ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОЛОГИЯ
ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОЛОГИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOLOGY
e-ISSN: 1694-8874
№1(1)/2023, 22-29
УДК:
DOI: 10.52754/16948874 2023 1(1) 3
СТУДЕНТТЕРДИН КЕП МАДАНИЯТЫН КЕПТИК КОММУНИКАЦИЯНЫН
НЕГИЗИНДЕ КАЛЫПТАНДЫРУУ
ФОРМИРОВАНИЕ РЕЧЕВОГО КОММУНИКАЦИИ УЧАЩИХСЯ НА ОСНОВЕ РЕЧЕВОЙ
КУЛЬТУРЫ
FORMATION OF SPEECH COMMUNICATION OF STUDENTS
Батырова Ташхон Темировна
Батыроеа Ташхон Темировна Batyrova Tashkon Temirovna
окутуучу, Ош мамлекеттик университети
преподаватель, Ошский государственныйуниверситет Lecturer, Osh State University _batyrovatashkan72@gmail.com_
Бапышова Анаргул Жапаровна
Бапышоеа Анаргул Жапаровна Bapyshova Anargul Japarovna
окутуучу, Ош мамлекеттик университети
преподаватель, Ошский государственныйуниверситет Lecturer, Osh State University
СТУДЕНТТЕРДИН КЕП МАДАНИЯТЫН КЕПТИК КОММУНИКАЦИЯНЫН
НЕГИЗИНДЕ КАЛЫПТАНДЫРУУ
Аннотация
Бул макалада кеп коммуникациясынын журушунде студенттердин кеп маданиятынын децгээли, енугуусу жана калыптануусуна кедергисин тийгизген айрым маселелер каралат. Ошондой эле коомдун талабына ылайык студенттин кеп маданиятынын жалпы нормалары изилденет. Ken маданиятынын калыптандырууга зарыл болгон жалпы аспектилер аныкталат. Азыркы мезгилде дуйне жузундегу болуп жаткан турдуу езгеруулер кеп коммуникациясынын функцияларын кыйла кецейтти. Бугунку кунде кеп коммуникациясы - "байланыш" - маалыматтык мунезге ээ болгон карым-катыш процесси болсо, "маалымат" - иштин ал-жайы тууралуу, бир нерсенин ал-абалын билдируу, ошондой эле маданияттар аралык байланыштын негизги каражаты катары эсептелет. Демек, кеп коммуникациясынын негизинде кеп маданиятын калыптандыруу - заманбап компетенттуу мугалимдин кесипкейлугун, жалпы жана кесиптик маданиятынын негизги компоненттеринин бири болуп саналат.
Ачкыч свздвр: кеп маданияты, кеп коммуникациясы, суйлее, маалымат алмашуу, компетенттуу, коммуникативдуу жендем, кесиптик жендем.
ФОРМИРОВАНИЕ РЕЧЕВОГО КОММУНИКАЦИИ УЧАЩИХСЯ НА ОСНОВЕ РЕЧЕВОЙ КУЛЬТУРЫ
Аннотация
В данной статье рассматриваются некоторые вопросы, препятствующие уровню, развитию и формированию речевой культуры у студентов в процессе речевого общения. Также изучаются общие нормы речевой культуры студента, удовлетворяющие запросы общества. Определяются общие аспекты речевой культуры, которые необходимо учитывать. В настоящее время различные изменения, происходящие во всем мире, значительно расширили функции речевой коммуникации. Сегодня речевая коммуникация - "общение" -это процесс взаимодействия, носящий информационный характер, а "информация" - это передача данных о прошедшем в данной сфере деятельности, о состоянии чего-либо, а также ее использование в качестве основного средства межкультурного общения. Следовательно, речевая культура в контексте речевой коммуникации - одна из основных составляющих профессиональной культуры современного человека.
FORMATION OF SPEECH COMMUNICATION OF STUDENTS
Abstract
This article discusses some issues that hinder the level, development and formation of speech culture among students in the process of speech communication. The general norms of teacher speech culture that satisfy the needs of society are also studied. General aspects of speech culture that need to be taken into account are identified. Currently, various changes occurring throughout the world have significantly expanded the functions of speech communication. Today, speech communication -"communication" - is an interaction process of an informational nature, and "information" is the transfer of data about what has happened in a given field of activity, about the state of something, as well as its use as the main means of intercultural communication. Consequently, speech culture in the context of speech communication is one of the main components of the professional culture of a modern person.
