Научная статья на тему 'ПЕДАГОГИКАЛЫК БАГЫТТАГЫ АДИСТИКТЕРДЕ ОКУГАН СТУДЕНТТЕРДЕ БИРИНЧИ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ КӨНДҮМДӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРУУ'

ПЕДАГОГИКАЛЫК БАГЫТТАГЫ АДИСТИКТЕРДЕ ОКУГАН СТУДЕНТТЕРДЕ БИРИНЧИ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ КӨНДҮМДӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРУУ Текст научной статьи по специальности «Медицинские науки и общественное здравоохранение»

CC BY
0
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
сергек жашоо / жаракат / биринчи медициналык жардам / кырсык / экстремалдык жана өзгөчө кырдаал / healthy living / trauma / first aid / accident / extreme and emergency

Аннотация научной статьи по медицинским наукам и общественному здравоохранению, автор научной работы — Перханова Ыхвал Араповна, Жусупбаев Нурбек Амангельдиевич

Макалада болочок педагогдор арасында биринчи жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгү жана зарылчылыгы каралып, аны көрсөтүү этаптары, аракеттердин ыраттуулугу жана алардын ар биринин маанилүүлүгү аныкталат. Ар бир адамдын биринчи жардам көрсөтүү боюнча билимге жана көндүмгө ээ болуу маанилүүлүгүнө басым жасалат.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Похожие темы научных работ по медицинским наукам и общественному здравоохранению , автор научной работы — Перханова Ыхвал Араповна, Жусупбаев Нурбек Амангельдиевич

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

FORMATION OF FIRST AID SKILLS IN STUDENTS STUDYING IN PEDAGOGICAL SPECIALTIES

The article examines the importance and necessity of providing first aid to future teachers, defines the stages of its provision, the sequence of actions and the significance of each of them. Special attention is paid to the importance of each person having first aid knowledge and skills.

Текст научной работы на тему «ПЕДАГОГИКАЛЫК БАГЫТТАГЫ АДИСТИКТЕРДЕ ОКУГАН СТУДЕНТТЕРДЕ БИРИНЧИ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ КӨНДҮМДӨРҮН КАЛЫПТАНДЫРУУ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА BULLETIN OF OSH STATE UNIVERSITY

ISSN: 1694-7452 e-ISSN: 1694-8610

№2/2024, 132-140

МЕДИЦИНА

УДК: 37.013.32+614.888

DOI: 10.52754/16948610 2024 2 14

ПЕДАГОГИКАЛЫК БАГЫТТАГЫ АДИСТИКТЕРДЕ ОКУГАН СТУДЕНТТЕРДЕ БИРИНЧИ ЖАРДАМ КeРСeТYY КeНДYМДeРYН КАЛЫПТАНДЫРУУ

ФОРМИРОВАНИЕ НАВЫКОВ ОКАЗАНИЯ ПЕРВОЙ ПОМОЩИ У СТУДЕНТОВ, ОБУЧАЮЩИХСЯ НА ПЕДАГОГИЧЕСКИХ СПЕЦИАЛЬНОСТЯХ

FORMATION OF FIRST AID SKILLS IN STUDENTS STUDYING IN PEDAGOGICAL

SPECIALTIES

Перханова Ыхвал Араповна

Перханова Ыхвал Араповна Perhanova Yhval Arapovna

улук окутуучу, Ош мамлекеттик университети

старший преподаватель, Ошский государственный университет Senior Lecturer, Osh State University

yperhanova57@gmail.com_

Жусупбаев Нурбек Амангельдиевич

Жусупбаев Нурбек Амангельдиевич Zhusupbaev Nurbek Amangtldievich

окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University zhusupnaevn@gmail.com

ПЕДАГОГИКАЛЫК БАГЫТТАГЫ АДИСТИКТЕРДЕ ОКУГАН СТУДЕНТТЕРДЕ БИРИНЧИ ЖАРДАМ ^PCGTYY КeНДYМДeРYН КАЛЫПТАНДЫРУУ

Аннотация

Макалада болочок педагогдор арасында биринчи жардам KepceTYYHYH маанилYYЛYГY жана зарылчылыгы каралып, аны кeрсeтYY этаптары, аракеттердин ыраттуулугу жана алардын ар биринин маанилYYЛYГY аныкталат. Ар бир адамдын биринчи жардам керсетуу боюнча билимге жана кец^мге ээ болуу маанилYYЛYГYнe басым жасалат.

