Научная статья на тему 'ОРУС АФРИКА ТААНУУЧУЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН АЙРЫМ ЭМГЕКТЕРИНДЕГИ АФРИКА ӨЛКӨЛӨРҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАРГА ТАЛДОО'

ОРУС АФРИКА ТААНУУЧУЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН АЙРЫМ ЭМГЕКТЕРИНДЕГИ АФРИКА ӨЛКӨЛӨРҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАРГА ТАЛДОО Текст научной статьи по специальности «История и археология»

CC BY
3
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
Орус / африка / африка таануучулар / африка өлкөлөрү / илимий эмгек / маалымат / талдоо / Russian / African / African Сcountries / work / information / analyze

Аннотация научной статьи по истории и археологии, автор научной работы — Ж.С. Бөтөнөев, Э.М. Эркебаев

Бул илимий макалада орус африка таануучулары жана алардын эмгектериндеги африка өлкөлөрү тууралуу маалыматтар талдалат.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

Похожие темы научных работ по истории и археологии , автор научной работы — Ж.С. Бөтөнөев, Э.М. Эркебаев

iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

RUSSIAN-AFRICAN AND IN THEIR WORKING PERIODS ANALYSES ABOUT INFORMATION’S OF THE AFRICAN COUNTRIES

This scientific article is about Russian-African and on their working periods will analyze of African Countries information

Текст научной работы на тему «ОРУС АФРИКА ТААНУУЧУЛАРЫ ЖАНА АЛАРДЫН АЙРЫМ ЭМГЕКТЕРИНДЕГИ АФРИКА ӨЛКӨЛӨРҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТТАРГА ТАЛДОО»

КР БМ КСДА. Ф.56, оп.4, д.88, б.43

Маанаев Э,Осмонкулов А. Э.Арабаев-кыргыз элинин алгачкы агартуучусу жана саясий-коомдук ишмери.-Бишкек. 2002.

9. Оренбург облустук мамлекеттик архиви. Ф.1081 оп. 1. Сб.14 .

10. Плоских В, Курманов З., Бегалиев У. Кыргызстандын улуттук лидери-Абдыкерим Сыдыков. -Бишкек,- 1999.-155-б.

11. Ысык-Кел облустук мамлекеттик архиви. Ф. 1041. Оп. 1. д.9. л.221-230.

УДК: 37.012.3 (6)

БвтвнвевЖ.С., т.и.к., ОшМУнун доценти, Кыргызстан Эркебаев Э.М., филос.и.к., ОшМУнун доценти, Кыргызстан

БвтвнвевЖ.С., к.и.н., доцент ОшГУ, Кыргызстан Эркебаев Э.М., к.филос.н., доцент ОшГУ, Кыргызстан

Орус африка таануучулары жана алардын айрым эмгектериндеги африка елкелеру женунде маалыматтарга талдоо

Анализ некоторых трудов русских африканистов

Russian-African and in their working periods analyses about information's of the

African Countries.

Бул илимий макалада орус африка таануучулары жана алардын эмгектериндеги африка елкелерY тууралуу маалыматтар талдалат.

Ачкыч сездер: Орус, африка, африка таануучулар, африка елкелерY, илимий эмгек, маалымат, талдоо.

В данной статье анализируются материалы по вопросам африканистики в работах русских африканистов.

Ключевые слова: русские, Африка, африканист, африканские страны, научный труд, сведения, анализ

This scientific article is about Russian-African and on their working periods will analyze of African Countries information.

Key words: Russian, African, African Ccountries, work, information, analyze.

Учурда Африка материгинде 60ка жакын мамлекет болсо, алардын ар бири ездерYHYн географиялык жайгашуусуна, башкаруу системасына, экономикалык потенциалына ж.б.у.с. мYмкYнчYЛYктерY менен езгечелYктерYне карап енYГYп жатышат.

Мына ушул Африка жана Евроазия (Азия бeлYГY) континенттериндеги мамлекеттерди комплекстYY изилдееге алган африканисттер менен чыгыш таануучулар орто кылымдардан бери бир топ чоц-чоц илимий изилдeeлeрдY жYPГYЗYYгe аракеттенишип келишкендиктерин кeпчYЛYк эле биле бербешин билебиз. Америкалык, европалык жана орус африканисттери менен чыгыш таануучулары саналуу эле экендиги баарыбызга маалым эместиги дагы белгилYY десек жацылышпайбыз.

Айрыкча биз бул илимий макалабызда токтоло турган маселе бул орус жана айрым европалык африканисттери менен чыгыш таануучулары экендигин белгилеп кетYYбYЗ туура деп эсептейбиз.

