Научная статья на тему '«САРКЕНТ» МЖПНЫН АЙМАГЫНДАГЫ ЖЫЛАҢАЧ МАНЖА СУР ГЕККОНДУН (GYMNODACTYLUS RUSSOWI STR.) ТАРАЛУУСУ'

«САРКЕНТ» МЖПНЫН АЙМАГЫНДАГЫ ЖЫЛАҢАЧ МАНЖА СУР ГЕККОНДУН (GYMNODACTYLUS RUSSOWI STR.) ТАРАЛУУСУ Текст научной статьи по специальности «Биологические науки»

CC BY
14
4
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
ландшафт / биоценотикалык таралуусу / отурукташуу жыштыгы / маршруттук метод / ареал / түр / герпетофауна / биотоп / абориген / псаммофил / landscape / biоcenotic distribution / population density / marching method / range / species / herpetofauna / biotope / native / psammophile

Аннотация научной статьи по биологическим наукам, автор научной работы — Шерали Матибали Уулу, Дилфуза Алижанова, Сапарбай Абжамилов

Макалада «Саркент» МЖПнын аймагында кездешүүчү жылаңач манжа сур геккондун (Gymnodactylus russowi str.) биценотикалык таралуусу жана отурукташуу жыштыгынын өзгөчөлүктөрү боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары берилген. Изилдөөнүн натыйжасында жылаңач манжа сур геккон таралуусу боюнча өздөрүнүн өзгөчөлүгүнө жараша белгилүү биотопторго гана адистешкендиги аныкталды. Отурукташуу жыштыгы, айрыкча чөлдүү талааларда жана жолдун жээктеринде артыкчылык болоору аныкталып, бул биотоптордо отурукташуу жыштыгы гектарына 5,7ден 8,3особ туура келээри аныкталган.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

DISTRIBUTION OF THE BARE-FINGERED GECKO (GYMNODACTYLUS RUSSOWI STR.) IN THE TERRITORY OF THE STATE NATURAL PARK «SARKENT»

The article presents the results of a study of the characteristics of biocenotic distributions and the population density of the gray bare-footed gecko (Gymnodactylus russowi str.) In the territory of the Sarkent State Pedagogical University. As a result of the study, it was found that the gray-bare-footed gecko has its own specific priority biotopes. And also revealed a high population density of gray-fingered gecko in the following biotopes: in the desert steppes and along roads (from 5.7 to 8.3 oz / ha, respectively).

Текст научной работы на тему ««САРКЕНТ» МЖПНЫН АЙМАГЫНДАГЫ ЖЫЛАҢАЧ МАНЖА СУР ГЕККОНДУН (GYMNODACTYLUS RUSSOWI STR.) ТАРАЛУУСУ»

УДК 598.1

«САРКЕНТ» МЖПНЫН АЙМАГЫНДАГЫ ЖЫЛАЦАЧ МАНЖА СУР ГЕККОНДУН (GYMNODACTYL US RUSSOWI STR.)

ТАРАЛУУСУ

Матибали уулу Шерали магистрант [email protected] Алижанова Дилфуза Маликжановна магистрант

maiidova-samail. ru Абжамилов Сапарбай Ташматович б.и.к., доценти

sapar9009 a mail. ru Ош мамлекеттик университети, Ош, Кыргызстан

Аннотация. Макалада «Саркент» МЖПнын аймагында кездешYYЧY жылацач манжа сур геккондун (Gymnodactylus russowi str.) биценотикалык таралуусу жана отурукташуу жыштыгынын взгвчвлYктврY боюнча изилдввнYн жыйынтыктары берилген. ИзилдввнYн натыйжасында жылацач манжа сур геккон таралуусу боюнча вздврYHYн взгвчвлYгYнв жараша белгилYY биотопторго гана адистешкендиги аныкталды. Отурукташуу жыштыгы, айрыкча чвлдYY талааларда жана жолдун жээктеринде артыкчылык болоору аныкталып, бул биотоптордо отурукташуу жыштыгы гектарына 5,7ден 8,3особ туура келээри аныкталган.