Ачкыч свздвр: сергек жашоо, жаракат, биринчи медициналык жардам, кырсык, экстремалдык жана e3re4e кырдаал.

ФОРМИРОВАНИЕ НАВЫКОВ ОКАЗАНИЯ

ПЕРВОЙ ПОМОЩИ У СТУДЕНТОВ, ОБУЧАЮЩИХСЯ НА ПЕДАГОГИЧЕСКИХ СПЕЦИАЛЬНОСТЯХ

Аннотация

В статье рассматривается важность и необходимость оказания первой помощи будущим учителям, определяются этапы ее оказания, последовательность действий и значение каждого из них. Особое внимание уделяется важности наличия у каждого человека знаний и навыков оказания первой помощи.

FORMATION OF FIRST AID SKILLS IN STUDENTS STUDYINGINPEDAGOGICAL SPECIALTIES

Abstract

The article examines the importance and necessity of providing first aid to future teachers, defines the stages of its provision, the sequence of actions and the significance of each of them. Special attention is paid to the importance of each person having first aid knowledge and skills.

Ключевые слова: здоровый образ жизни, травмы, первая помощь, несчастные случаи, экстремальные и чрезвычайные ситуации.

Keywords: healthy living, trauma, first aid, accident, extreme and emergency.

Киришуу жана актуалдуулук

Азыркы учурда табигый, техногендик жана социалдык мунездегу ар кандай езгече кырдаалдардын кебейушуне байланыштуу, кеп сандагы адамдар каза болуп, жабыркап жаткандыктан, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам керсетуунун кечиктирилгис зарылдыгы келип чыгууда. Анткени биринчи медициналык жардам езгече кырдаалдарда адамдын емурун жана ден соолугун сактоодо маанилуу фактор болуп саналат. Ошондуктан, калктын ар кандай контингенттерин биринчи жардам керсетууге окутуу маселесине учурда чоц кецул бурулуууда. Айрыкча бул маселе боюнча билим беруу системасына чоц жоопкерчилик жуктелет, анткени ар бир адам жаш курагына карабастан биринчи медициналык жардам керсете билиши керек. Буга байланыштуу мектептик емур коопсуздугу курсунда езгече орун белгиленип, окуучуларды жабыркагандарга биринчи жардам керсетууге даярдоого жетиштуу убакыт белунген (Попова Р.И. жана Силакова О.В., 2014; Мамажакып уулу жб., 2022).

Жаракаттар калктын убактылуу эмгекке жарамсыздыгына, майып болушуна же елумуне алып келет, бул демографиялык коопсуздукка тузден-туз коркунуч келтирет.

Жаракат алуулардын структурасында алдыцкы орундарды дененин бутундей катмарынын ар кандай турдегу жараттары, куйуктер, сеектердун сынуулары, муундардын чыгып кетуулеру жана урунуулар, кездун жаракаттары ээлейт (Смирнова Т.П. жана башкалар, 2021).

Статистикалык маалыматтарга таянсак, елкенун калкынын арасында травматизмдин жогорку децгээлинен улам, саламатчылык кейгейлерунун жана елумдун коркунучун азайтуу учун жаракат алган учурда биринчи жардам керсетууну уйретуу зарылчылыгы келип чыгат (Перханова Ы.А. жана Мамажакып у Ч., 2017).

Жалпы калк арасында айрыкча, болочок адис ээлери, студенттер арасында кырсык болгон учурда биринчи жардам керсетуу эрежелерин калыптандыруу ар кандай коомдук децгээлдердеги уюмдардан баштап, мамлекеттик айрым уюмдардын, биринчи кезекте билим беруу мекемелеринин жаракаттарды алдын алуу программасынын ажырагыс белугу болууга тийиш (Абрамова С.В. Ягубцева Ю.С., 2019).

