Научная статья на тему 'МЕКТЕПТЕРДЕ КЫРГЫЗ ТИЛИ САБАГЫНДА “ОРФОГРАФИЯ” БӨЛҮМҮНҮНӨ ТИЕШЕЛҮҮ АЙРЫМ ТЕМАЛАРДЫ ОКУТУУДА КОЛДОНУЛУУЧУ УСУЛДУК ЫКМАЛАР'

МЕКТЕПТЕРДЕ КЫРГЫЗ ТИЛИ САБАГЫНДА “ОРФОГРАФИЯ” БӨЛҮМҮНҮНӨ ТИЕШЕЛҮҮ АЙРЫМ ТЕМАЛАРДЫ ОКУТУУДА КОЛДОНУЛУУЧУ УСУЛДУК ЫКМАЛАР Текст научной статьи по специальности «Языкознание и литературоведение»

CC BY
27
3
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
мектепте билим берүү / кыргыз тили сабагы / орфография / усулдук ыкмалар / педагогика / school education / Kyrgyz language lessons / spelling / teaching methods / pedagogy

Аннотация научной статьи по языкознанию и литературоведению, автор научной работы — Давлатова Сара

Мектептердеги кыргыз тили предемтин окутууда окуучулардын сабаттуу жазуу компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу аркылуу окутуунун натыйжасына жетүүдө өбөлгө боло турган усулдук ыкмаларды колдонууга карата көрсөтмөлөрдү чагылдыруудагы орду менен макала актуалдуу мүнөзгө ээ. Макаланын изилдөө предмети “Орфография” бөлүмүнө тиешелүү болгон кыргыз орфографиясынын негизги эрежелери: “Сөздү бирге, бөлөк жана дефис аркылуу жазуунун эрежелери”, “Баш тамгалар менен жазуу жана сөздөрдү ташымалдоонун эрежелери” аталыштагы темалар жана аларды окутууда колдонулуучу усулдук ыкмалар. Иликтөөнүн максаты аталган темаларды окутууда алгылыктуу окутуунун натыйжасына жетектей турган усулдук ыкмаларды колдонуу аркылуу окуучулардын сабаттуу жазуу көндүмдөрүн калыптандыруу. Изилдөө методу – педагогикалык эксперимент. Пайдаланылган усулдук ыкмалар окуучулардын кеп ишмердүүлүгүнүн төрт түрүн (окуп түшүнүү, угуп түшүнүү, сүйлөө жана жазуу) калыптандырууда, сабаттуулугун арттырууда алгылыктуу натыйжа берет. Жыйынтыгында окуучу сабаттуу жазуу, өз оюн логикалык жактан так сүйлөй билүү көндүмдөрүнө ээ болуп, билимин практикада максаттуу колдоно алат.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

METHODOLOGICAL TECHNIGUES USED IN TEACHING SOME TOPICS, IN THE SECTION "SPELLING" IN KYRGYZ LANGUAGE LESSONS IN SCHOOLS

This article is deals with that it contains recommendation for the use of methodological techniques that contribute to the achievement of learning outcomes for the formation of orthography literacy in the writing of students for teaching the Kyrgyz languages in schools. The subject of the article is basic rules of Kyrgyz orthography: “Rules for orthography words together, separately and with a hyphen", "Rules for writing capital letters and hyphenantion” topics and teaching methods related to the section “orthography”. The aim of the study is to develop literate writing of students through the using of methodological techniques that shape learning outcomes when teaching the above topics. The research method is a pedagogical experiment. This article proves that the methodological techniques used undoubtedly affect the formation of four types of speech activity (reading, listening, speaking and writing) and spelling vigilance. Based on these results, the student will be able to write competently, express his thoughts logically and clearly and apply them in practice.

Текст научной работы на тему «МЕКТЕПТЕРДЕ КЫРГЫЗ ТИЛИ САБАГЫНДА “ОРФОГРАФИЯ” БӨЛҮМҮНҮНӨ ТИЕШЕЛҮҮ АЙРЫМ ТЕМАЛАРДЫ ОКУТУУДА КОЛДОНУЛУУЧУ УСУЛДУК ЫКМАЛАР»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОЛОГИЯ JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOLOGY

e-ISSN: 1694-8874

№2(2)/2023, 11-22

УДК: 372. 882

DOI: 10.52754/16948874 2023 2(2) 2

МЕКТЕПТЕРДЕ КЫРГЫЗ ТИЛИ САБАГЫНДА "ОРФОГРАФИЯ" БОЛУМУНУНО ТИЕШЕЛУУ АЙРЫМ ТЕМАЛАРДЫ ОКУТУУДА КОЛДОНУЛУУЧУ УСУЛДУК

ЫКМАЛАР

МЕТОДИЧЕСКИЕ ПРИЕМЫ, ИСПОЛЬЗУЕМЫЕ ПРИ ПРЕПОДАВАНИИ НЕКОТОРЫХ ТЕМ, ПО РАЗДЕЛУ "ОРФОРГАФИЯ" НА УРОКАХ КЫРГЫЗСКОГО ЯЗЫКА В ШКОЛАХ

METHODOLOGICAL TECHNIGUES USED IN TEACHING SOME TOPICS, IN THE SECTION "SPELLING" IN KYRGYZ LANGUAGE LESSONS IN SCHOOLS

Давлатова Capa

Даелатоеа Capa Davlatova Sara

ф.и.к., доцент, Ош мамлекеттик университети

к.ф.н., доцент, Ошскийгосударственныйуниверситет Associate Professor, Osh State University davlatova1961@mail.ru

