Научная статья на тему 'МУЗЫКАНЫН НЕГИЗГИ ФУНКЦИЯЛАРЫ'

МУЗЫКАНЫН НЕГИЗГИ ФУНКЦИЯЛАРЫ Текст научной статьи по специальности «Искусствоведение»

CC BY
0
0
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
Ключевые слова
функция / маданият / эстетика / чыгармачылык / энергия / баалуулук / гармония / function / culture / aesthetics / creativity / energy / value / harmony

Аннотация научной статьи по искусствоведению, автор научной работы — Арапов Алтынбек Рысбекович, Калил Уулу Арген

Бул макалада музыкалык искусствонун негизги функцияларынын инсанга тийгизген таасирлери анализге алынды. Андан сырткары музыкага таандык функциялардын ортосундагы айырмачылыктар ачылып берилди.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.
iНе можете найти то, что вам нужно? Попробуйте сервис подбора литературы.
i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.

BASIC MUSIC FUNCTIONS

This article analyzes the influence of the main functions of musical art on a person. In addition, differences were identified between music-related functions.

Текст научной работы на тему «МУЗЫКАНЫН НЕГИЗГИ ФУНКЦИЯЛАРЫ»

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН ЖАРЧЫСЫ. ФИЛОСОФИЯ.

СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ

ВЕСТНИК ОШСКОГО ГОСУДАРСТВЕННОГО УНИВЕРСИТЕТА. ФИЛОСОФИЯ.

СОЦИОЛОГИЯ. ПОЛИТОЛОГИЯ

JOURNAL OF OSH STATE UNIVERSITY. PHILOSOPHY. SOCIOLOGY. POLITICAL SCIENCE

e-ISSN: 1694-8823

№1(3)/2024, 19-24

ИСКУССТВО

УДК: 78.05

DOI: 10.52754/16948823 2024 1(3) 3

МУЗЫКАНЫН НЕГИЗГИ ФУНКЦИЯЛАРЫ ОСНОВНЫЕ ФУНКЦИИ МУЗЫКИ BASIC MUSIC FUNCTIONS

Арапов Алтынбек Рысбекович

Арапов Алтынбек Рысбекович Arapov Altynbek Rysbekovich

окутуучу, Ош мамлекеттик университети

преподаватель, Ошский государственный университет Lecturer, Osh State University altynbekarapov9898@gmail.com_

Калил уулу Арген

Калил уулу Арген Kalil uulu Argen

магистрант, Ош мамлекеттик университети

магистрант, Ошский государственный университет master's student, Osh State University

МУЗЫКАНЫН НЕГИЗГИ ФУНКЦИЯЛАРЫ

Аннотация

Бул макалада музыкалык искусствонун негизги функцияларынын инсанга тийгизген таасирлери анализге алынды. Андан сырткары музыкага таандык функциялардын ортосундагы айырмачылыктар ачылып берилди.

Ачкыч свздвр: функция, маданият, эстетика, чыгармачылык, энергия, баалуулук, гармония.

ОСНОВНЫЕ ФУНКЦИИ МУЗЫКИ Аннотация

В данной статье анализируется влияние основных функций музыкального искусства на человека. Кроме того, были выявлены различия между функциями, связанными с музыкой.

BASIC MUSIC FUNCTIONS

Abstract

This article analyzes the influence of the main functions of musical art on a person. In addition, differences were identified between music-related functions.

Ключевые слова: функция, культура, эстетика, Keywords: function, culture, aesthetics, creativity, energy, творчество, энергия, ценность, гармония. value, harmony.

Киришуу

Теманын актуалдуулугу. Музыка, искусствонун бир тYPY катары eзYнe таандык функциялары бар жана ал бир тармактуу системаны билдирип турат. Музыкалык маданият, жалпысынан маданият сыяктуу эле, маанилYY социалдык-психологиялык ролду ойнойт. Ал жалпы коомго багытталып, адамдын руханий жактан калыптанышынын негизги куралы болуп саналат. Музыка искусствосу тYPДYY коомдук кYчтeргe кызмат кылат жана ошол эле учурда адамды гумандаштырууда зор ролду аткарат же тескерисинче, андагы адамдык оц сапаттарды бурмалоонун кубаттуу каражаты катары да кызмат кылуусу мYмкYн.

