерлеримдин ары ичи тарып, ары кецулу чегуп калбасын деп жанында турган дарактын тубуне чачып жиберет. Керсе, ал суу муректун суусу экен да, ал эми дарак арча экен. Ошондон улам арча тубелук кектеп калыптыр.

Кечмендер арчаны езгече таза, ыйык дарак керушкен. Туштук-Чыгыш Сибирде жашаган калктар учун да ал ошондой сапаттарга ээ: «... Шамандардын бут сыйынууларында оттун мааниси ете зор болгон; оттун тазалоочу касиетин тYрдYY учурларда: кесепеттYY жин-шайтандарды кубалап, алардан сактануудан адамдарды, жаныбарларды, буюм-тайымдарды, азык-тYЛYктY тазалоого чейин пайдаланышкан. Ырым-жырымдарды аткаруудагы маанилYY атрибут катары арча (бур. арса, алт. арчы, тув. арци) саналган» (Басаева, 1989, 114-б.). Кыргыздардын ою боюнча арча бир топ аруулап, дарылоочу касиетке ээ. Анын бутагын тYтетYп, зыянкеч кара жиндерди кетирYY YЧYн ооруган адамды айландырып ысырыкташкан. Арча менен ышталган чаначтын кымызын дары катары ичишкен. Арчанын TYTYHY менен боз YЙдYн ичин, коломтону, бешикти, мал жаткан короону да аласташкан. Жацы жыл башталган Ноорузда арчадан ысырык салып:

Алас-алас Ар балээден калас, Эски жыл кетти Жацы жыл келди.

Алас-алас Айдан аман, Жылдан эсен, Жакшылыкты тецир берди, Жарык кYндY кецир берди.

Алас... алас... деп катуу Yн салышкан (Байбосунов, 1990, 31-б.).

Эзгече арчадан жасалган бешик жогору бааланган, анткени ага бешик курт тYшпейт деп эсептелген. Андан сырткары арчанын емYPY жугуп, мындай бешикке беленген бала узак жашайт деп да ишенишкен. Сеек чыккан YЙДY да арча менен аласташкан. Азырга чейин ар бир кыргыздын YЙYнде такай боолонгон бир тутам арча турат. Арчада антисептик (микробдорду елтYPYYЧY) касиетке ээ эфир майлары кеп экендиги илим тарабынан да далилденген. Анын жыгачын тутеткенде пайда болгон фенолдор да антисептик касиетке ээ. Муну кыргыздар ездерYHYн тажрыйбасынан эле байкап билишкен. Арчадан жасалган тиш чукуурлар артык бааланып, той-аш болгон жерлерде элдин алдына чачып коюу менен кеп сооп алганга болот деп айтылат. Буга карабай кыргыздар арчаны эшиктин алдына кеп эгишпейт, себеби, арча езYм гана кектеп, енYп турсам деп тилейт экен деген ишеним бар.

Кыргыздар ушинтип кеп жактыра бербеген дарактардын катарына кара жыгач да кирет. Элдик ишеним боюнча кара жыгачтын келекесY «оор» деп саналып, анын келекесYнде узак отурган киши ооруп калат дешкен. Кара жыгачты Кыргызстандын

тYштYГYндe кайрагач деп аташат, элдик этимология муну «кайра кач» деген сез менен байланыштырат. Бирок жоокер Бабур YЧYн айрым дарактар жем катары маанилYY. Ошондуктан узак курчоону башынан еткерген Бабур: «Аттарыбыздын жеген жеми тYгeнYп калгандыктан, адамдар аттарына дарактардын жалбырагын беришти. Тажрыйба керсеткендей, бардык тарактардын ичинен аттарга тыт менен кара жыгачтын жалбырагы жакшы жем экен» (Бабур-наме, 2008; 60) деп, кара жыгачты башка тарабынан эскерет. Албетте, мындай учурларда болбогон ырым-жырымга ишенип отурбайт эмеспи. Андыктан академик В. Ю. Захидов: «0CYмдYктeр жана жаныбарлар дYЙнeсYн, анын байлыгы менен мYмкYнчYЛYктeрYн CYрeттeeдe Бабур бетенче баамчылдыгын, терец илимий эрудициясын, пайдалуу максатка умтулгандыгын керсетет. Бабурдун eсYмдYктeр менен жаныбарларды тизмелее менен гана чектелбегендигин езгече белгилей кетYY керек. Ал алардын кандай экендигин, чарбада кандай мааниси бардыгын жана алардын ошол жерди жайлаган элдин, дегеле адамдардын жашоосунда кандай орду бар экендигин баяндайт» деп таамай белгилеген (Захидов, 1977, 125-126-б.). Теменде мисалдарды келтиребиз.

