Научная статья на тему '«САРКЕНТ» МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫНЫН ЧЫЧКАН СЫМАЛ (Muridae) КЕМИРҮҮЧҮЛӨРҮНҮН ВЕРТИКАЛДУУ ЖАНА ГОРИЗОНТАЛДУУ ТАРАЛУУСУ'

«САРКЕНТ» МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫНЫН ЧЫЧКАН СЫМАЛ (Muridae) КЕМИРҮҮЧҮЛӨРҮНҮН ВЕРТИКАЛДУУ ЖАНА ГОРИЗОНТАЛДУУ ТАРАЛУУСУ Текст научной статьи по специальности «Биологические науки»

CC BY
9
1
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
кемирүүчүлөр / прикладдык экология / индикатор / ландшафт / экоситема / эволюция / rodents / applied ecology / indicator / landscape / ecosystem / evolution

Аннотация научной статьи по биологическим наукам, автор научной работы — Абжамилов Сапарбай Ташматович, Стамалиев Кутманалы Ыманалиевич, Атабеков Үсөн Аданович, Дапинова Марина Асилбековна, Матибали Уулу Шерали

Макалада 2015-2020 жылдар аралыгында «Саркент» МЖПнын аймагында жүргүзүлгөн экспедициянын негизинде чычкан сымал кемирүүчүлөрдүн түрдүк курамы, отурукташуу жыштыгы боюнча жыйналган маалыматтарынын жыйынтыгы берилген. Натыйжада, парктын аймагынан чычкан сымал кемирүүчүлөргө мүнөздүү 7 түр Alticola argentatus, Microtus carruthersigalis, Apodemus sylvaticus, Mus musculus, Rattus turkestanicus, Microtus (M.) arvalis, Ellobius (E.) tancrei аныкталды. Доминанттык түр катары Apodemus sylvaticu, жалпы кармалган жаныбарлардын 43,7±2,18%, субдоминант Mus musculus 18,2±1,70% түзөт. Чычкан сымал кемирүүчүлөр үчүн бир кыйла жагымдуу биотоптор дарак-бадал өскөн суу жээктери, арча, бадал токойлору. Alticola argentatus жана Microtus carruthersigalis экологиялык жактан ийкемдүү экендиги аныкталды. Демек, чычкан сымал кемирүүчүлөрдүн ар кайсыл түрлөрүнүн өздөрүнүн жагымдуу биотоптору болуу менен алардын таралуусу жана отурукташуу жыштыгы бир келки эместиги аныкталды.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Похожие темы научных работ по биологическим наукам , автор научной работы — Абжамилов Сапарбай Ташматович, Стамалиев Кутманалы Ыманалиевич, Атабеков Үсөн Аданович, Дапинова Марина Асилбековна, Матибали Уулу Шерали

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

VERTICAL AND HORIZANTAL DISTRIBUTION OF MURIDAE RODENTS IN THE «SARKENT» STATE NATURAL PARK

The article presents the results of collecting data on the species composition and population density of mouse-like rodents based on the results of an expedition conducted on the territory of the Sarkent State National Park in the period from 2015 to 2020. As a result, 7 species of mouse-like rodents were identified in the park: Alticola argentatus, Microtus carruthersigalis, Apodemus sylvaticus, Mus musculus, Rattus turkestanicus, Microtus (M.) arvalis, Ellobius (E.) tancrei. Apodemus sylvaticu as the dominant species accounts for 43.7±2.18% of all caught animals, the subdominant Mus musculus 18.2±1.70%. The highest priority biotopes for them are tree and shrub thickets, juniper and shrub forests. Alticola argentatus and Microtus carruthersigalis turned out to be ecologically flexible. Thus, it has been established that different species of mouse-like rodents have their own habitats and their distribution and population density are not the same.

Текст научной работы на тему ««САРКЕНТ» МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫНЫН ЧЫЧКАН СЫМАЛ (Muridae) КЕМИРҮҮЧҮЛӨРҮНҮН ВЕРТИКАЛДУУ ЖАНА ГОРИЗОНТАЛДУУ ТАРАЛУУСУ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ХИМИЯ. БИОЛОГИЯ.

ГЕОГРАФИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ХИМИЯ. БИОЛОГИЯ.