Музыкалык искусствонун коомдун турмушу менен тыгыз байланышы Yч аспектиде ишке ашырылат. Биринчиден, реалдуулукту чагылдырса, экинчиден, ага керкем баа берип, YЧYнчYдeн, адамдын коомдук турмушун eзгeртYп, чыгармачылык милдетин аткарат. Музыка, искусствонун башка тYрлeрY сыяктуу эле, адамдын жашоосун рухийлештирип, андагы эстетикалык принциптерди активдештирYY мYмкYнчYЛYГYнe ээ. Ал адамдын кYHYмдYк тиричилигин байытып гана калбастан, аны кYHYмдYк турмуштан eйдe кeтeрYп, адамдын жана коомдун руханий жашоосунун жогорку катмарын тYЗYYгe зор салым кошот. Музыканы жана анын мацызын тYШYHYYДeгY чечYYЧY учур анын eзгeчeлYГYн аныктоо болуп саналат, биринчи кезекте коомдун турмушунда аткарган функциялары менен аныкталат.

Бирок, искусство таануу музыканын жана жалпысынан музыкалык маданияттын функцияларынын проблемасына терец аднул бурууда. Искусство таануучу А.Н. Сохор, музыканын негизги функциялары системалуу изилдeeгe алына электигин баса белгилеген1. Бул маселе боюнча чехиялык изилдeeчY Я.Кресанектин "Музыканын коомдук функциясы" аттуу эмгегинде, автор музыканын алты функцияга бeлYп кeрсeткeн: максаттуулук, монументалдык, маданий ^^л ачуу, субъективдYY экспрессия, программалоо жана инновация. Андан сырткары ал музыкалык функцияларды магиялык, интерпретациялык, этикалык-тарбиялык жана прикладдык деген тYрлeрYн да сунуштаган2. Музыка таануучулардын, ошондой эле музыканттардын арасында ушул кунге чейин музыканын кайсы функциялары негизги деп эсептелиш керектиги боюнча бир пикир жок.

Музыканын функцияларын изилдee Пифагордон жана философиялык ойдун пайда болушунан башталат. Аристотель музыканын функцияларын иерархияда (интеллектуалдык канааттануу, тарбиялоочу жана тазалоочу функциялар жана физиологиялык ырахат алуу) жайгаштырган. XX кылымдагы атактуу немис философу, композитор жана музыка таануучу Т.Адорно музыкалык eнeрдYн керектee жана эстетикалык ырахат алуу сыяктуу функцияларын баса белгилеп, музыка индустриясын чагылдырган3. В.Н. Холопова тeмeнкY функцияларды аныктайт: коммуникативдик, реалдуулукту чагылдыруу, этикалык, эстетикалык, канондук (канондоштуруу), эвристикалык, когнитивдик-агартуучулук, социалдык трансформациялык, инсандык трансформациялык4.

Ошондой эле музыкалык искусствонун eз алдынча eнYккeн маанилYY функциясын бeлYп

1 Сохор, А. Н. Социальные функции искусства и воспитательная роль музыки [Текст] / А. Н. Сохор // Вопросы социологии и эстетики музыки: в 3-х т. - Л., 1983. - Т. 3: Ст. и исслед. - С. 10-136.

2 Каган М.С. Социальные функции искусства. Л.: Знание, 1978.-34 с.

3 Адорно, Т. В. Избранное: Социология музыки [Текст] / Т. В. Адорно. - М.: Университет. кн., 1999. - 445 с

4 Холопова, В. Н. Музыка как вид искусства. Музыкальное произведение как феномен [Текст] / В. Н. Холопова. - М.: Моск. консерватория науч.-творч. центр «Консерватория», 1994. - 261 с. с.

керсетууге болот - музыканын турлеруне, жанрларына жана стилдерине белунушун эске алуу менен «музыка - жаратылыш», «музыка - коом» ж.б.у.с. мамилелердин негизинде иш жузуне ашырылат. Бул функциялардын негизинде музыканын пайда болушун камсыз кылуучу дуйненун жана адамдын эволюциялык процессинде адамдын ац-сезиминин енугушу менен тыгыз байланыштуу экендигин белгилей кетуу керек. В.Н.Сарчуктун пикири боюнча «Эволюциянын негизги максаты - ац-сезимди еркундетуу»5.