МЕКТЕПТЕРДЕ КЫРГЫЗ ТИЛИ САБАГЫНДА "ОРФОГРАФИЯ" БОЛУМУНУНО ТИЕШЕЛУУ АЙРЫМ ТЕМАЛАРДЫ ОКУТУУДА КОЛДОНУЛУУЧУ УСУЛДУК

ЫКМАЛАР

Аннотация

Мектептердеги кыргыз тили предемтин окутууда окуучулардын сабаттуу жазуу компетенттуулуктерун калыптандыруу аркылуу окутуунун натыйжасына жетууде вбелге боло турган усулдук ыкмаларды колдонууга карата керсетмелерду чагылдыруудагы орду менен макала актуалдуу муиезге ээ. Макалаиыи изилдее иредмети - "Орфография" белумуне тиешелуу болгои кыргыз орфографиясынын негизги эрежелери: "Сезду бирге, белек жаиа дефис аркылуу жазуунун эрежелери", "Баш тамгалар менен жазуу жана сездерду ташымалдоонун эрежелери" аталыштагы темалар жана аларды окутууда колдонулуучу усулдук ыкмалар. Иликтеенун максаты - аталган темаларды окутууда алгылыктуу окутуунун натыйжасына жетектей турган усулдук ыкмаларды колдонуу аркылуу окуучулардын сабаттуу жазуу кендумдерун калыптандыруу. Изилдее методу - педагогикалык эксперимент. Пайдаланылган усулдук ыкмалар окуучулардын кеп ишмердуулугунун терт турун (окуп тушунуу, угуп тушунуу, суйлее жана жазуу) калыптандырууда, сабаттуулугун арттырууда алгылыктуу натыйжа берет. Жыйынтыгында окуучу сабаттуу жазуу, ез оюн логикалык жактан так суйлей билуу кендумдеруне ээ болуп, билимин практикада максаттуу колдоно алат.

Ачкыч свздвр: мектепте билим беруу, кыргыз тили сабагы, орфография, усулдук ыкмалар, педагогика.

МЕТОДИЧЕСКИЕ ПРИЕМЫ, ИСПОЛЬЗУЕМЫЕ ПРИ ПРЕПОДАВАНИИ НЕКОТОРЫХ ТЕМ, ПО РАЗДЕЛУ "ОРФОРГАФИЯ" НА УРОКАХ КЫРГЫЗСКОГО ЯЗЫКА В ШКОЛАХ

Аннотация

Статья актуальна тем, что здесь изложены рекомендации использования методических приемов способствующих достижению результатов обучения за счет формирования орфографической грамотности в письме учащихся при преподавании кыргызского языка в школах. Предмет исследования статьи -основные правила кыргызской орфографии: "Правила написания слов слитно, раздельно и через дефис", "Правила написания заглавных букв и переноса слов" - тематика и методы обучения, относящиеся к разделу "Орфография". Целью исследования является развитие грамотного письма у учащихся за счет использования методических приемов, которые формируют результаты обучения при преподавании упомянутых тем. Метод исследования -педагогический эксперимент. Используемые методические приемы несомненно влияют на формирование четырех видов речевой деятельности (понимание прочитанного, аудирование, говорение и письмо) и повышение грамотности. На основе этих результатов ученик сможет грамотно писать, логично и ясно излагать свои мысли и применять их на практике.

METHODOLOGICAL TECHNIGUES USED IN TEACHING SOME TOPICS, IN THE SECTION "SPELLING" IN KYRGYZ LANGUAGE LESSONS IN SCHOOLS

Abstract

This article is deals with that it contains recommendation for the use of methodological techniques that contribute to the achievement of learning outcomes for the formation of orthography literacy in the writing of students for teaching the Kyrgyz languages in schools. The subject of the article is basic rules of Kyrgyz orthography: "Rules for orthography words together, separately and with a hyphen", "Rules for writing capital letters and hyphenantion" - topics and teaching methods related to the section "orthography". The aim of the study is to develop literate writing of students through the using of methodological techniques that shape learning outcomes when teaching the above topics. The research method is a pedagogical experiment. This article proves that the methodological techniques used undoubtedly affect the formation of four types of speech activity (reading, listening, speaking and writing) and spelling vigilance. Based on these results, the student will be able to write competently, express his thoughts logically and clearly and apply them in practice.

Ключевые слова: школьное образование, уроки кыргызского языка, орфография, методика преподования, педагогика.

Keywords: school education, Kyrgyz language lessons, spelling, teaching methods, pedagogy.

Киришуу

Кыргыз Республикасынын Билим беруу жана илим министрлиги тарабынан кабыл алынган "Кыргыз тилин эне тил катары окутуунун стандартында" (5-9-класстар) эне тилди окутуунун максаты так коюлган: "Окуучуларды жазуу жана оозеки кеп ишмердуулуктерун еркундетуу, баарлашуунун бардык чейрелерунде эне тилиндеги кеп маданиятынын чен-елчемдерун туура сактоого, кеп тилдуу, кеп маданияттуу коомдо эне тилинин тилдик-маданий баалуулуктарын барктай билууге кенуктуруу" (Кыргыз тили эне тили катары окутуунун предметтик стандарты (5- 9, 10-11-класстар), 2014, б. 4).