Ключевые слова: культура речи, речевая коммуникация, речь, обмен информацией, компетентность, коммуникативные навыки, профессиональные навыки.
Keywords: speech culture, speech communication, speech, information exchange, competence, teacher, communication skills, professional skills.
Киришуу
Акыркы убактардагы дуйне жузундегу болгон езгеруулер билим беруу жаатында да олуттуу езгеруулерду пайда кылды. Билим берууде бир гана кесиптик жагы каралбастан, ар тараптуу, компетенттуу адистерди даярдоо - мезгилдин талабы. Бул макалада студенттердин кеп маданиятын кептик коммуникациясынын негизинде естурууге басым жасадык. Демек студенттин келечектеги кесипкей, компетенттуу, ийгиликтуу адис болуусу учун коомдогу адамдар менен болгон байланышы негизги орунда турат.
Ken коммуникациясы ЖОЖдун жана колледждердин студенттерин адистиктерге даярдоодо эц зарыл болуи эсеителет. Замандын талабына жараша кесипкей адистерди даярдоодо кеп коммуникациясынын орду чоц. Келечектеги адис езунун багытында билимин, илимий тушунуктерун так аткаруу милдети турат. Айланасындагы адамдар менен мамиле тузууде, ишин талаптагыдай аткарууда, кеп коммуникациясын, кеп маданиятын жакшы ездештуруу муктаждыгы бар. Алгач "коммуникация" деген терминге тушундурме берип, тилдик маанисин талдасак болот. Анткени коммуникация кеп жактуу философия, социология, психология, педагогика илимдеринде бул тушунук алда качан изилденген тушунуктердун бири болуп эсептелет. "Коммуникация" сезу латын тилинен communico - "байланыштырамын" деген сезунен келип чыккан.
Изилдее ыкмалары. Илимий адабияттарга таянсак, бир канча энциклопедиялык сездуктерде "коммуникация" термини - кабар беруу, билдируу жолу, баарлашуу деп берилет. Мындай пикирди орус окумуштууларынан Л.С.Выготский, В.Н.Курбатов, А.А.Леонтьев жана Колен Черри, Толкотт Парсонстор жактап келишет. Ал эми, белгилуу орус окумуштуусу, философ Моисей С. Каган "коммуникация" термининин эки маанисин ачып керсеткен:
1) ал практикалык, материалдык, руханий, маалыматтык мунездегу байланыш. Мындай учурда коммуникация - жен гана жацылык, маалымат беруу процесси болуп саналат;
2) коммуникация - субъект катары маалымат беруучу болсо, объект - кабылдагыч катары берилген маалыматты кабыл алат, анын тегерегинде ой жугуртет жана турмушта колдонот (Акматбекова, 2011, 6.141; Сейитбекова ж-аМирзакматова, 2022).
Окумуштуу Ж.Акматбекованын пикирине таянсак, «байланыш» - тек гана оозеки кептин жардамы менен адамдардын ез ара алака, карым-катышынын натыйжасында алардын ишмердуулуктерун чагылдырган маалымат процесси болуп саналат. Калган учурдагы мамилелерди «социалдык коммуникация» термини менен туюнтууга болот. Натыйжада, коммуникация - жен гана маалымат алмашуу болсо, кецири мааниде «социалдык коммуникация» коом ичинде маалымат алмашуу, ал эми байланыш коомдогу оозеки байланыш болуп саналат. Учурда эл аралык байланыштардын, инновациялык технологиялардын енугуусуне байланыштуу, заманбап билим беруу системасын коомдун талабына ылайык езгертуу муктаждыгы жогорулады. Мындай учурда адамдар менен гумандуу байланыштын негизиндеги кеп маданиятын калыптандыруу стратегиясына езгече кецул буруу керек.
Адамдын коммуникацияга, башкача айтканда баарлашууга болгон жендемдуулугу психология илиминде "коммуникативдуулук" деп аталат. Коммуникативдуулук - бул адамдын ар кандай аракетинин мотивдешкендиги, сырткы стимулдашуудан эмес, ички ниет аркылуу аракеттин келип чыгышы. Изилдеелерде "коммуникативдуулук" тушунугу боюнча
бир нечелеген аныктамалар келтирилген. Биздин оюбузча теменку аныктама бул тушунуктун маани-мацызын толук чагылдырып турат: коммуникативдуулук - бул жендемдуулук, коммуникацияга (баарлашуу учурунда маалыматты берууге), контакт тузууге, баарлашуу учун байланыш тузууге болгон ынтаа (Абдырахманов жана Ногаев, 2011, 6.114; Ниязова, 2021а, 20216).