Эгерде музыканын коомдогу еркундетуучу функциясынын керунушу женунде сез кыла турган болсок, биринчи кезекте музыканын инсанга тийгизген таасиринен улам, бул жерде ал эки негизги функцияга белунет: гармониялуу-енугуучу жана коштоочу болуп6 . Музыканын гармониялуу жана енуктуруучу функциясы музыкалык искусствону адамды ар тараптуу -дене, акыл-эс жана рухий жактан тарбиялоонун каражаты катары пайдалануу менен байланышкан (бул функцияга жалпысынан искусствонун бардык функцияларын кошууга болот: когнитивдик, эвристикалык, коммуникативдик, эстетикалык, гедонисттик, социалдык-уюштуруучулук, тарбиялык ж.б.). Мында музыка окуу-тарбия иштеринин практикасында кептен бери колдонулуп келгендиги боюнча кабар берип турат. Ал эми музыканын коштоочу функциясы музыканы прикладдык курал катары колдонуу менен байланышкан: медицинада, ендуруште, спортто ж.б.

Музыканын еркундетуу функциясы маданиятта, искусстводо жана тузден-туз музыканын езунде да керунет, ал кыймылдаган сайын кучейт: маданият - искусство - музыка. Музыканын функциясынын ырааттуу есуп жаткан мындай керунушу адатта мазмунду толтуруу деп аталат. Бул функция маданияттын, искусствонун жана музыканын бир кыйла татаал, комплекстуу жана жогорку сапаттагы чыгармаларын тузууде толук езунун жузун табат.

Музыкалык чыгарманы кабыл алуу байланыш мыйзамдары боюнча ишке ашат, анын иштеши эки каарман - автор жана угуучу менен чектелбестен, андан сырткары аткаруучуну талап кылат. Эц негизги инсан, албетте, композитор бойдон кала берет, бирок иш жузунде музыкалык чыгарманы адекваттуу кабыл алууда аны жараткандын чеберчилиги гана эмес, аткаруучунун кесипкейлугу жана угуучунун таланты да чоц роль ойнойт.

Угуучудан бир топ нерсе интеллектуалдык жендемдуулуктерун мобилизациялоо, рухий ишмердуулуктун езгече туру, эстетикалык талант, турмуштук тажрыйба, эмоционалдык сезимталдуулук талап кылынат. Немис романтиги В.Г. Вакенродердин пикири боюнча «Музыка - рухтун эц жогорку керунушу, эц таза элементи, андан кезге керунбеген агымдан

7

жандын эц терец кыялдары азык алат» .

Коомдун руханий турмушунун езгече чейресу катары музыкалык маданияттын мазмунун жен эле музыкага тушуруу жецил эмес. Бул жен гана белгилуу бир жалпылыктын бир белугу эмес - ал жалпысынан бир катар элементтерден турган маданият. Музыкалык маданият - бул буткул коомдун жана анын жеке екулунун турмушу. Музыкалык маданият ар бир конкреттуу доордун социалдык-маданий контекстине жогорку органикалык

5 Сарчук, В. Н. Эволюция сознания [Текст] / В. Н. Сарчук. - М.: Присцельс, 1997. - 63 с

6 Костюк, А. Г. О многообразии форм музыкального восприятия [Текст] / А. Г. Костюк // Материалы III Всесоюз. съезда о-ва психологов СССР: в 2-х т. - М., 1968. - Т. 1. Общая психология и психофизиология. - С. 130-132.

7 Вакенродер, В.Г. Фантазии об искусстве [Текст] / В.Г. Вакенродер; пер. С.С. Белокриницкой, В. В. Рогова. -М.: Искусство, 1977. - 263 с.

интеграцияланышы эсептелет. Болуп жаткан окуялардын майда-чYЙдeсYнe чейин жана кeлeкe тYШYPYYДeгY сезимталдыгы жана тактыгы менен eзгeчeлeнYп, музыкалык маданият акырында кeргeн, уккан, сезген жана башынан eткeргeн нерселердин жалпыланган кeркeм, Yн CYрeтYнe айланат.

Музыка идеяларды жана эмоцияларды чагылдырган кYЗГY гана эмес, ал адамга жана анын ички дYЙнeсYнe таасир этYYЧY eзгeчe кYчкe жана кYчтYY каражатка ээ. Искусствонун тYрлeрYHYн бири болуу менен музыка eзYнe таандык бардык баалуулук, адеп-ахлактык, рухий сыяктуу кeйгeйлeрдY чечYYгe аракет жасайт. Музыкалык маданият да маанилYY социалдык-психологиялык милдетти аткарып, жалпы коомго, инсанга багытталган, ал инсандын дYЙнe таанымын калыптандыруунун куралы болуп саналат.