Ошентип, жогорку кесиптик жана орто жалпы билим беруунун мамлекеттик негизги билим беруу стандарттарына ылайык, студенттер (окуучулар) жабыр тарткандарга биринчи жардам керсетуу жендемун енуктурууге тийиш болгон окутуунун натыйжаларына талаптар коюлат. Мамлекеттик билим беруу талаптарынын негизинде стандарттарга ылайык, билим беруу уюмдары жаракат алган учурда биринчи жардам керсетуу боюнча билимдерди жана кендумдерду калыптандыруу учун мумкунчулуктерду камсыз кылууга тийиш (Дежурный Л.И. жана башкалар, 2018).

Билим беруу мекемелерде, уюмдарда биринчи медициналык жардам керсетуу эрежелерин окутуу процессинде "Жашоо-тиричилик коопсуздугунун негиздери" предметин окуткан мугалимдин орду жана ролу ете маанилуу. Бул предметти окуткан мугалим узгултуксуз класстык сааттарда, сабактан тышкаркы убакта иштееде, ошондой эле «Сергек жашоо образы жана медициналык билимдердин негиздери» белумун окуганда, турдуу экстремалдык жана езгече кырдаалдардын кесепетинен жабыркагандарга биринчи жардам керсетуу боюнча студенттерде туруктуу билимдерди жана кендумдерду калыптандырууга жендемдуу.

Изилдеещн максаты. Педагогикалык багытта окуган студенттер арасында биринчи жардам кeрсeтYY боюнча практикалык кeндYмдeрдY, шыкты калыптандыруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана алардын тынчтык мезгилиндеги езгече кырдаалдарда, биринчи жардам кeрсeтYYгe даярдыгын жогорулатуу.

1-маселе. Педагогика, психология жана дене тарбия факультеттеринин педагогикалык профилдеги студенттеринин арасында биринчи медициналык жардам кeрсeтYY маселелериндеги кeйгeйлeрдY аныктоо YЧYн анкетирлeeнY eткeрYY.

2-маселе. КeргeзмeлYYЛYк принцибине таянып педагогикалык багыттагы адистиктерде окуган студенттерден контролдук жана эксперименталдык тайпаларды аныктап биринчи жардам кeрсeтYY шыгын (кeндYмдeрYн) калыптандыруудагы техникалык каражаттарды колдонуу менен сабак eтYYHYЦ жыйынтыктарын анализдee.

Кафедрага бекитилген "Жашоо-тиричилик коопсуздугу" предметинин практикалык сабактарын eтYYДe керектелYYЧY колдонмо куралдар жетиштYY. Кафедра сeeктeрдYн сынуусунда иммобилизация YЧYн керектYY шак-шактар (Дитерихс, тепкич шак-шагы), резина буугуч (турникет), жараат тангыч бинттер, моюн омурткасын бекитYY YЧYн жака, оорулууну ташуу YчYн кайыш, замбил жана eпкe-жYрeк реанимация комплекси YЧYн манекен ж.б. каражаттар менен камсыздалган.

Изилдвв объектиси. Педагогика, психология жана дене тарбия факультеттеринин экинчи жана YЧYнчY курс студенттери

Изилдвв материалдары жана ыкмалары. Педагогика, психология жана дене тарбия факультеттеринин 2, 3-курс студенттери арасында биринчи жардам кeрсeтYY боюнча баштапкы билимдерин аныктоо максатында сурамжылоо жана тестирлee жYргYЗYЛДY. Бул сурамжылоого 90 студент катышты.

Ошондой эле кeйгeйлYY маселелерди аныктоо YЧYн жогоруда аталган факультеттин студенттерине алдын ала даярдалган анкетанын жардамы менен гугл форманы колдонуп тестирлee eткeрYлдY.

1. Кез алдыцызда унаа етмектен жее жургунчуну уруп кетти. Сиздин биринчи аракетиниз?

а) мен айланамды карайм б) окуя болгон жерге чуркап барам

в) тез жардамга телефон чалам г) башкаларды жардамга чакырам

2. Артериялык кан агууда моюнга кан токтотуучу буугуч (турникет) коюуга болобу?

а) эч кандай шартта, ал олуттуу зыян алып келиши мYмкYн эмес

б) мYмкYн, эгер сиз аны eтe катуу тартпай койсонуз

в) бул мYмкYн, бирок кадыктын YCTYндe же астында гана

г) эгерде буугучту жараатка карама-каршы колтуктун астынан eткeрсeцYЗ болот

3. Жабыркаган адамдан алкоголь ичимдигинин жыты сезилсе, ага биринчи жардам керсетуу керекпи?