ГЕОГРАФИЯ

JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. CHEMISTRY. BIOLOGY. GEOGRAPHY

e-ISSN: 1694-8688

№1(4)/2024, 23-32

БИОЛОГИЯ

УДК: 599.323.4

DOI: 10.52754/16948688 2024 1(4) 4

«САРКЕНТ» МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫНЫН ЧЫЧКАН СЫМАЛ (Muridae) КЕМИРYYЧYЛeРYНYН ВЕРТИКАЛДУУ ЖАНА ГОРИЗОНТАЛДУУ

ТАРАЛУУСУ

ВЕРТИКАЛЬНОЕ И ГОРИЗАНТАЛЬНОЕ РАСПРОСТРАНЕНИЕ МЫШЕВИДНЫХ ГРЫЗУНОВ MURIDAE ГОСДАРСТВЕННОГО ПРИРОДНОГО ПАРКА «САРКЕНТ»

VERTICAL AND HORIZANTAL DISTRIBUTION OF MURIDAE RODENTS IN THE

«SARKENT» STATE NATURAL PARK

Абжамилов Сапарбай Ташматович

Абжамилов Сапарбай Ташматович Abjamilov Saparbay Tashmatovich

б.и.к., доцент, Ош мамлекеттик университети

к.б.н., доцент, Ошский государственный университет Candidate of Biological Sciences, Associate Professor, Osh State University

sapar9009@mail.ru

_ORCID:0009-0005-7909-6205_

Стамалиев Кутманалы Ыманалиевич

Стамалиев Кутманалы Ыманалиевич Stamaliev Kutmanaly Ymanalievich

б.и.к., доцент, Ош мамлекеттик университети

к.б.н., доцент, Ошский государственный университет Candidate of Biological Sciences, Associate Professor, Osh State University

Атабеков Yсeн Аданович

Атабеков Yсвн Аданович Atabekov Uson Adanovich

б.и.к., доцент, Ош мамлекеттик университети

к.б.н., доцент, Ошский государственный университет Candidate of Biological Sciences, Associate Professor, Osh State University

Вестник ОшГУ. Химия. Биология. География, №1(4)/2024

Дапинова Марина Асилбековна

Дапинова Марина Асилбековна Dapinova Marina Asilbekovna

магистр, Ош мамлекеттик университети

магистр, Ошский государственный университет master student, Osh State University

Матибали уулу Шерали

Матибали уулу Шерали Matibali uulu Sherali

ага лаборант, Ош мамлекеттик университети

старший лаборант, Ошский государственный университет Senior Laboratory Assistant, Osh State University

Досназарова Айгул Ноомановна

Досназарова Айгул Ноомановна Dosnazarova Aigul Noomanovna

улук окутуучу, Ош мамлекеттик университети

старший преподаватель, Ошский государственный университет Senior Lecturer, Osh State University

ОшМУнун Жарчысы. Химия. Биология. География, №1(4)/2024

«САРКЕНТ» МАМЛЕКЕТТИК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫНЫН ЧЫЧКАН СЫМАЛ (Muridae) КЕМИРYYЧYЛeРYНYН ВЕРТИКАЛДУУ ЖАНА ГОРИЗОНТАЛДУУ

ТАРАЛУУСУ

Аннотация

Макалада 2015-2020 - жылдар аралыгында «Саркент» МЖПнын аймагында жYргYЗYлгвн экспедициянын негизинде чычкан сымал кемирYYЧYлврдYн typayk курамы, отурукташуу жыштыгы боюнча жыйналган маалыматтарынын жыйынтыгы берилген. Натыйжада, парктын аймагынан чычкан сымал кемирYYЧYлвргв мYнвздYY 7 тYP Alticola argentatus, Microtus carruthersigalis, Apodemus sylvaticus, Mus musculus, Rattus turkestanicus, Microtus (M.) arvalis, Ellobius (E.) tancrei аныкталды. Доминанттык тYP катары Apodemus sylvaticu, жалпы кармалган жаныбарлардын 43,7±2,18%, субдоминант Mus musculus - 18,2±1,70% тYЗвт. Чычкан сымал кемирYYЧYлвр YЧYн бир кыйла жагымдуу биотоптор дарак-бадал всквн суу жээктери, арча, бадал токойлору. Alticola argentatus жана Microtus carruthersigalis экологиялык жактан ийкемдуу экендиги аныкталды. Демек, чычкан сымал кемирYYЧYлврДYн ар кайсыл тYрлврYHYн вздврYHYн жагымдуу биотоптору болуу менен алардын таралуусу жана отурукташуу жыштыгы бир келки эместиги аныкталды.

Ачкыч свздвр: кемирYYЧYлвр, прикладдык экология, индикатор, ландшафт, экоситема, эволюция.