Илгертен эле элде бадамдын даны бааланып келген. Ал TYГYЛ азыркы кезде да жаш келин болгон дээрлик ар бир езбек YЙ-бYлeсYндe бадам сакталат. Маалымат берYYЧYHYн муну «аптекада дарынын таблеткалары тургандай» деп салыштырып берYYCY чынында эле ошондой экенин ырастап турат. Толгоосу келген келинди терет YЙYнe женетерден мурун ага «бадам чай» ичиришет. Ал YЧYн 10-15 бадамды чагып, анын данегин азыраак сууга салып кайнатат. Бир-эки пиалага ылайык суу калганда гана токтотуп, бир аз табын кайтарып туруп берет. Мындай чай аны ичкен келинди кел-шал кылып тердетип, бYт денесин бошотуп, жумшартат деп саналат. Мына ошондон кийин гана терет YЙYнe жeнeтYлeт (Мурзакметов, 2012, 31-б.). Бадам Бабурга да тааныш. ЭзY он жашта болгон 1493-1494-жылдардагы окуяларды баяндап жатып: «Кожентке карагандын (жердин) бири - Канди Бадам. Чынында бул шаар эмес, бирок жакшына шаарча. Бул жердин бадамы ете сонун; ошол себептен ушинтип аталып калган. Анын бYт бадамы Хурмуз менен Индостанга кетет» деп белгилейт (Бабур-наме, 2008, 13-б.). Бирок кийинчерээк ал бадамды отун катары да керсетет: «Кабулда кышында кар калыц жааса да, анда жакын жерде жакшы отун бар: бир ^нде барып алып келсе болот. Ал жерде отунга мастика дарагын, эмен, бадам дарагын жана каркандды жагышат... Бадам дарагы башкалардан кeбYрeeк жана кецирирээк тараган; анын чогу узакка турбайт. Карканд - бул тикенектYY жапыз бадал; суусу да, куусу да бирдей ^йет. Газнинин бардык калкы ушул дарактарды отунга пайдаланышат» (Бабур-наме, 2008, 87-б.). Акыркы бадалдын аталышы менен касиеттери бYГYн бизге карагана (караган) деген аталыш менен таанымал болгон бадалга окшойт: «... Анын жалбырактары аз болгон менен тикендери жетиштYY. Бул тYШYHYктYY эле: караган нымды YнeмдeeсY керек. Жалбырактарына караганда тикендери аны аз буулантышат. Челде ным аз, такай жYргeн шамалдар менен ачуу тийген ^н болсо кыртышты жана eсYмдYктeрдY кууратат. Карагандын алтын-сары TYCTYY гYЛдeрYнe аарылар кеп конушат. ^лдеп жаткан чакта караган бадалы абдан кооз. Мурун, жергиликтYY элдер кечмен кезинде, караганды отун катары пайдаланышкан» (Головкова, 1984, 25-26-б.). Ушул макаланын автору Кыргызстандын Баткен районунда этнографиялык экспедицияда жYPYп бир маалымат берYYЧYДeн «Караган деген как отун, катындарга жак отун» деген саптарды жазып алган. Yйдe отту негизинен аялдар жагышкандыктан, мыкты кYЙгeн караганды жактыргандан ушул саптар жаралса керек деп ойлойбуз.