Коммуникация тушунугу коомдо аралашуу, ой, билим, сезим, кулк-мунез, адеп жана башкалар менен болгон карым-катышын тушундурет. Адам менен адам мамиле тузууде жогорудагы сапаттар, алардын байланышы, ишке ашуусу маанилуу болуп саналат. Ушул иш-аракеттердин карым-катышынын натыйжасында кеп коммуникациясынын аткарылышы коз каранды деп белгилееге болот. Ken коммуникациясы коомдогу адамдардын бири-бирине байланышууга муктаж болгон зарылдыктын натыйжаларында керунет. Демек, ЖОЖдун жана колледждин студенттерине кеп комуникациясын окутууда кесиптик чейресун, коомдо адамдар менен байланышуу мамилелеринин натыйжаларын эске алуу менен окутуу зарылдыгы турат.
Ken маданияты - бул термин, негизинен, суйлешуунун, жаза билуунун негиздерин, сапаттарын, теориялык жагдайларын, категориялык талаптарын, нормаларын изилдеген илимдин аталышын туюндурат. Ken маданиятын есуп-енуктурууде жана калыптандырууда, сапаттарын, теориялык жагдайларын, категориялык талаптарын, нормаларын изилдееге кептеген окумуштуулар тарабынан кецул бурулган. Алар: В.А.Кан-Калик, Н.В.Кузьмина, A.A. Леонтьев, B.C. Грехнев, A.B. Мудрик ж.б.у.с. Бул окумуштуулардын илимий эмгектеринде педагогдун кеп маданияты анын компетенттуулугунун жана коом менен мамилелешуусунун негизги керсеткучу болорун белгилешет. Болочок адистин кесиптик езгочелугунун негизги компоненттеринин бири болгон кеп маданияты жогоруда айтылгандардан тышкары, тил системасын жана пикир алышуунун негизги турлерун, байланыштын жалпы эрежелерин жана тилдин функционалдык стилдерин билууну камтыйт. Мисалы, келечектеги педагог адистердин кеп маданиятынын негизги компоненттерине теменкулер кирет:
• коммуникативдик кырдаалды уюштуруу жана башкаруу;
• жалпы жана атайын терминологияны билуу;
• кесиптик темада презентация жасай билуу;
• кесиптик маселелер боюнча адис эмес адамдар менен байланышуу (Руденский, 1997, 6.156).
Бугунку кунде кеп маданиятын коомдогу адамдар менен пикир алышууну жакшыртуу учун коммуникациялык сапаттардын чегинде колдоно билуу - компетенттуу адистин негизги милдети. Демек, кеп маданиятын окутуунун негизги максатына студенттердин коммуникациялык жендемдуулуктерун онуктуруу менен гана жетишууге болот. Суйлешуунун коммуникативдик сапаттарына: анын тууралыгы, тазалыгы, тушунуктуулугу, образдуулугу, адептуулугу, орундуулугу, таасирдуулугу кирет. Ken маданияты мына ушул маселелерди изилдейт. Ken маданияты адамдардын суйлешуу маданиятын жана алардын жалпы эле маданиятын, адеп-ахлагын, ички жан дуйнесун енуктуруу максатын кездейт (Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы, 2015, б. 256).
Заманбап адис кандай жагдай болбосун адамдардын ортосундагы мамилелерди жакшыртууда, ар кандай кейгейлерду чечууде психологиялык жактан даяр болот. Ken
маданиятынын ишке ашуусунда анын сапатына коюлуучу талаптар адистин суйлеген кебине, анын тараптар менен активдуу иш алып барууну камсыз кылгандыгына кез каранды. Анткени, бул кадам адистин кесипкейлугун еркундетуп, натыйжада коомчулук менен алып барып жаткан иш-аракеттерин сапаттуу уюштурууга жардам болот.