Демек, орто мектептерде кыргыз тилин окутууда окуучулар мамлекеттик тилде сабаттуу жазуу, оюн так, жеткиликтуу баяндоо учун билим, билгичтик, кендумдерге ээ болуусу зарыл. Бул натыйжаларга жетишууде кыргыз тилинин жазуу эрежелерин толук ездештуруунун мааниси зор. Орто мектептер учун тузулген "Кыргыз тилинин программасында" камтылган кыргыз тил илиминин "Орфоэпия жана орфография" белумуне тиешелуу материалдарды ездештуруу аркылуу окуучу сабаттуу суйлее жана жазуу кендумдеруне ээ болот. Орфографиялык эрежелерди уйретуу, практикада колдоно билууге машыктыруу аркылуу сабаттуулук калыптандырылат. Академик Л.В.Щерба: "Орфографиянын эц негизги максаты жана анын езгече баалуу касиети - элди сабаттуулукка уйретуу,"- деген (Абдимиталип кызы, 2021; Карасаев, 2015, б. 9).

"Сабаттуулук деген тушунукке, - деп жазат К.К.Сартбаев,- жазуу эрежеси боюнча туура жазуу гана жатпайт, ал тушунукке окуучулардын ез пикирин кат жузунде сабаттуу турде жазуу деген тушунук да жатат. Башкача айтканда, бул тушунукке речтик жалпы сабаттуулук да кирет. Мына ошондуктан орфография, биринчиден, грамматикага байланыштуу болсо, экинчиден, окуучулардын сез естуруу жумушу менен да байланыштуу. Демек, окуучу орфографиянын материалдарын ездештуруу менен бирге, оозеки жана жазуу турунде да адабий тилди уйренууге тийиш. Эне тили мугалими орфографиянын материалдарын грамматиканын жана сез естуруунун материалы менен тыгыз байланыштырып алып барганда гана окуучулардын сез байлыгы есет" (Сартбаев, 1978, б. 198).

Кыргыз тили предметиндеги ар бир теманы ездештурууде окуучуларда кеп ишмердуулугунун терт туру калыптандырылат: окуп тушунуу, угуп тушунуу, суйлее, жазуу. Натыйжада, сабаттуу жазуу, суйлее, ез оюн так тушундуре билуу кендумдеруне ээ болушат.

Макаланын объектиси катары мектептердеги 6-класста етулуучу "Орфография" белумуне тиешелуу теменку темалар алынды:

1. Сезду бирге, белек жана дефис аркылуу жазуунун эрежелери;

2. Баш тамгалар менен жазуу жана сездерду ташымалдоонун эрежелери (Кыргыз тилинин

программасы, 2013, б. 15).

Иликтеенун максаты - аталган темаларды окутууда алгылыктуу окутуунун натыйжасына жетектей турган усулдук ыкмаларды практикалоо аркылуу окуучулардын сабаттуу жазуу кендумдерун калыптандыруу.

Изилдее педагогикалык байкоо, педагогикалык тажрыйбаны уйренуу методдору аркылуу жургузулду. Кыргыз тил илиминдеги "Орфография" белумуне тиешелуу айрым темаларды окутууда алгылыктуу натыйжа бере турган интерактивдуу методдордон болгон

сынчыл ойломду естуруучу стратегиялардын колдонулушу окуучулардын сабаттуулугун арттырууда маанилуу экендиги аныкталды. Интерактивдуу методдор - бул окуучулар ортосунда жана окуучулар менен мугалимдер ортосунда ез ара аракеттешууну талап кылган методдор.

Жогоруда керсетулген темаларды окутууга карата колдонулуучу усулдук ыкмалардын сабаттуулукту калыптандырууда маанилуу натыйжа бере тургандыгы керсетулду. Берилген тапшырмаларга карата иш-аракеттерди аныктоодо женекейден татаалга карай деген принципти сактоо жана окуучулардын жаш езгочелугу эске алынды.

Кыргыз тили сабагында окуучулардын жацы отуле турган теманы ездештуруусунде окуп тушунуу, угуп тушунуусун калыптандыруучу иш-аракеттер жана суйлее, жазуу ишмердуулугун онуктуруу максатында машыгуу жумуштары жургузулууге тийиш. Аны менен катар, теманы окуп же угуп тушунууден мурда жана кийинки иш-аракеттердин системалуу, максаттуу уюштурулушу билимди терец ездештурууге мумкунчулук жаратат.

"Сезду бирге, белек жана дефис аркылуу жазуунун эрежелери" (Кыргыз тилинин жазуу эрежелери, 2008, б. 16-17) деген теманы отууде мугалим чакыруу максатында теменкудей суроолор менен кайрылат (угуп тушунууге чейинки иш-аракет):

1. Кандай сездер татаал сездер деп аталат?

2. Татаал сездердун кандай турлеру бар?

Ошондой эле татаал сездердун жазылышы боюнча маалымат берууден мурда окуучуларга сездук диктант жаздыруу аркылуу тушунуктерун текшерип алууга болот: бака жалбырак, аш казан, казан-аяк, эже-сицди, улуу-кичуу, келип кетти. Бул аракет жацы етуле турган теманы етууде татаал сездердун жазылышындагы кайсы эрежеге басым коюп тушундурууну аныктоого шарт тузет. Андан кийин жацы етуле турган тема мугалим тарабынан тушундурулет.

Теменкудей кластерди пайдаланса болот: Таблица 1.

Кош сездердун жазылышы: куч-кубат, аман-эсен, бала-чака, жылт-жулт, ыпыр-сыпыр ж.б.