Африка континентиндеги бир топ мамлекеттерди географиялык, тарыхый, этнографиялык, маданий, диний, топонимикалык ж. б. багыттары боюнча комплекстYY изилдeeлeрдY жYргYЗYп, бир топ илимий эмгектерди жараткан белгилYY орус африканисттери катары биз Матвей Григорьевич Коковцевди, Юрий Григорьевич Смертинди, Юрий Михайлович Кобищановду, Николай Аркадьевич Сосновскийди, Олег Иванович Тетеринди, Владимир Геннадиевич Шубинди, Николай Михайлович Гиренкону, Алексей Михайлович Васильевди, Дмитрий Михайлович Бондаренкону, Владимир Романович Арсеньевди, Борис Рубенович Асоянды, Светлана Яковлевна Берзинаны, Дмитрий Алексеевич Ольдероггени, Владимир Александрович Поповду, Иван Изосимович Потехинди, Игорь Васильевич Следзевскийди, Дмитрий Павлович Урсуну [1, 121] ж. б. билебиз.

Мына ушундай жоон топтогу африканисттердин ичинен биринчилерден болуп, орус дециз-аскер кызматкери, чалгынчы, жазуучу Матвей Григорьевич Коковцев (1745-1793-жж.) орус африканисттикасынын негиздeeчYCY катары жол баштап кеткенин эч ким тана албайт.

Ал алгачкы орус дециз-аскер кызматкери ошондой эле африка континентине барган алгачкы орус улутундагы адам жана изилдeeчY катары африка дYЙнeсY боюнча аз дагы болсо маалмыат топтоп келген, африка боюнча алгачкы элестeeлeрдY бере алган илимпоз инсан катары дагы орус жана советтик тарыхта кала берди. Анын африкага салган алгачкы чыйыр жолун, кийин советтик жана россиялык африканисттер улантып, eзYHYн децгээлине жеткире алды десек болот.

Алардын кээ бирлерине токтоло турган болсок, маселен, белгилYY орус африканисти, чыгыш таануучу, корей таануучу, кытай таануучу жана тарыхчы Юрий Григорывич Смертиндин 50дeн ашык илимий эмгектери болсо, анын дээрлик бардыгы Азия жана Африка eлкeлeрY боюнча жазылган.

Мисалы, "Орто кылымдардагы Тропикалык Африка" (1976-ж.), "Кытай классикалык поэзиясы тил, тарых жана маданият контекстинде" (1999-ж.), "Мусулман дYЙнeсY: Пайгамбарлардын жана Холифтердин мезгилинде" (2003), "Ислам Азия жана Африка eлкeлeрYндe" (2007), "Кытай жана Корея маданияттарынын феномени. Тандалган макалалар" (2007), "Орто кылымдардагы Иран: Тарых, дин, маданият" (2007).

Ю. Г. Смертин eзYHYн илимий изилдeeлeрYндe "Британия Батыш Африкадагы улуттук боштондук идеология" (хх н. 30-60-жж.) боюнча дагы иликтeeлeрдY жYPГYЗYп, eзYHYн доктордук диссертанциясын коргогон (1992-ж.) [2, 156]. Ал эми, Владимир Геннадиевич Шубиндин 140дан ашуун илимий эмгектери болсо, анын дээрлик кeпчYЛYГY африка eлкeлeрYн ар тараптуу изилдeeгe алат. Атап айта

турган болсок, "Африканский национальный конгресс в годы подполья и вооружённой борьбы" (-М, 1999), "Международная социал-демократия и борьба против колониализма и апартеида" (-М., 1985), "Китай и Южная Африка: эволюция взаимоотношений" (-М., 1999), "Африка: поиск идентичности" (-М., 2001).

Маселен, Юрий Михайлович Кобищановдун "Община в Африке: Проблемы типологии" (1978), "Северо-Восточная Африка в раннесредневековом мире (VI-середина Vlb.)" (-М.,1980), "На заре цивилизации: Африка в древнейшем мире" (-М., 1981) ж.б. илимий эмгектери 20 000-30 000 нускада чыгарылып, илимий айлампада кецири таралган.