Ken маданиятын ишке ашырууда студенттердин коммуникативдик жендемдеруне, билимдерине, билгичтиктерине да кенул буруу зарыл. Окумуштуу Ч.Ш. Омурзакова белгилегендей, билим беруу системасында коммуникативдуу комиетенттуулуктун негизинде билгичтиктер суйлее маданииятынын калыптанышына таасир этет.
Коммуникативдуу билгичтиктер - булар:
• кабар текстин адекваттуу формага уюштуруу;
• кептик билгичтиктер;
• ички жана сырткы пайда болууну гармониялаштыруу;
• тескери байланышты алуу билгичтиги, коммуникативдуу тоскоолдуктардан ото алуу билгичтиги ж.б.
Мындан тышкары, теменкудей билгичтиктер дагы коммуникативдуу билгичиктин негизги элементтеринен болуп эсептелет:
• гумандуу, демокративдуу негизде баарлашуунун уюштуруу, ьщгайлуу эмоционалдык-исихологиялык атмосфераны тузуу билгичтиги;
• езун-езу текшеруу жана езун-езу жолго салуу билгичтиктери;
• карым-катнашты тузуу билгичтиги;
• профессионалдык этиканын принциптерин жана эрежелерин колдонуу билгичтиги;
• баарлашуу учурунда онектештун журум-турумун адекваттуу кабыл алуу жана баалоо билгичтиги;
• баарлашуучунун абалын, каалоосун жана журум-турум мотивин вербалдуу эмес сигналдар аркылуу аныктоо билгичтиги;
• баарлашууга жагымдуу таасир калтыруу билгичтиги (Омурзакова, 2021, 6.45).
Студенттин кептик коммуникациянын шарттарында коомчулук менен болгон байланышынын эффективдуулугуне таасир тийгизген, анын суйлее жендемунун децгээлин чагылдырган кеп маданияты учун бир катар талаптар коюлат:
• так суйлее (морфологиялык, синтаксистик, орфоэпиялык жана адабий тилдин башка нормаларын эркин суйлее);
• таза суйлее (жаргон жана диалектизмдер, карапайым сездер ж.б.);
• керкем суйлее (педагогдун кеп маданиятында зарыл болгон тил каражаттарын кебинде колдонуу);
• пикир алышуудагы жендемдуулугу (байланыш жагдайынын адабий тилдин нормаларына дал келиши);
• логикалык жактан так жана системалуу суйлее (ырааттуулук, тушунуктуу жана педагогдун суйлеген сезунун чаржайыт эместиги) болуп эсептелет (Введенская жана Черкасова, 2004, 6.137).
Ал эми изилдеебуздун негизинде студенттердин болочок адис катары калыптануусуна саресеп салып, жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын суйлее талаптары менен
квалификациялуу адистердин кеп маданиятын жургузууде олуттуу кецул бура турган жагдайлар бар деген жыйынтыкка келдик. Ken коммуникациясынын негизинде кеп маданиятын калыптандыруу жаатындагы акыркы изилдеелер, биз кетеруп жаткан кейгейдун изилденишинин жеткилец эместигин керсетуп турат. Бул жагдай келечектеги турдуу кесипке ээ боло турган студенттерди адистикке даярдоонун журушунде кеп маданиятын енуктурууге ырааттуу мамиленин жоктугу менен тушундурулет. Илимий изилделерден байкалгандай, студенттердин кепчулугунун кеп маданиятын оозеки суйлеедегу децгээли менен байланыштырса болот. Адабий тилдин нормаларын сактап, кеп байлыгын, керкемдуулугун жана логикалык ыраатуулугун керсетуп, ез ойлорун адабий тилде айта алган студенттер азчылыкты тузушет. Ken маданиятынын ишке ашуусу канааттандырарлык децгээлде болуп, баарлашуу процессинде кеп учурда ийгиликке жетпеесун белгилейт. Себеби, кеп маданиятына уйренууде окутуучулар менен студенттердин кеп коммуникациясынын практикалык жактан колдонууда кейгейлер бар. Бул коммуникациялык кендумдердун енугушуне тоскоол болот.