а) биринчи жардам эч нерсеге карабай кeрсeтYЛYШY керек

б) жок, алар кырдаалды жeнгe салуу YЧYн тез жардам жана полиция чакыруу керек

в) eзYЦYЗДYн коопсуздугуцузду эске алуу менен кeрсeтYY зарыл

г) мYмкYн эмес, сиз жабыркаган адам эсине келгенге чейин кYTYШYЦYЗ керек

4. Эгерде жаракат алган адамга кокустан етуп бараткан жолоочу таблетка берсе, эмне кылат элениз?

а) ал дарыны ичирYY Y4YH жабыркаган адамга бир стакан же бетелке суу берем

б) мен жаракат алган адамдын таблетка ичYYCYне жол бербееге аракет кылам

в) мен жолоочу сунуштаган таблетка ылайыктуубу же орунсузбу билгенге аракеттенем

г) жаракат алган адамга керектYY дарыларды езYм берем

5. Жаракат алган адамдын дем алуусун текшеруунун эц так жана эц оной жолу кайсы?

а) кулагынызды мурунга жакындатып дем алуусун угуу, кез кыры менен кекYректYн кыймылын кароо, жаагыныз менен дем чыгарууну сезуу

б) жабырлануучунун оозуна жана мурдуна кагаз, кебез, кYЗГY коюп текшеруу

в) жылмакай бети бар ар кандай объектти колдонуу

г) текшерYYHYн эц оцой жана эц так жолу - уйку артериясын кармап керYY

Изилдее предмети. Биринчи жардам (алгачкы жардам)- кырсыкка дуушар болгон адамдын емYPYн сактап калууга, оор кабылдоолорду алдын алууга жана жабыркатуучу факторлордун таасирин азайтууга же токтотууга багытталган женекей, бирок тез жYргYЗYЛYYЧY чаралар комплекси. Аны жабыркаган адам езY же жанындагылар, санитарлар, медициналык кызматкерлер жана башкалар жYргYзет.

КР «Жарандык коргонуу женYнде» мыйзамында ар бир жаран биринчи медициналык жардам керсетYY эрежелерин окуп-YЙренYYге милдеттYY деп жазылган. Ошондуктан ар бир адам медициналык билиминин бар же жоктугуна карабастан медициналык биринчи жардам керсете алууну билYYCY зарыл. Биринчи жардам керсетYYHYн эффективдYYЛYГY аны канчалык тез арада керсетYлгендYГYнен кез каранды болот.

Студенттер, окуучулардан тартып чоц кишилерге чейин езYне жана ез ара жардам берYY ыкмаларын YЙретYY чоц мааниге ээ.

Сурамжылоо втквруу. Педагогикалык багыттагы адистиктерде окуган студенттерде биринчи жардам керсетYY шыгын (кендYмдерYн) калыптандыруу максатында "Жашоо-тиричилик коопсуздугунун негиздери" предметин окуткан учурда персоналдык компьютер, интерактивдYY доска, окуу видеотасмалары сыяктуу техникалык окуу куралдарын колдонуу жакшы жыйынтыкты берет. Ал эми кээ бир темаларды студенттерге тYШYндYPYY YЧYн атайын симуляторлорду колдонуу максатка ылайыктуу. «Дем алуу жана жYрек токтогондо биринчи жардам» белYMYн окуп жатканда, жYрек-епке реанимациясын практикалоо YЧYн манекен симулятору колдонулат. Ошондой эле, курсту окутууда травматология жана травма тренажерлорунун комплекси, бYктелYYЧY шак-шактар, кан токтотуучу турникеттер (буугуч) жана жараат тацуу каражаттары сыяктуу окуу куралдары болушу зарыл.

Педагогикалык эксперименттин жYPYШYнде "Биринчи медициналык жардамдын негиздери" курсун студенттерге окутууда жана алган билимдерин аныктоо YЧYн жYргYЗYЛген тестирлееде, аныктоочу жана калыптандыруучу тайпаларында ез-езYнче сурамжылоо жYPГYЗYЛYп жашоонун коопсуздугу предмети боюнча окуу процессинде биринчи жардам керсетYY шыгын (кендYмдерYн) калыптандыруу студенттердин ички мотивациясынын децгээлинин динамикасын изилдедик. Эксперименттин этаптарында контролдук жана эксперименталдык тайпалардагы студенттердин арасында биринчи медициналык жардамдын негиздери боюнча билим берYY маалыматынын мазмунун ездештYPYY децгээлинин езгерYY динамикасы 1-CYретте керсетYЛген.