Кыскартылган сездердун жазылышы: КУУ (Кыргыз улуттук университета), БУУ (Бириккен Улуттар Уюму), биофак, медколлеж ж.б.

Андан соц бышыктоо максатында машыгуу жумуштары уюштурулат.

Ошондой эле "Сезду бирге, белек жана дефис аркылуу жазуунун эрежелери" деген теманы окуучулар кеп ишмердуулугунун окуп тушунуу иш-аракетин уюштуруунун негизинде ездештурсе да болот. Тушунууге чейинки иш-аракетте татаал сездер женундегу тушунуктеру текшерилет. Андан кийин теманы тушунуу учун аткарылуучу иш катары окуучуларга тапшырма берилет. Теманы тушунуу чынжыр стратегиясынын негизинде аткарылат. Окуучулар беш топко белунушет, аларга теменкудей маалыматтар камтылган текст таркатылат:

Бириккен сездер. Мурда татаал сез катары колдонулган, бирок кийин биригип кеткен создор бириккен сездер деп аталат: : каер, кайната, кайнене, ушинтип, байке, агайын, бугун, быйыл ж.б. Алардын мурдагы керунушу теменкудей болгон: кайсы жер, кайын ата, кайын эне, ушундай этип, бай аке, ага-ини, бул кун, бул жыл ж.б.

Бириккен сездер бирге жазылат.

Кош сездер жуп-жубу менен айтылат. Алардын ортосуна дефис коюлуп жазылат. М.: ата-эне, эже-сицди, чоц-кичине, жакшы-жаман, кейнек-сейнек, бала-чака, уйгу-туйгу, илец-салац ж.б. Эки белугу тец маани берген кош сездер: ата-эне, эже-сицди, чоц-кичине; бир белугу маани берген кош сездер: бала-чака, кейнек-сейнек; эки белугу тец ез алдынча маани бербей, бирге айтылганда бир маанини тушундурген кош сездер: ыпыр-сыпыр, илец-салац, быкы-чыкы, аки-чуку ж.б.

Кошмок сездер экиден ашуун сезден туруп, бир маанини тушундурет. Алардын ар бир сезу лексикалык мааниге ээ болот, ошондуктан белек жазылат. Бирок биригип келгенде, татаал сез катары колдонулуп, бир тушунукту берет. М.: бака жалбырак, кез айнек, кара тору, ак жуумал, бара жатат, суйлеп олтурат, жыйырма беш, отуз алты ж.б. Келтирилген мисалдагы жыйрыма езунче санды, беш езунче санды тушундурет, ал эми кошо айтылганда башка санды билдирет (жыйырма беш); кез деген сез езунче мааниге ээ, айнек деген сез езунче мааниге ээ, экее бирге айтылганда, татаал сез пайда болуп, айнеги бар, квзгв тагылуучу буюмду тушундурет (кез айнек).

Кошмок сездер теменкудей учурларда бириктирилип жазылат:

Мурда эки сез катары пайдаланылып, бирок кийин бир белугу маанисин жоготуп койсо, андай кошмок сездер бирге жазылат: кечкурун, алмончок, Алайку, Мырзаке ж.б.

Эки белугу тец маанисин жоготкон кошмок сездер бирге жазылат: асыресе (туурасы), тиригарак (чыйрак, тыц), жексур (жагымсыз, жек керунду) ж.б.

Окуучулардын ез алдынча иштеесун активдештируу учун окуучуларды "Кыргыз тилинин тушундурме сездугу" менен иштетуу да оц.

Кыскартылган сездер. Башкы тамгаларынан жана муундарынан кыскартылып айтылган сездер кыскартылган сездер деп аталат. Башкы тамгаларынан кыскартылган сездер баш тамга менен жазылат: КОУ (Кыргыз-Озбек университета), БУУ (Бириккен Улуттар Уюму) ж.б. Ал эми муундарынан кыскартылган сездер кичине тамга аркылуу бирге жазылат: филфак (филологиялык факультет), профком (профсоюздук комитет), ЖОЖ (жогорку окуу жайы) ж.б.

Чынжыр стратегиясы менен иштее окуучулардын окуп тушунуу, угуп тушунуу жендемдуулуктерун калыптандырып, активдуулуктерун жогорулатып, коммуникативдик байланышты тузуусу учун обелге болот. Топтун мучелеру ездерунун чыгармачылыгын керсетуу учун аракеттенишип, белунген тапшырманы ар турдуу жолдор менен тушундуруп берууге далалат жасашат. Бул стратегия менен иштееде бир топтун окуучуларынын башка топтун окуучуларына суроо берип, жооп алуусу да билимдин бекем болуусун шарттайт. Тактап айтканда, тушунуктерун текшеруу максатында беш топтун окуучулары бири-бирине суроо беришет, алган жоопторун анализдешет.

Теманы бышыктоодо окуучулардын угуп тушунуу, кабыл алуу жендемдуулуктерун текшеруу максатында тапшырмалар алмаштырылып берилет. Аталган топтун студенттери сездерду жазышып, окуп беришет. Бул жумушту жагдайга карап, оозеки турде аткартууга да болот.

Мейли окуп тушунуу, мейли угуп тушунуу ишмердуулугу уюштурулбасын, аны менен катар, окуучулардын суйлее жана сабаттуу жазуу жендемдуулуктерун калыптандыруучу иш-аракеттер кез жаздымда калтырылбоого тийиш. Тактап айтканда, ойду логикалык жактан байланыштуу, так баяндоо, сабаттуу жазуу кендумдерун калыптандыруучу машыгуу жумуштары аткарылат.