Балалык кезин эстеп жатып, Бабур мынтип жазат: «... Термездик ханзадалардын бYлeсYнeн болгон Ханзада бегим анын башка аялы эле. Мен беш жашымда Самаркандга Султан Ахмед мырзага келгенимде, ал ага жацы эле YЙлeнYп, али жYЗYн жашырып жYргeн экен. ТYрктeрдYн салты боюнча мага анын бетин ачууну буюрушту» (Бабур-наме, 2008, 21-б.). Бабур бул кааданы майда-чYЙдeсYнe чейин сYрeттeбeсe дагы, езбектердин азыркы кезге дейре жашап келе жаткан YЙлeнYY ырымы бул жeрeлгeнYн маанисин мацызын ачып берет: «Келин келген кYндYн эртеси жYзачты салты болот. Жаш келиндин жYЗYн жаап турган бYркeнчYктY (оромолун) атайын жаш балага, адатта жигиттин жээндерине алдырат, бала аны мeмeлYY дарактын, кeбYнчe бий алманын (бехи) бутагынан жасалган таяк менен илип алып, келиндин жYЗYн ачып кeрсeтeт. Эркек балага жYЗYн ачтыруу аркылуу ушундай перзент кeрсYн, ал эми мeмeлYY дарактын бутагы аркылуу ушундай кeп мeмeлYY, балалуу болсун деген тилек билдирилет» (Мурзакметов, 2012, 20-б.). Биз кичинекей Бабур сeз болгон салтты аткарууда дал бий алманын бутагын пайдаланса керек деп ойлойбуз.

Байыркылар бий алманы жакшы билишкен. Тарыхчылар троялык падышанын уулу Парис CYЙYYHYH кудайы Афродитага (Венерага) берип, ал болсо атаандаштары менен талаша кетип, Троя согушуна айланып кеткен «чыр-чатактын алмасы» алма эмес эле, бий алма болгон деп айтып келишет. Ал кезекте Трояда алма дарагы али eсe элек болчу (Смирнов, 1988, 215-б.). Кыргыздардын, ошондой эле eзбектердин да арасында бий алма кошуп жасалган палоо жеген адамдын оозун тац атканча периштелер жалап-жуктап чыгышат экен деген ишеним кецири таралган. Эзбектердин «Дум-думалок буйи бор, Паловда обруйи бор» (Узбек топишмоклари, 1991, 90-б.) деген табышмагы, сыягы, ушундан улам жаралгандай. 03YHYH эскерYYлeрYндe Бабур Кабулдун бий алмасы менен кара eрYГYн мактап жазат.

Падыша Бабур жYЗYмдYн, алманын, анардын, кайнаалынын, бий алманын, алмуруттун, шабдаалынын, апельсиндин, лимондун, гиластын, бадам менен жацгактын мeмeлeрYн eзY кун сайын даам татчу тамак-ашы аркылуу деле билген. Ал: «Анда азык-оокат ^п жана мeмe-жемиштер кенен, коондор менен жYЗYMY сонун; коон бышкан маалда (кeптYГYнeн улам) аны бакчада сатпайт, Анжияндын алмурутунан жакшысы жок» деп eзгeчe мээрим менен белгилеп, тYPДYY жерлердин коондорун салыштырган. Ахсы шаарын CYрeттeп жатып: «Ал жердин коондору жакшы; коондун миртимури деп аталган бир тYPY бар; дYЙнeнYн кайсы бир жеринде мындай коондун бар экендиги белгисиз. Бухаранын коондору (дагы) атактуу. (Бирок) мен Самаркандды алгандан кийин буйругум менен Ахсы менен Бухаранын коондорун алдыртып, бир жыйында аларды кестиргенимде, (анда) ахсынын коондору салыштырылгыс болуп чыкты» деп жазат (Бабур-наме, 2008, 12-13-бб.). Кийинчерээк eзYHYн жыйынтыгын дагы бир ирет кайталайт: «Мавераннахрдын эч бир жеринде Бухарадагыдай кeп жана жакшы коондор жок. Фергана вилейетинде, Ахсыда, бухаралыктарга караганда ширин жана жумшак мири тимури деген коондун тYPY болсо дагы, Бухарада коондун ар кандай жакшы тYрлeрY кeп» (Бабур-наме, 2008, 38-б.). Дагы бир жеринде: «Насухада «исмаил-шейхи» деп аталган коондун бир тYPY бар, анын кабыгы чигирим булгаарыдай сары; бул абдан жумшак коон. Анын данеги алманыкындай, эти тeрт эли; eтe ширин коон, ал жерде буга тец келер коон жок» деп кeрсeтeт (Бабур-наме, 2008, 41-б.). КeрYп турганыбыздай, Бабур рахаттанып жашаганды CYЙгeн.