7O 6O SO 4O 3O 2O 1O O

1-суроо 2-суроо 3-суроо 4-суроо S-суроо

■ баштапкы сурамжылоодо ■ окутуудан кийин

1-СYpeт. Студенттердин биринчи медициналык жардамдын негиздери боюнча билим бepYY мазмунун eздeштYPYY децгээлинин eзгepYY динамикасы

Баштапкы сурамжылоодо тайпадагы тeмeнкY кepceткYчтY кepceткeн студенттердин пайызы 5- 12% ды , ал эми орточо кepceткYчтY кepceткeндep 25-40% тYЗДY. Ошол эле мезгилде биринчи медициналык жардамдын негиздери боюнча окутуудан кийинки алардын eздeштYPYY децгээлинин динамикасы 32-66% пайызга чейин жогорулады. Алынган жыйынтыктар медициналык биринчи жардамдын негиздери боюнча билим бepYYЧY маалыматты eздeштYPYY децгээлине техникалык кepгeзмeлYYЛYктY колдонуунун курсту eздeштYPYY кepceткYЧYнe оц таасирин берери даана кepYHYп турат.

Алынган жыйынтыктар эксперименталдык тайпалардын студенттеринин дисциплинаны окутканга чейинки контролдук тайпанын студенттеринин eздeштYPYYCYнe салыштырмалуу бир топ жогору экенин кepceтYп турат, бул кepгeзмeлYYЛYктYн студенттерде кeндYмдepдY калыптандырууга, оц таасирин тийгизерин билдирет.

Биринчи жардам берууну кимдер билиш керек?

■ медициналык биринчи жардамды Кыргызстандык бардык жараан билиш керек

Силердин оюцар боюнча биринчи жардамды керсетуунун сапатын каптип жакшыртса болот?

■ кошумча окуутуну уюштуруу керек

■ тез жардам кызматын внYктYPYY

■ автомектептерде окутуунун сапатын квтврYY керек

■ ММК кецири маалымат берYY керек

Эгерде биринчи жардам боюнча кошумча окутуу уюштурулса окуп-уйрвнвт белецер?

■ ооба, окуп-YЙрвнвт элем

■ жок, окууга убакытым жок

2-СYрeт.

2-CYрeттe кeрсeтYлгeн диаграммаларга ылайык бул курсуту окуп Yйрeнeт элем дегендердин проценттик катышы дээрлик 90%ды тYЗДY•

Ошондой эле гугл форманы колдонуу менен жYргYЗYлгeн сурамжылоодо биринчи медициналык жардам курсун окутуунун негизги кeйгeйлYY маселеси деп студенттердин 82,6% туруктуу кeндYмдeрYн калыптандырууга тоскоолдук кылуучу фактор катары сабактардын практикалык компонентинин жетишсиздигин жана тайпада 20дан ашык студент болгондуктан

практикалык машыгууга 1 -академиялык саат (45 мYнет) ичинде убакыт жетишсиздигин белгилешкен.

Корутунду

Изилдеещн негизинде теменкYдей жыйынтыктар чыгарылды:

1. Студенттерде биринчи медициналык жардам курсу боюнча кендYмдердY калыптандыруунун негизги ыкмаларынын бири - керсетмелYYЛYк ыкмасы экендигин сурамжылоонун жыйынтыгы далилдеди. Сабак учурунда практикалык кенYГYYлердY аткаруу техникалык каражаттарды колдонуу максатка ылайыктуу, б.а. биринчи жардам керсетYY кендYмдерYн калыптандырууда кемекчY каражаттарды, мисалы, техникалык окуу куралдарын, тYPДYY тренажерлорду, компьютерлерди, интерактивдYY панелдерди, видео роликтерди ж.б. колдонуу зарыл. Мындай инструменттер студенттерге биринчи жардам керсетYYHY практика жYЗYнде керYYге жана жогорку децгээлде предметти ездештYPYYге мYмкYнчYЛYк берет.