ВЕРТИКАЛЬНОЕ И ГОРИЗОНТАЛЬНОЕ VERTICAL AND HORIZONTAL DISTRIBUTION OF

РАСПРОСТРАНЕНИЕ МЫШЕВИДНЫХ RODENTS MURIDAE IN THE SARKENT STATE

ГРЫЗУНОВ MURIDAЕ В ПРИРОДНОМ ПАРКЕ NATIONAL PARK САРКЕНТ

Аннотация

В статье представлены результаты сбора данных о видовом составе и плотность населения мышевидных грызунов по итогам экспедиции, проведенной на территории ГНП «Саркент» в период с 2015 по 2020 годы. В результате исследования на территории парка выявлено 7 видов мышевидных грызунов Alticola argentatus, Microtus carruthersigalis, Apodemus sylvaticus, Mus musculus, Rattus turkestanicus, Microtus (M.) arvalis, Ellobius (E.) tancrei. Apodemus sylvaticu как доминирующий вид составляет 43,7±2,18% всех пойманных животных, субдоминант Mus musculus -18,2±1,70%%. Наиболее приоритетными биотопами для них являются древесно-кустарниковые заросли, арчовые и кустарниковые леса. Alticola argentatus и Microtus carruthersigalis оказались экологически пластичными. Таким образом, установлено, что разные виды мышевидных грызунов имеют свои приоритетные биотопы и их распространение, и плотность населения неодинаковы.

Abstract

The article presents the results of collecting data on the species composition and population density of mouse-like rodents based on the results of an expedition conducted on the territory of the Sarkent State National Park in the period from 2015 to 2020. As a result, 7 species of mouse-like rodents were identified in the park: Alticola argentatus, Microtus carruthersigalis, Apodemus sylvaticus, Mus musculus, Rattus turkestanicus, Microtus (M.) arvalis, Ellobius (E.) tancrei. Apodemus sylvaticu as the dominant species accounts for 43.7±2.18% of all caught animals, the subdominant Mus musculus - 18.2±1.70%. The highest priority biotopes for them are tree and shrub thickets, juniper and shrub forests. Alticola argentatus and Microtus carruthersigalis turned out to be ecologically flexible. Thus, it has been established that different species of mouse-like rodents have their own habitats and their distribution and population density are not the same.

Ключевые слова: грызуны, прикладная экология, индикатор, ландшафт, экосистема, эволюция.

Keywords: rodents, applied ecology, indicator, landscape, ecosystem, evolution.

Вестник ОшГУ. Химия. Биология. География, №1(4)/2024

Киришуу

Учурда биологиялык ар тYPДYYЛYктY сактап калуу кeйгeйлeрY прикладдык экологиянын негизги милдеттеринин бири болуп саналат. Бул кeйгeйлeрдY чечYYнY ишке ашырууда айрыкча eзгeчe коргоого алынган жаратылыштык аймактардын мааниси чоц. Бул багытта Баткен обулусунунун аймагында, аймактык жактан бир кыйла артыкчылыкка ээ болгон eзгeчe коргоого алынган аймактардын бири болуп, Саркент мамлекеттик жаратылыш паркы эсептелет.

Омурткалуу жаныбарлардын тYPДYк курамынын негизги бeлYГYн чычкан сымал кемирYYЧYлeр тYЗYп, баалуу жырткыч промыселдик жаныбарлар YЧYн тамактык базаны тYЗYY менен фитоценоздор менен зооценоздордун ортосундагы энергетикалык байланышты ишке ашырууда чоц рол ойнойт. Мындан сырткары чычкан сымал кемирYYЧYлeр башка жапайы жаныбарлар (кемирYYЧYлeр, кумурска жечYYлeр) сыяктуу эле адам баласынын кeптeгeн жаратылыш оору очокторун козгоочу резервуар катары кызмат кылат Ошондуктан жапайы жаныбарлардын бул TYPYHYH тYPДYк курамын отурукташуу жыштыгын вертикалдуу жана горизонталдуу таралуусунун мыйзам ченемдYYЛYктeрYн окуп YЙрeнYY дайыма актуалдуу маселелердин бири болуп келген. Ошондой эле бир катар оорулардын эпизоотясын алдын алууда медициналык мекемелер YЧYн лептоспироз туляремия жана башка бир катар оорулар менен кYрeшYYДe чоц ролду ойнойт [13; 14].

КемирYYЧYлeрдYн кээ бир тYрлeрY айлана чeйрeнYн булгануусунун индикатору катары анын антропогендик булгануусунун даражасынын кeрсeткYЧY болуп саналат.