Окуп тушунууден кийинки иш-аракет катары теменкудей машыгуу иштерин жургузууге болот.

1-тапшырма. Аралаш жазылган татаал сездерду белуп жазгыла: ушинтип, жылацбаш, егуну, колмо-кол, бети-башы, ач кез, ак квцул, ай балта, турфирма, жугуруп чык, тушунук кат,ЖК, кирди-чыкты, кумвн санады, саат-сабыр, куч-кубат, КР, мобу.

Берилген сездерду теменку таблицага белуп жазышат. Таблица 2.

Кош сездер Бириккен сездер Кошмок сездер Кыскартылган сездер

2-тапшырма. Берилген сездерду катадан арылтып кечургуле (сездер туура эмес жазылган болот, аларды окуучулар тууралап кечуруп жазышат): туракжай, чач тараш, кайынэже, вчал, балабакча, бетибашы, уйбулв, ала була,рай кецеш, оналты, ыркытыркы.

Бири-биринин жазгандарын текшеришет, баалашат. Бул аракеттереден кийин туура жазылган улгу керсетулет, каталарын оцдошот (турак жай, чачтарач, кайнеже, еч ал, ала-була, бала бакча, бети-башы, уй-буле, райкецеш, он алты, ыркы-тыркы).

Тушунуксуз сездердун маанилерин чечмелееде "Кыргыз тилинин тушундурме сездугунен" пайдаланышат.

3-тапшырма. Сездерду белек, бирге жазууга карата бештен мисал жазгыла. Окуучулар ез алдынча теменку таблицага мисалдарды жазышат.

Таблица 3.

Курамындагы свздвру жазылуучу татаал сездер

белек

Бириктирилип жазылуучу татаал сездер

Окуу жай,

Келатат,

4-тапшырма. Насаат сездерден ката жазылган татаал сездерду тап.

Насаат ар бир жацга керек. Сууга акир чикир таштаба. Дасторконду баспа, кол сулгу менен тизевди жаппа. Ата эне сыйлаган абийир табат. Адамды жаныбарлардан айырмалап турган - бул анын акыл эси. Айды этегиц менен жабалбайсьщ.

Жыйынтыктоо максатында орфографиялык мунет откерсе да болот.

Ошондой эле сабакты жыйынтыктоодо же уй тапшырмасын суроодо тесттик материалдарды пайдалануу да ьщгайлуу.

1. Бириккен сездердун тобун аныкта.

а) тунучунде, кайнеже, минтип; в) асыресе, карамуртез, кайнене;

б) коцкарга, колкап, акиташ; г) учэм, козкараш, арабок.

2. Туура жазылган кошмок сездердун тобун белгиле.

а) алып келди, Аксуу, кара тору; в) ак жуумал, кол башчы, Тору-Айгыр;

б) минтип, кош ооз, кез каранды; г) басма сез, ак кецул, Жети-Эгуз.

3. Жазылышы туура татаал сездерду аныкта.

а) Ала-Арча, кебунесе, ошондой этип;

б) уч ача, "Арча-Бешик" жатаканасы, тилкат;

в) Ысык-Кел, ушинтип, бат-бат;

г) "Соц-Кел" кафеси, ак жуумал, ташбака.

4. Кошмок сез турундегу татаал жер-суунун аттары кандайча жазылат?

а) бардык сездеру баш тамга менен ортолоруна дефис коюлуп;

б) бардык сездеру баш тамга менен ортолоруна дефис коюлбай;

в) биринчи сезу баш тамга менен, кийинкиси кичине тамга менен башталып;

г) биринчи сезу баш тамга, кийинкиси кичине тамга менен ортолоруна дефис коюлуп.

5. Туура жазылган кош сездердун тобун аныкта.

а) катып-койду, барып журет; в) эстеп-калды, карым-катнаш;

б) келди-кетти, ейде-темен; г) кап-сап, ак-жуумал.

6. Туура жазылган кыскартылган сездурдун тобун белгиле.

а) КНР, тур фирма; в) райком, Жк;

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

б) КПСС, класском; г) филфак, КНРнын.

Окуучулардын эсте сактап калуусун бекемдее жана кеп маданиятын естурууде татаал сездердун турлерун пайдалануу аркылуу эркин темада текст жазуу, тексттер устунде иштее, аларда катышкан татаал седердун жазылышын тушундуруу сыяктуу тапшырмаларды аткартуу да маанилуу жана бул жумуштар билимди бекемдее, кендумдерду калыптандыруудагы пайдалуу иш-аракеттерден болуп саналат.

"Баш тамгалар менен жазуунун жана ташымалдоонун эрежелери" деген теманы етууде тушунууге чейинки иш-аракет катары окуучуларга теменкудей суроо берилип, жооптору доскада тизмеленет.

Кайсыл учурларда сездер баш тамга менен жазылат?

Окуучулардын болжолдуу жооптору: суйлемдун биринчи сезу, адам аттары, жаныбарлардын аттары, жер-сууларга энчилерип берилген аттар, китептердин аттары, мектептердин аттары, елкелердун аттары ж.б.

Теманы сынчыл ойломдун ИНСЕРТ стратегиясы менен отуу алгылыктуу натыйжа берет.