Ачкыч свздвр: ландшафт, биоценотикалык таралуусу, отурукташуу жыштыгы, маршруттук метод, ареал, тYP, герпетофауна, биотоп, абориген, тYP, псаммофил.

РАСПРОСТРАНЕНИЕ СЕРОГО ГОЛОПАЛОГО ГЕККОНА(GYMNODACTYLUS RUSSOWI STR.) НА ТЕРРИТОРИИ

ГПП «САРКЕНТ»

Матибали уулу Шерали, магистрант [email protected] Алижанова Дилфуза Маликжановна, магистрант

maiidova-samail. ru Абжамилов Сапарбай Ташматович к.б.н., доцент

sapar9009 a mail. ru Ошский государственный университет,

Ош, Кыргызстан

Аннотация. В статье излагаются результаты исследования особенностей биоценотических распределений и плотность населения серого голопалого геккона (Gymnodactylus russowi str.) на территории ГПП «Саркент». В результате исследования установлено, что серый голопалый геккон по своей специфике имеет свои приоритетные биотопы. А также выявлена высокая плотность населения серого

голопалого геккона в следующих биотопах: в пустынных степях и вдоль дорог (соответственно от 5,7 до 8,3особ/га.).

Ключевые слова: ландшафт, биоценотическое распределение, плотность населения, маршрутный метод, ареал, вид, герпетофауна, биотоп, абориген, псаммофил.

DISTRIBUTION OF THE BARE-FINGERED GECKO (GYMNODACTYLUS RUSSOWISTR.)

IN THE TERRITORY OF THE STATE NATURAL PARK

«SARKENT»

Matibali uulu Sherali, master student Shermatihalievichamail.ru Alijanova Dilfuza Malikjanovna, master student

majidova-samail. ru Abjamilov Saparbay Tashmatovich Ph.D., Associate Professor, Department of Zoology and Ecology

[email protected] Osh State University, Osh, Kyrgyzstan

Abstract. The article presents the results of a study of the characteristics of biocenotic distributions and the population density of the gray bare-footed gecko (Gymnodactylus russowi str.) In the territory of the Sarkent State Pedagogical University. As a result of the study, it was found that the gray-bare-footed gecko has its own specific priority biotopes. And also revealed a high population density of gray-fingered gecko in the following biotopes: in the desert steppes and along roads (from 5.7 to 8.3 oz / ha, respectively).

Keywords: landscape, bwcenotic distribution, population density, marching method, range, species, herpetofauna, biotope, native, psammophile.

Киришуу- «Саркент» МЖПнын аймагы TYPKCTaH тоо кыркасынын тундук-чыгышынын тоо ичкерисине терец кирип, Ак-Суу дарыясынын жогорку агымын камтыйт. Парктын ландшафттары тоо экспозицияларына, тоо капталдарынын жантаюусуна, ^цгей жана тескейине, капчыгайлардын кец жана кууштугуна жараша, алар ар кандай тYЗYЛYшке ээ. Ошондуктан бул аймактын ландшафттары бири-биринен кескин айырмалангандыктан ал жерде кездешкен жылацач манжа сур геккондун (Gymnodactylus russowi str.) биоценотикалык таралуусунун жана отурукташуу жыштыгынын езгечелYктерYне баа берYY изилдеечYлердYн кызыгуусун пайда кылат.

Изилдее материалдары жана методдору. Илимий макаланын негизин аталган парктын жана зоология кафедрасынын кызматкерлери,

магистранттары менен биргеликте «Саркент» МЖПнын аймагына кеп жылдан бери уюштурулуп келе жаткан экспедициянын маалыматтарынын жыйынтыгы тYзет.