Материалдар жана методдор

Изилдeeлeр 2015 - 2020 - жылдары жай мезгилинде зоологиялык, экологиялык комплекстик экспедициянын негизинде жYргYЗYЛYп, «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркынын, рекреациялык, eндYPYштYк жана коруктук аймактарынын баарын камтыйт. Чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн сандык кeрсeткYчтeрYн аныктоо YЧYн жалпы кабыл алынган «капкан-линия» методу пайдаланылып, «геро» тибиндеги капкандар колдонулду. Ар бир линияга аралыгы 5-7 метрден болгон 25 капкан коюлду. Капкандарга татканткыч катары eсYмдYк майына куурулган нандын кесимдери же атайын eсYмдYк майына сицирилип даярдалган губка колдонулду. Капкандарды жайгаштыруу эки ирээт, эрте менен жана кечинде коюлат. Коюлган капкандар ар бир линияга 4 кYндeн коюлуп, кYн сайын 2 жолу эртец менен эрте жана кечинде текшерилет. Тeрт суткадан кийин капкандарды башка аймактарга которуп турат. Жыйынтыгында алардын салыштырмалуу саны алардын капканга TYШYY MYMKYHЧYЛYГYHYH 100 капкан-суткага болгон саны менен аныкталат. Ал эми сокур момолоюна карата санак жYргYЗYYДe, алардын ийиндери эсепке алынды.

Алардын TYPДYK курамын так диагностикалоо YЧYн ал жаныбарлардын баш сeeгY пайдаланып, краниологиялык изилдeeлeр БатМУнун табият-таануу илимдер жана дене тарбия кафедрасынын жана ОшМУнун зоология жана экология кафедрасынын лабораториясында жYPГYЗYЛДY. Алардын TYPДYK курамын аныктоодо В.Е.Соколовдун [10], А.Бобринскийдин [2], Б.А.Кузнецовдун [4], А.И.Янушевич, Б.М.Айзиндин [12], Т.Токтосуновдун [9], Б.К.Кулназаров [7] жана башка окумуштуулардын илимий эмгектери пайдаланылды.

ОшМУнун Жарчысы. Химия. Биология. География, №1(4)/2024

Изилденген материалдардын сандык KepceTKY4TepY биологиялык статистикадагы жалпы кабыл алынган формулалардын негизинде статистикалык иштетYYДeн eткeрYлдY [11].

Изилдеенун жыйынтыктарынын талкуусу

Тянь-Шандын тYштYк-батышында жана Памир-Алайда чычкан сымалдардын 14 typy табылган [8]. Б.Кулназаровдун маалыматтары боюнча бул тYрлeрдYн ичинен кырчеке момолойдон (Microtus gregalis Pallas, 1779 -Узкочерепная полевка) башка тYрлeр боюнча буга чейин да адабияттык маалыматтарда аздыр кeптYP маалыматтар болуп келген. Бирок, кырчеке момолой Памир-Алайдын аймагында абдан сейрек кездешээри аныкталган. Бул аймактан 10 жылдык изилдeeлeрдYн натыйжасында бар болгону 11 даана гана кармалган, башкача айтканда, чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн жалпы санынын 0,2±0,05% гана тYзeт дегендикке жатат [6].

Ошондой эле, Фергана кырка тоолорунун тYштYк-чыгыш тарабындагы Кулун-Ата мамлекеттик коругунун аймагынан чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн 10 тYPY аныкталып, алардын ичинен токой чычканы, арча момолою жана корум момолою басымдуулук кылаары аныкталган.

Ал эми, жалпы эле Кыргызстандын тYштYк регионунун аймактарында чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн 23 тYPY белгилYY [1, 5, 9, 12].

Кээ бир адабияттык маалыматтарга караганда eлкeнYн тYштYк региондору боюнча сапсак бут кош аяк (Dipus sagitta Pallas, 1773 - тушканчик мохноногий), тянь-шань чычканы (Sisita tianscanica Salenski, 1903) - тяньшанская мышовка), тянь-шань токой момолою (Myodes centralis Miller, 1906 - тяньшанская лесная полевка) кездешээри далилденген. 1950-жылдары сапсак бут кош аякты В.Г.Карелин Алай eрeeнYHYн чыгышынан Эркечтамдан кармаган [1, 3]. Ал эми тянь-шань чычканы Чаткал жана Суусамыр сууларынын жогорку жээктеринен жана Фергана кырка тоолорунун тYндYк батыш жылгаларынан кармалган. Алардын саны 100 капкан-суткага тYШYY ыктымалдуулугу 5 жандыктан 10 жандыкка чейин жеткен.