Эгер мугалим ИНСЕРТ стратегиясы менен сабак откусу келсе, талкуу кызыктуу отуу учун кебуреек маалыматтуу текст тандашы керек (Эсенгулова жана Асекова, 2008, б. 71). Аталган стратегия менен иштееде текст таратылгандан кийин, андагы материалдарга анализ жургузулуп, таблицанын теменкудей белуктеруне маалыматтар жазылат:

Таблица 4.

V- дал келет + жацы маалымат - карама-каршы ой ? сурагым келет

Окуучуларга теменкудей мазмундагы текст таркатылат.

Баш тамгалар менен жазуунун эрежелери

Сездер теменкуучурларда сездер баш тамга менен жазылат:

1. Суйлемдун биринчи сезу баш тамга менен жазылат. М.: Жакшыга жанаш, жамандан адаш.

2. Башкы тамгаларынан кыскартылган сездер баш тамга менен жазылат: АКШ (Америка Кошмо Штаттары), ИИМ (Ички иштер министрлиги) ж.б.

3. Энчилуу аттар баш тамга менен жазылат:

1. Адамдарга, жаныбарларга энчиленип берилген аттар баш тамга менен жазылат: Айкекул, Ташмырза, Кудайберди, Тайтору, Ташчайнар, Берубасар ж.б. Адам, жаныбарлардын аттары канча сезден турса да, бириктирилип жазылат.

2. Жер-суулардын аттары баш тамга менен жазылат. Женекей сез турундегу жер-суу аттары: Ош, Баткен, Озген, Кемин ж.б. Ал эми татаал (кошмок сез тибиндеги) жер-суу аттары эки сезу тец баш тамга менен жазылып, ортолоруна дефис коюлат: Отуз-Адыр, Кара-Суу, Ысык-Ата, Ак-Буура, Кара-Суу, Сары-Дебе ж.б. Ал эми бир белугу маанисин жоготкон же бир сезунун мааниси куцурттенуп кеткен географиялык аттар бирге жазылат: Каракол, Мырзаке, Чаткал,

Башка тилдерден кабыл алынган жер-суу аттары ошол тилдин орфографиялык эрежесине ылайык жазылат: Батыш Европа, Санкт-Петербург, Нью-Йорк, Кривой Рог, Туштук Америка ж.б.

Эскертуу: тундук, туштук, батыш, чыгыш деген сездер жалпы ат катары берилсе, кичине тамгаменен жазылат: Озбекстандын чыгышы, Оштун батыш тарабы ж.б.

3. Астрономиялык аттардын бардык сездеру баш тамга менен жазылат: Жети Каракчы, Алтын Казык, Жети Аркар, Чоц Жетиген, Жер, Марс, Юпитер ж.б.

4. Орден, медалдардын аттары татаал сез болсо, биринчи сезу баш тамга менен, калгандары жана орден, медаль деген сездер кичине тамга менен жазылат: Манас ордени, Акшумкар ордени, Баатыр эне ордени, Эне дацкы медалы ж.б.

5. Мамлекет, мамлекеттик жогорку органдардын бардык сездеру баш тамга мененжазылат: Кыргыз Республикасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецеши, Кыргыз Ресиубликасынын Окмету, Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Кытай Эл Республикасы

6. Тарыхый окуя, майрамдардын аттарынын биринчи сезу баш тамга менен жазылат: Жацы жыл майрамы, Брест тынчтыгы, Басма сез куну, Орозо айт, Курман айт ж.б.

Эскертуу: майрамдардын аттары сан менен башталса, твмвнкудвй жазылат: 1-Май, 9-Май ж.б.

7. Мамлекет жана мамлекеттик эмес мекеме, ишкана, коом, фонд, уюмдардын аталыштарынын биринчи сезу гана баш тамга менен, калгандары кичине тамга менен жазылат: Саламаттык сактоо министрлиги, Майып балдарды колдоо фонду, Туризм жана спорт боюнча агенттиги, Эл аралык коомдук илимдер академиясы ж.б.

8. Завод, фабрикалардын, кафе, мейманкана, спорттук уюм, дукен, аянттардын, гулбактардын, мекемелердин энчилуу аттары тырмакчага алынып, баш тамга менен жазылат: "Жециш" аянты, "Эркиндик" гулбагы, "Баястан" кафеси, "Кагаз ресурстары" басмаканасы

9. Мифологиялык энчилуу аттардын биринчиси баш тамга менен жазылат: Тецир ата (буткул жаратылыштын, тиричиликтин колдоочусу), Ойсул ата (теенун пири), Жел кайып (шамалдын пири), Деету ата (устанын колдооочусу) ж.б.

10. Уруу, уруктардын аттары кичине тамга менен, канча сезден болсо да, окулушуна карай бириктирилип жазылат: сарбагыш, каракытай, тагайберди, меежей, тейит, кызылаяк, сару ж.б.

11. Адабият, сурет, музыка ж.б. енер чыгармаларынын, гезти-журнал, китептердин аттары тырмакчага алынып, баш тамга менен жазылат: "Too арасында" романы, "Тоолор кулаганда" романы, "Сынган бугу" куусу, "Ош шамы" гезити, "Узак жол" повести ж.б.

12. Эгерде керкем чыгармалар анын каармандарынын аттарынан аталып, кош сезкатары айтылса, алар тырмакчага алынып, ортолоруна сызыкча коюлуп, баш тамга менен жазылат: "Жаныш - Байыш", "Саринжи-Бекей" эпостору, "Козу керпеш - Баян сулуу" чыгармасы ж.б.