БелгилYY тарыхчы-африканист, т.и.к., советтик дипломат Борис Рубенович Асояндын "Дорогами свободы" (-М., 1982), "Зимбабве" (-М., 1983), советтик жана россиялык египтолог, т.и.д., Светлана Яковлевна Берзинанын "Обзоры Тропической Африки. Каталог выставки" (-М., 2001), "Древние геммы Востока" (-М., 2010), советтик африканист, этнограф, тарыхчы жана лингвист, СССРдеги африканистиканын негиздеечYлерYHYн бири Дмитрий Алексеевич Ольдероггенин египтология, тарых, этногафия, маданият, искусство жана Тропикалык Африкадагы элдердин тилдери боюнча бир топ илимий эмгектери жарык керсе, советтик жана россиялык этнограф жана антрополог, африканист, тарых илимдеринин доктору Владимир Александрович Поповдун 600ден ашуун илимий эмгектери жарык керYп, алардын дээрлик кепчYЛYГY африка елкелерYне арналган. Мисалы, "Арабские источники XIII-XIV вв. по этнографии и истории Африки южнее Сахары" (-М., 2002) ж.б.

Советтик окумуштуу-африканист, РИАнын биринчи директору, Иван Изосимович Потехин 1939-жылы Чыгыш таануу Институтунда "История аграрных отношений в Южной Африке" деген темада кандидаттык, 1955 -жылы "Формирование национальной общности южно-африканских банту" деген темада доктордук диссертациясын коргогон. Анын "Народы Африки" (-М., 1954), "Формирование национальной общности южно-африканских банту" (-М., 1955), "Гана сегодня. Дневник. 1957" (-М., 1959), "Африка смотрит в будущее"(-М., 1960), "Становление новой Ганы" (-М., 1965) ж.б. бир топ эмгектери жарык керген.

Советтик жана россиялык тарыхчы, Африканын социалдык тарыхы жана цивилизациялар теориясы боюнча адис, тарых илимдеринин доктору Игорь Васильевич Следзевский 1963-жылы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетин, 1966-жылы СССР Илимдер Академиясынын Африка Институтунун алдындагы аспирантуранын кYндYЗГY белYMYн аяктап, 1967-жылы СССР Илимдер Академиясынын Африка Институтунан "Современные хауса Северной Нигерии" деген темада кандидаттык, 1990-жылы СССР Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу Институтунан "Социоисторическую структуры Западной Африки. Проблемы взаимоотношений местных социальных организмов и исторической среды" деген темада доктордук диссертациясын коргогон. Анын негизги илимий эмгектери болуп "Феодальные отношения у современных хауса Северной Нигерии" (-М., 1966), "Земледельческая община в Западной Африке" (-М., 1978) ж.б. саналат.

Советтик жана украиналык африканист, тарыхчы, окумуштуу-энциклопедист, тарых илимдеринин доктору, профессор Дмитрий Павлович Урсу 1958-жылы Одесса университетинин тарых факультетин аяктап, 1970-1971-жылдары Москва чет тилдери

институтунда жана 1979-1980-жылдары Сорбондо билимин улантып, 1985-жылы СССР Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу Институтунан "Современная историография стран Тропической Африки" деген темада доктордук диссертациясын коргогон.

Анын 400ден ашуун илимий эмгектери жарык кeрYп, дээрлик кeпчYЛYГY африка eлкeлeрYн илимий изилдееге алганга аракеттенген.

Мисалы, анын "Современная историграфия стран Тропической Африки, 1960-1980" (-М., 1983), "Историография истории Африки" (-М., 1990), "История Мали в новое и новейшее время" (-М., 1994) ж.б. эмгектерин атоого болот [3, 67].

Орус, советтик жана россиялык африканисттер жана алардын илимий изилдee иштери, эмгектери жeнYндe абдан ^п маалыматтарды мисал катары айтса болот. Африка дYЙнeсYн комплекстYY изилдeeгe алган, европалык жана америкалык илимпоздор дагы жок эмес экендигин билебиз.

Алардын айрымдарына токтоло кетYYHY туура деп эсептейм. Африка дYЙнeсYн илимий изилдeeгe алууга орус африканистеринен мурда эле европалык жана америкалык африканисттер менен чыгыш тануучулар кызыгышып, бир топ илимий изилдeeлeрдY ишке ашырып келишкендиктерин тарых тастыктабай койбойт.

Маселен алардын ичинен франциялык африканист, окумуштуу (географ, тарыхчы) Жан Сюре Канальды айтсак болот.

Ал африканын географиясы, экономикалык географиясы, тарыхый eнYГYYCY боюнча адп сандаган эмгектердин автору. 1963-ж. "Батыш жана Борбордук Африка. География. Цивилизация. Тарых" деген аталыштагы 3 томдук эмгеги YЧYн СССР ИАнын Африка Институтунун Окумуштуулар Кецеши ага тарых илимдеринин доктору окумуштуулук наамын ыйгарылган [4, 78].