Ал эми «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагындагы чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн тYPДYк курамы алардын ар кандай ландшафттарга таралуу мYмкYнчYЛYГY жана отурукташуу жыштыгы боюнча эч кандай маалымат ушул кYнгe чейин жокко эсе.

Ошондуктан, биздин изилдeeлeр алгач чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн ар кандай ландшафттардагы тYPДYк курамын жана алардын таралуу eзгeчeлYктeрYнe, отурукташуу жыштыгына ^нул бурулду. Мына ушуга байланыштуу парктын аймагындагы мYмкYн болгон ландшафттардын баарына капкан коюлуп, жыйынтыгында чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн 7 тYPY аныкталып, аларга корум момолою (Alticola argentatus (Severtzov, 1879)), арча момолою (Microtus carruthersigalis (Pallas, 1778)), токой чычканы (Apodemus sylvaticus (L., 1758)), YЙ чычканы (Mus musculus (Linnaeus, 1758)), тYркистан келемиши (Rattus turkestanicus (Satunin, 1903)), кадимки момолой (Microtus (M.) arvalis (Pallas, 1773)) сокур момолою (Ellobius (E.) tancrei (Blasius, 1884)) кирет (1-таблица).

1-таблица. «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагында катталган чычкан сымал

(Muridae) кемирYYЧYлeрдYн TYPДYK курамы._

Чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн тYрлeрYHYн аталышы

Вестник ОшГУ. Химия. Биология. География, №1(4)/2024

№ к-н Кыргызча аталышы Латынча аталышы Орусча аталышы

1. Корум момолою АШсо1а argentatus (8еуег120у, 1873) Серебристая полевка

2. Арча момолою Мюго^ carruthersiga1is (Pa11as, 1778) Памирская полевка

3. Токой чычканы Apodemus sy1vaticus (Ь., 1758) Лесная мышь

4. Yй чычканы Mus muscu1us (Linnaeus, 1758) Домовая мышь

5. Туркестан келемиши Rattus turkestanicus (Satunin, 1903) Туркестанская крыса

6. Сокур момолой Е11оЫш (Е.) tancrei (B1asius, 1884) Восточная слепушонка

7. Кадимки момолой Мюгс^ш (М.) arva1is (Pa11as, 1773) Обыкновенная полевка

Ал эми, ландшафттар боюнча таралуу eзгeчeлYктeрYнe анализ жYргYЗгeнYбYЗдe алар маданий ландшафттарда, тоо этегиндеги талааларда, дарак-бадал eскeн суу жээктеринде, бадал токойлордо, арча токойлордо, таш-шагылдуу тоо капталдарында, субальп жана альпы шалбааларында кездешээри аныкталды.

2-таблицада берилгендей каралган ландшафттарда чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн тYрлeрYHYн тYPДYк курамы бирдей эмес. Чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн тYPДYк курамы айрыкча дарак-бадал eскeн суу жээктеринде (дециз децгээлинен бийиктиги 1 400-1 916 м тYзeт) кeптYк кылып, бул аймактарда арча момолою, токой чычканы, YЙ чычканы жана тYркестан келемиши кездешет. Анткени, бул аймактарда eсYмдYктeрдYн ар кандай тYрлeрY басымдуулук кылып, алар YЧYн тамак базасы жетиштYY болуп, алардын жашынып жашоосуна бир кыйла ыцгайлуу шарт тYЗYлгeн. Ал эми, ар кандай ландшафттарга таралуу MYMKYHЧYЛYГYHYH диапазону боюнча жогору тYP катары токой чычканы жана корум момолою аныкталды. Токой чычканы парктын аймагында дециз децгээлинен 1 400 метрден 3 000 метр бийиктике чейин кeтeрYЛYп, дарак-бадал eскeн суу жээктерине арча токойлоруна, субалпы жана альпы шалбааларына кецири таралган. Корум момолою дециз децгээлинен бийиктиги 1 500 метрден 2 500 метрге чейин кeтeрYЛYп, таштуу бадал, арча токойлорунда, таш-шагылдуу тоо капталдарында жана субальп ландшафттарында кездешип, бул тYрлeр чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн арасынан экологиялык жактан бир кыйла ийкемдYY экендиги аныкталды.

2-таблица. «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагындагы чычкан сымал (Мипёае) кемирYYЧYлeрдYн ар кандай ландшафттарда болгон таралуу eзгeчeлYктeрY.