Изилдее жана материал жыйноо жалпы кабыл алынган комплекстик зоологиялык жана экологиялык методдун негизинде ЖYPГYЗYЛДY [1; 2; 3]. Изилдее обьектиси жылацач манжа сур геккон (Gymnodactylus ттяо^г

Жылацач манжа сур геккондун (Gymnodactylus ттяо^г биотопикалык таралышы экспедиция учурунда ар кандай ландшафттарга болгон экскурсиялык жYPYштYн натыйжасында байкоо жYргYЗYY жолу менен аныкталды. Ал эми алардын саны жана отурукташуу жыштыгы маршруттук метод менен аныкталды. Маршруттун узундугу 300 м ден 1500 м ге чейин, ал эми кецдиги биотоптордун мYнезYне жараша 1м аралыкты тYзет.

Изилдеенун жыйынтыктарынын талкуусу. Биздин изилдеелердYн жыйынтыгы боюнча жылацач манжа сур геккон (Gymnodactylus ттяо^г

ТYркстан кырка тоолорунун аймагында биринчи жолу катталып жатат. Анткени, адабияттык маалыматтарга таянсак, жылацач манжа сур геккондун КМШ елкелерYндегY (мурдагы СССР) ареалы Чыгыш Предкавказьенин аймагын камтып (бул жерде Старогладковский кыштагынан табылган), Орто Азиянын чегине чейин жеткен. Ал эми тYндYк чеги боюнча анын таралышы Каспий децизинин тYндYк-чыгыш жээктерин, Арал децизинин тYндYк жээктери боюнча Балхаш келYнен Тарбагатайга чейин; чыгышка карай Жунгарынын батыш тарабы, Фергана ереенY жана Вахш дарыясынын теменкY агымы боюнча еткендугу; тYштYГYнен КМШнын чегинен андан ары етYп кеткендиги болуп саналат. Ал эми КМШнын чегинен аркы ареалынын чеги боюнча адабияттык маалыматтарда бир кыйла такталбаган эки ача тYШYHYктер пайда болуп келет: Алсак, П.В.Терентьевдин жана С.А.Черновдун маалыматы боюнча, жылацач манжа сур геккондун ареалы Иранды камтып, анын тYштYк чегине чейин жетсе, К.П.Параскив ТYндYк-Батыш Иранды (Каспийдин тYштYк-чыгыш жээктери) ТYндYк Афганистанга чейин жетээрин айтат. Кийин С.А.Чернов (1959) жылацач манжа сур геккондун ареалынын КМШдан сырткаркы чегин ТYндYк-Чыгыш жана Чыгыш Иран аркылуу етет деп кайрадан белгилеген [1; 4]. Демек, бул маалыматтарга таянуу менен жылацач манжа сур геккон ТYндYк-Чыгыш жана Чыгыш Иранда

кездешээри жeнYндe ишеничтYY айтса болот. Ошондой эле сойлоочулардын бул TYPY ТYндYк Афганистанда да кездешиши мYмкYн.

Ал эми Кыргызстандын аймагы боюнча жылацач манжа сур геккон абдан кецири Ош областынын аймактарына [4], Нарын дарыясынын тYндYк тарабына, Тогуз-Торого кеткен жолдорго таралган [5; 6].

1961-жылы профессор А.И.Янушевичтин жетекчилиги астында Борбордук Тянь-Шанга уюштурулган экспедициянын мYчeсY Н.С.Кияшко Нарын дарыясынын ортонку агымынын бир нече жерлеринен (Нарын шаарына жетпей Ала-Буга дарыясынын алабынан) биринчи жолу кезиктирген. Ушул эле аймактан ушул жылы С.П.Тарбинский да тапкан.

Демек, адабияттык маалыматтарга таянып (С.А.Чернов, 1934;

A.М.Андрушко, Н.О.Ланге, Н.Н.Емельянова, 1939; А.М.Андрушко, 1953; Н.Н.Карташев, 1955; С.А.Чернов, 1959; О.П.Богданов, 1953, 1960;

B.Н.Шнитников, 1928) жылацач манжа сур геккондун Кыргызстандагы ареалы тYндYГYнeн Нарын дарыясын бойлото Нарын шаарына чейин жана тYштYГYнeн Ош облусунун дээрлик кeпчYЛYк аймактарын камтыгандыгындыгын далилдеп турат [6; 7].