Окуучулар текстти окуу менен катар, тизмедеги жана тексттеги дал келген маалыматттарды ИНСЕРТ стратегиясындагы "дал келет" белумуне, ал эми тексттеги ойго карама-каршы келген маалыматты "карама-каршы ой" деген белукке, жацы ездештурген маалыматттарды "жацы маалымат" деген белукке жазышат, кандайдыр бир суроолору болсо, "сурагым келет" белумуне жазып коюшат. Мындай анализдее, салыштыруу иш-аракеттерин аткартуу окуучулардын ой жугуртуусун, ез алдынча иштее жендемдуулугун калыптандырууга ебелге тузет.

Акырында окуучулар менен бирдикте таблицадагы толтурулган маалыматтар анализденет жана "сурагым келет" белумундегу суроолор чечмеленет.

"Ташымал" деген теманы (Кыргыз тилинин жазуу эрежелери, 2008, б. 24-25) етууде окуучулар менен бирдикте ташымалдоонун зарылчылыгы тууралуу суроо-жооп уюштурулат. Окуп тушунууге чейинки иш-аракет катары окуучулар менен бирге доскада кластер тузулет. Бул аркылуу окуучу жацы теманы тушунууге багыт алат.

Таблица 5.

Сездер муун боюнча ташылат

Бир муундуу

сездер ташылбайт

<-

Сездерду ташымалдоодо теменкудей эрежелер эске алынат:

1. Сездермуунбоюнчаташымалданат: деп-тер, ке-луу,кеч-мен-дер, би-рим-дикж.б.

2. Созулма ундуулер бир саптан экинчи сапка ажыратылып ташылбайт: кала-аны эмес, калаа-ны, адилетту-улук эмес, адилеттуу-лук, ма-анилуу эмес, маа-нилуу, баа-ры ж.б.

3. Бир муундуу сездер ташымалданбайт: кат, бет, ат, куч, таш ж.б.

4. Сездегу биринчи муун бир ундууден турса, биринчи сапта калтырылбайт ( уят, ara, ете, алым ж.б.) жана акыркы муун бир тамгадан турса (йоттошкон тамга болсо), экинчи сапка ташылбайт (экскурсия, тая, кыя, акырая, сая ж.б

5. Ичкертуу (ь), ажыратуу (ъ) белгилери езунен мурда келген унсуз тыбыштан белунуп ташылбайт: пал-ьто, ал-ьманах, ал-ьфа, об-ъект, суб-ъект, под-ъезд болуп ташылбайт, паль-то, аль-манах, аль-фа, объ-ект, субъ-ект, подъ-езд турунде ташылат.

6. Ундуу тыбыштардын ортосунда келген эки окшош унсуз тыбыштар бирге ташылбастан, ажыратылып ташылат: бак-кан, тек-кен, кабат-туу, адилет-туу, сынак-ка, дарак-ка, бут-ту, тыт-ты, етук-ке ж.б.

7. Башкы тамгаларынан кыскартылып алынган сездер бир саптан экинчи сапка ташымалданбайт: СССР, КТР, ЖК ж.б. Ал эми муундарынан кыскартылып алынган сездерду ташымалдоого болот: фил-фак, проф-ком, теле-ком ж.б.

8. Эгерде адам аты жана атасынын аты кыскартылып берилсе, биринчи сапта калтырылып, фамилиясы экинчи сапка ташылбайт же, тескерисинче, фамилиясы биринчи сапта жазылып, кыскартылып алынган аты жана атасынын аты экинчи сапка ташылбайт: Ч.Т.Айтматов, С.И.Ибрагимов, И.Р.Раззаков ж.б.

9. Цифрадан кийин келген км, дм, м, см, т, ц, кг, г сыяктуу кыскартылган сездер езунче белунуп ташылбайт, мурунку цифралар менен чогуу бир жерде жазылат: 30 км, 50 дм, 75 см; 125 т, 66 ц, 18 кг ж.б.

Сездерду ташымалдоо эрежесин тушундурууде Т схемасын колдонууга болот. Текст таркатылат (окуучулар эки тайпачага белунет). Биринчи топтогулар ташымалдоого мумкун учурларды тизмелешет, экинчи топтогулар ташымалдоого мумкун болбогон учурларды тизмелешет жана тушунуктерун презентациялашат.

Таблица 6.

Ташымалдоого болот Ташымалдоого болбойт

1. Сездер муун боюнча ташымалданат: тоо-лор-до,ай-ты-луу-чу, жар-дам-гаж.б. 2Ундуу тыбыштардын ортосунда келген эки окшош унсуз белунуп ташылат: кат-ты, ак-ка, бат-ты, ук-кулуктуу ж.б. 3. ъ, ь белгилери езунен мурдагы муунда калтырылып ташылат: паль-то, алъ-манах, альфа, объ-ект, субъ-ект, подъ-езд ж.б. 4. Муундарынан кыскартылган создор ташымалданат: фил-фак, проф-ком, теле-ком ж.б. 1.Муун бир тамгадаи турса, биринчи сапта калтырылбайт же экинчи сапка ташылбайт: эже (э-же эмес), окуя (о-ку-я эмес) ж.б. 2.Бир муундуу сездер ташымалданбайт: бат, сат, бар, коон, тап ж.б. 3.Башкы тамгаларынан кыскартылган сездер ташылбайт: МУ, КУУ, ГЭС. 4.Кишилердин кыскартылып алынган ысымдары, атасынын аты фамилиядан белунуп ташылбайт: Т. С.Маразыков (Т. С. биринчи сапта калтырылбайт) ж.б. 5. см, дм, кг, г, т сыяктуу кыскартуулар сандардан белунуп ташылбайт, чогуу бир сапта жазылат: 10 кг, 5 ц, 55 т ж.б. 6. Созулма ундуулер белунуп ташылбайт: ашуу-га, ке-луу-го, ак куу-ну ж. б.