Музыканын негизги максаттарынын бири - адамдардын баарлашуусу, андан музыканын коммуникативдик функциясы келип чыгат. Музыка искусствосу аркылуу адамдар негизинен баарлашуунун жана eз ара TYШYHYШYYHYH жоктугун компенсациялайт. Бул учурда сeз байланыштын eзгeчe TYPY жeнYндe болуп жатат, анын негизги мазмуну эмоционалдык байланыш жана эмоционалдык эмпатия.

Жалпысынан айтканда, музыкалык чыгарманы кабыл алуу жеке баарлашуу, eзYн-eзY таануу, инсандын ички потенциалын ачууга багытталган. Музыка аркылуу башка бирee менен эмес, eзYЦ менен CYЙлeшe аласыц. Биз eзYбYЗ жeнYндe ^п нерсени кYHYмдYк жашоодо эмес, искусствого жана музыкага кайрылуу менен ачабыз. Бул дагы искусствонун негизги эстетикалык функциясын - жашоонун мацызын ачып берет. Кeркeм каражат аркылуу анын ичиндеги CYрeтчYHYн ойгонушу менен адам кeтeрYлeт.

Адабияттар

1. Сохор, А. Н. Социальные функции искусства и воспитательная роль музыки [Текст] / А. Н. Сохор // Вопросы социологии и эстетики музыки: в 3-х т. - Л., 1983. - Т. 3: Ст. и исслед. - С. 10-136.

1. Каган М.С. Социальные функции искусства. Л.: Знание, 1978.-34 с.

2. Козубаев, О. О. Проблемы духовности в современной музыке / О. О. Козубаев, Д. А. Ыразаков, Н. Н. Камбарова // Вестник Ошского государственного университета. - 2023.

- № 1. - С. 170-178. - Б01: 10.52754/16948610_2023_1_21. - ББК: ХЖОШ.

3. Нурбаев, А. С. Формирование духовной и музыкальной культуры современной личности / А. С. Нурбаев // Вестник Ошского государственного университета. - 2021.

- Т. 1, № 3. - С. 311-317. - Б01: 10.52754/16947452_2021_1_3_311. - ББК: ББМТБ!

4. Адорно, Т. В. Избранное: Социология музыки [Текст] / Т. В. Адорно. - М.: Университет. кн., 1999. - 445 с.

5. Холопова, В. Н. Музыка как вид искусства. Музыкальное произведение как феномен [Текст] / В. Н. Холопова. - М.: Моск. консерватория науч.-творч. центр «Консерватория», 1994. - 261 с. с.

6. Сарчук, В. Н. Эволюция сознания [Текст] / В. Н. Сарчук. - М.: Присцельс, 1997. - 63 с.

7. Костюк, А. Г. О многообразии форм музыкального восприятия [Текст] / А. Г. Костюк // Материалы III Всесоюз. съезда о-ва психологов СССР: в 2-х т. - М., 1968. - Т. 1. Общая психология и психофизиология. - С. 130-132.

8. Мурзакматов, А. К. Мектеп окуучуларында музыкалык кабыл алууну енуктуруу / А. К. Мурзакматов, К. Абдираим Уулу // Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Философия. Социология. Политология. - 2023. - N0. 1(1). - Р. 49-54. - Б01: 10.52754/16948823_2023_1(1)_7. - EDN: CUAWLY.

9. Вакенродер, В.Г. Фантазии об искусстве [Текст] / В.Г. Вакенродер; пер. С.С. Белокриницкой, В. В. Рогова. - М.: Искусство, 1977. - 263 с.

10. Жалалов, Э. И. Суфизм эстетикасындагы музыкалык искусствонун рефлекциясы / Э. И. Жалалов, О. Н. Назарова, Т. А. Карыбекова // Ош мамлекеттик университетинин Жарчысы. Философия. Социология. Политология. - 2023. - N0. 1(1). - Р. 1-6. - D0I: 10.52754/16948823_2023_1(1)_1. - EDN: LV0LZI.

i Надоели баннеры? Вы всегда можете отключить рекламу.