Жылацач манжа сур геккон Кыргызстандын герпетофаунасында аборигендик TYP катары кумдак чeл аймактарда кездешип, псаммофилдик TYP болуп саналат. Ошондуктан алар тоо аймактарда талкаланган акиташтуу таштардын боштуктарында, жаракаларында, чополуу жана кумдуу жарчаларда, чeлдeрдe, дарыя жээктериндеги агынды чeкмeлeрY топтолгон жерлерде жашашат. С.С.Шульцтун маалыматы боюнча, Тянь-Шандын тоо арасындагы ойдуцдары аккумуляциянын негизги областтары болуп саналат. Ошондуктан тоо арасындагы ойдуцдар дециз децгээлинен 2000 м бийиктикке чейин кeтeрYЛYп, жылацач манжа сур геккондордун таралышына жакшы шарт тYЗYЛгeн.

Айрыкча тоо экосистемасынын жаратылыштык комплекстерине баа берYYДe модель катары ал жердин герпетофаунасын окуп YЙрeнYY бир кыйла маанилYY. Анткени, рептилийлер омурткалуу жаныбарлардын ичинен абдан сезгич индикатор катары эсептелип, бYГYнкY кYндeгY тоо экоситемаларынын компоненттеринин кескин eзгeрYYлeрYHYн натыйжасында пайда болуп жаткан факторлорду абдан тез кабыл алуучу жаныбарлардын тYрлeрYHYн бири болуп саналат. Ошондой эле тоо аймактарынын ландшафттары ар TYPДYYЛYГY менен айырмаланып турат. Бул аймакта акыркы мезгилде антропикалык кYчтYн таасир этиши кYчeп, айрыкча рекреациялык жана eндYPYштYк аймактардагы антропогендик

жYктYн жогорулашы (малдын санынын кескин есушу, жайыттарды ашкере ысырапкерчилик менен пайдалануу) жаратылыш комплекстерине терс таасирин тийгизуу менен ар кандай жаныбарлардын тиричилик чейрелеру e3repYn, тарып жатат. Ошондуктан бул аймактын жаратылыш комплекстеринин бири болгон сойлоп жYPYYЧYлeрдYн екулу жылацач манжа сур геккондун биотопикалык белуштурулушун, трофикалык спектирин, биоценоздогу ролун, коргоонун чараларын окуп уйренуу зарылчылыгы турат.

Жылацач манжа сур геккондун биотопикалык белуштурулушун аныктоо максатында Саркент капчыгайы жана ал аркылуу агып еткен Ак-Суу дарыясынын жээктерин бойлото, Тосмо тегирмен, Жалгыз-Шыйрак ашуусу, Кец-Жайлоо, Асман-Жайлоо жана Корук капчыгайлары, алардан агып тушкен суу жээктерин бойлото, бул аймактарга мунездуу болгон биотоптор кунт коюу менен каралып чыкты. Тоо арасына мунездуу болгон негизги биотоптор: арча токойлор, таштын боорлору, челдуу талаалар, жолдун жээктери, дарыя жээгиндеги аралаш токойлор, кумдуу жарлар, дарыянын ачык жээктери болуп эсептелет.

Изилдеелердун жыйынтыгы боюнча, Туркстан кырка тоолорунун аймагында жылацач манжа сур геккон Ак-Электе, Тосмо-Тегирменде, Саркент капчыгайында жана Ак-Суу дарыясынын жээктеринде гана катталды. Биотопикалык белуштурулушу боюнча, таштын боорлору, челдуу талаалар, жолдун жээктери, кумдуу жарлар, дарыянын ачык жээктеринде кездешээри белгилуу болду (1-табл.).