Америкалык тарыхчы-африканист жана лингвист Лос-Анджелестеги Калифорния университетинин профессору Кристофер Эреттин "Классическая эпоха Африки", "Цивилизации Африки: история до 1800 года", "Сравнительная реконструкция прото-нило-сахарского языка", "Реконструкция протоафразийского языка" ж.б. эмгектери жарык кeрYп, дYЙнeлYк децгээлдеги окумуштуулардын талкуусуна айланган.

Немец чыгыш таануучусу жана африканисти Хиоб Лудольф, Готтлиб Адольф Краузе, Экинчи дYЙнeлYк согуш учурундагы британиялык чалгынчы, тарыхчы-африканист, журналист-дипломат Бэзил Дэвидсон, англиялык чыгыш таануучу жана африканист Роберт Нидхэм Каст, француз этнографы, африканист Марсэель Гриоль (1898-1956-жж.), немец миссионери жана лингвисти, XX кылымдын биринчи жарымындагы ири африканист, учурдагы африканистиканын негиздeeчYлeрYHYн бири Дидрих Вестерман [5, 123] ж.б. атоого болот.

Жыйынтыктап айта турган болсок, Африка жана Азия дYЙнeсYн комплекстYY илимий изилдeeгe алып, анын натыйжасында абдан чоц кeлeмдYY эмгектерди жараткан советтик, европалык жана америкалык африканисттер менен чыгыш таануучулар адп экендигин, бирок, тилекке каршы Кыргызстанда Ата Мекендик африканисттер менен чыгыш таануучулар дээрлик жок экендиги кыргыз илиминде ойлонууну жаратпай койбойт десек жацылышпайбыз.

Чындыгында, бYГYнкY кYндe eлкeбYЗдe ушул чыгыш таануу жана африканисттика багытындагы адистерди окутуп тарбиялоо, африка жана азия eлкeлeрYнe илимий

экспедицияларга чыгарууну, аларды финансылык каржылоону жолго коюу мамлекеттик децгээлде колдоого алынуу менен мамлекеттик кeзeмeлдYн болушу, бул учурдагы кыргыз илиминдеги актуалдуу маселелердин катарын толукташы керек деп эсептейм.

Колдонулган адабияттар:

1.Бетенеев Ж.С., Мырзаканова С.М., Камалов Э.Т. Знаменитые востоковеды и африканисты. Словарь-справочник. - Ош, 2018.

2.Абрамзон С.М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер/Котор. С. Мамбеталиева, Д. Сулайманкулов, С. Макенов. - Б., 1999.

3. Кыргызстан. Улуттук энциклопедия: 7 том / Башкы ред. Y.А.Асанов. - Б., 2015.

4. Восточные авторы о кыргызах: Сб./Сост., введ. И комм. О. Караев; - Б., 1994.

5. Хрестоматия по средневековой истории Кыргызстана (ХШ-ХУШ вв.): Учебное пособие/Сост. Т.Д. Джуманалиев. - Б., 1996.

ОшМУнун окутуучусу, Кыргызстан ОшМУнун окутуучусу, Кыргызстан ОшМУнун окутуучусу, Кыргызстан

преподаватель ОшГУ, Кыргызстан преподаватель ОшГУ, Кыргызстан преподаватель ОшГУ, Кыргызстан

Чыгыш ойчулу Кулкожоакмат-Ясевинин педагогикалык идеялары

Педагогические идеи восточного мыслителя Кулкожоакмат-Ясевий Pedagogical ideas of the Eastern thinker Kulkozhoakmat-Yaseviy

Бул илимий макалада орто кылымдардагы белгилYY чыгыш ойчулу Кулкожоакмет-Ясевинин педагогикалык идеялары анализделет.

Ачкыч сездер: Чыгыш ойчулу, Кулкожоакмет-Ясеви, педагогикалык идеялар.

В данной научной статье даётся анализ педагогических идеях известного востоковеда в средневековья Ахмета Ясеви.

Ключевые слова: Востоковед, Ахмета Ясеви, педагогические идеи.

Pedagogicall ideas eastern scientist Akhmet Isevi lu this scientific article analyzed pedagogical ideas of famous eastern scientists Akhmet Isevi.

Key words: Pedagogical ideas, orientalist, Ahmet Yasevi.

Орто Азия тYрктeрYнeн чыккан улуу аалым жана олуя Ахмет Ясеви Казакстан жумуриятынын тYштYГYндeгY Чымкенттин чыгыш тарабында Тарым дарыясына куйган Сайрам дарыясынын кичи куймаларынын биринин жанында

УДК:

.013

Бекназаров С.М., Орозматова А.С., Райымбаева А.Ч.,

Бекназаров С.М., Орозматова А.С., Райымбаева А.Ч.,

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.