Жыйынтыктар жана талкуулоолор. Заманбап билим берууде жогорку жана орто окуу жайларында турдуу кырдаалдарда коммуникативдик кендумдерду, билимди еркундетуу жана турмушта колдонууну калыптандыруу стратегиялары колдонулат. Анткени, коммуникативдуу адам кырдаалга бат адаптацияланат, социалдык журум-турумдун вербалдык жана вербалдык эмес каражаттарын максаттуу турде колдоно алат. Коммуникативдуулукту калыптандырууда негизги булак болуп тажрыйба, жалпы эрудиция жана атайын илимий методдор эсептелерин адистер белгилешет. Ушулардын бардыгы адам учун субъектвдуу маанилуу, бирок булардын ичинен маанилуусу болуп тажрыйба эсептелет. Тажрыйбаны талкуулоодо негизги орунду инсан аралык баарлашуу ээлейт (Жусупова, 2021; Омурзакова, 2021, 6.46). Бул жагдай студенттер алган билимдерин турмушта колдоно билууге калыптануу, же аны келечегине байланыштыра алуу менен аныкталат. Анткени билимди практикалык жактан енуктурууге жана суйлее маданиятынын енугушуне эмес, теориялык билимди топтоого, тагыраак айтканда, лексиканы байытууга жана грамматиканы ездештурууге алып келет.
Студенттердин кеп маданиятын калыптандыруу, естуруу аспектилерине коммуникациянын эц маанилуу критерийлеринин бири болгон суйлее жендемдуулугун еркундетуу кирет. Мында студенттердин ездерунун жана тайпалаштарынын суйлеген кебин угуу, бири-бирине талдоо беруу жендемун енуктуруу, байланыштын журушун кеземелдее, артыкчылыктарын жана кемчиликтерин белгилее каралат. Ошондой студенттердин кеп маданиятындагы негизги милдеттердин бири - суйлее жендемунун бузулушунун мунезун жана себептерин аныктоо. Демек, коммуникативдуу жендемдуулуктер - студенттердин ез алдынча психологиялык касиеттери, булар коммуникативдуу ишмердуулуктун талаптарына жооп беруу менен байланыштын тез ишке ашышын камсыз кылат (Фоменко, 1994, б. 46).
Белгилей кетсек, билим беруу системасы жалпы адамзаттык баалуулуктарга ээ болгон, ой жугуртууге жендемдуу чыгармачыл инсанды, заманбап адистерди тарбиялоого багытталган. Бирок билим беруу ишинде кеп маданиятынын негиздерин калыптандыруу боюнча иш-аракеттер аз. Мындан тышкары, коммуникативдик кендумдерду калыптандыруунун учурдагы абалы, окутулушу коомдогу кеп маданиятынын децгээлинин темендешунун себептерин изилдееге алып келуучу замандын жашоо талаптарына, максаттарына жооп бербейт.
Мезгилдин ар тараптан енугуусу, сабаттуулуктун кескин темендешу, адабий тилдик нормаларды этибарга албоо, адамдын кеп байлыгынын жардылыгы, айтайын деген оюн так билдире албастыгы, тилдик каражаттарынын иайдаланылышы жана оозеки суйлешуу стили менен мунезделет. Окумуштуу П.Н. Осипов студенттердин кеп маданиятынын децгээлин талдап, аларда ез ара пикир алышуунун децгээлинин темендугу, ой жугуртуунун жеткиликтуу эместиги, ойлорун так жана туура билдире албастыгы, ез алдынча билим алууга аракеттин жоктугун кеп маданиятынын темендешунун негизги себептери деп атаган (Осипов жана Богданова, 2011, 6.19 - 22.).
Ошондой эле кеп маданиятынын темендешунун себептерине коммуникациялык процессте теориялык билимдердин колдонулбагандыгы активдуу лексиканын чектелуусуне алып келет. Мында адабий тилдин нормасында суйлебее, коомдогу белгилуу адамдардын сабатсыз суйлеесуунун таасири, ар кандай массалык маалымат каражаттарына болгон ишеним, суйлей алуучуларга урмат керсетпее, жаштардын жаргондорду кеп пайдалануусун айтсак болот. Бул студенттердин суйлее маданиятынын темендугунен келип чыгат. Жогорудагы ушул жагдайлар билим беруу системасында кеп маданиятын окутууда кептик коммуникацияга негизделген окутуунун инновациялык ыкмаларын активдуу киргизууну талап кылат. Билим берууде кеп жендемун енуктурууге коммуникациялык жагдайды симуляциялаган окутуунун жигердуу ыкмаларын колдонуу жардам берет. Бул ыкмаларга дебаттар жана талкуулар, дидактикалык жана сабакта колдонулган грамматикалык оюндар, ошондой эле эл алдында чыгып суйлеенун улгулерун аткаруу, анализдей турган кырдаалдарды моделдештируу сунуш кылынат. Ошондой эле студенттердин кеп маданиятын енуктуруп, таанып-билуу ишмердуулугун стимулдаштырып, жалпы маданий жана кесиптик компетенттуулуктерун еркундетет.