1-таблица - Туркстан кырка тоолорунун аймактарындагы жылацач манжа сур reKKOHßyH(Gymnodactylus russowi Str.) биотопикалык таралуусу

Биотоптор Жылацач манча сур геккон

Арча токойлор -

Таштардын боорлору +

Челдуу талаалар +

Жолдордун жээктери +

Дарыя жээгиндеги аралаш токойлор -

Кумдуу жарлар +

Дарыянын ачык жээктери +

Ал эми арча токойлордо дарыя жээгиндеги аралаш токойлордо кездешкен эмес. Демек, жылацач манжа сур геккондор ездерунун езгечелугуне жараша белгилуу биотопторго гана адистешкендиги аныкталды.

Отурукташуу жыштыгынын e38eHenYKmepY. Жылацач манжа сур геккондун отурукташуу жыштыгы теменку таблицада келтирилген.

2- таблица - Жылацач манжа сур геккондодун (Gymnodactylus russowi Str.)ap кандай биотоптордогу отурукташуу жыштыгы

Биотоптор Отурукташуу жыштыгы (особь/га)

1 Арча токойлор 0

2 Челдуу талаалар 8,3

3 Жолдордун жээктери 5,7

4 Дарыя жээгиндеги аралаш токойлор 0

5 Кумдуу жарлар 1,2

6 Дарыянын ачык жээктери 2,4

Таблица боюнча алардын отурукташуу жыштыгына анализ жасаганда бир кыйла жогорку керсеткYч челдYY талааларга жана жолдордун жээктерине туура келип, бул биотоптордо алардын отурукташуу жыштыгы гектарына 8,3 - 5,7 особко чейин туура келет. Кумдуу жарларда, дарыянын ачык жээктеринде алардын отурукташуу жыштыгынын керсеткYЧY бир кыйла темен. Мында алардын отурукташуу жыштыгы гектарына 1,2 особдон 2,4 особко чейин тузет. Ал эми арча токойлордо жана суу жээктериндеги аралаш чакан токойлордо такыр эле кездешпегендиги аныкталды.

Корутунду. «Саркент» МЖПнын аймагындагы жылацач манжа сур геккондун (Gymnodactylus russowi Str.) таралуусу боюнча изилдеелердун жыйынтыгынын негизинде темендегудей тыянак чыгарууга болот:

1.Жылацач манжа сур геккон (Gymnodactylus russowi Str.) учун мунездуу болгон биотоптор таштын боорлору, челдуу талаалар, жолдун жээктери, кумдуу жарлар, дарыянын ачык жээктери экендиги аныкталды.

2.Отурукташуу жыштыгы боюнча челдуу талааларда жана жолдун жээктеринде артыкчылыкка ээ экендиги аныкталып, бул биотоптордо алардын отурукташуу жыштыгы гектарына 5,7ден 8,3 особко чейин барабар.

Адабияттар

1.Денисман Л.Г., Калецкая М.Л. Методы количественного учета амфибий и рептилий //Сб. Методы учета численности и географического распределения наземных позвоночных. - М.: Изд-во АН СССР, 1952. - С. 329-341.

2.Определитель земноводных и пресмыкающихся фауны СССР /А.Г. Банников, И.С. Даревский, В.Г.Ищенко и др.; Под ред. А.Г. Банникова. - М.: Просвещение, 1977. - 414 с.

3.Терентьев П.В., Чернов С.А. Определитель пресмыкающихся и земноводных. - М.: Сов. наука, 1949. - 340 с.

4.Богданов О.П. О местах обитания гекконов Gymnodactylus в различных частях ареала //Изввестия АН Туркм. ССР, 1956. №4.

5.Яковлева И.Д. К распространению и экологии серого голопалого геккона //Известия Академии наук Кирг. ССР, Серия биол. наук, том 5, вып. 2, 1963.

6.Яковлева И.Д. Пресмыкающиеся Киргизии. Фрунзе: /Изд. АН Кирг. ССР, 1964.

7.Шнитников В.Н. Поездки по Семречью (Загородная часть б. Пишпекского у. и юго-западная часть б. Пржевальского) //Труды Киргизского научно-исследовательского института краеведения. Фрунзе, 1930, т. -1, вып. 1, с. 1-65.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.