Окуучулардын кабыл алуу жендемдуулугуне, активдуулуне жараша мугалим тарабынан тушундурсе да болот же чынжыр стратегиясынын жардамы менен иштесе да болот.

Бышыктоодо теменкудей кенугуу жумуштары аткарылат:

1-тапшырма. Бир сезден турган энчилуу аттарды жаз (5).

Улгу: Батма, Эзген ж.б.

2-тапшырма. Бардык сездеру баш тамга менен жазылган татаал энчилуу аттардан бешти жазгыла. Улгу: Жети Каракчы, Орто Азия ж.б.

3-тапшырма. Экиден ашуун сезден турган, ортолоруна дефис коюлуи жазылган энчилуу аттардан Юду жаз. Улгу: Ак-Суу, Кичи-Ак-Жол ж.б.

4-тапшырма. Биринчи сезу гана баш тамга менен жазылган энчилуу аттардан бешти жазгыла. Улгу: Билим беруу жана илим министрлиги ж.б.

5-тапшырма: Тырмакчага алынып жазылган энчилуу аттардан бешти жазгыла. Улгу: "Эламан" кийим тигуу фабрикасы, "Ынтымак" ашканасы ж.б.

6-тапшырма. Теменку сездерду ташымалдоого ылайыктап, муунга белуп жазгыла: экскурсия, канаттуу, ата, коюу, тая, экен, кабаттар, карууга.

7-тапшырма. Ташымалдоодон кеткен каталарды оцдоп кечургуле.

О-юн-дан о-мурт-ка сы-нат. Са-йма са-я ал-баг-ан ий-не та-нда-йт, сап-тай ал-ба-ган у-чук тан-да-йт. А-та-э-не-вди сы-йла-сац, ез ба-лац-дан жак-шы-лык кер-есуц. А-рам ез ке-ме-чун-е кул тарт-ат. А-дам-ды ки-йими-нен таа-ныб-айт, иш-инен таа-ны-йт.

Машыгуу жумуштарын аткарууда окуучулар "Кыргыз тилинин орфографиялык сездугунен" пайдаланышат. Сездук менен иштей билуу - бул окуучулардын сабаттуулугун калыптандыруудагы ачкычтардын бири.

Макаладагы "Орфография" белумуне тиешелуу болгон темаларды окутууга карата

сунушталган усулдук ыкмаларды колдонуу аркылуу теменкудей натыйжаларга жетишууге

болот:

• максаттуу уюштурулган окуп, угуп тушунууге чейинки, тушунуу учурундагы, тушунууден кийинки иш-аракеттер окуучулардын билимди системалуу ездештуруусун шарттайт;

• анализ жургузе билууге багыттаган сынчыл ойломду естуруучу стратегиялар(кластер, синквейн, инсерт, Т схемасы ж.б.) окуучулардын ой жугуртуусун естурет, активдуулугун жогорулатат, оюн байланыштуу тузе билуу жендемдуулугун калыптандырат;

• ар турдуу мазмундагы тапшырмаларды аткаруу аркылуу окуучулар сабаттуу жазуу кендумдеруне ээ болот;

• орфографиялык сездук менен иштей алат;

• окуучулар орфографиялык эрежелер боюнча бекем билимге ээ болуп, аларды практикада максаттуу пайдаланууга жетишишет.

Макалада сунуш кылынган усулдук ыкмаларды мектептердеги кыргыз тили предметин

окутууда колдонуу алгылыктуу натыйжаларды бере алат деген ишенич бар.

Адабияттар

Абдимиталип кызы Н. (2021). Кыргыз тили сабагында окуучулардын комуникативдик компетенттуулугун естуруунун мааниси. Вестник Ошского государственного университета, Vol. 3, No. 4, сс. 5-12. EDN: EEBLNN.

Карасаев, Х.К. (2015). Кыргыз тилинин орфографиялык сездугу. Бишкек: Бийиктик плюс.

Кыргыз тили эне тили катары окутуунун предметтик стандарты (5-9, 10-11-класстар). (2014). Тузгендер: Рысбаев С., Чыманов Ж., Акматов К., Оморова А. жана Джусупбекова Н. Бишкек.

Кыргыз тилинин программасы. (2013). Окутуу кыргыз тилинде жургузулген орто мектептердин жана гимназиялардын 5-11 класстары учун. Бишкек.

Кыргыз тилинин жазуу эрежелери (2008). Бишкек: КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.

Сартбаев, К.К. (1978). Кыргызтилин окутуунунметодикасы. Фрунзе: Мектеп.

Стиль, Женни, Мередис, Керт, Темпль, Чарльс. (1998). Сынчыл оиломдун внугушунв вбвлгв тузгвн методдор. 2-колдонмо. Бишкек: "Сорос-Кыргыстан".

Эсенгулова, М.М., жана Асекова, Ж. (2008). Мумкунчулуктерду кецейтуу ... ("Окуу жана жазуу аркылуу сынчыл ой жугуртууну енуктуруу" методикасынын теориясы жана практикалык тажрыйбасы). Бишкек.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.