Корутунду
Ошентип, студенттердин кеп маданияты теориялык билимдерди ездештурууде гана эмес, пикир алышуу, маектешуулерге кызыгуусун активдештируу, кептик каталарын оцдоо жана натыйжалуу суйлее аракетине кенугуу десек болот. Максатка жетуудегу кесиптик иш-аракеттер учун кооз суйлее гана жетишсиз. Анткени пикир алышуунун иш-аракеттерин координациялоого жана тууралоого мумкундук берген белгилуу бир принциптерди сактоо керек. Кесиптик ишмердуулуктун калыптанышы, кеп маданиятынын жогорку децгээли, жогорку окуу жайындагы жана колледждеги окутуу процессинде калыптанган студенттин инсандыгынын маанилуу компоненттери деп айтууга болот. Бирок акыркы мезгилдерде болуп жаткан глобалдык езгеруулер, кесиптик билим беруунун учурдагы системасына таасирин тийгизип, езгертуу зарылдыгын негиздейт. Тактап айтканда, келечекте жетиштуу пикир алышууну, байланышты камсыз кыла алган коммуникативдуу, демилгелуу адисти тарбиялоо талабы турат. Изилдеелерден керсеткендей, жогорку окуу жайдын жана колледждин турдуу адистигинин бутуруучулеру коммуникативдик-суйлее компетенциясынын зарыл билимдерин толук бойдон билишпейт. Ошондуктан, билим беруу процессинде кеп маданиятын калыптандыруу стратегиясын жацылоо зарылдыгы езгече актуалдуу.
Адабияттар
Абдырахманов, Т.А., и Ногаев, М.А. (2011). Компетентностный подход в современном образовании. (Учебное пособие). Бишкек.
Акматбекова, Ж. (2011). Коммуникациянын башаты. Бишкек.
Введенская, Л.А., и Черкасова, М.Н. (2004). Русский язык и культура речи. Ростов-на-Дону: "Феникс".
Жусупова, Д.Ы. (2021). Окуу процессинде студенттердин кеп маданиятын калыптандыруу. Вестник Ошского государственного университета. Vol. 3, No. 4, сс. 176-183. EDN: ERXGET.
Кыргызтилининлингвистикалыкмаалымдамасы. (2015). Бишкек: АврасияПресс.
Ниязова, Ж.Д. (2021а). Медициналык педагогика жана студенттин англис тилинде кесиптик байланыш кебин калыптандыруунун практикалык мазмуну. Вестник Ошского государственного университета. Vol. 2, No. 4, сс. 367-374. DOI: 10.52754/16947452_2021_2_4_367. EDN: PPWYSV.
Ниязова, Ж.Д. (20216). Кыргызстанда медициналык багыттарда студенттердин кесиптик байланыш кебин остуруунун методологиясы жана коммуникативдик компетенцияларды калыптандыруу. Вестник Ошского государственного университета. Vol. 2, No. 4, сс. 375-383. DOI: 10.52754/16947452_2021_2_4_375. EDN: ZCABAY.
Омурзакова, Ч.Ш. (2021). "Коммуникативдуу компетенттуулук" тушунугу жана анын билим беруу системасындагы орду. ИзвестияКАО, №4(36), 45-50 бб.
Осипов, П.Н., Богданова И.Н. (2011). "Использование воспитательного потенциала дисциплины "Русский язык и культура речи" в стимулировании самовоспитания студентов". Гуманитарные науки и образование. 19-22.
Руденский, Е.В. (1997). Основы психотехники общения менеджера: учебное пособие. Москва: ИНФРА-М; Новосибирск: НГАЭиУ.
Сейитбекова, С., & Мирзакматова, О. (2022). Язык, культура и коммуникация. Вестник Ошского государственного университета, (2), 200-206.
https://doi.org/10.52754/16947452 2022 2 200. EDN: XCWKNW.
Фоменко, Ю.В. (1994). Типыречевых ошибок. Новосибирск: Изд- во НГПУ.