Арабдар коонду бейиш багынын мeмeсY деп санап, аны бейиштин бир жашоочусу кудайдын алдында катуу кылмыш кылып, жерге алып келген деп айтышат. Эзбектердин, тажиктердин, тYркмeндeрдYн чарбачылыгында коон чоц мааниге ээ болгондуктан, аны кудайдын белеги деп атап, кабыгындагы тырыштарды болсо алла eзY чиймелеген ыйык

жазуу катары санашкан. Эзбек фольклорунда: «Бир жолу абышка уулуна отуз тыйын берип: «Балам, бул акчага биз да тоюп, тоокторубуз менен коюбуз да жей турган нерсе алып кел» деп айтыптыр. Баласы эмне сатып келиши керек?» деген тамашалуу суроо учурайт. Суроонун жандырмагын айтпай эле коюуга болсо керек (Узбек топишмоклари, 1991, 246-б.). Акын Бабур болсо: «Ошто агын суу бар, ал жердин жазы сонун: кептеген жоогазындар жана розалар ГYЛ ачат» деп кайгырып эскерет (Бабур-наме, 2008, 12-б.). Жоогазындын мындай жапан тYрлeрY биздин тоолорубузда азырга чейин есет. Дагы бир жеринде болсо: «Тоолордун боорунда (жазында) тYркYн тYCтeгY жоогазындардын TYPY кеп. Бир жолу мен аларды саноону буйрудум; жоогазындардын ар кандай отуз эки же отуз Yч TYPY бар болуп чыкты. Анда кызыл розанын назик жыты келген мандалак бар; биз аны «роза жыттуу жоогазын» деп атадык. Ал Дашти Шейхте бир гана жерде есет, башка жерлерде жок. Ушул тоолордун боорунда, Паравандын ылдыйында, жYЗ барик-жоогазын учурайт. Ал дагы Гурбанд капчыгайынын чыга беришинде бир жерде гана есет» деп суктануу менен керсетет (Бабур-наме, 2008, 84-б.). Арадан беш кылым етсе дагы окурман акындын жан дYЙнeсYHYн абалын, толкундануусун даана сезет. Жоогазындын орус тилиндеги тюльпан аталышы болсо тYрк тилинен келип кирген. Анын орусча да, латынча да аталыштары «тулибан» - тюрбан деген сез менен байланыштуу, анткени анын гYЛдeрYHYн формасы ушул чыгыш баш кийимине окшоп турат. Бир эле ушул сез эмес, орус тилиндеги eсYмдYктeрдYн 150 дей аталыштары кандай гана болбосун тYрк тилдери менен байланышта экендиги эсептелип чыккан. Алар меме-жемиш жана жацак мeмeлYY маданий eсYмдYктeргe (айва, алыча, инжир, кизил, мушмула, хурма, фисташка, фундук), жашылчаларга (баклажан, кабак), дан жана буурчак дандууларга (лобио, нут), техникалык eсYмдYктeргe (кенаф, кендырь, кок-сагыз, кунжут, хмель) таандык. Ушинтип келип чыккан аталыштарды жапайы дарактар менен бадалдар (арча, ирга, карагач, саксаул, чинара) менен чеп eсYмдYктeрYHYн (аир, камыш, кермек, сарана, сусак) аталыштарынан да табабыз. Байыркылыгы жагынан алар ар тYPДYYчe (Головкин, 1988, 15-б.). Бул биздин бабаларыбыздын жаратылыш менен тыгыз байланышта болгондугун кeрсeтYп турат. Ар бир кечмен бала кезинен табиятты таанып билген, мунсуз кeчмeнчYЛYк жашоонун ары татаал, ары катаал шарттарында жашап кетYYгe мYмкYн эмес эле.