2. Биринчи медициналык жардам курсу практикалык сабактарда техникалык окуу куралдарын колдонуу кендYмдердY калыптандырууга оц таасирин тийгизет, атап айтканда, кийин кендYмге айлана турган билимдерди калыптандыруунун керсеткYчтерY жогорулады, мисалы, (1) кез алдыцызда унаа втмвктвн жвв ЖYргYнчYHY уруп кеткен учурдагы сиздин биринчи аракетиниз деген суроого студенттердин туура жообу 6 эсеге, (2) артериялык кан агууда моюнга кан токтотуучу буугуч (турникет) коюуга болобу деген суроого туура жооп берген студенттердин саны 2,08 эсеге, (3) жабыркаган адамдан алкоголь ичимдигинин жыты сезилсе, ага биринчи жардам керсетYY керекпи деген суроого туура жооп берген студенттердин саны 5,43 эсеге, (4) эгерде жаракат алган адамга кокустан втуп бараткан жолоочу таблетка берсе, эмне кылат элениз, деген суроого студенттердин туура жообу 4,17 эсеге жана (5) жаракат алган адамдын дем алуусун текшерYYHYн эц так жана эц оцой жолу кайсы, деген суроого туура студенттердин жообу 1,68 эсеге жогорулаган.

3. 2- CYреттегY сурамжылоонун негизинде тYЗYЛген диаграммаларда керсетYЛгендей "Медициналык биринчи жардамды Кыргызстандык бардык жаран билиши керек,-" деген суроого сурамжылоого катышкан студенттердин 100% ооба деген жооп берсе, "Биринчи жардамды керсетYYHYн сапатын кантип жакшыртууга болот",- деген суроого кошумча окутуу керек дегендердин проценттик катышы 60% дан жогору болду. Ал эми "Биринчи жардам боюнча кошумча окутуу уюштурулса окуп^йренет белецер",-деген суроого сурамжылоого катышкан студенттердин 90% дан кепчYЛYГY ооба деген жооп беришкен.

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.

4. Окуу процессинде кергезме окуу куралдарын пайдалануу, темен^ изилденYYЧY керсеткYчтердYн динамикасына оц таасирин тийгизди: ички мотивациясынын децгээли темен студенттердин саны 20%га кыскарды, орто билимдYY студенттердин саны жана ички мотивациянын жогорку децгээли тиешелYYЛYГYне жараша 23,4% га, билим сапаты 37,6% га ес^.

Адабияттар

1. Попова Р.И., Силакова О.В. Студенттер менен класстан тышкаркы иштерди уюштурууга жашоонун коопсуздугу боюнча педагогикалык билим берYY магистрлеринин усулдук даярдыгы // Аалам илим, маданият, билим, 2014. - № 5. - С. 63-66.

2. Перханова Ы.А., Мамажакып у Ч., алгачкы медициналык жардам// окуу куралы, Ош 2017.

3. Л.И.Дежурный, Ю.С.Шойгу, С.А.Гуменюк, Г.В.Неудахин, А.Ю.Закурдаева, А.А.Колодкин, О.Л.Куров, Л.Ю.Кичанова, А.Ю.Закурдаева, А.А.Эмке//Первая помощ: учебное пособие для лиц, обязанных и (или) имеющих право оказывать первую помощь.М: ФГБУ "ЦНИИОИЗ" Минздрава России, 2018

4. Организация оказания медицинской помощи пострадавщим при дорожно-транспортных происшествиях в Ошской области кр / Ч. Мамажакып Уулу, Н. А. Жусупбаев, Р. М. Маматова, Н. Ж. Эрмекбаев // Вестник Ошского государственного университета. - 2022. - № 4. - С. 14-19. - Б01: 10.52754/16947452_2022_4_14. - ББК: ГОЛУКЬ.

5. Смирнова Т.П., Кострюкова Н.В., Елизарьев А.Н// Оказание первой помощи в чрезвычайных ситуациях: практикум [Электронный ресурс] / Уфимск.гос.авиац.техн.ун-т.- Уфа: УГАТУ, 2021.

6. С. В. Абрамова, Ю. С. Ягубцева: Оказание первой помощи пострадавшим при чрезвычайных ситуациях. Учебно-методическое пособие / Южно-Сахалинск. СахГУ, 2019

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.