№ к-н Ландшафттар Чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн тYрлeрY

Дец. децг. Бийиктиги (м менен) Корум момолою Арча момолою Токой чычканы Уй чычканы ТYркстан келемиши Сокур момолою

1. Алпы шалбаасы 3 000 +

2. Субальп шалбаасы 2 500 + + +

3. Таш-шагылдуу тоо капталдары 2 000 +

4. Арча токойлор 1 800 - 3 000 + + +

5. Бадал токойлору 1 500 + +

6. Дарак-бадал eскeн суу жээктери 1 400 - 1 900 + + + +

ОшМУнун Жарчысы. Химия. Биология. География, №1(4)/2024

7. Тоо этегиндеги талаалар 1 600 - 2 000 +

8. Маданий ландшафттар 1 600 + + +

Отурукташуу жыштыгы боюнча чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн ичинен TYmTYK региондун тYштYк-батыш Тянь-Шань жана Памир-Алай тоо системаларынын ар кандай бийиктик алкактарынын гетерогендYY ландшафттарында отрукташуу жыштыгынын жогорку кeрсeткYчтeрYнe токой чычканы (Apodemus (S.) sylvaticus (Linnaeus, 1758) - лесная мышь), корум момолою (Alticola argentatus (Severtzov, 1879) - серебристая полевка), арча момолою (Microtus juldaschi (severtzov, 1879) - арчевая полевка) ээ экендиги далилденген. Булардын сандык кeрсeткYчтeрY аймактагы чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн жалпы санынын 16,2±0,41 - 26,6±0,51 пайызын тYзeт [5].

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

Ал эми «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагындагы кездешкен чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн ичинен сандык кeрсeткYчтeрY боюнча сезилээрлик артыкчылыкка токой чычканы (Apodemus sylvaticus (L., 1758)) ээ. Анын сандык кeрсeткYЧY парктын аймагынын ар кандай ландшафтарынан кармалган жалпы жандыктардын санынын 43,7±2,18 пайызын тYЗYп, доминанттык TYP болуп саналат. Ал эми, субдоминант катары YЙ чычканы (Mus musculus (Linnaeus, 1758)), (18,2± 1,70), андан соц корум момолою (15,9± 1,61) эсептелет (3-таблица). Yй чычканы боюнча алынган биздин маалыматтар Б.К.Кулназаровдун тYштYк-батыш Тянь-Шань жана Памир-Алай боюнча алган маалыматтарына eтe жакын келет. Бул аймактарда Yй чычканын 100 капкан-суткага TYШYY саны боюнча жалпы кармалган жаныбарлардын 15,0±0,4 пайызын тYзeт [8]. Демек, Кыргызстандын TYШTYK аймагындагы тоо кыркаларындагы чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн таралуусу, TYPДYK курамы жана алардын отурукташуу жыштыгы боюнча экологиялык мыйзам ченемдYYЛYктeрYн, алынган маалыматтар далилдеп турат.

3-таблица «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагындагы чычкан сымал (Muridae) кемирYYЧYлeрдYн сандык кeрсeткYчтeрY•

№ Чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн тYрлeрYHYн аталышы Кармалган жаныбарлардын саны

к-н Кыргызча аталышы Латынча аталышы Орусча аталышы абс. %

1. Корум момолою Alticola argentatus (Severtzov, 1879) Серебристая полевка 82 15,9+1,61

2. Арча момолою, Microtus carruthersigalis (Pallas, 1778) Памирская полевка 68 13,2+1,49

3. Токой чычканы Apodemus sylvaticus (L., 1758) Лесная мышь 226 43,7±2,18

4. Yй чычканы Mus musculus (Linnaeus, 1758) Домовая мышь 94 18,2±1,70

5. Туркестан келемиши Rattus turkestanicus (Satunin, 1903) Туркестан-ская крыса 47 9,09±1,26

Жалпы саны: 517 100

Жаныбарларлардын экосистемадагы функционалдык маанисине баа берYY YЧYн алардын ар кандай ландшафттардагы отрукташуу жыштыгын аныктап чыгуу негизги ролду ойнойт. Анткени, ар кандай жаныбарлардын тYPYнe жараша популяциялык децгээлде конкретгYY биоценоздорго карата белгилYY эволюциялык багыттагы адаптациясы калыптанган. Ошондуктан, ар кандай TYPДYH eзYнe жагымдуу болгон биотоптору болуу менен сандык жана сапаттык жагынан eзгeчeлeнYп турат. Кээ бир адабияттык маалыматтарга анализ