Бабурдун жазмаларынан ичинен кээде аталышы бизге белгисиз болгон eсYмдYктeр учурап калат. Угуп эле койбой, ез кезегинде автордун eзY да бул чептерге кызыкканы байкалат. Алсак, ал: «Айрым китептерде бул тоолордо «ябрух ассанам» eскeндYГY жазылган, бирок азыр анын дайыны жок. Мен Жетикент тоолорунда ескен бир чеп тууралуу уккам. Ал жердеги элдер бул eсYмдYктY «аик-ути» деп аташат, касиети боюнча «михр-гиях» чeбYндeй. Бул михр-гиях эле болсо керек, андагы адамдар аны ушинтип (аик-ути) аташаттыр» деп жазат (Бабур-наме, 2008, 14-б.). Михргиех (мээрчеп - М. А.), бYГYн бизге белгилYY болгондой, бул мандрагора. Башкача айтканда, Бабур буга чейин эле китептерден маалыматтарды алып, чептерге кызыгып келген десек болот. Афганистандын тоолору тууралуу айтып жатып: «Анда баарынан да бутака чeбY кеп, бул аттарга абдан жагыштуу eсYмдYк. Анжиян вилайетинде бул чешу «бутка» деп коюшат; эмнеликтен мынтип аташкандыгы белгисиз, бирок бул жерде мен аны билдим: бул чешу бир эле тYбYнeн бир нече сабак чыгып, бутактап eскeндYГY YЧYн «бутака» деп аташат имиш» (Бабур-наме, 2008, 86-б.). Мында ал этимология боюнча филолог катары ой жYГYртYп жатат. Окурман сез кыргыздар бетеге деп атаган eсYмдYк тууралуу болуп жатканын дароо баамдайт. Бабурдун мындай божомолунун тууралыгын адис тилчилер да тастыкташат: «Иран тилинде буте деген

сeз «бадал, чогуу eскeн eзYнчe топ» деген маани берет. Ал караган-бута деген учурда кыргыз тилинде да айтылат. Ал эми ках сeзY «майда саман, топон» дегенди билдирет. Бабурдун байкоосу туура болсо, анда бетеге бир тамырдан бир нече сабак eсYп чыгып, eзYнчe бир чогуу турган топ болуп кeрYнгeндYГY YЧYн ушундай наамга ээ болгон. Жогоркудай пикирге кошулууга болот. Анткени тYрк тилдеринде бетегенин аттары ар TYPДYY. Алсак кылкан (кырг., чув.), кылган башк., тат., ног., боз (каз., eзб.), чейран оту (аз.), агот (аз.), ак селеу (каз.), азаогу (тув.), кацгы (тув.), селин ^ркм.), чалов (eзб.), хал сарыг (хак.). Бетеге сeзY кыргыз, ногой, башкыр, кумык, казак тилдеринде гана айтылат. Ушуга караганда Бабурдун пикири туура eцдeнeт» (Сейдакматов, 1988, 51-52-бб.). Балык тутуу ыкмасын CYрeттeп жатып Бабур: «КYЗYндe он же он эки боо кулан куйругун» (eсYмдYк) жана жыйырма-отуз боо кeк шыбакты алып, дарыянын баш жагына барып, майда туурап сууга ыргытышат; ыргытаар замат суудагы балыктар мас болуп калып, анан аны кармай башташат» деп мында да айрым чeптeр колдонуларын кeрсeткeн (Бабур-наме, 2008, 88-б.). Кeк шыбак - бул эрмендин бир TYPY, даамы eтe ачуу eсYмдYк. Кулан куйругу дегени да дал ошондой сапатка ээ деп болжолдоого мYмкYн. Бул айтылган мисалдардан Бабур eсYмдYктeр дYЙнeсYн эстет катары гана эмес, аларды колдонуучу катары, ацчы катары да баалагандыгын кeрYп турабыз.