Вестник ОшГУ. Химия. Биология. География, №1(4)/2024

жYPГYЗгeндe, айрыкча орто бийктиктеги тоо алкактарында YЙ чычкандарынын 100 капкан-суткага тYШYY кeрсeткYчтeрY бир кыйла тeмeн. Мисалы, Б.К.Кулназаровдун маалыматы боюнча орто бийик тоо алкактарынын дарыя жээк экотондорунда алардын 100 капкан-суткага тYШYY саны 2,6±0,8%, айыл чарба талааларында 1,7±0,3%, YЙлeрдYн, мал сарайлардын, кампалардын айланасында 2,5± 1,1% тYзeeрY аныкталган [6, 8]. Бирок, биздин изилдeeлeр боюнча парктын аймагынын рекреациялык зооналарында алардын 100 капкан-суткага тYШYY кeрсeткYЧY бир кыйла жогору экендиги аныкталды. Алардын сандык YЛYШY айыл чарба талааларында жана курулуштардын айланасында жалпы кармалган чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн 11,8± 1,32% тYЗсe, дарак-бадал eскeн суу жээктеринде 6,38± 1,00 % тYзeт. Алардын санынын жогору болушу бул рекреациялык зооналарда чабандардын отурукташуусу жана эс алуучулардын дайыма болуп турушу менен дагы байланыштуу болушу MYMKYH. Айрыкча, бул зооналарда алардын жашынып жашоосуна жана азык заттын мол болушуна ар кандай бадал-дарактардын жыш болушу бир кыйла жагымдуу шартты пайда кылат.

Бул жаныбарлардын тYPY YЧYн дарак-бадал eскeн суу жээктери, жана арча токойлору бир кыйла жагымдуу биотоптордон болуп саналат. Дарак-бадал eскeн суу жээктеринде алардын 4 тYPY (токой чычканы, YЙ чычканы, тYркстан келемиши, арча момолою) катталып, доминанттык тYP катары токой чычканы, 100 капкан-суткага тYШYY кeрсeткYЧY жалпы кармалган чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн 26,5 ± 1,82 пайызын тYзeт. Эц тeмeнкY кeрсeткYчкe арча момолою ээ болуп, 0,58±0,31 пайызды тYзeт. Ал эми арча токойлорунда чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн 3 тYPY(арча момолою, токой чычканы, корум момолою) катталып, алардын бири-бирине салыштырмалуу сандык кeрсeткYчтeрY жакын. Арча момолоюнун YЛYШY 7,74±0,09 пайызга, токой чычканынын YЛYШY 5,80±0,95 пайызга, корум момолоюнун YЛYШY 2,51 ±0,64 пайызга барабар. Корум момолоюнун отурукташуу жыштыгынын кeрсeткYЧY таш-шагылдуу тоо капталдарында абдан жогору, анын YЛYШY 10,4± 1,25 пайызды тYзeт. Эц эле сапаттык жана сандык кeрсeткYЧY тeмeн ландшафт алпы шалбаасы, мында арча момолою гана кездешип анын орурукташуу жыштыгы 1,35±0,47 пайызды тYзeт (4-таблица, 1-CYрeт).

4-таблица. «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагындагы чычкан сымал (Мипйае) кемирYYЧYлeрдYн ар кандай ландшафттардагы кездешYY жыштыгы.

№ Чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн тYрлeрY

к-н Биотоптор Корум момолою Арча момолою Токой чычканы Yй чычканы ТYркестан келемиши

1. Альпы шалбаасы 1,35±0,47

2. Субальп шалбаасы 1,16+0,44 2,32±0,61

3. Таш-шагылдуу тоо капталдары 10,4+1,25

4. Арча токойлор 2,51 ±0,64 7,74±0,09 5,80±0,95

5. Бадал токойлору 1,74±0,53 1,16±044 11,4±1,30

6. Дарак-бадал eскeн суу жээктери 0,58±0,31 26,5±1,82 6,38±1,00 3,09±0,70

7. Айыл-чарба талаалары 11,8± 1,32 5,99±0,97

ОшМУнун Жарчысы. Химия. Биология. География, №1(4)/2024

1-CYрвт. «Саркент» мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагындагы чычкан сымал (Muridae) кемирYYЧYлeрДYн ар кандай ландшафттардагы кездешYY жыштыктары.