«Бабур-намеде» Фергана eрeeнYHYн флорасы тууралуу ^п деле айтылган эмес, муну сeз болгон аймактын eсYмдYктeр ДYЙнeсY Бабур YЧYн кадыресе тааныш, кeндYм болгондугу менен тYШYндYPYYгe болор эле. Бирок Афганистанга келгенде: «Ысык тилкени муздак тилкеден Бадам Чашме ашуусу бeлYп турат. Бул ашуудан eтYп, адам (такыр) башка дYЙнeнY кeрeт: дарактар - башка, чeптeр - башка, жаныбарлар - башка, элинин адат-салты -бeлeкчe» деп белгилейт (Бабур-наме, 2008, 82-б.). Бул оюн кийинчерээк дагы бир кайталайт: «Бадам Чашме жана Джагдалик жолунда алты тYнeп, биз Адинапурга келдик. Мен ысык тилкелYY аймактарда жана Индустан менен чектеш жерлерде эч качан болгон эмесмин. Биз Нингнахарга жеткенибизде, биздин ^з алдыбызга такыр башка ДYЙнe тартылды: чeбY -башка, дарактары - башка, айбанаттары - башкача, канаттуулары - башкача, элинин салт-санаасы - бeлeкчe. Мен тац калдым, чынында эле ал жерде айран калчу нерселер бар» (Бабур-наме, 2008, 89-б.).

Жыйынтык

Жогору айтылгандар Бабурдун ынталуу, баамчыл натуралист экендигин далилдеп турат. Индустанга жетиши менен ага жацы дYЙнeнYн эшиги ачылган: кYндeлYктYн беттеринде мурунтан кeнYMYш эмес, Бабур кeрбeгeн eсYмдYктeрдYн аттары жайнап учурайт. Бирок, буга карабастан, «Бабур-наме» Борбордук Азиянын eсYмдYктeр ДYЙнeсYн YЙрeнYY боюнча баалуу булак катары кызмат кыла алмакчы.

Пайдаланылган адабияттар

1. Абдыкадырова, С. (2022). "Измерение наследия Бабура в лингвопоэтическом и языковедческом планах". Вестник Ошского государственного университета, (3), 184-193. DOI: https://doi.org/10.52754/16947452 2022 3 184

2. Бабур, Захир ад-Дин. (2008). Бабур-наме. Перевод М. Салье. Ташкент: Главная редакция ИПАК «Шарк».

3. Байбосунов, А. (1990). Донаучные представления киргизов о природе. Фрунзе: Мектеп.

4. Басаева, К.Д. (1989). "Этнокультурные параллели у бурят и народов Саяно-Алтайского нагорья (на примере семейной обрядности)", Этнокультурные процессы в Юго-Восточной Сибири в средние века. Новосибирск: Наука. Сиб. отд-ние.

5. Головкин, Б.Н. (1988). О чем говорят названия растений. Ташкент: Мехнат.

6. Головкова, А.Г. (1984). Путешествие в мир растений Киргизии. Фрунзе: Мектеп.

7. Захидов В.Ю. (1977). Огни истории. Москва: Советский писатель.

8. Мурзакметов, А. (2012). "Кыргыздардын дарактарга байланышкан ишенимдери", Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы, № 4, 197-202 бб.

9. Мурзакметов, А.К. (2012). Кыргызстандык езбектердин каада-салттары, ырым-жырымдары жана ишенимдери. Ош.

10. Сейдакматов, К. (1988). Кыргыз тилинин кыскача этимологиялык сездYГY. Фрунзе: Илим.

11. Смирнов, А.В. (1988). Мир растений: Рассказы о культурных растениях. Москва: Мол. Гвардия.

12. Узбек топишмоклари. (1991). Тузувчи, таржима, суз боши ва изох,лар муаллифи М. Абдурахимов. Ташкент: Ук;итувчи.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.