Корутунду

Натыйжада, парктын аймагында чычкан сымал кемирYYчYлeрДYн горизонталдуу жана вертикалдуу таркалуусун эске алуу менен 7 тYP Alticola argentatus, Ыш^ж carruthersigalis, Apodemus sylvaticus, Ыж тжси1ж, Rattus turkestanicus, ышго^ (Ы.) arvalis, ЕПоЫж (Е.) tancrei катталды. Булардын ичинен доминанттык тYP катары т Apodemus sylvaticu (43,7±2,18), субдоминант YЙ чычканы Ыж тжт1ж (18,2± 1,70).

Горизонталдуу таркалуусу боюнча дарак-бадал ескен суу жээктери, жана арча, бадал токойлору бир кыйла жагымдуу биотоптордон болуп саналат. Ал эми вертикалдуу таркалуусу боюнча бир кыйла кец диапазонго корум момолою менен арча момолою таандык. Демек, чычкан сымал кемирYYЧYлердYн ар кайсыл тYрлерYHYн этологиялык езгечелYктерYне байланыштуу ездерYHYн жагымдуу биотоптору болуу менен алардын таралуусу жана отурукташуу жыштыгы бир келки эместиги аныкталды.

Адабияттар

1. Айзин Б.М. Грызуны и зайцеобразные Киргизии: (Экология, роль в поддержании природных очагов некоторых заболеваний) [Текст]. -Фрунзе: Илим, 1979. -С 119.

2. Бобринский Н.К., Кузнецов Б.А., Кузякин А.П. Определитель млекопитающих СССР [Текст]. -М.: Просвещение. 1965. -381с.

Вестник ОшГУ. Химия. Биология. География, №1(4)/2024

3. Карелин В.Г. Новое местонохождение мохноногого тушканчика в отрогах южного склона Алайского хребта //Тр. Среднеаз. научн. исслед. противочумн. ин-та. 1959. -Вып.6. -С325-326.

4. Кузнецов Б.А. Определитель позвоночных животных фауны СССР [Текст]. Ч.3. -М.: Изд-во Просвещение, 1975. -208с.

5. Кулназаров Б.К., Байдоолотов Н.Б., Токторалиев Б.А. Кыргызстандын жаныбарлар дYЙнeсY, аларды коргоо жана сарамжал пайдалануу проблемалары [Текст]. -Ош, 1994. -168с.

6. Кулназаров Б.К. Развитие и совершенствование особо охраняемых природных территорий (ООПТ) как основы охраны генофонда млекопитающих Кыргызстана [Текст] //Индия и Кыргызстан: Взаимодействие Цивилизаций. Материалы Междунар. науч. конф., посвящ. 2200-летию Кырг. Гос. -Ош, 2003. -С.164-166.

7. Кулназаров Б.К., и др. Серая крыса (ИлИт norvegicus) - новый вид для фауны млекопитающих юга Кыргызстана [Текст]. Вестник Ошского государственного университета. Серия естественных наук №6. -Ош: Билим, 2003. -С.16-17.

8. Кулназаров Б.К. Млекопитающие юга Кыргызстана, проблемы их охраны (монография). Биолого-почвенный институт НАН КР [Текст]. -Бишкек, 2008. -216 с.

9. Соколов В.Е. Систематика млекопитающих. [Текст] /В.Е Соколов. Т.1. - М: Высш. шк., 1973. - 430 с.

10. Токтосунов А.Т. Грызуны Киргизии [Текст]. -Фрунзе, 1958. -170с.

11. Рокицкий П.Ф. Биологическая статистика. 3-е изд. [Текст]. -Минск: Высш. шк., 1973. -320с.

12. Янушевич А.И. и др. Млекопитающие Киргизии /Янушевич А.И., Айзин Б.М. и др.; [Текст]. Отв. ред. Громов И.М., Янушевич А.И. -Фрунзе: Изд-во Илим, 1972. -464с.

13. Имомали Уулу, Н. Кулун-ата мамлекеттик коругунда байырлаган ача туяктуулардын (Аг1^айу1а) учурдагы абалы / Н. Имомали Уулу, А. М. Абдыкааров // Вестник Ошского государственного университета. - 2019. - N0. 4. - Р. 11-15. - ЕБ№ ЦШЕОО.

14. Абдыкааров, А. М. Саркент мамлекеттик жаратылыш паркында байырлаган чычкан сымал кемирYYЧYлeрдYн TYPДYK курамы жана сандык бeлYштYPYЛYШY / А. М. Абдыкааров, У. А. Атабеков, К. К. Курсанбекова // Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Химия. Биология. География. - 2023. - N0. 2(3). - Р. 7-13. - БО1: 10.52754/16948688_2023_2(3)_2. - ЕБ№ БЬОНЕК

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.